<<<<<<<<<<< Башы

XXXV ГЛАВА

Бриссенден эмне үчүн өзүнүн көпкө чейин жоголуп кеткенин айткан жок. Мартин деле андан такып сурабады. Грог куюлган ыстыкандан чыккан буунун арасынан ал өзүнүн кадырман досунун шапайып арыктаган ак куба жүзүнө канаттануу сезими менен кызыга карап отурду.

— Мен деле кол куушуруп бекер отурганым жок, — деди Бриссенден, Мартин ага өзүнүн акыркы жасаган иштерин айтып бергенден кийин.

Ал чөнтөгүнөн алып чыгып сунган кол жазманын аталышын окуп алып, таң калган Мартин Бриссенденди суроолуу карап калды.

— Ооба, ооба, — деди Бриссенден жылмая, — аталышы мыкты экенби ия? «Эфемерида»… мындан сонун айта албайсың, туурабы? Баса, бул сөз сизге таандык, эсиңиздеби: «дүйнөдөгү эң кубулма жана туруксуз, жылуулуктун таасиринен төрөлүп, жандуу материяга айланып жана термо-электрдин бөлүгүндөгү өзүнүн орду үчүн күрөшкөн нерсе адам пендеси», — деп өзүңүз айтпадыңыз беле. Ошол айтканыңыз мээме сиңип калыптыр. Тимеле тынчтык бербей жанымды кашайткан бул ойдон кутулуштун аргасын издеп жүрүп, акыры чоң поэма жазууга аргасыз болдум! Кана, сиз бул жөнүндө эмне дейсиз? Чын пикириңизди айтыңызчы?

Кол жазманы окуп кирген Мартин адегенде кызарып кетти, анан толкунданганынан өңү кубара түштү. Бул чеберчиликтин кылда учуна чыккан, мыкты көркөм чыгарма болчу. Анда мазмуундан көрө форманын салтанаты үстөм эле, ой менен сөз тимеле ширелиши адамдын жакасын карматкыдай ушунчалык бийик көркөм деңгээлде болгондуктан, суктанганынан Мартиндин көздөрүнөн жаш чыгып кетти, жүрөгү түрсүлдөй согуп кирди. Бул алты же жети жүз ырдан турган көлөмдүү поэма болчу. Таң каларлык, фантастикалык, сестенткен поэма эле. Мындайды жазуу дегеле мүмкүн эмес, ойго да келбес иш эле, бирок поэма жаралып, ак кагазга кара сыя менен бадырайта жазылып турбайбы. Поэмада адам пендесинин чексиз издөөлөрү, анын аягы менен этеги көрүнбөгөн мейкиндикти басып өткөнгө, алыс-алыстагы күндөрдүн айланасына жетүүгө тынымсыз умтулуулары чагылдырылган эле. Бул ичер суусу түгөнүп, бир буту менен көргө кирип баратканына карабай, өлармандана жашап, жүрөгү алсыз болсо да согуп турган адамдын акылдан адашкан, жандалбас курган сайраны болучу. Поэманын салтанаттуу ыргагынан планеталардын дүңгүрөгөнү, учуп келатып бирине бири урунуп, күркүрөп кагышкан үндөрү, жалын чулгагандай булуттардын жарыгына чагылышкан ың-жыңсыз капкара мейкиндиктердин арасындагы жылдыз жааттарынын карсылдаша салгылашкан дабыштары угулуп, мунун арасынан кыйрап бараткан ааламдардын айбаттуу дүңгүрөгүндөгү өксүгү бүтпөс датын айтып жалбарган пенденин алсыз үнү угулгансыйт.

— Мындай укмуш нерсе али жазыла элек болчу, — деп күбүрөдү Мартин эс учун жыйгандан кийин тилге келип. — Бул бир укмуш! Укмуш! Мен эсимди жоготуп койдум! Мен өчтүм! Мындай түбөлүктүү жана улуу маселе эми менин эсимден өмүрү чыкпас. Кол жетпегенген жетиш үчүн умтулган адамдын өксүгөн үнү кулагыман кеткис болду! Шордуу пенденин үнү кудум эле жолборстор менен пилдердин күркүрөгүнүн арасындагы чиркейдин зыңылдагы. Бирок мында эзели тойбогон каалоо угулгансыйт. Айтып атканымдарым балким, келжиректир, бирок бул нерсе мени чексиз бийлеп алды… Сиз… Эмне деп айтарымды да билбей калдым, сиз накта гениалдуу экенсиз. Муну кантип жараттыңыз? Деги кантип колуңуздан келди бул?

Мартин өзүнүн жетине албаган мактоосун бир аз эсине келип алыш үчүн гана токтото калды.

— Мен эми эч качан жазбайм. Мен баракты булгаган бир байкуш экем. Сиз мага чыныгы чеберчилик кандай болорун көрсөттүңүз. Сиз — генийсиз! Жок, генийден да жогорусуз! Бул акылдан адаштырган чындык. Бул көңүлдүн тээ түпкүрүндө гана боло турган чындыктын маңызы. Сиз догматиксиз, муну өзүңүз түшүнөсүзбү? Алтургай, сизди илим да четке кагалбайт. Бул космостун темиринен сомдолуп, кооздук менен улуулуктун сурнайынын кубаттуу ыргагы менен жуурулушканын алдын ала көрө билген адамдын акыйкаты. Башка эч нерсе айталбайм! Сиз мени багынтып, жок кылдыңыз! Жо, ошондой болсо да мен бир нерсени айткым келет: сиз мага бул поэманы бир жерге чыгарганга уруксат этпейсизби?

Бриссенден каткырып калды.

— Бүткүл христиандык дүйнөдө мындай нерсени басканга дааган жок дегенде бир журнал болобу? Сиз муну өзүңүз жакшы билесиз го!

— Жок, билбейм! Мен бүткүл дүйнөдө буга жабыша калбаган бир да журнал болбосун билем. Анткени мындай чыгармалар жүз жылда бир жаралат. Бул поэма бүгүнкү күндүн поэмасы эмес. Бул кылымдардын поэмасы.

— Мен сизди сөзүңүздөн кармаганга даярмын!

— Кер какшыктын эмне кереги бар! — каршы болду Мартин. — Редакторлор деле акмак эмес. Мен муну билем. Мелдешесизби, сиздин «Эфемеридаңызды» биринчи жолу болбосо да, экинчисинде сөзсүз кабыл алышат!

— Сиздин сунушуңуздан пайдаланууга тоскоол болгон дагы бир жагдай бар, — деди Бриссенден, анан унчукпай калып, минтип кошумчалады: — Дегеле жазгандарымдын ичинен бул менин эң чоң чыгармам. Мен муну эң жакшы билемин. Бу менин коштошуу ырым. Бул поэмам үчүн мен чексиз сыймыктанам. Кан-жанымдай бүткөн чыгарма. Поэмам мага вискиден да артык. Ар бир адам идеалдарга умтулуп, куру кыялдарга ишенген жаштык кезден бери ишке ашырсам деп кыялданган эң эле мыкты чыгармам ушул. Ошол эңсеген кыялыма мен көр оозуна жакын калган кезде жеттим… Анан кантип аны чочколордун кордоосуна салып берем? Мен сиз менен мелдешпейм! Бул меники! Мен муну жаратып, сиз менен гана бөлүшүп отурам.

— Бирок башкалар жөнүндө да ойлосоңуз боло! — кыйкырып жиберди Мартин. — Анткени сулуулуктун максаты — кубандыруу менен рахат тартуулоо эмеспи!

— Мени ушул эле кубандырып, рахат тартуулай берсин.

— Өзүмчүл болбоңуз!

— Мен таптакыр өзүмчүл эмесмин!

Бриссенден кийинки айтар сөзүн камдагансып суз, табалай жылмайып койду.

— Мен ач камандай башкалар үчүн жанымды таштап жиберем.

Мартин аны чечиминен баш тарттырууга куру бекер аракеттенген экен. Мартин Бриссенденди журналдарды жек көргөнү болбогон кеп, фанаттык экенин, анын бул жоругу Диана Эфесскаянын сарайын өрттөп жиберген Геростраттын кылган кылмышынан жүз эсе уяттуураак экенин айтып ишендирүүгө аракет кылды. Бриссенден болсо анын айткандарын угумуш болуп, сеники туура дегендей башын ийкеп коюп, грогдон ууртап отура берди, алтургай, журналдарга тиешелүү эмес айткандарынын баарына макул болуп да жатты. Анын редакторлорго карата болгон жек көрүүсүнө чек жок эле, аларды ал Мартинден да катуурак сөкчү.

— Сураныч Мартин, мага ушул поэманы машинкеге жакшылап басып берсеңиз, — деди ал, — сиз муну ар кандай машинисткадан миң эсе жакшы кыласыз. Эми мен сизге пайдалуу бир кеңеш бергим келет, — Бриссенден чөнтөгүнөн көлөмдүү кол жазманы сууруп чыкты. — Мына, сиздин «Күндүн осолдугу» деген чыгармаңыз. Муну мен үч кайталап окуп чыктым! Бул менин сиздин чыгармаңызга берген эң чоң мактоом. Сиздин «Эфемерида» жөнүндө мага айткандарыңыздан кийин мен албетте унчукпоом керек. Бирок сизге муну айтып коёюн: эгерде «Күндүн осолдугу» басылып чыга турган болсо, чуулганы чоң чыгат. Андан улам талаш –тартыш катуу жүрөт, бул болсо сиз үчүн ар кандай рекламадан артык эмеспи.

Мартин каткырып жиберди.

— Сиз мага бул макалаңды журналдардын бирине жибер дегиңиз келип турабы?

— Жок, эч качан, эгерде өзүңүз эле журналга басып чыгарууну каалабасаңыз. Мунуңузду ири басмаканалардын бирине сунуштап көрүңүз. Мүмкүн аны ал жактагы келесоо чалыштардан же аракка абдан тоюп алган рецензенттерден бирөө окуп калып, дурус пикирин айтып калса ажеп эмес. Ооба, сиздин китепти көп окуганыңыз көрүнүп турат! Анын баары тең Мартин Идендин мээсинде кайнап келип, «Күндүн осолдугунда» айтылган экен. Мартин Иден бир кезде абдан атактуу болот жана ал атагынын кыйла бөлүгүн мына ушул нерседен табат. Ошондуктан Мартин, муну баса тургандарды издеңиз, канчалык эрте тапсаңыз, ошончолук жакшы болот!

Бриссенден бул кечте Мартиндикинде узакка чейин отуруп калды. Мартин аны узатып барды, трамвайга түшүп атып Бриссенден күтүлбөгөн жерден досуна уйпаланган бир кагазды сунду.

— Муну алып коюңуз, — деди ал, — бүгүн ат чабыштан жолум болду эле!

Коңгуроо шыңгырап, трамвай ордунан жылды, Мартин болсо колундагы уйпаланган кагазды кармаган бойдон эч нерсеге түшүнбөй, таң кала узатып кала берди. Бөлмөсүнө келип, колундагы кагазды ачып караса банктын жүз долларлык чеги экен.

