АҢГЕМЕ

Мергенчиликти мен кичинекей кезегимден эле жакшы көрө тургамын. Айылыбызда бир Арстанбек деген мергенчи бар эле. Мен алардын үйүнө көп баруучумун. Анын мылтыгын, бүркүтүн, тайганын көрүүчүмүн. Атып келгендеринин терисине карап, аларды тирүү көрүүгө кызыгаар элем. Ал мергенчи кээде аюу, жолборс, карышкырларды атып, терисин алып келе турган. Булар мени абдан кызыктыруучу. Жапайылар жөнүндө кеп кылган жерге атайын барып көңүл коюп угуп олтурчу элем.

Атам өтө кедей киши эле. Мен анын жалгыз баласы болгондуктан, эмнени кааласам, ошону алып берүүгө тырышуучу, бирок колунан келүүчү эмес. Кийинчерек эсим кире баштаганда аны көп кыйноочу болбодум. Ал мен «таап бер» дегендерди таба албасын биле баштадым.

Ошол убакта колунда унаасы бар, сааны бар кишилер жайлоого чыгуучу. Биз ар дайым эгин багып жакада калуучу элек. Биздин үйүбүз суунун жээгиндеги жаман тамдын жанындагы кара алачык болучу. Атам алыс-алыс талааларга барып эгин сугаруучу. Кээде үйгө келбей талаада конуп, түнкү салкында көп жумуштарды бүтүрүп алып эртеси келүүчү. Апам дагы атама жардам кылып эгин сугарып кетишер эле. Анткени, биз эгинди байларга жалданып сугаруучубуз. Иш көп болгондуктан атам, апам экөөлөп иштөөчү эле.

Бир күнү талаадагы атама азык алып барып бермек болдум. Апам жарма куйган чаначты мага көтөрттү да, өзү жумушка кетти. Мен чанач көтөрүп атамды карай жөнөдүм.

Анын эгин сугарып жүргөн жери өтө алыс эле. Жолдо кетип бара жатам. Күн чак түш. Ошондой болсо да эки жакты карап элеңдеп эсим чыгат. Шашканымдан кедеңдеп, өтө ылдам басып бара жатам, бир кичинекей арыктан аттай берейин десем, алдымдан бирдеме булт секирип чыга качты. Жүрөгүм оозума тыгыла түшкөндөй болду. Ал качып бара жаткандын коён экенин көрдүм да, кармап алчу немедей артынан жүгүрдүм. Коён чуркап барып жакын жердеги чийдин арасына кирип кетти. Мен артынан бардым. Чийдин арасын карап жүрөм. Бир чоң түп чийдин түбүндө кичирээк ийин бар экен.

Анын оозундагы опурулган кара топуракка жаңы эле баскан коёндун изи түшүп калыптыр. Изди байкап олтуруп, коён ушул ийинге киргендигин көрдүм. Муну кантип кармоону ойлонуп, ийиндин жанында бир топ турдум. Бир маалда коёндун баласы эсиме түшө калды да, бул коёндун сөзсүз баласы бар деп ойлондум. Бардык оюм балдарын кармоодо гана калды.

Коёндун кичинекей баласы көзүмө элестейт. Мен аны кармоого өтө шашылып жатам. Бирок кандай кылып кармоо оюма келбеди. Мергенчилердин ууга чыккандагы бардык куралдарын ойлоном. Бүркүт, тайган, мылтык, капкан, бирок булар менде кайдан болсун? Тайганым болсо, аны жанымда кармап олтуруп, качан чыга калганда тиштетип алайын дейм, бирок колдо тайган жок. Үйүмдөгү карала күчүктү дагы ойлоном, коён тиштөө анын колунан келбесин билем да тим болуп калам. Мергенчинин бардык куралдарын ойлонуп келип, эң аягында тузак эсиме түшө калды.

— Ий! Тузак! Тузак! — деп эки-үч жолу айттым. Бирок жанымда тузак кылар эч нерсе жок. Эки жагымды карайм, эч нерсе табылар эмес. Тузак үчүн кыл алууга үйүмө барайын дейм, бирок мен келгенчекти коён балдарын ээрчитип чыгып кетеби,— деп корком. Айлам кетти. Бүткөн боюмду бүт карап чыктым — эч нерсе жок. Азык куйган чаначымды карасам, анын бучкагын бууган кылга дароо көзүм түштү. Кийип турган күрмөмдү чечтим дагы, ийиндин оозуна тыгып коюп чаначтын бучкагындагы кылды чечүүгө кириштим.

Кыл өтө бекем байланган экен, көпкө чече албай убараландым да, араңдан зорго чечтим. Бирок дагы бир азап – чаначтын бучкагын эмне менен буу керек? Муну, көп анчалык ойлонгонум жок, «чечилген бучкагын жогору каратып чаначты жаткырып коёюн, жармадан өзүм да ичейин, төгүлгөндөн калганына деле атам тоёр. Мен үйгө тирүү коёндун бөжөгүн кармап барсам, атамдар көп деле мага ачуусу келбес» — дедим да, айтканымдай кылып иштедим.

Эми тузак жасоо калды.

Мен майда чымчыктарды бир кат же эки кат кылдан эле тузак тартып илинтип алуучу элем. Азыр андай тузак жасабоо керек. Коёндун баласы чымчыктан күчтүү болорун билдим да, тузакты бир нече кылдан эшүү керек болду. Кылды эшүүнү апамдан үйрөнүп алганмын. Анын көп деле кыйынчылыгы болгон жок. Тузакты эшип, эки-үч кылып жасадым. Эми аны кандайча кылып тартуу гана калды. Тузактын учун ийиндин оозундагы чийге бек байладым да, көзөнөгүн ийиндин так оозуна келтирдим. Аны тартып коюп, чаначтагы азыкты көтөрүп алып жолго түштүм.

Күн батарга аз эле калыптыр. Мен ошол убакка чейин коёндун аракети менен болуп, атама азык алып барууну таптакыр унутуп, күндүн кечкиргенин билбей калыптырмын. Атама жеткенчекти караңгы кирип кетеби деп корктум да, кайта үйгө карай кеттим. Барсам апам жалгыз олтуруптур.

— Атаң сени издеп кетти, эмне үчүн азык жеткирген жоксуң,— деди.

Мен талаадагы иштеримди бүт айтып бердим. Бир аздан кийин чарчап-чаалыгып, чекесинен терин шыпырып атам келди. Ага дагы иштин бардыгын айтып бердим.

— Макул, эртең тузагыңды экөөбүз барып көрөбүз,—деди атам.

Мен жаткандан кийин көпкө чейин коёндун балдарын ойлоп жатып уктап кеттим.

I Бөжөктөрдү кармадым

Эртеси баарынан мурун ойгонуп турдум да, керели-кечке жумуш кылып чарчаган атамды уйкусунан ойгото баштадым.

Атам ишине бара жатып менин тарткан тузагымды барып көрө кетмек болду.

Ал экөөбүз бирге бара жатабыз. Мен тузагымдын кандай тартылышын, коёндун ийинин, баарысын атама кеп кылып бара жатам. Менин тузагыма жакындап калдык. Токтоно албай чуркап бардым, барып карасам, тузагым таптакыр жок, коён түшүп, аны чийден жулуп кетти деп билдим.

— Кана! Коён түгүл тузагың жок,— деп атам күлүп мени ызаланта баштады. Ийиндин оозундагы кара топурактуу майда-майда быжыраган кичинекей издер жатат. Буларды көрүп алып ичим күйөт. Тузакты жулуп кеткенине өкүнөм.

— Каап, бегирээк байлабай,— деп ичимден кайта-кайта айттым.

— Эчтеке эмес, мен аны сага кармап берем, шашпагын,— деп атам ийиндин ичине кол жетерлик жерине чейин таш тыкты да:

— Сен азыр мени менен жүр, анан ысык болгондо коёндор ийнине келип кирет, ошондо кармайбыз — деди. Мен сүйүнгөн бойдон атамды ээрчип жүрдүм. Күн түшкө жакындап ысый баштады. Атамды шаштырып «жүр» дей бердим. Күн аябай ысыганда ийинге келдик, ийиндин ичине кирген майда издерди көрдүм да:

— Ата, коёндун балдары азыр эле кирип кетиптир,— дедим.— Коёндун баласы деп айтпайт, аны коёндун бөжөгү,— деп айтат деди атам. Мен коёндун балдарын бөжөк деп атаарын ошондо билдим. Атам ийинге кол салып, андан үч бөжөк кармады, алардын энеси ийинге келе элек экен. Кармаган бөжөктөрдүн моюндарынан, буттарынан мен тузагымды карадым. Булардын бирөөндө да жок экен. Андыктан тузакка бөжөк түшпөй энеси түшкөн экен деп ойлондум.

Атам бөжөктөрдү кармап бергендигине өтө сүйүндүм. Алар эң эле кичинекей экен.

— Ата, буларды ийинден эмес, кууп деле кармап албайбы? — деп сурадым.

— Мени кууган көп душман
Коркот күлүк бутумдан,
Көрүнгөнгө жем болбой
Качамын да кутулам…

— деп коён айтат дейт балам, ошондуктан кичине болсо да, абдан күлүк болот булар,— деди.

Бирок мен буга көп ишенген жокмун. Мен анда өзүмдү абдан күлүк көрүүчүмүн. Үйдөгү көк эчкини канчалык чуркап качса да жетип кармап алчумун. «Бул бөжөк андан алда канча кичине анан ушуга кантип эле жетпейин» деп ойлондум.

Атам үч бөжөктү тең бирин-бирине жип менен байлаштырып мага берип, өзү жумушуна кетти. Мен бөжөктөрүмдү үйгө алып келдим.

Үйдөн бир жумшак жип алдым да, буттарынан байлаштырып, керегенин түбүнө байлап койдум.

