Кыргызстандын территориясынан табылган археологиялык көп сандаган эстеликтер бул жерде байыркы мезгилде эле бай жана ар тараптан өнүккөн маданият болгондугун айгинелеп турат, ал маданият Орто Азия кош өзөнүнүн аймагында, ага канаатташ жаткан тоо-талаа жерлеринде жашашкан уруулардын жана элдердин маданияты менен тамырлаш.

Байыркы мезгилде жана орто кылымдарда Тянь-Шанды жана Памир-Алайды мекендеген уруулардын урпактары тигил же бул даражада кыргыз элинин курамына кирген, ушундан улам бул территорияларда мурда жашап өтүшкөн элдин чарбачылык турмуш, тиричилик жана маданият салттары менен азыркы кыргыз калкынын бул жагынан белгилүү бир улантуучулугу бар экендиги жөнүндө кеп кылууга болот.

МАЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫ

Ошентип, кыргыздардын революцияга чейин өткөн мезгилдеги нукура чарбачылык тиричилигинин терең тамырлаган салттары бар. Кыргыздардын экстенсивдүү мүнөздөгү көчмөн жана жарым көчмөн мал чарбачылыгы көптөгөн кылымдар бою тарыхый калыптанган башкы кесиби болгон.

Археологиялык маалыматтар Тянь-Шань тоолорунда жана өрөөндөрүндө биздин заманга чейинки VII кылымдан баштап эле көчмөн мал чарбачылыгынын мурдатан келе жаткан формалары болгондугун далилдеди, ошондуктан кыргыздардын мал чарбачылыгынын салтка айланып калгандыгы бул маалыматтарга байланыштырылбай каралышы мүмкүн эмес.

Сак уруулары (б. з. ч. VII—IV кылымдар) жана алардын ордун баскан усунь уруулары (б. з. ч. III к. — б. з. IV к.) көчмөн мал чарбачылыгын кесип кылышкан, бул чарбачылык азыркы Кыргызстандын аймактарында алда канча кийинчерээк жашаган түркчө сүйлөгөн уруулар үчүн да мүнөздүү болгон. Кыргыздардын мал чарбачылыгында бул жергенин байыркы жашоочуларынын да, ошондой эле бул жакка Түштүк Сибирден жана Борбордук Азиядан кийинчерээк келгендер да көчмөндүк салттарды улантышкан.

XIX кылымда — XX кылымдын башталышында кыргыз коомунун өндүргүч күчтөрү өнүгүүнүн али да салыштырмалуу төмөнкү деңгээлинде турган. Анда көчмөндүк жана жарым көчмөндүк менен тиричилик кылган мал кармоочу майда чарбалар басымдуулук кылган. Өлкөнүн табигый шарттары малды жыл бою жайытта кармоого мүмкүнчүлүк берген. Тоолуу жер жана өзүнүн климаттык шарттары, өскөн өсүмдүктөрү жагынан улам өр талаша жайгашкан географиялык ар кыл зоналар малчылардын кылымдап калыптанган көчүп-конуусунун жыл бою улантып туруучу циклин план ченемдүү түрдө жүзөгө ашырууларына, ыңгайлата бир жайыттан экинчисине мал-тегеси менен конуш которуп жүрүшүнө шарт түзгөн. Бирок кыргыздардын дыйканчылыгы менен мал чарбачылыгы небактан эле эриш-аркак жүргүзүлгөн, бул дыйканчылык башкалардан обочолонгон түрдө эмес, көчмөндөр айылынын чарбачылыгынын ажырагыс бөлүгү болуп кирген. Кээ бир жерлерде алда канча кийинчерээк гана чакан дыйканчылык жерлери түзүлгөн, бирок алар деле өзүлөрүнүн айлана-жакаларындагы малчылар менен тигиндей же мындай даражада байланышта болушкан.

Мал өстүрүү чарбачылыгынын багыты тарыхый шарттарга жараша өзгөрүп турган. Кыргызстан Россия курамына кошулаардан мурдагы мезгилде, феодалдык согуштар тез-тез болуп, чет элдик баскынчылар жапырып кирип келип турган кезде кыргыздар негизинен жылкы кармашып, көчүп-конууга кыбыр мал катары койго жана төөгө анчалык маани беришкен эмес.

Россияга кошулгандан кийин кыргыздардын бейкут турмушка өтүшү менен кой кармоо биринчи орунга чыгып, кара малдын жана төөнүн да саны көбөйгөн. Кожолуктардын кээ бир бөлүгүнүн негизги кесип катары дыйканчылыкка өтүшүндө, бөтөнчө түштүктөгү аймактарда, ал кожолуктардын мал-тегесинде жылкы, кара мал жана анча-мынчалап эчки кармоо негизги орунду ээлеген. Кара мал отурукташып тиричилик кылууга аргасыз болгон кедей кожолуктарда улам маанилүү боло берген.

Кыргыздар Чыгыш Памирде, Ош областынын түштүгүндөгү тоолуу бөлүгүндө жана анча-мынчалап Борбордук Тянь-Шанда эзелтеден асырап келген топозду малдын эң негизги түрлөрүнүн бири катары тутушкан. Мурда Кыргызстандын түштүгүндөгү бай кожолуктар көбүнчө өз малчылары үчүн эшек жана качыр кармашкан. Эшек жана качыр бул жерде 1930-жылдан баштап гана, атап айтканда, республиканын түндүгүндө кеңири тарай баштаган.

Кыргыз жылкысы — моңгол жылкысынын түрлөрүнүн бири.

Кыргыздардагы кара мал аласа, азыктуулугу кем жергиликтүү тукумдан болгон. Кылчык жүндүү, куйруктуу кыргыз койлору жергиликтүү кээ бир бөтөнчөлүктөрү менен айырмаланган. Кыргыздарда кош өркөчтүү төөлөр (бактриялык) басымдуулук кылган.

