АҢГЕМЕ

— Ырыскул, эми мен үйгө кетейин. Мал, короо-жай эмне болду. Чал каягына жетсин. Жүдөп жаткандыр. Кудаанын дегени экен, эми эс-акылыңды жыйып, оокат-тиричилигиңе кара, — деп Гүлсайра жоолугунун бир учун ийнине арта ыргытып койду. Жапкактанган көгүлтүр көздөрү бетмаңдайында отурган Ырыскулга «Ата байкуш ай күйөт имиш» дегендей жекире карайт.

Ырыскул лам дебеди. Көз кыйыгын төрдөгү эч нерседен капарсыз, эриндерин бүлтүйтүп, таттуу уйкуда жаткан перзенти — Айгүлгө жиберет. Ан сайын ичи тызылдап, заманасы куурулат. Анан кантсин, тигинин «кетемин» дегенинде далай сыр жатпайбы. Толгонайдын кыркын берген күнү кечинде эле бул сөз козголгон. Жек-жаат, урук-жиликтери болуп отурганда Толгонайдын атасы көз жашын көлдөтүп, Айгүлдү ага берүүнү суранган. Анда отургандардын бардыгы бул сөздү жөн көрүшкөн. Ырыскул адегенде тиштенип унчуккан эмес…

Чындыгы баланын таяне-таятасынынкында болуусу эле туура да. Алардын баладан байып кеткен жерлери жок. Туткан-тутунгандары алтыдагы жалгыз эркек бала. Таянеси али жаш. Оору-сыркоосуз, ой-санаасыз адам үчүн кырк жети карылыкпы. Анын үстүнө Ырыскул жалгыз өзү баланы кантип багат?..

— Мейлиңер эми, апа. Барсаңар баргыла. Мен кармабайын. Бирок… — Ырыскулдун үнү күңк этип барып өчүп калды.

— Эмне, бирок? Айтпайсыңбы?

— А… Айгүлдү таштап кеткиле, апа. Бир үйдө жалгыз кантем? Бозуп кетем го. Ошенткиле, апа, жээниңерди таштап кеткиле.

Гүлсайрага бул сөз жага түшсө да, сыртынан билгизгени жок:

— Ал эмнеси экен. Өзү бала туруп баладан айланамбы. Жобосу жаман десе. Кой айланайын, аныңды кулагыма угузба. Сен атасы болсоң, сенин атаң-энең биздин көзүбүз тирүү турбайбы. Аймаңдай болуп басып барсам, жанакы неме мени тим эле ичип, жээр. Минткениң уят. Эл укпасын, катыгүн.

Ал чынында абышкасынан сездөөчү. Анан муну айтпаска айласы канча?

Бу жолу Ырыскул каршы сүйлөбөдү…

Айгүлдү алып, Гүлсайра эртеси айлына кетмек болду.

Түн бою Ырыскул бир да кирпик кагып койгону жок. Айгүлдүн жанына келип, анын бир калыпта дем алганын тигиле карай тыңшайт. Көкүлүнөн сылагылап, эңкейе тарта маңдайынан сүйөт. Борсойгон кичине колдорун кармагылайт. Арадан бир топ убакыт өттү. Терезеден тийген айдын шооласы айланып барып, наркы столдо жөлөнүп коюлган Толгонайдын портретине капталды. Анын ажарлуу жүзү ай нуруна ого бетер кубагай тартат. Көздөрү тиги экөөнө муңайым карайт. Ырыскул жалт карап алып, селт этти. Караңгы түндө Толгонайы кайрылып келип маңдайына тургандай сезилди.

«…Токуш…» Жок, Толгонай жакындабады. Көздөрү ирмелбей бир калыпта тиктей берди. Ырыскулдун эриндери эрксиз кыймылга келип, таноолору кыпчыла калды. Каңырыгы түтөп, муундары бошоду. Толгонай баягы эле турушунан жазбайт. Ырыскул көздөрүн ирмеп алды. «Токуш» деп ичтен бир кайгырганы менен кеп айтууга дарманы келген жок. Ал, Толгонайдын акыркы сөзүн-керээзин угуп жатты: «Ырыскул, ырысымды— Айгүлүмдү кор кылба. Бирөөнүн колун каратпа. Ошону жөлөк кыл. Ошону маңдайыңа кармап, ошого каниет эт. Эми сага Айгүл гана сооронуч, Айгүл гана паана. Андан башка сенин кимиң бар, шордуум?…»

