АҢГЕМЕ

Франциянын Париж шаарындагы «Лувр» музейинин кѳргѳзмѳ аянты. Бирин-экин баскан ар түрдүү улуттагы адамдар. Сүрѳттѳрдү тигиле карап, ѳз ара маектешип, кээси жылмайса, кээси кабагын чытый түшүп шыбыраша кетишет. Аянттын кире беришинде «Кѳчмѳндѳр цивилизациясы» деген жазуу, ал жазуунун алдында конокторду утурлап кѳргѳзмѳнү уюштурган башчы, жанында котормочу жана музейдин мүдүрү ийкемдүү жылмайып, келгендер менен саламдашып аларды аянтка узатууда.

Жаңы эле учактан түшүп башы айланган Канай саамга токтоп, бир катуу үшкүрүп алып, кѳйнѳгүн түзѳп, тепкич менен шашыла чыкты. Кѳргѳзмѳ аянтынын оозуна келип, эки жагын каранды да, «Кѳчмѳндѳр цивилизациясы» деген жазууну кѳрѳрү менен жүзүнѳ жылмаюу кирди. Кирпиктери тез-тез ирмелип, чекесинен чыга түшкѳн терин аарчып кадам таштады. Кара торусунан келген, жупуну кѳрүнгѳн, маңдайы жарык, орто бойлуу, ууртунда жылмаюу бар кыргыз жигит «Лувр» музейинин мүдүрүнүн жанына келди.

– Канай мырза, сизди күтүп жаттык эле, кош келдиңиз! Жакшы келип алдыңызбы?

– Саламатсыздарбы, Рахмат, жакшы келдим…

Котормочу бирде мүдүрдү, бирде Канайды карап тили-тилине тийбей француз тилине которуп кирди. Уюштуруучулардын башчысы Канай менен учурашып, кагаздар салынган кол баштыгын карматып, мойнуна ѳздүк аты жазылуу тастыктоону иле салды. Башчы мүдүрдүн кѳзүнѳ карап:

– Аянтка ѳтѳлү Канай мырза, сизди эл күтүп жатат, – деди. – Аянттын ачылганына туура 20 күн болду, эл кызыгуу менен кѳрүп жатат, 67 ѳлкѳ кѳргѳзмѳгѳ катышты, анын ичинен сиздикин ылайыктуу деп табышты комиссия мүчѳлѳрү… Сиздин сүрѳт «Лувр» музейинин түбѳлүктүү экспонаты катары илинет… Канай мырза, айтмакчы, бир сааттан соң ыраазычылык сѳзү уктурулат, комиссия мүчѳлѳрү сизге сѳз беребиз деп турат, – деп мүдүр сѳздү улай кетти.

Кеңири жайгашкан аянтта Канай керемет сүрѳткерлердин эмгектерин кѳз айрыбай карап келе жатты. Алардын ар бир сүрѳтүндѳ ѳзүнѳ таандык улуттун рухун, кѳз карашын, багытын сезгенсиди… Жүрѳгү тѳшүн тиреп дүкүлдѳй, ичи уйгу-туйгу болгондой бир кубанып, бир ыйлагандай жан дүйнѳсү алып учту. Аянттын ортосунда орнотулган дубалда жерден шыпка чейин уланган ѳзүнүн сүрѳтүн кѳрдү. Буттары титирей басып келип, ойлуу тигиле карады.

