“Акындардын арзуусу: эростон эсхатологияга” аттуу адабий-философиялык эсслерден үзүндү.

Азыркы замандын жанараакта айтылган шумурай шумдуктарын укканда барбы, астапыр алдалап жакаңды кармап, анан бу турмушта акындар бар экенин эстей калып, ошого шүгүрчүлүк келтирип, тобо деп кетесиң. Сүйүүнү ошолор даңктап ырдап, ошонусу менен адамзатка өз насилин эскертип, эсине келтирип дегендей, аны сезим-туюм дегенден таптакыр тукулжурап калган робот-машинеге айланып кетүүдөн сактап, жалган деп аталган бу жарыкчылыктын асылдыгы менен сулуулугун, бүткүл кереметин жанарын жайната алдыга жайып, ажайып кылып көрсөтүп турат. Дегеле поэзия дегендин өзү, Дантенин бир айтканын эстесек, «дээринен эле арзуу сезимдерин туюнтуу үчүн жаралган».

Анын сыңарындай биздин кыргызда деле ашыктык ырлары Омор акынга чейин эле ырдалып, жазылып келген, мындан кийин да бу теманын кылтасы биротоло кыйылып калбайт. Эркек калемгерлерди айтпайлы, күйдүм-сүйдүмгө келгенде жадесе кыз-келиндер поэзиясы да кыйла эле таскагы чыгып, тастайып, барган сайын бети ачылып бараткансыйт. Мунусу үчүн аларды айыпташка акыбыз жок, чыгармачылыкта кимге болсун аны жазбай, муну жаз, андай жазбай, мындай жаз деп буйрук бергенге, кайсы бир темага тыйылгы салганга болбойт, каалаганын айтып, каалаганын жазсын, кеп ошо сөзү канчалык көркөм деңгээлде көрүнөт, окуган кишинин анча-мынча ой-сезимин козгой алабы, же бир окулган бойдон эле калып кетеби, мына ушунда эмеспи.

Жаш калемгерлер Омор акынды тигиндейинен да, мындайынан да, узунунан да, туурасынан да туурап көрүштү. Анын саптарын саал башкачараак кылып сомолоп, кайра акындын өзүнө окуп бергендери да болду.

Кармаган калем учту жаңы эле эптеп,
Жаш кыздар кагаз бетин дарыялап,
Жазышып «Сен жөнүндө поэма» деп,
Жүрүшөт гезиттерге жарыялап.

Акындын бу сөзү да ак: мындайды көрүп жүрөбүз, байкап жүрөбүз. Менин жеке баамымда, Омор акынды бу жагынан поэзиядагы жалаң «мадыра баштар» эле эмес, калеми такшалып, ак каптал аталып калгандар деле тигил же бул өлчөмдө кайталашты. Мунун жакшы жагы ушу болду — махабат темасы секетпай менен күйдүм чоктун деңгээлинен көтөрүлүп, ой чабыты бийиктеп, кыйыры кыйла кеңейди, үргүлжү ала келгенде ашыктык, арзуу маселесинде поэзиянын дүйнө көрүмү, болмуш таанымы өзгөрдү. Демек, ошо туурамчылар аркылуу деле Омор акындын жалпы поэзияга кадимкидей пайда-батасы тийди.

Кыргыздын ашыктык ырларынын түзүлүшүндө, алардын архитектоникасында илгертен келаткан өзүнчө эрежеси, тартиби болгон. Адатта алдыңкы эки сапта башка эле бирдеме айтылып, негизги ой акыркы эки сапта туюнтулган. Танык катары кеңири белгилүү ырларды эстесек болот: «Арпанын Ала-Тоосунан, \ аркарын атсам зоосунан. \ Асылкеч сендей селкинин,\ айлантып өпсөм оозунан».

Бу жерде эки эңсөө бар: аскага чыгып, аркар атыш – бир кыял да, арзыткан селкисин өбүш – бир кыял. Экөөнүн ортосунда кандай логикалык байланыш бар экени адатта капарга келе бербейт. Кээде ойлоп кетесиң: кейпи, илгерки селкилер бийик тоого чыгып, аркар атып келгендерге гана өптүргөн окшойт деп.

Же башка бир белгилүү ырды алалы:»Кан жайлоо деген бийик бел, \ кар жааса согот муздак жел. \ Кайрыма жака, кара көз, \ кадырды билсең өзүң кел».

Кылтыйып кайра эле кычыткы суроо чыга калат: кадырды билбес кара көз эмне үчүн дал ушу Кан жайлоого кар түшүп, муздак шамал соккондо гана эске келет?