Мартин аны эч бир тартынбастан пайдаланды. Ал досунун акчасы көп экенин жакшы билчү, анүстүнө карызын кыска мөөнөт ичинде кайтара аларына ишеними бекем эле. Эртеси ал өзүнүн бардык карыздарынан кутулду, Марияга жатакана акысын үч ай алдын ала төлөп, өзүнүн ломбарддагы бардык буюмдарын кайра чыгарып алды. Мэриендин тоюна, Руфь менен Гертрудага рождествого белектерди сатып алды. Акырында Мариянын топураган балдарын

Оклендге ээрчитип барып, өзү убада кылгандай (бир жыл кечигип болсо да) Мариянын өзүнө да, балдарынын бирин койбой баарына тең батиңке сатып берди. Толтура оюнчук, татуу-патуулардан да алып берген соң анын баары балдардын мыйтыйган колдоруна араң батып турду.

Булардын баарын топурата ээрчитип кондитердик дүкөнгө кирип бараткан жерден Мартин кокусунан Руфь менен миссис Морзго карпа-күрп жолугушуп калды. Миссис Морз оозу ачылган бойдон туруп калды, алтургай, Руфь да эмне кыларын билбей, уяла түштү. Руфь адамдын сырткы келбетине абдан маани бере турган, андыктан сүйгөн жигитин жайнаган самтыраган португал балакайлар менен көрүү ага абдан жагымсыз болду. Мындай намыссыздык менен өзүн сыйлабагандык Руфка катуу тийди. Ушул окуядан ал Мартиндин эч качан өз чөйрөсүнөн жогору боло албастыгынын дагы бир далилин көрдү. Бул өзүнөн өзү жагымсыз нерсе эле, минтип элдин баарына, анын жакындарынын көзүнчө мактаныштын түк кереги жок болчу. Алардын баш кошо турганы купуя сыр болгону менен, экөөнүн мамилеси эч кимге деле жашыруун эмес болучу, анан да так ошол маалда өчөшкөнсүп дүкөндө Руфтун жайнаган тааныштары да жүрүшкөн экен, баары тең моюндарын созо миссис Морздун сүйгөн жигитин курчап алган таң калыштуу чөйрөгө карап калышты. Руфь деле пенделердин ушак-айыңынан өйдө туралбас эле, Мартиндин мындай жүрүм –туруму ага таптакыр түшүнүксүз болду. Анын бөтөнчө сезимтал натурасы бул окуяны шермендечилик катары кабыл алды, ошол күнү Морздордукуна келген Мартин күтүлбөгөн жерден Руфтун абдан толкунданып алганын көрүп, чөнтөгүндөгү ала келген белегин да чыгара алган жок. Ал биринчи мертебе Руфтун көз жашын – ачуусу менен ызасынан келген көз жашын көрдү, бул ушунчалык анын эсин оодаргандыктан, айыбы эмнеде экенин жакшылап биле албаса деле өзүн орой айбан экенсиң деди ичинен. Өзүнүн чөйрөсүндөгү адамдардан уялам деген Мартиндин оюна да келген эмес, Мария Сильванын балдарына майрамга карата белек сатып берүү үчүн дүкөнгө барганы Руфка эч кандай акаарат келтире турган иш эмес экенин көрүп турду. Бирок ал Руфтун айткандарын угуп, таарынычын түшүнгөнгө даяр эле, андыктан бул арзыбаган майда окуяны аялдын кадыресе эле алсыздыгы деп түшүндү, а мындай алсыздык кыязы, эң мыкты деген аялдарга деле таандык болот турбайбы деди.

XXXVI ГЛАВА

— Жүрүңүз, мен сизге «чыныгы адамдарды» көрсөтөйүн, — деп калды Бриссенден Мартинге январдын бир кечинде.

Алар Сан-Францискодон тамактанып, Оклендке кетчү паромго жаңыдан отурганы атканда күтүлбөгөн жерден Бриссендендке Мартинге «чыныгы адамдарды» көрсөтөйүн деген азыгырык ой келе калбаспы. Ал артына бурулуп, пристанды бойлой басты, этеги шамалга желпилдеген калдыркан плащчан карааны кудум эле көлөкө жылып бараткандай, артынан ээрчип алган Мартин болсо араң жетишип келатты. Жолдон Бриссенден эки бөтөлкө эски портвейн сатып алып, аларды эки колуна кармаган бойдон Мишен-стритти көздөй бараткан трамвайга секирип түштү. Койнуна төрт бөтөлкө виски салып алган Мартин да артынан кетти. «Азыр мени Руфь көрүп калса эмне дээр эле» — деген ой Мартиндин башына кылт этип, кайра жок болду, себеби, эси дартынын баары экөө ашыгып бараткан «чыныгы адамдарда» болчу.

— Бүгүн ал жерде эч ким болбосу ыктымал, — деди Бриссенден Мартин экөө трамвайдан түшүп, Маркет-стриттин түштүгүн көздөй кеткен жумушчу кварталдын караңгы бурчуна кире беришкенде. — Андай болсо сиз эчактан бери самап жүргөндөрдү көрө албайсыз!

— Деги алар эмне болгон кыйындар? — сурады Мартин.

—Адамдар, баягыда экөөбүз жолугушкан кызыл кулактар байырлап алган ыплас жердеги келжиректер эмес, нукура акылдуу адамдар. Сиз китеп окуп, жалгыздыктын азабын тарттыңыз! Мен азыр сизди өзүңүздөй анча-мынча нерселерди окуган адамдар менен тааныштырам, анан эч качан жалгызсырабай каласыз.

— Мен алардын баш аягы жок талаштарына көп кызыга бербейм, — кошумчалады Бриссенден бир квартал баскандан кийин, — мен негизи эле китеп философиясына таптакыр чыдабайм, бирок ошондой болсо да алар буржуазиялык чочколор эмес, чыныгы адамдар экени шексиз! Бирок абайлаңыз, эмне туурасында сүйлөшө кетсеңиз да алар сизден ашып түшөт!

— Ал жерде Нортон болот ко деген үмүттөмүн, — деди ал бир аздан кийин, күйүгүп кышылдап чыкса да Мартинге колундагы бөтөлкөлөрүн көтөртүп алганга көнбөй. — Нортон — идеалист. Ал Гарвард университетин бүткөн! Эстутуму шумдук! Идеализм аны анархиялык философияга алып келгенден соң үй-бүлөсү андан баш тартып кетишкен. Анын атасы — темир жол кампаниясынын президенти, мультимиллионер, уулу болсо Сан -Францискодо айына жыйырма беш долларлык акыга анархиялык бир журналчаны редакторлоп, эптеп-септеп жанын багып жүрөт.

Мартин Сан-Францискону, айрыкча шаардын ушул бөлүгүн жакшы билчү эмес, андыктан Бриссенден аны кайда алып бара жатканын таптакыр эч түшүнө албады.

— Алар жөнүндө мага дагы айта түшсөңүз, — өтүндү ал, — мен алар менен алдын ала таанышып алгым келип турат. Алар кантип жан багат? Быякка кайдан келип калышкан?

— Бүгүн Гамильтон келип калар, — деди Бриссенден бир аз демин басып алыш үчүн токтой калып. — Страун-Гамильтон — өтө байыркы фамилия, жакшы атанын баласы, бирок өзү кудайдан жөө качкан селсаяк, анан да жанда жок жалкоо, социалисттик кооперативде жумасына алты доллар үчүн кызмат кылат, тагыраак айтканда, кызмат кылымыш этип жүрөт. Айтор, оңоп болгус бир түгөткүр. Сан-Франциского деле тентип келип калган. Көп жолу ушундай болду, ал керели кечке наар татпай, тишинин кирин соруп, бак ичиндеги орундукта отурганын көрөсүң. Анан бооруң ачыйт да. Жүрү, эки квартал ары турган ресторандан тамак алып берейин десең, билесизби, ал ойрон эмне жооп айтарын? «Анчалык түйшүктүн эмне кереги бар, достум. Андан көрө мага бир пачке тамеки алып берсең болду!» — деп коет. Ал да Крейз аны материалисттик монизмдин жолуна буруп жибергичекти сиздей спенсерианчы болчу. Эгерде колуман келсе мен аны монизм туурасында кеп козготконго аракет кылам. Нортон да монист, бирок ал духтан башка эч нерсени мойнуна албайт. Ал Гамильтон жана Крейз экөө менен өмүр бою кармашып келатканы келаткан.

— Крейз деген ким? — сурады Мартин.

—Азыр экөөбүз так ошого баратабыз. Университеттен куулуп кеткен мурдакы профессор, — буга таң калып деле кереги жок. Акылы тимеле устарадай курч, өз оокатын ар кандай жол менен таап жүрөт. Бир кезде факир да болуп да кеткен. Тартынуу деген анда жок, ким эмне деп атат, ага баары бир. Керек болсо өлгөн кишинин да кепинин сыйрып алгандан кайра тартпайт. Анын буржуйлардан айырмачылыгы уурулукту каратып туруп жасаганында. Ал Ницше, Шопенгауэр, Кант жөнүндө, деги кой, кимисин болбосун кеп кыла берет, бирок кызыкканы бир гана монизм (дүйнө, жаратылыш жөнүндө философиялык окуу – Б.Ш.). Монизм жөнүндө өзүнүн аялы Мэрини ойлогондон көрө көбүрөөк ойлонот болушу керек. Геккелди тимеле кудайындай көрөт. Аны акаарат кылгың келсе — Геккелге тийишип кой, болду. Мына, келип да калдык.

Бриссенден үйдүн экинчи кабатына көтөрүлөр алдында тепкичке колундагы бөтөлкөлөрүн коюп койду. Үй жөнөкөй эле эки кабаттуу, биринчи кабатында чакан бары жана дүкөнчөсү бар үй экен.

— Жанагы кесепеттер ушул жерде, экинчи кабаттын баарын ээлеп турушат, — деди Бриссенден, — бирок Крейз гана жалгыз өзү эки бөлмөнү ээлейт. Жүрүңүз!

