ЭСИҢДЕБИ?
Салкын аба. Сен экөөбүз дем алып,
Сен арнадың суу боюнан гүл алып.
Эсиңдеби, спутникти көргөн кеч?
Экөөбүз тең, көк тиктедик кубанып.

«Ракета» деп асман жакты жаңдадым,
Ырас, аны дароо көрө калбадың.
«Алаксыттың, адаштырдың кебимден.
Атайы эле, — дедиң — мени алдадың».

Көп узабай сен да көрдүң учканын,
Көп жылдыздын арасынан сызганын.
Көп ойлонтот көңүлүмдү түбөлүк,
«Көктө спутник күбө» деп кол кысканың.

Эсиңдеби? Менин болсо эсимде.
Эчен түшөт жылдыз көрсөм сезимге.
Дартка салдың сүйүүң менен жүрөктү.
Дайым карайм асман жакты кечинде.

ЭСКЕРЕМ АЛ КЕЗИМДИ
Жыргаткан жан сезимди,
Жылыткан аң-сезимди,
Ууртуңдан күлкү чачкан
Укпагам бал сөзүңдү,
«Эмне анан тартылдым?» деп
Эскерем ал кезимди.

Көзүңдөн чачып жалын,
Көп деле карабадың.
Бирок да байкалбаган
Бир күчтү араладым.
Жибектей мүнөз менен
Жүрөктү жараладың.

Калтырап чыгып доошуң,
Кандайдыр ойлоносуң.
Толгогон сырыңды айтпай,
Токтоолук колдоносуң.
Такалып бир нерсеге,
Тамагың оңдоносуң.

«Үшүгөн жоксунбу?» – деп
Колумду кармалайсың.
Дит багып карабастан,
Дилиңден аймалайсың.
Сездирбей ал сүйүүңдү,
Сезимге саймалайсың.

Тийген жер дүр-р дей түшүп,
Тутанып ысык жалын…
Магнит сыяктанып
Мээримдүү алаканың,
Дилиңди тилсиз сезип,
Делөөрүп баратамын.

Жүрөктө күйгөн отту
Жүзүмдөн калпып алып,
Карылуу колуң менен
Имере тартып алып,
Жалдырап тиктеп туруп,
Жашыңды аарчып алып,
Сүйлөдүң анан гана,
Сүйүүңө жан сугарып.

ЖИГИТТЕР
Эркектер, эң бир кызык мүнөзүңөр.
Эбин таап жашарганды билесиңер.
Он күнгө улуу болсок «эжеке» деп
Он беш жаш кичүү кызды сүйөсүңөр.

Сулууга көзүң артып кары-жашың,
Суктанып өпкө болуп чабыласың.
Күлкүсүн көрүп калсаң көңүл толуп,
Күрпүлдөп дайра болуп агыласың.

Сүйүүгө селкинчектей тебилесиң,
Сыр берип эмне мынча жеңилесиң?
Бириңден бириң өтүп, жагыш үчүн,
Бир сапар бермет болуп төгүлөсүң.

Жигиттер, дал ошондон жаңыласың,
Жиби жок тузактарга чалынасың.
Абайлап ар тарабын байкап сүйбөй,
«Аппак» деп, акылсызга кабыласың.

ӨЗҮНӨ БУЮРСУН
Жалындуу сүйүүнүн аптабы,
«Жырга» деп багымды ачпады.
Жүйөө таап буюрбай махабат,
Жүрөктү коколой таштады.

Жараткан маңдайга жазбаса,
Жаш кезде сүйүүдөн айтпаса,
Бирикпейт, менимче, кечигип,
Бирөөнүн бактысын чаптаса.

Жарашпас калп эле каткыруу.
Жактырбайм насыя бактыны.
Бузулса пейили дилимдин,
Бөксөрмөк бирөөнүн шаттыгы.