Булар эмне жээрин толук билалбайм. Чыныга сүт куюп келип, алдыларына койдум. Такыр ичпей коюшту. Ичмек түгүл жыттаган да жок. Нан бердим, аны да жебеди.

Апам, атам жумушта жүрүшөт. Үйдө мен, карала күчүк, көк улагым жана үч бөжөгүм — алтообуз барбыз. Бирок бөжөктөр такыр бизге көнбөй жатышат. Мен жанына барып жонун сылайын десем деле жулкунуп качышат, кээде чый-чый эткен ичке үнү менен бакырышат. Бир маалда карала күчүгүм эсиме түштү. «Ага бөжөктөрдү көрсөтсөм эмне болор экен, эгер бөжөктөргө жулунса эле ал коён тиштөөгө жарайт» — деп ойлондум.

Бир бөжөктү чечип алдым да эшикке алып барып күчүккө көрсөттүм. Бөжөктү жерге коюп, бир бутунан кармап турдум. Күчүк көрүп жүгүрүп келди да, борс-борс үрүп кетенчиктей берди. Кээде жакын кирип келет да, кээде нарылап кетет.— Ал менден ыйбагып турат ко, мен болбосом баса калар эле, бөжөктү коё берип көрөйүнчү, күчүк куусун, ал жетип өлтүрө электе мен ажыратып алармын,— деп ойлондум да, бөжөктү коё бердим эле, колдон чыгары менен эле качты. Ал ушунчалык кыйын чуркайт экен. Ага мен дагы, күчүк дагы жетпей калдык. Бөжөк тереңдеп чуркаган бойдон суунун жээгиндеги калың камышка кирип жок болду. Атамдын айткан сөзүнө ошондо анык ишендим. Мунун качып кеткенине абдан ичим күйдү. Көбүнчө аны: «эки күндөн бери убара болуп кармасам, анан аны качырып жиберсем… Эми ал энесин таба албайт, жем таап берер эч ким жок, өзү кичинекей, түн ичинде түнөөр ийни жок. Абдан коркуп кордук көрөт ко байкуш» — деп кейидим. Бирок үйдөгү эки бөжөгүмдү эстеп «эч нерсе эмес» деп айттым да, күчүгүмдү ээрчитип үйгө келдим.

Кечинде апамдар келишти. Алар коён эмне жээрин айтып беришти. Мен алардын айткан жемдерин бердим, бирок жебей коюшту. Бөжөктөрдүн жем жебегендиктерине капа болдум. Ачка өлүп калат ко, багууга көнбөйт тура,— деп ойлондум.

— Жөн эле кой, кийин ачка болгондо жейт,— деди атам.

Ал түнү бөжөктөрүмдү көпкө чейин ойлоп жаттым. Бөжөктөр бүгүн тамак жеген жок, ошондон өлүп калабы же шыпырылып качып кетеби, муунуп же болбосо чалынып өлүп калабы деген ойлорду ойлоп жаттым да, эртеси алар үчүн бир үй жасайын дедим.

Эртеси атамдар ишке кетери менен эле мен дагы ишке кириштим. Бузулган тамдын кыштарынан үйгө алып келдим. Үйдүн бир жак капшытына кыштардан катарлап жыйып, бөжөктөргө үй тургуза баштадым. Ичине эки бөжөк кенен баткыдай кылдым. Алдына жумшак чөптөн төшөдүм. Ал үйдүн үстүн жабууну көпкө чейин ойлондум. Себеби — үстүн туюктап жаап таштасам бөжөктөрдүн үйү караңгы болуп кала турган. Ошондуктан алардын үйүн жарык тийгидей кылып тургузуш керек эле. Мен акырында аны да ойлоп таптым. Майда чырпыктардан алып келдим дагы, жасалган үйдүн үстүнө каршы-терши кылып тор сыяктуу тиздим. Аларды бекитүү үчүн чырпыктын учтарын кыркалап эки-үч катар кыш менен бастырдым.

Бөжөктөр секирип чыкпай тургандай бекем үй жасап, анын эшигине бир гана кыштан каалга жасадым.

Каалганы түртүп чыгып кетпесин дегендей кылып, анын артынан тирөөч дагы койдум. Үй бүттү. Бөжөктөрдүн бутундагы жипти чечтим дагы жаңы салынган жумшак, жарык, кенен, бекем үйүнө киргиздим. Үйүнүн төбөсүндөгү тизилген чырпыктардын арасынан бөжөктөр эң сонун көрүнүп турат. Аларга жумшак жалбырак чөптөрдөн терип келдим да, үйүнүн ичине салып, эшигин бекем жаап койдум. Бир аздан кийин карасам, салган чөптү быртылдатып жеп жатат. Муну көрүп абдан сүйүндүм, эми сүт ичсе эле багууга көнгөнү ошол дедим.

Күндөн-күнгө кишиге үйүр боло баштады. Башта буттарынан кармасам эле бакырып жиберишчү. Эми анысын коюп калышты. Мен берген жемди, сүттү чоочуркабай ичип-жей турган болушту. Анда-санда үйүнүн үстүнөн акырын карасам бирин-бири тиштегилеп ойноп калганын көрөм. Көп убакка чейин тынчыбай эле сереңдеп ойной беришет. Качан тынчыган убакта бөжөйүп жатып алып, отуккан козуларча кичинекей оозун кыймылдатып кепшегени эң сонун көрүнчү эле…

Алар баштагы мүнөзүн коюп жоошуп калгандан кийии менин башыма жаңы бир ой түштү. «Булар бир нече күндөн бери эшиги бекилген үйдө камалып жатышат. Абдан эриксе керек, талаада болсо куушуп, ойношуп, энеси менен эркин жүрүшөр эле. Бул жерде деле эркин багууга болбойбу» деп ойлондум. Бөжөктөрдүн үйүн ачардан мурун өзүбүздүн үйдүн тешиктерин абдан бекиттим. Анткени алар качып кетеби деп шектендим. Бирок алар эч качышкан жок. Экөө тең мага үйүр болуп калыптыр. Мен барып кармасам эч качышпайт. Сереңдеп чуркап барышып, керегенин түбүндө өскөн чөптөрдү оттошот. Үйгө таптакыр үйүр болгондугун эми билдим. Аларды короого чыгардым. Бир нече күндөн бери күндүн жарыгын көргөнү ушул. Бөжөктөр эшикке чыгары менен күчүгүм чуркап келди эле, бөжөктөр дароо үйгө кире качышты.

Алар бара-бара бардыгыбызга үйүр болду. Көбүнчө көк улак менен өтө ынтымактуу эле.

Бөжөктөр күзгө чейин чоңойгон болуп калышты. Мен аларды бөжөк деп атабай коён деп атай турган болдум.

Жайлоодогу эл өз тамдарына көчүп келе башташты. Биз жалданган байдын эки эрке баласы бар эле, алар менин коёндорумду көрүштү да бирөөнү алмак болушту. Мен бербеймин дедим эле, атам айткандан кийин айласыз араң бердим. Коёндорум бири-биринен ажыраганга ичим күйдү. Мейли, дагы бирди кармап алармын деп, өзүмө өзүм кайрат айткан болдум. Бирок бир күнү дагы балаа болду. Байдын балдары жалгыз коёнду талашып чатакташыптыр. Эми берки коёнумду дагы алмакчы болушуптур. Коёндорумду ушупчалык жакшы көрүүчүмүн. Аларга бермек турсун карматып коюуну да ыраа көргөн жокмун. Мен бербей койсом алар ыйлап апасына барыптыр. Бир маалда байдын зайыбы келип:

— Чоң эле бала, кичине балдарга теңелет бекен? Үйүңдө ойногондон көрө ата-энеңе жардам берип буудай орушсаң боло, акыңарды бербей койсок, коён эмес өзүңөргө жем таба албай калып жүрбөгүлө? — деп коркутуп жатып берки коёнумду дагы алып кетти. «Чоң эле бала, кичине балдарга теңелет бекен» деген сөзү абдан ызалантты. Анткени анын эки баласынан тең мен кичине элем. Ыйласам да болбой коёнумду алып кетишти.

Мен аларга көз каранды экендигимди ошондо гана сездим. Арадан бир нече күн өткөндөн кийин бир күнү дагы коён ууламак болдум. Бирок эч кандай куралым жок. Эң айлам кеткенде карала күчүгүмдү жип менен мойнунан байлап алып талаага чыктым. Бул менин биринчи жолу аң уулап чыгышым болду.

Менин мергенчиликке шыктуулугум мына ушундан башталды.

I

Мергенчиликтин бардык амалын издеп көрдүм. Ууга чыккан мергендерди ээрчип да далай жүрдүм. Айлыбыздагы Арстанбек мергенчи качан талаага чыгарда, мен эртеси андан мурун туруп алып атын кармап келүүчү элем. Ошондуктан ал мени жакшы көрүп талаага кошо ала чыгуучу. Арстанбек мага капкан салышты, мылтык атышты, аны кандай тазалап, кандай атып, кандай ок куюуну үйрөтчү. Ал убакта мен 12-15 жашка чыгып калган кезегим эле.

Арстанбек мергенди ээрчип жүрүштү такыр таштаган жокмун. Аны менен ар дайым ууга кошо чыгуучумун. Бир күнү ошол мергенчи экөөбүз Кайыңдуу колот деген жерге мергенчиликке чыктык. Ал жер айылдан өтө алыс эле. Кайыңдуу колотко эртең менен эрте чыгып, түш оогондо араң жеттик. Арстанбек жолдо баратып эң кызык жомокторду, өмүрүндө кандай кызык мергенчилик кылгандыгы жөнүндө айтып берди. Ушул Кайыңдуу колотто кандай жаныбарлар бар экенин айтты.

Кайыңдуу колотко бардык. Ал токою көп жер экен.

Токойлордун көпчүлүгү кайың болгондуктан Кайыңдуу колот деп аташкан окшойт.

