Олжобай Шакир байкебиздин улутубуздун руханий байлыгын арттыруу максатында «РухЭш» деген сайт түзүп, Садык байкем айтмакчы, элди агартам, көгөртөм деп катуу эмгек кылып жүргөнү белгилүү. Жакында Садык Шер-Нияз байкем ошол сайтты колдоо ирээтинде эстафета баштаптыр эле. Эстафетанын кезеги Жамалбек Ырсалиев досумдун узатуусу менен мага келип жетти. Жамалбекке рахмат, сөзүн жерге таштабай аз болсо да салымымды кошоормун.

Эмне демекчимин, Олжобай байкебиздин баштаган иши алга жылып, окурмандары көбөйүп, көздөгөн максатына жетсин! Жеке салымым катары сайттын 0558080860 ЭЛСОМ капчыгына 3000 (үч миң) сом котордум. Кезекти Жогорку Кеңештин депутаты, шар сүйлөп, шартылдатып иштеген, кумурскадай мээнетчил, иштин майын чыгарган, МТУ-3тө опол тоодой эмгек кылып элдин алкышына татыган, Ат-Башынын эрке кызы, досум Жылдыз Мусабековага узатам. Жылдыз таланттуу журналист, мекенчил инсан.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.