Ар бир уруу жана урук белгилүү аймакта көчүп-конуп жүргөн. Казактардын көптөгөн топтору көбүнчө меридиан багытын улап (түштүктөн түндүккө карай) өрүш алышса, кыргыздар өр талашып: бөксө тоолуу өрөөндөрдөн бийик тоолуу жайлоо жайыттарын беттеп конуш которуп жүрүп отурушкан жана алардан кайра жакага түшүшкөн. Малчылар кыш бою ылымта кокту-колоттордо жана капчыгайларда турушкан. Малы көп бай кожолуктар кыштоонун жака-белиндеги жерлерге кара малын, төөлөрүн, жаш төөлөрүн жана алыскы сапарга минилүүчү жылкыларын гана жайышкан.

Койлорун жана калган жылкыларын адатта кар жатпас тоо беттерине канатташ жайгашкан тоолордо кармашкан. Бай жана оокаттуу кожолуктар тоолордо мал багуу үчүн койчуларды жана жылкычыларды жалдашкан же өзүлөрүнө көз каранды жамаатташтарынын эмгегинен пайдаланышкан. Кышкы жайыттын шарттары өтө оор болгон. Кычыраган аяз жана бороон-чапкын, узак убакыт бою ачык асмандын алдында жүрүү, алачык-боз үйлөрдүн муздактыгы же кийим-кеченин начардыгы тоолордогу тиричиликти оордотуп, жүдөмүш турмушка айландырган. Орто оокаттуу кожолуктар мал-тегесин өз күчтөрү менен биргелешип кыштатуу үчүн кой-жылкыларын короо-короо, үйүр-үйүр кылып бириктиришкен же чогулуп, койчу-жылкычыларды жалдашкан.

Кышкы жайытта мал жаюу чоң кыйынчылыктар менен коштолгон жана малды аман алып калуу үчүн көп күч-аракет жумшоону талап кылган. Мына ошондуктан кышында мал жаюунун жол-жобосу бөтөнчө кылдаттык менен иштелип чыккан. Кар астында калган тоютту өз алдынча тээп оттой албаган жандыктарды жана кара малды жаюу үчүн тоолордун күңгөй беттери пайдаланылган. Жылкылар кар басып калган жерлерди тээп оттошкон. Кар жатпаган жерлер жок болуп калганда малды белгилүү тартипте жайышкан: кар тээп оттоо үчүн адегенде жылкылар, андан соң кара мал, алардын артынан койлор коё берилген.

Орто оокаттуу чарба эрте жазда, бирок адатта өзүнүн чакан талаасына аштыгын эгип бүткөндөн кийин өзүнүн кыштоосуна жакын жайгашкан тоо этектериндеги бөксөлөргө көктөөгө мал-жаны менен көчүп барган. Ал ошол жерде койлорун төлдөткөн. Жайкы аптаптуу ысык башталып, мал-жандын тынчын алган ар кандай чымын-чиркейлер чыкканда чарбалардын бир бөлүгү өзүлөрүнүн мал-жанын төрлөрдөгү жайлоолорго чыгарып кетишсе, малы чакталуу чарбалардын көбү кыштоого кайтып келишкенге чейин ошол эле бөксөлөрдө кала беришкен. Жайлоолордун көбү деңиз деңгээлинен 3,5 миң метрге чейин бийиктикте, ак кар, көк музга жакын жаткан жерлерде болгон. Күз келип, суук тарта баштаганда чарбалар жайлоодон көбүнчө жазында көктөөгө турган бөксөлөргө түшүп келишкен. Бул убакта ал жайыттар алысындап кайрадан жетилип калган болот. Эгин оруп-жыюу, чөп чабуу бүткөндөн кийин көчмөндөр кыштоолоруна кайтып келишкен. Жыйым-теримди үй-бүлөлөрдүн атайын жиберилген мүчөлөрү жүргүзүшкөн, байлар бул ишке өзүлөрүнө көз каранды кедейлерди жумшашкан.

Көчүп-конуунун толук шаан-шөкөтү унаалары көп, бай жана оокаттуу чарбаларда гана толук сакталган. Жылкылары жана жандыктары жок же бирин-экин кедей чарбалар өз алдынча дегеле көчүп-конушкан эмес. Алардын кээ бирөөлөрү өзүлөрүнүн бай тууган-туушкандарынан май акысына иштеп берүү шарты менен анча-мынча мал алып, ошол тууган-туушкандарын каралап көчүп кетишкен. Малы чакталуу чарбалар өзүлөрүнүн бирин-экин малы менен жай бою жакын жерлердеги жайыттарда калышкан. Бай чарбалардын кээ бирөөлөрү мал-жаны менен бийик тоолуу сырттарда кышы бою көчүп-конуп жүрүшкөн. Кээ бир жерлерде жайлоолор социалдык топтор боюнча чек салынып, бөлүнүп коюлган. Кышкысын жайыттарды жалпы пайдалануу үчүн биригишкен чарбалардын тобу жылдын калган башка мезгилдеринде көп учурда бир нече топко бөлүнүп кетишкен. Жайыттарды иш жүзүндө феодал-бай төбөлдөр тескешкени менен аларды көп учурда жамааттык башталыштарда пайдаланышкан, чабындылар бөлүштүрүлүп берилген жана кээ бир гана учурларды эске албаганда, атадан балага мураска алуучу ээликке айландырылган.

Кычыраган кыштан кийин, кыштоодон конуш которуу өзүнчө бир майрам болгон. Бир аз оокаттуу чарбалардын баары эң жакшы кийим-кечелерин кийинип, аттарын үртүктөшкөн, төөлөрүнө жасалгаларын тагышкан. Төөлөргө же аттарга жүктөлгөн боз үйдүн жабдууларына жана башка үй эмеректерине килем же кооз таар жабылып, алда канча баалуу буюмдардын (самоорлор, сандыктар, жайпак табактар) үстүнөн бастыра таңылчу. Салтка ылайык, мурда конуш алышкандар конушка жаңы жайланышкандарды өрүлүктөп келишкен.

Ар кыл аймактарда көчүп-конуу аралыктарынын алыстыгы бирдей болгон эмес, ал бир нече ондогон километрден 100-125 километрге чейинки аралыктын тегерегинде болуп, кээ бир жерлерде 150-200 километрге чейин жеткен. Көчүп-конуп жүрүүнүн алыстыгы айрым чарбалардын мал менен камсыз болгонуна байланыштуу эле.

