Ч.Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повести терең философиялык чыгарма. Повестте төрт (үч эркектин жана бир кичине баланын) кишинин улуу деңизге балык ууга чыгышы жана табияттын катаал кырсыгына туш болушу адамдын өмүр сүрүүсүнүн маанисин, нравалык тандоо процессинин маңызын, өлүмгө болгон мамилени иликтөө үчүн трагедиялык жүйөө болуп берген. Жазуучуга калемдеши Владимир Санги айтып берген нивх элинин уламышы повестте ушул маселелердин тегерегинде ой жүгүртүүгө негиз берет.

Чыгармада жай турмуштан суурулуп, деңизден олжолуу кайтабыз деген илгери үмүт менен чыккан мергенчилердин биринин да капарына кырсыкка учурайбыз деген ой келбейт. Баарынын көңүлү жай. Бала да чоңдордун арасында биринчи жолу балык аңчылыгына бара жатканы үчүн кудуңдап сүйүнүп, эт-жүрөгү кабына батпай согуп, көңүлү болуп көрбөгөндөй көтөрүңкү. Адамга табияттын бардык байлыгы белек катары тартуулангандай сезилет буларга. Адам табият тынч мемиреп жатканда өзүн анын ээсиндей сезет, андан каалаганча азык алып, каалаганча калчап көрүүгө дарамети жеткидей туюлат. Андыктан бул кайыктагы төртөө да эч нерседен капарсыз, жай баракат деңиздин койнунда сүзүп барышат. Арийне, бул жай баракат турмуш агымын табияттын катаал кырсыгы заматта астын-үстүн кылуу менен бул төртөөнүн өмүрүн бир көз ирмемде канжыгага кадайт. Мергенчилер зор табияттын, Улуу суунун алдында алсыз бир макулук катары жылчыксыз туңгуюкка капталып, эртеңки күндөн кабарсыз, белгисиз тагдырдын колунда калышат.

Айтылуу немис философу, экзистенциалисттик философиянын ири өкүлдөрүнүн бири Мартин Хайдеггер ар бир адам өлүм менен жекеме-жеке кездешет, б.а., өлүм ар бир адамга түздөн-түз бет келген, “мага гана тиешелүү” экзистенциалдык феномен дейт өзүнүн “Болмуш жана убакыт” аттуу белгилүү эмгегинде. Повестте да Хайдеггер айткандай, өлүмгө моюн сунган каармандардын ар бири ажал менен жекеме-жеке бет келишет. Андыктан адам менен ажал бетме-бет келгенде, алардын ортосуна эч ким арага түшө албайт. Өмүр менен өлүмдүн ортосундагы кооптуу абалга туш болгон мергенчилер такаатты ар бири өзүнөн, өзүнүн экзистенциясынан издөөгө аргасыз болот. Муну эң ириде, Орган кары аңдап, аң-сезимдүү түрдө өлүмгө моюн сунат. Андан соң Мылгун, Эмраин да Органдын артынан анын жолун кайталашат. Чоңдор менен кошо өлүм коркунучу менен бет келип, эң жакын адамдарынан, биринин артынан биринен ажыраган учурда, б.а., экзистенциалдык абалда Кириск да өзүнүн келечек өмүрүнүн маңызын бала башы менен аңдап түшүнөт.

Повестте жазуучу ар бир каармандын жеке экзистенциясына, ар биринин жеке өлүмүнө жана өлүм алдындагы ар биринин жеке психологиялык абалына өзгөчө басым жасайт. Экзистенциалист-персоналисттик багыттардын өкүлдөрү өзөгүндө индивидуалдык маңыз, б.а. экзистенция турган адамдын болмушу дүйнөнүн негизин түзөт дешет, б.а. онтологияга ыктап, ал эми онтологиянын өзөгүндө адамдын болмушуна басым коюшат. Ч.Айтматовдун чыгармасында да онтология алдыңкы планга чыгат. Тагдыр катаал сыноосуна салганда повесттин ар бир каарманы өмүр менен өлүмдүн чек арасында туруп, жашоонун маңызы тууралуу ойлонот, өмүрдүн таттуулугу да дал ушул өлүмгө бетме-бет турган учурда өтө таасын, өтө курч сезилет. Өткөн өмүрдөгү билинер-билинбес тиричиликтин майда-баратында барк алынбаган, а чынында жашоонун маңызын түзгөн өмүр кечирүүнүн таттуу көз ирмемдеринин адам үчүн канчалык маанилүү экендиги да дал ушул чек аралык шарт-жагдайда дапдайын болуп ачык көрүнөт.