Кеңири кулач жайып жаткан Ала-Тоо, боорунда аккан кашка суу, тоо этектей түшкѳн карагайлуу токой, андан бери кѳк шибер жайлоо жайкалып жатат. Асман ачык – кѳпкѳк, күн күлмүңдѳп балдарына мээримин чачкандай жер наристелеринин саамайынан сылап турат. Чыныдай кѳмкѳрүлүп жаткан аппак боз үйлѳр жаратылыш баласындай. Башкы боз үйдѳн чыккан ак элекчен байбиче улан-кыздарга чаначтан кымыз куюп узатууда, андан алыс эмес шырдак шырыган кыз-келиндер обон салып жайдары мүнѳздѳ иштеп жатышса, уландар ээр токуп аттардын үзѳңгүлѳрүн оңдоп жатышат. Саяпкер бир нерсени түшүндүргѳндѳй уландарга жаңсап боз аттын жалын сылоодо. Кийинки боз үйлѳрдүн алдында казанга тамак асылган, келиндер эпчилдик менен бири казанды караса, бири камырын кѳтѳрүп чуркаган. Мырзалар жайылган кийиз үстүндѳ комуз чаап, жыгаччылык ѳнѳргѳ карк толуп, маңдайлары жарык. Алардан бери тестиер балдар ордо атып, чүкѳлѳрүн кѳтѳрүп чуркашса, тестиер кыздар селкинчек тээп күлкүлѳрү кубулжуйт. Айылдан анча алыс эмес жайлоонун ортосунда эл жык-жыйма толгон, кѳбү кѳңүл коюп кийиз шырдактын ортосунда орун алган ак калпакчан кишини таң кала караса, калганынын беттерине кызыл жүгүрүп, ичинен бороонго кабылгандай шыпшынып турушат. Жүздѳрү шайдоот, кут жаагандай кѳздѳрү күйүп, ак калпакчан киши кыймылдаса кошо кыймылдап, кээси санын чаап жиберсе, кээси ордунан обдула тура калат. Сары жүздүүсү, кара торусу, кѳк кѳздүүсү, тармал чачтуу, буудай ѳңдүүсү, тегереги, узуну, кыска бойлуусу бири-бирине окшобогон маалда да бир тилде сүйлѳп, руханий бир дем ичинде тегеренип турушту.

Ак калпакчан кишинин айткан сѳзү асманга жеткендей, ааламга учкандай кѳрүндү. Шамал бир саам токтоп, куштар үнү, жаныбарлар үнү, кашка суунун үнү киши үнүнѳ кошулуп кеткендей… Алаканын шак чаап, кара терге түшүп, улуу элдин баянын кѳчмѳн кулундарына айтып жаткан манасчы чарчаган жок, эмнегедир үнү ааламга жаңыргансыды. Жаратылыш да макул, табият да макул, күн дагы, асман дагы буга макул эле… Алыстан келе жаткан кѳч башы айылга бурулду… Чиркешкен тѳѳлѳр, аларды ээрчиген ботолору, жылкылар улам-улам үн салып акырындык менен жакындай келе жатат. Жайлоонун сол тарабында жайылып жүргѳн мал сансыз, оң тарабында айдалып жаткан эгин талаасы.

Канай бир ирмемдүү убакытта бала кезин эске салды, мына ошол күндѳр бул сүрѳттүн жаралышына түрткү болгон.

*     *     *

Балдар үйүнүн ашканасына тарбиячы кирип келди:

– Тамагыңар таттуу болсун балдар, бүтүп калдыңарбы? Жакшы кабар бар, чыдабай чуркап келдим айтайын деп… – Демин баскан Айгүл эже бир сыйра үшкүрүп алды да үнүн бийигирээк чыгарды. – Тосор, Канай экѳѳңѳр райондук сынактан ѳттүңѳр, сүйүнчү-үү! Эми республикалык сынакка катышасыңар, бирок жаңы тема беришет, бир канча күндѳ сүрѳттѳрүңѳрдү тартып берсеңер биз жеткирип беребиз.

Тосор «ур-рааа» деп ордунан тура калды. Канай ишенип-ишенбей Айгүл эженин кѳзүн карады. Анын ынанымдуу карегинен улам Канай жылмайып койду.

Канай менен Тосор ымыркай кезинен бери бир бѳлмѳдѳ жашап, бир тарбиячыда таалим алып келишкен. Алар бир туугандай, эгиздей ээрчишип жүргѳн достор. Тосор бир жаш улуу болсо да тентегирээк, шамдагай жана Канайга дайыма эркелеп жүрѳт эле. Салабаттуу мүнѳзү менен Тосорго кеңеш берген Канай аны жанынан да жакшы кѳрѳт. Ѳзүнѳ айталбаса да ичинен «Тосор сен – менин үй-бүлѳмсүң» деп кайталай берчү. Аны жакын тутуп үй-бүлѳлүк бекемдикти издечү…