Малдын ар бир түрүнө жайытты жер шартына жана оңтоюна ылайыктап тандап алышкан. Эмгекчи чарбалар жазгы-жайкы мезгилде жылкылары менен койлорун бириктиришип жайышкан. Көбүнчө туушкандар, кээде кошуналар малдарын чогуу жайышкан. Мындай топко кирген чарбалардын саны алардын малынын санына жараша болгон. Мындай биригүүлөр мал жаюуда, аларды көзөмөлдөп турууда, катаал ашуулардан, күкүктөгөн өзөн суулардан өтүүдө көчмөндөрдүн эмгегин жеңилдеткен, жайыттарды алда канча натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген. Бай чарбалар өзүлөрүнчө чакан айыл-айылы менен көчүп-конууну жакшы көрүшкөн.

Жылкычылар жайылып жүргөн жылкыларды кармоо үчүн өзүлөрү менен чалмаларды жана укуруктарды дайыма ала жүрүшкөн. Кулундар бээлер байыганча күндүзү желелерде кармалган. Сааш үчүн бээлерди күн бою алты-сегиз жолу желедеги кулундарга айдап келишип, түнкүсүн кулундарды энелери менен жайытка коё беришкен. Чабан койлорду атчан же өгүз мен кайтарып, түнкүсүн айылга айдап келген. Койлорду түнкүсүн кыздар жана келиндер кайтарышкан. Түндү өткөрүү жана короого ит-куштарды жолотпоо үчүн алар бек-бекей айтып чыгышкан. Кыргыздардын мал багуу жөн-жайын жана ыктарын көбүрөөк конкреттүү элестетүү үчүн биз мал чарбасынын эң маанилүү тармактарынын бири — койчарбасына мүнөздөмө берип өтөбүз.

Кышкысын койлорду күн бою кыштоого жакын, кары жок күңгөй беттерде жайышкан. Кар өтө оор түшкөн жылдарда койлорду кар түшпөгөн же ал аз түшкөн ылымта жерлерде багышкан. Мындай жайыттарда койлор кургап калган чөп оттошкон. Түнкүсүн алар короого камалган. Мындай короолор чычырканак, алтыгана менен тозулган же таш сокмо дубалдар менен курчалган. Кээ бир жерлерде бул сыяктуу короолорду жасашпай эле, койлорду көңдөнүп калган колотту ылымта жерлерге түнөтүшкөн. Койду ээсинин үйүнө жакын жерлерге жайган койчу үчүн турак жай жасап беришкен эмес. Эгер андай жайыттар айылдан алыс болсо, анда койчунун короосунун жанына алачык куруп, кийиз менен жаап, этегин бастыра топурак кырдап, суук кирбегендей жасашкан. Алачыкка айланта камыш калап, аркан менен курчап коюшкан, синьцзяндык кыргыздар мындай турак-жайды ак төгөр дешкен. Бир учун жерге, экинчи учун кадимки боз үйдүн түндүгүнө аштап, чабак жыгачтан жасашкан. Айланта чий калашып, анын үстүнө кийиз жабышкан. Мындай жөнөкөй турак-жайларда байлардын койчулары, кедей малчылар дагы турушкан.

Бай чарбалардын чабыр жана ылаңдаган койлоруна, чөп чаап-жыйноо кеңири тараганга чейин, отурукташкан кедейлерден бир аз санда сатып алган чөп менен кошумча тоюттандырышкан. Түндүк Кыргызстанда ушундай болгон. Чарбалардын көпчүлүгү бир аздан чөп даярдап алган, өлкөнүн түштүгүндө мындай койлорго эртең менен арпа, андан соң чөп берип, мындан кийин күңгөй бетке айдап жиберишкен. Кечинде кайрадан чөп беришкен. Кыштын алгачкы бир-бир жарым айында койлор адатта эттүү болушкан, андан кийин алардын кээ бирөөлөрү арыктай баштаган. Мына ошондо аларды 50-60 күн жемдеп-чөптөшкөн. Түштүктө 500-600 боо чөп даярдашкан, чөп оруу үчүн орокту колдонушкан. Мындай орок менен бир адам бир күндө 20-30 боо жакшы чөп оргон. Чөптү үй-бүлөнүн башчысы же анын балдары даярдашкан. Чабылган чөптү ат же эшек менен ташышкан. Аны сактоо үчүн кыштоодо таштан же арчадан, болбосо сокмо дубалдан жай жасашкан. Аны кепе же кедең дешкен. Жазында кой багуудагы эң жооптуу мезгил — төл алуу башталган. Малдар март-апрелде, бугу же марал айында төлдөгөн. Төлдөтүү апрелдин аягында бүткөн. Төл башталаар алдында тубарларды кыштоого жакын жердеги тегиз, таза жайыттарда жаюуга аракеттенишкен. Кой жаюуда алдыга узап кетпөөсү жана текши жайылышы үчүн койчу алардын алдында жүргөн.

Койчулардын байкоолору боюнча тууту жакындап калган койлордун белгилери булар болгон: тубардын курсагы салаңдап, капталы бөксөргөн, желини чоңоюп, катуулана баштаган, көчүгү шишип, андан сары ууз чыга баштаган. Тубардын качан төлдөөрүн билиш үчүн койчу анын желинин кез-кези менен кармап көрүп турган. Тубар төлдөгөндөн кийин койчу козунун тонун (чарайнасын) шыпырып-тазалап, эгерде күн суук болсо, козуну койнуна салып алып боз үйгө киргизген. Күн жылуу болсо козуну дароо энесине салып эмизип алып, андан кийин боз үйгө жеткирген. Жайытта бир-эки тубар төлдөсө, койчу козуларды боз үйгө өзү алып келген, койлор жапырт төлдөп калса, анда айылга кабарлаган, ал жактан ат жиберишкен, анан козуларды капка же куржунга салып алып келишкен. Кандай болсо да соолук козунун артынан ээрчип барган.

