«…Ал Мефистофель.

Мен Фауст.

Бүгүн түнү келишимге кол коёбуз» (Э. Межелайтис. «Контрапункт»)

…Шырт-шырт-шырт… Август айынын аптаптуу күнүнө чагыла калып, жыш өскөн бедени кулата чаап жаткан чалгынын үнү угулат. Чалгы: өзү иштеп жаткандай биркараган кишиге. Аны шилтеп жаткан абышка сабынан гана сүйөй кармап, аны ээрчип бараткансыйт. Чалгынын шартылдаган үнүнө жарышкансып абышканын чолок-чолок энтиккен добушу угулат. Күн шашке чамалап, ысык абышканын бырыштуу чекесинен кычкыл терди чыгарат.

Айыл тарап күз күрөшүнүн күч алгандыгынанбы, же август айынын аптабынанбы, айтоор, ээн, жансыздай.

Ишин таң эртеден баштаса да бүгүн арбыбады.

Абышка ишин токтотуп, бүрүшүп сооло баштаган беде үстүнө чокчоюп отура кетти. Узактан жүгүрүп келгенсип жүрөгүнүн тарсылдап соккону өзүнө угулуп, астында жаткан бедени да кыймылдатып жаткансыды. Кычкыл тер бырыштуу чекени аралап көз кычыктарына кирет, шимилген жаакты тилип өткөнсүйт.

Абышка оо бир кыйлага чейин отурду да, анан кырданып жата кетти. Жанында жаткан кемселинен чакчасын алып чыкты да, насыбай атты.

Үлп эткен шамал жок, дымыктырган августтун ысыгы, башын жерге салып, ысыкка мөгдүрөгөн беде, четинде кырдана жаткан абышка.

Абышканын негедир бүгүн жүүнү бош. Каруусу кетип, жаны жер тартат. Ооруган деле эч жери жок. Кээде, күндүн ысыгында башы ооруп, шакыйы кармай калчу эле, бирок бүгүн андай оорунун чети да сезилбеди.

— Атсалоомалейкум, чоң ата.

Абышка башын көтөрдү. Беде аянтынын четиндеги арыктын жээгинде коңшусунун уулу турган эле.

— Алекумасалам. Жардамдашканы келдиңби, уулум?— Абышка тамашалай алик алды.

— Апам сизди чай ичип кетсин деп жатат.

— Болуптур, бедени сен чаба тур анда.

— Дүкөнгө барып самын алып кел деп жатат. Болбосо…

— Тамаша кылып жатам, чунак десе. Өзүңөрдүн бедени эле чаап алчы. Ниети бар жөн койсо чалгы чабышка. Эптеп өзүм кечке бүтөрмүн. Азыр барат деп кой апаңа.

Коңшусунун уулу макул дегендей башын ийкеп үйүн көздөй бет алды.

Абышка ордунан козголо бергенде бели зырп этти. Эмилеки тер ката түшкөндүктөнбү денеси тырышып, ысык аптапта чыйрыга түштү. Четте жаткан чапанын араң ийилип алды да, анан коңшусунуку тарапка бет алды.

Абышканын ушундай ийкемдүү коңшу келинге ичи ысый түшөт. Уулу да чоң аталап, абышканын эрмеги. Бир үйдө келин, анан уулу гана жашачу. Күйөөсү эл, жерге батпай, арактын артынан жүрүп, акыры дайынсыз жок болду. Аны кай тарапта жүргөнүн чакан айылдагылардын эч кимиси билишпейт. Дагы бир жерде жүргөн чыгар арагын ичип деп учкай гана бүтүм чытарып койчу айылдаштары. Андайда абышка «Ат айланып казыгын табар» деп гана ичинен ойлоно турган.

Анан коңшусунун уулу курактагы небересин ойлонду. Кемпири көзү барында небереси алардын колунда эле. Небересинен уламбы уулу менен келин баласы бат-бат айылга каттап турчу. Алар келген сайын жакасы жаңырып, абышка-кемпирдин өзгөчө, небересинин кубанычы чексиз. Андайда бедени уулу чаап, келини кир-кокту жууп, үйдү иреттеп койчу. Ошентип, уулу келген күн абышка үчүн майрамга айланар эле.

Ошондой күндөрдүн биринде кемпир бу дүйнөдөн өтүп кетти. Кайгы кабыргасын канчалык кайыштырса дагы абышка ошондо көз жашын эч кимге көрсөткөн эмес. Он жылдык өмүрү бир күндө өтүп кеткендей карылыкка ошол күнү моюн сунду. Ат үстүндө жигиттей жүрчү абышканын бели ийилип, коюу каштары ойнок көздөрүн жаап калган. Түп түгөл дүйнөнүн бир капшыты эңшерилгенсип, турмушумда бир нерсе жетишпей, өксүк тиричилик өкүм сүргөнсүдү.

