Акыркы убактарда күнүмдүк жаңылыктарды окугандан башыбыз чыкпай калган кезде руханий жактан биздин көөдөнүбүздү ачып, тил байлыгыбызды, дил байлыгыбызды өстүрүп келе жаткан маалымат булагы катары «РухЭш» сайты сап башында турат. Бул сайтты негиздеген Олжобай Шакирдин таамай жана курч жазгандарын окуп, ностальгия менен улам-улам Салижан Жигитов эсиме түшө берет…

Ар бир доор өз дербиштерин талап кылат дейт. Олжобай Шакир да бул ишин дербиштик кадам катары сыпаттап, өз күчү менен чоң бир мекеменин ишин аткарып келет.

Бул сыяктуу агартуу багытындагы долбоорлор коомчулук тарабынан колдоого алынуусу керек. Алардын арасында биз да бул сыяктуу демилгелерге кайдыгер эмес экендигибизди билдиргим келет. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары арасында эстафета башталып, Жанар Акаев тарабынан сунушталган эстафетаны кубануу менен кабыл алдым. Биз да өз салымыбызды коштук. Эми кийинки кезекти ЖК төрагасынын орун басары, депутат Мирлан Бакировго узатууну туура көрүп турам. Мындай жакшы саамалыкты ар дайым колдоп берүү ар бирибиздин милдетибиздир… Олжобай Шакирге чыгармачылык ийгиликтерди каалап, бул демилгени дагы да өнүктүрүүсүнө тилектешмин.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.