Кандай дебейли, мындай ырлардын өзүнчө эстетикасы, өзүнчө көркөмдүгү бар, анысы элдин поэтикалык ойлом дүйнөсүнө, кыял чабытына багыныңкы болгон. Ушул усул салт болуп, азыркы профессионал жазма поэзияда да уланып жүрөт. Маселен, кеңири белгилүү дагы бир ырда: «Тоонун суусу аңтарылат иримдеп, \ дарак ырдайт жалбырагы дирилдеп. \ Күн чыгышым, келсең боло күттүрбөй, \ салааланып саамай чачың бириндеп»,-  делинет.

Белгилүү да, күттүргөн бийкең келеби-келбейби, жаратылыш өз жазмышынан жанбайт: тоонун суусу иримдеп ага берет, дарак желге жалбырагын дирилдетип шуулдай берет.

Мындай ыкманы поэтикалык фон дешет. Ал эки милдет аткарат: биринчиден — уйкаштык үчүн кажет, экинчиден – негизги ойго огожо болот, аны күчөтөт, керектүү бойок болуп берет. Ошентсе да мындай ыкма, Ницше айткандай, «ой-сезимдин түпкүрүнө жеткенге» жардамдаша албайт.

Омор акын поэзияга башка усул алып кирди. Ошол эле табият көрүнүштөрү анын ыр саптарында өз-өзүнчө ыдырабай, бөлүнүп-бөлчөктөнбөй, жалпы поэтикалык контекстте кыттай кыналып, бир ыдырга салынып, андан ажыратып алганга болбой турган абалда ойдун өзөгүнө кошо өрүлүп калат. Классикага айланган атактуу «Унутпадым» деген ырды билбегендер аз болсо керек.

Аралап шаар ичин басып жүргөн,
Андагы ак буурул түн эсиңдеби?
Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан,
Оттору Фрунзенин кечиндеги, — деп башталат эмеспи ал.

Акыркы эки саптагы табылгага тамшанбай да, таң калбай да койо албайсың! Шаар отторун минтип, менимче, кыргыз поэзиясында Омор акынга чейин эч ким сүрөттөгөн эмес эле. Күндүз кечке уктап жатып, иңир талаш жыбырап ойгонуп, жан жактан жабалактап сага көз кысып жаткансыган жарыктар буурул түндүн ого бетер көркүн чыгарып, кереметин ашырып атпайбы.

Анан калса бул эки саптын ойлом процессинен (мыслительный процесс) алганда да «төңкөрүшчүл» шоокети бар. Адатка айланган кабылдоодо жан-жаныбардын баары эрте менен ойгонот эмеспи, мында болсо шаар оттору кечинде ойгонуп отурат, муну менен акын байкатпай, бир сүртүм сүрөт менен биздеги көнүмүш түшүнүктү өзгөртүп, жалпы эсепте келип дүйнө көрүмүбүздү кеңейте коюп жатат. Болгондо аны табигый тейде кабылдатып жатат.

Биз жүрдүк кол кармашып жол боюнда,
Буурул түн жылдыздарын сууга төктү.
Узаган жаштык – өмүр сыяктанып,
Паровоз түтүн бүркүп өтүп кетти, — деп уланат ыр андан ары.

Кандай тааныш картина, каран калгыр! Акындын башка бир ырында айтылгандай, «менменсип жаш өмүрдүн деми менен, \ жалын болуп күйүп-жанып, \ тутанып суу үстүндө жалбырттаган» жылдарда көгүлтүр мунарыкка чөмүлгөн шаар ичинде кыз жандап басып жүрүп, түтүн бүркүп ары-бери өтүп турган паровозду көп эле көрбөдүкпү, бирок аны ал кезде ким таңазар алыптыр дейсиз. Эми минтип Омор акындын алдагы саптарын окуган сайын чын эле паровоздой өтүп кеткен ошол оттуу күндөрдү эстеп, күрсүнө түшөсүң.

Үн катпай мени тиктейт бак-дарактар,
Жүрөктө сагынчыма карашкансып.
Негедир канаттуулар учуп өтсө,
Сезилет сени көздөй бараткансып.

Карабайсызбы, жөпжөнөкөй эле ушу сөздөрдө, жөпжөнөкөй эле ушу сүрөттө көөдөнгө сыйбаган кандай гана кусалык уюп турат. Унчукпай жалдыраган бак-дарактар, кайдадыр учуп өткөн канаттуулар поэтикалык фон эмес, көкүрөктөгү сагыныч менен санаанын өзүнө айланып калган.

Азыр кеңири таралып, классика болуп калган дагы бир ыры — «Ак булуттары» да ушул кыяптагы поэтикалык туундудан. Окуп көрөлү:

Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып,
Силерди ак булуттар жолдош кылып.
Мен келип алтын кумдуу көл жээгине,
Олтурам эскерүүдө ичтен сызып.