— Ата, биздикине жүрүңүз. Жалгыз үйдө кантип жашамак элеңиз. — Кемпиринин кыркын өткөргөндөн кийин уулу да аны сезип ага кайрылган эле.

Үйчү?.. деп ойлонуп туруп сүйлөдү ошондо абышка.

— Жашап турар адам табылар.

— Айлымчы, эл-журтчу, энең жаткан боз топуракчы? Аны кантип таштап кетейин. Капастагы куштай шаардагы үйүңдө жашап турганда сага, болбосо мага не пайда.

— Жалгыз оор болот ко.

— Эл-журт бар, эптеп көр оокат өтөөр. — Ойлонуп туруп абышка унчукту:

— Неберемди да ала кеткиле. Келип-кетип көз көргөзүп турсаңар эле болду. Деги аман-эсен болгулачы чырактарым…

Ошентип, абышканын жалгыз жашаганына үч жылга аяк басты. Тууган-туушкандары кеңешип, коңшу айылдагы бир жесирди үйүнө киргизип берели, үй-тиричиликке баш-көз болсун деп бир нече ирет айтышты эле, абышка көнбөдү. «Аял алып, эми жашармак белем. Кара башым калың журтка батат. Көр оокаттын айынан катын алгыдай колум же бутум мунжу болсо бир жөн. Кудая шүгүр, алты саным азырынча соо. Анан эл-журт, уулум, келин балам эмне дейт. Неберемчи, ал жаңы чоң апасына кантип көнсүн, өз чоң энесинин колунда өсүп, даам татып калбадыбы. Аныңарды койгула»,— деп такыр каршы болгон. Ошондон бери тууган-туушкандарынын мындай сөздү айтууга оозу барышпады.

«Картайган окшойм. Каруум кетип, жүүнүм бошочу болду. Капырай, муздак тер басканы эмнеси, жайдын саратанында?» — Абышка ушул сөздү ичинен сүйлөнүп коңшусунукуна басып келет. Көп нерселер оюна түшөт жолдо, ушул талаада өткөн жаштыгы, алгачкы сүйүүсү, басмачыларга каршы күрөш, Украина жергесинде кан кечип жүргөн алаамат, кемпири, небереси үчөө жашаган күндөр, анан шаардагы уулу, келини… Айтор, баарын эскере берет. Эскерүүлөргө жык толгон бул турмушуна өзү да биротоло көнүп алган.

— Келиңиз, ата, жогору чыгыңыз. — Коңшу келин лыпылдап дасторкон жаюуга киришти. — Тур, чоң атаңдын колуна суу куй, уулум.

— Жөн эле кой уулум, колумду чайкап кирдим үйгө. Андан көрө бир төшөк болсо алып келгилечи, негедир чыйрыккансып турам.

Коңшу келин таң калды. «Бүгүнкү күндүн ысыгы кантет?» — деп айтканы жаткан келин төркү үйдөгү төшөктөргө бет алды. «Жарыктык кишинин үшүдүм дегени эмнеси? Карыганда сөөк какшап, үшүкчөл болот деген чын окшобойбу» — деп ойлонду, абышканын сөзүнө анча маани бербей.

— Бүгүп Бейшенден кат келиптир, ата,— деди келин абышкага чыны суна.

— Бейшенден дейсиңби? Деги аман-эсен бекен?

— Эсен-аман эле. Тиги Казакстандын бир шаарында экен. Акча салып жибер, айылга келем дейт.

— Жезкасканда! — Четте отурган уулу унчукту анын сөзүн тактагансып.

— Ий-й, ооба, Жезкасканда экен. Мурдунан суу аккан го кыясы, бөлөк эл, бөтөн жерде. Ичкенди такыр койдум, колхозго келип иштейм дейт.

— Эр жигиттин башына не келип, не кетпейт. Адашкандын айыбы жок, айланып өз ордун тапса. Жакшы болуптур.

— Баары бир ишенбейм, ата. Билесизби, өткөн жылы дагы оңолдум, үйгө келем деп кат жазып, акча сураганынан сүйүнүп, акча салып жибергем. Бирок келбеди… Эмне кылсам, ата? Айлык да тие элек эле.

Абышка кемселинин чөнтөгүнөн акча алып чыкты да, келинге узатты.