Колоттун так орто жеринен шаркырап аккан көк кашка суу бар. Колоттун ичи суунун шаркырагы, токойдогу түрдүү чымчыктардын үндөрү, жел жүргөндөгү жыгачтардын шуудураганы кулак тундурат. Биз барар замат минген өгүзүбүздү жайдактадык. Чаначтагы айрандан ичтик.

— Сен өгүздүн жанында тургун, корксоң жаныңа тайганды таштап кетейин. Мен күн бата электе бирдеме карап көрөйүн, кечинде эт жеп жатышыбыз керек ко досум,— деп Арстанбек мага карап жылмая күлүп, мылтыгын алып колотту өрдөп кетти.

Колотто мен, өгүз, кара тайган — үчөөбүз калдык. Чымчыктар өтө эле көп. Алар бизден чоочуркагансып тынбай жыгачтан жыгачка учуп конушат. Кээ бирөөлөрү бутактын көлөкөсүнө тынч олтуруп алышып, үнүн алда нече кубултуп сайрашат. Ар түрдүү гүлдөр узун-узун болуп чыгышкан. Ал гүлдөрдүн улам бирине учуп конгон эң сонун кооз көпөлөктөрдөн башың адашат.

Бирок мен аларды кууп кармаган жокмун. Анткени, андан көрө бир чоңураак неме кармап алсам деп турам. Бактын бутактарында эң сонун кооз чымчыктар олтурат. Аларды көрүп көзүм кычышат, бирок карматпайт.

Арстанбек кетип, бир аз убакыт өткөндөн кийин эле мылтыктын үнү чыкты. «Эмнени атты экен» — деп ойлондум.

Күн батарга жакындап калды. Бир маалда мүйүзү аркайган чоң текени сүйрөп Арстанбек мергенчи келди. Суунун жээгиндеги чоң таштын түбүнө агынды отундардан жыйнап келип от жагып, жыгачтан асма жасап, ага ыш баскан кара чакага суу куюп аса баштадык.

Мен оттун жанына олтуруп алып оттон чоң жагып жатам. Биз антип-минтип асма даярдап, оттуктун отун тутантып, отун жыйганчакты күн батып, караңгы кирип кеткен. Тиги киши чоң жагылган оттун жарыгы менен текени союп жатат. Ачка болгон кара тайган Арстанбектин колун, текенин этин удам-улам карап коюп, шилекейин жутуп менин жанымда олтурат. Абышка экөөбүздү, бир чанач айранды көтөрүп жарым күндөн ашык жол басып чарчаган өгүз гана эчтекеден иши жок, жай кепшеп, ээр токумдун жанында жуушап жатат.

Абышка текени союп бүтүп, чакадагы кайнаган сууга эт салды. Текенин өпкөсүн ичеги-кардын берип ачка болгон тайганды тойгузду. Арстанбек тайганын өтө эле жакшы көрөт экен. Анын салаңдаган кулактарын, башын улам-улам сылап эркелетет. Мен тайганды эмне тиштетүүгө ээрчитип чыкканын түшүнүп турдум. Ага түлкү, кийик тиштетерин билем. Ал андан башка эмнеге алы жетерин жакшы биле албаймын.

Мен аны мергенчиден сурайын деп турдум эле. Кайсы жагыбыздан экенин билбейм, бирдеменин созуп улуганы угула түштү. Аны угары менен тайган бир үрдү. Тайган ошол жакка жүгүрө берерде мергенчи анын каргысынан кармай калды. Тайган ошондо да болбой мергенчини сүйрөп кете жаздап жулунду. Ал улуган карышкыр экенин билдим да, менин азыраак эсим чыкты. Ага жулунуп жаткан тайганды көрүп, «кантип эле карышкырга алы жетсин» деп ойлондум. Арстанбек тайгандын мойнундагы каргыга чынжыр өткөрүп, жаныбыздагы жыгачка байлап койду да:

— Улуп жаткан карышкыр, эсиң чыккан жокпу? — деп сурады.

— Корккон жокмун. Аны эртең атып алабыз, азырынча улуй турсун, — дедим.

— Жоок, эгер ал көрүнсө атпай эле кара тайганга тиштетип алабыз, — деди.

— Азыр эле коё бербейлиби барып тиштесин? — дедим.

— Азыр коё берсе, караңгыда кууп адашып кетүүгө мүмкүн. Андан көрө байлап койгонубуз жакшы балам,— деди. Мен абышканын жанакы айткан сөзүнө өтө таң калдым. Анткени, тайгандын карышкыр тиштегенин уга элек болчумун.

— Тайган карышкырга да алы жетеби? — дедим.

— Бардык тайган карышкырды тиштей бербейт, бул менин тайганым карышкыр эмес илбирске да кол салган, — деди. Муну уккандан кийин тайган жөнүндө бир аңгеме кылып берүүнү кызык көрдүм. Чал аны суратпастан эле тайганынын тек жайын башынан айта баштады. Мен чалдын жанына жакын олтуруп алып унчукпай, анын оозун карадым. Ал сөзүн баштады.

  1. Учар тууралуу аңгеме

Тайган мергенчинин эң жакын жолдошу эмеспи. Талаада тайган кишиден жакшы жолдош болот. Баягы жылы Жаманак мерген дегендин бир атактуу тайганы бар эле. Ал түлкү да, карышкыр да тиштеген. Анын тайганынын аты «Учар» болучу, өтө кыйын, учкан куштай жүгүргөндүгүнөн Учар деп ат коюшкан. Ал тайгандын даңкын уга баштагандан кийин ошондон бир күчүк алууга кызыктым. Жаманак мергендин тайгандары өтө көп болучу. Алардын ичинен эң жакшысы, атактуусу Учар эле.

Бир күнү атайы Жаманак мергендикине атып алган эки аюунун терисин тартуу кылып бардым. Жаманакка атайлап сурап барганымды айттым. Ал кыйылып туруп:

— Эми сени оокат кылдырган ушул болот, алсаң алчы, — деп Учардын эки күчүгүнүн бирөөнү берди.

Ал так ушул кара тайган. Муну алгандан кийин жакшылап бактым. Талаадан суурларды тирүү кармап келип, алардын бир бутуна жип байлап коюп тайганга куудуруп көнүктүрө бердим. Буга мен да Учар деп ат койдум. Учарды маалына жеткенге чейин ушинтип көндүрдүм.

Маалына жеткенден кийин бул атасынан да чоң болду. Эми таптап туруп ууга алып чыгуу гана калды. Бир нече күнү тамакты чактап берип таптадым.

Бир күнү ээрчитип талаага чыктым. Кыш мезгили эле. Бир колоттон түлкүнүн изин көрдүм, Учар ал убакта из кууну билүүчү эмес. Аны ээрчитип алып из кууп жүрүп олтурдум. Биз бара жаткан капталдан бир түлкү булак этип кача берди. Аны Учар көрөр замат эле жулунду, мен анын жибин чечкиче түлкү капталды аша берди. Учар ал кеткен жакты карай зымырылып жөнөдү. Анын артынан мен да чү койдум. Алар ашкан капталдын кырына чыга бергенимде карасам, түлкүнү наркы колотко жеткирбей баскан экен. Барып жеткенимче, түлкүнү тытып жибериптир. Анткени — ал жаш эмеспи, чоң тайгандарча алкымдан бууп өлтүрүүнү билбей туш келди жеринен тиштей бериптир. Учар кийин ал адатын дагы жойду. Түлкүнү ар дайым алкымдан тиштеп өлтүрүүчү болду. Тиштеген нерсесине мен барганчакты эч тийүүчү эмес. Менин сөздөрүмдү кишидей түшүнөт. Аныы менен көп түлкү тиштеттим. Мен каякка барсам да кошо алып баруучумун. Учар кийинчерээк кийик дагы тиштөөчү болду. Атып жарадар кылган кийикти түк куткарбайт. Учардын дагы бир жакшы жери – мылтыктын үнү чыкмайынча аңды көрүп турса да эч былк этпей менин жанымда бүжүрөп аңдып жатат. Качан мылтык атылганда гана жүгүрөт.

Учардын карышкыр тиштеген күндөрү да болду. Мунун эң бир кызык окуясы – илбирске тиш салгандыгы. Өткөн жылдардын биринде, күз убактысында Учарды ээрчитип талаага чыкканмын. Бир түлкүнүн изин кууп өтө алыс кетиптирмин. Кайта үйгө кайтууда атым чарчап калгандыктан талаада түнөп калууга туура келди. Бир жылуу колотко түшүп, атымды жыгачка байлап коюп, аттын жанындагы чоң таштын түбүнө ээр-токумумду төшөнүп чечинбей жата кеттим. Учар дагы жанымда жаткан. Күн суук болгондуктан ал мага ыктап өтө жакын жатты эле. Мен уктап кетиптирмин. Бир маалда жанымдан дүбүрт угулду. Чочуп ойгонуп кеттим. Ал дүбүрт, жанымдан жаңы эле тура жөнөгөн Учардын чуркаганынын дабышы экен. Ал бирдемени көрүп жөнөгөнүн дароо билдим. Бирок кандай неме экенин билбеймин. Түн ичинде ууга чыккандарданбы деп ойлондум. Атымды карасам, ал эки жакты карап элеңдеп кошкуруп турат. Өзүнө коркунучтуу бир нерсени көрбөсө, чарчаган ат анчалык кошкуруп калтырабайт. Атты аңдып чыккан жырткыч экенин ошондо билдим. Түн өтө караңгы. Эки жакты карасам эч нерсе көрүнбөйт. Учардын каякка кеткени да белгисиз. Мылтыкты колума алдым да, эмнеси болсо да колотту өрдөйүнчү деп жогору карай чуркадым. Менден бир нече алыстыктагы жерден тайгандын «кыңк» — дей түшкөн үнү чыкты. Бул Учардын үнү. Муну уккандан кийин ичим жаман күйдү. Душмандардын колуна түшүп жан соогат деп жалдыраган жакын досумдун үнүндөй сездим. Мен чарчаганды билбей улам жогорулап чуркай бердим. Бир жерге барып тыңшап тура калсам: арылдап алышып жаткан Учардын үнү жана кулакка өтө чоочун кыш… кышш… деген дабыш угулду. Токтоно албай жакын чуркап бардым. Учар менен кармашып жаткан чубалган узун, өтө чоң неме экен. Түндүн караңгылыгынан ал эмне экенин ажырата албадым. Бирок ал жолборс же илбирс экени оюма түштү. Аларга аралашып Учарга жардам кылайын дедим, бирок мага тиш салабы деп корктум. Мылтыкты эчак эле октогонмун, атайын десем, Учардын бир жерин жаңылыш атып саламбы дедим. Учар аны алкымдан бууп алган окшойт. Бирде Учар, бирде тиги жыгат. Анын бутунан шарактаган капкандын үнү угула түштү. Мен коркпостон мылтыкты тике кармап жанына кирип бардым. Бир маалда Учар аны баскан кезде тигинин башына мылтыкты такап барып атып жибердим. Аткандан кийин да Учар аны көпкө чейин алкымдап эзип жатып коё берди. Учарды ажыратып алып ээрчитип аттын жанына келдим. Мен жатсам да Учар жатпай койду.