Экинчи кабатта жарык болбосо да Бриссенден үйдүн ээси сыяктуу буйдалбастан кыдырып жүрдү. Анан Мартинге бурулуп:

— Бул жерде Стивенс деген турат. Өзү дин аалымы. Бир күүлөнүп алса бул чатак, баары жакка чуулган салып жиберет. Өзү ресторанда идиш жууйт. Жакшы сигарага өч. Мен бир жолу анын он беш центке тамак ичип, элүү центке сигара сатып алганын көргөм. Кокус жолугуп калабы деп ага эки сигара ала келдим. Парри деген австралиялык дагы бирөө бар, өзү статист анан тирүү спорттук энциклопедия. Эгер андан 1903- жылы Парагвайдан канча эгин сыртка чыгарылган, же 1890-жылы Кытайга англиялык канча кендир жеткирилген, же болбосо, Баттлинг-Нельсонду төпөштөп салганда Жимми Брайттын салмагы канча болгонун, же 1868-жылы Америка Кошмо Штаттарынын орто салмактагы чемпиону ким болгонун сурап калсаңыз, ошол замат анын баарын автоматтай тактык менен айтып берет. Мындан башка дагы бир Энди деген кыш кыноочу уста бар, баары нерсеге өзүнүн көз карашы бар, анан да шахмат ойногонду катырат. Андан кийин — наабайчы Гарри бар, учуна чыккан социалист жана профсоюз уюмунун ишмери. Баса, ашпозчулар менен официанттардын иш таштаганы эсиңиздеби? Аны Гамильтон уюштурган. Ал ушул эле Крейздин бөлмөсүндө олтуруп алып биримдик түзүп, иш таштоонун планын иштеп чыккан. Бирок ал бул ишти көңүл ачуу үчүн гана жасап, кийин жалкоолугунунан улам бул ишке таптакыр жолобой койгон. Эгерде ал кааласа, эчак эле жакшы бир кызматты ээлеп калмак. Бул адамдын жөндөмдүүлүгү чексиз болгону менен башынан ашкан жалкоолугу жанда жок.

Бриссенден жарыктын шооласы көрүнгөнчө чейин караңгы далис менен жүрүп отурду. Эшик тыкылдатып ичкериден «кириңиз!» деген үн чыкты да кийинки ирмемде Мартин кара мурут, тиштери күрүчтөй, капкара көздөрү бакыракай, сулууча келген Крейз менен кол алышып турду. Аксаргыл жаш келинчеги Мэри болсо идиш-аягын жууп жаткан экен. Биринчи бөлмө конок тоскон, анан жатчу жер экен, бөлмөнүн ичи асылган кирге толтура болуп чыкты, адеп киргенде алардын далдасынан Мартин бурчта бирдемелерди сүйлөшүп жатышкан эки кишини байкабай да калды. Ошол экөө Бриссенден менен анын бөтөлкөлөрүн кубанычтуу кыйкырык менен тосуп алышты. Тааныша келгенде булардын бири Энди, экинчиси Парри болуп чыкты. Мартин Парринин кечээ көргөн бокс оюну жөнүндөгү кызыктуу аңгемесин кунт коюп укту. Бриссенден болсо бөтөлкөлөрдүн ооздорун ырахаттана ачып, ыстыкандарга куюп кирди. Анын «баарын чакыр» деген буйругу боюнча Энди ордунан лып тура калып коңшуларды чакырууга чуркап кетти.

— Иш оңунан чыкты, баарысы ушул жерде экен, — деди Бриссенден Мартинге. — Тигилер болсо Нортон менен Гамильтон, Стивенс азырынча келе элек окшойт. Жүрү, ошолорго баралык. Мен монизм жөнүндө сөз баштап коем, анан алардын эмне болорун көрүп алыңыз.

Алды менен аңгеме анчалык деле кызуу башталбаганы менен Мартин бул адамдардын акылынын зиректигин дароо эле байкай койду. Булардын ар биринин кээде карама-каршы келсе да өзүнүн көз караштары бар, шайыр жана тапан көрүнгөнү менен негизи салабаттуу адамдар экен. Мартин алардын ар биринин (аңгеменин темасына карабай) терең илимий түшүнүгү, дүйнөгө жана коомго карата ачык-айкын туруктуу көз караштары бар адамдар экенин баамдап турду. Өзүлөрүнүн пикирлерин булар эч кимден уурдашкан эмес; булар акылдын нукура козголоңчулары эле, андыктан ар кандай пастыктан алыс болушчу. Мартин Морздордукунан мындай кызыктуу аңгеме менен бүйүр кызыткан талаш-тартышты эч качан уккан эмес. Бул адамдарды кызыктырбаган дүйнөдө бир да нерсе болбосо керек. Аңгеменин нугу миссис Гемфри Уорддун акыркы китебинен Шоунун жаңы комедиясына, анан барып драманын келечегинен Мансфилддин эскерүүлөрүнө ооду. Алар эртең мененки гезиттердин баш макалаларын талкуулап, бирин мактаса, башкасын шыбап атышты жана жаңы Зеландиядагы жумушчулардын ахывалын, Генри Жеймс менен Брандер Мэтти, Германиянын ыраакы Чыгыштагы саясатын жана сары коркунучтун экономикалык кесепеттерин талкуулап, Германияда өткөн шайлоолор менен Бебелдин акыркы сүйлөгөн сөзү боюнча талашып тартышышты, бириккен жумушчу партиясынын борбордук комитетинин акыркы демилгелерин, комитеттеги ыркы келишпегендиктерди жана порттогу жумушчулардын иш таштоолорун кантип мыкты уюштурууга болору жөнүндө кызуу кеп кылышты.

Мартинди айрыкча таң калдырганы алардын бары жоктун баарынан кабардар экени болду. Буларга эч качан гезиттерге жазылбаган нерселер да маалым эле, саясатчыларды куурчак сыяктуу кимдер кантип, көзгө көрүнбөгөн зымдар менен кыймылга келтирип, башкарып атканынан өйдө билишет экен. Мартиндин оозун ачырып, кепке Мэри да аралашып турду, акылы менен билими ушунчалык экен, мындайды ал эч бир аялзатынан жолуктурган эмес.

Алар Суинберн жана Россетти кеп кылышып, анан француздук адабиятты талкуулоого өтүштү. Бул жерден Мэри Мартинди ал буга чейин дегеле билбеген ушундай бир чытырман түпкүрлөргө сүңгүттү дейсиң. Ошентсе да Мартин анын Метерлинкти жанындай көрөрүн билип алган соң, ага «Күндүн осолдугуна» негиз болуп берген, ойлонулган жүйөөнү каршы жылдырды.

Үйгө дагы үч-төрт киши келип, тамекинин түтүнүнөн бөлмө ичи күңүрт тартып кеткен чакта Бриссенден салгылашты баштамай болду.

— Бул жерде кайра иштеп чыга турган жаңы материал бар Крейз, — деди ал, — мына бул өңү кызгылтым жапжаш жигит Герберт Спенсердин ышкыбозу экен. Кана, ушу жигиттен мыкты бир геккелчи жасап көргүлөчү.

Крейз күтүлбөгөн жерден денесинен электрдин тогун кое бергендей силкинип алды, Нортон болсо боору ачыгандай Мартинди бир карап алды да, бирдеме болуп кетсе ага жан тарта турганын ишара кыла билдирип, мээримдүү жылмайып койду.

Крейз ошол замат адыраңдап Мартинге бир тийди, бирок Нортон акырындык менен сөз кыстарып коюп отурду, ошентип атып акыры ортодогу кеп Крейз экөөнүн ортосундагы жекеме-жеке тирешүүгө өттү. Мартин булардын талаш-тартыштарын угуп олтуруп, өз кулагына өзү ишенбей жатты, чын эле мунун баарын ал өңүндө угуп атабы, болгондо да кайдан угуп атат — Маркет-стриттин түштүгүндөгү жумушчулар жашаган кварталдан угуп атканына бир ишенип, бир ишенбей турду. Өзү окуган китептердин баары тең кудум эле ушул кишилерде кайра тириле түшкөнсүдү. Алар кызуулана күйүп жанып сүйлөп атышты, башкаларды каар менен арак козуткандай, аларды курч айтылган ойлор козутуп жатты. Бул Кант менен Спенсер өңдүү мифтик жарым кудайлар тарабынан жаратылган басма тилдеги кургак философия эмес эле. Бул кара талаштардын кан тенинен жаралган, алардын сөздөрүндө кайнап, алай-дүлөй түшүп жаткан жандуу философия эле. Бара-бара талашка башкалар да кошулуп, анын жүрүшүнө тамекилерин бурулдата тарта ынтаа коюп көз салып отурушту.

Мартин эр качан идеализмге берилген эмес, бирок Нортондун баяндоосунда ал Мартин үчүн ачылыштай болуп чыга келди. Крейз менен Гамильтон идеализмди логикалуу эмес деп эсептеп, Нортонду метафизиксиң дешип шылдыңдап атышты, Нортон болсо, метафизик мен эмес, так силерсиңер деп моюн бергиси жок.

«Феномен» жана «нумен» деген сөздөр абаны жарып жатты. Крейз менен Гамильтон Нортондун акыл-эс адамдын туулушу менен кошо жараларын далилдөөгө жасаган аракетин четке кагышты. Тиги болсо алар талкууларында фактыдан теорияга эмес, сөздөн теорияга өтүп жатышканын айыптады. Бул алардын кыжырын кайнатканын айт. Алардын далилден куржалак жоболору ар нерсе фактыдан башталарын, ошондуктан фактыларга аныктама берүү керек дегенге такалып жатты.

Нортон Канттан мисал келтире баштаганда, Крейз кең пейил немистик картаң философтун кимиси болбосун, өлгөндөн кийин сөзсүз Оксфордго келип түшөт деп калды. Нортон Гамильтондун шарттуулук мыйзамы жөнүндө эскерткенде, анын каршылаштары ошол замат так ошо мыйзамды негиз тутушарын жарыя айтып, чуулдап калышты. Мартин болсо мунун баарын суктанып угуп, денесин майда калтырак басып толкуп отурду. Бирок Нортон Спенсердин чыныгы ышкыбозу эмес болучу, ошондуктан ал кызуу талаш арасында Мартинге кайрылып, аны менен да башкалардай талашып тартыша берди.

— Билесизби, Берклиге али эч ким жооп кайтара элек, — деди ал эми түз эле Мартинге кайрылып. — Герберт Спенсер башкаларга караганда буга жакыныраак барган, бирок ал деле маңызын алганда, толук жоопту берген эмес. Анын эң чыгаан деген шакирттеринин бири да андан ары өтө албай турушат. Мен Салибинин Спенсер жөнүндөгү макаласын окудум. Ал деле Спенсерге бир гана Беркли «дээрлик» жооп бере алган деп жазыптыр.

— Сиз Юмдун эмне айтканын билесизби? — деди кызуулана түшкөн Гамильтон.

Нортон башын ийкеди. Бирок Гамильтон башкаларга түшүндүрүп коёюн деди:

— Юм Берклинин жүйөөлөрү эч кандай жоопко жол бербейт жана таптакыр ишенимсиз деген.

— Бирок, Юм үчүн гана ишенимсиз, — каршы болду Нортон, — Юмдун акылы деле так сиздикиндей калыптанган, бирок экөөңөрдүн ортоңордогу бир гана айырма, — ал сизге караганда даанышманыраак жана Берклиге жооп берүүгө мүмкүн эмес экенин моюнга алган.

Нортон өзүн кармай билгени менен кызуу кандуу жана бат эле чырт этип кетчү адам эле, Крейз менен Гамилтон болсо душмандын чабал жерлерин алдыртан шашпай үйрөнгөнгө маш салкын кандуу жапайыларды элестетишчү. Кеченин аяктап калганда сен метафизиксиң дей бергенге жаалы кайнап, бетинен түгү чыккан, жүзү дуулдап ысып, көздөрүнөн от чагылышкан Нортон эки колу менен үстөлдү мыкчый кармады да каршылаштарын жапырып киргенге чечкиндүү камданып калды.

