АҢГЕМЕ

Коомчулукта аны «Жагымдуу Синьоль» деп аташчу. Анын толук аты-жѳнү  виконт[i] Гонтран-Жозеф де Синьоль эле.

Жетим ɵскɵн, жетиштүү байлык топтой алган, мындайча айтканда, кийингени, баскан-турганы менен эл кɵзүнѳ кѳрүнүктүү адам эле. Ал жагымдуу келбети, тартиптүү жүрүм-туруму, орундуу сүйлѳгѳн эстүүлүгү, тубаса кылдаттыгы, ак сѳѳктүү сыймыгы, жарашыктуу муруту, терең кѳздѳрү менен кыскасы, аялзаты жактыруучу бардык сапаттардан  куру жалак эмес эле.

Ал конокто болгондо, айымдар аны менен жеңил бийге чыгууну жактырышса, мырзалар болсо, күлүп караганы менен ичинен жактырышчу эмес. Аны кѳп айымдар менен кѳңүлдѳш деп айтышчу, мындай нерселер жаш бойдоктун абройун кѳтѳрɵт эмеспи. Ал бүтүн жан дүйнѳсү менен бактылуу, бейгапар турмушта жашачу. Виконттун кылыч менен согушуу жана тапанчадан атуу ѳнѳрүн эң мыкты ѳздѳштүргѳнүн элдин баары билчү.

«Дуэлге чыга турган болсом, тапанчаны тандайм. Мындай курал менен душманымды жеңе ала турганыман күмѳн санабайм» — деп кѳп айтар эле.

Бир күнү кечинде ал эки дос кызын жолдоштору менен театрдан кийин балмуздак жегенге Тортониге чакырды. Ресторанда бир аз болгондон кийин коңшу столдо отурган белгисиз адам айымдардын биринен кѳзүн албай тиктеп жатканын Синьоль байкады.

Айым ѳзүн ынгайсыз сезип, башын ɵйдѳ кѳтѳрѳ албай калды. Акырында ал жолдошуна мындай деди:

— Тигил жакта отурган бир мырза мени тиктеп жатат. Мен аны тааный албай жатам, сен аны билесиңби?

Эч нерсе байкабаган жолдошу бѳлмѳдѳгү мырзаны карап,

— Жок, аны  тааныбайм, — деди.

Анын жубайы ачуулуу күлүп, мындай деди:

— Бул менин кыжырыма тийип, жада калса менин балмуздагым ээрип жатат.

Жолдошу ийинин кушуруп койду:

— Эч нерсе болбойт, ага кѳңүл бурбай эле кой. Эгерде биз мындай наадандарга кѳңүл бура турган болсок, анда башка нерселерге убактыбыз калбайт.

Виконт шарт ордунан тура калды. Ал мындай уятсыз адамга конокторун таарынтканга жол бермек эмес. Ал конокторун бул жерге алып келгендиги үчүн ушул маселени чечүү анын милдети деп билди. Ал адамга барып, виконт мындай деди:

— Мага ылайык келбеген кѳз-карашыңыз менен биздин айымдарды карап жатасыз. Мүмкүн болсо токтотуңуз, суранам.

— Оозуңа карап сүйлѳ! —  деп жооп берди мырза.

— Абайлап сүйлѳңүз мырза, же мага башкача ыкманы колдонууга туура келип калат, — жинденген виконт ызырынып жооп берди.

Ал мырза бѳлмѳнүн бир башынан аягына чейин угулгудай, ал жакта отургандардын баарын селт эттиргендей бир жаман сѳз менен жооп кайтарды. Ары карап отургандардын баары урушуп жаткан эки адамга бурулушту; башкалары башын кѳтѳрдү; үч официант кыз да шарт бурулуп карашты; кассадагы эки айым чочуп кетип, бир механизм менен иштеген автоматтай болуп, баары бир учурда жапырт бурула карашты.

Бѳлмѳ тынчып калды. Капыстан катуу бир үн угулду. Виконт каршысындагыны кулак түпкѳ бир койду. Бардыгы арачалоо үчүн ордунан турду. Ошентип карталар алмашылды.