Ал өчөгүшүп жатып жеңген душманынын жанына бир барып, мага бир келип жүрүп таң атырды. Эртең менен барып карасам, анын кармашканы чоң илбирс болуп чыкты. Ал бир жерден тиштүү капканга түшүп казыгын сууруп качып чыккан экен. Алардын кармашкан жериндеги кардын үстүнүн баары кан болуптур. Учардын бир жак далысынын терисин сыйрып таштаптыр. Анын түндөгү каңк дей түшкөнү ушундан болсо керек. Бирок Учар дагы аны оңдурбаптыр, анын алкымын таптакыр шалбыратып эзип таштаптыр. Эгер мен жардам кылбасам деле Учар жеңилмек эмес экен.

Илбирс түндө биздин жаныбыздан бир топ алыстыктан өтүптүр. Ошондой болсо да Учар аны көрө коюп кууп жеткен экен. Тайган түндө өтө сак жана көрөгөч болот. Тайгандын пайдасы мына ушундай балам, — деп мергенчи абышка аңгемесин бүттү.

Мен анын аңгемесинде такыр корккон жокмун, анткени, жаныбызда так ошол тайгандын өзү жатат, мылтыгыбыз да бар, түн жылуу, отту чоң жакканбыз. Бир маалда бир чымчык бырпырап келип оттун жээгине коно калды да, кайта учуп кетип, биздин тегерегибизди айлана берди. Кээде оттун жээгине коно калат. Мен анын мындайлыгына өтө таң калдым. Бирдемеден качып, бизге корголоп жүрөбү деп ойлондум. Бирок андай эмес экен, канаттуу куштар жарыкты өтө жакшы көрөт дейт. Караңгыда бир жарык чыкса ошонун жарыгынын тегерегинен чыккысы келбейт. Бул чымчык мына ошондуктан биздин оттун жээгине учуп түшүп жатыптыр. Мага муну да мергенчи абышка түшүндүрдү.

Абышканын айткан сөздөрүнүн бардыгын эң кызыгуу менен угуп олтурдум. Ал дагы айтса экен деп турам. Көбүнчө жаныбарлар жөнүндө айтса мага эң кызык.

Эт бышты. Аны чыгарып жеп, таштын түбүнө ээр токумдан төшөнчү кылып, мергенчи экөөбүз тең уйкуга кирип кеттик.

III Бир аюу аттык

Эртеси эртең менен эрте туруп алып кийикке чыктык, алар күн тиерде, күн чыгары менен оттоп чыгышат экен. Мергенчи кечеги чыккан жагына барбай өйүзгү түнт токойду — чоң бетти карай жөнөдү. Анткени, кечеги атылган мылтыктын үнүнөн качып, кийиктер башка орунга жайыларын айтты. Мен Учарды жетелеп артынан кетип бара жатам. Өгүздү, кошубузду, ордуна калтырдык. Биз алыс жерге кетип калдык. Нечен сонун жыгачтарды араладык. Бир топ белестерди аштык, жолдон ар түрдүү чымчыктар уча качат. Алар жаңыдан эле уяларынан учкан сыяктуу. Алардын жумурткалары, көзгө элестейт. Ал гана эмес жолдон араң эле учкан сонун балапандар да учурайт. .Куусам бат эле кармай турганмын. Бирок кармоого көңүлүм келген жок, жөн эле алардын уюлгуган көп жерине туш келгендей сездим. Ошондуктан кетерде кармап алармын дегендей кылдым. Ушинтип бара жатат элем. Бир маалда мергенчи токтой калды дагы мага келип тетигини көрдүңбү деп шагылдуу беттеги калың карагандын арасын сөөмөйү менен көрсөтүп шыбырап айтты. Мен дароо эле көрө алган жокмун. Анын сөмөйү көрсөткөн жакты көпкө тиктеп жатып, бир түп караганды айлана басып, шашпай кыймылдаган, саксайган саргыч жүндүү дүңкүйгөн немени көрдүм. Муну дароо эле «аюу» деп билдим.

Бардык белгиси элден укканымдай көрүндү. Андан көз айырбай эле карап турдум. Мергенчи мени ушундай тургун деди да бөкчөңдөй басып, бир түп жыгачты өңүт кылып аюуну карай жөнөдү. Мен аны да, мергенчини да карап турдум. Мергенчи өңүттөп жөнөгөндө Учар аюуну азыр көрбөсө дагы кулагын жапырып, мылтыктын атыларын күтүп, бүжүрөп жата берди. Мылтык атылары менен Учар менден жибин жула чуркады. Аны менен алек болуп жатып аюунун кандай жыгылганын көрбөй калыпмын. Тыбырап, ооналактап калганын гана көрдүм. Бир аздан кийин былк этпей жатып калды. Ошондо гана чуркадым. Мен жеткичекти мергенчи ага барып ары-бери аласалдырып калды. Учар каякка адашып кеткенин билбеймин. Бир убакта акактап тилин салып чарчап келди.

Мергенчи аюуну союп, анын терисин, майын, өтүн дары болот деп алды. Кичинемдеги жомоктордон уккан аюуну ушунтип бүгүн өз көзүм менен көрдүм. Муну атып алгандан кийин туп-туура эле конушубузга бардык. Күн бешим болуп калды. Бул кайыңдуу колотто мергенчиликке жайлуу жер. Ошон үчүн бүгүн конуп, эртең дагы бирдеме атып кетели деди Арстанбек мергенчи. Мен ага макул болдум.

Түн ичинде чоң кылып жаккан от, анын жээгинде олтуруп алып айткан мергенчинин аңгемелерине кызыктым. Кошко барып түтүк менен айран ичтик. Абышка мылтыгын тазалап туруп, күн батканчакты эс алайынчы деп кырынан жата кетти. Мен кечинде жатууга отун камдай бердим. Өгүз коштон көп алыс кетпептир, аны алып келип байладым. Кайда барсам Учарды ээрчите жүрдүм. Эл жок, ээн жердеги токойду аралагандан эсим чыкты. Кооз чымчыктын балапандарын издеп жүрүп бир ийин көрдүм да, капканымды ала келбей эмне болдум экен, эки күндүн ичинде сөзсүз бирдеме түшүрүп алмак экенмин деп өкүндүм.

Бир аздан кийин күн батып, каш карайды. Мергенчи ойгонду да, оттугун тутандырып, түндөгү коломтого от жага баштады. Мен чакага суу алып келдим. Кечээги текенин этинен салып, отту чоң жагып, оттун жанына сүйлөшүп олтурдук. Мергенчи өтө жакшы киши эле, ал жай гана коңур дабышы менен өзүнүн мергенчилик кылып жүрүп көргөндөрүнөн айтып жатты. Мен анын ар бир сөзүн кыймылдоодон эринип тып-тынч угуп олтурдум.

— Ээ, балам, ар бир айбандын турмуш, мүнөздөрү менен таанышыш керек. Көбүнчө үй айбандарына жакшы мамиле кылыш керек. Алардын качандыр пайдасы тиет. Андайлар жөнүндө мен сага бир жомок айтып берейинби? — деди мергенчи абышка.

Араң турган мен эмнеден кайтайын.

— Айтып бериңиз! — деп чалдан сөз күтүп ага тике карадым.

— Эмесе макул, сен уктабай жакшылап угуп тур, — деп ордунан бир козголуп чал жомогун баштады.

  1. От жанындагы чалдын жомогу

…Илгери бир заманда үч уулу бар бир кедей чал болгон экен. Анын бардык карманган төрт гана эчкиси болуптур. Андан башка эч бир дүнүйөсү да, малы да болбоптур.

Күндөрдүн бир күндөрү чал үйүндө төшөнчү, балдарына кийим жок болгондуктан пулдап келсин деп бир эчкисин эң улуу уулу Элебестен базарга айдатышыптыр. Элебес эчкини жетелеп алып базарды карай жөнөйт. Бир нече жолду басып баргандан кийин, анын жолунан бир чычканды кармап алып аны ийне менен сайгылап, кыйнап жаткан киши жолугуптур. Чычкан чырылдап жаны калбай тургандай ыйлап жан соогалап жалынат экен. Аны көрүп ичи чыдай албай:

— Ой, баатыр, ушу чычканды коё бериңизчи? — дейт Элебес. Тиги киши анын сөзүн укпай эле чычканды кыйнай бериптир. Анда туруп:

— Эми ушул эчкимди берейин бошотуңуз, муну мага бериңиз, — деп суранат. Анда тиги киши Элебестин эчкисин алып чычканды ага бериптир. Ал чычкан менен өтө ысык достошуптур.