— Болуптур, геккельянчылар, — деди ал кыйкыра, — мүмкүн, мен маселени сыйкырчы менен бакшы сыяктуу талкуулап аткандырмын, а силерчи, билүүгө мүмкүн болсо, силер кандайча талкуулап жатасыңар? Силер позитивдүү илимдер жөнүндө кыйкырганыңар менен таянчу эч кандай базисиңер жок го? Силер түркөй догматиксиңер! Материалисттик монизм мектеби пайда болгонго чейин эле болгон кыртыштын баары эчак пайдубал курууга мүмкүн болбогудай кылып казылып салынган эмес беле? Муну кылган Локк? Жон Локк! Ал мындан эки жүз мурда же андан да көптүр, өзүнүн «Адамдын таанып билүүсү жөнүндөгү тажрыйбаларында» тубаса идея жөнүндөгү түшүнүктүн сандырактыгын далилдеген. Ал эми силер болсо ушу кезге чейин ошону менен алектенип келатасыңар. Бүгүн керели кечке силер мага эч кандай тубаса идея жок жана болууга да мүмкүн эмес экенин далилдеп атасыңар. Минткениңер эмне дегендикке жатат? Бул адам эч качан чындыктын чокусуна жете албайт дегендик. Силер туулганыңарда мээңерде эч кандай идеяңар жок болот. А кийинки бардык түшүнүктөрүңөр өзүңөрдүн беш сезимиңердин жардамы менен алынган феномендерге, кабылдоолоруңарга гана таянат. Туулганыңарда мээңерде болбогон нумендер[1] мурда да, кийин да эч качан мээңерге кирбейт.

— Туура эмес, — Крейз анын сөзүн бөлүп кетти.

— Мен сүйлөп бүтөйүнчү! — кыйкырды Нортон. — Силердин аң-сезимиңерге тикеден-тике, же болбосо, кыйыр түрдө таасир эткенде гана материя менен күчтүн өз ара аракеттерин жана байланыштарын түшүнө аласыңар. Көрдүңбү, мен материянын бар экенин мойнума алып жатам! Дал ушундай болууга тийиш. Бирок мен азыр силерди өзүңөрдүн эле далилиңер менен талкалайм. Башка жолу жок, анткени, тилекке каршы, экөөңөрдө тең абстракттуу ой жүгүртүү деген жок. Ошондуктан кана, пайдалуу илимдин негизине таянып айткылачы, силер материя жөнүндө эмне билесиңер? Силер өзүңөр кабыл алган гана нерселерди, же айталы, феномендерди гана билесиңер. Силер материянын гана өзгөрүшүн, тагыраак айтканда, анын өзгөрүлүшүн өзүңөр кандай кабыл ала тургандыгыңарды гана билесиңер. Пайдалуу илим бир гана феномендер менен иш кылат, а силер, акылынан адашкандар, нумендер менен гана иштеп, өзүңөрдү онтологдорбуз деп эсептейсиңер. Жадагалса, пайдалуу илим кубулуштар менен гана иш алып барат. Кимдир бирөө бир жолу кубулуштар жөнүндөгү илим — кубулуштардан өйдө тура албайт деп айткан экен. Силер Кантты четке каксаңар да Берклиге жооп бере албайсыңар. Бирок силер Беркли жаңылышат дейсиңер, анткени, кудайдын бар экенин жокко чыгарган силердин илимиңер материянын бар экенине шектенбейт. Мен азыр материянын бар экенин силер оюмду туура түшүнсүн деп гана мойнума алып жатам. Бай болгурлар, кичине ыракым этип койгулачы, онтологияны таштап, пайдалуу илимдин артынан түшсөңөр боло, пайдалуу илимде онтологияга орун жок. Демек, аны жайына тынч койгула. Спенсер агностик катары туура айткан, бирок эгерде Спенсер…

Оклендке кетчү паромдун жөнөөр маалы жакындап калгандыктан, Мартин менен Бриссенден кетүүгө аргасыз болушту. Алар Нортон сөзүн сүйлөп бүтө элек кезде, Крейз менен Гамильтон болсо аны кутурган эки тайгандай баса кала тургансып, анын сүйлөп бүтүшүн гана күтүп турган мезгилде акырын билинбей чыгып кете беришти.

— Сиз мага сыйкырдуу өлкөнү көрсөттүңүз, — деди Мартин Бриссенден экөө паромго түшө берерде. — Мындай адамдар менен сүйлөшкөндөн кийин жашагың келет! Тимеле эмне дээримди билбей турам! Ушул убакка чейин идеализм эмне экенин билген эмес элем. Аны азыр деле кабыл алгым келбейт. Мен дайыма реалист бойдон калам— ушундай жаралсам керек. Крейз, Гамильтон экөө менен талаша алмакмын, Нортонго эки же үч суроо бере да алар элем. Алар Спенсерге анчалык деле катуу катылышканын көрбөдүм. Циркти биринчи жолу көргөн балакайдай толкунданып турам. Эми дагы далай нерселерди окушум керек экенин көрүп турам. Салибинин китебин таап алуум керек! Мен Спенсерди кол тийгис деп эсептейм. Эмки жолу талашка өзүм катышам… Бирок, Бриссенден уккан жок, сөөгү оркойгон ээгин мойнундагы жылуу моюн орогучуна катып алып, оор дем ала үргүлөп кеткен эле, арык денеси улам винт айланган сайын селт эте түшүп баратты.

XXXVII ГЛАВА

Эртеси күнү Мартин Бриссендендин бир нече жолу эскерткенине карабай, «Акрополь» журналына «Күндүн осолдугун» жөнөтүп жиберди. Ал эгерде журнал аны басып калса, анда макаланы кайсы бир китеп басып чыгаруучуларга сатканга оңойураак болор беле деди. Бриссендендин «Эфемеридасын» да басып туруп, кошо жөнөттү. Бриссендендин редакторлор менен журналдарды өлөөрчө жек көрөрүнө карабай, Мартин поэма жарык көрүшү деген чечимге келип турду. Албетте, аны кайсы бир ири журнал кабыл алып калса, анда Бриссендендин макулдугун анан деле алам деди.

Мартин ошол эле күнү эртең менен өзүнүн үч жума мурда ойлоп койгон жана оюнда ээ жаа бербей, кагазга өзү суранып турган повестин жазууга киришти. Бул деңиз турмушун баяндаган кызыктуу окуялардан турган жана жыйырманчы кылымдагы романтиканын үлгүсүн көрсөткөн чыныгы мүнөздөрдү жана реалдуу чөйрөнү чагылдырган повесть болмок. Бирок окуянын курчтугунун астында карапайым окурман анчалык деле байкай албаган, бирок окугандан ырахат алчудай өзгөчө бир мазмуун катылып жатышы керек эле. Мартин үчүн повесттеги эң башкы нерсе сюжеттин өнүгүшү эмес, мына ушул өзгөчө мазмуун болчу. Аны ар качан чыгарманын идеясы өзүнө тарта турган, сюжет болсо ошого көз каранды боло турган. Ал мындай идеяны таап алган соң, анын маңызын ачып көрсөткөн не бир образдар менен жагдайларды кошо тапканды билчү. Повесть «Кечиккен» деп аталып, көлөмү алтымыш миң сөздөн ашпас керек эле. Мындай иш чыгармачылык кайраты ташкындап турган Мартин үчүн түккө турбаган оңой иш эле. Повестти жазып баштаган биринчи эле күнү ал чеберчиликтин терең кумарын сезди. Ал эми адабий форманын ийкемсиздигинен, чабалдыгынан баягыдай коркпой калган болчу. Көп айлар бою туруктуулук менен чымырканып иштеген иши акыры минтип өз жемишин бере баштады. Эми ал ойлогон максатына ишенимдүү, эч бир кыйшаюусуз бара алат, турмушту жеткиликтүү түшүнүү, аны чагылдыра алуу колунан келерине эч качан мынчалык терең ишенген эмес эле. Мартин «Кечиккенде» чыныгы болгон окуяны жана ага катышкан чыныгы адамдарды, алардын реалдуу ой-пикирлерин, сезимдерин алып чыккысы келди. Бирок повестте мындан башка бардык өлкөлөр, бардык мезгилдер жана элдер үчүн бирдей калыс жана тең купуя улуу маани жана идея болууга тийиш эле. «Мунун баары Герберт Спенсердин таасири эмеспи, — деп ойлоду Мартин, отургучка чалкалай түшүп. — Ооба, Герберт Спенсердин жана ал менин колума карматкан дүйнө түзүмүн таанып билүүнүн эволюция деп аталган улуу ачкычынын жардамы аркасында болуп атат». Мартин азыр өзү жаратып жаткан нерсенин тереңдиги менен маанилилүүлүгүн айкын түшүнүп турду: «Иш кетет буйруса! Кетет!»— деди ал оюн бекемдеп. Ошентип иш шыр кетти. Акыры ал ар кандай журнал болбосун, колдон жулуп кете турган ушундай бир мыкты нерсени жазат. Бүтүндөй повесть анын көз алдында оттуу тамгалар менен күйүп турду. Мартин күтүлбөгөн жерден ишти токтото коюп, кичинекей чөнтөк дептерчесине повесттин корутундусу боло турган үзүндүнү шилтеп салды. Окуянын композициясы ага ушунчалык ачык –айкын эле, ал повестти бүтпөй туруп эле, анын аягын жазып коюудан эч бир кыйналган жок. Ал али бүтө элек повестин башка жазуучулардын аңгемелери менен салыштырып көрүп, өзүнүкү тигилердикинен ченеп болгус өйдө деген ишенимге келди.

— Бирок, мындайды бир гана киши жаза алмак, — күбүрөдү Мартин, — ал Конрад. Бирок Конрад да бул повесть үчүн мени колумдан бекем кысып туруп: «Мартин достум, мыкты жазгансың!», — демек. Керели кечке чейин Мартин повесттин үстүндө олтуруп, кечинде күтүлбөгөн жерден өзүнүн Морздордукунда тамакка чакырылганын эстеди. Бриссендендин аркасы менен Мартин өзүнүн кара кемселин ломбарддан кайра сатып алып, коомго чыгуу мүмкүнчүлүгүнө жетишти. Жолдо келе жатып, китепканага бурулуп, аяктан Салибинин бир китебин ала чыкты. Трамвайда келе жатып баягыда талаш учурунда Нортон айткан «Турмуштун циклин» окуп чыкмак болду. Окуп алып каны кайнап ачуусу келип чыкты Мартиндин. Өңү сурданып, дуулдап ысып кетти, көздөрү ойноктоп, кимдир бирөөнү жыга кое тургансып муштумдары өзүнөн өзү түйүлө калып жатты. Трамвайдан түшкөн соң бирөөгө кол сала тургандай чечкиндүү кадам шилтеп, көчө менен келе жатты. Морздордукуна келип, алардын эшигинин коңгуроосун катуу басып жиберген кезде гана эсине келе түшүп, жайдары каткырып жиберди. Бирок үйгө кирип келер замат кайрадан терең убайымга батты. Канаты кайрылгансып, шыктанган сезими алып чыгып кеткен бийиктиктен ошол замат кайра кулап түшкөндөй болду.

