Николай Сладков: Босогодо күз (жомок)

— Токой жашоочулары! – деп жар салды акылман Карга бир жолу таң атпай. – Босогого Күз келди, аны тосуп алганга даярсыңарбы? Токойдун түпкүрүнөн жаңырыктаган үндөр чыкты: — Даярбыз, даярбыз, даярбыз… — Азыр текшеребиз! – деп карк этти Карга. – Эң алгач күз токойго суукту жиберет – силер кандай жооп бересиңер? Айбанаттар жооп беришти: — Биз, тыйын чычкандар, коёндор, түлкүлөр, кышкы тонубузду жамынабыз! — Биз, кашкулактар, еноттор, суурлар жылуу ийиндерибизге кирип кетебиз! — Биз, кирпилер, жарганаттар, жазга чейин таттуу уйкуга киребез! […]

Шакен Мамбетаипова: Ашыктык абазы

ЭСИҢДЕБИ? Салкын аба. Сен экөөбүз дем алып, Сен арнадың суу боюнан гүл алып. Эсиңдеби, спутникти көргөн кеч? Экөөбүз тең, көк тиктедик кубанып. «Ракета» деп асман жакты жаңдадым, Ырас, аны дароо көрө калбадың. «Алаксыттың, адаштырдың кебимден. Атайы эле, — дедиң — мени алдадың». Көп узабай сен да көрдүң учканын, Көп жылдыздын арасынан сызганын. Көп ойлонтот көңүлүмдү түбөлүк, «Көктө спутник күбө» деп кол кысканың. Эсиңдеби? Менин болсо эсимде. Эчен түшөт жылдыз көрсөм сезимге. Дартка салдың сүйүүң менен жүрөктү. Дайым карайм асман жакты […]

Феликс Кривиндин классикалык чакан аңгемелери

Каракчы Огород кайтаруу үчүн коюлган каракчы сүйүнүп,  өзүнүн кызмат ордун жууп той өткөзмөк болду. Ал асманда чабыттап учкан куштарды төгүлүп бышып турган жемиштерден тоё жеп, тойлоп кетүүгө жан-алы калбай кол булгалап чакырып жатты. Бирок куштар аны карап да койбоду. Каракчы болсо токтоп калбай чакыра берди, чакыра берди… Ал анын кубанычын эч кимиси бөлүшкүсү келбей жатканына аябай капа болду. Түбөлүктүүлүк Гранит аскага эки миллион жыл толгонуна байланыштуу куттуктоо үчүнбү же жөн элеби, айтор анын жанына жаңы эле жарык дүйнөгө келген Каакым […]

Бейшебай Усубалиев: Түтүн (шедевр)

АҢГЕМЕ Асылкерим шашып-бушуп чыкты да, шапа-шупа кийине кетти. Анын жанында эки бала чечинип жатты. Асылкерим аларга назар салып да койбоду, эчтеке ойлободу. Бирок аны кимдир бирөө карап тургандай сезилип кетти. Жалт карады — өзүн элее тиктеп турган сары баланын көзү менен көзү чагылыша түштү. Бала коомайсыздана жылмайды. Асылкерим күлөйүн деп күлө албай койду. Анан кайра кийине баштады. Көп өтпөй эле баягы бала акырын бери жылды да, корккондой: — Байке, сиз мончодон чыктыңызбы? — Ооба! — Асылкерим чочуп кетти. — Эмне […]

Ишенбай Абдуразаков: Жапон дүйнөсү

Эли Жапондор дүйнөдө тектеш туугандары жок ”жетим» элдердин бири. Мифологиялык катмарлардан тазаланып, жапондор тууралуу илимий изилдөө иши экинчи дүйнөлүк согуштан кийин гана кеңири жолго чыкканын айта кетүү абзел. Илимпоздордун пикири боюнча азыркы жапондор атам замандан бери жашап келген жергиликтүү эл менен башка жактан келген элдердин кошулмасынан чыккан делинет. Келгиндер негизинен үч тараптан: түндүктөн, батыштан жана түштүктөн келген деген божомолдол бар. Бирок алар ким болгону ачык далилдене элек. Тилине караганда түштүктөн келгендер малай тил группасына жакын болуп, түндүк менен батыштан келгендер […]

Эсенбай Нурушев: Жаңы ойломдун оролу

“Акындардын арзуусу: эростон эсхатологияга” аттуу адабий-философиялык эсслерден үзүндү. Азыркы замандын жанараакта айтылган шумурай шумдуктарын укканда барбы, астапыр алдалап жакаңды кармап, анан бу турмушта акындар бар экенин эстей калып, ошого шүгүрчүлүк келтирип, тобо деп кетесиң. Сүйүүнү ошолор даңктап ырдап, ошонусу менен адамзатка өз насилин эскертип, эсине келтирип дегендей, аны сезим-туюм дегенден таптакыр тукулжурап калган робот-машинеге айланып кетүүдөн сактап, жалган деп аталган бу жарыкчылыктын асылдыгы менен сулуулугун, бүткүл кереметин жанарын жайната алдыга жайып, ажайып кылып көрсөтүп турат. Дегеле поэзия дегендин өзү, Дантенин […]