Элебес ушинтип базарга барбай эле кайта үйүнө барат. Барса:

— Кана, эмне алып келдиң? — деп сурайт атасы.

— Базарга жете электе эле кара өпкө болуп ооруп калды — деди Элебес.

— Каап, кедейчилик убакта иш жаман болгон экен да,— деп чал капаланып бир эчкисин кайта жетелетет экен.

Бала келе жатса жолдон баягы киши бир мышыкты безелентип сабап жатканын көрүптүр.— Мышык азап көргөнүнөн буркурап ыйлап, арачалар эч ким жок, анын арман кылганын угуп:

— Муну коё бериңизчи? — дейт.

— Жок, коё бербеймин.

— Эмесе ушул эчкимди алыңыз да, мышыкты мага бериңиз,— дейт Элебес. Анда тиги макул болуп мышыкты берет. Ал мышык менен абдан дос болуп коё берет. Мышык кетип баратып:

— Бир керегиңизге жарармын досум, — деп кетет.

Элебес, кайта үйүнө барат. Барса:

— Кана, эмне алып келдиң?

— Жолдон уурдатып жибердим, — деп жооп берет.

Чал ары карап, бери карап, абдан капа болуп дагы бир эчкисин жетелетет.

Бала жолдо баратса, баягы киши бир тайганды сабап атат. Тайган каңшылагандай болсо, адам жанына чыдап тура албайт.

— Ушуну бошотуңузчу?

— Жок бошотпойм. Күнөөсү көп.

— Эмесе эчкимди алыңыз, — деди бала. Тиги эчкини алды да тайганды Элебеске берди. Ал тайган менен дос болуп коё берди.

Тайган бара жатып:

— Ушунуңду бир актармын досум, — деп жөнөп кетет.

Бала дагы үйүнө барат.

Барса:

— Кана, эмне алып келдиң?

— Карышкыр жеп кетти,— дейт бала.

— Карышкырың менен караан кал, кандай каргашалуу жолго дуушар болгонсуң балам, эми калган жалгыз эчкиңди барып сатып кел, — деп чал абдан капаланат. Эчкилери калбай калганга энеси, бөбөктөрү ыйлашат.

Бала жолдо бара жатса баягы киши бир зыяны жок, чакпай турган жыланды, ийрилтип отко кактап кыйнап жатканын көрөт.

Элебес: «Абаке, бул күнөөсүз жыланды бошотуңуз» деп алда нече жалынып суранса да коё бербейт.

Анан айласыздан боору чыдабай, жалгыз эчкисин дагы кармата берет. Жылан кутулганга абдан кубанып, кетип бара жатып:

— Сураганыңды берем досум,— деп Элебеске убадасын берип жөнөп кетет.

Бала үйүнө кайта барат экен.

Барса:

— Эмне алып келдиң балам? — деп сурайт атасы.

— Бир чычкан, бир мышык, бир тайган, бир жыланга сатып келдим ата, — дейт.

— Атасы муну угуп абдан ачууланат.

— Жиндисиңби, балам. Чычкан менен жыландын эмне кереги бар бизге? Эми баарыбызды тентиреттиңби. Бар эми тапкан жериңден барып оокат кыл, — деп үйүнөн кууп жибериптир.

Бала элинен уялганынан бир жакты бет алып жүрүп отуруптур. Көзүнө көрүнгөндү жеп, көрбөгөн азапты көрүп, удаасы менен алты ай ачка жүрүп олтуруп, бир жерге барып алы кетип, олтурса ага баягы тайган досу жолугат.

— Ээ, досум, эмне минтип калгансың? — деп тайган ыйлап жиберет.

Элебес бардык болгон абалын түшүндүрүптүр. Аны уккандан кийин тайган алыс жаккы тоого чыгып бир кийик тиштеп келип досун тойгузуп:

— Эми досум, мен берки досторуңа кабар берип келейин. Мен келгенче бул тамактарды жеп оокат кылып тур,— деп тайган жөнөп кетет.

Бала аны менен оокат кылып жата берет. Бул жерде как эткен каргасы, кук эткен кузгуну жок ээн талаа, эрме чөл экен.

Бир нече күн өткөндөн кийин баланын азыгы түгөнүп дагы ачка калат. Бир күнү алсырап кумдун үстүндө чалкасынан жатса: укуругун сүйрөткөн, мыкты ат минген жылкычы кезигиптир. Аны менен ал жайын сурашып таанышып олтурушуптур.

— Кайсы элдин, кайсы байынын жылкычысы болосуң? — деп сураптыр Элебес тиги жылкычыдан.

— Ээн жердин элинин атактуу Жыланбай деген байынын жылкычысы болом. Ал өзү адам баласы болгону менен жылан болуп кубула билет. Түшүндө эмнени көрсө ошонусун керемети менен чече билет. Анын жалгыз баласы бир алдамчы душмандын колуна түшүп азап тартып жатканда бир ак көңүл боорукер Элөбес деген досу келип бошотуп алыптыр, ал аны менен абдан дос болгон экен. Эми ошол досунун башына оор иш түшүп ээн талаада калыптыр деген кереметине кирип ошону издөөгө мени жиберди эле,— деп жылкычы сөзүн жыя электе эле:

— Ошол досу мен, — деп Элебес анын мойнуна асылат.

— Эмесе сизди тапкан турбаймынбы,— жылкычы атынан түшүп аны урмат кылып атына мингизет.

Экөө байдын үйүн карай жүрүп олтурушат. Жолдо бара жатканда жылкычы балага эмнени суроо жөнүндө акыл үйрөтөт. Ал айтат:

— Сизге самаганыңды ал деп айтар: ошол убакта сиз анын мал-мүлкүн сурабай эле алтын шакек деген буюму бар, ошону сураңыз дейт.

— Анын кандай касиети бар? — дейт Элебес.

— Ал дүйнөдөгү эң асыл буюм: аны алган киши эмнени кааласа ошого жете алат. Аны бай эч кимге бербей өзү гана алып жүрөт. Түн ичинде катынына ишенбей оозуна салып жатат. Аны алган адам колуна салынып алып самаган максатын санап айтып уктап ойгонсо, ошолорунун бардыгы самаганындай келет,— деп жылкычы түшүндүрдү.

— Анан анын үйүнө барганда үйүнүн ичинде бир топ эле жыландар бар. Булардан эч коркпой салам айтып кол берсеңиз, алар ошол замат киши болуп сиз менен амандашат,— деп жылкычы дагы кошумчалады.

Бала досунун үйүнө барды. Үйгө киргенде салам айтып кирди. Үйдүн төр жагында бир ак жылан жатат, ал байдын байбичеси экен, кадимкидей адам болуп кол алышты. Жүктүн бир жак бурчунда эки кызыл жылан жатты эле, алар байдын кызы, досунун карындаштары экен. Бай баласы экөө талаада сейилдикке чыгып кетишиптир. Бир маалда алар келишти. Эң жакын досун сонун кылып урматташты.

Элебес досунукунда туура кырк күн жатты. Бир күнү кетүүгө камында эле:

— Досум, эмне сурайсың, менин жанымды алып калган сен элең, каалаганыңды берейин,— деди байдын уулу.

— Эмесе досум, атаңдын алтын шакегин алып бергин, — деди бала.

Ал досу айтканды кыя албай туруп атасынан алып берип, бир мыкты ат мингизип алдында мал айдатып узатты.

Элебес бир нече күндүк жол жүрүп келип, бир ээн талаага түшүп, баягы жылкычы айткандай алтын шакекти салынып алып бардык максатын айтты. Ал самаганын мындай деп айтты. «Өзүмдүн эл-жеримде болоюн. Элимдин бай-жардысы жок текши жыргал турмушта болсун, өзүм кандын ордосун талкалаган баатыр болоюн, эл-жеримдин айланасы душман өтпөгүдөй дарыя менен чектелсин»,— деп уктап калды.

Бир маалда аны бирөө:

— Туруңуз эми, уйкуңуз кангандыр, — деп ойготот.

Ал анын аялы экен. Ал эң сонун ак өргөөдө жаткан болот. Эшикке чыгып караса баягы айткандарынын баарысы оюндагыдай келген. Мурунку кедейчиликтин зарын тарткан эне-аталары каткырып күлүшүп шат турмушта, мурунку кедейлердин баарысы балага ыракмат айтышып бардыгы, сонун ак өргөөдө, бардыгын турмушу сонун.

Мына ушинтип, баланын эл-жери эң сонун жыргал турмушка келип калганын көрүп, алардын айланасындагы башка бир хан калкын жыйып:

— Ушул калкты дарыялуу чекти кечип барып ким билип келет? Анын ханы ким,— деген жар салат. Анда калың элдин арасынан бир куу кемпир чыгып:

— Мен билип келемин ханым,— дейт. Хан макул болуп ал кемпирди жөнөтөт. Кемпир амалын таап эптеп дарыяны кечип келип баланын элине аралашып турмушун көрүп, калкты ким башкарарын сураштырып, Элебестин үйүнө келет. Ал жок убакта келип анын аялынын жаштыгынан пайдаланып бардык сырды билип алат. Бир күнү ал кемпир түн ичинде кайта өз элине барып, элдин турмушун ким башкарганын, алтын шакектин маанисин, ал кимде экенин ханга айтып берди.

Анда хан:

— Ошол алтын шакекти кандайча болсо да амалын таап алып келесиң,— деп кемпирге буюрат.

Ал хандын буйругу боюнча Элебестин элине барып алардын арасында шек билгизбей жүрө берет. Ошентип отуруп Элебестин үйүндө кызматчы болуп, казан аягын кармашып жүрө берет.

