Кеч күз эле. Бак-дарактардын жалбырактары эчак күбүлүп түшүп, жапайы алма багынын кол жетпеген бийик жеринде жапжалгыз кызыл алма калыптыр. Күздүн ушул күнүндө токой аралап бараткан Коён ал кызыл алманы көрүп калды.

Бирок аны кантип алат? Алма өтө эле бийик жерде экен, секирип да жете албайсың!

— Крра-крра!

Коён үн чыккан жакты караса, карагай башына конуп алган Карга күлүп атыптыр.

— Эй, Карга! — деди Коён кыйкырып. — Тигил алманы мага үзүп берчи!

Карга карагайдан алма багына учуп келди да, алманы үзүп алды. Бирок тумшугуна жакшы илинбеген алманы түшүрүп жиберди.

— Рахмат сага, Карга! — кубанган Коён эңкейип алманы алайын дегиче, ал тирүү немедей ышкырган үн чыгарды да… жүгүрүп качып жөнөдү.

Бул эмнеси?

Коён коркуп кетти, анан барып иштин жайын түшүндү: көрсө, алма ошол жерде топтоголок болуп уктап жаткан Кирпинин так үстүнө түшкөн экен. Чочуп кеткен Кирпи ийнелерине сайылып калган алманы көтөргөн бойдон качып жөнөптүр.

— Токто! Токто деп атам! — деп кыйкырды Коён. — Менин алмамды кайда алып барасың?

Кирпи токтоп калды да, мындай деди:

— Бул менин алмам. Ал менин үстүмө түштү. Мен аны тосуп алдым.

Коён жүгүрүп Кирпиге жетип келди:

— Азыр бер алмамды! Аны мен тапкам!

Аңгыча Карга да учуп келди.

— Жөндөн-жөн эле талаша бербегиле, — деди ал, — алма меники, аны мен үзгөм.

Бири-бирине макул болушпай, үчөө бир заматта токойдун ичин ызы-чуу кылып жиберишти. Ар бири:

— Менин алмам!— деп кыйкырат.

Иш чатагына айланып мушташканга өтүштү: Карга Кирпинин мурдун чокуп алды, Кирпи Коёнду ийнеси менен сайгылап, Коён Карганы тепкилеп атты …

Кайдан-жайдан Аюу келип, тигилерге күрүлдөгөн үнү менен кыйкырды:

— Бул эмне деген жоругуңар? Эмне болгон ызы-чуу?

Тигилер тынчый түшүп ага кайрылышты:

— Сен, Михаил Иванович, токойдогу эң чоң жана эң акылдуубузсуң. Биздин талашыбызды акыйкат чечип бер. Сенин айтканың айткандай болсун. Алманы кимге беришти өзүң чеч, биз ошого макулбуз.

Алар иштин жайын Аюга жакшылап түшүндүрүп беришти.

Аюу ойлонуп, ойлонуп турду да, кулагын кашып суроо узатты:

— Алманы ким тапты?

— Мен! — деди Коён.

— Аны ким үздү?

— Мен үздүм! — деп каркылдады Карга.

— Жакшы. Алманы ким тосуп алды?

— Мен тостум! — чыйкылдады Кирпи.

— Анда эмесе мындай, — деп чечим чыгарды Аюу, — үчөөң тең туура айтасыңар, үчөөңдүн тең эмгегиңер бар экен, ошондуктан бардыгыңар алма алганга акылуусуңар…

— Бирок бир эле алма болуп атпайбы! — деп жиберишти тиги үчөө бир ооздон.

— Алманы тең бөлүп алгыла.

Үчөө кубанып кетти:

— Ой тобо, буга биздин акылыбыз жетпегенин карасаң!

Кирпи алманы алып төрткө бөлдү.

Бир кесимин Коёнго берди:

— Бул сага, Коён, — сен алманы биринчи көргөнсүң.

Экинчи бөлүктү Каргага сунду:

— Бул сага, Карга, — алманы сен үзгөнсүң.

Үчүнчү бөлүктү өзү оозуна салды:

— Бул мага, алманы тосуп алганым үчүн.

Төртүнчү кесимди Аюунун алаканына салды:

— А бул сага, Михаил Иванович…

— А мага эмне үчүн? — деп таң калды Аюу.

— Сен бизди жараштырып, акыл үйрөткөнүң үчүн!

Бардыгы өз үлүштөрүн жеп, ыраазы болушту, анткени Аюу акыйкат чечип,эч кимди таарынткан жок.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.