Тубардын төлдөшүнө койчу чанда бир учурда гана, мисалы, козу башынан эмес, аягынан келип калганда жардамдашкан. Мындай учурлардын көпчүлүгүндө козу өлүү түшкөн, козу тирүү болсо койчу аны башы менен келгидей кылып оңдогон. Бул үчүн койчу койдун ичине колун салып, козунун алдыңкы колдорун таап, ошондон кармап, аны сууруп чыккан. Ал эгерде алдыңкы колдорун таба албай койсо, анда ал козуну арткы бутунан кармап эле сууруп алган, мындай учурда козу өлүп калган. Козунун киндиги үзүлбөй түшкөн чанда бир учурларда койчу аны үзүп салган. Койчу козуну энесине жалаткандан жана эмизгенден кийин гана алып кеткен. Бирок бардык козулар эле энесин дароо эме албагандыктан, андай козуларды боз үйгө алып барышкандан кийин эмизишкен.

Козулар киргизилген боз үйдө сөзсүз от жагышкан. Боз үйдүн сол капшытына кагылган эки казыкка бурчактуу коргон тартышкан. Бурчактарга козулар байланган. Кургакташ үчүн алардын алдына кургак кык төгүшкөн. Боз үйдү жылуулаш үчүн түндүк жабуусун, кош канаттуу эшигин жаап, керегелердин түбүнө топурак үйүп, анын үстүнө чөп таштап, анан кыш менен бастырып коюшкан. Боз үйдө түн бою чоюн чырак күйүп турган. Чыракка мал майын куюшкан, билигин бөздөн жасашкан. Козулар турган жердин үстүнө бийигирээк бир нече таякты жаткырып, кийиз менен жаап күпкө жасап жылуулашкан. Жаңы туулган козулар бир боз үйгө батпай калса, анда таяктарды тегерете сайып, туш-тарабын жылуулап жаап, ичине казанбак жасашкан, козуларды ошого жайгаштырышкан.

Туулган козуларды кыштоодо турган айылга жакын жерлерде жайышкан. Алар чубабай, кеңири, текши чачылып жайылышына аракеттенишкен. Байдын чарбасында жалданма койчу болуп иштеген Усубалы Чоткараев кой төлдөө мезгилинде кой багуучулардын эмгеги кандай уюштурулгандыгын төкпөй-чачпай мындайча айтып берди. Болжол менен 400 тубардан турган атардын төлдөөсүн кеминде үч адам: койчунун өзү жана анын үй-бүлөсүнүн эки мүчөсү көзөмөлдөп турган. Булардан тышкары мал ээси өз үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнөн бирөөнү жана бир ай жардам берсин үчүн дагы беш киши бөлүп берген. Алардын бири — түнкү туутка көзөмөлдүк кылган; экинчиси — атчан күндүзү кой жайган; үчүнчүсү — энесине эмизүү үчүн козуларды алып келип турган; төртүнчүсү — козулар бири-бирин тебелеп салбоосу үчүн көз салып, жатып калгандарын тургузуп, козуларга жем-чөп берген; ошол эле адам козулар турган жерди тазалап, алардын кумалактарын чыгарган; бешинчиси — сүткө тойбой калган козуларды тойгуза эмизүү аракетин көргөн; ал андай козуларды сүттүү тубарларга тейлеген (бул ишти адатта койчунун аялы аткарган); алтынчысы — козуларды алар туулгандан 20 күндөн кийин жайытка чыгарган: жетинчиси — койчунун өзү бардык ишке баш-көз болуп турган; сегизинчиси — адатта байдын кызы же келини болгон, алардын түздөн-түз аткарчу милдеттери болгон эмес.

Козуларды багуу жана жаюу жагдайындагы маалыматтар ушунчалык ар түрдүү жана бири-бирин толуктоо түрүндө болгондуктан, алардын ар бирин өзүнчө келтирүүгө туура келет. Мисалы, К. Эркебаевдин айтуусуна караганда, козулар бир ай бою боз үйдө кармалган. Алар эртең менен энелери менен чыгарылып, күн бою жайытта жүрүшкөн, түнкүсүн кайрадан көгөөнгө коюшкан. 15 күндөн кийин аларга бир аздан чөп бере башташкан. Бир айдан кийин аларды боз үйдөн чыгарышкан жана энелери менен жайытка айдап кетишкен. Бир ай бою, чөп көктөп чыкканча ушундай кылышкан. Ошондон кийин (май айында) кой саан башталган. Козуларды кечкисин сыртка көгөөндөп, эртең менен коё беришип, энелеринен бөлөк жайышкан. Саат 12 ченде адегенде козуларды айдап келип көгөөндөп, андан соң жайытта жүргөн энелерин айдап келишкен жана саанды башташкан. Бир гана эмчектин сүтүн саап алышып, экинчисин козуга калтырышкан. Саандан кийин козуларды кеч киргенче энелери менен чогуу жайышкан. Июлдун башы же орто ченинде саан токтотулуп, козулар күндүр-түндүр энелери менен чогуу болушкан. Сентябрда энелери этинен түшүп кетпөөсү үчүн козуларды алардан бөлүп, өзүнчө бир отор кылып коюшкан.

Түштүктүк башка бир кыргыздын, М.Асановдун билдиргенине караганда, козуларды эки ай бою боз үйдө кармашкан жана кой саан башталган кездерде гана сыртка чыгарышкан. Койлорду эки жолу — эртең менен жана кечке жуук саашкан. Саан башталаар алдында козуларды энелерине салышкан. Энелери ийигенден кийин козуларды тартып алышып, энелерин саашкан. Сүт аз калганда козуну кайрадан коё беришкен. Козулар энелерин эмип бүткөндөн кийин аларды кайтадан көгөөндөп коюшкан. Козулар туулгандан 20-30 күн өткөндөн кийин, аларга жаңы чабылып келген чөп салышкан. Кээ бир козулар адегенде эле отугуп кетишсе, башкалары бара-бара көнүгүшкөн.

