АҢГЕМЕ

Күз айы. Жалбырактарынан айрылган жылаңач бак-дарактар. Күн чыгышка карай учкан куштар. Боз булутка толгон асман. Жамгыр жаасамбы же жаабасамбы деп тургансыйт. Мунун баарын күтүрөгөн күз мезгилинин акыркы жана көпчүлүктүн ою боюнча депрессия айы болгон ноябрда көрүүгө болот. Азыр туура ошол мезгил. Ноябрь. Жолдор ным, сары жалбырактардын айрымдары ылай аралашкан болсо, айрымдары жамгыр алдында калып, суу болуп калган. Жаңы эле сабактан чыккан тогуз студент шатыра-шатман болуп сүйлөшүп келе жатышат…

— Анча болду бетиме эле айтпайбы. Кыйытып кыйыр мааниде айтпай! – деди Кайрат жиндене сүйлөп.

— Сен ошону дагы деле унута элексиңби? – деди Аскат. Калгандарына кайрылып: — Бул байкем дагы деле Асаналиевичтин сабагында жүрөт. Аскат өзү абдан тамашакөй эле. Бирок таң калыштуусу – кээде ал элде жок акылдуу боло түшкөнү.

— Эмне, бүгүнкү болгондорду унута албай жатасыңбы, ыя, Кайратчик? – деп сурады Айгүл.

— Жок, унуткандан мурун дагы кичине өзү туруктуу болбойбу. “Менин сабагыма кеч киргендер кирбесин!” — дейт дагы кайра эле бир күнү кеч келгенди киргизет, бир күнү киргизбейт. Анан бир нерсени кыйратып үйрөтүп койгонсуп, уялбай сурап койгондочу… Отуруп алып түтөп кетем!.. – деп жооп берди Кайрат.

— Ошондо, сен менин бүгүнкү кеч келгенимди көрө албай жатасыңда, ээ? “Мен Заринадан эрте туруп таң атпай сабакка келсем, а Зарина кеч келип деле кирип жатпайбы? Ал деле “Бар” деп жазылат, мен деле…” деп ойлоп, ичиң өрттөнүп жатат ко дейм, – деди Зарина какшыктап.

Кайрат бираз ачуулана түштү.

— Жок, Зариш, кеп сенин кечиккениңде эмес, агайдын туруксуздугунда болуп жатпайбы. Сенин фамилияңда “ө” же “ү” тамгалары болсо көрөт элем. Дайыма сабагында “Өктөм уулу” деп уккандын ордуна “Октом уулу” уксаң көрөт элем сени. Эмне десең “Фамилияң “ө”сү “ү”сү жок жазылып турбайбы” дейт. Ошого да өзүн карманалбай күлгөндөр болот. Аларды да соо койбой, сен эмне күлөсүң деп жатпайбы… Негизи агай ошентип айтышы керекпи өзү? Мага ушуну айтып берчи?

— Эй, жана дагы Базаркулованын сабагы бар го? Ии, ошону эстесем нервим кайнайт. Тим эле ошонун эле сабагы бар болгонсуп, ар бир сабакта бир көркөм чыгарма, бир теориялык адабият окуп, өткөн темага байланыштуу кызыктуу маалыматтарды таап, ага дагы кошумча башка адабий булактардан конспект кылып, өзүнүн жаздыргандарын кайталап келгиле деп коёт. Башымды оорутпасынчы! Муну кандай түшүнсө болот. Мен эмне башка сабактарды окубаймбы?!. – деп катуу үн менен Догдурбек айта салды.

— Ай, ай кудай сакта! Болду эми, ачууланба. Акыры баарыбыз анын мынчалык көп тапшырма беришине каршыбыз. Туурабы, достор? Кана айткылачы, – деп сурады Медина.

— Эй, келгиле, Шаршеновичти кошуп үчөөнө тең арызданабыз, – деди Бермет.

— Оо-уу! Бема, сен тим эле инициатива көтөрүп жибердиң го. Анча болду плакатка жазып алып көтөрүп чыкпайлыбы… – деди Аскат аны да какшыктай.

— Бар, жоголчу! – деп  Бермет Аскатты аркасынан бир жолу түртүп ийди.

— Аскат, болдучу. Тазале ойноктоп кетесиң да – Кайрат аны жаман көзү менен карап койду.