Ырас, күнүмдүк күн кечирүүнүн артындагы жашоо маңызын аңдатып олтурган өлүм Органды да, Эмрайинди да, Мылгунду да алып тынат. Бирок мындай оор абалда алар өлүмдүн болмушуна жөн гана моюн сунуп кете беришпейт, а тескерисинче, дал ушул учурда алар жашоого болгон күчтүү эркти көрсөтө алышат. Аң-сезимдүү түрдө өздөрүнүн өмүрүн бийик принциптер үчүн, бала Кириск үчүн кыйышат. Демек, мында Айтматов өлүм алдында да адамдын адамдык нарк-насилди сактоого умтуларын, өлүм канчалык коркунучтуу болбосун, жашоого болгон эркти, кайратты күчтөндүргөн күчкө ээ кыларын Органдын, Мылгундун, айрыкча, ата Эмраиндин өлүмгө бой сунушу аркылуу көрсөтөт.

Орус философ-экзистенциалисти Л.Шестов өлүм тууралуу ой адамдын жашоого болгон мамилеси менен катар баалуулуктарын да болуп көрбөгөндөй өзгөртөрүн белгилегени бар. Маанисин туура берүү максатында анын оюн оригиналда берели: «Оттого люди так мало считаются со смертью – точно ее совсем бы и не было. Когда человек думает о смертном часе – как меняются его масштабы и оценки!» (Шестов, 1993: 156). Чындыгында эле “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” повестинде өмүр менен өлүмдүн чегиндеги абалда калган адамды философиялык жана психологиялык көркөм иликтөөгө алуу менен катар өлүм коркунучу ар дайым адамды жашап өткөн өмүргө терең саресеп салдырып, анын мааниси тууралуу ойлонууга, б.а., күнүмдүк тиричиликтен “бошонуп”, болмуштун өзүнө, өмүр кечирүү менен ажырагыс өзүнүн экзистенциясына-маңызына үңүлүп кароого түртөрүн сүрөттөйт.

Өлүм, болгондо да жай турмуштун агымын бузуп, бүт дүйнөнү алай-дүлөй кылууга касам ичкендей капыстан келген өлүм – бул адамдын өзүн-өзү аңдоого, өткөн өмүрүнө кылчайып карап баа берүүгө, кечирген өмүрдүн маңызын аңдатууга түрткөн, ошону менен бирге адамдын ариетин, адамдыгын, намысын чоң сыноодон өткөрө турган чек. Андыктан повестте акылман Органдын, шамдагай Мылгундун жана сабырдуу Эмрайиндин өлүм алдындагы психологиялык абалдары өлүм менен бетме-бет келген учурда адамдын мүмкүнчүлүктөрүнүн чектери канчалык экендигин айкын көрсөтөт.

Андыктан повестте өлүм кооптуу жана коркунучтуу нерсе катары, абсолюттуу бир бөтөнчө нерсе катары, абсолютка кирүүнү билдирген кандайдыр бир чек катары алдыӊкы планга чыгат. Демек, өлүм адамдын өмүрүн аныктоо менен гана чектелбейт, а өмүргө маңыз берген эң акыркы чек. Бул тууралуу Н.Бердяевдин мындай дегени бар: “Өлүмдүн фактысы гана өмүр маңызы тууралуу терең суроону коёт. Өмүр бул дүйнөдө өлүм бар болгон үчүн гана мааниге ээ, эгерде биздин бул дүйнөбүздө өлүм жок болсо, анда өмүр да маңызын жоготмок”. (Бердяев, 1993: 216).

Белгилей турган нерсе, Айтматов бул повестинде экзистенциалдык философиянын түйүндүү маселелерин козгойт. Айтматовдун каармандары сүрдүү ажалдын алдында өздөрүнүн адамдык ариетин, намысын бийик карманышат. Улуу жазуучу өлүм концептине философиялык анализ жүргүзүү менен катар жашоонун баалуулугун, күнүмдүк турмуштун ар бир көз ирмеминин адам үчүн кымбат, бийик турарына көңүл бурдургусу келет. Айтматов баарынан мурда гуманист жазуучу. Андыктан анын чыгармаларында, эң ириде, нравалык-этикалык принциптердин бийиктиги доминанттуулук кылат. Айтматовдун чыгармачылыгында кызыл сызык менен адамдын эртеңки муун үчүн жоопкерчилиги, тандоо эркиндигинин нравалык жүгү, сезим менен акыл-эстин гармониясы даңазаланат. Айтматовдун экзистенциалдык философиясынын өзгөчөлүгү да мына ушунда.

Гүлзада Станалиева, филология илимдеринин кандидаты
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин
улук окутуучусу

Колдонулган эмгектер:

  1. Бердяев К. О назначении человека. -М., 1993. – 216-б.
  2. Бердяев Н.А. Философия свободного духа. – М.: «АСТ», Харьков: «Фолио», 2003
  3. Хайдеггер М. Бытие и Время. — Харьков, 2003. С. 274.
  4. Сартр Ж.-П. Экзистенциализм – это гуманизм. – В кн.: Сартр Ж.-П. Тошнота. – М., 1994.
  5. Шестов Л. На весах Иова // Соч, в 2т. Т. 2. — М., 1993. – 156-б.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.