Жүсүп Мамайдын 100 жылдыгына арналат

Келдибек, Балык, Акылбек, Чоюке, Тыныбек, Сагымбай, Саякбай, Эшмат, Жүсүп Мамай… Атын атасаң куту сүйүнөт дегендей, бул улуу ысымдар ар бир кыргыздын жүрөгүнүн түпкүрүндө  орун алган. Булардын ар бири Манастын чексиздигин сезип, Манас айтууну кесип кылган, өмүрүн Манаска байлагандар.  Алмустактан бери келе жаткан Улуу Рухтун  туу чокусуна айланган Манасты кыргыздын өнө боюна жашатып, каны-жанына сиңирип келгендер.

Кээлеринин ысымы лакапталып, эл оозунда айтылып, улам кийинкилеринин айткан «Манасы» сакталып, өз алдынча вариант болуп учурда Илимдер акадкемиясында сакталып турат. «Манастын» көп варианттуу болушу анын кунун төмөндөтпөстөн, тескерисинче, анын чексиздигин, канчалар айтса да түгөнбөстүгүн, бүтпөстүгүн айгинелеп турат. Биздин колубузга тийип окуп калган манасчылар Сагымбай, Саякбай өңдүү алптардын «Манасы» ар бир кыргыздын каны-жаны менен жашап, жан дүйнөсүнүн негизин түзүп келген. Улуу көчтү токтотпой, эки алптын  кадамын улай залкар Жүсүп Мамай кыргыз элине баа жеткис мурас калтырып кетти. «Манас», «Семетей», «Сейтек» Жүсүп Мамай вариантында андан ары улантылып «Кененим», «Сейит», «Асылбача-Бекбача», «Сомбилек», «Чигитей» бөлүмдөрүнө чейин жетет.

«Манасты» сегиз урпакка чейин бир гана Жүсүп Мамай эле айткан эмес. Алсак, Саякбай манасчы эпосту беш муунга чейин айтса, анын устаты Чоюке сегиз урпакка чейин улантып айткан. Кызыл-Суулук манасчы Эшмат Мамбетжусуп да «Манасты» сегиз урпакка чейин айткандыгы белгилүү. Бирок өкүнүчтүүсү, алардын айтымындагы «Манас» кагаз бетине түшпөй, бизге чейин жетпей отурат. Андыктан, биз Жүсүп атабызга кыргыз элинин руханий казынасын байытып, баа жеткис кенч, мурас калтырып кеткендигине ыраазычылык билдирүү менен, анын манасчылык өнөрүнө таазим этебиз.

Бул макаланы жазыш менин милдетим жана парзым деп ойлойм. Анткени Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Даникеев Өскөн агай залкар манасчы Жүсүп Мамай менен  бир нече жолугушуп, жылдыздары келишип, манасчы атабыз өмүрдөн өткөнчө Кыргызстандан барган адамдардан өзү таанып эсинде калгандарга салам дубай айчу эле. Ошондой саламды мен аркылуу айтып, 2012-жылы Өскөн агайдыкына баргам, агай китеп чыгарганы жатканын залкар манасчынын эскерүүсүн жаза келишимди өтүнгөн. Мен төмөндөгү залкар манасчы Жүсүп Мамайдын айтканын диктофонго жазып, келип Өскөн агайга кагазга түшүрүп бергем. Өскөн агайдын “Дил баян” деп аталган 2014-жылы жарык көргөн китебине басылган.

 Өскөн инимди мен жакшы билем. Чыңгыздын чакыруусу боюнча Кыргызстанга барганбыз. Биз экөөбүз болчубуз. Мен анан окумуштуу Чин Шөшүн. Тосуп чыккандардын жетеги Өскөн Дани экен.Чыңгыз баарын ошо орун басарына тапшырып кетиптир чет эл жакка. Баш-аягы он күнчө жүрдүк. Көп-көп жолугушуулар болду. Таластагы Манас Атанын күмбөзүнө барып куран окудук. Ал менин те бала кезимен берки купуя мүдөөм эле. Суусамыр, Ысык-Көл, Чүй боорун бүт кыдырдык. Өскөн инимдин үйүндө болдук. Жубайы, бала-бакырасы ырыс-кешик,  ыймандуу бүлөлөр экен. Ал кире бергенден эле байкалды.

Өзү да топук мүнөз, кең пейил жан турбайбы. Каерде, кандай маселе, калыс сүйлөйт экен. Элине таанымал чоң жазуучу экен. Мындай карасаң жөнөкөй эле бирөө. А насилинде такыр башка. Кетер-кеткенче мен ага алды-кийин көңүл салып жүрдүм. Үйүндө кандай – тышта да ошо:калбаат, айткандары орундуу. Баса, беш айбы, алты айбы, уулу кыз балалуу болуптур. Атайы оюна түйүп жүргөнбү, ошо небересинин карын чачын мага алдырып, бата сурап атпайбы. “Ии, — дейм ичимен. – Демек, эскиден калган ырым-жырымды жакшы карманат экен го”.

Кийин да эки-үч курдай көрүштүк. Биринде Манасчы Сагынбай абабыздын тоюнда, анан бу эле өзүбүздүн Үрүмчүдө. Бээжинге барып келатыптыр. Эки күн бою бирге даам татышып, кең-кесири ангеме курдук. Баягысындай эле салабат, жупуну…

Иши кылып Өскөн иним,  баарлашып катар отургандагы анын жупуну илеби, жарык маанайы күнү бүгүн эсимен кетпей көз алдымда турат. 

Жүсүп  Мамай

Залкар манасчы мына ушинтип эскерип берген эле. Зымырап андан бери деле далай суулар агып, далай күндөр өтүптүр. Быйыл тирүү болсо залкар манасчы Жүсүп Мамай 100 жашка толмок. Биринчи жолу Кыргызстанга келгенде Казакстандын чек арасы болгон Коргос бекетинен тосуп келген адам катары, эскерүүгө кайра бардым. Анда Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы Өскөн Даникеев, “Ала-Тоо” журналынын башкы редактору Кеңеш Жусупов агайлар залкар манасчыны тосуп келип Кыргызстанды кыдырткан.   Эми мурдагыдан кичине эстүү  болуп видеого алганы бул тарыхый учурду түбөлүккө сактоо ниети менен бардым. Анткени ошол атамдан Өскөн агайды жаздырып атканда, тирүү кезиндеги ушундай нерселерди эмнеге тартып албагам дейм да…

Өскөн агай залкар манасчынын өмүр жолуна арналган китепке  мен алган сүрөттөрүн «доолады», ал китеп 2012-жылы жарык көргөн эле. Мен күлдүм, китепти, сүрөттөрдү, залкар манасчынын пикирин алып келип бергенимди, “Дил баян” китебине чыкканын эстеттим. Өскөн агай да күлдү. Керемет адам.

Кайрадан сөз кербенин чубап залкар манасчынын Чыңгыз Айтматовдун чакыруусу менен келгенин, кыргыз адабиятынын патриархы Түгөлбай Сыдыкбековдун үйүндө мейманда болгонун сүрөттөр менен кайра эскердик.  Бишкек шаарынан ээр токум издеп атамдын (Жүсүп Мамай) ал кезде таппаганын эскерди.

Өскөн Даникеев да,  Жүсүп  Мамай да кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн мурасчылары. Кылымдан кылымга өтүп келе жаткан, байыркы улуу кыргыз элине гана таандык “Манас” эпосун руханий байлык катары элге белек кылган залкар манасчыга да, Өскөн агайга да  зор урмат менен таазим кылам.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.