“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна

№1 дилбаян

Ч. Айтматовдун “Гүлсарат” повести

Чын айтамын, балким жалган туюлар,
Чыңгыз десем ыр өзүнөн куюлар.
Окшоштурам мен Чыңгызды тоолорго,
Оркойгон тоо улам көзгө урунар – деген экен бир акын.

Чындыгында Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин улуу жазуучусу, залкар таланттын

ээси болуп эсептелет. Анын кайсы чыгармасы жөнүндө айтпайлы ар дайым анын улуулугу далилденип турат.

Кыргыз эли байыртадан эле колуна жылкы тукумун асырап келет. Ар бир кыргыз

баласы ат үстүндө камчы ойнотуп жылкы менен тагдыры туташ болгон. Айтайын

дегеним, мына ушундай туташ тагдырды баяндаган Чыңгыз Айтматовдун мыкты

чыгармаларынын бири – “Гүлсарат” повести. Повестте башкы каармандар Танабай

Бакасов менен анын минген аты Гүлсараттын татаал тагдыры бири-биринен ажырагыс таризде сүрөттөлүп чагылдырылган. Чыгарма адеп башталганда эле бул экөөнүн картайып, алдан тайып, тагдырынын жеткен чегине жетип, аргасыздан туңгуюкка кептелген абалы сүрөттөлөт. Буларды мындай аянычтуу абалга ким жеткизди? Эмне үчүн бул экөө көзгө кейиштүү көрүнөт? Буга ким күнөлүү? Өздөрүбү же башка бирөөбү?

Повестти окуган ар бир окурманды бул суроолор кызыктырбай койбойт. Танабай алгач колуна партбилет алып, коммунист аталып колхозго колхозчу болуп киргенден тартып советтик доордун катуу камчысын колуна алды. Анда ал жаш, колунда күчү бар мезгил эле. Совет бийлигин кубануу менен тосуп алды, ал үчүн жакшы эле жан үрөп иштеди. Ал тургай байларды кулакка тартуу учурунда өзүнүн бир тууганы Кулубекти да кулакка тартып жиберген. Анткени ал совет бийлигине ишенди, элдин эртеңки жаркын келечеги ушуну менен оңолот деп ойлоду. Кийинчерээк Чоро досунун өтүнүчү менен устаканадагы барсканчылык ишин таштап, колхозго жылкычы болууга келди. Мурдагы жылкычы Тотой абышка колхоздун жылкыларын өткөрүп берип, аны менен кошо жылкынын арасындагы тентек кула тайды жетилсе мыкты жорго болот деп тартуу кылды. Тентек кула тайга “Гүлсары” деген атты Тотой абышканын небереси ыйгарат. Алгач барсканчы андан кийин жылкычы аталып калган Танабай бул милдетин да жан дили менен аткара баштайт. Кула тай жетилип астына жылкы салдырбаган мыкты жорго болуп берет.

Далай жорго чабыштарда биринчиликти эч кимге илдиртпей Танабайдын итине чөп жегизет. Бул убактарда Танабайдын көңүлү куунак, ойлогону ордунан чыгып, жылкысы жайында, башкасы жайында. Кээ бир күндөрү айылдан колхозго барбай, келин Бүбүжандын үйүндө түнөйт. Бул учурда анын аялы Жайдар балдары менен Танабайды күткөнү күткөн. Байлап койгон жеринде тим турбай Гүлсары да уламдан-улам тыбырчылап жылкыга жетсем дейт. Үстүндөгү минген ээсинин кычкылданып ичимдик жыттанып, жылкыга барбай айылда келиндин жанында калганы ага кээде жакпай кетет. Мына ушундай көпкөн турмушту кайрадан эле Чоро досунун сунушу башка нукка өзгөртөт. Колхоздун коюн караган эч ким жок болгондуктан эми Танабай жылкыны таштап койго өтүшү керек. Төш чөнтөгүндө партбилети бар ар бир колхозчу колхоз башчылары, жогору жактагылар эмне буюрса кың дебей аткарууга милдеттүү. Жылкыга караганда койдун машакаты оор экен. Танабай абдан кыйналды. Кыш оор болуп, кар калың түштү. Кайда болбосун аялы Жайдар аны менен кошо жүрөт. Айрыкча төл убагы Танабайды абдан кыйнап жиберди. Короо тизеден чыла, баткак, күн абдан эле суук, койлор тынбай төлдөп жатышат.