Бриссендендин жакшы көргөн «Буржуйлар! Соодагерлер!» — деген сөздөрүн эсине түшүрдү. «Эмне экен?» — деп ал өзүн-өзү жекирип алды. — Мен үй-бүлөсүнө эмес, Руфка үйлөнөм!».

Мартиндин көзүнө Руфь эч качан мынчалык сулуу, мынчалык татынакай жана назик, сергек жана тийип турган күндөй жайнап көрүнгөн эмес эле. Бетине бир аз кызыл жүгүрүптүр, Мартин анын көгүлтүр көздөрүнөн өлбөстүктүн шооласы чачырап турганын алгачкы жолу көрүп турду. Ырас, бир аздан кийин ал бул жөнүндө унутуп коюп, көңүлү пайдалуу илимдер жакка бурулуп кетти, бирок эми Руфтун көздөрүнөн адамдын тили менен айта алгыс башкача бир нерсени көрүп жатты. Мартин бул көз караштан сүйүүнү окуган эле. Ушундай эле ар кандай талаш-тартыштан өйдө турган жалбырттаган махабат анын көздөрүнөн да жанып турду. Бул анын жүрөгүнө кыттай уюган, кемибес терең ишеними эле. Анын тамактын алдында Руфь менен чогуу отуруп, жарым саатча аңгемелешкени аны кайрадан чексиз бакытка бөлөп, жашоого болгон жайдары мамилесин жандантты. Бирок тамак үстүндө Мартин күтүлбөгөн жерден шайы кетип баратканын сезди, бул керели кечке баш көтөрбөй иштегенден кийинки чарчоо эле. Өзүнүн көздөрү чарчап, денеси талыкшып, сиркеси суу көтөрбөй турганын билип турду. Бир кезде өзү алда канча жогору деп санаган, эми болсо анын итиркейин келтирчү болгон адамдар менен мына ушул столдо алгачкы ирет чогуу отурганын эстеди. Анда ага бул үйдүн абасы да кылдат маданият менен сугарылгандай сезилген эле. Ошондо башкалардын көзүнө ал ажайыпканадан чыга келген макулуктай, боор ооругудай бирөө болуп көрүнсө керек. Сүрдөп кысынганынан чыпылдап чекесинен тери шоргологон, жайнаган тамактан башы адашкан, зыңгыраган малайдын кабагынан сүрдөгөн, кокусунан келип калган бийик мырза чөйрөдө өзүн жоготпогонго абдан тырышкан, акыры жүдөп, жаны кашайганда дээринде болбогон билиминин тереңдигин, кылдат манераларды көрсөтөм деп кыйналбай эле, кандай болсом, ошондой эле болоюнчу деп чечкен жарым жапайы неме эмес беле анда.

Мартин Руфка кемеге коркунуч туулганын укканда куткарып калчу тегерек ордунда бекен деп текшерген саякатчыдай алдыртан көз чаптырып койду. Ооба! Бир гана сүйүү менен Руфь убакыттын сыноосунан өткөн. Калган нерселердин баары ал китеп окуп баштагандан кийин тумандай тарап жок болуп кеткен эле. Бирок Руфь менен махабат гана мираж эмес болчу. Аларга Мартин биологиялык негиз тапкан. Махабат жашоонун айтып бүткүс көрүнүшү эле. Жаратылыш анын тагдырына махабатты буйруган экен, эми ал ар бир башка нормалдуу кишидей эле андан ырахат алышы керек. Адам пендесине ыроологон бул максатка аны жеткириш үчүн жаратылыш он миңдеген, жүз миңдеген жылдар, миллиондогон кылымдар бою салгылашып келди, эми махабатка жеткен адам пендеси жаратылыш жараткан жетишкендиктин туу чокусу эле. Ал Мартиндин жан дүйнөсүнө махабатты уялатып, анын толкуну менен денени дирилдеткен кубанычын, ачкыл даамын сезсин деп күчүн миллиард эсеге көбөйткөн. Ал байкаттырбай столдун алдынан Руфтун колун кармап, бекем кысып койду. Буга жооп кылып, Руфь да анын колун ошондой эле ысык кысып койду. Ошол замат бири-бирин жалт карашып, кыздын көздөрүндө сүйүү менен мээрим жайнай түштү. Мартиндин көздөрү да жайнай түштү, бирок Руфтун көздөрүндөгү мээрим менен махабат чынында өзүнүн көз карашындагы оттун чагылышып турганы болчу.

Анын тушунда, мистер Морздун оң жагында Сан-Франциско шаарынын башкы соту Блоунт олтурду. Мартин мурда аны менен бир нече ирет жолугушкан, бирок аны анчалык деле жактыра берчү эмес. Сот Руфтун атасы менен жумушчулар бирикмеси, саясий абал жана социализм жөнүндө аңгемелешип жаткан учурда, сөз арасында мистер Морзго социалисттик окуунун чечкиндүү жактоочусу катарында Мартинди көрсөтө белгилеп өттү. Сот Блоунт аталык боор ачынуу менен Мартинге карап койду. Мартин ичинен күлдү.

— Бара-бара сиз өзүңүздүн адашканыңызды түшүнөсүз, — деди сот жубаткандай мээрим сүйлөп, — мындай балалык оорууну убакыт өзү бат эле айыктырып коет! (анан сот кайра Морзго бурулду) Мындай учурларда мен эч качан талашкым келбейт, анткени бул «оорулуу» адамдын өжөрлүгүн гана козгойт.

— Сөзүңүздүн катасы жок, — деди салабаттуу мистер Морз, — бирок ошондой болсо да, кээде «оорулуу» адамга анын өжөрлүгүнүн кесепеттерин алдын ала эскертип коюу пайдалуу болот го дейм.

Мартин кара күчкө сала күлүп жиберди. Күн узун болуп, кечке баш көтөрбөй катуу иштегендиктен, Мартиндин мээси ансыз да абдан чарчап турган эле.

— Силер шексиз мыкты дарыгерлерсиңер,— деди ал, — бирок, эгерде бейтаптын пикири менен кичине болсо да эсептеше турган болсоңуздар, анда мен айтып коеюн, силер оорунун диагнозунан ката кетип калдыңар. Чынында мага таандык кылып аткан оору менен силер өзүңөр ооруп жүрөсүңөр. Андай оору мага таптакыр жукпайт. Силерди козутуп аткан социалисттик философиянын мага эч бир тийиштиги да жок.

— Эпчилин, — күңкүлдөп койду сот, — талаштагы эң мыкты ыкма — күнөөнү айыптоочунун өзүнө оодара салмай деген мына ушу.

— Кое туруңуз! Мен сиздин сөзүңүздүн негизинде айтып жатам! — деди Мартин. Анын көздөрү жана түштү, бирок дагы эле өзүн кармап турду. — Судья мырза, билгиңиз келсе, мен сиздин шайлоо алдындагы сүйлөгөн сөзүңүздү уккан элем. Сиздин ойду бурмалаган жагынан өзгөчө жөндөмүңүздөн улам, — көбү түшүнө бербесе да бул менин жакшы көргөн сөзүм — сиз өзүңүздү «алдуулар гана жеңип чыгат» деген принциптин жактоочусумун деп эсептегениңиз менен, ошол эле маалда, болгон күч аракетиңизди ошол алдууларды алсыздандырганга жумшайсыз.

— Жаш жигит!..

—Сиздин сөзүңүздү укканымды унутпаңыз! — деди Мартин анын сөзүн бөлүп. — Сиздин штаттар ортосундагы өз ара соода байланышындагы, темир жол жана нефти тресттеринин иштерин тартипке келтирүү жөнүндөгү, токойлорду пландуу түрдө пайдалануу жана башкалар боюнча позицияңыз чектөө чараларын киргизүүгө ыктап, мазмуну жагынан социалисттердин позициясы менен дал келишип турат.

— Демек, сиздин оюңузча, бийлиги барлардын чектен чыккан өкүмзордугун ооздуктоонун кереги жок экен да?

— Кеп мында эмес, мен сизге натуура диагноз койгонуңуз менен мага социализмдин ылаңы жукпаганын гана далилдегим келет. Мен сизге өзүңүз ушул бактерияны жуктуруп алганыңызды далилдегим келет! А мен болсо социализмдин, силердин маңызы жалган социализм болсо да, муну өз аты менен атагысы келбеген демократия сөрөйүңөрдүн душманы болгондой эле түпкү душманымын. Мен реакционермин, болгондо ушунчалык ынанган реакционермин, менин көз караштарымды коомдук жалган капкактын алдында жашап келаткан силер эзели түшүнө албайсыңар, анткени силер бул капкактын артындагыны таптакыр көрө албай турган карама сокурсуңар. Силер күчтүүнүн жеңишине ишенгендей түр көрсөтөсүңөр, мен болсо буга чындап ишенем. Айырма мына ушунда. Мен жашыраак кезде – болгону мындан бир нече ай мурда, — силер сыяктуу эле ой жүгүртчүмүн, силердин айткандарыңар мага белгилүү бир даражада таасир да этчү. Бирок соодагерлер менен дүкөнчүлөр — суу жүрөк башкаруучулар; алар акча тапкандан башканы билбейт, ошондуктан мен байыркы аристократизмге кайрылгым келет. Бул бөлмөдө мен жападан жалгыз ииндувидуалистмин. Менин мамлекет менен эч кандай ишим жок. Мен атчан келип, мамлекетти кыйроодон сактап кала турган кудуреттүү адамды гана күтөм. Ницше абдан туура айткан. Убактымды коротуп силерге Ницшенин ким экенин түшүндүрүп отурбайын, бирок анын айткандары туура! Дүйнө — кудуретине жараша кең пейил, күчтүүлөрдүкү, алар соода-сатыктын сазында өмүр бою чабалактабайт. Дүйнө эч качан эч ким менен келишимге барбаган, дайыма “ооба” деп турчу чыныгы аксөөктөргө, аксаргыл жырткычтарга таандык. Алар силерди, социализмден корккон социалисттерди, өзүлөрүн индивидуалист элестеткендерди эки чайнап, бир жутуп коюшат. Силерди кулдук урган ортозаар моралыңар сактап кала албайт! Албетте, мунун баары силерге эзели түшүнгүс кытайдын тамгасындай нерселер, андыктан силерди мындан ары тажаткым келбейт. Бирок бир нерсе эсиңерде болсун! Оклендде беш-алты гана индивидуалист болсо, алардын бири силердин алдыңарда турган Мартин Иден.

Ушинтип айтты да, талаш аяктады дегендей Мартин Руфка бурулду.

