XXX ГЛАВА

<<<<<<<<<<< Башы

Күздүн күнү мээримдүү ачык күнү, мындан бир жыл мурда эрте күздө экөө алгачкы жолу бирин-бири сүйөрүн билдиришкен күнкүдөй эле Мартин Руфка өзүнүн «Сүйүү жөнүндөгү сонеттерин» окуп берип жатты. Экөө далай татуу ирмемедерди өткөргөн баягы көзгө тааныш жакшы көргөн дөңсөөлөрдүн арасында отурушту. Мартиндин окуп аткан ырын Руфь бир нече ирет шаттанган доошу менен токтотту. Мартин окуп бүтүп, кыз эмне деп айтар экен толкундана күтүп калды.

Руфь азыр айта турган сынын бир аз жумшарта турган керектүү сөздөрдү издегендей көпкө чейин унчукпады.

— Бул ырлар мыкты жазылыптыр, — деди ал акырында, — ооба, албетте, сонун экен. Бирок, сиз буга акча ала албайсыз да. Мындайча айтканда, менин эмне айтайын деп жатканымды түшүнөсүзбү, — кыз муну жалооруй айтты, — сиздин жазгандарыңыздын баары турмушта колдонууга жараксыз болуп калып атпайбы. Мунун себеби эмнеде экенин билбейм, — балким, рыноктун шарттары күнөөлүүдүр, — бирок сиз өзүңүздүн чыгармаларыңыз менен эч нерсе иштеп таба албайсыз. Мени туура түшүнсөңүз, кымбаттуум. Мен бул керемет ырлардын мага арналганына абдан сыймыктанам албетте, антпесем аял болгонум кайсы.— —Бирок булар биздин үйлөнө турган күндү жакындата албайт, туурабы Мартин? Мени ач көз экен деп ойлобоңуз. Бирок мен дайыма экөөбүздүн келечегибизди ойлоном. Мына, бири-бирибизге сүйүүбүздү билдиргенден бери бир жыл өттү, ал эми үйлөнүү тоюбуз болсо, баягыдай эле бүдөмүк. Сиз бул айтып жаткандарымды эрөөн албаңыз: себеби кеп менин жүрөгүм, менин бүткүл жашоом жөнүндө жүрүп жатат. Эгерде сиз жазганды ушунчалык эле жакшы көрсөңүз — анда бир гезиттен иш издеп көрбөйсүзбү? Жок дегенде, убактылуу болсо да кабарчы болуп албайсызбы?

— Анда мен стилимди бузуп алам, — жай гана жооп кайтарды Мартин, — мен мындай стилге жетиш үчүн канчалык көп эмгек сарптаганымды сиз элестете да албайсыз.

— Бирок сиз акча табыш үчүн гезиттерге фельетон жазып да жүрбөдүңүз беле?

— Бул таптакыр башка иш, мен аларды керели кечке иштеген оор жумуштан кийин жазчумун. А кабарчылык жумуш менен керели кечке алектениш керек, ага бүт өмүрүңдү беришиң керек! Мындай жашоо куюнга айланып, мүнөт сааты жок, же өтмүшү менен келечеги жок жашоого айланат да калат. Кабарчы кабарчылыктан башка эч кандай стиль тууралуу ойлоно да албайт. Бул болсо адабият эмес. Менин эми стилим жаңыдан калыптанып, жолго түшүп баратканда кабарчы болгонум — адабиятты биротоло көмгөнгө барабар болмок. Азыр деле мен үчүн фельетон жазгандын ар бир сөзү азаптын азабы, өзүмдү өзүм зордоп жазгандай болом! Мага мунун кандай оор экенин сиз элестете албайсыз. Өзүмдү кылмышкердей сезип кетем. Жеңил –желпи аңгемелерим сатылбай калып, кастүмүмдү кайрадан күрөгө тапшырганда ичимен кубанып да калган элем. «Сүйүү жөнүндөгү сонеттеримди» жазып жаткандагы сезген ыракатым менен жыргалымды эмне менен салыштырууга болот? Анткени чыгармачылыктын кубанычы бул жер жүзүндөгү эң асыл кубаныч эмеспи. Бул менин бардык көргөн азабымдын эсесин жүз эсе кылып кайтарды.

Руфка «чыгармачылыктын кубанычы» деген жөн эле көңдөй сөз экенин Мартин билген жок. Кыз бул сөздү өзү да көп айтаар эле, чыгармачылыктын кубанычы дегенди Мартин алгачкы ирет анын оозунан уккан. Руфь муну окуган, университеттин профессорлорунун лекцияларынан уккан, алтургай, искусствонун бакалавры даражасын алуу үчүн сынак тапшырып жатканда да муну нечен ирет кайталаган. Бирок кыз өзү табиятынан түркөй, чыгармачылыктын ышкысы деген түшүнүктөн таптакыр куржалак болгондуктан, чыгармачылык жөнүндө башкалардын айтканын гана тоту куштан бетер кайталай берчү.

— А балким редактор сиздин «Деңиз ырларыңызды» оңдоп туура кылгандыр? — сурады Руфь. — Адабий чыгарманы туура баалай албаган редактор да редакторбу.

— Мына, көпчүлүк кабыл алган пикирлердин туруктуулугунун дагы бир далили, — деди Мартин өзүнүн душмандары — редакторлор жөнүндө сөз козгогондугуна жини келе түшүп. — Көзгө көрүнүп турган нерселердин баары туура гана эмес, мыкты деп эсептелинет. Кандайдыр бир нерсенин болуш фактысы аны актап турат деп түшүнүлөт жана ушуну билип коюңуз, бул азыркы эле шартта эмес, түбөлүк ушундай. Албетте адамдар буга, Вейнингер абдан сонун айткандай, өзүлөрүнүн эскинин туткунунан чыгалбаган наадандыгынан, өздөрүн-өздөрү алдаганынан улам гана ишенип келатышат. Наадан адамдар өзүлөрүн гана акылдуу элестетип, чынында ой жүгүртө билген адамдардын тагдырын башкарып жатышат.

Мартин күтүлбөгөн жерден Руфь али мунун баарын түшүнгөн деңгээлге жете электигин ойлоп, чочуп кетип токтоп калды.

— Вейнингер ким экенин билбейм, — каршы чыкты Руфь, — сиз дайыма баарын абдан начар жыйынтыктайсыз, ошондуктан мен көп учурда сиздин оюңузду түшүнө да албай кетем. Менимче эгерде редакторлор…

— Мен болсо сизге айтып жатам, — деди ал Руфтун сөзүн бөлүп, — бардык редакторлор, жогеле дегенде алардын токсон тогуз пайызы – жөн эле жолу болбой, ооматтан тайгандар. Булар жазуучу боло албай калгандар. Буларга чыгармачылыктын кубанычына берилгенден көрө, редакциянын арабасын кылдыратып, журналдын ийгилигине, басмакерлердин айланган акчасына кулдай күнкөр экенин моюнга алуу жагымдуураак деп ойлобоңуз. Алар деле жазганга аракеттенишкен, бирок ийгилиги болгон эмес. Акыл жеткис карама-каршылык ушул жерде жатат. Адабий ийгиликтин бардык эшиктери эми мына ушул кароолчу иттер – адабияттан жолу болбогондор тарабынан кайтарылып турат. Редакторлор, алардын жардамчылары, рецензенттер — койчу, кол жазманы кимдер окуса, ошолордун баары бир кезде жазуучу болгусу келгендер, бирок буга алардын дүрмөтү жеткен эмес. Ошентип талант дегенден таптакыр айтпаган булар эми адабияттын тагдырын калчап, эмнени басып, эмнени баспаш керек экенин чечип отурушат. Генийге сын таккандар мына ушул жарыбаган байкуштар болуп атпайбы. Алардын артынан келаткан сынчылар деле тигилердей эле иши оңунан чыкпагандар. Сиз мага алар эч качан ыр же проза жазууга аракеттенишкен эмес, бул туурасында кыялданышкан да эмес деп айтпай эле коюңуз, — алар өзүн сынап көрүшкөн, бирок мындан таш балекет да чыккан эмес. Жанагы журналдардагы сын макалалардан кишинин жүрөгү балыктын майына кускуң келгендей айланат. Сиз менин сынга карата болгон көз карашымды жакшы билсеңиз керек. Нукура улуу сынчылар бар, бирок алар бир жанып өчкөн куйруктуу жылдыздай өтө сейрек кездешет. Эгерде мен жазуучу болбой калсам, сөзсүз редакторлукка барам. Бул болбоду дегенде бир сындырым нан тапканга жарайт, жараганда да майы менен.

Бирок Руфтун зирек акылы сүйгөнүнүн пикириндеги карама-каршы айтылган ойлорду ошол замат сезе койду.

— Болуптур, сиз айткандай, редакциялардын эшиги таланттуу адамдарга жабык болсо анда улуу жазуучулар кантип чыккан?

— Алар колдон келбегенди жасашкан, — деди ал, — алар жалыны алоолонгон, мыкты чыгармаларды жазышкандыктан, душмандары алардын өртүнө күйүп, күлгө айланышкан. Алар миңден бирөөнүн бактысына жаралчу кереметтин аркасы менен ийгиликке жетишкен. Алар жеңүүгө мүмкүн болбогон Карлейдин алптарына окшош, буюрса, мен да ошолордой болом. Мен да колдон келбегенди жасайм.

— Бирок мунуңуз ишке ашпай калса эмне болот? Сиз мени да ойлошуңуз керек, Мартин!

— Эгерде ийгиликке жетпей калсамбы? — Ал кыз ойго келбес бирдемени айткандай, таң кала карап калды да анан көздөрү жана түштү. – Анда мен редактор болом, сиз болсо редактордун аялы болосуз!

Руфь кабагын бүркөмүш болду эле Мартин ошол замат анын бетинен аймалап, жазып жиберди.

— Коюңузчу, жетишет эми, — каршылык көрсөтүп калды Руфь, анын азгырма таасиринен бошонууга аракет кылып, — мен ата-энем менен сүйлөштүм. Алар менен эч качан минтип кармашкан эмесмин. Урмат-сыйды жыйыштырып коюп эле болгонун айттым. Алар экөө тең сизге каршы чыгышты, бирок мен сизди сүйө турганымды ушунчалык катуу айткандыктан, акыры атам сизди кеңсесине алууга макул болду. Алтургай, атам сизге экөөбүздүн жашообузга жетишерликтей дурустап маяна да төлөп бермей болду, экөөбүз баш кошуп, чакан бир үйдө өзүбүзчө жашай беребиз. Бул анын бизге кылган чоң жакшылыгы, туурабы Мартин?

Мартин тула боюн каптап келген аргасыздыктан жүрөгү кысыла түшкөнүн сезди. Ал көнүмүш адаты менен тамеки, кагаз издеп, чөнтөгүнө колун салды, (ал эчактан бери жанына тамеки албай калган) да бирдемелерди күңкүлдөп койду.

Кыз сөзүн улантты:

— Ачык айтканда, бирок сиз таарынбаңыз, сиздин кескин көз карашыңыз атама таптакыр жакпайт, андан тышкары, ал сизди жалкоо деп эсептейт. Бирок сиздин жалкоо эмес экениңизди мен билем да. Тынымсыз көп иштегениңизди да билем. «Жок муну, жадагалса бу да билбейт турбайбы» деп ойлоду Мартин, бирок минтип гана сурап койду:

— Сизчи? Менин көз караштарым сизге да өтө эле кескин көрүнөбү? — Руфтун көзүнө тике карап, жооп күттү.

— Мага сиздин көз карашыңыз… шектүүдөй сезилет, — деди ал акыры.

Ушул сөз менен баары айтылды, жашоо Мартинге ушунчалык кунарсыз супсак боло түшкөндүктөн, эмеле Руфтун атамдын мекемесине кызматка кир деп аярлап айткан сунушун да унутуп калды. Өзүнүн оюнда катуу кетип калганын сезгендей боло түшкөн кыз кайра бул маселеге кайрылыш үчүн ыңгайлуу учурду сабырдуулук менен күтүп калды.

Бирок бул көпкө күттүргөн жок. Эми Мартиндин Руфка бере турган суроосу бар эле. Ал кыздын ага канчалык ишенерин сынап көрмөк болду. Ошентип бир жумадан кийин ар кимиси өзүнүн суроосуна күткөн жоопту алды.

Мартин «Күндүн осолдугун» Руфка окуп берип, бул ишти ылдамдатты.

— Эмне үчүн сиз кабарчы болгуңуз келбейт?!— деп жиберди Руфь Мартин окуп бүткөндө. — Өзүңүз жазганды абдан жакшы көрөсүз, балким, ийгиликке жетишип, өзүңүздү көрсөткөн соң атагыңыз да чыкмак. Кээ бир атайын кабарчылар бапырата акча таап, дүйнө жүзүн кыдырып жүрүшпөйбү. Аларды Африкага – Стэнлиге жиберип да атышат, мисалы, алар Ватиканда папа менен маек куруп, Тибеттин сырдуу булуң-бурчтарын изилдешет.