Алтын шакекти Элебес дайым оозуна салып уктачу экен. Бир түнү баягы кемпир баланын үйүнө уурданып кирип, анын төшөгүнүн башына чөк түшүп отура коюп уктап жатканда мурдунан кыса кармай коёт. Эчтекеден кабарсыз уктап жаткан неме деми кысылып дха, дха деп жөтөлүп жибергенде, алтын шакек таңдайынан ыргып кетип, аны кемпир илип ала чү коюп качып жөнөйт.

Ошентип ал алтын шакекти ханга алып келип берет. Хан алат дагы: «Анын элинин бардыгы куураган турмушта болсун, бала өзү ээн талаа, эрме чөлдө калсын» — деп тилейт. Анын тилеги айтканындай келет.

Элебес бир күнү ээн талаада эрди кеберсип, эси ооп жатса, баягы тайган, анын мышык, чычкан досторун ээрчитип келет. Алар досунун мындай абалда жатканын көрүп, абдан капа болушат. Досу аларга бардык болгон окуяларын айтып түшүндүрөт. Анда чычкан туруп:

— Оо, кокуй! Бул эч нерсе эмес, аны биз бат эле кайта сага алып беребиз,— дейт.

Аны калгандарынын бардыгы кубатташат. Эми бул үч досу алтын шакекти кайта досуна алып берүүгө киришишти. Учөө ээрчишип алып хандын карайына жөнөштү. Жолдо чоң суу кезикти эле алар бирин-бири көтөрүп кечип өтүп кетишти. Бир нече күн жол жүрүп олтуруп, бир күнү хандын ордосуна барышты. Хандын үйүнө кирүүдөн мурун акыл курушту.

— Силер кичине эмессиңерби, караңгыда эч ким көрбөйт. Эгер мен кирсем иттер көрүп айылга билгизип коёт. Мен болжолдуу жерден күтүп турайын, силер эптеп алып чыксаңар, мен экөөңдү көтөрүп эч кимге жеткирбей качам, — деди тайган.

Тайгандын бул сөзүнө алар макул болушту. Тайган болжолдуу жерде калды. Мышык менен чычкан ээрчишип хандын үйүнө киришти. Барса хан уктап жатат. Алтын шакек оозунда экен, хан дем алган сайын мурдунун таноосунан алтын шакектин нурлуу жаркыны үйдүн ичин жапжарык кылып турат.

Ишти кандай кылып баштоо жөнүндө чычкан менен мышык күбүрөшүп сүйлөштү.

— Сен төшөктүн жанында аңдып тургун, мен барып хандын мурдуна куйругумду соймоңдотоюн, ал чүчкүргөндө алтын шакек ыргып кетер, аны сен илип ал да мени кошо тиштей кач, — деди чычкан. Буга мышык толугу менен макул болду.

Ишти чычкандын айтканындай башташты. Чычкан барып хандын мурдуна куйругун соймоңдоткондо, хан «апчший» деп чүчкүрүп жибергенде алтын шакек таңдайынан булт этип ыргып кетти. Аңдып турган шамдагай мышык аны да, чычканды да илип ала зырылдаган боюнча кача жөнөдү. Ал чуркап тайганга келди, тайган аларды тиштеп алып, дароо чуркады. Качып жүрүп олтурушуп баягы чоң сууга туш келишти. Эми алардын башына өтө кыйын иш түштү.

— Суудан кантип алып өтүш керек — деп ойлонушту.

— Тайган сен мышыкты көтөр, мени мышык көтөрсүн, мен алтын шакекти тиштеп алайын, ошондо суу тийбейт да аман-эсен алып чыгып кетебиз,— деди чычкан.

— Жок мунуңа мен көнбөймүн, алтын шакекти менин кулагыма салабыз, мындан бекем жер жок. Анан сен айткандай кылып экөөңдү, тең көтөрөмүн,— деди тайган. Ага мышык дароо көндү, чычкан анчалык деле көп көнгөн жок, айласыздан макул, — деди.

Алтын Шакекти тайгандын кулагына салышты, анын жонуна мышык минди, мышыктын жонуна чычкан минди. Үчөө сууга киришти. Суу барган сайын тереңдеп, тайгандын жонунан ашып, мышыктын капталын жаба берди. Мышык — агып кетемби деп, шаштысы кетти. Ал тайгандын жонуна бекем жармашты. Анын тырмагы баткан сайын тайган да чыдабай баратат. Анын үстүнө кулагына да суу кирип кетти, жакшы эле чыдайын деди эле, такыр болбоду. Эң акырында чыдай албай силкинип жиберди. Кулагындагы алтын шакек булт этип ыргып сууга түшүп кетти. Алар кайра тартышты. Суунун четине чыгып алышып, сууну жээктеп төмөн карай чуркашты. Жедеп чарчаганда бир жерге барышып сууну тиктеп шүмүрөйүп олтурушту.

— Өзүң чоң болгон менен акылың аз экен, мен айткандай кылсак ко, иш мындай болбойт эле, — деп чычкан тайган менен урушту. Айып өзүндө болгондон кийин ал унчуккан жок. «Эми досубузга эмне дейбиз?» дешип абдан капаланышты. Түн кирип калды. Суунун алар отурган жеринен бир кичинекей ак балык улам секирип кайта сууга кирип токтобойт. Ал секирген сайын боору укмуштуу жаркырай түшөт.

— Ай, ушу балыкта бир кеп бар, — деди чычкан.

— Мышык, ушуга бир эрдик кылсаңчы? — деп тайган мышыкты кылчайып карады.

— Макул,— деп мышык бүкчөйүп балыкты аңдый баштады. Бир маалда балык суудан секире бергенде мышык «шып» алды да, суунун жээгине алып чыкты. Анын ичин жарып караса, баягы алтын шакек ошондо жүрүптүр. Үчөө абдан кубанышты. Мышыкты мактап далыга чабышты. Издегендери колго тийгенден кийин алар өтө ынтымактуу болуп, бирге акылдашып, чычкандын мурунку айтканындай кылып суудан аман-эсен алып чыгышты.

Арыктап азап көрүп, каржалып кайышып жатышып алтын шакекти досуна алып барып беришти.

Элебес досторунун бул жакшылыгына өтө ыраазы болду. Алтын шакекти оозуна салып: «мурунку айткандардын баары калыбы бойдон келсин, бизге каршылык кылган хан, куу кемпир менен кошулуп биздин элге келсин» — деп самап уктап калды.

Ойгонсо эли да, жери да мурунку калыбына келген. Эшикке чыгып караса, баягы хан менен куу кемпир жүрөт. Аларды дароо жок кылышты. Ушинтип турмуш өткөрө беришти. Элебести эли абдан жакшы көрөт, анткени — эли бай, жардысы жок эң текши, аларды ушинтип жыргал турмушка келтирген Элебес эмеспи.

Бир күнү Элебес кийик уулап чыгып алтын шакекти атасына калтырып кетет. Аны атасы жакшылап бек катпай жоготуп жиберет. Элебес кийиктен келсе, үйүндө атасы анын алтын шакегин жоготуп жибергенин угуп капа болот.

— Эми аны алчу киши жок. Бизге каршы хан менен куу кемпирди болсо жок кылганбыз,— деп өзүнө-өзү кайрат айтып тим болот. Эли, жери өзгөрүлбөй эле баягы жыргал турмушунда тура беришет.

…Алтын шакек жоголгонуна бир топ жыл болуп калат. Бир күнү алтын шакек бир кийиктин ичинде жүрөт деген кабар угуп Элебес ошол кийикти издеп алыска жол тартты. Бир нече жума жол жүргөндөн кийин анын аты чаалыгып өлдү. Элебес жөө калды, колунда мылтыгы жана ак болот бычагы калды. Ал жөө жүрүп олтуруп токойлуу, тоолуу ээн жерге туш келди. Ал жерде эч бир кыбыр эткен адам баласы жок экен. Элебес издеген кийигин таба албады, өзүнө тамак таап жеши да кыйын болду. Кайта элине кетүүгө такыр мүмкүнчүлүк болбоду. Анын ок-дарысы түгөндү. Токойдун арасына бир чөп алачык жасап алган, ошонун ичине бир топ кийиктин этин кургатып алган эле, анысы да түгөндү. Жанында жалгыз болот бычагынан башка эч куралы калган жок. Элебес турган жер ээн болгондуктан анда жырткыч айбандар да көп экен. Бирок алар адам баласын көрбөгөндүктөн Элебес кезиксе андан коркушат.

Элебес аны билгенден кийин коркпой эле токойду аралай берет. Ал абдан ачка болду. Бир күнү чөп алачыгына кирип бардыгын аңтарып жүрүп жалгыз ок таап алат да, мылтыгын асынып кийик уулап чыгат. Бир нече кийиктерден тандап жүрүп бир чоң текени атып, аны үйүнө алып келип терисин бузбай кеп кылып соёт, кебин өзү кийип алып кийик уулап чыгып, кийиктердин арасына кирип кетип, болот бычагы менен таамайлап уруп, же аска таштардын үстүнө чыга калып астындагы кийиктерди чоң таштар менен уруп жыгып оокат кыла берет.

Ушинтип бул жерде бир жылга жакын туруп калды.

…Бир күнү текенин терисин кийип алып аң уулап чыгып бара жатса, аны кийик экен деп бир бүркүт илип кетет. Ал учуп барып бийик зоонун боорундагы чоң кара үңкүргө алып кирди. Үңкүр бир нече киши батарлык эң чоң жана улам нарылаган сайын караңгы экен. Үңкүрдүн ооз жагында майда чырпыктан жасаган, кенен чоң уянын ичинде чыныдай болгон эки жумуртка жатат.