Күн сайын жаңы чөп алып келишип, мурдагыдан калган шакелдерин чыгарып салып турушкан. Козулар эки айга чейин боз үйдө кармалышы керек болсо да, алардын жакшы отугуп кеткендерин көп учурда боз үйдүн сыртына көгөөндөп коюшкан. Козулар үч айга чейин көгөөндө турушкан. Койлордон сүт саап алуу үч ай бою улантылган, мындан кийин козулар энелери менен чогуу жайытка чыгарылган.

У. Чоткараев билдиргендей, козулар энелерин 20 күн эмишине мүмкүнчүлүк беришкен, бирок козулар туулгандан 10 күн өткөндөн кийин эле аларды жем-чөпкө көнүктүрө башташкан. Бул үчүн козулар турган боз үйдүн керегелерине чөп байлап коюшкан жана андан тышкары туз кошуп тартылган дан (арпа же сулу) беришкен. Козулар туулгандан 20 күндөн кийин суу ичүүгө көнүктүрүлгөн. Кой саалаардын алдында алар энелерине салынган. Мындай багуунун натыйжасында козулар тез ирденишкен. Козулар туулгандан 20 күндөн кийин ачык-жарык күндөрдө жайытка чыгарылган, бирок алар энелеринен бөлөк жайылган. Алгачкы күндө козуларын эмизүү жана саап алуу үчүн тубарларды жайыттан үч жолу айдап келип турушкан. Өзүнчө басууга жараган чыйрак козуларды бул мезгилде энелери менен чогуу жайышкан, козулар ирденип алгандан кийин алардын баарын энелери менен чогуу жайытка чыгарышкан.

Койлор төлдөгөндөн 40 күн өткөндөн кийин тубарларды эртең менен эрте жайытка чыгарышып, андан кеч күүгүмдө гана айдап келишкен. Анын үстүнө тубарлар короого — эртең менен жайытка чыгарылган жол менен эмес, башка жол менен айдалып келген. Койлорду түз жерге эмес, айдоо жерге түнөтүүгө аракеттенишкен. Койлор майын курсагына эмес, жонуна жыйнашы үчүн ушундай жасалган. Мындай болгондо койлор ысык-суукка жакшы туруштук берген. Койлор күндүз да суу боюнда жарым — бир саатча жуушатылган. Кышкысын койлор жайытка кеч чыгарылган, анткени түнкү сууктан кийинки жайыт эртелеп мал жаюуга жараксыз болгон. Жайыттан келээр замат жуушап калсын үчүн койлорду короого кеч айдап келүүгө аракеттенишкен. Эркек козуларды алар туулгандан 20-30 күндөн кийин биттешкен. Бул жумушту жергиликтүү усталар атайын жасаган бычактын жардамы менен өзүлөрү жүргүзүшкөн. Ал бычак кыска, кош миздүү, шибегеникиндей жумуру саптуу жасалган. Түштүктөгүлөр аны наштар дешкен. Козунун биттелген жерине эч нерсе сеппей эле түкүрүп гана коюшкан. Көл кылаасындагылар козуларды биттетүү үчүн атайын адамды (биттегичти) чакырып келишкен. Ал козунун урук безин кесип таштагандан кийин ага эч нерсе сеппей эле коё берген. Бул иш козулар туулгандан 40 күндөн кийин жасалган.

Куут адатта ноябрда, койлор күздөөдөн түшүп, кочкордун белдиги (түштүкчө бул көөк деп аталат) алынгандан кийин жүргүзүлгөн. Элдик календардагы айдын аталышына ылайык, бул кезди «бештин айында белдик алынат» деп коюшкан. Кыргызстандын түштүгүндө кочкорлор оторго айдалып келгенден кийин ырым-жырым жасашкан. Ал түгүл арчанын бутагын түтөтүп алып, «бисмилля ырахман ырахым, Чолпон-Ата тукуму көбөйсүн» деп, ар бир койдун башынан3 түтүн айлантып чыгышкан. Мындан кийин кочкорлорду тубарларга коё беришкен. Куут январга чейин созулган.

Бул мезгилде жана андан кийин кочкорлор жайытта койлор менен чогуу жүргөн. Августта адатта аларды койлордон бөлүп коюшкан, бирок аларды өзүнчө жаюуга мүмкүнчүлүк жок болсо, анда аларга жогоруда айтылган белдикти тартып коюшкан. Куут (демек, туут да) акырындык менен жүрүшү үчүн. У.Чоткараевдин айтуусунча, 300 тубарга беш кочкор кошкон. У.Чоткараевдин кошумчалай кеткенине караганда, куут декабрь айынан башталып, күн чил арышына узара баштаган кыш чилдеде аяктаган. Бай чарбалар кочкорлорго эртең менен жана кечинде бир кочуштан таза арпа же сулу, дегисин айтканда, кыйла кедей чарбалар деле кочкорлорго мүмкүнчүлүгүнө жараша жем беришкен. Ошол эле адам — койлор козу салып койбосун үчүн өтө семиз койлорду кыгы чыгарылып ташталган тоң короого кармашканын айтты.

Койлорду эки жолу жазында (май айында) жана күзүндө (кыштоого көчүп келишкенден кийин) атайын кайчы-жуушаң менен кыркышкан. Жазгы жүндү даакы, күзгүсүн — күзөм дешкен. Күзгү жүн жазгы даакысынан жогору бааланган, андан эң мыкты кийиздер, тердиктер ж. д. у. с. жасалган. Ар бир кожоюн өз койлорунун кулагына эн салган. Ал эндердин формалары жана аталыштары ар түрдүү болгон. Койлорду өңүнө, мүйүзүнө жана башка белгилерине карап таанышкан, ар бир койдун өзүнүн тийиштүү аты болгон. Мал кармоонун жөн-жайы көп кылымдык тажрыйбанын сыноосунан өткөн система болсо да, али төмөнкү деңгээлде турган. Өткөндө кыштык тоют даярдоо деген дээрлик болгон эмес. Чөп чаап-жыйноо түштүк кыргыздарында бир аз мурдараак, түндүк кыргыздарында орус келгиндеринин түздөн-түз таасири астында XIX кылымдын аягынан — XX кылымдын башталышынан тартып жайыла баштаган. Тоютту аз эле даярдашкан, ал көбүнчө ылаңдап калган же арыктап кеткен малга, жаш төлгө, ошондой эле алыс сапарга минилчү көлүктөргө берилген. Чөп чаап-жыйноо үчүн адатта орокту колдонушкан, бирок XX кылымдын башында чалгы, чапкы (орустун косалитовкасы) жайыла баштаган.