— Демек, сизге менин макалам жакпайт, деңизчи? — сурады Мартин. — Сиз калыбы, мен журналист гана болуп, жазуучу чыкпайт деп болжолдойсузбу?

— О, жок! Макалаңыз мага абдан жакты. Эң сонун жазылган. Бирок мен сиздин окурмандарыңыз мындай терең жазылган макаланы түшүнө албайтко деп чочулайм. Мен үчүн деле бул өтө оор көрүнүп жатат. Угулушу сонун, бирок мен эч нерсе түшүнгөн жокмун. Баарынан да макалада атайын илимий терминдер өтө эле көп экен. Сиз өтө эле аша чаап кеткенди жактырасыз, кымбаттуум, сизге апачык болгон нерселер калган баарыбызга таптакыр түшүнүксүз болуп жатат.

— Ооба, макалада философиялык терминдер көп, — дегенден башка эч нерсе дей албады Мартин.

Анын толкунданганы дагы эле тарай элек болчу, анткени азыр эле үн чыгарып, өзүнүн эң эле зирек деген ойлорун окуган эле, андыктан Руфтун мындай пикири аны таңгалдырып, эсин оодара чапкандай болду.

— Макул, бул макала формасы боюнча анча түзүк эмес деп коёлу, — деди Мартин өзүнүн тууралыгын далилдөөгө аракеттенип, — бирок кантип эле сизди анда айтылган ойлор козгой алган жок?

Руфь башын чайкады.

— Жок. Бул мен мурда окуган макалаларыма таптакыр окшобойт… Метерлинкти окугам, ал мага абдан түшүнүктүү болучу.

— Анын мистицизми сизге түшүнүктүүбү? — кыйкырып жиберди Мартин.

— Ооба. Бирок сиздин ага чабуул койгонуңуз мага эч бир түшүнүксүз. Албетте, эгерде оригиналдуулук жагын айта турган болсок…

Мартин аны токтотмокко колун сермеди, бирок унчуккан жок. Анан кулагына сүйлөп аткан Руфтун момундай сөзү шак дей түштү.

— Чынын айтканда, сиздин чыгармачылыгыңыз өзүңүз көпкө алаксып ойногон оюнчук болчу, — деди Руфь, — эми турмушка, экөөбүздүн жашообузга олуттуу мамиле кыла турган убак келди. Ушу күнгө чейин сиз өзүңүз үчүн гана жашап келдиңиз.

— Сиз менин кызматка орношконумду каалап турасызбы?

— Ооба, атам сизге…

— Билем, билем, — ал Руфтун сөзүн кескин бөлүп, — бирок ачык эле айтыңызчы, сиз мага эми таптакыр ишенбейсизби?

Руфь унчукпастан анын колун бекем кысып койду. Көздөрү тунарыктап турду.

— Сизге эмес… сиздин жазмакерлигиңизге, менин кымбаттуу, — деди Руфь акырын жоошута сүйлөп.

— Сиз менин чыгармаларымдын баардыгын окуп чыктыңыз, — деди Мартин кесе сүйлөп, — сиз алар жөнүндө кандай ойдосуз? Сизге алар ушунчалык эле начар сезилеби? Башкалар жазгандан да начарбы?

— Башкалар жазган чыгармалары үчүн акча алып атышат.

— Бул менин суроомо жооп эмес. Сиз мени адабиятка шыгы жок деп эсептейсизби?

— Макул эмесе, жооп берейин, — деди Руфь өзүн өзү мажбурлагандай. — Мен сиздин жазуучу болуп чыгат деп ойлобойм. Мага таарынбаңыз, ардагым! Муну өзүңүз кыйнап сурап атпайсызбы? А сиз менин адабият жөнүндө сизге караганда, алда канча көбүрөөк түшүнөрүмдү билесиз.

— Ооба, сиз искусствонун бакалаврысыз, — деди Мартин ойлуу, — сиз түшүнүшүңүз керек… Бирок муну менен баары айтылган жок, — деп сөзүн улантты ортого чөгө түшкөн ыңгайсыз паузадан кийин. — Мен эмнеге жөндөмдүү экенимди өзүм жакшы билем. Муну менден жакшы башка эч ким биле албайт. Созсүз ийгиликке жетишериме көзүм жетип турат. Кандай болбосун, бардык тоскоолдуктарды жеңип чыгам. Менин ичимде аңгемелеримде, макалаларымда, ырларымда орун тапкан нерселер кайнап жатат. Бирок мен сизден буга ишениңиз деп өтүнбөйм. Сиз мага да, менин адабий талантыма да ишенбей эле коюңуз. Бирок сизден менин бир гана суранаарым — менин сүйүүмө ишенсеңиз экен, мени мурдагыдай эле сүйсөңүз экен… Эсиңиздеби, мындан бир жыл мурда сизден эки жыл күтө туруңуз деп өтүнбөдүм беле? Бир жыл өттү, мен бүткүл жүрөгүм менен сезип турам, экинчи жылдын аягына барып ийгиликке жетериме ишенем. Эсиңиздеби, бир кезде сиз мага жазуучу болуш үчүн окуучулук сыноодон өтүү керек деп айттыңыз эле. Эмне дейсиз, мен ал жолду басып өттүм. Мен абдан шаштым, буга кыска мөөнөттүн ичинде жетиштим. Менин бардык максат умтулууларымдын түпкү максаты сиз болдуңуз, сиз жөнүндө ойлогонум мага дайыма дем берип, кайратыма кайрат кошуп келди. Билесизби, кана уктоо дегенди мен эчак эле унутуп койгонмун. Мага кээде каалашымча уктап, уйкумду кандыра эс алган кездеримден бери миллиондогон жылдар өтүп кеткендей сезилет. Эми мени сааттын шыңгыраганы гана тургузат. Качан кай убакта жатпайын, дайыма саатты бир убакытка коюп коёмун. Саатты коюп, чыракты өчүргөн менин атайын эстеп, жатар алдында аткара турган ишим болуп калды. Таптакыр эле болбой, уйкуга алдырып баратканымды сезгенде, кыйын китепти жеңилирээк китепке алмаштырам. Бул китепти окуп атып да үргүдүлөй баштасам, анда уйкуну кубалаш үчүн өзүмдү өзүм башка муштагылап кирем. Уйкудан өлөөрчө корккон бир киши жөнүндө окудум эле, эсиңиздеби, Киплингде беле? Шишти төшөгүнө коюп коет экен, уктап кеткенде ал денесине сайыла түшөт экен. Мен да ошенттим. Түнкү саат бирге, экиге чейин уктабаймын деп чечтим… Чын эле белгиленген мезгилге чейин кирпик какпай калчу болдум. Бир нече ай бою ушинтип жүрдүм. Ошентип атып, беш жарым саат уктаган мага түшкө кирбеген жыргалдын жыргалы болуп калды. Эми болгону төрт гана саат уктап калдым. Уйкум канбай аябай кыйналып жүрөм. Кээде башым айланып кетет, ойлорум чаташып, ушунчалык уйкум келет дейсиз, бир туруп көрдүн тынчтыгы мага жыргалдай сезилип кетет. Лонгфеллонун ырлары эсиме түшөт:

Деңиздин муздак түбүндө,

Баарысы тыптынч, үргүлөйт.

Бир кадам – сууга шарп этсе,

Баарысы калат түбөлүк.

Албетте, мунун баары тантыгандык. Мээнин чарчаганынан болуп атса керек. Бирок бир суроо окуучулук мөөнөттү кыскартып, ийгиликти шаштырыш үчүн ушунун баарын мен ким үчүн жасап жатам? Сиз үчүн. Окуучулук мөөнөтүм аяктады. Мен эми эмнеге жөндөмдүүмүн? Сизди ишендирип коёюн, мен бир айда үйрөнгөндү башка студенттер бир жылдын ичинде да үйрөнө албайт. Чын айтам. Сиз ишене бериңиз. Мени түшүнсүн деп жан-дилим менен каалабасам, анда сизге муну айтпас элем. Бул жерде эч кандай мактаныч жок. Менин билимимдин натыйжасы китептер менен ченелет. Сиздин бир туугандарыңыз мага салыштырганда тимеле бир түркөй жапайылар болуп калат, анткени мен билимимди алар эч нерседен бейкапар уктап жатканда алганмын. Бир кезде мен атактуу болсом деп ойлочумун. Азыр мага атак-даңктын эч кандай мааниси жок. Менин бир гана каалаганым сиз. Сиз мага тамактан да, кийимден да, айтор, дүйнөдөгү бардык нерселерден артык көрүнөсүз. Мен бир гана сиздин көкүрөгүңүзгө башымды жөлөп, уйкуга кетсем деп эңсейм. Буюрса, бул тилегим бир жылга жетпей орундалат.

Анын кайраты толкун сыңары жапырылып келип, кайрадан Руфтун тула боюн каптап өткөндөй болду: кыз канчалык каршылык көрсөтпөсүн, ички азгырык болбой эле аны Мартинге тартып баратты.

Кыздын жүрөгүн багындырган бул күч Мартиндин от чачкан көздөрүнөн, ышкысы жана кызууланып сүйлөгөнүнөн, андагы жашоонун оргуп кайнап турган кубатынан көрүнүп турду. Бир гана көз ирмем ичинде Руфтун кебелбеген бекем жан дүйнөсү аңтар-теңтер боло түштү да маңдайындагы чыныгы, эч нерседен моюбаган жеңилбеген Мартин Иденди көрүп турду! Кыз жырткыч айбандарды үйрөтүүчүлөр анча-мынчада олку-солкулукка алдыргандай, мына бул адамдын да багынбас эркин баш ийдирүүгө мүмкүн экенинен күмөн санап турду.

— И, жана дагы бир нерсе, — деди Мартин сөзүн улай, — сиз мени сүйөсүз. Бирок эмне үчүн сүйөсүз? Мени жазганга шыктандырып, сизди мени сүйдүрүүгө мажбурлаган күч ушул эмеспи? Мени сиз айланаңыздагы адамдарга түк окшош болбогонум үчүн сүйөсүз. Мен мекеме, бухгалтердик китептер, майда-барат иштер үчүн жаралган адам эмесмин. Мени бул адамдар жасаган ишти кылганга мажбурлап көрүңүзчү, алар менен бир абадан дем алдырып, алар менен пикир алыштырып көрүңүзчү, — ошол замат алар менен менин ортомдогу айырмачылыкты жок кыласыз, мени, өзүңүз сүйгөн адамды жок кыласыз. Мендеги эң жандуу нерсе – бул менин чыгармачылыкка болгон ышкым. Эгерде мен адабият жөнүндө кыялданбаган, жүргөн бир катардагы кеңкелес болгонумда сиз мени карап да коймок эмессиз.

— Бирок сиз бир нерсени унутуп жатасыз — деди чөп башылаган акылы бирдемелерди салыштыра бергенге маш Руфь анын созүн бөлө. — Мурда деле бүткүл өмүрүн кандайдыр бир түбөлүк кыймылдаткычты ойлоп табууга арнаган апенди чалыш ойлоп тапкычтар болгон. Алардын аялдары кыязы, сүйүп, алардын ошол апендилигинин азабын чогуу тартышса керек.

— Туура, — деди Мартин, — бирок апенди эмес, өмүр бою кандайдыр бир чыныгы нерсени жаратуу үчүн жан үрөп, анан акыры максатына жеткен башка ойлоп тапкычтар деле болгон эмеспи? Мен деле ишке ашпай турган нерсеге асылып атканым жок го…

— «Мүмкүн болбогон нерсеге» жеткенди каалайм деп өзүңүз айтып жатасыз го?

— Мен муну элестүү түрдө айтканмын. Мен маңызында мага чейин өтө көптөр жеткен нерсеге: жазуучулукка, адабият эмгеги менен жашаганга умтулам.

Руфтун унчукпаганы Мартиндин итирейин келтирип турду.

— Демек, менин максатымды сиз түбөлүк кыймылдаткычты издегендей эле куру кыял деп эсептейт экенсиз да? — сурады ал.

Энеси тултуйган таарынчаак баласын соороткондой Мартиндин колун назик кысканы Руфтун анын суроосуна берген жообу эле. Руфка Мартин чынында эле кежир бала, куру кыялга азгырылган апенди сыяктуу болчу.

Руфь дагы бир жолу ата-энесинин Мартинге абдан эле кас мамиледе экенин эсине салды.

— Бирок сиз мени сүйөсүз да? — сурады ал.

— Сүйөм, сүйөм! — деп жиберди Руфь.

̶ Мен да сизди сүйөм, алар мага эч нерсе кыла албайт, — үнү шаңдуу эле…— Сиздин сүйөрүңүзгө ишенемби, алардын жек көргөнү мага тыйынчалык да арзыбайт. Дүйнөдө махабаттан башка туруктуу, бекем эмне бар? Улам чалынып, баскан сайын жыгыла берген алсыз бирдеме эмес, чыныгы махабат болсо, анда ал эч качан чалынбайт да, мүдүрүлбөйт.