Бул бүркүттүн жумурткалары. Бүркүт Элабести үңкүргө алып кирер замат таштап коюп кайта учуп кетти. Элебес текенин кебинен чыгып үңкүрдүн караңгы жагына барып бир чоң таштын нар жагына жашынып калды. Үңкүрдө Элебес корко турган эч нерсе калган жок. Ал жалгыз калгандан кийин, үңкүрдүн ичине ары-бери басып баарып көрдү. Үңкүрдүн оозуна келип караса алды жагы шаркырап агып жаткан көк ирим суу. Үңкүрдүн өтө бийиктигинен шаркырап суунун агыны араң эле угулат. Үстү жагы мелтиреген касаба зоо. Анын чокусун үңкүрдөн көрө албайт.

Бирок Элебес өлөмүн го деп санаа тартып саргайбады жана бул кыйынчылыктан коркподу. Анткени — Элебес мындай татаал өлүмгө жакын коркунучтуу абалга дуушар келген киши ар дайым токтоо, сабырдуу, кайраттуу болуш керек деген сөздөрдү бала чагында далай карыялардан уккан. Азыр Элебес так ошол бала чагындагы уккандарын эсинен чыгарган жок.

Бир маалда үңкүргө эки бүркүт учуп келди. Анын бирөө элик, бирөө аркар көтөрүп келишти. Алар келери менен Элебес баягы караңгы жердеги далдоого кирип кетти. Ал анда жашырынып туруп алып, бүркүттөр эмне кылып жатканын, алардын күчтүүлүгүн, алып келген жемин кандай жарып жешкендерин карап жатты.

Мына ушинтип, бүркүттөр жем жеп таранып бүткөнчөктү күн батып, каш карайды. Үңкүрдүн ичине ого бетер караңгылык кирди. Бүркүттөр мойнун кайрып уктап кетишти. Энеси уянын үстүнө жатып, атасы уянын жанындагы ташка конуп укташты. Үңкүрдүн ичинде бир гана Элебес уктабай олтурат. Бүркүттөр Элебести билбейт, анткени — аны текенин кеби менен көтөрүп келип, аны көрбөгөн, алар текенин кебин тытып-тытып гана жөн болушкан.

…Бүркүттөр уктап жатат… Элебес таштан мойнун созуп карап олтурат. Ал жанындагы болот бычагын кынынан сууруп алды да, бүркүттөрдү өлтүрүүнү ойлоду. Анткени алар Элебести ушундай туюкка алып келип өмүрлүккө камап таштаган анык душманы. Элебес болот бычагы менен экөөнү эки шилтесе эле өлтүргөнү турат. Анын бычагы ушунчалык өткүр, ташты жыгачтай кесет. Элебес бычакты таптап барды да, кайта айныды. «Эгер буларды өлтүрсөм, баары бир мен да өлөм. Булар кийик көтөрүп келет экен, убактылуу болсо да ошолордон жеп жан багамын. Булар жок болсо мага жем кайдан болот эле, андан көрө өлтүрбөй эле коёюн деп ойлонду да, болот бычакты кынына кайра салды.

Бүгүн Элебестин үңкүргө биринчи гана түнөшү. Ошондуктан ал ушул түнү такыр уктабай чыкты. Таң атар замат бүркүттөр учуп кетишти. Алар кетери менен Элебес барып кечеги алып келген аркарды өзү жаткан жакка сүйрөп келип союп алды. Терисин нар жакка жыйып коюп, этин кургатуу үчүн таштарга илип таштады. Элебес үч-төрт күндөн бери эч тамак жебей абдан ачка эле. Ошондой болсо да чийки этти жей алган жок. Үңкүрдүн ичинде бүркүттөрдүн жемдеринин сөөктөрү эң көп эле. Уядагы куу чырпыктардан кичине алып, Элебес оттугун тутантып ал сөөктөрдү жага баштады. Жиликтердин ичиндеги чучугу, майлуу кемиктери тамызгы болуп эң сонун күйөт экен. Ага Элебес эң сонун шишкебек бышырып жеди. Ал, тойгондон кийин бүркүттөр келсе түтүн каптайт деп отту өчүрдү да, далдоо жерине барып уктап кетти.

Ойгонсо түн кирип калыптыр, бүркүттөр адатынча мойнун кайрып уктап жатат. Элебес абдан суусады. Бирок суу жок. Ал суусунду кандайча кылып кандырууну ойлонуп жатып таң аттырды. Эртең менен бүркүттөр учуп кетишти. Алар кечээ бир чоң кулжа алып келишип, жебей бүтүн бойдон таштаган экен. Элебес турду да аны далдоого алып барып сойду. Ал абдан суусап, айласы кеткенден кийин кулжанын канынан ичип суусунун кандырымыш болду.

Мына ушинтип бир нече күн өттү, бүркүттөр эртең менен кетишет да, кечинде келишет. Алар келген сайын кур келишпейт. Бирок Элебес дагы эмгексиз жата берген жок. Бүркүттөр алып келген жан-жаныбарлардын бардыгынын терисин сыйрып, этин кургатып, сөөктөрүн отун катары жага берди. Жан-жаныбарлардын терилерин ийлеп кайыш кылып, кээ бирөөлөрүн туюк союп чанач жасап алды. Бүркүттөрдүн күндө алып келгендерин Элебес жогорку айткандай кылып күндө иреттей берди. Алып келгендери күнүгө жок болуп тургандан кийин бүркүттөр күн сайын эки-үч мертебеден жемге чыга турган болду.

Эгерде үңкүр бир-эки үйдөй гана кенендиги болсо булар такыр батпас эле. Бирок үңкүрдүн Элебес турган жагы бир-эки короо кой батарлык кенен болучу.

Элебес үңкүрдүн ичинде бир айга жакын туруп калды. Ал бара-бара бүркүттөрдүн бардык кылган ишине, кесибине абдан таанышты. Ал суу болбогондуктан абдан суусайт. Тили кургайт. Күндүз бүркүттөр жокто үңкүрдүн оозуна олтуруп алып, алды жагында көк ирим болуп агып жаткан чоң сууга секирип түшкүсү, андан суусуну канганча ичип оюндагыдай жуунгусу келет. Бирок асмандап алыс турган гана үңкүрдөн секирип түшүүгө даабайт. Эгерде секирсе аман калбасына көзү жетет да, улутунуп үшкүрүп, үңкүрдөгү өз иштерине киришет. Эл, жерден ажырап, ээн жерде калып абдан эриккен, анын үстүнө караңгы үңкүрдө камалып калганына абдан капаланат.

Кантип кутулуунун аргасын издейт. Бирок эч мүмкүнчүлүк табылбайт. Капалыгын жазууга эч эрмек жок. Анын жалгыз эрмеги гана кайыш ийлөө, чанач жасоо, ичинен күнгүрөнүп бирдемелерди ырдайт. Бүркүттөр жокто үңкүрдүн ооз жагына олтуруп алып, өйүз жактагы көрүнгөн тоолорду, андагы токойлорду, асманда калкыган булуттарды карап үнүн созуп ырдай турган болду. Ал өзүнүн кайгылуу, убаралуу турмушуна арман кылып:

Тилсиз жоого туш болдум,
Какшаган үндү сезбеген,
Касаба зоонун боорунда,
Калкымды күндө эскерем.

Каргалар учуп жетпеген,
Кара үңкүргө камалдым.
Кара жанды багамын,
Карандай тузсуз эт менен.
Кызыл тил кургап суусаймын,
Бир жутум сууга эңсенем.
Канчалык муңдуу болсо да,
Кайратты кармап белсенем.

Өмүрүм бүтүп өлгөнчө,
Кара үңкүрдө турамбы?
Туюкта жатып тунжурап,
Тумандай көзүм тунарды.
Кутулар айла таппадым,
Билбеймин кандай кыларды.

Каалаган жерге жете алган,
Канаттуу куш болсомчу.
Калкылдап учуп асманга,
Калкыма барып консомчу.

— деп ырдайт да, кайта оор үшкүрүп ичинен кайрат кылып ишин кыла берет.

Кийинчерээк Элебестин оюна бир жакшы иш түштү. Ал сууга жетүүнүн амалын тапты. Ийлеп алган чаначтарынын бир кичирегин алды да, анын оозунан эки жак четине кайыш байлап, суу сузуп алуу үчүн сууну карай түшүрдү. Бирок чанач сууга чейин жеткен жок. Анын кайышы кыска келип калды. Элебес чаначты кайра тартып алды да ийлеп алган текенин, кулжанын, аркардын терилеринен дагы көп кылып тилди. Аларды бирине-бирин бекем улаштырды. Узундугу бир нече арканды улаштыргандай болду. Чаначтын оозу жырылып кетпегидей кылып дагы бекемдеп байлап, чанач сууга чөксүн үчүн ичине чоңураак таш салып, чаначты сууну карай дагы түшүрдү. Өзү үңкүрдүн оозуна олтуруп алып чаначын карап турду, ал сууга жеткенде Элебеске эң эле кичине көрүнүп калды. Чанач салмактана түшкөндө Элебес кайышты жыйып көтөрө баштады. Чаначты үңкүргө тартып чыгып караса, кап ортосуна чейин суу сузулуптур.

Эки-үч айдан бери эч суу көрбөй таңдайы кургаган Элебес суусуну канганча ичип, калганына жакшылап жуунду. Элебес аз да болсо сүйүнүп калды. Ал күн сайын чаначын бир нече жолу түшүрүп суу сузуп чыгып, берки чаначтарына куюп сууну мол кылып алуучу болду. Элебес эркинче ичип, эркинче жуунат.

Мына ушинтип, анын үңкүрдөгү оокаты өтө берди. Бир күнү бүркүттөрдүн бирөө ар дайым уяда калып жумурткасын басууга киришти. Беркиси ага тынбай жем алып келе турган болду. Элебес күндүз уядагы бүркүткө көрүнбөй жата берди. Мурун мол кылып бышырып алган этинен жеп, чаначтарга толтуруп куюп алган суудан ичип, бүркүт балапанын чыгарганга чейин көрүнбөй жата берди.