Кыштык тоюттун жетишерлик запасынын жоктугу кыргыздын көчмөн мал чарбачылыгын табияттын кырсыктуу кубулуштарына толук көз каранды кылып койгон. Илдеттер, мисалы, ылаң, анан, мезгил-мезгили менен кайталанып, малды боо түшүрүп салган жут мал чарбасына чоң зыян келтирген. Алар кар оор түшүп, суук күч болуп, кыштын мойну узарып кетишинин жана эрте жаздагы кара тоңголоктун натыйжасында башталган, мындай жылдарда тоңгон кардын астында калган отту тээп оттой албаган мал (баарынан мурда кой) чыгымга учурап турган.

Кыргыздар XIX кылымдын үчүнчү чейрегине чейин мал үчүн кандайдыр бир короо-жай дээрлик курушкан эмес. Таштан, камыштан, куурайдан ж. д. у. сыяктуулардан короо гана кармашкан. Сокмо дубалдуу короолор, андан соң кепелер адегенде бай чарбаларда пайда болгон. Кийинчерээк алар, бөтөнчө Түштүк Кыргызстанда, бир аз кеңирирээк жайылган, анткен менен малдын көп бөлүгүн мурдагыдай эле жөнөкөй короолордо баш калкалатып келишкен, мындай короолор мал үчүн шамалды тозуп калчу ылымта гана болуп, кардан, бороон-чапкындан коргой алган эмес. Мал кармоочу эмгекчи чарбада мал жаюуну жана тоют даярдоону уюштурууга байланышкан бардык иштер эркектердин мойнунда болгон. Аялдар айылдын жака-белинде жайылып жүргөн малга көз болгон, бээ, уй, кой-эчки сааган, жаш төлдү, ак берүүчү бодолорду багышкан, түнкүсүн анда-санда короо кайтарышкан, айылдын көчүп-конушуна байланышкан жумуштардын негизги бөлүгүн аткарышкан. Кыргыздар бардык жерде малды төлүн эмизип ийитип саашкан.

Кыргыздардын мал кармоо чарбачылыгында бакма малынын илдеттерин дарылоонун ар түрдүү ыкмалары: кан чегип алуу, сыныктарды шак-шактап таңуунун ар кыл жолдору жана элдик ветеринариянын эмпириялык башка каражаттары колдонулган. Бирок илдеттердин көбүн дарылоо колдорунан келген эмес. Мына ошондой учурларда сыйкырчылыктын ар кыл ыктарын колдонушкан: малга күйгүзүлгөн арчанын5 түтүнүн каптатышкан. Малды мазарларга айдап барып, ал жерде тилек сурап, дуба окушкан, колдоочуларына курмандык чалышкан ж. д. у. с. Албетте, булардын баары кырсыктардын алдын алып кала алган эмес, ал кырсыктардан дээрлик жыл сайын малчылар жапа чегип турушкан. Кыргызстан Россияга кошулгандан кийин пайда болгон ветеринария мекемелеринин тармагы өтө чектелүү болгон жана зор мейкиндиктерде чачкын жайгашкан кыргыз айылдарын тейлей алган эмес.

Бул жерге орустар менен украиндыктар көчүп келгенден соң жергиликтүү чарбачылык турмушта кээ бир жаңылыктар пайда болгон. В. А. Пяновский Ысык-Көл ойдуңунда жылкы заводун уюштурган. Пржевальск шаарында негизделген куут сарайында да асыл тукум айгырлар болгон. Кыргызстанга кара малдын жакшыртылган тукумдары, уяң жүндүү койлор алып келинген. Кээ бир жерлерде айыл чарба мектептери ачылган. Бирок чөп чаап-жыйноонун жана тоют даярдоонун өнүгүшү сыяктуу эле, прогрессивдүү мына ушул чаралардын баары кыргыздын мал чарбачылыгында сезилээрлик кандайдыр бир натыйжаларды берген эмес. Бул чарбачылык мурдагыдай эле артта турган жана азыктуулугу аз, табият шарттарына караманча көз каранды бойдон кала берген. Көчмөн жана жарым көчмөн турмуш үстөмдүк кылып турган бойдон калган.

Кыргыздардын жана Орто Азиядагы, Казакстандагы, Түштүк Сибирдеги, Монголиядагы жана аларга канатташ турган өлкөлөрдөгү мурдагы көчмөн элдердин мал чарбачылыгынан көрүнүп турган этностук салттарды талдоо сөзсүз атайын изилденүүчү маселе болууга тийиш. Ал өз ара таасир этишүүлөрдүн конкреттүү жолдорун табууга жана ушул элдердин этностук тарыхынын жана маданият тарыхынын жаңы барактарын жазууга мүмкүнчүлүк берээр эле. Биз бул жерде, калыбы, мына ошондой, изилдөөлөргө багыт берүүчү кээ бир пикирлерибизди айтуу менен гана чектелебиз. Мына ушуга байланыштуу көчмөндүүлүктүн тарыхына тиешелүү археологиялык жана этнографиялык даректердин чоң билерманы С. И. Руденконун айткан мындай бир калыс пикирин эске сала кетким келээр эле: «Кыргыздардыкы сыяктуу эле казактардын тиричилиги да илимий көз караштан алганда өзгөчө кызыгууну туудуруучу маселе, анткени алар, шексиз, жалпы эле түрктөр үчүн мүнөздүү турмуш элементтеринин баарын, малчылык-көчмөндүк эзелки турмушу менен бирге эң таза түрүндө сактап калышкан түрктөрдүн (б. а. түрк тилинде сүйлөгөндөрдүн. — С. А.) бирден бир өкүлдөрү».