— Мен бүгүн чарчадым, — деди ал, — менин сүйлөгүм эмес, сүйгүм келет.

Ал мистер Морздун:

— Сиз мени ишендире алган жоксуз. Социалисттердин баары — куу, эки жүздүүлөр. Алар амалкөйлүгүнө салып турбаса башы ооруйт, — деп тийишкенине жооп кайтарган да жок.

— Эч нерсе эмес! Биз сизден али кең пейил республикачы чыгарабыз — деди судья Блоунт.

— Атчан адам ага чейин эле жетип келет, — деген Мартин жылмайып күлө кайрадан Руфка бурулуп кетти.

Бирок мистер Морз алымсынбай турду. Ага болочок күйөө баласынын жалкоолугу аз келгенсип, кадыресе, акыл-эстүү ишмерликти жек көргөнү жакпай турду, анүстүнө анын ойлору да ага жат, туруш-турпаты түшүнүксүз эле. Ушул жерден мистер Морз кеп нугун Герберт Спенсердин окуусуна бурууну чечти. Мистер Блоунт да аны колдоого алды, Мартин болсо философтун ысмын угары менен кулагын түрө калып, соттун салабаттуулук менен Спенсердин идеяларын кырдана сындап киргенин укту. Мистер Морз болсо «көрдүңбү, балакай?» деп айтып жибере тургансып, улам Мартинди мылжыя карап коюп жатты.

— Былжырак кеп, — шыбырап коюп атты Руфь жана Артур менен сүйлөшүп жаткан Мартин.

Бирок, күндүзгү чарчаганы, кечеки «чыныгы адамдар» менен болгон талашып-тартышуу акыры билинди, анүстүнө трамвайда келатып окуган макалага кыжырдануусу дагы эле тарай элек болчу.

— Эмне болуп кетти? — деп күтүлбөгөн жерден Руфь өзүн-өзү араңдан зорго кармап турган Мартинден чочулай сурап калды.

— «Тааныбастыктан башка кудай жок, ал эми Герберт Спенсер анын байгамбары», — деди бир кезде сот.

Мартин ошо замат шарт бурулду.

— Сокур тыйынга арзыбаган тапандык, — деди ал токтоо гана, — мен муну биринчи жолу Сити-Холл сейил багынан кем акыл бир жумушчунун оозунан уккан элем. Ошондон бери бул сөздү бат баттан укчу болдум, уккан анын адепсиздигинен жүрөгүм айланчу болду. Өзүңүз уялбайсызбы жок дегенде! Сиздин кунары жок сөздөрүңүздүн арасында бул улуу, асыл адамдын ысымы балчык суудагы бир тамчы шүүдүрүмдөй болуп турат. Сиз мени жийиркентип атасыз!

Бул күтпөгөн жерден чагылгандын чарт эткениндей болду. Сот Блоунт кызара түшүп, ортого жөрөлгөсү жаман тынчтык чөктү. Мистер Морз ичинен кымылдап турду. Кызынын осол болгонун көрүп турат да. Ал өз максатына жетти: өзү өлөөрчө жек көргөн бул адамдын кычыгына тийип койду эле, ал табиятынан орой неме экенин өзү ашкерелеп салды.

Руфь жалбаргандай столдун алдынан Мартиндин колун кысты, бирок каны кызып алган Мартинди токтотуп болбос эле. Мансаптуу адамдардын кекирейгени жана түркөйлүгү кыжырын келтирип жиберди. Башкы сот имиш! Кечээ эле эки-үч жыл мурда өзү күлдүн ичинде жатпады беле, буга окшогон адамдарга кудайдай карабады беле.

Судья Блоунт эсине келе түшүп, алтургай, аңгемени улантууга аракеттенди, Мартинге кара күчкө кичи пейилдүүлүк менен жылмайган да болду, бирок мунусу отурган айымдар үчүн гана жасаганын Мартин түшүндү. Судьянын бул кылыгы эми аны биротоло жиндендирип жиберди. Бул дүйнөдө акыйкаттык деген деги бар бекен?

— Спенсер жөнүндө мени менен тартыша турган сиз эмес! — кыйкырды ал. — Сиз Спенсер туурасында тыңыраак деле билбейсиз. Билем, буга сиз күнөөлүү эмессиз! Буга азыркы учурдагы түркөйлүк күнөөлүү. Мунун бир үлгүсү менен азыр эле бул жакка келатып, кокусунан таанышып калдым! Салиби деген Герберт Спенсерди изилдеп чыгыптыр. Сиз дагы окусаңыз болмок экен. Китеп таңкыс эмес, ар кайсы дүкөндө жайнап турат. Салибинин ал улуу адам жөнүндө эмне жазганын окусаңыз, жадагалса, сиз да ыңгайсыз абалда каласыз. Бул наадандыктын жеткен чеги, анын астында сиздин ээнооз адепсиздигиңиз биякта эле калат. Спенсер менен бир абадан дем алууга татыксыз бул академиялык келжирек философ аны «чала сабат философ» деп атаптыр. Сиз Спенсердин чыгармасынын он барагын да окубагандыгыңызды билем, сизден аша чаап окубаган, бирок интеллектиси жогорураак сынчылар болушкан; бир жери менен иши жок мына ошо бечаралар Спенсердин жолун жолдогондорго анын идеяларынын жалган экенин көрсөтүүгө бетпактык менен батынышкан! Түшүнүп атасызбы? Улуу генийи илимий таанып билүүнүн бардык жактарын камтыган адамдын идеяларын калп дегенге батынып атышат; ал психологиянын атасы болгон; ал педагогика жаатында бүтүндөй бир бурулуш жасаган, мына эми учурда Франциядагы дыйкандардын балдары билим негиздерин Спенсер сунуш кылган усулдар боюнча алып жатышат. Анын арбагына шек келтирип, акаарат кылып атышкан санда жок бир пенделер анын идеяларын практикалык түрдө колдонуу менен нан таап жеп атышат. Эгерде алардын мээсинде жок дегенде бир бүдүр ой болсо, анда алар бул үчүн Спенсерге ракмат айтышы керек! Эгерде ал болбогондо, алардын тоту куш сыяктуу жаттап алган жарыбаган билими да болмок эмес. Ээлеген мансабы сиздикинен жогору Оксфорддогу Фербенкс өңдөнгөн кайсы бир мырза, судья Блоунт, келечек муундар Спенсерди ойчул дебей, акын же кыялкеч аташат деп айткысы бар. Булар чыңкылдап үргөн кандектер, башка ким!? Бирөөсү «Негизги башталыш» адабий көркөмдүктөн арыла алган эмес десе, башкасы Спенсер оригиналдуу ойчул эмес, акылдын гана дыйканы деп кыйкырат. Чыңкылдаган кандектер! Чыңкылдаган кандектердин үйүрү!

Мартин кулак мурун кескен тынчтыкта тып токтоп калды. Руфтун үйүндөгүлөрдүн баары судья Блоунтту ардактуу, кадыры сиңген адам катары өзгөчө урматтап, сыйлаша турган, ошондуктан Мартиндин айткандары алардын баарынын эсин оодарып, жүрөктөрүн түшүрдү. Тамактын акыры ошентип киши өлгөндөй абдан чөгүңкү маанайда өттү. Судья менен мистер Мороз өзүлөрүнчө күбүрөшүп атышты, башкалардын сөздөрү болсо таптакыр эле коошпой жатты.

Тамак ичилип бүтүп, экөө жалгыз калган соң Руфь менен Мартиндин ортосунда катуу жаңжал чыкты.

— Сиз адам чыдагыс неме экенсиз, — деди көзүнүн жашы көлдөгөн Руфь.

Бирок Мартиндин ачуусу али басыла элек болучу, ошондуктан ал ызырынып, сөгүнө берди.

— Айбандар! Ах, айбандар!..

Руфь анын судьяны акаарат кылганын айтты эле, Мартин шарт эле каршы жооп кайтарды:

— Сиздин оюңузча, мен аны эмне кылып акарат кылыптырмын? Чындыкты айтканым үчүнбү?

— Чындыкпы, же чындык эмеспи, аны менен ишим жок, — сөзүн улантты Руфь, — адептүүлүктүн баарына маалым чеги бар, сизге эч ким адамдарды акаарат кылууга укук берген!

— Судья Блоунтка чындыкты акаарат кылганга ким укук бериптир? — кыйкырып жиберди Мартин, — Чындыкты кордогон кээ бир киши сөрөйлөрдү шылдыңдоого караганда кыйла оор. Бирок ал андан да ашкан жамандык жасады! Эчак көзү өтүп кеткен улуу, асыл ойчулдун ысмына көө жапты. Ах, айбандар! Ах айбандар!

Мартиндин абдан жаалданып алганы Руфту катуу чочутту. Ал Мартинди мындай абалда биринчи жолу көрүп атты, бирок мынчалык акылынан адашкычакты жаалданууга эмне себеп болгонун түшүнө албай турду. Ошол эле маалда ал кызды азгырып, өзүнө тартып турганы ушунчалык, кыз өзүн-өзү токтото албай кетти, Мартинге ыктай түшүп, мойнунан бекем кучактап калды. Руфь эмеле болуп өткөн окуядан жан дүйнөсү жабыркап, ага аябай ачуусу келип турса да, башын Мартиндин көкүрөгүнө жөлөп алды, ага бекем ыктаган бойдон анын токтоно албай:

— Айбандар десе, ах айбандар! – деп тилдегенин угуп атты.

Мартин ага:

-Мен мындан ары силердин сый тамагыңарды бузгум келбейт, кымбаттуум. Сиздин жакындарыңыз мени жактырышпайт, мен да аларга жабышкым келбейт. Аларга мен кандай жек көрүнсөм, мага да алар ошончолук жек көрүнөт. Түү! Алар эмне мынча жийиркеничтүү! Курган башым бир кезде мансабы бар, заңгыраган үйдө жашаган, университетте окуган диплому бар, акчаларын банкта сактаган адамдарга төмөндөн өйдө карачу элем! Өзүмдүн баёолугуман бул адамдар чынында эле урматка татыктуу адамдар деп ойлоп жүрүптүрмүн, — дегенде да башын көтөргөн жок.

XXXVIII ГЛАВА

— Жүрүңүз, социалисттик клубга барабыз! — деди бир жолу Бриссенден үч күн ичинде экинчи жолу кармаган өпкөсүнөн кан түкүрүүдөн аябай чаалыккан түр менен. Калтыраган колуна кармаганы демейдеги бир ыстыкан виски эле.

-Ал жерде мага эмне бар? — сурады Мартин.

-Сырттан келгендерге беш мүнөттүк сөз берилет, — деди Бриссенден, — сиз чыгып сүйлөйсүз. Аларга өзүңүздүн эмне үчүн социалист эмес экениңизди айтып бересиз. Алар туурасында, жүрүш-турушу, аз улуттардын жүрүш-турушу жөнүндө өзүңүздүн оюңузду айтасыз. Аларга Ницшени таштап коюп, бир ботко чалбайсызбы. Аларга, сизге деле мындай талашып-тартышкан өтө пайдалуу. Мен өлгөнгө чейин сиздин социалист болушуңузду абдан каалар элем. Бул сизди турмуштан көңүл кайт болгон учурда, андай учур сөзсүз келет, куткарып калат.