Азгыруу — адамдын пастыгы.
Адашуу — акылдын аздыгы.
Түбөлүк бир болсун бөлүнбөй,
Төшөктүн түгөйлөш жаздыгы.

Айтсам мен оюмдун кыюсун,
Ар үйгө ынтымак уюсун.
Өксүбөй жубайлар бактысы,
Өз жары өзүнө буюрсун.

ТЕЛЕФОН
Сүйүүбүздүн кабарчысы өңдөнүп,
Сүйүнтчү эле коңгуроосу дем берип.
Эмне мынча дымып калган телефон,
Эч нерседен капары жок көлбөөрүп?

Мен оюмдан тизгин тартып алгыча,
Мээримдүү үнүң «алло» деди аңгыча.
Көп нерсеге урунду эле кыялым,
Көңүлдү ачкан күлкүңдү угуп калгыча.

Үн болгондо жел жүргөнсүп айдарым,
Үнүң чыкты телефондон жайдарым.
Көптөн бери кусаланып бук болгон
Көңүлдөгү капалыкты айдадың.

ТААНЫШУУ
Асмандап булут чачыла чачса
Ак кирпик болуп айлана бакча
Алдыртан аяз тамаша чегип
Ак селки бетин чымчылайт аста.

Тоготпой селки туфлисин кийип,
Тырсылдап басат, такасы бийик.
Эликтей түптүз буттарын көрүп
Эрксизден жигит жүрөгү ийип…

Кантерин билбей артынан басат,
«Карындаш, токтоп турсаң» деп шашат.
Калтырбай жигит көңүлүн сулуу
Каш кагып карап, кабагын жазат.

Бур эткен бир жыт жигитти эзип
Билгизбейт кыз да анысын сезип.
Көп сөздүн башын чаргытат улан
Көчөдөн өтүп көчөнү кесип.

Аңгыча туман сөгүлө тарап
Асмандан тиктейт күн жылуу карап.
Ал экөө бири-бирине жагып
Ашыктык бойго ан сайын тарап.

Адамга адам башынан ынак
Акыры экөө таанышып чыгат.
«Болуптур, эртең кезик» дейт жигит
Бубактуу кыздын саамайын сылап.

Ар кими өзүн бактылуу сезип
Ашыктык отко жүрөгүн эзип,
Саатын карап иштерге шашат,
«Саламат болгун, кезигем» дешип.

БЕЛЕК
Белиңе шакек болуп сулуу колу,
Бакыттын таңы сүрүп чыккан жолу,
«Көргөндө эстегин», деп «ушул күндү»
Капыстан тиги бийкеч белек сунду.

Анда сен сулуу шагын сындырбадың,
Албастан артка кайра жылдырбадың,
«Дегеле алыс кетип жаткансып…» деп,
Дилиңде мыйыгыңан шылдыңдадың.

Жаштыгың жайдак таштап, гүлдөрдү үзүп,
Өмүрдүн ырахатын бүтүп сүзүп,
Баягы белек-бечкек ойго келди
Баратып карылыктын каарына үшүп.

Эскирген түйүнчөктү ачып алып.
Элестеп, ырахатка батып алып,
Эңседиң ал сулууну көргүң келип,
Ээгиңди эмшеңдетип жашып алып.

ИЗДЕП КЕЛЕМ
Каранам айланамды сени жоктоп,
Жоготкон асем ташын сулууга окшоп.
Көрүнөм күзгүсүнөн махабаттын,
«Мезгилим калдыбы, — деп, — күздү коштоп?»

Кандайдыр бутактаган сөзүң шектүү,
Көңүлдүн назик жибин үзүп кетти.
Сезимдер ал жиптеги бермет сымак,
Сездирбей аста чууруп түшүп кетти.

Сен деген ишеничим жартыланып,
Сүйбөдүм баягыдай алчыланып.
Суу болгон ширеңкедей күйгүзө албай,
Сезимдин сендик жагын калпып алып.

