Олжобай Шакир: Кээде өлүп алгым келет…

Ооба, өлүп алгым келет, замандаш! Бул ой эмне үчүн келет мага? Айлана-чөйрөмдү карайм, коомдун түрүнө карайм да – мен көрүп чыдай албаган көрүнүштөргө жийиркенем. Кускум келет. Баарына көзүмдү жумуп таштайын дейм, бирок жума албайт экемин. Тилимди кычыштырган, нервимди бүлкүлдөткөн, жүрөгүмдү канаткан коомдогу көрүнүштөр кадам сайын кезигет. Күнүгө… күнүгө! Ал эмес саат сайын… мүнөт сайын! Ооба, ар мүнөт сайын! Каягына карабайын – жүзү курусун баарынын… Телени тиктесем да, радиону тыңшасам да, интернетке баш баксам да – нервимди чыңаган, жүрөгүмдү сыйрыган окуялар… […]

Владимир Сутеев: Алма (жомок)

Кеч күз эле. Бак-дарактардын жалбырактары эчак күбүлүп түшүп, жапайы алма багынын кол жетпеген бийик жеринде жапжалгыз кызыл алма калыптыр. Күздүн ушул күнүндө токой аралап бараткан Коён ал кызыл алманы көрүп калды. Бирок аны кантип алат? Алма өтө эле бийик жерде экен, секирип да жете албайсың! — Крра-крра! Коён үн чыккан жакты караса, карагай башына конуп алган Карга күлүп атыптыр. — Эй, Карга! — деди Коён кыйкырып. — Тигил алманы мага үзүп берчи! Карга карагайдан алма багына учуп келди да, алманы […]

Жеке ишкер Улукбек Нусубалиев кезектеги эстафетаны эл өкүлү Жылдыз Мусабековага узатты

Олжобай Шакир байкебиздин улутубуздун руханий байлыгын арттыруу максатында «РухЭш» деген сайт түзүп, Садык байкем айтмакчы, элди агартам, көгөртөм деп катуу эмгек кылып жүргөнү белгилүү. Жакында Садык Шер-Нияз байкем ошол сайтты колдоо ирээтинде эстафета баштаптыр эле. Эстафетанын кезеги Жамалбек Ырсалиев досумдун узатуусу менен мага келип жетти. Жамалбекке рахмат, сөзүн жерге таштабай аз болсо да салымымды кошоормун. Эмне демекчимин, Олжобай байкебиздин баштаган иши алга жылып, окурмандары көбөйүп, көздөгөн максатына жетсин! Жеке салымым катары сайттын 0558080860 ЭЛСОМ капчыгына 3000 (үч миң) сом котордум. […]

Мидин Алыбаев: Жомокчу мерген

АҢГЕМЕ Мергенчиликти мен кичинекей кезегимден эле жакшы көрө тургамын. Айылыбызда бир Арстанбек деген мергенчи бар эле. Мен алардын үйүнө көп баруучумун. Анын мылтыгын, бүркүтүн, тайганын көрүүчүмүн. Атып келгендеринин терисине карап, аларды тирүү көрүүгө кызыгаар элем. Ал мергенчи кээде аюу, жолборс, карышкырларды атып, терисин алып келе турган. Булар мени абдан кызыктыруучу. Жапайылар жөнүндө кеп кылган жерге атайын барып көңүл коюп угуп олтурчу элем. Атам өтө кедей киши эле. Мен анын жалгыз баласы болгондуктан, эмнени кааласам, ошону алып берүүгө тырышуучу, бирок колунан […]

Феликс Кривиндин классикалык чакан аңгемелери

Көз айнек эмнеге керек? — Эмне үчүн көз айнек кийбейсиз? – сурашты Кумурскадан. — Кандай десем… – деди ал. – Мен күндү, асманды көрүп турушум керек, кайда бара турганы белгисиз мына бул жолду көрүшүм керек. Досторумдун күлкүлөрүн көрүшүм керек… Ал эми майда-чүйдө нерселер мени кызыктырбайт. Сүрөт Сүрөт жаратылышка баа берет дейт: — Бардыгы жакшы дечи —  фону жана түстөрдүн айкалыштары. Бирок кандайдыр бир рамка деген болуш керек да! Чыгармачыл ыкма Гүлдөрдүн талашы — кереметтүү кооздук жөнүндө болду. Сөздү Тикенек алды: […]

Бул академиянын тарыхчыларынын адепсиздиги, нарксыздыгы

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын президенти М.С. Жуматаевге Урматтуу Мурат Садырбекович! Жакында Улуттук илимдер академиянын тарых жана мурас институтунун бүтүмү катары «Тарыхчы-окумуштулардын сынына кабылган китеп» деген ат менен “РухЭш” сайтына макала жарыялады. Анда “тарыхчылар” мындай бүтүм чыгарышыптыр: «Кыргызия – зар заман» деген китептин автору Төлөк Төрөкан тарыхый билими жок же ага жакын илимдер боюнча адис эмес, жомок – жамакка шыктуу адам болгон. Ал китепте келтирген «бака бут» деген жазуу эч бир тарыхый булактарда да, тарых илиминде да кезикпеген ырастоо. Илимий чындыктарга […]