Ата-энелерге күмүш сырга: Өспүрүмдөрдү туура жолго салаар уламыштар

Маанилүү маңызы бар уламыштар эзелтеден эле балдарды жана окутууда тарбиялоодо пайдаланып келет. Анткени, кызыктуу, кыска, жомок сыяктуу айтылган уламыштар балдардын кабыл алуусуна жеңил. Уламыштарда камтылган акылмандуулук, эң кызыктуу формада берилгендиктен, балдардын өз алдынча ойлонуусуна, турмуштагы ар кандай кырдаалдарда туура чечим кабыл алуусуна, интуициясын өстүрүп, өзүнүн жүрүм-турумун калыпка салып, жаңылыштыктарын түшүнүүсүнө жардам берет. Бул уламыштар балдарга көйгөлөрдү чечүүдө бир эле жол бар эместигин, турмуш деген ак менен карадан, жакшы менен жамандан турарын ачып берет. Кимдин колу таза? Белгилүү айкелчинин өнөрканасына эки […]

Махамадсабирова Жаркынай: Танабай жана Гүлсарат (өспүрүмдөр конкурсуна)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна №1 дилбаян Ч. Айтматовдун “Гүлсарат” повести Чын айтамын, балким жалган туюлар, Чыңгыз десем ыр өзүнөн куюлар. Окшоштурам мен Чыңгызды тоолорго, Оркойгон тоо улам көзгө урунар – деген экен бир акын. Чындыгында Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин улуу жазуучусу, залкар таланттын ээси болуп эсептелет. Анын кайсы чыгармасы жөнүндө айтпайлы ар дайым анын улуулугу далилденип турат. Кыргыз эли байыртадан эле колуна жылкы тукумун асырап келет. Ар бир кыргыз баласы ат үстүндө камчы ойнотуп жылкы менен тагдыры туташ болгон. […]

Зарина Кулбаракова: Сүрѳт (конкурска)

АҢГЕМЕ Франциянын Париж шаарындагы «Лувр» музейинин кѳргѳзмѳ аянты. Бирин-экин баскан ар түрдүү улуттагы адамдар. Сүрѳттѳрдү тигиле карап, ѳз ара маектешип, кээси жылмайса, кээси кабагын чытый түшүп шыбыраша кетишет. Аянттын кире беришинде «Кѳчмѳндѳр цивилизациясы» деген жазуу, ал жазуунун алдында конокторду утурлап кѳргѳзмѳнү уюштурган башчы, жанында котормочу жана музейдин мүдүрү ийкемдүү жылмайып, келгендер менен саламдашып аларды аянтка узатууда. Жаңы эле учактан түшүп башы айланган Канай саамга токтоп, бир катуу үшкүрүп алып, кѳйнѳгүн түзѳп, тепкич менен шашыла чыкты. Кѳргѳзмѳ аянтынын оозуна келип, эки […]

Арген Шабданов: XXI кылымдын студенти (конкурска)

АҢГЕМЕ Күз айы. Жалбырактарынан айрылган жылаңач бак-дарактар. Күн чыгышка карай учкан куштар. Боз булутка толгон асман. Жамгыр жаасамбы же жаабасамбы деп тургансыйт. Мунун баарын күтүрөгөн күз мезгилинин акыркы жана көпчүлүктүн ою боюнча депрессия айы болгон ноябрда көрүүгө болот. Азыр туура ошол мезгил. Ноябрь. Жолдор ным, сары жалбырактардын айрымдары ылай аралашкан болсо, айрымдары жамгыр алдында калып, суу болуп калган. Жаңы эле сабактан чыккан тогуз студент шатыра-шатман болуп сүйлөшүп келе жатышат… — Анча болду бетиме эле айтпайбы. Кыйытып кыйыр мааниде айтпай! – […]

Кеменгерлер эмне дейт?

Отто фон Бисмарк Түбөлүккө жашоочудай окуп үйрөн; эртең эле өлүмүң келчүүдөй жаша. *     *     * Эч качан согуш убагындагыдай, мергенчиликтен кийин жана шайлоолордун алдындагыдай көп калп айтылбайт. ♦ ♦ ♦ Артур Шопенгауэр Ар бир адам башка бирөөдөн өзүндөгү нерселерди гана көрөт жана аны өз дареметине жараша баалайт. *     *     * Адамдын ички дүйнөсү, анын тапкан байлыгынан алда канча маанилүү. *     *     * Көпчүлүк адамдар өз алдынча ойлонууга жөндөмсүз, алар дайыма бирөөлөрдү  ээрчип жүрүшөт жана акыл-эске эмес, күчкө баш ийет. *     […]

Жетиген Асанбек: КСДПдагы кыйсыпыр

Кысыдыпыдагы кыйсыпырдын азыр чаңы ызгып турган кез. Так ушул чаңы асманга сапырылып аткан партиянын депутаттары Кыргыз Республикасынын эң жогорку бийлик бутагынын бири – Парламентте эң көп орунду, бакандай 31%ын ээлеп, мамлекеттин дээрлик бүт тараза ташын ары-бери калчап келатышат. Жыйынтыгында, мамлекеттин бекемдигине доо кетип атканы аз келгенсип, адамзаттын мыкаачы колу Ала-Тоону алмустактан Ала-Тоо кылып келаткан ак мөңгүгө чейин жетип, сапырылган саясат санаага салып турат. Бул жыйынтык – жумуруңа жук болбогон 1000 сомго берген добушуңдун жыйынтыгы, өз шорун өзү ичип аткан шоркелдей […]

Абдывахап Нурбаевдин эстафетасын вице-спикер Мирлан Бакиров кабыл алды

Акыркы убактарда күнүмдүк жаңылыктарды окугандан башыбыз чыкпай калган кезде руханий жактан биздин көөдөнүбүздү ачып, тил байлыгыбызды, дил байлыгыбызды өстүрүп келе жаткан маалымат булагы катары «РухЭш» сайты сап башында турат. Бул сайтты негиздеген Олжобай Шакирдин таамай жана курч жазгандарын окуп, ностальгия менен улам-улам Салижан Жигитов эсиме түшө берет… Ар бир доор өз дербиштерин талап кылат дейт. Олжобай Шакир да бул ишин дербиштик кадам катары сыпаттап, өз күчү менен чоң бир мекеменин ишин аткарып келет. Бул сыяктуу агартуу багытындагы долбоорлор коомчулук тарабынан […]

Саул Абрамзон: Кыргыз элинин чарбалык уклады

Кыргызстандын территориясынан табылган археологиялык көп сандаган эстеликтер бул жерде байыркы мезгилде эле бай жана ар тараптан өнүккөн маданият болгондугун айгинелеп турат, ал маданият Орто Азия кош өзөнүнүн аймагында, ага канаатташ жаткан тоо-талаа жерлеринде жашашкан уруулардын жана элдердин маданияты менен тамырлаш. Байыркы мезгилде жана орто кылымдарда Тянь-Шанды жана Памир-Алайды мекендеген уруулардын урпактары тигил же бул даражада кыргыз элинин курамына кирген, ушундан улам бул территорияларда мурда жашап өтүшкөн элдин чарбачылык турмуш, тиричилик жана маданият салттары менен азыркы кыргыз калкынын бул жагынан белгилүү […]