Көрсөтүлүп өткөн көз караштан алганда, С. И. Руденконун эмгеги жарыкка чыккандан кийин жарыяланган изилдөөлөр көрсөткөндөй, түштүк алтайлыктар, тувалар, жарым көчмөн өзбектер сыяктуу элдер да кыргыздардан, казактардан кем калышпаган кызыгууну туудураарын көрсөттү, анткени алар да мал кармоочулук-көчмөндүк турмуштун жана башаты байыркы замандын түпкүрүнөн башталган өтө көп жаркын белгилерин сактап калышкан. Малды жыл бою жайытка багууга негизделген малчылык түштүк алтайлыктардын көп топторунун чарбачылык турмушунун негизи болуп саналат. Мал чарбачылыгын жүргүзүүнүн негизги бардык ыктары жана мал чарбачылыгына тиешелүү терминдердин кыйла бөлүгү сыяктуу эле мал тобунун составы (буга башка малдардан тышкары топоздор да кирген) алтайлыктарда жана кыргыздарда олуттуу айырмаланбайт. Мисалы, алтайлыктар музоолорду жана козуларды боз үйдө кармашкан; козуларды астына саман төшөлгөн жана үстү чабак жыгачтар менен жабылган ороолорго салышкан (алар «күркө» же «күпкө» деп аталган.) Кыргыздар да малдын жаш төлүн боз үйдө кармашкан же алар үчүн ороо, ошондой эле кийизден купкө жасашкан. Биз кызыккан жагдайда алганда, мал кармоо чарбачылыгы менен байланышкан терминдер бөлүп көрсөтүү маанисине ээ. «Кыргызча-орусча сөздүктүн» жаңы басылышына диалектикалык лексиканы чагылдырган көп материалдардын киргизилиши бир катар салыштырып көрүүлөрдү жүргүзүүгө негиз берет. Айтсак, кыргыздардын Тянь-Шань говорунда сейнек (эки жаштагы эчки) деген термин бар, ал термин тувалардын сейнек (1-2 жаштагы биттелген эркеч) деген сөзү менен үндөшүп турат. Үй малдарынын моңголдордукуна тектеш түрлөрүнүн окшош аталыштары кыргыз тилинин түштүк диалектилеринде гана учураары мүнөздүү көрүнүш. Дөнөн (4 жашка караган жылкы, өгүз, төө), дөнөн кой (4 жашка караган кой) дегенде мааниси жагынан моңголдордун «дөнөн морин», «дөнөн ухэр», «дөнөн хонь» деген сөздөрүнө окшош. Түндүк диалектилериндеги бышты деген (жылкы, өгүз, төө үчүн) жогорку сөздөргө ылайык келет. Адаттагы мөөнөтүнөн мурда тууп койгон чебичтерди түштүк кыргыздар жусак деп коюшат. Кашкарлык кыргыздар койду да ушинтип аташаарын билдим. Эки жаштагы эчкини моңголдор «Зусаг ямаа», эки жаштагы койду «зусаг хон» дешет. Бул фактылар, калыбы, түштүк кыргыздарынын урууларынын арасында теги моңгол бир аз сандагы топтордун (баргы, кодогочун, коңурат, керей ж. б.) белгилүү байланышы бар экендиги менен түшүндүрүлсө керек. Бирок башка да түшүндүрүүсү болушу мүмкүн.

Ошол эле түштүк кыргыздарынын урууларынын лексикасында үй малдарынын иран тилдериндеги (же иран-түрк тилдериндеги) аталыштарынын бар экендиги ал уруулардын отурукташкан жергиликтүү тажик жана өзбек калктары менен тыкыс карым-катнашынын натыйжасы болуп саналат. Ал аталыштар булар: кэлтэ тай (кулун, тай) чари, чары (4 жаштагы ирик), кунан ноопаз (3 жашка караган кара малдын эркеги) бада, пада (уй), тайкар (эшектин тайы), акта (бычылган эшек). Бул аталыштар анча-мынчалап Тянь-Шанда да учурайт, мисалы, ноопалан (3 жашка караган кара малдын эркеги). Менин тянь-шандык жазмаларымда тай ноопас (бычылган торпок), бышты, ноопас (4 жашка караган өгүз) дегендер да бар.

Л. П. Потапов тувалар үй жаныбарларын кандай аташаары жөнүндө көп маалыматтарды келтирет. Мына ушуга байланыштуу ал венгер этнографы жана филологу Кете Урай-Кохальминин чоң кызыгуу туудурган изилдөөсүнө көңүл бурган. К. Урай-Кохальми моңголдордон үй жаныбарларын жашы боюнча атоонун эки системасын: сандардын жардамы менен жана малдын тишине карап аташаарын учураткан. Анын үстүнө, изилдөөчү аныктагандай, экинчи система чыгыш моңголдору үчүн гана мүнөздүү болгон. Ал манчжурларда да сакталып калган, эвенкилерде жана эвендерде эки жаштан төрт жашка чейинки бугуларды атоодо учурайт, тибеттерде сандар системасы менен кезектештирилип колдонулат. Тишине карап атоо системасы түрк тилинде сүйлөгөн элдердин ичинен якуттарга гана белгилүү.

Тувалардын үй жаныбарларын атоолорун, изилдөө көрсөткөндөй, түштүк-чыгыштык туваларда (чооду, кыргыз, саян жана иркит уруу-урук топтору) үч жаштан беш жашка (кошо алынат) чейинки үй жаныбарларынын жашы жылдар боюнча бирдей, тишине карап атоолор системасын чагылдыруучу моңгол терминдери менен аталат. Иркиттерде жылкы жана кара мал, анча-мынчалар төөлөр үчүн да алты жашка чыккандан кийин сандык атоолор системасы колдонулат. Мына ошентип, түштүк, чыгыштык туваларда малдарды атоолордун эки системасы тең белгилүү жана ырааттуу айкалышта учурайт Л. П. Потапов малдарды атоолорун жарыялоо менен, түрк тилдеринде сүйлөгөн элдердин ичинен малдын тишине карап атоо системасын колдонгон якуттар гана деген болжолдоого олуттуу оңдоо киргизген.