XXXI ГЛАВА

Бир жолу Бродвейден Мартин кокусунан эжеси Гертруданы жолуктуруп калды; бир туугандардын жолугушуусу сүйүнүчтүү да, кейиштүу да болду. Көчөнүн бурчунда трамвайды күтүп турган Гертруда Мартинди биринчи көрдү, анын шапая түшкөн азгын өңүн, жүдөңкү кебетесин көрүп чочуп кетти. Мартиндин сабыры суз эле. Азыр эле велесепетин таштап насыя алайын деп сүткор менен бир сыйра майнапсыз кажылдашып чыккан. Күздүн бүркөн күнү болгондуктан, Мартин велесепетин эчак күрөөгө коюп койгон эле, бирок кара кастүм азыр ага абдан керек болгондуктан, аны өткөрбөгөнгө жанталашты.

— Сиздин кара кастүмүңүз бар эмеспи, — деди Мартиндин оокатын беш колдой жатка билген сүткор, — же аныңызды тиги еврей Люпкага тапшырып койдуңузбу? Эгерде сиз чынында эле…

Сүткордун үнү айбаттуу чыккандыктан Мартин:

— Жок, жок! Мен кастүмүмдү күрөгө койгон эмесмин, өзүмө керек, — деп чебелектеп жиберди.

— Эң сонун экен! — деди сүткор саал жумшара түшүп. — Бирок кастүм мага да керек. Ансыз мен сизге акча бере албайм. Мен бул иш менен көңүл ачайын деп алектенип аткан жерим жок да.

Мартин дароо каршы чыкты:

— Бирок велесепет бери эле дегенде кырк доллардай турат, анүстүнө кадимкидей жүрүп турат, сиз болсоңуз, мага жети эле доллар берип атасыз! Жети долларга да жетпейт! Алты доллар, жыйырма цент! Үстөк пайызын да алдын ала алып атпайсыңбы?

— Эгерде дагы акча алгыңыз келсе, анда кастүмдү апкелиңиз, — деди тиги камырабастан. Муну уккандан кийин Мартин ыза болуп кетип калган. Гертруданы кейишке салып, капаланткан Мартиндин маанайынын пастыгынын себеби ушунда болчу.

Бир туугандар учурашып амандаша электе эле Телеграф-авеню менен кетчү трамвай келип калды. Мартин эжесин колтуктап, трамвайга чыгарып коёюн деди эле, эжеси Мартин өзү жөө кеткени атканын баамдай койду. Трамвайдын тепкичинде туруп Мартинге бурулганда, аянычтан жүрөгү кысыла түштү.

— Сен түшпөйсүңбү? — сурап калды эжеси.

Ошол замат ал трамвайдан кайра түштү да Мартин менен кошулуп жөө басты.

-Мен ден соолукту чыңдаш үчүн дайыма жөө басканды жакшы көрөм,- деп койду Мартин.

— Абдан жакшы, мен да бир аз басайынчы, — деди Гертруда, — бул мага да пайдалуу болуп турат. Мен өзүмдү акыркы күндөрү саал начар сезип жүрөм.

Мартин эжесин карап, анын абдан өзгөрүп кеткенине таң кала ишенбей турду. Жүзү ооруган кишиникиндей саргарып кубарыңкы эле, бүт эле шишип кеткендейби кандай, азыр анын олдоксон басканы, бир кездеги ден соолугу аттай, чыбыктай ийилген, шатыра-шатман шайыр кыз кезиндеги басканына карикатурадай көрүнүп кетти.

— Эми трамвайды эле күт, — деди Мартин, экөө аялдамага жеткенде. Гертруданын деми кыстыгып бара жатканын байкаган эле.

— Кудай өзүң кечире көр! Чын эле мен өлө чарчаган окшойм, — деди эжеси, — сен деле трамвайга түшсөң жакшы болор эле. Жөө басам дейсиң, батиңкең деле начар экен. Түндүк Оклендге жеткениңче таманы түшүп калат ко.

— Үйдө дагы бир жубу бар, — деди Мартин.

— Эртең келип биздикинен чай ичип кет, — деди Гертруда күтүлбөгөн жерден, — Бернард үйдө жок болот, ал жумуштап Сан-Леандрого кетет.

Мартин бара албайм дегендей башын чайкады, бирок тамактын атын укканда ачкадан кезерген көздөрүнүн жылтырай түшкөнүн жашыра албады.

— Жаныңда тыйының да жок болсо керек Март, ошондуктан жөө жүрөсүң да. Анан да ден соолукка пайда деп коесуң!

Гертруда мыскылдай какшыктап күлөйүн деди эле, бирок анысы окшошпой калды.

— Ме ала кой.

Гертруда Мартиндин колуна беш доллардык монетаны карматты.

— Баса, унуткан турбаймынбы, жакында туулган күнүң болбоду беле.

Мартин монетаны көнүмүш адаты менен алаканына бекем кысты. Ал ошол замат мындай белекти албай эле койсом болмок деп ойлоду да, бирок олку-солку боло түштү. Анткени бул алтын тегерек тыйын тамакты, жашоону, руханий жана дене жактан агарууну жана чыгармачылык күчтүн жандануусун билдирип турду. Ким билет! Мүмкүн ал мына ушундай алтын акчалардын далайын ала турган бирдемелерди жазат чыгаар. Марка сатып алууга тыйыны болбогондуктан столдун астында тоодой үйүлүп жаткан кол жазмалардын арасына ыргытып салган өзүнүн эчаккы эки макаласы эсине түштү. Макаланын аталыштары анын көз алдына оттой күйүп чыга келди. Макалалар «Укмуштун ээлери» жана «Кооздуктун бешиги» деп аталчу. Аларды Мартин эч жакка жиберген эмес, бирок аларды бардык жазгандарынын ичинен эң мыктылары деп эсептечү. Атаганат, марка гана болсочу. Ийгиликке ишенүү сезими күтүлбөгөн жерден кайрадан лап этип жанып, тула боюн ысытып жиберди да, чубаган таттуу ойлор өзүнө азгырып кетти, колундагы кыса кармап турган алтын тенгени шак эле чөнтөгүнө сала койду.

— Сенин бул акчаңды өзүңө жүз эсе ашык кылып кайтарам, Гертруда, — деди арандан зорго Мартин, тамагы кысылып, көздөрүнө жаш айлана түштү. — Ушул айтканымды эсиңден чыгарба! — деп кыйкыра жаздап жиберди ал укмуштай ишеним менен. — Бир жылга жетпей сага так ушундай тегерек алтын тыйындардын жүзүн алып келип берем. Мага ишенбей койсоң да мейли. Сен күтүшүң гана керек. Анан көрөсүң!

Гертруданын буга ишенейин деген ою да жок эле. Бирок эмнегедир башкача боло түштү. Бир аз унчукпай туруп, анан:

— Март, ачка жүргөнүңдү билем, көзүңөн эле көрүнүп турбайбы. Каалаган кезиңде келип, биздикинен тамак ичип тур. Хиггинботам жумуштап кетери менен өзүм сага кабар кылам. Балдардын бирөөн чуркатып жиберем. Эгердечи Март…

Мартин эжесинин эмне дээрин билип турган, анткени анын кандай ой жүгүртөөрү ага белгилүү болчу.

— Бир жерге орношсоңчу? Ушинтип солоктоп жүрө бересиңби?

— Сен да мени эч нерсеге жетише албайт деп ойлойсуңбу? — сурады Мартин.

Гертруда башын чайкап койду.

— Мага өзүмдөн башка эч ким ишенбейт, Гертруда, — ал муну ысык ызасына муунгандай айтты. — Бирок мен бир топ сонун нерселерди жазып салдым, эртедир кечтир аларга акча алам.

— Алардын жакшы экенин сен кайдан билесиң?

— Анткени…— Ушул замат анын мээсиндеги адабият, анын тарыхы боюнча бардык билгендери кайрадан ойгонуп кетти, бирок эжесине өз ишеними эмнеге негизделгенин түшүндүрө албасын түшүндү. — Анткени менин аңгемелерим журналдарга басылып жаткандардын токсон тогуз пайызынан мыкты жазылган.

— Ошондой болсо да акылдуу кеңешти угуш керек, — деди Гертруда Мартиндин кесели эмнеде экенин туура түшүнгөндөй ишенимдүү. — Ошент Март, акылдуу кеңешти ук, — кайталады ал, — эртең болсо келип үйдөн тамак ичип кет.

Мартин эжесин трамвайга салып жиберди да почтого чуркап барып, үч доллардын көзүн карабай толтура марка сатып алды. Түштөн кийин Морздордун үйүнө бара жатып, жолдон почтого кирди да, эки пенсилик үч маркасын катып коюп, калганын бүт коротту, кол жазмаларын бир нече калың пакет кылып чаптап туруп, редакцияларга жөнөтүп жиберди.

Бул кеч Мартиндин эсинде кала турган болду, анткени ушул кечте ал Ресс Бриссенден менен таанышты. Бирок Бриссенден кайдан жүрүп, ким менен Морздордукуна келип калганын ошол бойдон билген жок. Ал буга кызыгып, Руфтан сурагысы деле келген жок, анткени өңү купкуу Бриссенден ага кызыксыз да болуп көрүндү. Бир саат өткөндөн кийин Мартин аны жүргөн бир дөөпай окшойт деп калды, анткени тиги улам бир бөлмөгө тартынбай этпей эле кире калып, сүрөттөрдү үңүлө тиктеп, столдо жаткан, текчеде тизилип турган китеп журналдарды улам шалдырата аңтарыштырып жүрдү. Анан тажаган окшоду, жанындагы адамдарды көзүнө илип койбой, кудум өз үйүндө жүргөнсүп, отургучка лык эте члакалап отуруп алды да, чөнтөгүнөн кандайдыр бир китепчени сууруп чыгып окуп кирди. Улум – улам суйдаң чачын сылап коёт. Мартин аны унутуп деле койду эле, бирок үлпөт аяктап калганда аны тегеректеп алган жаш айымдардын ортосунда отурганын көрдүп эстеди, кыязы, айымдар аны менен аңгемелешүүдөн абдан ырахат алып атышкандай.

Анан үйүнө кетип баратканда Мартин кокусунан Бриссенденге жете келди.

— Салам! Бул сиз белеңиз? — деди.

Тиги тоготпогонсуп бирдемелерди күбүрөгөн болду, бирок чогуу баса берди. Мартин аны кепке тартууга аракет кылган жок, ошентип экөө бир нече квартал өткөнчө унчукпастан жүрүп олтурушту.

— Көпкөн картаң эшек!

Күтүлбөгөн жерден кимдир бирөөнү минтип кескин сөгүп калганы Мартинди таң калтырып жиберди. Күлкүсү келе түштү, ошол эле маалда мына бул Бриссенден деген немени андан бетер жактырбай баратты.

— Сиз кайсы шайтан сайып ал жакка темселеп барып жүрөсүз? — деген сөздү укту Мартин экөө дагы бир көчө унчукпай баскандан соң.

— А, өзүңүзчү? — деди Мартин.

— Билсем өлүп кетейин, — Бриссенден жооп берди. — Менин ал жакка биринчи жолу барышым. Бир суткада жыйырма төрт саат бар болсо, аны эптеп өткөрүш керек да. Жүрүңүз, бирдеме сеп этели.

— Ичсе ичели, — макул болду Мартин.

Айтаарын айтты да, ичинен дароо көнө калган тил алчаактыгын ашата сөгүп алды. Үйүндө күтүп турган толгон-токой жаза турган иши бар эле, андан тышкары түнү менен Вайсмандын томун окуп чыкмак, анан да ар кандай романдан артык көргөн Герберт Спенсердин өмүр баянын да дагы бир окумак.

«Эмне эле убакыт коротуп, кыртышым сүйбөгөн бул неме менен ээрчишип келатам?»— ойлоду Мартин. Бирок аны кызыктырганы бул жолоочу менен анын шарабы эмес, — жаркыраган күзгүлөр, төгүлгөн жарык, шаңгырап кагылган жылтыр бокалдардын чагылышканы, адамдардын тамылжыган жүздөрү менен бакылдаган үндөрү эле. Ооба, жашоодо ийгиликке жетишкен адамдар эми көңүлү куунак, тапкандарын минтип эч нерседен бейкапар ичип, жыргап отурушпайбы. Мартин кайгысы анын жалгыздыгында эле. Азга болсо да алаксыйын деп Бриссендендин чакырганына ошол замат макул боло койгону ошондон. Мартин «Кайнар Булакты» таштап, Жо менен коштошкондон кийин, алигиде бир жолу португал дүкөнчү аны сыйлаганын эсептебегенде, ошол бойдон бир да жолу шарапканага баш баккан эмес. Мээнин чарчаганы кара жумуштан чарчагандай ичкиликти анчалык деле талап кылбайт. Андыктан Мартиндин көңүлү виного анчалык деле чапкан жок. Бирок азыр ичкиси келип кетти, башкача айтканда, каткырык менен кыйкырган үндөрдөн кулак тунган кичинекей шарапканын бака-шака түшкөн атмосферасына аралашкысы келип кетти. Алар кирип келген «Гротто» мына ушундай шарапкана эле. Бриссенден менен Мартин кайыш менен капталган жумшак орундуктарга чалкалай, сода менен аралыштырылган шотланд вискисин ууртап коюп отурушту.