— Ме, балам, салып жибергиле, келсе келер, келбесе күтүп жүрө бербесин. Үмүт деген кыйын болот, балам. Сен аны үмүт менен күткөндөй, ал чунак да акчаны үмүт менен күтүп жаткан чыгар.

— Коюңузчу, ата, небереңизге форма алам деген акчаңыз го.

— Небереме да буюрганы бардыр. Базар күнү жандыктын бирин-экисин сатсамбы деп ойлоп жүрдүм эле, ырас шылтоо болот. Кышта аны багууга баягы күч жок, балам, ал, ала кой.

Келин унчукпады. Абышка акчаны дасторкон четине бастырып, эч нерсе билбеген адамдай чай ууртады.

— Бедеңерди качан чабайын деп жатасыңар, балам? — Келиндин ыңгайсыз абалын жеңилдетүү үчүнбү, же жөн эле кызыкканданбы, абышка суроо узатты.

— Убагы келип да калды. Чукул арада кол бошобойт ко кыясы, эртеңден баштап кырманга ишке чык деп кетти бригадир акем. Үйдө кирип-чыгып, иш кылбай жүрсө деле эркектин иши эркек экен. Бейше ичсе дагы эптеп чабымыш болчу эле, ал да жок. Иниме айттырып жибердим, келип чаап берер.

Келин кичине жашый түштү да, анан аны билдирбөөгө аракеттенгендей абышканын абалын сурады.

— Чыйрыкканыңыз басылдыбы, ата?

— Жакшы боло түштү денем жибип, чай ичкенде. Эртең менен наар тартпадым эле, ошонуку го кыясы.

Абышка калп айткан эле. Эми чыйрыкканы басылып, башы ооруй баштаган болучу. Көз тамырлары чекени кыйган кыл аркандай тартылып, көңүлү айнып, чоң бөлмө тардай, абасыздай.

Абышка коңшусунукунан чыкты да беде аянтын карай бет алды. Ага бедеге кетчү жол түбү жоктой сезилди.

Күн ого бетер ысый баштады. Үлп эткен шамал жок. Дымыктырган августтун ысыгы, башын ылдый салып, ысыкка каяша кылышка алсыз беде, ага бет алып бараткан эрбейген абышканын карааны, чаалыгып араң зорго жеткендей сезилди өзүнө.

Өзүнүн беде аянтынын четиндеги арык кырында жаткан чалгысын алып кайрады. Кемселин чечип арыктын кырына койду.

Шырт-шырт-шырт… Абышканын чалгысы эми коңшу келиндин бедесин чач тарачтын устарасындай шыпырып кирди. Бир топко чейин шилтенди чалгы. Ишке кызыганданбы, чыйрыкканы, башы ооруганы да басыла түштү. Бар болгону кичине көңүлү иренжип, суусайт. Жаны жер тартып эс алгысы келет.

Артына кылчайып карады абышка. Кемсели жаткан жерден бар болгону узун устунчалыкка гана ыраактаган экен. Күн болсо шашкеден ооп, тоо тарапка умтулуп калыптыр, бирок али күчүндө. Беде аянты бүгүн бүтпөчүдөй сезилди ага. Кайра чалгы шилтеле баштады. Шырт… шырт… шырт…

Айылдагы келиндер абышканы «чалгычы акем» деп тергешчү. Маркум кемпири абышкасын минтип тергешкендерге териге түшөр эле. «Айыл аксакалдарынын бири болуп калды, чоң ата же жөн эле аке деп эле айтпайсыңарбы. Болбосо тергебей эк койгулачы»,— дечү кызаңдай. Бирок көнгөн адат калабы, эми катын-калачтар эмес, жаш балдар да чалгычы чоң ата» дешке өтүп алышкан. Маркум кемпиринин териккен себеби да бар. Абышка менен айылдагы теңтуш үч карыяны келиндери «сельсовет аке», «парторг аке» анан «жылкычы аке» деп тергеше турган. Абышкасы деле кезинде буларга окшоп, колхоздун белдүү адамдарынын бири — бригадир, анан ферма башчы, мураб болуп турса деле кайдагы бир «чалгычы» деген сөздү келиндер жабыштыра койгону кемпирдин ызасын келтирчү.

— Ага эмне туталанасың. Чалгычы аке болгондо атым өчүм калмак беле, же бригадир аке болгондо картайган чакта даражам жогорулайбы?! Тим кой, кемпир, чалгычы эле бойдон жүрөйүн.

Андайда кемпири ого бетер буулукчу.