Өлгөндөн айрылгандан да тирүүдөн ажыраган кыйын эмеспи. Айгүлдү алып кеткенден кийин Ырыскул мурункусунан ого бетер жүдөңкү тартып, начарлап кетти. Шахтадан келет да, үйүнүн босогосунда жаагын таяна көпкө чейин отура берет. Күн батып, күүгүм кирет. Салкын түшөт. Күздүн күнкү жел терезени кылдырттатат. Өзөндөгү суунун шары караңгы кирген сайын катуулап, өзү гана өкүм сүргөндөй. Ырыскул болсо олтурганы отурган. Бардыгына көңүл кош. Ал үчүн көктөгү жылдыздын көркү кетип, ажарлуу айдын өңү өчкөндөй…

Жумуш аяктагандан кийин биринчи сменадагылардын бардыгы стволдун жанына келишип, чогулуп жатышты. Клеть берилбеди. Сигналчы аял радио аркылуу машина бөлүмүндөгү дежурныйдан:

— Шахтёрлорду көтөрүп чыгуу үчүн клеть качан болот? — деп сурады эле, тиги:

— Азырынча болбойт. Биринчи горизонттон он метрче төмөндө багыттоочунун бири сынып калыптыр. Ошону алмаштырганы жатышат. Күтө тургула. Бат эле бүтүүлөрү керек. Бардыгын даярдап коюшкан, —деп жооп берди. Отургандар нааразы болушту:

— Ай ушу… Өтүп кетет да.

Жер үстүнө анчалык алыс эмес эле. Болгону алтымыш метр. Эл кужулдаша шаты менен чыгып кетип жатты. Калгандан бир гана Ырыскул менен Ташкенбай. Арыда алиги сигналчы аял өзүнчө күйпөлөктөп, бир коңгуроосун каккылап, бир радиодон алда кимдер менен чаңкылдай сүйлөп, өзүнчө убара. Ташкенбай, адегенде Ырыскулга «Жүрбөйсүңбү. Күткөндө эмне» деп жибере жаздап, анан анын кебетесине бир карап алып, эмнегедир токтоп калды. Өзүнчө күрсүнүп койду. Ырыскул баш көтөргөн жок. Акыры Ташкенбай:

— Эми качан бүтүшөт? Кетсек болот эле, — деди.

Ырыскул алайган көздөрү менен аны суз карап алды. Ооз ачкан жок. Ал көз карашта «Сага го жөнү бар, мен каякка шашам?» деген ой болсо керек. Аны биле койгондой берки буйдалана түштү. Портсигарынан «Беломордун» бирөөсүн алып сунду. Ырыскул баш чайкады. Алган жок. Папиросун күйгүзүп бир-эки соруп алгандан кийин Ташкенбай тамекисинин күлүн күбүп жатып:

— Ырыскул, ушу сен ноокастап жүргөн сыяктанасың. Калбаатыңан эле билгизбейт окшойсуң. Айтчы, кай жериң ооруйт? — деди.

Ырыскул шадылуу колдору менен бата кылып жаткансып шылынган жаактарын сыйпап альш, анан сол колу менен чекесин баса жер карады:

— Жок, Таке, эч жерим деле оорубайт… — ал сөнүнүн аягына чыга албады. Үшкүрүп гана тим болду. Ташкенбайдын зээни кейип кетти; «Дүйнө чйркин ушундай экенсиң да».

Ал Ырыскулду кичинесинен бери биле турган. Кантсе да жетим — жетим да. Жалтак болуп чоңойду. Кишиге тике карап катуу сүйлөбөйт. Түнт…

Кара жумуштун майын чыгара иштөөчү. Бир забойду бургулоо ал үчүн оюнчук эле. Канчалык кыйналып, дарманы кетсе да кабагым-кашым деген жан эмес. Далдайган далысын күүшөп, күлүп коюп, жүрө бере турган. Бирөөгө жаман кеби жок. Эми карабайсыңбы, бир кыштын ичинде катты да калды. Бургулоо мындай турсун, өткөөлдүү бекитүүдө үстүнкү устунду тирөөчтөргө койгончо кара терге түшөт. Солк-солк этип, боюн токтото албай кетет. Жолдоштору:

— Ырыскул, кыйналып турасың. Сыртка чыксаңчы, — дешсе:

— Жок, эшке чыкканда эмне кылмак элем. Жок, жок, — деп бат-бат айтып жиберет да, көпкө чейин башын мыкчып отуруп калат.

Элдин баары анын абалына түшүнүүчү, аяшчу.

— Ырыскул, — деди Ташкенбай бир топтон кийин. — Сен кыйналба. Чындыгы баладан асыл, баладан кымбат эмне бар. Сенин ал жакта болууң эле туура. Көнүп кетерсиң. Кат-кабар жиберип тургунуң. Биз сени эстен чыгарбайбыз. Сен бизди унутпа.