Бара-бара алардын кеби кызыды; улам бирдемени сүйлөшүшөт, аңгеме ичимдикке жаңы буйрутма бергенде гана үзүлүп калбаса, кызыгандан кызыды. Ичкиликти өзү абдан көтөрө билген Мартин бет алдындагы бөтөлкөлөшүнүн да оңой менен алдырбастыгына ого бетер тан берди. Аны андан бетер таңгалдырганы тигинин айтып аткан ойлору болду. Мартин Бриссендендин баарын билген жана ага өмүрүндө экинчи жолу кездешкен нукура интеллигент экенине бат эле ишенди.

Анүстүнө Бриссенденде профессор Колдуэллге кыйла жетишпеген сапаттар бар болуп чыкты. Анын жүрөгүндө оту бар эле, ченде жок кыраакылыгы менен ойлорунун эркин чабыттаганын айтпай эле кой. Куюлуштура сүйлөгөнү да мыкты эле. Жука эриндеринен жүлүнгө жеткен, тимеле машинеге салып курчутуп койгондой кескин фразалар биринин артынан бири чубап атты. Алар уккан кишини безге сайып, бычак менен шылыгандай курч эле. Бул ошол эле замат не бир жумшак, назик, элестүү айтылган, жуурулуша куюлушкан сөздөр менен алмашлып жатты. Бир туруп илимдин акыркы жеңиштеринин чындыгын так жана кыска берген сөздөрү бороон менен ааламдын айгышкан күрөшүнө чакырган аскер сурнайындай угулат, бир туруп күмүштөй шыңгыраса, бирде жылдыз жыбыраган мейкиндиктирдей муздак жылтырайт. Анан ошол эле учурда бул сөз менен айтып жеткиришке болбогон, бийик жана сезилбеген нерселер менен ширелишкен, бирок бул сөздөр гана жараткан кылдат жана татаал ассоциациялар аркылуу гана сезсе боло турган акындын сөзү эле. Анын акылга толгон көз карашы адамдын ою жеталгыс кандайдыр бир ыраак тармактарга жетип турду, аларды карапайым жөн тил менен жеткирип айтууга болбостур. Анын уккан адамды уютуп, арбаган тил өнөрү карапайым сөзгө кадыресе акылы барлар түшүнө алгыс, өзгөчө маанини камтыганга ага жардам берип жатты, биок алардын баары Мартинге абдан жакын жана түшүнүктүү эле.

Мартин Бриссенденди башта жактырбаганын ошол замат унутуп койду. Анын маңдайында ал буга чейин китептерден гана окуган адам, өзү элестеткен ой жүгүртө билген адамдын идеалы турду. «Мен мунун бут алдында тизелеп гана турушум керек» — деп жатты ал өзүнө өзү, аңгемелешин оозу ачыла суктанып угуп отуруп.

— Сиз биологияны окуп үйрөнсөңүз керек! — деп жиберди Мартин. Аны таңгалдырып, Бриссенден башын чайкады. — Бирок сиз биологияны билбей туруп талкуулоого болбой турган нерселерди айтып жатпайсызбы, — сөзүн улантты Мартин Бриссендендин таң кала түшкөнүн карап. — Сиздин тыянактарыңыз улуу окумуштуулардын ой калчоолору менен толук дал келишип турат. Менимче, сиз аларды окубай калышыңыз мүмкүн эмес!

— Сизден муну укканыма өтө кубанам, — деди тиги, — жарыбаган билимим мага акыйкатка жетүүнүн эң кыска жолун ачып бергенине кубанам. Ал эми мага мунун туура же натуура экени баары бир. Мунун мааниси деле жок. Анткени чындыктын түбүнө эч бир адам жеткен эмес.

— Сиз Спенсердин шакирти, жолун жолдоочусу турбайсызбы! — шаңдуу кыйкырып жиберди Мартин.

— Мен жаш кезде анын «Тарбиясын» окуган элем, андан бери карай элекмин.

— Мен да так сиздей болуп илимдин баарын бат эле өздөштүргүм келчү, — деди Мартин жарым саат өткөн соң Бриссендендин акыл көрөңгөсүн тыкыр салмактап чыгып, — сиз нукура догматик экенсиз, баарынан да таң каларлыгы ушул. Илим тажрийба жолу менен гана аныктаган кээ бир жоболорду сиз мындай эле аныктап коёт экенсиз. Сиз сүйлөп баратып эле туптуура корутунду жасап кете берет экенсиз. Сиздин билимиңиз ырасы, бир аз үстүртөнүрөөктөй, бирок антсе да сиз жарыктыкындай ылдамдык менен таанып билүүнүн төтө жолун басып өткөн экенсиз, бул табийгаттан тышкары жөндөмдүүлүк.

— Ооба, ооба. Бул дайыма менин окутуучуларымды, атам — Иосиф менен иним Дэттонду таң калтырчу, — каршы чыкты Бриссенден, — Бирок мында эч кандай керемет жок. Бала кезде жолум оң болуп, кокусунан диний окууга кирип калгам. Сизчи, өзүңүз кайдан билим алгансыз?

Өзү жөнүндө Бриссенденге айтып жатып, ошол эле учурда Мартин кунт кое Бриссендендин сырткы келбетин – жүзүндөгү ак сөөктүктүн кылдат белгилерин, кууш ийиндерин, жанындагы стулга ыргытып койгон чөнтөктөрүнө китеп шыкалган пальтосуна чейин карап чыкты. Баарынан да Мартинди Бриссендендин бети менен ичке колдорунун күнгө күйгөнү таң калдырды. Мынчалык күйгүдөй кайда жүрдү экен? Ушул ой Мартинге тынчтык бербей турду, Бриссендендин жаактары шимилген арык чырай сүйрү жүзүн, бүркүт тумшук ичке мурдун карагычакты ушул туурасында ойлой берди. Көздөрүндө бөтөнчө деле өзгөчөлүк жок, чоң да, кичине да эмес, кой көз чалыш кара эле, бирок аларда таң каларлык от күйүп тургандай, караганы да түшүнүксүз экиленме жана карама-каршылыктуу эле, тигиле тиктегени катаал жана мерез болсо да ошол эле маалда бооруңду ооруткудай эле. Мартин Бриссенденди чексиз аяп кетти, мындай сезим кайдан келип чыкканын ал бат эле түшүндү.

— Менин кургак учугум бар эмеспи, — деди Бриссенден жакында эле Аризонада болгонун айтып бүткөн соң. — Аякта эки жылча туруп калдым, климаттык дарылануу курсун алдым эле.

— Эми биздин климатка кайтып келгенден корккон жоксузбу?

— Корком?

Ал Мартиндин сөзүн жөн гана кайталап койду, бирок Бриссенден бул жарыкта эч нерседен коркпой турганын Мартин ошол замат түшүндү. Анын көздөрү сүзүлүп, таноолору дердейе калды, жүзү бүркүттүкүндөй сыймыктуу, чечкиндүү боло түштү. Бул адамга өтө суктангандыктан Мартиндин жүрөгү толкуп кетти.

«Укмуш киши», — деп ойлоду да, анан мындай деди:

Тагдыр каарын төксө да, Алсырап башты ийбеймин.

— Сиз Гэнлини жакшы көрөсүзбү? — сурады көздөрүнөн мээрим менен назиктик жана түшкөн Бриссенденден. — Албетте, аны сүйбөй коё аласызбы? Эх, Гэнли! Улуу рух! Ал азыркы журналдардагы эптеп уйкаштырган акын сөрөйлөрдөн, акталангандардын арасындагы гладиатордой бийик көрүнөт.

-А сиз журналдарды анчалык жактыра бербейсизби? — акырын суроо узатты Мартин.

— А сиз жактырасызбы? — барк этти Бриссенден, кыжыры келгени ушунчалык эле, аны көрүп Мартин өзү чочуп кетти.

— Мен… мен жазып жүрөм, тагыраак айтканда, журналдарга жазууга аракеттенип жүрөм, — деди күң-мыңк эткен Мартин.

— Бул эми жоктон көрө жогору, албетте, — деди жумшай түшкөн Бриссенден, — сиз жазууга аракеттенет экенсиз, бирок эч натыйжа чыкпайт окшойт. Мен сиздин ийгиликке жетишпей жаткандыгыңызды урматтайм жана баалайм. Сиздин эмне жазарыңызды мен элестетип турам. Бул үчүн мага сиздин чыгармаларыңызды окуштун да кереги жок. Сиздин жазгандарыңызда бир гана кемчилик бар, алдыңыздагы бардык эшиктерди аяырбай турган мына ошол. Жазгандарыңызда тереңдик бар, мунун болсо журналдарга кереги жок. Аларга ар кандай акыр-чикир керек, алар муну арийне, башкалардан кокосунан алып турушат, бирок сизден эмес.

— Мен кол ишинен качпайм, — деди Мартин.

— Тескерисинче, — Бриссенден бир саамга токтой калды да Мартиндин кембагал жүдөө кейпин: эскирген галстугун, көйнөгүнүн майланышкан жеңин, тырышып –бырышкан манжетин өөдөсүнө карап чыкты да анан жаактары шылынган бетине тигилип калды. — Кол иши өзү сизден качып атпайбы, качканда да жаа бою качып атат, андыктан бул тармакта эч нерсеге жетише албайсыз. Уксаңыз достум, эгерде мен сизге азыр тамак алып берейин десем таарынып калбайсызбы?

Мартин эрксизден кызара түшүп, Бриссенден болсо, салтанаттуу каткырып калды.

— Ток киши мындай сунушка таарынбайт, — деди ал.

— Сиз азезил экенсиз! — туталана түшкөн Мартин зирк этип алды.

— Бирок мен сизге али эч нерсе сунуш кыла элекмин го!

— Ошентип эле көрүңүзчү!

— Ошондойбу? Анда сизди мени менен кечки тамакка ортоктош болгонго чакырам.

Бриссенден муну айтаары менен азыр эле ресторанга барчудай ордунан козголду.

Мартин муштумун түйүп, жини келе түштү.

— Көңүл бургула! Аларды тирүүлөй жутуш керек! Аларды түрүүлөй жутуш керек! — деп Бриссенден атактуу жылаан жегичти жарыялаган театрдын ээсин туурап, кыйкырып жиберди.

— Мен сизди чын эле тирүүлөй жеп салмакмын, — деди Мартин оорудан шайы кеткен Бриссенденди жекире тиктеп.

— Бирок мен ага татыктуу эмесмин.

— Сиз эмес, жегендин өзү түккө турбайт, — деген Мартин боору эзиле чын пейилинен күлүп калды. — Мойнума алам, Бриссенден, мени сиз алдап кеттиңиз. Мен ачка калсам калгандармын, мунун уяла турган эмнеси бар, кадыресе иш. Мына көрдүңүзбү, мен майда-барат шарттуулукту жек көрөм, болбогон нерселерге ишенбейм. Бирок сиз баарын өз аты менен жөнөкөй, түшүнүктүү тил менен айткандан кийин мен ошол замат алардын кулу болуп калдым.

— Ооба, сиз таарынып калдыңыз, — кубаттап койду Бриссенден.

—Ооба, таарына түштүм. Ар кимде бар ар кыял. Мен көп нерселерге үйрөнсөм да кээде өзүмдү кармай албай да кетем. Ар кимдин мүнөзү ар башка да.

— Сиз азыр ошол башка мүнөзүңүздү кичине өзүңүзгө баш ийдирдиңизби? — Албетте.

— Чын элеби?

— Чын эле.

— Андай болсо, жүрүңүз тамактаналы.

— Жүрүңүз.

— Мартин ичкен шараптардын акчасын төлөйүн деп чөнтөгүнөн эң акыркы эки долларын сууруп чыкты эле, бирок Бриссенден официантка акчаны алдырбай, өзү төлөп койду.

Мартиндин кабагы бүркөлүп барып, кайра Бриссенден ийнин акырын кубаттай таптап койгонун сезип, жоошуй түштү.

XXXII ГЛАВА

Эртеси күнү Мариянын оозун ачырган дагы бир окуя болду: үйүнө өзгөчө бир конок келди. Бирок бу сапар ал баягыдай калдалактабай, өзүн токтоо кармап, кала берсе, келген кишини конок бөлмөгө кийрип, күтө туруусун да суранды.

— Сиздикине келип калгандыгымды жаман көрбөйсүзбү? — сурады Бриссенден.

— Жок. Мен абдан кубанычтамын! — деди Мартин коноктун колунан бекем кыса өзүнүн жалгыз үстөлүн ага жылдырып жатып. — Менин дарегимди кантип таптыңыз?

— Морздордукуна телефон чалсам, миссис Морз өзү алды. Ошентип эле келип калдым.

Бриссенден чөнтөгүнөн кичинекей китепчени сууруп чыкты.