— Тим кой, тим кой!.. Өзүң күнөөлүсүң. Бүлөсү жок деген болуп көрүнгөндүн бедесин чаап жүрүп чалгычы чал атандың. Карыганда тиги үч курдашыңа окшоп, ыймандуу атка конгонуң жакшы болмок деп айтып жатканым.

Чалы унчукпачу. «Буга неге намыстанат? Эмне чалгы чаап жүргөнүм жалганбы? Чалгычы! Ушунусу жагат кайра мага. Ээрчи, кумарачы дегендей бу да өнөр».

Абышка жай мезгилин кокту-колоттордо, тоолордо чөп чабуу менен өткөрүп жүрдү. Ар качан чалгычылардын эң алдында жүрүп, чалгы шилтээр эле. Колхоз жетекчилери да көнүп алышкан, ансыз чөп чабык бүтпөчүдөй сезилчү аларга. Айтор, короо баштаган эркечтей чалгы чабыкта топтун эң алдында жүрчү.

Кийинки жылдарда чалгы чабык токтолду, кубаттуу техника чалгынын ордун басты. Ошондо деле абышканын өнөрү талаада калбады. Айылдагы бүлөсү, кол күчү жоктордун бедесин абышка өзү эле келип чаап берчү. Кээде, алардын өздөрү да чакырып калышчу. Андайда абышка эч каршы эмес. Ошондон го чалгычы аке деп аталышы.

Кемпири өлгөндөн бери негедир эч ким чакырбады. Ичинен нааразы болсо дагы, сыртынан сыр билдирбейт.

Мына бүгүн биринчи жолу бирөөнүн бедесине чалгы шилтен жатат.

Үлп эткен жел жок, дымыктыргап августтун ысыгы, башын жерге салып, ысыкка мөгдүрөгөн беде, күйүккөн демине ээ бербей чалгы шилтеген абышка, биз калдык деп нааразы болгондой өзүнүн теңи чабыла элек беде аянты.

Коңшу келиндин бедеси уламдан-улам азая берди. Күн да кечтей баштады. Батыш тараптан жел сокту. Мээ кайнатып, чекеге чекчейген күн эми уясына шашкандай. Абышка күн менен жарыша баштады. Ал бала кезинен эле күн менен жарышканды жакшы көрүчү. Бир да жолу жеңиле элек. Күн уясына отура электе бедени чаап бүтүшүм керек деп өзүн-өзү ашыктырат абышка. Эртеңге калтырууну дилинде каалабады. Себеби эмнеде өзү да билбеди. Айтор, ашыгуу, бүтүрүү керек.

Күндүн да жеңилгиси жок. Абышкадан ашууга далбас ургансып, чоктой кызарды, табы кетип, теребел салкындай түштү.

Шырт… шырт… шырт… Картаң булчуңдуу колдор мындан отуз жыл мурдагы кубатына кайра келгенсип, чалгыны ишенимдүү шилтеп жаткансыды. Чалгы добушунан алда канча ылдам түрсүлдөгөн бир гана жүрөк мындай жарышка туруштук бере албачудай улам-улам чарчап баратты. Аны абышка дасезди. Бирок күндөн жеңилгиси келбеди. Жеңилип калуу ал үчүн өзүнөн-өзү, анан максатынан жеңилүү эле. Анын өмүрүндө эч качан андай болгон эмес. Ар качан алдына койгон максатына ишенчү, жеңе билчү.

Кылычты колго кармап басмачылардын талканын таш кылам деген жигит кезинде — көздөгөнү ишке ашты, кылыктуу селкиге ашык болуп, сүйгөн жарым, өмүрлүк жолдошум болот деген бул кумары да жанды, айылыма, элиме жеңиш алып келем деп кан кечип, алаамат согушта беш жыл жүрдү, тун уулунан ажырады, бирок жеңиштин жарчысы болуп келди элине.

Бул жолу да ошол күчкө ишенди абышка. Акыры ошол күч жеңди. Чалгысын таштап, чабылган беденин үстүнө жамбаштап жата кетти. Күн чоктой кызарып горизонтко жашырынып бараткан эле.

Чал бүгүнкү ишине чексиз ыраазы.

— Жеңиш сеники абышка, бүгүн чоң иш бүткөрдүң. — Күн да ыраазы болгондой. — Эмне үчүн адамдар менден күлүк? – Ойлуу жаткан абышкага суроо узаткансыды күн.

— Анткени, сени менен жарышка чыгат. Бардык ишти сага мерчейт, ошондон го кыясы. Бирок адамдан сен улуусуң, күнүм! — Уясына жашырынып бараткан күндү суктана карады да, дагы өзүнчө сүйлөндү:

— Жакшы жат, күнүм, кош бол!