Виконт үйүнѳ келгенде чоң, тез арыш менен бѳлмѳдѳ бир топко каршы-терши баса берди. Туура ойлонууга тынчы жок болуп жатты. Анын оюн бир гана дуэль ээлеп алды. Бирок бул ой ага эч кандай сезим алып келген жок. Ал эмне кылуу керек болсо, бардыгын кылды; кандай болуш керек болсо, дал ошондой ѳзүнүн ким экендигин кѳрсѳтѳ алды. Бул жѳнүндѳ сѳз кылышат, аны жактырышып, куттукташат. Чочуганынан ал ѳзүнѳ ѳзү мындай деп кайталап жатты:

— Кандай гана адепсиз адам!

Анан отурду да ойлоно баштады. Эртең эрте менен секундант издешим керек. Кимге кайрылсам? Ал тааныштарынын арасынан эң таасирдүү, урмат-сыйга ээ болгон адамдардын аттарын акылында чуурута баштады. Акырында ал маркиз[ii] де Ла Тур-Нуар жана полковник Бурденеге токтолду. Аристократ  жана жакшы бир аскер тандоо болду. Алардын аттары гезиттерде  таасирдүү чыгат. Виконт суусаганын сезип, үч чыны сууну биринин артынан бирин ичип, ары-бери басып жатты. Күч-кубаты толуп чыкты. Ѳзүн абдан эр жүрѳк, чечкиндүү кѳргѳзсѳ, ѳтѳ катуу жана кооптуу талаптарды койсо, катаал, чындап катаал, керемет катаал дуэль сунуштаса, каршылашы ѳзү баш тартып, кечирим сурар.

Ал чѳнтѳгүнѳн картты алып чыкты да, стол үстүнѳ ыргытты. Аны ресторанда жана таксиде үйүнѳ жеткичекти ар бир жол чырактын жарыгында мурда окугандай эле кайрадан окуп чыкты.

«Жорж Ламиль, Монсей кѳчѳсү 51»

Андагы тамгаларды изилдеп жатты: алар ага абдан сырдуу, маанисиз болгондой сезилди. Жорж Ламиль? Бул адам ким болду экен? Эмне  иш кылат? Эмнеге ал айымды анча тиктеп жатты? Чоочун, бейтааныш бирѳѳ эле адамдын жашоосуна күтүүсүздѳн тоскоолдук кылышы, кѳздѳрү менен аялга кадала тиктеши — кандай гана адепсиздик. Виконт кайрадан кайталады:

«Кандай гана ит?»

Ал кагаздан кѳзүн албай, каккан казыктай ойлуу турду.   Кагазга болгон  ачуусу, жѳн гана тынчсыздануу менен аралашкан жек кѳрүүнүн ачуусу ойгонду. Кандай гана кеңкелестик! Ал жанындагы макисин алып, тирүү кишиге матырып жаткансып анын аты жазылып турган кагазды тешип салды.

Жекеме-жекеге чыгышым керек! Эмнени тандасам: кылычтыбы же тапанчаныбы? Ал ѳзүн шылдың болгон тарап деп эсептеп жатты. Албетте, кылыч менен жаракат жеңил болушу мүмкүн, бирок тапанчаны тандап алсам, каршылашым дуэлден баш тартмак. Каршылаш тараптардын кылдаттыгы аларды бири-бирине жакыныраак боло албаганынан улам кылыч менен согушуу чанда гана учурда өлүмгө алып келет. Тапанча менен ал тобокелге барды; бирок ал сый-урмат менен, жекеме-жекеге чыкпастан ѳзүн азаптан куткара алмак.

«Мен күчтүү болушум керек, — деди ал. – Ал аркасын карабай качып кетет».

Ѳз үнүнѳн коркуп, эки жагын каранды. Албетте, ал тынчсызданып жатты. Виконт дагы бир чыны суу ичип, чечинип тѳшѳккѳ жатты.

Жатаары менен шамды ѳчүрүп, кѳзүн жумду.

«Иштеримди ирээтке келтиргенге эртең толук бир күнүм бар, – деп ойлонду. – Салмактуу кѳрүнүш үчүн азыр уктап, эс алганым оң».

Тѳшѳгү аябай жылуу эле, бирок ал уктап кете алган жок. Ал ары оодарылды, бери оодарылды, беш мүнѳт далысынан жатты, кайра сол капталына оодарылды, акыры оң капталына оодарылды.

