Эстүү акмак аңкоосунган акылмандан артык.

*   *   *

Мөртү келсе кандай туяк болбосун мүдүрүлөт; менсинген белдер бекчейет; кара сакал агарат; тармал чачтуу таз болот; ажарлуу жүзгө бырыш каптайт; өрттүү көздөн курч кетет; бир гана тунук жүрөк ай менен күн сымал нурунан ажырабайт. Айдын жайын жөн койдук, күн сыяктуу качан болсо жаркыраган нур чачып, өз жолундагы мээримин өзгөртпөйт.

*   *   *

Ар-намыс – бул мен үчүн өмүр. Өмүр менен ар-намыстын тамыры бир. Эгер ар-намысымдын тамырына доо кетсе, өмүрүм соолуйт.

*   *   *

Адам өз тагдырынын эгеси.

*   *   *

Мени жалындап сүйүүгө азгырган аялзаттын касиети – күлмүңдөгөн көзүндө эмес, жароокерлигинде.

*   *   *

Өзүңдө адамдык изги сапат болмоюн бирөөнүн кенедей да жакшы жагын баамдабайсың.

*   *   *

Бардык бакыт азап чегүүсүз жаралбайт.

*   *   *

Кыз намысы – бардык мурастардын түрүнөн да кымбат байлык.

*   *   *

Эгер күйүткө бир алдырсаң, ал сени биротоло үстөмөндөп басат.

*   *   *

Кыбыраган жай аракеттин да, алдастаган шашмалыктын да арты жаман.

*   *   *

Өзүңө жаккан мээнет менен алышсаң, күйүтүң өзүнөн өзү арылат.

*   *   *

Берилип жасаган ишиң дартыңа даба.

*   *   *

Чындык ачык күрөштү каалайт.

*   *   *

Күмөнсүү болбогон күндө да чындыкты далилдөө эч качан ашыкча болбойт.

*   *   *

Өз дараметине мактанбагандардын дарамети күчтүү болот.

*   *   *

Артында эч бир жаманаттысы жок адамдын жүрөгү курч болот.

*   *   *

Акылдуу болуш да, акмак болуш да бир паста жабышкан жугуштуу оорудай, ошондуктан жоро-жолдошту туура тандай бил.

*   *   *

Ылдый карай тоголонгон дөңгөлөккө жабышпа – арка мойнуң астыңда калат. Эгер өйдөнү карай болсо артынан түрт – коркунуч болбойт.

*   *   *

Чыныгы дос гана досторунун алсыз жактарын көрмөксөнгө салат.

*   *   *

Достук ынтымак ыдырап, сууй баштаганда эки тарап тең сылык-сыпаа мамилеге өтө баштайт.

*   *   *

Угумсуз ыр майланбаган дөңгөлөктүн кыйчылдаганынан да жаман кыжырга тиет.

*   *   *

Жаратылыштан касиет буюрбаган адамдарга махабаттан буюрат.

*   *   *

Пастыктын эң пастыгы – суу жүрөктүк.

*   *   *

Абийир менен айыгышкан бийлик коркунучтуу болот.

Которгон Олжобай Шакир

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.