— Мен так ушу сиздин кандайча социалист экениңизге такыр түшүнбөйм, — деди Мартин, — анткени сиз топураган көпчүлүктү жек көрөсүз да? Чынында кооздукту артык көргөн сиздей адамдын көпчүлүктүн кызыкчылыктары, алардын умтулуулары менен кандай иши бар? — Ушул сөздөрдү айткан Мартин жекиргендей түр менен Бриссенденге вискини көрсөтүп: — социализм сизди сактап калалбайт окшойт, — деди.

— Мен абдан оорулуу адаммын, — деди Бриссенден. — Сиз башка кеп. Саламаттыгыңыз куландан соо, келечегиңиз алдыда, эми алдыңызга бир максат коюп, ошого умтулушуңуз гана керек. Сиз менин социалист экениме таң калып жатасызбы? Түшүндүрүп берейин. Социализм келбей койбойт, анткени учурдагы коомдук түзүлүш чирип бүттү, көпкө жашай албайт, себеби сиздин атчан кишиңиздин доору небак өтүп кеткен. Кулдар анын артынан ээрчибейт. Кулдар ушунчалык көп болгондуктан, аны атка мингизе коюшпайт. Сиз баары бир алардан качып кутула албайсыз, алардын кулдук моралын жутууга аргасыз болосуз. Албетте бул таттуу эместир. Бирок эч нерсе кыла албайсыз. Сиз өзүңүздүн ницшеандык идеяларыңыз менен тимеле жапайы адамсыз, Мартин. Өткөн — өттү, кеткен — кетти, ким тарых кайталанат десе калп айтат. Сиз туура айтасыз, мен топураган аламанды жактырбайм, бирок эмне кылыш керек? АСиз ачан кишини күтө берип чарчайсыз, мен болсо кандай бийлик болсо болсун, бир гана буржуазиялык суу жүрөк чочколордун бийлиги болбосо экен дейм. Жүрүңүз, эгер мен бул жерде дагы бир аз отурсам, анда ичип атып кулап калышым мүмкүн! Догдурдун эмне дегенин билесизби? Ошол догдур кара жерге кирсин! Аны иттей алдап кетким келип жүрөт.

Жекшембинин кечи эле, социалисттердин анчалык чоң эмес, окленддик клубуна көпчүлүгү жумушчулар болгон эл жык-жыйма толуптур. Айтып аткандары таптакыр туура келбесе да сүйлөп жаткан жөөттүн тилинен чаң чыккан чечендиги менен акылдуулугу Мартинге өтө жакты. Анын салбыраган кууш ийиндери, кынжыйган көкүрөгү анын үркөрдөй аз улуттун уулу экенин айгинелеп турду, аны карап туруп Мартин көз алдына каратаман, эзилген санда жок кулдардын аларды башкарып турган жана мындан ары да башкара берер бул дүйнөнүн бир ууч байларына каршы эзелтен бери жүргүзүп келаткан согушун элестетип кетти. Мартин илмийген бул алсыз адамдан улуу символду көрүп турду. Бул биологиянын өзгөрбөс мыйзамы боюнча жашоо-турмуштун тайгак жолунда кырылып аткан чабал, абалга ыңгайлаша албаган бактысыз карыптардын массасынын бир көрүнүшү эле. Булардын эртедир кечтир күнү бүтмөк. Булардын айлакор философиясына жана кумурскадай жанталаша биригүүгө умтулганына карабай, жаратылыш аларды күчтүү жана алп адамдардын эсесине четке кагып салган эле. Табыйгат өзүнүн жараткандарынын эң мыктыларын тандап келет, аны туураган адамдар да жылкылардын асыл тукумун жана сейрек учуроочу өсүмдүктөрдү өстүрө башташкан. Албетте, он сегиз миң ааламды жараткан кудай мындан жакшыраак ыкма ойлоп чыгара алмак, бирок бул дүйнөдө жашаган адам пендесине эми небактан бери калыптанып калган эрежелер менен гана келишүүгө туура келет. Арийне, өлүп жок болор алдынан булар да социалисттер сыяктуу ары бери туйлап, жандалбас урушат, же чогулуп алышып, жер бетиндеги жашоону канткенде жеңилдетсек, ааламды канткенде алдап кетсек экен деген маселени талкуулап, баш оорутушат.

Мартин дал ушинтип ойлоду жана бул оюн Бриссенден аны чыгып, тигилерге чок ыргытып кой дегенден кийин айтып чыкты. Трибунага чыкканы адегенде эреже катары жыйындын төрагасына кайрылды. Алды менен өтө жай, саал гана мукактана, жөөт сүйлөгөнүнөн улам башына келе калган түркүн ойлорду тартипке келтирүүгө аракеттене сүйлөп баштады. Мындай митингдерде ар бир адамга беш гана мүнөт убакыт берилчү. Мартин сөз кызыгына жаңы эле кирген эле, анын социалисттердин докторинасына жасаган чабуулу жаңыдан от алып бараткан болчу, бирок ал угармандарды козутуп койгондуктан, алар бир добуштан жыйналыштын башчысынан Мартиндин убактысын дагы узартууну талап кылышты. Алар Мартиндин татыктуу каршылаш экенин байкашып, ар бир айтканын чурк этпей угуп отурушту. Мартин абдан шыктана сүйлөдү, кепти ары-бери чалгытпай, кулдук моралга тике чабуул жасады да кул деп аны азыр угуп отургандарды түшүнөөрүн айтып салды. Ал Спенсер менен Мальтустун айткандарын келтирип, дүйнөлүк өнүгүүнүн биологиялык мыйзамын даңктап жатты.

— Ошентип, — деди ал сөзүн кыскарта жыйынтыктап, — эгерде мамлекет жалаң гана кулдардан турчу болсо, анда ал жашай албайт! Өнүгүүнүн негизги мыйзамы бул жерде да иштейт! Жашоо үчүн күрөштө азыр эле мен көрсөтүп өткөндөй, күчтүүлөр жана алардын тукуму жеңип чыгат, ал эми алсыздар менен алардын тукуму жок болууга өкүм кылынган. Бул процесстин натыйжасында күчтүүлөрдүн күчү ар бир жаңы муун алмашкан сайын арта берет. Мына, эволюция деген ушул! Бирок силер кулдар, өзүңөрдү кул деп сезиш, мен түшүнөм, жагымсыз, силер эволюциянын улуу мыйзамына баш ийбеген коом жөнүндө кыялданасыңар. Силер чабалдар менен эби жоктордун өлбөсүн каалайсыңар. Силер алсыздар деле күчтүүлөр сыяктуу эле канча эмнени кааласа, ошончо жей беришин каалайсыңар. Силер, чабалдар да күчтүүлөр сыяктуу эле никеге кошулуп, урук-тукумдуу болсо дейсинер. Эми мунун баарынын натыйжасы кандай болот? Адамзаттын күчү жана анын жашоого жөндөмдүүлүгү муундан муун өткөн сайын өспөйт. Тескерисинче ылдыйлайт. Мына силердин кулдук философияңардын Немезидасы (байыркы гректерде өч алуунун аял кудайы –Б.Ш.). Силердин жалаң кулдар үчүн жашаган кулдук коомуңар акырындык менен начарлап, урап отуруп, акырында орду түбү менен жоголот. Билип койгула, мен сентименталдуу моралдан улам эмес, биологиялык мыйзамдардын негизинде айтып жатам. Кулдардын мамлекети жашай албайт.

-Ал эми анда Кошмо Штаттарчы? — кимдир бирөө залдан кыйкырып калды.

 

— Кошмо Штаттарбы? — каш кайтарды Мартин. — Он үч колония өзүлөрүнүн башкаруучуларын кууп жиберип, республика дегенди түзүшкөн. Кулдар өздөрүнө өзүлөрү мырза болуп чыга келишти. Кылычтын жардамы менен башкара турган мырзалар болгон жок. Бирок кулдар мырзаларсыз жашай алышмак эмес, андыктан башкаруучулардын жаңы түрү келип чыкты — кайраттуу, асыл жана күчтүү адамдардын ордуна, бечара жөргөмүштөр, сүткорлор пайда болду! Алар силерди кайрадан кул кылып алышты, бирок бул ишти күчтүүлөрдүн укугу боюнча ачык жүргүзбөй, байкатпай, түрдүү айла-амалдар менен жүргүзүштү. Алар силердин сотуңарды сатып алып, мыйзамдарыңарды бузушту жана уул-кыздарыңарды тикелей кулчулукка караганда алда канча коркунучтуу эзүүгө дуушар кылышты. Силердин эки миллион балдарыңар азыр Кошмо Штаттардын өнөржай олигархиясынын эзүүсү астында эмгектенип жатышат. Башында баш баанеги, ичерге тамагы жок он миллион кул өлбөстүн күнүн көрүүдө. Жок, кулдардын мамлекети жашап турушу мүмкүн эмес, себеби бул эволюциянын мыйзамына каршы келет. Кулдардын коому түзүлөрү менен эле, төмөндөө, начарлап жок болуу башталат. Силер эволюциянын мыйзамын танасыңарбы? Макул! Анда силер таянууга ниеттенген жаңы башка мыйзамыңар кана? Атын атап бергилечи. Же бул небак жасалганбы? Андай болсо аны мага айткылачы?

Мартин отургандардын түп көтөрүлө дуулдагынын астында өз ордуна келип отурду. Сөз айтканга жулунган бир топ киши ордунан тура калды. Сөз алгандар биринин артынан бири колдорун сереңдетишип, кол чабуулар боло калса ого бетер шыктана түшүп, Мартиндин чабуулунун мизин кайтарып жатышты. Бул чыныгы салгылаш, идеялардын айыгышкан кармашы эле. Сөзгө чыккан бир топ чечендер жалпы темада сөз козгошсо да көпчүлүгү тике эле Мартинге кайрылып жатышты. Алар Мартинге жаңы жем таштап, не бир укмуш күтүүсүз ойлорду айтып атышты, баарынан да алар биологиянын жаңы мыйзамдарын ачышпаса да эскилерин жаңыча колдонуу ыкмаларын баяндашканы эми бир укмуш дейсиң. Сүйлөп жаткандар сөздүн кызуусуна кирип кетип, сылыктык жөнүндө унутуп да коюшту, ошондуктан төрага аларды бир нече жолу токтотууга мажбур болду.