Козусун эртерээк ала койбосоң чылага түшүп тоңуп өлөт. Суукта жаш козуларды үйүнө чейин киргизишти. Айла жок, күн суук, жем-чөп жок, койлор четтен кырылып да атат. Булардан же кабар алган киши жок. “Кар калың түшүп, кыш оор болуп жатат. Абалың кандай койчуманым?” деп жем-чөбүн камдап бере турган бир да бир киши короого карап басып койбоду. Танабай кээде биз кураган, ага жан үрөп иштеген совет бийлиги ушубу? Колхоздон, койдон бирөө келип кабар албайт деп зээни кейийт. Бир күнү мына көптөн күткөн жогору жактагылардан колхоз председатели Сегизбаев келди. Бирок ал койдун андагы сакманчылардын азыркы кейиштүү абалына кейип, жардам көрсөткөнү эмес, Танабайды жакадан алып, койду карабай өлтүрүп атасың, төлдүн кирешеси жок деп болгон күнөөнү моюнуна оодарганы, кекетип-мокотуп коркутканы келиптир. Танабай буга чыдай албады. Мындай жийиркеничтүү абалды сабыр кылып көтөрүп турууга анын коммунисттик намысы жол бербеди. Акырында ачуусунан бир жарылды.

Айрыны колуна алды да, Сегизбаевди качырып сала берди. “Ушундай абалды көрүп туруп, тизесине чейин баткакка баткан, койго берер жем-чөбү жок жарга такалган койчунун абалы силерди кызыктырбай, койдун туягы артык болуп калган экен да” – деп болгон ачуусун Сегизбаевден чыгарды. Танабайдын бул кылганын Сегизбаев өтө чоң кылмыш деп эсептеп, сага бирди көрсөтпөсөм элеби деп райондун штабына тиштенип кетти. Чынында Танабай жогору жактын адамына мындай мамиле кылайын деген эмес, а бирок анын азыркы аргасыз, кейиштүү абалы ушуга жеткизип атпайбы! Айткандай эле эртеси Танабайга жогору жактан чакыруу келди. Башка түшкөнүн көрөмүн да деп Танабай башкармага жөнөп кетти. Ал жактан кой терисин жамынган бөрүлөрдөй болгон жетекчилер анын кылган аракеттерин катуу сынга алып, койду ченемсиз кырган, жетекчиге кол көтөргөн деп айыптап партбилетин столдун үстүнө коюп чыгып кетүүсүн буюрушту.

Бул учурда бригадир Чоро досу да эчтеке деп айта албай башын жерге салып шылкыйып отурду. Танабайдын ою боюнча эч болбосо колхоздун бригадири катары Чоро да койдун абалын андагы сакманчылардын катуу азап чеккенин, убагында жогору жактагылар жем-чөбүн камдап, төлдүн жылуу сарайларда алынышын камсыздап беришин айтса болот эле го! Жок, анын ордуна досу Чоро үн сөз жок башын шылкыйтып отуруп берди. Андан мурун Гүлсаратты Танабайдан тартып алып, жетекчи өзү минип алган эле. Ага карабай Гүлсарат улам ээсине, жылкыга качып кетип аткан. Баш бербей улам кача бергенинен аны бычып салышкан. Бул жоргонун жашоосун талкалап салганга эле тете болчу. Эми минтип ээсинин да партбилетин тапшыруусун буюруп жатышат. Мындай абал ал экөөнүн кандайдыр бир кылмыш кылганынан эмес, Танабайдын өз позициясына бекем туруп, чындыкты бетке айтып, ак иштегенинен болуп жатат. Алданов, Сегизбаев, Кашкатаевдер жетекчи наамын башына кийип, элдин канын соргондор. Аларды койчунун кыйчалыш абалы, элдин оор турмушу, колхозчунун жашоосу кызыктырбайт. Аларга байлык, бийлик болсо болду. Танабайга окшогон чындыкты бетке айтып, ак иштеген курч коммунисттерди бийлигине таянып партиядан чыгарып жибере алышат. Ал мезгилде партиядан айдалуу ар бир чыныгы коммунист үчүн катуу сокку болгон. Танабай партбилетин столдун үстүнө таштады да, чыгып кетти. Артынан келе жаткан Чоро досуна да токтободу. Айрылыш жолго жетип калганда гана артына кайрылып, партиялык чогулушта эч нерсе дей албай башын жерге салып отуруп бергени үчүн Чорого абдан катуу айтты да, катуу бастырып кетип калды. Ошентип, колхоз да жок, алектенген иш да жок Танабай бийликтин катуу соккусунун жеми болду да, кала берди. Кийинчерээк Чоро каза болду деген кабар анын баласы Самансурдан келди. Чоронун керээзи боюнча анын азасынын башында досу Танабай өзү турду. Убагында Чоро досу Танабай үчүн жан үрөп, чындыкты айтып күрөшөт эле, бирок ошо кездеги бийлик Чоро окшогон адамдарды үндөбөс коркок кылып салган. Жандай көргөн досунан, жаны менен бирге жүргөн жоргосу Гүлсараттан, партбилетинен айрылды. Кээде туруп башы оогон жакка басып кеткиси келет. Ошентип картайып алдан тайып, эч нерсеге жарабай калган мезгилде Гүлсаратка кайрадан жолукту. Бул кездешүү алардын жашоосунун акырына келип калгандагысы эле…

Ош шаарындагы № 47 орто мектептин

9-а классынын окуучусу Махамадсабирова Жаркынай

Өспүрүмдөр чыгармачылыгы боюнча конкурс!

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.