Бүркүлгөн жалындуу күч канымдагы
Бөгөлүп, мурункудай агылбады.
Сезимим, бермет сымал ошол түшкөн,
Издесем эски изимден табылбады.

Кыш болуп жалын жүрөк, кычыраган,
Куш болуп, кош канаты бычыраган,
Салбырап, кайырчыдай издеп келем,
Сезимди, ал кырсыкка учураган.

ЖАШЫРСАҢ ДА
Улутунуп илебиң,
Улам карап билегиң.
Жашырсаң да, жаш бозой,
Жаштык жайын билемин.

Араң согуп жүрөгүң,
Аткарылбай тилегиң,
Адаштырып кеткен го,
Ашык болгон чүрөгүң.

Карамактан билегиң,
Калып мында түнөгүң.

Андай неме жар болбойт,
Абдан байка жүрөгүн.

Кесе айтканым, себеби —
Көргөм далай немени.
Сүйгөн болсо бышык ко,
Сенден мурун келээри.

СЕН
Сен мүрөксүң, жуткан адам жашарган,
Сен обонсуң, тулкуң бүтүн казалдан,
Даңазалап чыксам болмок дүйнөгө,
Даабай келем, калем алып жазаардан.

Сен каухарсың, шакегиме буюрбас,
Сен шарапсың, чөйчөк сунсам куюлбас.
Жан-дилимде мукам күүсүң керемет
Жалгыз менден башка жанга туюлбас.

Сен жомоксуң, кыялыма табылган.
Сен бир күчсүң, каным менен агылган.
Жараткандын кылдаттыгын карасаң,
Жашоом кызык жалгыз сенин барыңдан.

ЖАЗ ЛИРИКАСЫ
Сен өпкөн бетим от болуп,
Сүйүүгө сезим чок болуп,
Туу жонго чуркап бараттым,
Тура албай жүрөк токтолуп.

Киринип күндүн нуруна,
Күлгүн кез жазга жуурула,
Оронуп гүлдү шиберди,
Обонум бийик суурула.

Бийиктен туруп ырдадым.
Сүйүүгө колум булгадым.
Козголуп жаштык делебем,
Жыргадым жазда, жыргадым.

Өмүрлөр дайым жаш болуп,
Сүйүүлөр дайым наз болуп,
Сүйлөшүп турса кыз, жигит,
Сүйкүмдүү дайым жаз болуп.

СЕЗИМ
Оюмдун башатына тема коюп,
Тулкусун чегээримде таштан оюп.
Сен черткен сезимдеги бир мукам күү
Серпилип агып келет өзөн болуп.

Термелип ошол күүнүн ыргагына,
Тез эле токуп кирем ырларыма.
Барамын бал чубуртуп калемимден
Бой балкып бул дүйнөнүн жыргалына.

ТҮШҮНБӨДҮҢ
Көөнүмдө бир адамды жактырамын,
Көрсөм деп күндөн күнгө тартыламын.
Бирок да ал сырымды билбегенде
Оюмду ырга жазып тартууладым.

Жүргөнүң мага жагат, мүнөзүң жай,
Жайлоонун жай каалгыган булутундай.
Сүйүүнүн сыр жашырган жолу жаман,
Мага адат, сени көрсөм улутунмай.

Асманда жалгыз учкан каркырадай,
Агылып тоо суусундай шаркырабай,
Томсоруп өтүп барат кайран жаштык
Толукшуп күлгүн чагым жаркырабай.

Бурулуп мүнөзүң оор, карашың жай,
Ал карооң мага жүрөк жарасындай.
Көөнүмдө эч адамга теңебестен,
Көрөмүн оң көзүмдүн карасындай.

ЖҮРӨГҮМДӨ АСЫЛ ТАК
Мезгил шашат, мезгил учат закымдап,
Мен чектеген ай-жылдар да жакындап,
Чынар болуп көлөкөсүн көбөйттү
Чырпыгында мен өстүргөн жашыл бак.

