Эли

Жапондор дүйнөдө тектеш туугандары жок ”жетим» элдердин бири. Мифологиялык катмарлардан тазаланып, жапондор тууралуу илимий изилдөө иши экинчи дүйнөлүк согуштан кийин гана кеңири жолго чыкканын айта кетүү абзел.

Илимпоздордун пикири боюнча азыркы жапондор атам замандан бери жашап келген жергиликтүү эл менен башка жактан келген элдердин кошулмасынан чыккан делинет. Келгиндер негизинен үч тараптан: түндүктөн, батыштан жана түштүктөн келген деген божомолдол бар. Бирок алар ким болгону ачык далилдене элек. Тилине караганда түштүктөн келгендер малай тил группасына жакын болуп, түндүк менен батыштан келгендер болсо — алтай группасына таандык болушу мүмкүн. Кээ бир аалымдар жапон мамлекетин башка материктен ооп келген «атчан калк” негиздеши да ыктымал, болжол менен алар IV кылымда келип, жергиликтүү элди бириктирген дегендей пикирди айтышкан. Ал атчандар Азиянын чыгыш кырынан келиши мүмкүн деген менен алар ким болгону, кореялыктарбы, манжурларбы же алтай тил группасындагы башка элдерби — ал белгисиз. Бул концепциянын кээ бир ишенимдүү жагы болгону менен толук далилдене элек.

Тили 

Шовинисттик идеология күч алып турган кезде, ага чейин деле изоляция болуп, башка элдердин жайын билбегендиктен жапондор өздөрүн да, тилин да дүйнөдө уникалдуу деп, ал эмес өз тегин мифтик кудайлар менен байланыштырып келгени белгилүү.

Азыркы изилдөөлөр жапон тилинин башка кээ бир тилдерге жакындыгы бар экенин ачык көрсөттү. Синтаксистик структурасы боюнча жапон тили алтай тилине, лексика жана фонетика жагынан малай-полинезия тилдерине аздыр-көптүр окшоштугун азыр эч ким танбайт.

Өзүнүн тилдик негизи боюнча кытай тилине кайнаса каны кошулбайт. Бирок кытайдын иероглификасын алып, бир жарым миңге жакын жыл тыкыс маданий байланышы болгондуктан бул тилдин таасири өтө чоң.

Азыр жапондордо илгери кеңири колдонулуп келген көп сөздөр колдонулбай, анын ордуна англис сөздөрү тез кирип көбөйүүдө. Тилибиз бузулуп баратат деп айгай салган жапонду көрбөдүм. Көп адистерден ушул маселе боюнча пикирин сурасам, ага айла жок нерсе, экинчи жагынан тилдин тазалыгынан да байлыгы, тактыгы, дүйнөлүк илим-техниканын, маданияттын түшүнүктөрүн адекваттуу бере алышы алда канча баалуу деген ой айтышат.

Жапон жана кыргыз тилдериндеги айрым окшоштуктар

Жапон тили менен түрк, ошонун ичинде кыргыз тилдеринин жалпылык жагы бар экени шексиз. Өтө кызык, бирок аябай татаал бул проблема жетиштүү изилдене элек. Анын өзүнчө себептери да болсо керек. Алардын ичинде негизгиси: жапон тилин жетиштүү билген түрк илимпоздору же түрк тилдерин жакшы билген жапон аалымдары дээрлик жок болгондуктан, экинчиси — узакка чейин өз элин теңдешсиз деп, калктарды жанына жакындаткысы да келбеген шовинисттик стереотип илимге залал кылып, көлөкөсүн салыл келген. Мындан ары бул тилдердин жалпылык жагын тизмектештирип, алтай, түрк, монгол, манжур тил түрмөгү менен жапон тилдеринин кайсы жол менен өсүп келгендигин, бул элдерде түптил (протоязык) болгонбу же жокпу, эгер болсо, качан жана кантип бөлүнүп кеткенин божомолдоо, мүмкүн болушунча, далил издеп көрүү өтө кызык проблемадай көрүнөт. Бул проблема илимий залкар табылганы күтүп турат. Буйруса, ушуга бел байлап, өмүрүн арнаган таланттуу жаштар да чыгар.

Ага чейин кыргыз тили менен жапон тилиндеги кээ бир окшоштуктарга көңүл бургум келет. (Мындай окшоштуктар бир далай эле бар. Азырынча илимий тизмеги жок эле, системасыз, ойго дароо келген кээ бир окшоштуктарга гана токтолобуз). Мени биринчи таң калтырган сөз жапондордун илгеркиден бери келе жаткан ичке, үзүк кесилген «кисимэ” деген тамагы болду. Ал биздин кесменин өзү. Өрмөк менен соккон нерсени алар “оримоно” дешет экен. «Киру« деген кесүү деген сөз. Кыргызча, мисалы, кыруу илгери ушуга жакын болуп жүрбөсүн. «Иро” — ыраң деген сөз. Ыраң менен иро окшош эмеспи?

Ошону менен эле «кэсу» деген сөздүн жок кылуу деген мааниси бар. Мисалы, «момуну ичип ий, зарынаны кесет» дегендеги «кесүүгө» жакын. Үйдү жапончо “мэ», атаны “отоо сан”, көкүрөктү (көкүрөктөгү сыр, муң ж.6.) “кокоро», катууну «катай” дешет. Байкап отурса, мындай мисалдар далай бар.