Ал дагы деле суусап турду. Суу ичүү үчүн ордунан турду.

«Мен коркуп жаткан жокмунбу?» — деди ал ѳзүнѳ.

Эмнеге анын жүрѳгү бѳлмѳдѳгү ар бир тааныш тыбышка селт этип жатты? Сааттын соккон жебесинин болор болбос үнүнѳн чочуду дейсиң, ушунчалык калчылдаганынан кѳз ирмемге  оозун ачып дем алууга туура келди.

Мен корккудай негиз барбы деген ою менен алпурушуп жатты.

«Мен коркуп жатамбы?»

Жок, албетте, ишти аягына чыгаруу ниетинен улам, калчылдагандын ордуна согушуунун ийне жибине чейин ойлонгондуктан, ал коркпошу керек эле.  Ал эч корккон жок, анткени ал согушуунун аягына чейин барууга ниеттенген. Ал ушунчалык кайгырганына ѳзү да таң калды:

«Адам баласы ѳзүнѳн-ѳзү коркушу мүмкүнбү?»

Виконт тынчсызданып, ѳзүнѳн шектенип коркуп жатты.

Ал күмѳн ойлордон чочулап, үрѳйү учту; эгерде анын эркинен дагы кубаттуу, солкулдабаган бир күч аны жеңип кете турган болсо, эмне болот? Ооба, эмне болот? Албетте, ал барууга даяр болгондуктан болжошкон жерге барат. А эгерде титиресечи? Же эсин жоготсо? Анан ал өз ысмын, кадыр-баркын, кырдаалын ойлонуп сары-санаа боло баштады.

Күтүүсүздѳн ордунан туруп, күзгүгө карангысы келди. Ал кайрадан шам жакты. Ал күзгүнүн жылмакай бетине чагылган жүзүн көргѳндѳ, өзүн тааный алган жок, ал өзүн такыр кѳрбѳгѳндѳй туйду. Анын көздөрү ага чоң кѳрүндү;  өңү кубарып кеткен; ооба, ал чындыгында кубарып, купкуу болуп кетиптир.

Виконт күзгүнүн алдында тура берди. Ал ден-соолугун текшерүү үчүн тилин чыгарды, кокустан бир нерсе оюна кылт этти:

— Бүрсүгүнү дал ушул убакта мен ѳлүп калышым мүмкүн.

Анын жүрѳгү кайрадан бейжай сого баштады.

— Бүрсүгүнү ушул убакта мен ѳлүп калышым мүмкүн. Каршымдагы адам, күзгүдѳ мага карап турган «мен», эми жок болуп калышы мүмкүн. Эмне үчүн мен мындамын, ѳзүмдү кѳрүп, тирүү турганымды сезип жатам, а бирок жыйырма тѳрт сааттан кийин мен кѳзүмдү жумуп, ѳлүү, муздак, жансыз тиги жатакта жатып калышым мүмкүн.

Ал жатагын кѳздѳй бурулду, азыр эле ѳзү туруп келген тѳшѳктѳ ѳзүнүн жансыз жатканын элестетти. Анын жүзү ѳлүктүкүндѳй чүңүрѳйүп калган, шалактаган колдору мындан ары бир да кыймылдабайт.

Ошентип ал жатагынан коркуп, аны кѳрбѳс үчүн тамеки чегүүчү бѳлмѳгѳ барды. Адаттагыдай эле тамекини алып чыгып, күйгүзүп, ары-бери баса баштады. Ал үшүп чыкты; кызматчысын чакыруу үчүн ал коңгуроого жакындады; коңгуроо жибин тартайын деп баратып токтоп калды.

— Ал менин коркуп жатканымды байкап калат.

Ал коңгуроону баскан жок; ал от жакты. Ал эмнени кармабасын, туталангандан колу билинер билинбес титиреп баштады. Анын башы айланып, түшүнүксүз, түбү жок сары санаага батты; анын мээси ичимдиктен уулангансып, чындап ичип алган адамдыкындай кеңгиреп чыкты.

Ал дагы эле ойлонуп жатты:

«Мен эми эмне кылам? Эмне болом?»

Анын тулку бою титиреп, солкулдай баштады; ордунан туруп, терезе жакка барып, парданы жапты.