— Бул сизге бир акындын ырлар жыйнагы, — деди ал китепчени столдун үстүнө таштап, — Алыңыз да өзүңүзгө калтырып коюңуз! — деди ал Мартиндин жок дегенине болбой. — Мага китептин эмне кереги бар? Бүгүн эртең менен дагы кан түкүрүп калыптырмын. Вискиңиз барбы? Албетте жок да! Эмесе, тура туруңуз, мен азыр.

Ал ордунан шарт турду да чыгып кетти. Мартин аны узата карап, бир кездеги алп ийиндеринин чөгүп кеткен көкүрөгүн көздөй куушурулуп турганын көрүп, кейип кетти. Эки ыстыкан таап келип коюп койду да, колундагы китепти барактап кирди Мартин. Бул Гэнри Воган Марлоунун акыркы ырлар жыйнагы экен.

— Шотландык виски таппай койдум, — деди кайра келген Бриссенден, — тиги оңбогон неме американыкын гана сатат экен. Мына бир бөтөлкө алып келдим.

— Мен балдардын бирин лимонго чуркатып иейин, грог жасайлы, — сунуш кылды Мартин. — Кызык, Марлоу бул китебине канча акча алды экен?

— Элүү доллардай тапса керек, — деди Бриссенден, — ошондо да тобокелге салып баскан басмакерди тапкан болсо.

— Демек, поэзия менен жан сактоого мүмкүн эмес турбайбы?

Мартиндин сабыры сустай түшкөнү үнүнөн сезилип турду.

— Албетте, болбойт! Кайсы келесоо ыр менен жан бакмак эле?! Акын сөрөй болгон — башка иш. Мисалы, Брюс, Виржини Спринг же СиЖивикке окшогондор жакшы иштеп жатышат. Бирок чыныгы акындар… Марлоу кантип жанын багыбатканын билесизби? Өзү Пенсильваниядагы эркек балдар мектебинин мугалими болуп иштейт, бул болсо жер жүзүндөгү тозоктун тозогу. Эгерде ал мага жашооңду дагы элүү жылга узартып берем десе кой деп каткырып күлмөкмүн. Ырлары болсо мыкты, ушу таптагы акыр-чикир ырларга караганда айнектин арасында жаткан асыл таштай жаркырап турат. Бирок сынчылар ал туурасында эмне деген былжыракты жазып атышат? Кара жерге кирсин ошол сынчылар!

— Чынында өзүлөрү жазуучу боло албаган пенделер чыныгы жазуучуларга сын таккысы келет, — деди Мартин, — Стивенсон жөнүндө алар эмне деп гана келжирешкен жок!

— Сазда былгып жаткан табачылдар! — деди Бриссенден кыжырдана тишин кычыратып. — Андайлардын бирөөсүн билчүмүн. Ошол неме өмүр бою Стивенсонду атасы Дамиенге жазган каты үчүн чокулап өттү. Ал жанагы катты кайра-кайра изилдемиш, салмактамыш этип жүрдү, анан…

— Албетте, өзүнүн кунарсыз жашоосунун чен-өлчөмү менен ченеди дечи, — Мартин кыстыра койду.

— Туура айттыңыз. Сөзсүз да! Булардын баары кооздукту тытмалап, ыпыласташат да, анан сени далыңан таптап: «Фидо, эң жакшы дөбөт!» — деп турушат. «Түү! Адампенделердин жарыбас сагызгандары», — деп булар жөнүндө Ричард Рильф өлөөр алдынан айткан.

— Алар жылдыздардын чаңын чокугусу келет, — деди кызууланган Мартин. – Генийдин метеордой учкан ойлорун кармагысы келет. Мен ушул сынчылар жөнүндө бир макала жаздым эле.

— Кана апкелиңизчи, бери! — деди Бриссенден шаштырып.

Мартин столунун алдынан «Жылдыздар чаңынын» бир нускасын сууруп чыкты эле, ошол замат ичип аткан вискисин унутуп койгон Бриссенден бирде бышкырып, бир туруп алакандарын сүргүлөп, макаланы окуп кирди.

— Айтмакчы, өзүңүз деле сокур эргежээлдердин өлкөсүнө учуп келип калган жылдыздар чаңынын бир бөлүгүсүз да! — кыйкырып жиберди Бриссенден макаланы окуп бүтүп. — Журналдар бул макалаңызды да албетте четке какса керек?

Мартин кичинекей дептерчесине үңүлдү.

— Бул макаланы жыйырма жети журнал четке каккан.

Бриссенден каткырып жиберейин деди эле, ошол замат ыкшып жөтөлүп кирди.

— Айтсаңыз, — деди ал акырында киркиреп. — Сиз ыр да жазат окшойсуз? Кана, көрсөтүңүзчү, окуп көрөйүн.

— Берем, бирок бул жерден окубай эле коюңузчу, —суранды Мартин, — сиз менен жөн эле сүйлөшүп отургум келет. Ырларымды берейин, үйгө барганда окуйсуз.

Бриссенден анын «Сүйүү жөнүндөгү сонеттери» менен «Пери жана акагын» алып кетти. Эртеси эле кайра жетип келди да мындай деди:

— Болсо дагы бериңизчи.

Ал Мартиндин чыныгы акын экенин айткан Бриссенден өзү да ыр жазат экен.

Мартин анын ырларын окуп көрүп, абдан суктанды бирок ушу кезге чейин эмнеге бир жолу да басууга бербегенине таң калып да калды.

— Ошол журналдарды урдум, — деди Бриссенден Мартиндин ырларыңды кайсы бир журналдарга бербейсиңби деген сунушуна жооп кылып. — Сулуулукту сулуулук үчүн гана сүйүш керек, бул журналдар жөнүндө ойлонуп да кереги жок. Эх, Мартин Иден! Сиз кайра деңизге кайтсаңызчы. Бир кемеге матрос болуп кирип албайсызбы? Мен муну чын жүрөктөн айтыбатам. Сиз бул ыплас, бузуку шаардан эмне табасыз? Сиз өзүңүздү өзүңүз күн сайын өлтүрүп жатпайсызбы! Сиз дүйнөдөгү болгон сонундардын баарынын абийирин булгап, журналдардын табитине ыкташасыз. Өзүңүз муну бир жолу эмне деп айттыңыз эле? Ооба… «Адам — кубулма заттардын эң акыркысы» беле? Демек, өзүңүздү ошондой ойлосоңуз, анда сизге атак-даңктын эмне кереги бар?

Сиз үчүн атак-даңк уу эмеспи. Мактоонун май-талканынан жеп тургандай сиз абыдан эле акылдуусуз, өтө эле өзгөчөсүз. Мен сиздин чыгармаларыңыздын бир сабын да эч кандай журналдарга сатпайсыз го деп ишенем. Сулуулукка гана кызмат кылыш керек. Ошого гана кызмат кылыңыз, — топураган топ кара жерге кирсин! Ийгиликпи? Дагы кандай ийгилик керек сизге! Сиз ага өзүңүздүн Стивенсон жөнүндөгү сонеттериңизде эле жетпедиңизби, баса, ал ырларыңыз Гэнлинин «Элестер», «Сүйүү жөнүндөгү сонеттеринен» жана деңиз ырларынан алда канча мыкты чыккан! Же чыгармачылыктын кубанычы сиз үчүн эч нерсеге татыбайбы? Мен сизди ийгилик эмес, чыгармачылыктын өзү тартып турганын эң жакшы түшүнөм. Муну өзүңүз деле билесиз. Сиз сулуулук менен жаралангансыз. Бул бүтпөс жара, айыкпас оору, жүрөктү өрттөгөн дарт. Журналдар менен митаам оюн кылгандын сизге эмне кереги бар? Андан көрө максатыңыз бир гана сулуулук болбойбу. Эмне үчүн сиз андан тыйын жасаганга аракеттенесиз? Бирок аныңыздан деле майнап чыкпайт. Буга кабатыр болбой эле коюңуз. Сиз журналдарды миң жыл окусаңыз да Китстин жок дегенде бир сабына тең келчү э нерсе таба албайсыз. Атак-даңкты жана алтынды унутуңуз да, эртең эле деңизге чыгып кетиңиз.

— Мен даңк үчүн эмес, сүйүү үчүн эмгектенип жатам, — күлдү Мартин. — Сиз үчүн кыязы, сүйүү таптакыр жок нерсе окшойт. А мен үчүн болсо, сулуулук — сүйүүнүн кызматкери.

Бриссенден Мартинге таң кала суктануу жана аёо аралаш түр менен карап калды.

— О, сиз али канчалык жашсыз, Мартин! Эх, али кандай жашсыз! Сиз абдан бийик көкөлөп учасыз, бирок караңыз, — канаттарыңыз өтө эле назик. Непадам куйкалап албаңыз. Бирок сиз аларды эчак куйкалап алгансыз. Сиздин «Сүйүү жөнүндөгү сонеттериңиз» кайдагы бир этеги узун ургаачыны даңктайт экен… Маскарачылык!

— Алар махабатты даңазалайт, — каршы чыккан Мартин кайра күлүп жиберди.

— Акылдан адашкандардын философиясы! — деди өзүнүкүн бербеген Бриссенден. — Мен буга нашадан өлө тартып алып, таттуу кыялдарга баткан кезде толук ишендим. Абайлаңыз! Бул буржуазиялык шаарлар сиздин түбүңүзгө жетиши ыктымал. Экөөбүз таанышкан жанагы соодагерлердин түнөгүн мисалга алалы. Кудай урсун, андай жер тимеле акыр-чикир төккөн чуңкурдан да жаман. Мындай чөйрөдө адамдын соо калышы мүмкүн эмес. Ал жерде каалабасаң да тумчугуп кетесиң. Мындай жийиркеничтүү жерден бир да аял же эркек өйдө боло албайт. Мунун баары өзүн укмуш идеяларды алып жүрөбүз деген эки буттуу ашказандар, ооба, басып жүргөн гана кап курсактар…

Ал токтой калып Мартинди карап калды. Күтүлбөгөн жерден чагылгандын огундай божомолдон чочуп кетти да үрөйү учкан жүзүндө таң калуу пайда болду.

— Кое туруңуз, сиз өзүңүздүн сүйүү жөнүндөгү керемет сонеттериңизди өңү кумсарган жанагы канчыкка арнап жараткан экенсиз да?

Мартиндин оң колу ошол замат Бриссендендин алкымына чап жабыша калып, аны катуу силкти эле, бечаранын тиштери шакылдай түштү. Бирок Мартин анын көздөрүнөн коркуунун кенедей да кыпынын көргөн жок: алардан жөн эле кызыгуу менен азезилдикиндей мылжыйган келеке гана көрүнүп турду. Ошондо гана Мартин эсине келе түшүп, манжаларын анын алкымынан бошотту да Бриссенденди төшөктүн үстүнө ыргытты.

Көпкө чейин дем тарта албай калган Бриссенден акыры эсине келди да, ошол замат каткырып күлүп жиберди.

— Эгерде сиз менин калган өмүрүмдү күбүп салсаңыз, анда мени өзүңүзгө түбөлүк карыздар кылып коймоксуз, — деди ал.

— Акыркы убактарда эмнегедир нервим жайында болбой жүрөт, — деген күнөөкөр Мартин актана сүйлөдү, — бир жериңизди катуу оорутуп койгон жокмунбу? Мен азыр жаңы горг жасай коёюн.

— Эх, сиз, жаш эллин десе! — деп жиберди Бриссенден, — сиз өзүңүздүн денеңизге өзүңүз жеткиликтүү баа бере албайт окшойсуз. Сиз укмуштай күчтүү экенсиз. Тимеле жаш кабыландайсыз! Арстандын баласы! Кана, кана! Күчүңүздүн азабын өзүңүз тартасыз го.

— Кандайча? — ага ыстыканды сунуп жатып Мартин кызыгып сурады. — Алып жибериңиз, ачууланбаңыз эми.

— Жөпжөнөкөй эле, — Бриссенден грогун жутуп жиберип, жылмайып күлдү, — баарысы аялдардын азабынан. Алар сизге азыр тынчтык бербегендей эле, өлөр өлгөнчө жаныңызды коюшпайт. Мен кечээ эле туулган бала эмесмин да. Мени муунткан да пайдасыз. Баары бир мен өз оюмду акырына чейин айтууга тийишмин. Бул сиздин алгачкы махабатыңыз экенин жакшы билем, бирок сулуулукка келгенде кийинкисинде этиетирээк болуңуз. Бирок сизге бул буржуазиялык кыздардын эмне кереги бар? Сиз алар менен жытыгышпай эле коюңуз. Өзүңүздү ышкысын берип сүйгөн, жашоонун кыйынчылыктарына чым деп койбогон, өлүм менен коркунучту тоготуп койбой ойногон чыныгы аялды табыңыз. Мындай аялдар дүйнөдө бар жана алар сизди буржуазиянын чөйрөсүнөн чыккан мобу кунары качкан жан сыяктуу эле берилип сүйүшөт…

— Кунары качкан жан? – кыйкырып жиберди Мартин.