Бѳлмѳсүнѳ келген балдар ал күнү уктабай кыйла кыялданып, кандай тема берилет экен деп сүйлѳшүп-шыбырашып чыгышты. Эртеси Айгүл эже балдарга республикалык сүрѳт сынагынын темасын жазып калтырып кетти. Балдарга ийгилик каалап керектүү калем сап, боёкторду алып берерин билдирип, чекелеринен сүйүп катуу кучактады. «Үй-бүлѳм» деген теманы Канай кѳрѳрү менен кыйла эсине келе албай отуруп калды. Кѳрбѳгѳн ата-энесин сагынды эмнегедир. Бѳлмѳсүнѳн чыгып шалдырай басып баратса, Айгүл эже менен мүдүрдүн үнү угулду:

– Кызыктай тема тандашат, эркин тема беришсе болмок эже.

– Айтпа, Айгүл, балдардын жүрѳгү козголот ко эми. Кандай сүрѳт тартышат бечаралар.

Канай менен Тосор боёкторун алып, күн сайын сүрѳт тартууга киришишти. Тосор балдар үйүн бакчасы менен, бакчада мүдүр эжени, Айгүл эжени, жапырт балдарды жайгаштырып тартты. Канай созулган жолдо ат үстүндѳгү кичине баланы колунда калем жана кагазы менен, атты ооздуктан жетелеп андан улуурак ѳспүрүм баланы кѳрсѳттү. Балдар бара жаткан жол боюнда боз үйлѳрдѳн чыга калган ак элекчен байбиче улан-кыздарга кымыз куйганын, шырдак шырыган кыз-келиндерди, жыгаччылык менен алек уландарды, селкинчек тепкен тестиер кыздарды, чүкѳ атышкан тестиер балдарды, андан бери манасчыны тегеректеген элди түшүрдү. Ат жетелеген бир тууганы, досу Тосор деп элестетип, аны үй-бүлѳ тутуп, ѳзүн ат үстүндѳгү кичине бала катары кыялданды. Бирок кыялын Тосорго ачык айта алган жок. Сүрѳттүн тѳмѳн жагына Максат деген псевдоним жазылды. Сүрѳттѳрдүн бетин жаап, кагазга ороп коюшту. Кѳп ѳтпѳй Айгүл эже балдардын сүрѳттѳрүн жеткирип берди. Ошол күнү Тосор ашканадагы бѳтѳлкѳлѳрдү ѳткѳрүп бал муздак алып жейбиз деп Канайды азгырды. Экѳѳлѳп эртеси таңга маал эч ким жокто шалдыратып бѳтѳлкѳлѳрдү кѳчѳгѳ алып чыгышты. Аларды бир арыктын ичине жашырышкан эле. Тамактануудан кийин келип бѳтѳлкѳлѳрдү ѳткѳрүп, тыйынына бал муздак алышты. Бал муздак саткан анча алыс эмес эс алуу бакчасына барып кѳк чѳпкѳ жата кетишти. Бактылуу сезишти ѳздѳрүн.

– Билесиңби, Тосор, сенден башка үй-бүлѳм жок.

– Эмнеге Кан, чоңоёбуз үй-бүлѳ курабыз, кѳѳп балалуу болобуз. Сенин да, менин да үй-бүлѳм болот.

– Буюрса десең Тосор, бирок сени агамдай кѳрѳм, кийин бир үй куруп эле үй-бүлѳлѳрүбүз менен чогу жашасак дейм. Сен менин балдарыма тарбия берсең, мен «мына бул менин агам», силердин да агаңар деп сыймыктансам… Бир далайга бактардын башы тиреп турган кѳк асманды карап жатышты.

– Кан, кетели, кѳпкѳ кармалдык. Билесиң, шаарга уруксатсыз чыкканга болбойт.

– Ооба, кетели…

Канай менен Тосор кубалашып жѳнѳштү. Жол чекесиндеги чала ачылган кудуктан секирип ѳткѳн Тосорду Канай ээрчий чуркады:

– Токто Тосор, анча чуркабачы, мени калтырба…аааааа – деген үн үзүлѳ түштү.

