Көркөм куйругун барпырата жайган, түркүн түстүү жүндөрү кулпурган, башында таажысы көргөндү тамшанткан канаттуулардын башчысы тоос куш үйлөнмөй болуп аял издейт. Бирок эч ким жакпайт. Тоокту уча албайт, булбулду кичине, карганы кара, каркыраны арык, күкүктү жалкоо деп чанат.

Акыры анын көңүлүнө шакылдаган шайыр сагызган төп келип, аялдыкка алат. Үйлөнүү үлпөтүнөн кийин тоос куш төшүндөгү кочкул жашыл жүндөрүнөн жулуп алып сагызгандын жону менен куйругуна чаптайт. Ошондон кийин анын кара жүндөрү көк жашыл тартып калган дешет.

Ан сайын көйрөң сагызган ого бетер сылаңкороздоно түшөт, эч кимди теңсинбеген каада күтөт. Эртеден кечке эч нерсе кылбайт. Кооздонуп алып койкоңдой ары-бери басат, кылактап өйдө-төмөн учат. Таң кылаяры менен уяны таштап учуп кетип, кеч күүгүмгө чейин караанын көрсөтпөгөн адат табат.

— Кайда баратасың? – деп сурайт эри тоос куш.

— Каалаган жагыма.

— Кайда болдуң?

— Каалаган жагымда.

Акыры тоостун чыдамы түгөндү. Аялынын эмне кылып жүргөнүн билмей болду. Эртең менен сагызган карала тонун булактатып кайдадыр учуп жөнөгөндө артынан аңдый учат. Акыры сагызган адамдар төккөн таштандыга конуп, баш көтөрбөй чокулай баштайт.

— Уяты жок! Сага эмне жетишпейт? Азыр үйдү карай жөнө! – деп кыйкырат тоос куш.

Сагызган укпайт, жанталашып таштанды чокуп отура берет. Жини келген тоос жетип барып желкеден чокуп кыйкырат:

— Талагыңды бердим, арам тамагыңды эми жей бергин, эми мага аял эмессиң! – деп жолуна түшөт.

Суктугунан шерменде болгон сагызган ошондон кийин балдарына:

— Бир жолу чокуп, беш жолу эки жакты карагыла, — деп акыл айтат экен. Бирок анын бул сактыгын дайыма суктугу жеңип, канаттууларга маскара болгону болгон дейт.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.