— Эмне болдучу. Мен эмне күлгөнгө укуктуу эмесминби? Же эмне, мен өз оюмду айтууга укуктуу эмесминби? Ким айтып жатты эле жана: адам эмне кыларын өзү билет тата-пата… – деп Аскат калпеле Кайратын кыжырына тие баштады.

— Кана сенин оюң эмне экен айтчы… Кана. Кана айтчы көрөлү, – деди Медина Айгүлдү колтуктап бара жатып.

— Ии, ошо айтчы, – деди Айгүл ага кошулуп.

— Силер эмне мени өз оюн айта албайт дегени турасыңарбы? Азыр айтып салам. Мени кыйнабасаңар, – деп тамашалай Аскат жооп берди.

— Эй болчу эми, айтсаң айтчы жакшынакай! – деди ачуусу тарай элек Кайрат.

— Ээ, брат, сен таза эле жинденип алгансың го? – деп Догдурбек Кайратты далынан жай гана таптап койду.

— Ээ, болчу эми таза эле маалкандың го. Айтсаң айтып, айтпасаң кой да! – деп күтүүсүз жерден Гуля сөзгө аралаша калды.

— Мейли эми, ушунчалык менин көз карашыма таңсык экенсиңер, айтып коёюн. Короче, Асаналиев бизге туура эмес мамиле жасап жатабы, тагырагы – ашыкча тамашалап, өтө элек темаларын сурап, “Билбейбиз” деп жооп берсек “Студент баарын билиши керек” деп жатабы? Биз баарын билсек, анда ал бизге эмнеге сабак өтүп жатат. Биз баарын билсек анда сабак окубай эле койбойт белек. Бул бир. Экинчиден, Базаркулова биздин социалдык абалыбызга маани бербей жатабы? Бербей жатат… – деп Аскат айтып келе жатса, Зарина ортого кирип.

— Ошондо сен эмне дегиң келип турат?

— Эми өлүп баратысыңбы? Айтат да азыр, – деп жооп берди Бермет.

— Сүйгөнүмө сөз тийгизбейм дечи?!. Мейли… – деди да тым болду Зарина.

— Зариш, кичине… – деп Бермет көзүн аңтарып, жаман карап койду Заринаны. — Ал былтыркы сабагында “ар бир студенттин социалдык абалына маани берилиши керек” деп жатпады беле?

Бул учурда Аскат баарынын көңүлүн бурдуруш үчүн алардын алдына чыгып, аларды алды жагынан бет маңдай карап, сүйлөй баштады.

— Ошо, ал биздин социалдык акыбалыбызга карабай жатат. Балким менин ноутбугум жок, балким жөнөкөй телефон колдоном. Ал берген китептердин баары ПДФ форматында болуп жатпайбы. Анан бирөөнүн смартфону жок болсо кантип окуйт аны?

— Универде компьютер залы бар да, – деди Гуля.

— Ага барсаң дайыма кезек күтөсүң. Ал жердегилер кыйратып сабак окуйт дейсиңби? Кээ бирлери сериал көрүп отурат, – деп жооп берди Аскат.

— Биз өзүбүз сабакты жыргап окуп жатпайлыбы дээ… – Медина менен Айгүл каткырып жатып калышты.

— Ээ, брат, баягыда мен да ошол жерде кино көрүп отурганда көрүп калдың эле, ошону мисал кылып ийдиң го… – деди Догдурбек. Анда Аскат мындай деди:

— Эми аягына чейин угуп турбайсыңарбы?

— Буларды укпай уланта бербейсиңби? Силер дагы тынч тура аласыңарбы? – деп Кайрат катуу үн менен айтты.

Бул учурда Медина менен Айгүл бири-бирине көздөрүнүн кыйыгы менен карап коюшту. Алардын көздөрү “Бул байкеме бүгүн эмне болгон?” деп айтып, ичтеринен күлүп жаткандай өңдөнөт.

— Ии, ал эми үчүнчүдөн, Шаршеновичтин сабагында эч нерсе үйрөнбөй жатабызбы? Ооба. Ал өзү дагы доктор боло элек, колу бопбош келип сабак өтөт. Ушул кантип болсун. А түгүл профессор Бакыт агай колуна ар кандай материалдарды алып келип сабак өтөт… – деп Аскат сүйлөп жатканда;

— Мугалимдин баары Бакыт агайдай болсо, теманы түшүндүрүп туруп, чыгып кет. Студенттердин конспекттери менен иши жок. Жазабы, жазбайбы башы оорубайт. Бирок сынакта сыгып алат… – деп Бермет кыялданып калды

— Бакыт агайдын Европадан окуп келгени дароо байкалат, – деди Айгүл.