Таң ата баштады, жайкы таң. Күндүн кызарган нурлары шаардагы чатырларга, тамдарга тийип жатты. Жаңы уйкудан ойгонгон жерди күндүн жарыгы эркелеткенсип ороп алды; таңдын агарышы менен виконттун жүрѳгүн кандайдыр бир үмүт жарык, шашылыш, катаал шооласы ээлеп алды! Ал эч нерсе чечиле электе, анын секунданттары Жорж Ламил менен кѳрүшѳ электе, анын дуэлге чыгарын же чыкпасын биле электе коркууга алдыргыдай жинди беле?

Ал жуунуп, кийинип, ишенимдүү  кадам менен үйдѳн чыкты.

Ал басып баратканда ѳзүнчѳ кайталады:

«Мен кайраттуу болушум керек, абдан кайраттуу. Коркпогонумду кѳргѳзүшүм керек».

Анын секунданттары, маркиз менен полковник,  анын карамагында эле, абдан жылуу кол алышкандан кийин дуэлдин шарттарын талкулоого ѳтүштү.

— Сиз олуттуу дуэлге ниеттенип жатасызбы? — полковник сурады.

— Ооба, олуттуу эле, — виконт жооп берди.

— Курал талап кыласызбы? — маркиз сурады.

— Ооба.

— Калган даярдыктарды бизге тапшырасызбы?

Виконт кургак, титиреген үн менен  баяндады:

— Жыйырма кадамда; кол кѳтѳрүп, белги берилгенде. Бирѳѳсү катуу жарадар болгуча октор атылсын.

— Мыкты шарттар, — деп канааттануу менен полковник жооп кайтарды.

— Сиз жакшы атасыз, бардык мүмкүнчүлүктѳр бар сизде.

Алар тарап кетишти. Виконт үйүнө кетти. Убактылуу жоголуп кеткен толкундоосу улам-улам күчѳй баштады. Анын буттарынын, колдорунун учтарын, көкүрөгүн, кызыктай калтырак, токтоосуз титирек баса баштады; отуруп же туруп турмак түгүл, бир жерде тынч ала алган жок. Шилекейи жок оозу кургап калды, таңдайына жабышып калбасын деп тилин ары-бери жылдыра берди.

Ал эртең мененки тамагын ичкиси келди,  бирок тамагынан эч нерсе ѳткѳн жок. Бир аз кайраттуу болуу үчүн ичимдик ичүү оюна келди да, бир графин ром алдырып келип, алты стакан мелт-калт биринин артынан бирин ичип жиберди.

Анын денесин ѳрттѳй жылуулук каптап, акылы жана эркинен айный баштады.

«Мен эми эмне кылышты билем. Баары жакшы болот» — деп ойлоду.

Бирок ал бир саат ичинде графинди түгѳттү, кыжырдангандан ѳзүн башкара албай калды. Айбанча жерге оонагысы, кыйкыргысы, тиштенгиси келди. Ошентип түн кирип келди.

Эшиктин коңгуроосунан эс учун жоготуп коё жаздады, араң туруп барып секунданттарын кабыл алды.

Анын үнүндѳгү ѳзгѳрүүдѳн болгон ишти билип алышпасын деген коркуу сезим менен, алар менен «Кутман кечиңиздер менен» — деп учурашып,  сүйлѳшмѳк турсун, ооз ачууга дити барбады.

— Баары сиз айткан шартка ылайык даярдалды, — деди полковник. — Сиздин каршылашыңыз жабыркаган тараптын жеңилдиктерин айтып жатты, акырында макул болуп, сиздин талаптарды кабыл алды. Анын секунданттары эки аскер адамы экен.

— Рахмат, — деди виконт.

— Бизди кечириңиз, — маркиз кошумчалады, — келип, тез эле кетип жатканыбыз үчүн, бирок биз кѳптѳгѳн иштерди бүтүрүшүбүз керек. Оор жаракат келтирилгенге  чейин дуэль болгондуктан, ишенимдүү доктур алып келишибиз керек, тапанчанын октору оюнчук эмес экенин жакшы билесиз. Керек болсо, жарадарды алып барууга үйдүн жанынан жер даярдашыбыз керек дегендей.  Чындыгында  иш-чаралар үчүн бизге жок дегенде бир, эки же үч саат убакыт керек.

Виконт ыраазычылыгын билдирди.