Аркасына бурулган Тосор Канайды таппай калды. Канай кудуктун четин жаздым басып, чала жабылган кудуктун капкагы кѳмкѳрүлүп ичине түшүп кеткени маалым болду. Жанталаша кудуктун капкагын четке сүйрѳп Тосор ылдый караса, Канайдын мурдунан кан кетип, буту одоно кыйшайып жаткан экен. Бакыра берди:

– Канай тур, тур дейм. – Ыйлап жиберген Тосор Канайдын эс-учунан кеткенин билип Айгүл эжени чакырганы далбастап чуркады.

Эсине келип Канай кѳзүн ачса, ооруканада жатат, буту сынган, таңылган, денеси оор, башы дагы оор тартып турат. «Тосор кайдасың? Айгүл эже?» — деп кыңкыстады.

Кечинде Тосор менен Айгүл эже алма-алмурут, сүт алып келишти. Жанында отуруп бир кыйла баар алышты. Акырында Айгүл эже:

– Канай, бал муздак жегиң келсе бѳтѳлкѳ уурдап сатабыз деп азгырылба, Тосорду да азгырбай жүр. Мага айтсаң, бир айласын таап уруксат алып берет элем да, балким үчѳѳбүз бал муздак жеп келмекпиз, – деди.

Канай акырын башын жылдырып Тосорду карады. Тосор терезе тушту тиктеди. Андай болгон эмес деп айтуунун ордуна башын жеңил ийкеп койду. Айгүл эже сѳзүн улады:

– Буюрса, эртең сүрѳт сынагынын жыйынтык аземине Тосор барат, сен мындай ишке барбасаң экѳѳңдү тең алып барбайт белем…

Бир апта ооруканада жаткан Канай зерикти. Тосор да, Айгүл эже да келген жок. Буту кыйла жакшы болуп калганда балдак карматып, балдар үйүнүн чарбасын караган шоопур Медет байке алып кетти. Балдар үйүнүн кире беришинде Тосорго арналган куттуктоонун илинип турганын кѳрдү. Катуу сүйүнгѳн Канай «Тосор азаматсың, билгем, ал менин агам, ал менин досум» – деп кайталай берди, Медет байкени нукуп койду. «Ооба, Тосор азамат» – деди Медет байке ойлуу, «Жүрү Чокчолой баатыр, кирели» – деп Канайды жетеледи. Тосорду жашаган бѳлмѳдѳн таппай кеч киргенге чейин бир кылым созулгандай күттү кѳрүнѳт. Бѳлмѳгѳ кирип келген Тосорду утурлай тосуп Канай кѳтѳрѳ кучактады, бутуна туралбай жыгылып кете жаздады:

– Куттуктайм Тоске, азаматсың! Сени менен сыймыктанам, кийин да сыймыктанам кѳрѳсүң го…

Бир айчалык убакыт ѳтүп Тосор менен Канай окуусунан чыгып китепканага барышат. Китепканачы Таня эже газеталарга оролгон таттууларын жеп, чай ичип отурган экен. Балдар эки саат баш кѳтѳрбѳй окуганын кѳрүп, оролгон таттууларын жандарына койду. Рахматын айткан экѳѳ шашып, таттуу тегерек токочторду жеп киришти. Бош калган гезитте Тосордун сүрѳтүн кѳргѳн Канай гезитти жазып жиберди. «Эң мыкты сүрѳт катары биринчи орунга ыйгарылган жаш талант – Тосор» деген жазууга кѳзү түштү. Жанында Максат деген псевдоним жазылган сүрѳт турат. Алгач Канай таңыркап, анан ѳңү кубарып кетти. Аны байкаган Тосор кызарып, кѳздѳрү ойноктоп, шашыла гезитти жыйнай салды. Экѳѳ үн сѳзсүз келе жатышты…