— Колу бош болгону аз келгенсип, теманы бизге берип кийинки сабакта “Бул өтөт, тигил өтөт” деп коет. Бир дагы тема өткөн жок ушул күнгө чейин… Кыскасы ушундай – деп өз оюн Аскат ушундай түшүндүрүп берди.

— Эгер кааласам дептеримди дагы көргөзбөйм. Бул менин жеке буюмум болуп саналат. Мен кааласам көргөзөм, кааласам көргөзбөйм. Менин кол жазмам менен иши эмне. К.ч.г.ндү кысып жүрө бер  да нары… – деди Кайрат.

— Ай, ало! Кайратик, бул жакка кел. Кайсы сабакта жүрөсүң? – деп калды Зарина тамашалап.

— Токтогула, эми суроо. Биз аларды кимге арызданабыз. Декангабы же бөлүм башчыбызгабы? Кимге? – деди Догдурбек.

Бири деканга деп, экинчиси бөлүм башчыга деп, дагы бири тигиге-буга деп талашып келе жатышкан эле. Бир маалда алардын бет маңдайынан эки жаш жигит өттү. Гулянын жанына келгенде тиги экөө Гулянын жолун тосуп жолдун оң жагынан өтүп кетишти. Жини мурдунун учунда эле турган Гуля дароо “Көк мээлер! Силер эмне жол эрежесин билбейсиңерби? Жолдун оң жагы менен баскыла деп биринчи класста үйрөнгөн эмес белеңер?” деп айтып алды. Болгону анын айтканын тиги эки жаш бала уккан жок. Анткени Гуля бакырган эмес эле, жай гана жанындагылар уга ала тургандай үн менен айткан.

— Эй, барыңар уксаңар! – деди Нургаазы. Ал жанатан бери алардын сүйлөшкөндөрүн угуп келе жаткан эле. Бирок бир дагы сөзгө аралашкан эмес эле. Азыр болсо тигилердин ызы-чуусуна чыдабай сүйлөп кирди. – Эми барыңар, жөн гана жашай бергиле да. Эмне кыласыңар ар кайсы проблема менен башыңарды оорутуп. Андай нерселерге маани бербей эле тынч, шоколад жеп, кино көрүп, уктап коюп жүрө бергиле да. Алар да өз оокатын кылып жүргөн немелер да эми, – деди.

— Сен өзү ушу туура айтасың, ай – деп Медина менен Айгүл каткырып калышты.

— Адам болот деген ушул! – деди Догдурбек какшыктап. — Сен канча маал намаз окуйт элең?

— Сен ошентип өзүмчүл болуп жүрө бер! – деп Кайрат катуураак үн менен айтты.

— Ким өзүмчүл экен? Менби? – деди Нургаазы. Ал намаз окуган бала эле. – Досум, сага бир нерсе айтайынбы. Бул жашоодо ар бир адам өзүмчүл. Мисалы; биз ар бирибиз бирөөдөн кечирим сурайбыз. Эмне үчүн? Тиги дүйнөдө кудайдын алдына барганда күнөлүү болбойлу деп, өзүбүздү актайлы деп, өзүбүздүн жаман башыбызды сактап калуу үчүн, аркабызды ойлоп сурап жатпайбызбы? Же жөн гана кечирим сурап жатабызбы?.. – деп сүйлөп бара жатты эле, Зарина:

— Ой, койчу, философ болдучу. Мен ансыз деле сабакты араң түшүнөм, муну түшүн деп мени кыйнабачы. Уят кылбай турсаң – деди.

— Ушинтип айтып койсо эле философ болуп калат бекен? – деди Нургаазы.

— Укмуш болуптур, ай! – деп Гуля өзүнчө сүлөп койду. Аны угуп Медина менен Айгүл күлүп жатып калышты. Бул учурда Аскаттын шайтаны кармап:

— Кантип жашайм эч ким үйрөтпө-ө-ө-ө-сө? – деп үзүндү ырдап кирди.

— Болдугулачы эми. Эмне кылабыз айтабызбы жокпу? – деди Бермет.