— Эртең менен кайра жолугушабыз, абышка. — Күн да ага мээримдүү жылмайгансыды. Абышка ага бир нерсе деп айтып жибере таштап кайра токтоду.

— Сага ыраазымын, күнүм. Ушунча жыл нуруңду аябадың.

Беде четинде эрбейген чалдын карааны.

Үлп эткен шамал жок. Дымыктырган августтун аптабы, жөөк-жөөк болуп чабылган беде аянты. Тиричиликтин кечки шоокумуна кумарлана кулак түргөн абышка. Өз ишин бүтүп эс алып жаткан чалгы.

— Сага да ыраазымын, чалгым. — Жанында жаткан чалгыны коомай кармалап койду абышка. Көзгө көрүнгөндүн баарын кармалагысы келди азыр.

— Жарыктык десе, эмнеге?..

— Ушунча жыл жан жолдош болдуң, чалгычы атандырдың.

Иңир кире баштады. Абышка дагы эле чабылган беде үстүндө, баягы калыбында. Насыбай аткысы келди, бирок кемсели беде аянтынын баш жагында калган эле, туруп барып алууга ниеттенбеди. Жаңы чабылган беденин жыты аңкыйт. Нарыда теңи чабыла элек өзүнүн бедеси.

— Эс алсаңчы абышка, эртең мени чабышка да күч керек,— дегенсип термелет.

— Туура айтасың бедем, кош бол, сага да ыракмат. Кош! Мага таарынба чаппай койду деп.

Абышка ордунан туруп чалгысын ийнине салды.

— Жарыктык десе, эмнеге таарынам, бүгүн болбосо эртең чабарсың. Жакшы бар,— дегенсип беде ыргалат.

Абышка илкий басып үйүнө кирди да келинди чакырып алып унчукту:

— Бедеңерди чаап койдум… — Ал кичине ойлоно калды. Эртең менен короодогу койлорду жайытка чыгарып койгула, ээси жоктой кала бербесин.

Келин абышканын бул сөзүнөн чочуп кетти: «Демейде таң менен кошо ойгончу абышкага эмне болгон?» Абышка да аны сезди.

— Чочуба балам, катуу чарчадым, уктап каламбы дегеним да… Бүгүн оокатка чакырам деп убара болбо, негедир тамак тартпай турат.

Коңшу келин эч сөз айта албай бир азга турду да, анан сыртка бет алды. Каалганын акырын жабылган үнү угулду абышкага.

— Багыңар ачылсын, айланайын, Бейшен оң жолго түшүп, чүрпөңөрдүн убайын көргүлө. Кош! Кош болгула. Пендечилик өмүрдө ыраазымын баарыңа! — Чал жалгыз калды.

…Тоо этегиндеги чакан айылга таң атты. Эгин ташыган машинелер көчөдөн шуулдап өтө баштады. Айылдын койлору короолордон чыгып тоо бооруна жогорулоодо. Арасында коңшу келин кошкон абышканын койлору да жүрөт. Таранчынын башаламан чырылдаган үнү угула калат кээде. Кумурскалар да кышкы оокатын үйлөрүнө ташып чебелектешти.

Күтүүсүздөн батыш тараптан шамал сокту, заматта түрмөктөлүшкөн булут пайда болду асманда, жаандын илеби келе баштады. Август айындагы күндүн карасанатайлыгына бригадирдин кейигенин айтпа. Кырманга шаштырып, кыйкырган үн угулат.

Демейки тиричилик өз бет алында, бүгүнкү күн деле кайталануучу күндөрдүн бири сыяктуу. Бирок чакан айылдагылар бир нерсени элес алышпады. Ар күнү таң менен кошо ойгонуп, күндү биринчи тоскон чалгычы чалдын үйүнүн каалгасы али ачыла элек эле.

Шаарда болсо абышканын уулу баласын балдар бакчасына жеткирүүгө ашыгат.

Аңгыча жамгыр тамчылай баштады, чокмороктошкон бозала булуттан күндүн көзү көрүнбөй айлана карарды.

Ушул учурда абышканын үйүнөн катуу чуу чыкты…

Өткүн өтүп кетти. Тоонун боорлору түнөрүп, чокулары көрүнбөй бозала булутка оролуп, өткүндүн нөшөрү даана көрүнүп турду айылдагыларга.

Эки күндөн кийин чалгычы чалдын кемпиринин мүрзөсүнүн жанына дагы бир чокчойгон дөбө пайда болду.

Өткүн өтүп кетти.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.