Мен терметкен бешиктеги бөбөгүм,
Менменсинип эр жеткенин көрөмүн.
Убакыттын өткөнүнө ишенип
Улуусунуп улгайганга көнөмүн.

Жашап мына орто өмүрдүн жарымын
Жаштык кезден кыйчалыштап карымын.
Бирок менде бир күчтүү элес жаш бойдон
Бийлеп турат сезимимдин жарымын.

Миң убакыт өткөн менен закымдап,
Мени айланып жүрөгүмө жакындап,
Сууга жуусам, отко салсам өчпөдү
Жүрөгүмдө сүйүү салган асыл так.

Ал сүйүүнүн илебине жылынып,
Ал сүйүүгө баш уруна жыгылып,
Эстегенде кубат алып оңолуп
Элестетем, жаштыгыма бурулуп.

Ошол элес толкун берип денеме,
Ошол сүйүү жаралгансып эми эле,
Түйшүктөнүп түн күзөтүп чыгамын
Түшүп алып поэзия кемеге.

Мезгил канча шашкан менен закымдап,
Миң карылык келсе дагы жакындап,
Жүрөгүмдө жүрө бермек жаш бойдон
Бир кезекте сүйүү салган асыл так.

БИЛИП КОЙДУМ
Ойлуу-ойлуу келатып күлүп койдуң,
Ой тууганым, аныңды билип койдум.
Сыр алдырбай антсе да күлүмсүрөп,
Сөз эшигин ичинен илип койдуң.

Гүл ширесин шимирген аарыга окшоп,
Кайра баштан ал ойго калдың токтоп.
Көңүлүңдө махабат балын татып,
Кызыктарга батасың кыял коштоп.

Ойлон, ойлон, элестет талыганча,
Оюң менен сүйө бил карыганча.
Киргили жок сүйүүгө кул бололу,
Ким билиптир, жашообуз дагы канча?

ЖАРООКЕР ЖИГИТКЕ
Жүзүң ай, мындай мээримдүү,
Жүрөгүм дегдеп берилди.
Жүздөшө келсем уялып,
Жүдөтүп коём денимди.

Көрүнүп мага ай болуп,
Көңүлүм ысыйт жай болуп.
Өзгөрө түшөт абалым,
Өзүңдү көрсөм дал болуп.

Жароокер сендей жигитке,
Жалындап күйөм биликче,
Чарк урат сага кыялым,
Чимирик болуп ийикче.

Сөзүң ай, мындай мээримдүү,
Сүйлөсөң басам демимди.
Сүйүүгө жообум айталбай,
Сүрдөтүп салам кебимди.

КАДЫРЫН БИЛГЕН БОЛСОҢ
Жазып кал, ыр сабыңа кошулайын,
Тартып кал, боёк болуп жошулайын.
Иштеп кал, талантыңа көмөк болуп,
Эриткен ак күмүштөй созулайын.

Тиктеп кал, кызыл гүлдөй ачылайын.
Терип кал, бермет болуп чачылайын.
Көрүп кал, бул жашоонун сулуулугун,
Керемет кең дүйнөдөй чачырайын.

Тосуп кал, тагдырыңа урунайын,
Ичип кал, кымыз болуп куюлайын.
Алып кал, ашыктыктын үлүшүнөн,
Алдыңа ырыскыдай сунулайын.

Буруп кал, ак дилимден агылайын,
Билип кал, тагдырыңа кабылайын.
Таанып ал, таалайыңмын сүйүүдөгү
Махабат чепкениндей жабылайын.

Кааласаң толкун болуп серпилейин,
Колуңда комуз болуп чертилейин.
Жүйөөсүн ашыктыктын тапан болсоң
Жүрөктү түбөлүккө энчилейин.

 

One Reply to “Шакен Мамбетаипова: Ашыктык абазы”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.