Ырыскул ага тигиле карады. Калтыраган колдору менен анын колдорун кысты…

*     *     *

Ырыскул иңир кире бергенде келди. Ылай болгон кирзе өтүгүн арыктын жээгиндеги эски чөпкө ары-бери аарчыгылап, анан тиги эки терезеси көчөнү караган чоң тамды көздөй басты. Тоо тараптан кечки сыдырым жүрүп турган. Бул жакта жаз кечирээк келсе керек ко. Дарбазаны ачып, короого кирди. Тутканы коё бербей бир азга селее туруп калды. Анын бет маңдайында беш-алты кадам нарыраак, далистин тирөөчүнө жөлөнүп Айгүлү турган. Жылаңайлак. Башында өзүнөн чоң эски түлкү тебетей ийнине түшүп турат. Жаандан жабыр тарткан жөжөдөй бир бутун чапанынын алдына каткан. Оң колунун сөөмөйүн оозуна салып алыптыр.

Ал козголгон жок. Куду энеси Толгонайдын көзүндөй балбылдаган чоң көздөрүн тигинден албай түйшүксүз тура берди. Бетинен түгү чыгып, үшүп кетиптир. Үстүндө кир баскан шырымал кара чапанча. Ууртунан шилекейи куюлат. Көкүрөгү темгил-темгил болуп шакмарланган. Айгүлүнүн азыркы абалын көрүп, Ырыскул катуу кейип кетти…

Ырыскул үнсүз-сөзсүз каалгый басты. Буттарынын шилтенгенин, шилтенбегении билбейт. Көзүнүн жашы он талаа. О, анын сүлдөрү гана келатты.

— Айгү-үл, жарыгым… таалайым, сенден жаным садага, карааныңан айланайын, карааныңан. Мен келдим. Атаң келди, билесиңби, мени тааныбайсыңбы? — Анын сөзүнүн акыры угулбай калды. Оозу кургады. Жок, шилекейин жуткан болду. Айгүл чочуркаган да, корккон да жок. Боолголодубу, же «жүрөгү билдиби», айтор Ырыскулга талпынып колун сунду, боюн таштады. Анын мойнунан кучактап, ыйлап жиберди…

*     *     *

Совхоздо жаз жумуштары кызуу жүрүп жаткан кез. Ырыскул үчүнчү бөлүмдүн жумушчулары менен бирге мурун ээн жаткан Чоң-Алыштын сайына көчөттөрдү олтургузууда иштеп жүрөт. Ал келгенден бери Айгүл жакшы болуп калды. Ырыскул жумуштан кайтканда алдынан жыгылып-тура чуркап чыгат. Уктар уктаганча жанынан чыкпайт. Аны астыртадан карап олтурган Гүлсайра ичинен тилдейт: «Бала эмес, бооруңа жара чыккыр. Сүйрөлгөн неменин эмнесин жакшы көрөт экен?!».

Анын Айгүлгө аксымдык кыларын, өзү жокто ага жаман карарын Ырыскул түкшүмөлдөп жүрдү. Бирок сыр алдырбады. Уулу Айгүлдү чаап ийсе Гүлсайра:

— Эми анчалык эмне озоңдойсуң? Эч нерсе болбойт. Андан мээң чыгып калмак беле? — деп силкинет.

Жок, непада Айгүл тигини апчып же мурдун чүйрүп эликтеген болсо, өңү-түсүн бузуп каргап-шилеп, аны тирүүлөй жутуп жибергиси келет. Мунун баары Ырыскулдун көзүнчө болот. Ал унчукпайт. Ичинен сызып гана кала берет. Талаада, иште жүргөнүндө да кайненесинин кылык-жоругу эсинен кетпей, ырайымсыз элеси көз алдына тартыла калат. Ал алыскы тээ көгүлтүр тарткан кырка тоонун этегине көз жиберет. Шахта, курбалы эсине түшөт. Эмгектин кайнар булагы бир гана ошол жактагыдай сезилет. Канчалык кара терин чыгара иштесе да мындагы эмгек анын моокумун кандырбайт, ыраазы болуп көөнү толбойт. Кыңылдай үн чыгара муңдуу обон салат.— «Сагындым…» — дейт.

Аны менен бирге иштегендер бир чети ага таң калышат. «Капырай, ушундай жан болобу? Сүйлөгөн сөзү жок, элден четтеп, оолактап эле турат экен» — деп бирөө айтса, экинчиси: — «Ээ, кеп сүйлөөдө эмес, сага дакылат жасап бермек беле сүйлөгөндө. Бир мүнөз жигит турбайбы. Кеп анын кылган эмгегинде. Эпилдебей андан көрө ошого теңелүүгө умтулсаң боло» — дейт.