— Могундай, мына могундай текст түзөбүз – деп колу менен төрт бурчтуу фигураны көргөзүп жатты Аскат. Медина менен Айгүл таза эле боору эзилип болбой калышты.

— Ошо бир чечимге келбейлиби? Ушинтип эле жалжактап жүрө беребизби? – деп Кайрат сөзүн улантты.

— Кантип окуйм эч ким үйрөтпө-ө-ө-сө… Ой, жок, жок, андай эмес мындай. Кантип үйрөнөм эч ким үйрөтпө-ө-ө-сө-ө?.. – деп Аскаттын үнү басылбай жатты.

— Кайрат сен ушинтип, көчөдө кыйын болуп сабакта кылтыйып отура бергениңди токтотчу. Барыбыз билебиз, муну биз эч кимге айта албайбыз – деп Догдурбек сүйлөп кирди.

— Жана дагы, муну айтканыбыз менен “Мугалимдики дайыма туура” деп жооп беришет. Ошондуктан к.ч.ктү кыскан бай болот, к.т.н-чучук май болот деген экен ата-бабаларыбыз, – деп Аскат ага кошумчалап кирди, ичинен кытмырланып күлүп.

— Сен эмне дейсиң, Догдурбек? Кайра айтчы, – деп жиндене баштады Кайрат.

— Эмне, калппы? Кечээ эле Базаркулованын сабагы баштала электе “Келгиле айтабыз, түшундүрүп берсин!” деген ким эле. Анан эже сабакка келгенде “Кыңк!” деген да үн чыгарбай, тым болуп отурдуң го… – деди Догдурбек.

— Козлятушки, ребятушки, где же ваши уу-у-у-шки! – деп Аскат ырсаңдап ырдап койду.

— Тетигини карасаң, тазале жиңкилдеп кийинип алган го. Күндүн суугун кара. Аны көрүп мен үшүп кеттим. Апам айткандай жылаң баш, жылаң… – деп Медина Айгүлгө көчөдө жука кийинтип, жасанып алган кызды көргөзүп айтып жатты.

— Аны эмне кыласыңар. Азыр XXI кылым. Ким эмнени кааласа ошону кылат. Ага биз эч нерсе дей албайбыз – деди Кайрат.  – Мугалимдер дагы биздин конспекттерге аралышпай сабактарын өтүп, “Чала кыргызча сүйлөйсүң, же орусчаны кыйратып билбейсиң” дебей эле биздин жеке тандоолорубузга аралашпаса жакшы болмок…

Медина менен Айгүл “Бул деги эртеден бери конспектимди көрсөтпөйм, минтпейм деп эле жаагы сынбай койду го” дегенсип, дагы бир жолу бири-бирин карап коюшту…

Ошону менен бул ызы-чууга кол коюшуп, жолдорун андан ары улашты. Бопбоз асмандан жамгыр тып-тып тамчылап баштады. Бардыгы аялдамага жетип калган эле. Бирок ар биринин оюнда бираз мурун сүйлөшкөн ойлор ойноп жатты. Биринин оюнда “Эмне үчүн Европада төрөлбөй калдым эле?”, дагы биринин оюнда “Ушул туура айтат, балким чындап эле муну айтышыбыз керек.” дагы биринин башында башкача ойлор бийлеп жатты… Ар биринин маршурту кезек-кезеги менен келип үйлөрүнө кетип жатышты. Ал эми айлана болсо булардын сүйлөшкөндөрүнөн кабарсыз. Жамгыры тамчылап жаап жатат. Чымчыгы болсо учуп бара жатат. Машиналар зуу-зуу деген үн чыгарып ары-бери кетип жатат. Кол чатыр кармагандары кол чатыры менен, жогу да ары-бери басып өз иштери менен алек. Жердеги көлчүктөргө жамгыр тамчысы тийип ноябрь айына кооздук берип тургансыйт. Акыркы жалбырактар бирин-серин түшүп жатат. Тиги студенттер болсо өз заманынын агымы менен агып, заманбап доордун адамы болуу менен алек. Ал эми алардын азыркы эле сүйлөшкөндөрүн аркасынан колунда кол чатыр кармап келе жаткан мугалим угуп, акырын жылмайып койду. Студенттер болсо аркасындагы кишини көрмөк түгүлсүн, байкашкан дагы эмес эле…

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.