—Так кунары качкан жан! Ал кыз сизге бала кезинен кулагына куюла берип жат болуп калган морал насаатын тоту куштай кайталай берет, ошол эле маалда өзү чыныгы турмуш менен жашагандан өлө коркот. Ал сизди өз түшүнүгүнө жараша сүйөт Мартин, бирок өзүнүн жарыбаган моралын андан да артыгыраак жакшы көрө берет. Сиз жалыны куйкалаган улуу махабатты эңсейсиз, сизге бозоргон күбөө эмес, жан дүйнөсү азат, жаркын түс көпөлөк керек. Акыры барып, бактыңызга тирүү болсоңуз, бул да сизди жадатып бүтүрөт. Бирок сиз көпкө жашабайсыз! Сиз анткени кемелериңизге кайтып баргыңыз келбей атпайбы! Акыры бир күнү өзүңүз чирип жок болгуча мына бул чириген шаарларды кезе темселеп жүрө бересиз.

— Эмне айткыңыз келсе, айта бериңиз, — деди Мартин, — сиз мени баары бир ишендире албайсыз! Өзүңүздүн мүнөзүңүзгө жараша сиздики өзүңүзгө жагат, меники өзүмө жагат.

Экөөнүн махабат, журналдар жана да көп башка нерселер жөнүндө көз караштары туура келишпегени менен Мартин Бриссенденди жөн гана жактырбай, аны кыйышпас жакынындай сезип, байланды да калды. Бриссенден Мартиндин үп, тар канасында бир сааттан артык отура албаса да, күн сайын келип турду.

Мартинге келерде Бриссенден дайыма чөнтөгүнө бир бөтөлкө виски сала келчү, ал эми экөө чакан ресторандардын биринен шам-шум этип калганда, ал дайыма сода аралаштырылган шотланд вискисин буйрутма берип алдырчу. Тамактын акчасын дайыма өзү төлөп койчу, анын аркасы менен Мартин дегеле буга чейин билбеген, көрбөгөн не бир түркүн тамактар менен таанышты, алгачкы жолу шампан менен накта жүзүмдөн ачытылган рейнвейн виносунан татып көрдү.

Бирок чогуу жүргөнү менен Бриссенден табышмактуу адам эле. Сыртынан карасаң, жашоонун болгон жыргалына таптакыр кайдыгердей дейсиң, бирок сезиминин курчтугун, кайратынын молдугун айтпа. Адам пендесинин жашоосунун бардык формаларына жек көрүү менен мамиле кылып, өлүмдөн түк коркчу эмес. Ошол эле учурда кыбыр эткен жашоону жан дили менен берилип сүйчү да, ага кумары түк канчу эмес, жашоого болгон эңсөө чексиз созула берсе экен деп умтулган мындай адам болбостур, «өзүм жаралган аалам чаңындагы өзүмдүн кенедей мейкиндигимде кыбырай берсем дейм», — деген эле ал бир жолу. Жаңыча таасирлерди сезсем деген ал наша чегип, башка түркүн, ойго келбес жоруктарды жасап жибергенге маш эле. Бир күнү Мартинге чаңкоонун жыргалын сезмекке үч күн катары менен суу ичпей койгонун айтып берген. Мартин анын ким экенин, кайдан пайда болгонун ошол бойдон билбей калды. Бул өтмүшү жок, бир буту менен көрдө турган, азыр болсо жандалбас уруп, жанып күйүп жашаган адам болчу.

XXXIII ГЛАВА

Мартин максатка жетсем деген кармаштарын уттура берди. Канчалык үнөмдөсө да иштеп тапканы өлбөстүн күнүн көргөнгө гана араң жетип атты. Акырында көзгө басаар жалгыз кара кастүмүн айла жок, кайра тапшыргандыктан Морздордун үйүндөгү Ыраазычылык күнүнө арналган сый тамакка чакыруудан да баш тартууга аргасыз болду. Руфь мунун себебин түшүнүп, абдан капа болду, кылаар айласын таппай калды. Бирок Мартин кызга барам деп убада кылды, азыр эле «Трансконтинентал» журналына барып, ал жактагы беш доллар карызын өндүрөрүн, анан аларга кастүмүн кайра чыгарып аларын кабарлады.

Эртең менен ал Мариядан он цент карыз сурап алды. Муну Бриссенденден алмак эле, бирок тиги апенди эки жумадан бери дайыны чыкпай кетти, кайда жүргөнүн ким билсин. Аны ойлоп убайымга баткан Мартин айран –таң. Он цент ага редакцияга барыш үчүн булуңдан өткөрүүчү паромго төлөш үчүн керек эле, дарыядан ары өтүп, Маркет-стритти бойлой, акча алабай калсам эмне кылам деп санаасы санга бөлүнүп келатат. Акча болбой калса Оклендге кайра кайтыш да татаал маселе болуп калат, анткени өткөөлдөн өтүш үчүн Сан-Францискодо ага он центти ким бермек эле.

«Трансконтиненталдын» эшиги кыңая ачылып турган экен, ага жакындай берип мындай сүйлөшүүнү укту да эрксизден токтой калды:

— Кеп анда эмес, мистер Форд. (Мартин Форд деген редактордун фамилиясы экенин жакшы билчү). Кеп, сиз мага төлөй аласызбы же жокпу, ушунда! Башкача айтканда, сиз мага акчаны нак төлөй аласызбы же жокпу? Силердин журналыңардын эмки жылдагы болжолдоруна түкүрүп да койбойм. Менин ишимдин акчасын төлөп бергиле, кеп бүттү, талабым ушул. Эмгек акымдын акыркы центине чейин толук бермейинче журналдын рождестволук саны машинага салынбайт. Сөзүм сөз. Кошуңуз! Акчаңыз болгондо мени өзүңүз издеп таап алыңыз.

Эшиктин каалгасы чоң ачылып, Мартиндин жанынан ызырынып, муштумун түйө сөгүнүп алган бирөө шуу өтүп кетти. Мартин шак эле кирип барбай, он беш мүнөтчө күтүп туруп, анан кирейинчи деди. Көчөдө ары-бери басып жүрүп, кайра келди да, эшикти түртүп, өмүрүндө биринчи жолу редакция дегендин босогосун аттады. Бир кичинекей бала тосмодон ары өтүп барып, мистер Фордду бир киши издеп жатат дегенине караганда бул жерде визиттик карточка дегенди тоготушпаса керек. Бала бат эле кайтты да Мартинди редакциядагы ыйыктын ыйыгы — редактордун кабинетине ээрчитип кирди. Адегенде эле Мартинди таңгалдырганы, өзүн кызыга тиктеп калган бакенбарды бар жашыраак мырзанын үстөлүндөгү чакчелекей түшкөн шумдук башаламандык болду. Камырабай токтоо караганы да укмуш, басмакер экөөнүн ортосунда эмеле болуп өткөн катуу жаңжал мунун маанайына таасирин түк тийгизбеген сыңары.

— Мен… мен… Мартин Иден, — деп сөз баштады Мартин («өзүмдүн беш доллар аласамды алганы келдим» деп айткысы келди эле).

Бирок бул адам аны менен биринчи жолу бетме-бет кездешип отурган редактор болгондуктан, Мартин чү дегенде эле бир тийгиси келбеди. Анын эсин оодарганы мистер Форд өзү ордунан кыйкырып тура калганы болду:

— Эмне, киммин дейсиз! — Мартин эсине келгичекти ал колунан сыга кармап, силкилдетип турду. — Сиз менен таанышканыма кандай кубанып атканымды билсеңиз, мистер Иден! Мен сиз жөнүндө көп ойлонуп, көз алдыма элестеткенге аракеттенчүмүн.

Бир аз артка чегине калган мистер Форд Мартинди башынан аяк суктана карап чыкты. Мартиндин жамачалуу кастүмү жана Мария Сильванын үтүгү менен абдан аракеттенип үтүктөгөн шымы мынчалык көңүл буруп караганга дегеле арзыбас эле.

— Мен сизди жашы бир топ улуу болсо керек деп ойлогом. Аңгемеңизде зирек ойлор арбын, анан да абыдан күчтүү жазылган. Сиз чыныгы чеберсиз, мен буга аңгемеңиздин алгачкы үч-төрт сабын окугандан кийин эле түшүнгөм. Сиздин аңгемеңизди биринчи жолу кандайча окуганымды айтып берейинби? Жок! Оболу мен сизди кызматкерлер менен тааныштырайынчы.

Оозу тынбаган мистер Форд Мартинди жанаша жайгашкан жалпы бөлмөгө ээрчитип кирди да бул жерден өзүнүн орунбасары, чепейген арык чырай, колдору таштай муздак, кебетеси безгек менен ооруп, жаңы эле айыккандай көрүнгөн мистер Уайт менен тааныштырды.

— Бу киши болсо мистер Эндс. Мистер Эндс биздин иш башкаруучубуз. Мартин кашка баш, шайыр киши менен кол алышты, аялы ар жекшемби сайын тыкандап тегиздеп, ага кошо кежигесин да кырып берип турган узун, апакай сакалы кооздоп турган өңү кыйла эле жаш көрүнөт экен.

Үчөө тең Мартинди тегеректеп, биринен бири озо быдылдап, ага мактоо жаадырып атышты, Мартинге булар жөн эле менин кулагымды ушалап атышат окшойт деген ой кылт этти.

— Биз эмнеге сизди баш бакпайт деп абдан таң калып жүргөнбүз! — деди көшөкөрлөнгөн мистер Уайт.

— Булуңдан өтүп келгенге акчам болгон жок, — жооп айтты Мартин өзүнүн акчага өтө муктаж экенине ишара кылып.

«Муктаждыгымды үстүмдөгү «сый» кастүмүм эле айтып турбайбы», — деп ойлоду ал.

Андан ары уланган аңгемеде Мартин болбой эле ыңгайы келген жерден акчага зарыгып атканын ишара кыла берди. Бирок кашайып, анын талантына суктанган бул адамдар анысын байкап да коюшкан жок. Кепти ала качып, кайра эле анын аңгемесин өзүлөрү, бир туугандары анан аялдары кандайча суктанып окугандарын кайталап бежирей беришти. Ичинен бирөө да өзүнүн суктанганын олуттуурак башка ыкма менен билдирүүнү, мисалы, төлөп берүүнү каалап турганын ныпым айткысы жок.

— Билесизби, биринчи жолу мен сиздин аңгемеңизди кандай жагдайда окуганымды? Нью-Йорктон келаткам, поюз Огденге келип токтогондо вагонго гезит саткыч кирип келди. Колунда «Трансконтиненталдын» акыркы саны бар экен.

— О, барбардигер, — деди ичинен Мартин, — бул шумпай жылуу –жумшак вагонго түшүп алып саякаттап жүрөт тура, мен болсо ачкадан кезерип, мындан ала турган беш долларымды өндүрө албай жүрөм! Жини кайнай түштү. «Трансконтиненталдын» жасаган мындай кылмышы ага барып турган бетпактыктай көрүндү; өзүнүн айлап ачка калгандарын, азыр деле чөнтөгүндө сокур тыйыны жок экенин, кечеки күндөн бери эч нерсе жей элегин эстеди да каны башына тээп чыкты. Булар, жадагалса, каракчылар да эмес, жөн эле майда шылуундар тура! Алар анын аңгемесин калп убадаларды берип жөн эле алдап алышкан турбайбы. Мейли, эмесе! Көргүлүктү азыр көрсөтөт буларга!

Мартин ичинен акчасын толук алмайынча редакциядан чыкпаска ант берди. Ансыз деле Оклендге кайтып кеткенге акчасы жок. Мартин өзүн дагы эле сабырдуу кармап турганы менен анын сурдана бузулуп бараткан кебетеси аңгемелештерди ыңгайсыздандырып, алтургай, сестентип да жиберди.

Алар эми Мартинди ого бетер жерге-сууга тийгизбей мактап киришти. Мистер Форд анын «Коңгуроонун үнү» деген аңгемесин кантип окуганын дагы бир ирет кайталаса, мистер Эндс болсо жээни бул аңгемени окуп алып, эс-учунан танып кала жаздаганын айтты, ал эми жээни жөн киши эмес, Аламеддеги мектепте мугалим!

— Мен сизден акча алганы келдим, — деди күтүлбөгөн жерден Мартин, — сиз мага, баарыңыздарга ушунчалык жаккан ошол аңгемем басылып чыгары менен беш доллар төлөгөнгө тийиш болчусуңар.

Мистер Форд акчаны азыр эле бере салгыдай түр көргөзүп, чөнтөктөрүнө колун салды да аңтарып көрүп, анан шарт мистер Эндске бурула, акчасын үйгө унутуп келгенин айтты. Мистер Эндс болсо ага өкүнүчтүү карап калды, бирок шак эле чөнтөк жагын колу менен жаба калганын байкаган Мартин анда акчасы бар экенин биле койду.

— Аргам калбай калды, — деди мистер Эндс. — Азыр эле жанымдагы акчанын баарын жанагы басмаканадан келген неме шыпырып кетпеди беле. Албетте, азыраак акча ала келгеним менин ойлонбостугум, бирок… туура түшүнүңүз, мөөнөтү келе элек болсо да басмакер акидей асылып атып, болгон акчанын баарын аванска сурап кетти эле.