Сезгендей айрыларды коркоор элем,
Алтын кум сен баарына орток элең.
Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга,
Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем.

Кайгынын каран түнүн жарык кылар,
Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар.
Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,
Айдалып баратканда ак булуттар.

Калыс болуңуз, эгер ырдын контекстинен ак булуттар менен алтын кумдуу көл жээгин алып салсаңыз, калгандары эчтемеге арзыбай калмак, сезимиңизди козгой да алмак эмес.Ошолордун күчү гана сенейип сезими катып эле калбаса ар кандай адамды «ай, атаа» дедиртип, ичтен бир улутунтуп койгонго жарайт. Бу жерде «ушу сага жетпесем, дүйнөдөн так өтөм» деп такыбасынган аксым сүйүүнүн анты ырдалып жаткан жок, тетирисинче, кайчы өткөн тагдырга калбаат карап, акыл менен калчаган салабат санаа, салабат өкүнүч жатат. Омокемдин ушуга окшош тексттерин батыны ачыктай парасат-баамы өткүр Түкөң (Казаков) «өмүргө тете кусалык» деп атап жүргөнү бекер кеп эмес.

Деги Омор акын күйдүм-сүйдүмдө көп күйпөлөктөп күйүп-быша берет, жеке керт башынын кайгысын коомдук кайгыга айланткысы келет деп ким айтты экен, кысталак?! Учурунда ушундай өгөй-татай сөзгө да калып жүрбөдүбү.

Фрейддин оппоненттерин эстесек, ашыктык, арзуу сезими адамды айбандан айрымалап, аны жапайы дүйнөдөн бөлүп чыккан бирден бир улуу туюмга кирет. Сүйө билген «коомдук жаныбар» (Аристотелдин аныктамасы) гана адам деген атка татыктуу болот. Ыбырсыган көр тиричиликте муну баары эле түшүнө албайт, ага маани да бербейт.

Омор акын болгону болмуштун ушул чындыгын аңдап калган, таанып калган жандын бири. Ал сүйүүнү тирүүлүктүн түркүгүнө байлап, бизге — окурман журтуна — анын түп насилин, философтордун сөзү менен айтканда, субстанциясын ичкертен аңтарып, ачып бергенге умтулат. Ошондон улам көкүрөктө көлкүлдөп турган жылуу сезимдин, таза туюмдун түз эле өзүн айтат, ар кайсыга чарпылбай, кайпалактап кайсалабай, ысык ыкылас, аялуу ышкы кандай болсо, аны ошо тейинде жеткиргиси келет.

*     *     *

Михаил Лермонтовдун 1832-жылы жазылган мамындай саптары бар:

Кто объяснит, что значит красота:
Грудь полная иль стройный гибкий стан.
Или большие очи? — но порой
Всё это не зовем мы красотой.

Ырас ко, сырткы сымбаты канчалык көз тайгылтып турган менен сүйлөшө келгенде бээни сурасаң төөнү айтып кирсе, же оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып, кагынып-силкинип турса, андай ургаачыны эч ким деле сулуу ордуна санабайт эмеспи. Дене-бойдун көркүнө сыйкырдуу нур сыяктанып жан дүйнөнүн көркү көлкүлдөп төгүлүп турганда гана сулуулук ары аруу, ары назик касиет алып, өз насилинде көрүнө алат.

Лермонтов өйдөкү ырын төмөнкүдөй жыйынтыктаган:

Я был готов упасть к ногам её,
Отдать ей волю, жизнь, и рай, и всё,
Чтоб получить один, один лишь взгляд,
Из тех, которых всё блаженство — яд!

Көрдүңүзбү, кирпик кагым бир сүйкүм көз караштын күчү жана сулуулугу кандай болот! Сүйгөн перисинин ушундай бир ирмем көз карашына зар болуп, байкуш Данте менен бечера Петрарка жинди болуп кете жаздашкан.

Сүйүүнүн, сулуулуктун эротоманияда, же Фрейд айткан «жапайы сезимде» түк байкала бербес не бир керемети менен сыйкырын, кудурет-күчүн төкпөй-чачпай, кемелинен кемитпей туюнтканга көркөм өнөрдүн бардык түрүнөн жалгыз ушу поэзия гана жараса керек. Ошону үчүн махабат лирикасынын алдыңкы үлгүлөрүн эрософия-сүйүү философиясы – деп коюшат.