Ал күнү Канай үн каткан жок, Тосорду да жемелебеди. Түн оокумунда уктабастан, ары оодарылып, бери оодарылып сыртка жыңайлак чуркап чыкты… Тыбыраган жаанга бетин тосуп, жерден ѳткѳн сызды сезбей турду… Кѳзүнѳн аккан жаш жамгыр менен жуурулушуп, денесине кулап жатты. Жүрѳгүндѳгү үй-бүлѳсү таш-талканга айланды. Ымыркайында чыныгы үй-бүлѳсүнѳн ажыраса, эми кѳңүл түпкүрүндѳ жаткан балалык баёо сезими, кыялында курган үй-бүлѳсүнѳн ажырады. Шалдырап турган Канайды Тосор аркасынан келип кучактап:

– Кечирип койчу… сеники орунга илинди дегенде эле меники дей салгам да, кечир мени. Бирок Айгүл эжеге айтпай эле койчу, башка балдар билсе мени шылдыңга алышат, бул жерден кордукка алынам.

Тосор менен Канай күндѳн күнгѳ бири-бирине сууп, муздак болуп калышты. Айгүл эже да эмне себепчи болгонун түшүнгѳн жок. «Он сегизге толуп, уядан учаарда кѳзүнѳ жаш алып силер чоңойгон сайын муздап кеттиңер, эркек балдар ушундай болот окшойт», – деп жѳн гана күңгүрѳнүп койгон. Анын «кандай гана кыйынчылык болбосун адал ишке баргыла» дегени Канайдын түбѳлүктүү кулак түпкүрүндѳ жаңырып калды.

*     *     *

Сүрѳттү карап турган Канайдын оюн башчы ѳзүнѳ бурду:

– Керемет, Канай мырза, керемет! Адамдар тирилип, жаратылыш жандангандай, жада калса үн бергендей жандуу тарткансыз! Сүрѳт жупуну, бирок анда руханий жан бар менимче, кандай дейсиз? Бардыгы жапырт, чогу иштеп, чогу эс алып, жада калса ар-башка улуттар бир кѳз караш менен манасчыны тыңдап турушат. Абдан жандуу…

– Билбейм, балким…

– Жүрүңүз, азыр сѳз сизге берилет. Баса, сүрѳткѳ ат дагы, ысымыңызды дагы түшүрбѳптүрсүз. Атын коюңуз, бул маанилүү. Бул жердеги сүрѳттѳрдүн бардыгынын аты бар.

Топтолгон элдин арасынан Канай кадам шилтей кичине трибунага чыкты. Кѳргѳзмѳнүн катышуучулары, кѳрүүчүлѳр жапырт кол чабышты. Алая каранып, биразга токтолуп, Кыргызстандан келгенин, эли-жерин урматтаарын жана аны сүрѳткѳ түшүргѳнүн айтып ѳтүп, уюштуруучу топко ыраазычылыгын билдирди. Сѳзүнүн акырында:

– Үй-бүлѳсүз адам катары эсептечүмүн ѳзүмдү, бирок мен үй-бүлѳмдү таптым, ал менин туулуп ѳскѳн жерим, элим, ааламга колун созгон кѳчмѳн калкым, маданиятым. Асман алдында барыбыз бир чоң үй-бүлѳбүз, мен анын кулунумун. Сүрѳттүн аты «Үй-бүлѳм» болот.

Кол алышып Канайды куттуктаган мүдүр «таланттуу жигитке ыраазымын, – деп, – биз үйрѳнѳ турган, сабак ала турган кѳп нерсе кѳчмѳндѳрдүн цивилизациясында» – деген оюн билдирди. Канай бул учурда ичинен шыбырап жатты: «Айгүл эже адал иш аткардымбы, ишеничиңизди аткардымбы?»

– Келишим түзүп сиз менен иштешсек, кандай дейсиз, Канай мырза? Канай мырза… – Башчы Канай мырзаны карап турду.

*     *     *

Жандуу сүрѳт «Лувр» музейинин бир бурчун ээледи. Аны кѳргѳндѳр таңыркап, кѳчмѳндѳрдүн жашоосуна кирип кеткендей сезимде калып жатышты. Сүрѳттѳгү ак элечекчен байбиче жаш улан-кыздарды адал ишке чакыргандай Айгүл эженин жүзүн элестетип турду. Кѳрүүчүлѳр аны да сезип жатышса керек.

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.