Ушу кезге чейин үй жаныбарларын жашы боюнча ажыратуу үчүн, түрк тилдеринде сүйлөгөн башка элдердегидей эле, кыргыздарда да сан эсебин пайдалануу системасы гана колдонулат деп эсептелип келген. Эми бул абалга да кээ бир оңдоолорду киргизүүгө туура келип отурат. Мен 1947-жылы Түштүк Кыргызстанга барган убагымда мурда Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу областынын түштүк бөлүгүндө жашап келген адамдардан кээ бир маалыматтарды жазып алган болчумун. Ошондо бакма малдын башка аталыштарынын катарында: эки жаш койду эки тиштүү, үч жаштагысын — төрт тиштүү, 4 жаш төөнү — бир кырктый, 5 жаштагысын — эки кырктый, 6 жаштагысын — тегерек тиш деп аташаарын жазып алган элем. Бул аталыштардын баарында тиштердин саны (же формасы) маанилүү роль ойнойт.

Биздин байкоолорубуз К. К. Юдахиндин «Сөздүгүндө» келтирген так-таасын жаңы маалыматтар менен толук ырасталды. Ал «Сөздүктө» эки жана үч жаш койлорду эки тиштүү кой жана төрт тиштүү кой деп, ошондой эле жогоруда аталып өткөн жаштагы эркек төөлөрдүн да дал ушундай аталыштары (жалпы кыргыздардын жана түштүк кыргыздардын атоо варианттарында) берилген: 4 жаш төө — бир кырккан, 5 жаштагысы — үч кырккан (же түштүктө — төрт курэк), 6 жаштагысы — алты курэк (түштүктө), жети жаштагысынын — буура деп аталаары көрсөтүлгөн. К. К. Юдахин жашын тишине карап аныктоо фактысын жалпы кыргыздар үчүн мүнөздүү экенин белгилейт, түштүк кыргыздар үчүн «күрэк» — кашка тиш термининин маанисин берет. Мындай төөнүн кашка тиштеринин канчасы чыккандыгы аныктоочу маанилүү белги болуп саналат деген тыянак келип чыгат. Мына ошентип, үй жаныбарларын тишине карап атоо системасынын ачык-айкын билинип турган калдыктары, мисалы, кээ бир жаштагы койлорду жана буура, айгырларды атоо, кыргыздарда да сакталып калган.

Бул система жаныбарлардын башка түрлөрүн атоо үчүн колдонулган-колдонулбаганын айтуу азырынча кыйын. Мына ушуга байланыштуу асый деген термин өзүнө көңүл бурдурат; ал терминди кыргыздар чоң (беш жашка караган) малды: жылкы, кара мал, төө, ошондой эле бугуларды атоо үчүн колдонушат. «Төрт жаштан кийин, — деп жазат К. К. Юдахин, — асый менен, мисалы, беш жашка караганы жаңы асый же бир асый, алты жашка караганы эки асый, жети жашка караганы үч асый ж. д. у. с. деп эсептелет». «Асый» деген терминдин этимологиясы азырынча такталбаган бойдон калууда. Анын «азуу» деген түшүнүк менен байланышы бар экени жөнүндөгү жоромолду гана айтууга болот. Кыргыз тилинде дал ушул маанидеги азуу деген сөз бар, башка түрк тилдеринде «азw», «азы», «азу», «азik», «азiг», «азыг», «азук» деген формалар белгилүү. Мында азый асый деген тыбыштык өтүүнү көрүү кызык болор эле. Бардык жерде «з» табышынын учураганы мүнөздүү.

Фразеологиялык мисалдар: жылкы асыйында азуу саят; жылкыда беш жашында азуу өсүп чыгат; азуу сай (жылкыда) азуусу чыкты (б. а. Жылкы беш жашка карады) дегендер «асый» деген сөз азуу деген термин менен байланыштуу экенин көрсөтүп турат. Эгер биздин болжолубуз ырасталып калса, анда биз кыргыздар мурда кээ бир жаштагы койлорду жана төөлөрдү сан эсеби системасы менен катар аларды, мүмкүн жылкыларды да, тишине карап атоонун системасын колдонушканына кошумча далилди алган болор элек. Буга байланыштуу бизге дунган жана кыргыз лексикографиясы боюнча адис Юсуп Яншансин билдирген кызык пикирди да эске алуу керек. Анын оюна караганда, «асый» термининин экинчи жарымы (а+сый) дунгандын жана кытайдын «суй» деген сөзү менен байланышкан. Суй деген № 7011 иероглиф мына буларды билдирет: 1) жылдын саны, жашы (баланча) жаш; 2) жыл, жылдын башы ж. д. у. с. Ушул эле иероглифти япондор — сай, корейлер — се, вьетнамдар — tue деп айтышат. Бирок мунун бардык учурунда сөздүн биринчи бөлүгүнүн мааниси белгисиз бойдон кала берет.

Кыргыздарда жаныбарларды тишине карап атоонун мүнөздөлүп өткөн системасы негизги сан эсеби боюнча атоо системасы менен катар колдонулат, мындай абал тибеттерде жана тувалардын бир бөлүгүндө да орун алган.

Кыргыз системасы семантикалык жактан түштүк-чыгыш туваларда жана чыгыш моңголдордо колдонулуп жүргөн системага өтө жакын, минтип ойлоого лексика мүмкүнчүлүк берип турат. К. Кохальми мындай терминдерди келтирет: siduleng — тиши жаңыдан жарылып келе жаткан 3 жаш мал (Ибн-Муханндын глоссарийи (сөздүгү) боюнча sidun — тиш); kijayalang — алдыңкы тиштери бар 4 жаш мал; sojuyalang — азуулары бар (караңыз: кыргызча асый) 5 жаш мал; guyiceleng — бардык тиштери бар 6 жаш мал. Келтирилген бул маалыматтар кыргыздар менен моңголдордун бабаларынын этностук тарыхына дагы үңүлө кароого мажбур кылып турат, бул тарыхта этностук, тилдик жана маданий эң жакын карым-катыштардын этаптары болушу мүмкүн (жана калыбы, болсо деле керек).

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.