Алтай эл жомогу: Сагызган

Көркөм куйругун барпырата жайган, түркүн түстүү жүндөрү кулпурган, башында таажысы көргөндү тамшанткан канаттуулардын башчысы тоос куш үйлөнмөй болуп аял издейт. Бирок эч ким жакпайт. Тоокту уча албайт, булбулду кичине, карганы кара, каркыраны арык, күкүктү жалкоо деп чанат. Акыры анын көңүлүнө шакылдаган шайыр сагызган төп келип, аялдыкка алат. Үйлөнүү үлпөтүнөн кийин тоос куш төшүндөгү кочкул жашыл жүндөрүнөн жулуп алып сагызгандын жону менен куйругуна чаптайт. Ошондон кийин анын кара жүндөрү көк жашыл тартып калган дешет. Ан сайын көйрөң сагызган ого бетер сылаңкороздоно […]

Абдыкерим Муратов: Бүгүнкү аңгемелер жөнүндө адабий сын

Соңку жыйырма-жыйырма беш жылда кыргыз адабиятында өзүнүн китебин өзү чыгарган авторлордун гана жазгандары анча-мынча окурмандарга жеткени болбосо дээрлик жазуучуларга мамлекеттик камкордук көрүлбөй, кимдин эмне болуп жатканы менен эч кимдин иши болбой калган. Анан эле акыркы бир аз жыл кээ бир жазып жүргөндөр демөөрчүлөрдүн эсебинен, же туугандарынан насыя алып бирин-серин китептерин чыгара баштады. Бул китептердин көбүнө кирген аңгемелер да советтик доордо жазылгандар, көптөн бери сандыкта сакталып келгендер, демек аларды азыркы адабият катары кароого да толук мүмкүн эмес. Ошондой авторлордун кээ бирлеринин […]

Ги де Мопассан: Суу жүрѳк

АҢГЕМЕ Коомчулукта аны «Жагымдуу Синьоль» деп аташчу. Анын толук аты-жѳнү  виконт[i] Гонтран-Жозеф де Синьоль эле. Жетим ɵскɵн, жетиштүү байлык топтой алган, мындайча айтканда, кийингени, баскан-турганы менен эл кɵзүнѳ кѳрүнүктүү адам эле. Ал жагымдуу келбети, тартиптүү жүрүм-туруму, орундуу сүйлѳгѳн эстүүлүгү, тубаса кылдаттыгы, ак сѳѳктүү сыймыгы, жарашыктуу муруту, терең кѳздѳрү менен кыскасы, аялзаты жактыруучу бардык сапаттардан  куру жалак эмес эле. Ал конокто болгондо, айымдар аны менен жеңил бийге чыгууну жактырышса, мырзалар болсо, күлүп караганы менен ичинен жактырышчу эмес. Аны кѳп айымдар менен […]

Людмила Молдалиева: Караванщик совести

Девяностолетию великого писателя В середине ноября  в Бишкеке состоялось еще одно большое,  значимое событие для всей республики, проводимое в рамках юбилейных торжеств, посвященных девяностолетию народного писателя Кыргызстана Чынгыза Айтматова – это Международный  театральный фестиваль «Айтматов и театр». Зрители столицы посмотрели восемнадцать спектаклей, представленных  театральными коллективами из Азербайджана, Казахстана, Каракалпакстана, Кыргызстана, России, Таджикистана и Узбекистана. «Гран при» фестиваля был удостоен спектакль «Поле» Государственного национального русского театра драмы им. Ч.Айтматова. Так оно  и должно было быть, ведь театр носит имя писателя и […]

Бакытбек Абдуллаев: Өлкөнүн келечеги тынчтыкпы же согушпу?

Кыргыздын күндеми ар дайымкыдай саясаттагы интрига, ушак, коррупция, уурулук, кылмыш, той. Бирок өлкөнүн келечегин аныктаган, жетишсиз бала бакча, мектептердин маселеси көз жаздымда калып кетчүдөй. Өкмөттүн маалыматы боюнча 400 миңдей (3-6 жаш) бала бакчага барбайт. Анүчүн 250 орундуу 1600 бала бакча курулушу керек. Курулушка 80 млрд сом керек экен. Ал эми республикалык бюджеттен 2019-жылга социалдык мекемелердин (бала бакча, мектеп, оорукана ж.б.) курулушуна 3 млрд сом гана каралган. Мындан тышкары, мектеп курууга 80 млрд сом керектелгени,  т.а. 600 мектеп курулушу керектиги айтылды. […]

Искендер Жумабаев: Аман Токтогуловдун чыгармачылык портрети

Аман Токтогуловдун чыгармачылык мурасы көлөмү жагынан анчалык чоң эмес, бирок жанры боюнча ар кыл. Өзүнүн көзү тирүүсүндө калемгер адабий сын макалалардан куралган бир жыйнак жана көркөм чыгармаларынын эки чакан топтому жарыяланган экен. Мындан сырткары, бир нече чыгарманы кыргыз тилине которуптур. Ошондон улам, жазуучулар жөнүндөгү библиографиялык справочникте калемгер акын, котормочу жана сынчы деп мүнөздөлүп жүрөт. Балким анын чыгармачылыгына мындай аныктама берилишинде өзүнчө жүйө бардыр. Бирок калеминен жаралган оригиналдуу (көркөм котормолорунан башка) чыгармаларынын адабият тарыхында ээлеген ордун, маанисин таразалай келсек, биздин оюбузча […]

Илья Ильф & Евгений Петров: Кенен чабыт

АҢГЕМЕ Дуб жыгачынан жасалган, эки капталындагы бетине жүзүмдүн шиңгилдери оюлуп тартылган, чоң столдо мекеме жетекчиси Семен Семенович олтурган. Анын алдында, аскерлердин капталында сары сызыгы бар галифе шымын кийген чарба башчысы турду. Чарба башчылары эмнегедир өз милдеттери жөнөкөй эле лампочкаларды алмаштырып, шкафтар менен стулдарга жез номурларды алмаштыруу эмес эле, кылычты ары-бери шилтеп, келишкен аттарды чапкылап, жоо чаап жүргөн жоокер жигиттерден бетер, өзүлөрүнүн граждандык денелерине жарым аскердик кийимди чаптап алганды  жакшы көрүшчү. — Демек, мындай, жолдош Кошачий, — кызууланып сүйлөп жатты Семен […]