Эрософия ( эрос-сүйүү, махабат; софия – акылгөйлүк) — арзуу сезимин «анатомиялык» сулуулуктан, Омор акындын сөзү менен айтканда, «аялдардын этегинен» алда канча өйдө турган, андан да башка, андан да бийик не бир керемет, аң-сезимде кармап кала алгыс үлбүрөк, назик туюмдардан куралган, ошонусу аркылуу аруу, сыйкырдуу, табышмактуу, карандай акылга баш ийбеген, түшүнүксүз кыяпат алып, арбап, азгырып, бу жашоонун маңызын жаркытып, айтып бере алгыс асылдыкка бөлөп койо алар касиети бар субстанция кылып түшүндүрөт.

Мисалы, Лермонтовдун ошол эле кирпик ирмем көз карашын алсак, анын кудурети Омор акында:

Дүйнө тарып, укум болуп убакыт,
Өмүр болуп бир тартылган көз ирмем, — деген сыпаттама алат. Карабайсызбы, бүтүндөй бир өмүргө тете келген бир ирмем көз караштын күчү кандай!

Дегинкисин алганда жалпы арзуу ырларынан сүйүү деген балакет калгыр бул сезимдин туюнтуп айтып бере алгыс не бир сыйкырдуу учурларын кум арасында ийненин көзүндөй болуп жылтылдап жаткан алтындын күкүмүнө окшоп жаркырата койгон ушундай саптар үчүн гана окуйсуң. Анын үстүнө мындай ой-туюмдар жаш кезде, мажнун болуп жүргөн чакта гана келет, болгондо да, илимде аныкталгандай, бир күндө адам мээсине алтымыш миң ой-санаа келип кетсе, махабатка мас болгон куракта алар самандай сапырылып турат. Канча таланттуу болбосун, жаш адам алардын баарын кармап калганга, сөз менен айтып бергенге баары бир чабалдык кылат. Ал эми мындайга чамаң жетип калган куракта, кашайып, жаш кезгидей сезим-туюмдар калбай калат.

Омор акын жаш кезеңде адам баласына бир келе турган илме кайып изги сезим-туюмдарды өзүндөй кылып кармап кала алган. Мисалы, мына бул саптарды алалы:

Эмне экенин өзүм билбей дегдегем,
Бир дүйнөнү – назик, таза, эң кенен.
Табалбагам көңүлүм зилдеп зарыккам,
Табармын деп үмүт үзбөй издегем.

Ургаачысызбы, эркексизби, ким болсоңуз да балагаттан өтүп, бой тарта баштаганда же жаштык куракта ушуга окшош кыялдарга кабылдыңыз беле? Сезимдин кайталангыс сулуулугу дал ушундай учурларда жаралат.

Же ким бирөөгө тымызын көңүл отуңуз жанып калып, аны күндө көргүңүз келип жүргөндө:

Кайгыланам кандай күндө болду деп,
Кабарыңды укпай калсам күн өтүп.
Жаш жүрөгүм жаш кулундай титиреп,
Жапаа, санаа бирге келет жүдөтүп, — дегендей абалда калдыңыз беле? Эгер эт-жүрөктү жаш кулундай титиреткен учурду баштан кечирбеген болсоңуз, анда сиз жараткан өзү адам пендесине атаа кылган көп ырыскынын биринен кур калган экенмин деп ойлой бериңиз. Бул да өмүрдүн керемет бир учуру болот.

Арзыган бийкеси же бозою менен кол кармашып, жылуу жылмайыша, жалжал тиктеше калып жүргөн бактылуу жигит-кызга айлана-тегеректе көз салган же суктанган, антпесе жөн эле ары-бери кеп кылгандар болот эмеспи. Ошондой учурду Омор акын мындайча туюнтат:

Мен кандаймын, сен кандайсың билишпей
Өткөн, кеткен өйдө-төмөн сөз кылаар.
Өзгөлөргө өтүп кетээр бир иштей,
Өзүбүзгө өмүр менен барабар.

Сизге да ушундай туюлган учур болду беле? Муну да жаш курактын, арзуу сезиминин экинчи кайталангыс дагы бир керемет учуру десек болот.

Дагы эки сап:

Көңүлүмдө ыраазылык топтолтура,
Мен мынча бактым менен кайда батам?

Арзуу лирикасында акындын мыктылыгы, таланты, тапкырлыгы да таза, аруу, жубардай тунук сезимдердин тогуз каттай жумгакталган жумуруна чейин кирип, Маркстын сөзү менен айтканда, жалкы туюмду жалпы туюмга жеткирип, жеке өзүнүн гана эмес, окуган адамдын да энчисине айлантып жибере алганынан көрүнөт. Жашоонун, өмүрдүн, сүйүү менен сезимдин сулуулугу дал ушундай уйгу-туйгу учурлардан көрүнөт.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.