Жапон тили фонетикалык жактан муунга негизделген тил болгондуктан айрым үнсүздөрдүн таасири менен үндүүлөрдүн өзгөрүшүн иликтеп отурса толгон жаңылыктар табылышы ыктымал.

Акырында, бир гипотеза, жапондор “арба, арбаңыз”, “бар болуңуз” деп көрүшчу экен. “Арба” дегенди биз арыба, чарчаба дегендей түшүнүп журөбүз. Балким ошондой эле чыгар.

«Камикадзе» өлүмгө башын байлаган учкучтар

Экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде Камикадзэ — өзүн курман кылып өлүмгө барган жаш учкучтар жөнүндө дүйнөнү титиреткен маалымат пайда болду.

1944-жылдын 25-октябрында ар бир самолётто 250 килограммдык бомбаны артынган беш учкуч Американын согуш жана транспорт кемелерин чабуулга алып талкалашты. Бул ийгиликке шыктанган вице-адмирал Оониси жаңыдан фронтко келген жаш балдардан жаңы отряддар түзүптүр. Ошол мезгилден согуш бүткөнгө чейин 2198 учкуч жана 1192 самолёт атакага кеткен боюнча кайра келбептир. Америкалыктардын айтуусу боюнча камикадзэлер 34 кемени чөктүрүп, 288 кемеге зыян кылган экен.

Өлүмгө башын байлаган учкучтар чабуулга кетерде бир жутум сакэ ичип, өлкө, менен, императорду кашык каным калганча коргойм деп ант беришчү. Алар кайра келбесин билсе да, өлкөсү үчүн ушундай өлүмгө барууну татыктуу милдет деп эсептешкен экен. “Камикадзэ” деген сөз кудайдын шамалы дегенди билдирет (ками — кудай, кадзэ — шамал). Бул сездүн тарыхы бар.

1274-жылы биринчи, 1281-жылы экинчи ирет Хүбилай хандын аскерлери Жапонияны жеңип алуу үчүн кемеге түшүп Кюсю аралынын түндүк тарабына келишет. Эки жолу тең катуу бороон болуп, толкун ташкындап, Хүбилайдын кемелери кыйрап, максатына жете албай, монголдордун көбү жок болуп калганы кайра кеткен экен. Өлкөнү кудайдын шамалы сактады деген ишенич терең болгондуктан согуш учурунда айласы кеткен жапондор ошол мезгилди эстеп, жан талашкан экен.

Дагы тереңдеп барсак, Исэ деген жерде императордун ата-тегине арналган синтонсттик храм бар. Императордун түбү Аматэрасу деген кудайдан башталат деген уламыштан улам ошол жердин өзү да ыйык деп эсептелинген. Исэнин жээгинде кезеги менен катуу шамал болот. Ошону илгери эл кудайдын шамалы дечү экен. Исэ аймагы да поэзияда камикадзэ деп аталган.

Жибек

Жибек жайы бизге жакшы белгилүү болсо да, биз алигиче ага тийиштүү көңүл бөлбөй келе жатат окшойбуз. Атактуу “Жибек жол” Ыраакы Чыгыш менен Румдун соодасын туташтырган “көпүрө” катары зор маани ээлегени, ал бекеринен ошондой болуп аталып калбаганы белгилүү.

Жибек мындан беш миң жыл мурда Кытайда пайда болуп, азыр да Кытай дүйнөдө жибекти эң ири өндүрчүлөрдүн бири. Жапонияга жибек Кытайдан келет, өз убагында өлкөнүн өнүгүшүндө баа жеткис роль ойнойт.

Кытай жазмаларына жана да “Нихон сёки” деген жапон хроникасында биздин доордун башынан баштап эле бул өлкөдө жибекке айрыкча көңүл бөлө башташат. Аны өстүрүүнү өкмөт ар кандай түрдө колдоп, налог катары элден чогулткан мезгил да болгону. Жибек кийинчерээк Жапониянын өнөр жайынын негизги тармактарынын бири болуп калат. Мэйдзи мезгилинде (1868-1912) батыш өлкөлөрүнөн жабдуу машинелерин алып көлүүгө каражаты жетишпей, өкмөт жибекти экспортко чыгарууну негизги багыт кылат. 1900-жылы Жапония дүйнөдөгү жибек өстүрүү жана экспорттоо боюнча биричи орунга чыгат. Жапониянын индустриализациясы ошентип жибек менен ишке ашат.

Илгери жибек куртту тыт жалбырагын берип өстүрүү үй-үйлөрдө болчу экен, кийин өзүнчө атайы жайлар салынып, жибек жип өндүрүүнүн жаңы технологиясы пайда болду. Бул жагынан жапондордун тажрыйбасы өтө бай. Кеп азыр жибектин өзүн эле өндүрүү гана эмес, аны арзан жасап, сапатын жогорулатып, кездеменин түс-түрпөтүн азыркы мезгилге ылайык деңгээлге жеткирүүдө турат. Биз кыргыздар чет элдик валютага зар болуп турган азыркы абалда ушул байыркы асыл буюмду кантип чоң жолго сала алабыз. Жапондор менен кызматташуунун келечектүү багытынын бири ушул жибек буласын өндүрүү болуп жүрбөсүн…

«Кыргызстан маданияты», №9 (1507) октябрь, 2002-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.