Ушинткен экөө анан мистер Уайтты карап калышты, ал болсо каткырып күлүп, ийип куушуруп гана койду. Анткени анын абийири таза болчу. Ал «Трансконтиненталга» журналдын ишин үйрөнүү үчүн келген эле, бирок анын ордуна каржы саясатын көбүрөөк үйрөнүүгө туура келди. Журнал буга да төрт айдан бери айлыгын төлөй элек, ошондуктан ал редактордун орунбасары менен эсептешкенден көрө эртерээк басмакананын көңүлүн табуу майнаптуу иш экенин түшүнгөнгө эчак үлгүргөн болчу.

— Абдан эле осол иш болуп калды мистер Иден, — деди мистер Форд ыгы жок жалжактап, — сиз бизди камынтпай келип калдыңыз. Бирок, мындай кылалы. Биз сизге чекти эртең менен жиберип коелу э? Мистер Эндс, сиз мистер Идендин дарегин жазып алдыңызбы?

— О, албетте, мистер Идендин дареги менде жазылуу, чек эртең менен сөзсүз жөнөтүлөт.

Мартин финансы жана банк иштери менен анчалык тааныш болбосо да булар эртең жөнөтө турган чекти азыр эле сопсонун берип кое алышат деген ойго келди.

— Демек, чечилди, сизге мистер Иден, чек эртең жиберилмек болду.

— Акча мага эртең эмес, бүгүн керек, — деди Мартин чечкиндүү.

— Шарттын кыйчалыш болуп калганын карабайсызбы? Эгерде сиз бизге башка бир күнү келгениңизде…— деп баштады эле мистер Форд, бирок сөздү каны кызуураак мисстер Эндс күтүлбөгөн жерден тарс кести:

— Мистер Форд сизге иштин абалын түшүндүрбөдүбү, — деп кесе сүйлөдү ал, — мен да түшүндүрдүм. Чек сизге эртең жиберилет. Уктуңузбу?

— Мен да түшүндүрдүм, — Мартин андан бетер кесе айтты, — мага акча бүгүн, азыр керек.

Иш башкаруучунун мындай орой айтканына Мартиндин кан тамырлары көбө түштү; андан тышкары, тигинин буйдалганына карап Мартин журналдын кассасы азыр так анын чөнтөгүндө экенин түшүндү.

— Менин аргам кетип турат…— деп дагы баштады мистер Форд.

Бирок ушул учурда чыдамы кеткен мистер Эндс шарт бурулуп, бөлмөдөн чыга качайын деп камынып калды. Мартин ошол замат атырылып барып кекиртектен алганда мистер Эндстин кардай аппак сакалы шыпты көздөй кырк беш градуска сербейип көтөрүлүп калды. Жүрөктөрү түшкөн мистер Форд менен мистер Уайт өзүлөрүнүн иш башкаруучусун Мартин тимеле персиянын килеминдей силкип атканын үрөйлөрү уча карап турушту.

— Эй, жаш таланттардын кадырман эзүүчүсү, — деп кыйкырды Мартин, — сыйыңыз менен тиешелүү акчамды колго салыңыз, болбосо азыр чөнтөгүңдү түбү менен кагып алам!

Андан кийин калтырап коркуп карап тургандарга бурулуп зирк этти:

— А силер болсо аралашпагыла… Антчү болсоңор тумшугуңарды талкалайм.

Мистер Эндс тумчугуп баратты, ошондуктан Мартин ага азыркы сунушка макул болгонун айтканга мүмкүнчүлүк берип, карыштыра кармаган колун жакасынан бир аз бошотту. Иш башкаруучу бир нече жолу өз чөнтөгүнө саякат жасаган соң, акырында аяктан төрт доллар он беш центти сууруп чыкты.

— Чөнтөгүңүздүн түбүн бери оодарыңыз! — буйрук берди Мартин.

Аяктан дагы он цент чыкты. Мартин тактыкка сала тапканын эки жолу эсептеп чыкты.

— Эми кезек сиздерде! — деди ал мистер Фордго, — Силер мага дагы жетимиш беш цент карызсыңар!

Мистер Форд унчукпай баш ийип чөнтөгүнө колун салды эле, бар болгону алтымыш гана цент чыкты.

— Дагы жакшылап караңыз, — деди Мартин өкүмзордук менен, — ички чыптамаңыздын чөнтөгүндө томпойгон эмне?

Эси чыккан мистер Форд эки чөнтөгүнүн тең түбүн аңтарды эле, анын биринен төрт бурчтуу катуу кагаз түштү. Мистер Форд аны лып ала коюп, кайра сала коёюн деди эле, бирок Мартин кыйкырып жиберди:

— Ал эмне? Паромдун белетиби? Келе мага. Мунун баасы он цент турат. Демек, белеттин баасын кошкондо, эми менде төрт доллар токсон беш цент болду. Кана, дагы беш центти тапкыла!

Ал мистер Уайтты жекире карады эле, көөнү назик бул мырза көз ирмем ичинде капчыгынан никел тыйынды сууруп чыкты.

-Сиздерге ыраазымын, — деди Мартин үч үлпөттөшкө, саламатта туруңуздар!

— Каракчы! — деп калды артынан киркиреген мистер Эндс.

— Жөлүк! — деди эшикти карс жаап, сыртка чыгып бара жаткан Мартин.

Мартин эмелеки эле жеңишине чексиз шыктанып кетип «Пери менен акак» үчүн ага он беш доллар карыз «Шершенди» эстей калды да ошол замат бул аласасын да кошуп өндүрө кеткиси келди. Бирок «Шершень» журналынын редакциясында баштарын такырайта кырдырып алышкан жаш жигиттер, кебетелерине караганда колдоруна илингендин баарын, анын ичинде бири бирин да аябай тоноп көнгөн анык каракчылар олтурушкан эле. Кармаша кеткенде Мартин эмеректен бирин –экин отургучтарды талкалаганга үлгүрдү, бирок акырында редактор (студент болуп жүргөндө бул атлетика боюнча байгелерди алып жүргөн неме болчу) иш башкаруучу жана жарыя кабыл алуучу үчөөлөп туруп, эшик кайтарган швейцардын жардамы менен Мартинди эшикке түртүп чыгарып салышты, алтургай, тепкичтен өтө тездик менен түшүп кетишине да жардам берип жиберишти.

— Келип туруңуз, мистер Иден, сизди көргөнгө ар убакта куштарбыз! — деп артынан куунак кыйкырып да калышты.

Мартин жыгылган жеринен өйдө боло берип, өзү да жылмайып койду.

— Өх ата, — деп койду күбүрөп, — азаматсыңар балдар! Тетиги транс-континенталдык шүмшүктөрдөй кантип болсун!

Буга жооп кайтарып каткырган күлкү угулду.

— Сизге айтып коюушум керек, мистер Иден, — деди «Шершендин» редактору, дили назик акын болсоңуз да муштумуңуз катуу жигит экенсиз. Сиз мындай бра рулени (күрөштүн түрү – Б.Ш.) кайдан билесиз?

— Сиз кош кабат нельсон (күрөштүн түрү – Б. Ш.) менен машыккан жерден үйрөнгөм, — деди Мартин, — канткен менен сиздин көзүңүз көгөрүшү мүмкүн!

— Сиздин да мойнуңуз шишип чыгат ко дейм, — деди редактор сыпайычылыкка сала. — Чын эле мунун урматына бир аз сеп этип койсок кантет? Албетте, сиздин жабыркагана мойнуңуз үчүн эмес, биздин таанышканыбыздын урматына.

— Мен жеңилдим, демек, макулмун, — деди Мартин.

Ошентип тоногондор менен тонолгон адам баары чогуу бир бөтөлкөнү бөлө тартышты да, салгылашта күчтүү тарап жеңишке жетишти дешип достук иретинде макул болушту, андыктан «Пери жана акак» үчүн бериле турган он беш доллар мыйзамдуу түрдө «Шершенде» калды.

XXXIV ГЛАВА

Артур эшиктин жанында калып, Руфь тепкич аркылуу Мария Сильванын үйүнө чуркап кирип кетти. Ал шашыла тарсылдап жазып аткан машинкенин үнүн угуп, кирип барса Мартин кандайдыр бир кол жазманын эң акыркы барагын басып аткан экен. Руфь Мартиндин Ыраазылык Күнүнө арналган тамакка келер-келбесин билиш үчүн келген эле, бирок өз ойлору менен алек Мартин аны ооз ачырган жок.

— Сизге муну окуп бергенге уруксат этиңиз? — деди ал машинкеден басылган баракты сууруп чыгып. — Бул менин акыркы аңгемем. Башка аңгемелериме таптакыр окшошпойт, мындан өзүм да бир аз коркуп турам. Кыскасы, ушунум эң мыкты экенинен шек санабайм. Өзүңүз деле баа берсеңиз. Гавайлык аңгеме бул, мен муну «Вики- Вики» деп атадым.

Руфь анын тар кепесинде калтырап титиреп үшүп турса да Мартиндин жүзү чыгармачылык илхамдын ыссыгынан албырып турду, бирок колдору таштай муздак эле.

Жактырбаганы жүзүнөн ачык эле көрүнүп турса да кыз сыр бербей Мартиндин аңгемесин ынтаасын коё укту. Мартин окуп бүтүп, андан сурады:

— Ачыгын эле айтыңыз, аңгеме сизге жактыбы?

— Билбейм, — деди кыз, — сиздин оюңузча бул аңгемени бир жерге чыгарса болот деп ойлойсузбу?

— Жок, чыгарат деп ойлобойм, — мойнуна алды ал, — мындайды басуу журналдардын колунан келбейт. Бирок мында нукура чындык бар.

— Сиз эмне үчүн сатышка болбогон мындай нерселерди өчөшкөндөй жаза бересиз? — деди аёосуз Руфь. — Сиз жан багыш үчүн гана жазат эмессизби?

— Ооба, албетте. Бирок менин каарманым менден күчтүүлүк кылып кетти. Эч нерсе кыла албайм. Ал менден аңгеме башкача эмес, так ушундай жазылсын деп талап кылды.

— Бирок эмне үчүн сиздин Вики-Викиңиздин сүйлөгөнү мынчалык орой? Сиздин окурмандарыңыз анын тилинен эстери оойт болушу керек, анан мындай аңгемени четке каккан редакторлордуку туура да.

— Себеби чыныгы Вики-Вики дал ушундай сүйлөмөк.

— Бул жийиркеничтүү.

— Бул жашоо! — кыйкырып жибере жаздады Мартин. — Мындай болот. Бул чындык. Мен жашоо кандай болсо, аны так ошондой кылып гана баяндай алам.

Руфь буга жооп кайтарган жок, ортодо ыңгайсыз жымжырттык өкүм сүрө түштү. Мартин кызды жан дили менен сүйгөндүктөн ага түшүнө албаса, Руфь болсо аны өзүнүн түшүнүгүнүн чектелүү экенинен улам түшүнө албай турду.

— Мен «Трансконтинентал» журналынан акча алдым, — деди Мартин кептин нугун башка жакка бурууга аракеттенди, ошол замат редакциядагы жана үчөөнү кантип төпөштөгөнүн эстеп, токтоно албай каткырып жиберди.

— Эң сонун! Демек, тамакка келет турбайсызбы? — Руфь кубана кыйкырып жиберди. — Мен ушуну билейин деп келгем.

— Келет дейсизби? — Ал түшүнө албай, кайталап сурады. — Кайда?

— Эртең биздикине тамак ичкени. Акча аларыңыз менен костюмуңузду чыгарып алам дебедиңиз беле?

— Аны таптакыр унутуп коюптурмун, — деди уялгандай Мартин. — Бирок көрбөйсүзбү… Бүгүн эртең менен полицей келип чөптү тебеледи деп Мариянын эки уй, бир торпогун айдап кетти. Мариянын болсо так ошол учурда айып пул төлөгөнгө акчасы жок болуп калыптыр. Ошондуктан анын айыбын мен төлөдүм… Ошентип «Коңгуроонун үнүнө» алган акчам толугу менен Мариянын уйларын бошотуп алганга кетти.

— Демек, келбейсизби?

Мартин өзүнүн жупуну көйнөгүн карап койду.

— Бара албайм.

Руфтун көгүлтүр көздөрүнө жаш толо түшүп, Мартинди жекире карап алды да, бирок эч нерсе айткан жок.

— Эч нерсе эмес, Ыраазылык Күнүн эмки жылы экөөбүз Дельмоникодо же Лондондо, балким Парижде, айтор, сиз каерде десеңиз, ошол жерден майрамдайбыз. Буга көзүм жетет.

— Мен жакында бир газетадан, — деди Руфь, — почто мекемесинде бош орундар ачылганын окудум. Сиз ал жерде биринчи болуп кезекке жазылып койбодуңуз беле?

Мартин ал жерден чакыруу кагаз келгенин, бирок барбай койгонун мойнуна алганга мажбур болду.