— Баары жакшы элеби? — полковник сурады. — Сиз тынч элесизби?

— Сѳз жок, тынчмын, рахмат.

Алар чыгып кетти.

Ал дагы жалгыз калганда, жинди болуп бараткандай сезди. Анын кызматчысы чырак күйгүзгѳндѳ, ал кат жазуу үчүн столго отурду.  Ал кагаздын башына: «Бул менин акыркы керээзим» — эки сѳздүн башын кошо албай, эч нерсе чече албай, деги эле чечим кабыл ала албай, калтырап ордунан туруп, ары басып кетти.

Ошентип ал жекеме-жекеге чыкканы жаткан эле! Ал мындан ары кача албайт. Анда ага эмне болду? Ал согушкусу келбеди беле, иш-аракеттин планын өзү ойлонуштурбады беле, чечимди өзү кабыл албады беле, эми минтип акылы жетип, эркин күчтѳсѳ да болжошкон жерге барууга эрки жетпегенин сезди. Ал дуэлди, өзүн, каршылашынын кыймыл-аракетин элестетүүгѳ аракет кылды.

Оозундагы тиштери титиреп, шакылдап чыкты. Ал Шатовиярдын «Дуэль эрежелери» деген китебин алып, окуйун деп аракет кылды. Ошондо ал мындай деди:

«Менин каршылашым тирге барып жүргѳнбү? Ал белгилүү инсанбы? Ал кѳзгѳ атарбы? Кантип  билсем болот?»

Ал барон де Вонун китебин эстеп, бир башынан аягына чейин тапанча менен аткычтардын арасынан анын атын карап чыкты. Жорж Ламиль жѳнүндѳ эч нерсе жазылбаптыр. Ал кѳзгѳ атар болбосо, коркунучтуу куралга жана кооптуу шарттарга дароо макул болмок эмес?

Ал ѳтүп баратып, кичинекей стол үстүндө турган Гастин Ренет кутусун ачты да, тапанчасын алып чыкты, анан ал атканы жаткансып тууралап туруп, колун көтөрдү. Бирок ал башынан бутуна чейин калчылдап, тапанчасы титиреп жатты.

Ошондо ал ѳзүнчѳ кобуранды:

«Мындай болбойт. Мындай абалда  жекеме-жеке чыга албайм».

Ал тапанчасынын учундагы ѳлүм алып келүүчү, кичинекей, кара, терең тешигине карады; абийиринин тѳгүлгѳндүгүн, клубдагы шыбыр сѳздѳр, конок үйлѳрдѳгү шылдыңдаган каткырыктар,  аялдардын жек көрүүсү, гезиттердеги  мыскылдарды жана башка коркоктордун аны маскаралап жатканын ойлоно берди.

Ал дагы деле куралды карап турган, анан курокту кѳтѳргѳндѳ кызыл чоктой жылтылдаган окту кѳрүп калды. Тапанча кандайдыр бир себеп менен октолгон бойдон калыптыр. Бирок мындай болгону аны кубандырды.

Атаандашы менен бетме-бет келгенде, каармандыгын жана токтоолугун кѳрсѳтпѳсѳ, ал биротоло жок болмок. Ал жаман атты болмок,  маскара болуп, коомдон куулмак. Ал токтоо жана ишенимдүү боло алмак эмес; ал билип турду, сезди. Ал эр жүрөк болчу, ал ѳзү жекеме-жекеге чыккысы келген… Ал эр жүрөк болчу анткени…

Акылына келген ойду аягына чыгарган жок;  ал оозун чоң ачып, тапанчанын стволун тамагына жеткире салып туруп, машааны басты.

Үндү угаары менен үй кызматчы бөлмөгө чуркап кирди да, кожоюну чалкасынан түшүп, ѳлүп жатканын кѳрдү. Кан столдогу катка чачырап, тѳмѳндѳгү сѳздѳрдүн астында чоң кызыл так калып калыптыр:

«Бул менин акыркы керээзим.»

Англис тилинен которгон Алтынай Токтоматова

[i] Виконт — барон менен графтын ортосундагы дворяндык титул.

[ii] Маркиз – графтан жогору, герцогдон ылдый турган дворяндык титул.

Англис тилинен которгон Алтынай Токтоматова

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.