Көз айнек эмнеге керек?

— Эмне үчүн көз айнек кийбейсиз? – сурашты Кумурскадан.

— Кандай десем… – деди ал. – Мен күндү, асманды көрүп турушум керек, кайда бара турганы белгисиз мына бул жолду көрүшүм керек. Досторумдун күлкүлөрүн көрүшүм керек… Ал эми майда-чүйдө нерселер мени кызыктырбайт.

Сүрөт

Сүрөт жаратылышка баа берет дейт:

— Бардыгы жакшы дечи —  фону жана түстөрдүн айкалыштары. Бирок кандайдыр бир рамка деген болуш керек да!

Чыгармачыл ыкма

Гүлдөрдүн талашы — кереметтүү кооздук жөнүндө болду.

Сөздү Тикенек алды:

— Мен Розанын чыгармачыл ыкмасына макул эмесмин. Курчтугу — ооба, бар! Тереңге сүңгүп кирүү — мен аны жакшы түшүнөм! Бирок эмне үчүн бардыгы күлгүн түстө берилген…

Көз караш

Бөлмө ачык туруш керек, — дейт Каалганын Туткасы каалганы ачып жатып каадалуу.

— Бөлмө жабык туруш керек, – деген философиялык ойду айтат каалганы жаап жатып.

Каалганын Туткасынын көз карашы ким кайсы тараптан кармаса, ошого жараша өзгөрүп турат.

Тикенек

— Биздин бара турган жагыбыз бир окшойт, – дейт Тикенек бутка сайылып. –Жакшы болду: чогуу көңүлдүү барабыз.

Буту ооруган бала бир буттап секире баштаса Тикенек кубанычтуу жылмайыптыр:

— Мен айтпадым беле, чогуу көңүлдүү болот деп!

Жамаачы

Жаңы Жамаачы бир топ эле көрүнүктүү эле, ал аны эмне үчүн көрсөтпөй катып коюуга аракет кылып жатышканын түшүнгөн жок. Ал бул эски кемселде аябай өзгөчөлөнүп турбайбы!

Парус

— Кайрадан шамал! – деп таарына кетти Парус, керилип жатып. – Ушундай шартта кантип иштейсиң?

Бирок шамал тез эле токтоп, Парус шалпайып бир орунга туруп калды. Эми анын такыр эле иштегиси келген жок.

А качан гана шамал пайда болгондо Парус кайрадан керилип-чоюлуп нааразы болду:

— Ушул да жумушпу! Керээлдин кечке тынбай жинди немедей жүгүрүп жүрөсүң. Деги бул шамал токтосо болот эле…

Саат

Өзүнө тагылган миссиянын маанилүү жана жоопкерчиликтүү экенин сезген саат токтоп турду: ал убакытты сактап жаткан.

Дүмүр

Дүмүр жолдун так ортосунда турган, ага ары-бери өткөндөр чалынып өтүп жатышты.

— Шашпагыла, шашылбагыла, – деп нааразы болуп жатты Дүмүр.

– Үлгүрүшүмчө кабыл алам: мен бөлүнүп кете албайм да! Эл деги кызык —менсиз бир кадам жасай алышпайт!

Акыйкатсыздык

Эртеден кечке иштейсиң, — деп жинденип жатты Соо Тиш, – рахмат айткан эч ким жок! А Чириген Тиштерди кара, — тигине: жалаң алтын каптатып алышкан. Кайсы эмгектери үчүн? Акыйкаттык деген кайда?

Шам койгуч

Жарык кылуу майданында көп жылдар иштеген Шам койгуч турмуштун жаңы агымдарына түшүнө албай жатты.

— Албетте, азыркы лампочкалардын баштары мыкты, жарыкты кенен беришет. Биздин убакта шамдар башкача жашачу. Алар өз орундарын жакшы билишчү, улам өйдөлөп шыпка жетсем деп жулунушчу эмес, ошентсе да турган жеринде майга чыланып турушчу.

Жашоо маселеси

Жамгырга кийилүүчү брезент Плащ жашоосуна нааразы.

Күн жаркырап тийип, ачык күндөрү, сейилдеп жүрчү кездерде сыртка чыгарбай кулпулап камап салышат да, күн бүркөлүп, жаан-чачын башталганда алып чыгышат. Бул эмне? Жөн эле дал келүүбү же атайылап мага жасалган кара санатайлыкпы?

Жамгырга кийилүүчү Плащ ушул суроого жооп таба албай келет.

Пломба

Коргошун Пломба кичинекей жана көзгө көп илинбесе да бирок аны менен бир топтору эсептешпей коё алышпайт. Ал эмес кубаттуу темир кулпулар да кээде анын артына жашынууга мажбур. Бул эми түшүнүктүү: Пломбанын жип болсо да, бир топ эле бекем байланыштары бар.

Гиря

Соода ишинде бир топ салмагы бар Гиря, таразанын табагында олтуруп алып, аркы табакка түшкөн азык-заттарга кытмыр карар эле.

«Көрөбүз, кимди ким басып түшөр экен!» – деп ойлочу ал ошол кездерде.

Көпчүлүк учурларда тең болуп калышчу, бирок кээде Гиря басып кетер эле. Бирок андай кездерде кардарлар нааразы болуп калышканын Гиря түшүнчү эмес. «Эч нерсе эмес! – деп өзүн жооткотчу ал учурларда Гиря. — Азык-заттар келет, кетет, а гиря кала берет!»

Бул жагынан алганда Гирянын логикасы темирдей бекем эле.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.