— Мен өзүмө-өзүм ишенем, — деди ал актангандай, — бир жылдан кийин ар кандай почточуга караганда он эсе көп табам. Мына, көрөсүз.

— Ах! — Руфь мындан башка эч нерсе дей алган жок. Ордунан туруп, мээлейин тарта кие баштады. — Мен кетейин эми, Мартин. Артур да күтүп калды.

Мартин аны бекем кучактап туруп, өөп жиберди, бирок Руфь анын эркелеткенин кайдыгер гана кабыл алды, денеси мурдагыдай титиреп кетпеди, моюнунан шак кучактап, эриндери менен эриндерине чап жабыша да калган жок.

«Таарынып калды, — деп ойлоду Мартин, Руфту узатып кайра өзүнүн бөлмөсүнө келгенде. — Бирок эмнеге? Албетте, полицей өчөшкөндөй так бүгүн келип Мариянын уйларын айдап кеткенин карачы, бирок бул кокустук эмеспи. Мында эч кимдин күнөөсү жок. Мындай учурда башкача кылууга деле болмок деген ой Мартиндин башына да келбеди. «Албетте, бир гана күнөөм, — деди акырында, — почтодогу орундан баш тартып койгонум болду. Анүстүнө «Вики-Вики» да ага жакпай калды».

Капылеттен кимдир бирөө тепкичтен чыгып келаткандай болду. Караса почточу келген экен. Көнүмүш толкундануу менен Мартин анын колунан бир кучак, калдайган сүйрү конверттерди алды. Арасында кичинекей бир конверт бар экен. Бул «Нью-Йорк баяндамачысынын» каты болчу. Мартин конвертти шак эле ача койбой, аярлап калды. Бул эмне болду экен, аңгемесин кабыл алгандыгы жөнүндө билдирүүбү? Акыркы убактарда ал мындай журналга өзүнүн бир да аңгемесин, же очеркин жөнөткөн эмес эле. «А балким, — деди ал, муну ойлор замат былк этпей ката түштү, — алар мага макалага буйрутма берип жатышпасын? Бирок Мартин өзүнүн бул дадил, иш жүзүнө ашпаган үмүтүн ошол замат четке какты.

Конверттин ичинде катты жазган редактордун наамына «тоголок арыз» келип түшкөнү жазылган куш тилиндей расмий кат бар экен. Редактор Мартинди жамандап жазган бир «тоголок арыздын» келгендигин баяндаптыр да, бирок Мартинден эч бир кабатыр албоону сураныптыр, анткени редакция тоголок каттарга эч качан маани бербесин айтып, аны катка тиркеп коюптур.

Тиркелген тоголок кат сабат дегенден куржалак, одуракай басма тамгалар менен колго жазылыптыр. Келесоо чалыш бул чагымда минтип жазылган экен: «Журналдарга аңгемелерин тынымсыз жөнөтүп жаткан Мартин Иден деген неме таптакыр жазуучу эмес, ал болгону эски журналдардан башкалардын аңгемелерин, ырларын уурдап, машинкеге басат да өзүнүкү кылып жибере берет». Конвертте «Сан-Леандро» деген штамп турат. Мартин муну ким жазганын ошол замат эле биле койду. Анткени каттын ар бир сабынан Хиггинботамдын эле грамматикасы, Хиггинботамдын сөздөрү жана ошол эле Хиггинботамдын ойлору дапдаана билинип турат. Мартин бул кат өзүнүн сүйүктүү жездекесинин орой колу менен чампаланганын эң сонун түшүндү.

— Бирок муну ага эмне кереги бар? — сурады ал өзүнөн өзү.

Ал Бернард Хиггинботамга эмне жамандык кылды? Бул түкүрүккө турбаган бир акмакчылык эле. Же киши түшүнө турган кадыресе бир түзүк ой болсочу. Бир жуманын ичинде ага чыгыш штаттардын ар түрдүү журналдарынан так эле ушундай онго жакын кат келди. Баарынан да Мартинге жакканы редакторлордун мамилеси болду. Алардын көбү Мартинди билишпесе деле, алтургай, ага боор тартып да жатышты. Ар кандай чагым ушактарды алардын да жек көрөрү ачык болуп турду. Ага зыян келтирүүгө болгон акмак чалыш аракеттерден эч нерсе чыккан жок. Тескерисинче, мындай жагдайдын Мартинге пайдасы да тийди, анткени бул жорук редакторлорго Мартиндин атын таанытып, көңүлүн бурдурду. Эми алардын кимиси болбосун, анын аңгемелерин окуп атып, баягы «тоголок арызда» аты аталган Мартин Иден жазганын эстешет. Ким билсин, балким бул анын чыгармаларынын тагдырына шарапатын тийгизер!

Болжолу менен ушул эле мезгил ичинде Мартиндин жашоосунда анын кадырын кожейкеси Мария Сильванын алдында кыйла паска урган бир окуя болуп өттү. Бир күнү ашканага кирсе, оор үтүктү ордунан жылдыра албай онтолоп, ыйлактап Мария отуруптур. Мартин ага сасык тумоо тийген экен деди да Бриссенден апкелген бөтөлкөлөрдүн биринин түбүндө калган вискиден ичирип туруп төшөккө жылуу жатышын суранды эле, бирок Мария көгөрүп, таптакыр көнбөдү, өлүп калса да калган кирлерди бүгүн кечке чейин үтүктөп бүтүп, ээлерине тапшырбаса чиедей болгон жети баласы эртең ачка каларын безилдей берди.

Ошондо Мартин ага жардамга келди. Мария муну такыр унутпайт (аны өлөр өлгөнчө оозунан түшүрбөй айтып жүрдү). Анын оозун ачырып Мартин үтүктү колунан ала койду да, үтүктөгөн тактайга батистен тигилген ак кофтаны ыргытканын көрдү. Бул кварталда жашаган сылаңкороз көйрөң чалыш Кэт Флэнегэн деген айымдын көзгө басар жалгыз сый кофтасы болучу. Мисс Флэнегэн кофтасы кечке чейин сөзсүз үтүктөлүп, даяр болсун деген эле. Элдин баары бул айымдын темир уста Жон Коллинг менен көңүлү жакын экенин билет. Мариянын жеке маалыматтарына караганда ал экөө эртең Алтын Дарбаза сейил багына барышмак экен. Кофтаны ыргытканын көрүп эси чыккан Мария бечара аны куткарып калмакка Мартинден бекер эле талашкан экен. Мартин аны күчтөп туруп эле отургузуп койду да ишке киришти. Жүрөгү оозуна тыгылган Мария болсо көздөрү чанагынан чыга карап, Мартиндин ай-буйга келбей үтүк менен иштеп киргенин көрүп отурду. Он минуттан кийин Мартин Марияга үтүктөлгөн кофтаны карматты. Кофтаны тимеле мелтиретип, сонун үтүктөгөнүн айтпа, мындай кылып Мария өзү өмүрү үтүктөй алмак эмес. Муну мойнуна алууга Мартин аны аргасыз кылбадыбы.

— Эгерде үтүк ысыгыраак болгондо мындан да бат болмок, — деди Мартин.

Бирок Мариянын ою боюнча үтүк ансыз деле чегине жеткичекти кызытылган болчу.

— Сиз сууну туура эмес себелеп атасыз, — деди Мартин кошумчалап, — муну кандай кыларын мен сизге көрсөтүп берем. Бат-баттан үтүктөгүңүз келсе, анда нымдалган ич кийимди бир калыпта кармап басыш керек.

Мартин жер төлөдөн бир жашик апкелип, ага капкак жасады, үстүнө балдар чогултуп койгон темир-тезектен арбын үйүп салды. Кирге суу сээп туруп, жашикке салат да, үстүнөн оор темир менен бастырылган капкак менен жаап коет. Муну жасоо жепжеңил эле иш эмеспи.

— Эми карап туруңуз! — деди да Мартин, чоктой кызарган үтүктү колуна кармап, бел кырчоого чейин чечинди.

Кийин Мария элдин баарына Мартин ага үтүктөгөндү гана эмес, жүндөн жасалган кийимдерди кантип жууш керек экенин да үйрөткөнүн айтып жүрдү.

— Ал айтат: «Мария, сен чоң, бирок мээ жок, мен сени үйрөтөт» деп ал үйрөттү мага. Он мүнөт машине жасап койду. Бочке, эки таяк анан дөңгөлөк күпчөгү, болду. Ошондой!» , — дей берчү.

Бул илимди Мартин «Кайнар Булак» кир жуугучканасында жүргөндө Жодон үйрөнгөн. Эски дөңгөлөктүн таякка бекитилип жасалган күпчөгү, бишкектин милдетин аткаруучу. Мунун бир учуна ашкананын шыбындагы устун аркылуу өткөрүлгөн жип байланып, ал бишкекти жалгыз кол менен кыймылга келтирүүгө мүмкүндүк берчү; бул жабдыктын жардамы менен челектеги жүндөн жасалган буюмдардын кири эң сонун кетип, таптаза жуула турган. Мартиндин бул амалына тан берген Мария жипти тартып турганга бир баласын коюп да койчу болгон.

Бирок ага карабай, Мартин Мариянын пикиринде абдан паска түшүп кетти. Анын мурда карапайым эле кир жуугучтун жумушчусу болгону ачыкка чыга келген соң аны курчап турган сырдуу романтика шамал урган түтүндөй тарап жок болду. Анын китептери, мартабалуу коноктору, вискиден бошогон бөтөлкөлөрү, кыскасы, заматта баары Мариянын көзүнчө сыйкырдуу таасирин жоготту. Демек, бул сырдуу Иден деген неме Мариянын өзү сыяктуу эле карапайым жумушчу тура, демек, экөө тең бир эле жумушчу табына таандык турбайбы. Мындан улам ал Марияга жакыныраак, түшүнүктүүрөөк боло түштү, бирок купуя сырдын керемети тарап кетти.

Өзүнүн жакындарынан Мартин алыстагандан алыстай берди. Мистер Хиггинботамдын асылганы оңунан чыкпай калган соң, келечектеги күйөө баласы Герман Шмидт өзүн көрсөттү. Бир жолу Мартиндин жолу болуп, бир нече ырлары менен аңгемелери журналга чыгып кетти да, турмуш абалы жарым –жартылай жакшыра түшкөнсүдү. Карыздарынан толук кутулуп, күрөгө койгон костюму менен велесептин кайра чыгарып алды. Велесепетин ары бери айландырып караса, кээ бир тетиктери жарабай калган экен. Оңдотуп алайын деди да велесепетин жакынсып, келечектеги жакын тууганы — Герман Шмидттин устаканасына берип жиберди.

Бирок Мартинди таң калдырып, биресе кубантып, велесепети кечинде эле кайра кайтып келди. Кыязы, Шмидт да ага достук мамилесин көрсөтүп, велесепетин кезексиз оңдомок тургай, бир да устакана жасабаган ишти кылып, аны үйүнө да жеткиртип берген окшобойбу. Бирок жакшылап караса, велесепетине дегеле эч ким кол тийгизбептир. Ошол замат устаканага телефон чалып, Герман Шмидттин «аны менен эч кандай иш кылганга каалоосу жок экенин» билди.

— Мырза Герман фон Шмидт, — деди Мартин токтоо, — мен сизге мурдуңуздан жакшылап туруп эки –үч ирет тартып коюш үчүн кирип кетет окшойм.

— Эгерде менин устаканама келе турган болсоңуз, — деген жооп болду, — анда мен полицияны чакырам! Мен сизге көрсөтөм! Катырыңыз жам болсун, мени менен мушташ чыгара албайсыз. Сиз эшек такалаган жалкоосуз, мен болсо иштеп аткан адаммын. Эгер карындашыңызга үйлөнгөн болсом, бул демек, сиз мени тоной берсеңиз болот дегендикке жатпайт. Эмне үчүн сиз иштеп, маңдай тер менен нан тапкыңыз келбейт?! Кана, жооп бериңизчи?

Мартин нукура ойчул катары ызасын ичине катты да жооп айткандын ордуна ышкырып коюп, телефондун туткасын илип салды. Бул окуя адегенде күлкүсүн келтиргендей болду, бирок бара-бара ага жалгыздыктын оор ташы аны кайрадан басып калгандай сезим келе түштү.

Аны түшүнгөн эч ким жок, анын эч кимге кереги да жок. Боор тарткан жалгыз Бриссенден болсо, ал да жер жуткандай кайда жоголгону дайынсыз.

Мартин сатып алгандарын көтөрүп, жашылча дүкөнүнөн чыкканда, иңир коюуланып калган эле. Көчөнүн бурчуна келип токтогон трамвайдан тааныш караан секирип түшкөндөй болду. Мартиндин кусадар жүрөгү сүйүнгөнүнөн жарылып кете жаздады. Ал Бриссендендин так өзү болчу. Электрдин жарыгынан Мартин анын пальтосунун чөнтөктөрү томпоюп турганын көрдү, бир чөнтөгүндө китеп, экинчисинде бөтөлкө бар эле.

(Уландысы бар)

Орусчадан оодарган Бахтияр Шаматов

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.