Кысыдыпыдагы кыйсыпырдын азыр чаңы ызгып турган кез. Так ушул чаңы асманга сапырылып аткан партиянын депутаттары Кыргыз Республикасынын эң жогорку бийлик бутагынын бири – Парламентте эң көп орунду, бакандай 31%ын ээлеп, мамлекеттин дээрлик бүт тараза ташын ары-бери калчап келатышат. Жыйынтыгында, мамлекеттин бекемдигине доо кетип атканы аз келгенсип, адамзаттын мыкаачы колу Ала-Тоону алмустактан Ала-Тоо кылып келаткан ак мөңгүгө чейин жетип, сапырылган саясат санаага салып турат.

Бул жыйынтык – жумуруңа жук болбогон 1000 сомго берген добушуңдун жыйынтыгы, өз шорун өзү ичип аткан шоркелдей ШАЙЛООЧУ! Эң биринчиден сен ушуну аңдап түшүнүп калсаң экен…

Партиядагы буга чейинки тополоңдун кайсы бирин айталы, ансыз да ызгып аткан чаңды куюн учургандай бургуйлата учуруп аткан азыркы жагдайга эле токтололу. “КСДП Атамбаевсиз” деген ураандын алдында жер-жерлерде жыйындар өтүп атканы ЖМКларда байма-бай айтылып келди. Кыймылдын активисттеринин бири Сагынбек Абдрахманов аларды фракция жетекчиси Иса Өмүркулов да колдой тургандыгын SUPER.kg порталына билдирген (24.10.2018. SUPER.kg).

Фракция лидери бул тууралуу өз оозу менен ачык-айкын айтпаса да, ошол жагына оогон окшоп калды. Жакынкы эле бир кезде Атамбаевди “Журт атасы” дегенге чейин барганы («Азаттык», 22.11.2016) эске алынбай, Өмүркулов саясый кеңештин чечими менен партиядан чыгарылганы шардана болду (Кtrk.kg. 01.11.2018). Бул тууралуу Иса Өмүркулов өзү журналисттердин суроолоруна жооп берип, 8-9 партия мүчөсүнүн чыгардык деген чечими легитимсиз деп билдирген (AKIpress news, 01.11.2018). Апрель телеканалы 16-ноябрда фракциянын отурумунун иш башын жарыялады. Анда депутат Карамушкина Өмүркуловго отурумду башкарып отурганыңыз легитимсиз деп, анын партиядан чыгарылганы тууралуу саясий кеңештин чечимин фракция отурумунун күн тартибине коюуну талап кылды. Ага жооп кылып, Иса Өмүркулов саясий кеңештин мүчөлөрү толук катышпагандыктан ал чечим үчүн кворум болбогондугун, чечим юридикалык жактан туура катталбагандыгын жүйө кылды. Саясий кеңештин чечимине саботаж кылып жатасыңар деген Карамушкина кабаттап каяша кылып турган кезде Өмүркуловдун жанында отурган Асылбек Жээнбеков сөзгө уруксат алып, Өмүркулов 100%га фракциянын лидери деп белгиледи. Көзүр кимде экенин айгине кылган бул учурдан кийин, фракция лидери суроону күн тартибине коюуну добушка койду. Баары макул болуп, жалгыз каршы болгон Карамушкина түйүнчөгүн түйүнүп залдан чыгып кетти. Эми Иса Өмүркулов КСДПдан чыгабы же Атамбаев менен Карамушкинадан КСДП чыгып кетер бекен деген суроо туулат.

Ызгыган чаң али-бериде басылаар эмес. КСДПнын дагы бир мүчөсү – мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов өзүнүн фейсбук баракчасына акча каражаттары ачык көрсөтүлгөн барак илип, КСДПнын жана алардын талапкери Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынан мыйзам жол бергенден ашыкча сумма коротулганы тууралуу жазып чыккан (kaktus.media.15.11.2018). Анын айтымында, эгерде бул маалымат тастыктала турган болсо, президентке импичмент жарыялоого негиз болуп берет. Бул жетишерлик чуулгандуу жана мамлекеттик деңгээлдеги мааниге ээ маалыматты жарыялоо артында жөлөк-тирексиз болушу оңой эмес эле деп ойлоп ойду жыйгыча, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Атамбаев Жээнбековдун шайлоо кампаниясын каржылоо боюнча суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин билдирди (elet.media/ru. 16/11/2018)

Бул эмне, ормон опузабы?

«Досумду шайлайсыңар деп үмүттөнүп атам» деп, Жээнбековдун шайлоо кампаниясынын башында иш жүзүндө Атамбаев өзү туруп бергенин жумурай журт унуткудай боло элек. Атамбаевдин колдоосу менен келгенин Жээнбеков да бир нече жолу белгилеген. Ошондо бул мыйзам бузуулар болгон болсо, анда Атамбаев ошол кездеги Фарид Ниязовго окшогон желдеттери менен бул иштерге ширелише катышкан болуп, суудан кургак чыга албай калат ко?

 

Маалымат боюнча шайлоо штабынын башчысы болгон Фарид Ниязов да пикирин билдирген: “Мен штабды жетектеп, ишин уюштургам. Бирок каржылоо маселеси менин милдетим эмес болчу. Президенттикке талапкер бул маселени штабдагы башка жооптуу эки киши менен талкуулаган”.

Штабды жетектеп, ишин уюштуруп атып анан каржы маселеси менен ишим болгон эмес деген турабы? “Башка жооптуу эки киши менен…” деп түртө сала турган кишилерди да каңкуулай кеткени бул бир сценарий менен кетип аткан ишпи деген ойго түртөт. «Белизгейт», «Маевскийгейт» ж. б. сыяктуу чала-була бирдемени мурундун учу тушка чүргөй салышып, ишпалдасы чыкчу эле. Эми эмне болор экен… кийинки “сериясын” күтө туралы.

Кесепети кендирди кесип атпайбы, болбосо дүйнөдө жок кызыктуу “тасманы” тирүүлөй көрүп, тирүүлөй күбөсү болуунун кызыгы укмуш эле болуп атат.

Деги, тынчтык эле болсун ылайым.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.