— «Жоо, катыгүн, мен аны жалкоо деген жерим жок, дегинкисин айтам да. Анын үстүнө жанакы оңбогон Гүлсайра… Малайынан бетер ата-теги, тентигенинен бери козгоп жерине жетет дешет. Ынтыккан өлүгүңдү көрөйүн, эч болбосо түштө же деп, бир үзүм калама берип койсо эмине, кечке кезертип койбой. Өгөй деген ушул. Толгонайдын өз энеси тирүү болсо ушинтет беле?» — дейт берки кайрадан.

Үй ээси бир тизесине уулун, бир тизесине жээнин отургузуп, аларды ойнотууда. Ал бир айдан бери Беш-Күңгөйдө карагай кыйганда жүрүп, келгени ушул. Тиги экөө тең сагынып калыптыр, мойнуна минишип, сакалын кармагылашат. Тебетейин алмак-салмак кийишет. Уулу беркиден кичине эстүү эмеспи, кой десе коюп калат. Чөгөлөп атасынын ийнине башын жөлөйт. Айгүл мотураңдап таятасына асыла берет. Экидеги бала эмнени билсин. Борс-борс күлсө кетик тиштери көрүнө калат. Ырыскул ага карап, жылмайып коюп олтурат. Ичинен аталык мээримин төгө тымызын кубанычка батат. Ырыскул үчүн азыр өткөндөгү оор күндөрдүн өңү өчүп кетти. Түбөлүккөбү?.. Жок, анын азыркы ырысы, бактысы уланбады…

Гүлсайра камыр жайып жаткан үбөлүгү менен алды жагында көмкөрөсүнөн жаткан жалпак ак калай табакты каңк эттире бир чапты:

— Аэй, болду эми. Адам, кулак-мээмди жеп коймок болду, капырай! — Ал үбөлүктү өйдө көтөргөн бойдон Айгүлдү жекире карап мистийди. Бала томсоро түштү. Оттун ысык илебинен калкангандай эки колун көтөрө берди. Дирилдеген манжаларына далдалана жашынган болду. Кетенчиктеп барып сыз жерге олтуруп калды. Бир паска үй ичи жым боло түштү.

— Ой, сага эмне бирдеңке даарып кеттиби? Балада эмне жазык! — чалдын сакалы сербең этип, кабагы чытыла калды.

— Э койчу, сен да бир жагыман чыкпай!

— Койбойм мен! Эмнеге коём. Ал сага көп көрүнүп кеттиби?

— Ооба, көп эле көрүнүп кетти. Жалгыз башым каягыңарга жетет, кимиңерге түт келет?!

— А сенин көкөйүңө тийген ким экен?

— Билбей жатасыңбы? Хэ… Кудай Карыбегимдин өмүрүн узун кылсын, ошол эсен болсун. Арыган, бозгонду…

Ырыскулдун көзү тумандап, тулку бою чымырап баратты. Өңү бузулуп, керсары тарта түштү. Тиштене оозун араң ачты… Бирок эч нерсе айта албады. Айтууга бир топ сөз бар эле. Ал ичте калды. Ырыскул Айгүлгө колун суна берди.

Айгүл атасынын астына куйтуюп отуруп калды. Улутунду…       .

*     *     *

Жерге жарык кирип калган. Түн ортосунан баштаган кара жамгыр токтолбой шатырап төгүп турат. Жер бети көлкүлдөйт. Ой-тоодон кыян жүрүп, киргил суу кузгундоодо. Ырыскул аң-дөңдү ылтабай айдоо-аңызды аралап, күн чыгышты көздөй кадамын кере шилтейт. Жылаңбаш… Сыгып алма суу болгон кийми этине жабышкан. Өтүгүнүн кончуна чейин ылай. Таноолору дардайып, көздөрүнөн от жанат. Чачтары иретсиз тал-тал болуп, жаак, маңдайына түшкөн.Эки бети албырып, оозун ача энтиге дем алат. Чыпылдап чыккан тер жаан суусуна жуула төмөн агат. Анын келбетинде, жазы маңдайында кандайдыр бир чечкиндүүлүктүн белгиси бар. Жамгыр каадасынча нөшөрлөп, сап-сап тарта бетке урат. Чагылган жарк десе, асмандан жарака кеткендей чатыр-чутур этет. Тоо жаңырып, жер силкингендей сезилет. Кулак тунуп, көз тунарат. Заматка айлана жапжарык боло калат да, кайта бозомук чалат. Ырыскул ансайын Айгүлдү бооруна кыса тартат. Анын байлыгы, келечеги ошо да. Ал колунда. Өз колунда барат!

Ырыскул узап кетти. Асмандан күн, алыстан кендин карааны көрүндү. Добул түнөрүп артта калды. Серпилип жезкемпир желеси тартылды. Ал куду дарбазага, укмуштуудай чоң дарбазага окшош эле.

Ырыскул артына каранган жок, мына ошол дарбазадан чыгып баратты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.