Бир күнү бүркүт балапанын чыгарды да, уядан учту. Уяда эки кызыл эт балапан жатат. Аларга эне-аталары күндө эки маал жем берип кетет. Кээ бир күндөрү аларга Элебес да жем берүүчү болду. Балапан да чоңойгон сайын Элебес жанына барса, оозун ачып жем сурай турган болушту. Алардын бир энеси Элебес болуп калды. Бүркүттөр келген учурда гана ал жашынып калат. Алар учуп кетери менен балапандардын жанына келип, аларды сылап-сыйпап жем берип, өзүнө абдан үйүр кылып көндүрө берди. Аны балапандар эң сонун тааный турган болушту. Өз эне-аталарынан да Элебеске жакын болуп кетишти. Күн өткөн сайын алар чоңоюп, уяга батпай турган болду. Алардын чоңдугу эмитен эле эне-атасынан кем болгон жок. Алар дагы чоңоюшат. Учуу убагы жеткенде алар канаттарын таранып, алмак-салмак шаңшый турган болушту.

Элебес аларга күндө барып жем берет. Алар эч чоочуркашпайт. Үчөө бир уяда жаткан немедей ынтымактуу болушту.

Бир күнү эне-атасын ээрчип балапандар да уядан учуп жөнөштү. Элебес алардын кетпесин билди. Алар керели-кечке учуп жүрүшөт да, кечинде гана түнөккө келишет. Кээ бир күндөрдө балапандар өзүлөрүнчө жем алып келүүчү болду. Алар азырынча түлкү, суур кийиктин балдарына гана алы жетишет. Алып келген жемдери да ошолор.

Мына ушул күндөрдөн баштап Элебес ал эки бүркүткө тең сонун ак кайыштан боо такты. Алар жемди Элебестин колунан жешке көнүштү. Ошон үчүн күндүз учуп кеткенде да эне-аталарынан бөлүнүп Элебестен айланып чыга албай үңкүргө эки-үч мертебе учуп келише турган. Экөө тең эне-атасынан эки эсе чоң, эки эсе кыраан болушту. Алар эне-атасынын жардамысыз эле жемдерин өзүлөрү алып келишет. Каман, карышкыр, кулжа-текелерди да алып келүүчү болду.

Мына ушундан баштап Элебестин башына дагы бир жакшы ой түштү. Ал, ушул эки бүркүтүнүн жардамы менен үңкүрдөн кутулуп, эркин жерге түшкүсү келди. Мурунку эки бүркүт болсо, балапандары өзүлөрү жем таап жешке жарагандан кийин үңкүргө келбей кетишкен. Балапандары болсо эң жакшы көргөн Элебести таштай албастан, аларды ээрчип кетпей, уңкүрдө калган. Элебес аларга эң сонун томого жасады.

Бир күнү бүркүттөрү менен кошо уча турган болуп камынды. Бүркүттөрүнүн сандарына жоон кайыштан байлады, өзү да белине жазы кур курчанып эки жак капталына эки кайышты бек тагып, бүркүттөрүнүн томогосун алып үңкүрдөн учурду. Элебес эки бүркүтүнүн ортосунда салаңдап учуп бара жатат. Бүркүттөр барып бир дөңгө конушту. Ошол замат Элебес белиндеги кайышын чечип жиберип бошонуп чыкты да, «ал эми бошондум, тилеген максатыма жеттим» — деп кубанды. Ээн жерде ары-бери басып черин жазды.

Ошол дөңдүн алдында бир көл бар экен, ага барып жуунуп олтуруп, көлдүн күзгүдөй тунук суусунан өзүнүн өңүн көрө коюп, абдан чочуп кетти. Анткени — анын үңкүрдө турганына бир жылга жакындап калган эле. Ошол убакыттын ичинде анын чачтары өсүп, кабагына түшүп калыптыр. Бул көрүнүш өзүнө абдан чоочун сезилди.

Элебес көлдүн жээгинде мындан аркы кыла турган иштери, мындан аркы оокаты жөнүндө ойлонуп, камактан кутулуп чыкканына кубанып көпкө олтурду. Бүркүттөр бир жакты карай учуп кетишкен.

Бир маалда олтурган ордунан туруп бир жакты бет алып басайын деп турса, үстүнөн айланып таңшыган эки бүркүттү көрдү. Бирөө кандайдыр алган жемин көтөргөн, экинчиси типтике эле Элебести карай келе жатат. Келди да Элебести илип кетти. Бул өз бүркүттөрү эле. Алар Элебести баягы өз үңкүрүнө алып барышты. Анткени — ал экөө Элебеске ушунчалык үйүр болгон экен. Андан айрылышкысы келбеген. Булардын ушунчалык үйүр, ушунчалык дос болгонун Элебес да билди.

Ал элинен чыккандан бери ар дайым капада болуп, эч бир кабагын ачып күлгөн эмес эле. Бүркүттөрүнүн ушунчалык жакындыгына аябай кубанып, азыр гана ээн үңкүрдө карс-карс күлдү да, бүркүттөрүн эркелетип сылады. Жанакы бирөөнүн алып келгени чоң аркар экен. Аны союп бүркүттөрүнө берип, калганын өзү бышырып кирди.

…Элебес күн сайын бүркүттөрү менен жерге түшүп келүүчү болду. Аларда Элебести көтөрүп учуп көнүштү. Алар ар дайым баягы мурунку конгон дөбөгө конуучу.

Бир күнү барып конор замат Элебес эки бүркүтүнө тең томого катты да, ошол жерге бир жыгачка байлап коюп, керели-кечке жыгачтан үй жасоого киришти. Анын болот бычагы балталар өтпөй турган жыгачты кесүүчү. Кеч кирип келе жатканда бүркүттөрүнүн томогосун алып учуруп жиберди. Алар айланып турду да, Элебести адатынча үнкүргө алып кетишти.

Күн сайын алып барып, томого катып байлап коюп жүрүп, он чакты күндүн ичинде өзүнө эң сонун үй жасап алды. Кийинчерек ошол үйүнө көчүп, бүркүттөрүнө ошол жерден жем берип, аларды үйүнө үйүр кылууга киришти. Ал баягы дөңгө учуп барып конгондо бүркүттөрүнө томогосун кийгизе коюп, үйүнүн жанындагы жыгачка алып барып байлай турган. Бара-бара алар жемди так ошол үйгө Элебеске алып келип, ошол жерге түнөчү болду. Ошентип жүрүп үңкүрдү таптакыр унутуп кетишти. Эки бүркүт эмне алса да, Элебеске алып келишет. Аны ал өз колу менен союп берип көндүрдү. Кээде бүркүттөр алгандарын тирүүлөй көтөрүп да келе турган болушту.

Мына, ошентип Элебес ээн жердеги үйүндө бүркүттөрү менен туура төрт жыл турду. Бүркүттөрүнүн алып келгендери менен эч кандай кыйналбай-кысталбай оокат кылып жүрдү. Бирок ал элин такыр унуткан жок. Эптеп элине кетүүнү ар дайым ойлоп жүрдү. Жетүү кыйын, минерге ат жок. Ал ошол жерден куландарды көрүүчү, алардын жаш кулундарынан кармап багып өзүнө үйүр кылып алсам деп ойлонуучу. Бирок кармоо кыйын. Кийик, эчкинин улактарынан кармап өзүнө үйүр мал кылып алган. Кээ бир азыгы түгөнгөн күндөрдө өзү союп жеп, бүркүттөрүнө да берүүчү.

Бир жыл жазында бир бүркүтү куландын жаш кулунун көтөрүп келди. Ал тирүү экен. Элебес абдан сүйүндү. Ага отукканчакты эчкинин сүтүнөн берип жүрүп, сонун үйүр кылып алды. Ал кийин Элебес кайда барса да, жылдырбай ээрчий турган болду. Мына ушул күндөн баштап эле Элебес ээр токум жасай баштады.

Ошол куланын тай чагынан үйрөтүп минип чоң ат кылып өстүрдү. Ал эң сонун ат болду. Элебес аны менен түз жерде кийиктерди кууп жетүүчү. Куландар канчалык кыйын шартта болсо да арыбас, талыбас өтө бышык жаныбар экенин Элебес карыялардан угуучу. Ал куландын анык ошол укканындай экенин эми билди. Ушул аты менен дагы бир куландын кичине кулунун кууп жүрүп укуруктап кармап, аны дагы бат эле үйүр кылды. Жапайы жаныбарларды кандай үйрөтүүнү эң жакшы билүүчү. Үч-төрт жылдын ичинде тиги кулуну дагы жакшы ат болду. Элебестин кийиктерден өстүргөн малы да көбөйдү. Элебес элине кетүүгө эми толук мүмкүндүк болду.

…Ээн жерге келгенине туура он төрт жыл болгон экен, бир атын минип, бир атын жакшылап токуп, жонуна туур орнотуп, бүркүттөрүнө томого катып олтургузуп коштоп алып, жолдо азык болсун деп өстүргөн малын алдына салып айдады да, Элебес элин карай жол тартты.

Туура кырк бир күн жол басып, айдаган малы түгөнүп, аттары арыктап, өзүнүн өңү азып Элебес элине келген экен» — деп жомогун бүттү да:

— Мына балам, айбандарга жакшылап кандай мамиле кылсаң, алар да сенин эмгегиңди актайт. Сен укмушту угуп, көптү көрүп көзүң кана элек, ошондуктан карылардын жомогун уга жүр, балам. Сен да мага окшоп мергенчи болосуң, ишенем, — деп от жанында олтурган абышка сөзүн бүтүп,— кана эми тамак жеп уктайлы, — деди.

Так ушул чалдын жомогу мага ар дайым унутулгус элес болду. Мен жыйырмага чыккандан тартып мергенчиликке киришип, ошону менен оокат кылып, так ушул кесип менен ата-энемди бактым. Жанагы чал айткандай мергенчи болдум. Мен бүркүт да, тайган да бактым. Алардын нечен кызыктарын учураттым.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.