Жыйынга баса сенсация жаратсам дегенге ак эткенден так эткен бир жаш кабарчы да катышып отурган. Бул акыл-эстен, тажрийбадан куржалак бир кокуйгүн эле. Болгон турган мыктылыгы гезитчинин тыңсына жалжактаган кургак чечендигине маш. Анан мындай терең талаштын маани-маңызын бул жубарымбек чокусуна түшүнөбү, ага мээси жеткен да жок. Ошенткени менен анын дымагы көктө эле, ичинен өзүн мобул ар кайсыны былжырап кыйынсынган кара жумушчулардан алда канча өйдө сезип отурганы. Анүстүнө ал көчүгү менен тегирмен айланткан, улут менен гезиттин саясатын калчаган ири мансаптууларды чексиз сыйлай турган. Жадагалса, жоктон барды жараткан биринчи даражадагы кабарчы болсом экен деген кыялы да бар эле.

Ошо бойдон ал кептин эмне туурасында жүрүп атканына түшүнгөн жок, мунун ага кереги да жок эле. Ал болгону «революция» сыяктуу сөздөрдү гана жетекчиликке алды. Палентеолог таап алган бир сөөгү аркылуу оюнда бүтүн склетти калыбына келтирген сыяктуу, бул кабарчы да эстеп калган «революция» деген бир эле сөздүн негизинде чыгып сүйлөгөндөрдүн кимисинин болбосун айткандарын кайрадан калыбына келтирип кое алмак. Ал ишке ошол эле түнү өтө чымыркануу менен киришти, Мартиндин сөзү аябай ызы-чуу жараткан эле, ошондуктан кабарчы Мартинди анархист кылып көрсөттү да анын оозу менен өзү жазган ушул сөздү айттырууну чечти, анын реакциондук индивидуализмин болсо кыпкызыл социализмге айландырып салды. Жаш кабарчынын адабий да шыгы бир топ түзүк эле, ошондуктан топураган караламан топтун гүүлдөгөнүнө заарын чачып, ызырына абага муштум кезеген, жаалы башынан ашкан, мээси кыйшайган, акыл-эси соо эмес узун чачтуу адамдарды абдан көркөмдөп сүрөттөп чыкты.

XXXIX ГЛАВА

Эртеси эртең менен кофе ичип олтуруп Мартин демейдегидей эле гезит окуп жаткан. Ал өмүрүндө биринчи жолу биринчи беттен чоң тамгалар менен жазылган өзүнүн атын көрдү. Макаланы окуп чыгып, өзүнүн окленддик социалисттердин эң көрүнүктүү жолбашчыларынын бири экенин таң калуу менен билди. Жаш кабарчынын анын атынан жазган жалындуу сөздөрүнө ал баштан аяк өтө кызыгуу менен көз чаптырып чыгып, алды менен ойдон чыгарылган бул бетпаксыздыкка ачуусу келип, акыры каткырып күлдү да, колундагы гезитти четке ыргытты.

— Бул макаланы бир мас жазган же мунун артында кандайдыр бир кылмыштуу ой турат, — деди ал түштөн кийин келип, чарчаганынан жалгыз отургучка жаңы эле отурган Бриссенденге.

— Сизге баары бир эмеспи? — деди Бриссенден. — Сиз чын эле гезит окуган буржуазиялык доңуздардын пикирине маани бересизби?

Мартин бир аз ойлонуп калды.

— Албетте, менин алар менен эч кандай ишим жок дечи. Бирок менин коркконум, бул Руфтун үй-бүлөсү менен болгон мамилемди бузуп жибербегей эле. Анын атасы мени мурда эле социалистсиң деп жүрчү, ал эми бул макала сөрөй ага далил болот да. Мен анын эмне ойлоруна түкүрүп да койбойм дечи, бирок мунун жагымсыз кесепети тийиши мүмкүн. Андан көрө сизге бүгүн жазгандарымды окуп бергим келет… Баягы эле «Кечиккен». Жарымысына жакыны бүтүп калды.

Мартин жаңы эле окуй баштаган кезде Мария эшикти ачып, үйдүн ичине жакшы кийинген бир жигитти киргизип жиберди, ал токтоло калып, бөлмөнүн ичин айландыра карап келип, кересин меш менен ашкана үкөгүнө тигилип карап калды да анан Мартинге бурулду.

— Отуруңуз! — деди Бриссенден.

Мартин конокко орун бергендей ордунан жыла берди да келген немени суроолуу көздөрү менен карап калды.

— Мен сиздин кечеки сүйлөгөн сөзүңүздү уктум эле мистер Иден, — деп баштады сөзүн жаш жигит. — Ошондуктан сизден маек алсамбы деп келдим эле.

Бриссенден каткырып калды.

— Сиз тилектеш социалистсизби? — кабарчы Бриссенденге жалт карап алды да кейпи тирүү өлүк өңдөнгөн бул немени кандай кылып сүрөттөсө натыйжа кандай укмуш болорун да оюнан сыдырып койду.

— Көрсө жанагы макаланы жазган ушул турбайбы, — деп жиберди Мартин, — ушул балакайбы?!

-Эмне үчүн мунун акесин таанытпай турасыз? — деп калды Бриссенден. — Мен азыр таза өпкө берем дегенге миң долларды ойлонбой туруп карматат элем.

Жаш журналист төбөсүнөн өзү жөнүндө жүрүп жаткан бул сүйлөшүүгө айран-таң кала түштү. Ал социалисттик митинг жөнүндөгү мыкты макаласы үчүн жаңы эле редактордун мактоосуна татып, учурдагы тартипке каршы уюшулган душмандарынын анабашы Мартин Иден менен маек курууга тапшырма алган эле.

— Биз сизди сүрөткө тартып алсак каршы болбойсузбу, мистер Иден? — сурады ал — мен өзүм менен кошо сүрөтчүнү да ээрчите келдим эле, бирок ал бөлмө ичинен тартуу ыңгайсыз деп атат. Сыртка жарыкка чыгып берсеңиз. Анан отуруп алып кеңири аңгемелешсек.

— Сүрөтчү? — Бриссенден ойлуу сурады. — Сизге эмне болду Мартин? Өпкөсүн үзбөйсүзбү эми мунун!

— Мен картайып баратат окшойм, — деди Мартин. — Ошентким келип турат, бирок алым келбейби дейм, анүстүнө бул ошончолук эле зарылбы?

— Бул жигиттин байкуш энеси үчүн зарыл, — каршы болду Бриссенден.

— Туура айтасыз, мунуңуз жүйөлүү, — деди Мартин, — бирок менин чын эле алым келбегенсип турат. Бирөөнүн желин чыгарыш үчүн белгилүү күч жумшаш керек да. Деги кереги барбы?

— Эч кандай кереги жок, — деп жиберди шаңдуу жалжактаган кабарчы аны коштой сүйлөп, бирок кача турган эшигин да уурдана карап койду.

— Же мунун жазганында ныпым чындык болсочу, — сөзүн улантты Мартин Бриссенденге бурула.

— Билесизби, ал макала жалпы жонунан жазылган… — кайсактай түштү жаш кабарчы. — Бирок, бул сиз үчүн табылгыс реклама эмеспи. Буга өзүңүз да макул болорсуз.

— Билдиңизби, Мартин, бул сизге табылгыс реклама болот экен! — салтанаттуу жарыя кылды Бриссенден.

— Ооба, туура!.. Мен буга макул болушум керек.

— Билсем болор бекен, мистер Иден, сиз кайсыл жерде туулгансыз? — деп сурады жүзүнөн абдан кунт койгондой түр көрсөткөн кабарчы.

— Байкасаңыз, ал эч нерсе жазбай эле, — деди Бриссенден кыстара сүйлөп, — баарын эсине тутуп калат окшойт.

— Мага ушул эле жетишет, — деди дымактуу жаш кабарчы, өзүнүн сүрдөп турганын билдирбеске тырышып. — Тажрыйбалуу кабарчы эч качан жазып олтурбайт.

— Калыбы, сиз кече деле эч нерсе жазган эмес окшойсуз? Бирок Бриссенден сабырдуу адамдардан эмес эле, ошондуктан дароо үнүн өзгөртө кыйкырып жиберди:

— Мартин! Эгерде сиз муну төпөштөбөсөңүз, анда мунун тумшугун өзүм талкалай коём! Өлсөм да бир уруп алам!

— Май көтөнгө чапкылап койсом жетишет го дейм? — сурады Мартин.

Бриссенден оюн башкарган калыстай ойлоно түшүп, башын ийкеди.

Көз ачып жумганча жаш кабарчынын алмадай башы Мартинди эки тизесинин ортосунда кыпчылып турду.

— Тиштемей жок, — деди Мартин эскертип, — антсең алдагы татынакай тумшугуңду талкалап коюуга аргасыз болом. Минткенде убалыңа калбаймыбы.

Ошентти да оң колу менен кабарчыны май көтөнгө чыпылдатып чапкылап кирди. Өспүрүм бала кабарчы кыңкыстап сөгүнүп, колдон жулунуп атты, бирок тиштегенге дааган жок. Бриссенден болсо муну кумарга бата карап турду. Бир ирет ал чыдай албай кетип, бош бөтөлкөнү колуна ала коюп кыйкырып калды:

— Берчи, мен да бир чаап алайын!

—Тилекке каршы, шайым ооп калды, — деди Мартин акыры, — Колум да таптакыр сенейип калды.

Ал кабарчыны шилиден алып туруп, керебетке ыргытты.

—Мен муну полицияга билдирем. Сизди камап салышат! — деп кыйкырды тиги. Ызасынан агылган көз жашы ысып чыккан бетинен ага берди. — Буга сиз жооп бересиз. Караңыз!

— Мына сага, — деди Мартин, — мунун дагы эле тайгак жолго түшүп алганына мээси жете элек турбайбы. Минтип арамзаланып, каратып туруп калп айткан эркек атка татыктуу эмес экенин бул кеңкелес өзү түшүнбөйт окшойт.

— Ошону түшүндүрүп коёр бекен деп сизге келип отурбайбы, — деп Бриссенден кыстара койду.

— Ырас, бул мени алдын ала жаманатты кылып, абийримди айрандай төгүп туруп анан келип атпайбы. Эми менин дүкөнчүм мага карыз бергенден баш тартып коюшу мүмкүн. Бирок баарынан жаманы, байкуш бала өзүнөн колдон суурулган шылуун журналист менен элдин баарын сызга отургузган шумпай чыкмайынча бул жолунан тайчудай эмес.

— Бирок муну туура жолго салганга сиздин убактыңыз бар да, — деди Бриссенден каршы чыгып. — Кап, эмнеге мага муну жок дегенде бир эле чаап алганга берген жоксуз. Бул жакшы ишке мен да катышып калайын дедим эле да.

— Экөөңөрдү тең түрмөгө олтургузат! — деди бышактаган шордуу бала. — Айбандар!

-Бети эң эле калың неме экен, — деди Мартин башын чайкап, — колумду жөн жерден эле жооруттум окшойт. Бул жаш жигитти тарбиялап болбойт. Мына көрөсүз, андан сөзсүз биринчи даражадагы журналист чыгат. Анткени мында уят-сыйыт деген түк жок! Ушунун өзү эле ага өйдөлөп кеткенге жардам берчүдөй.

Ал ортодо жаш кабарчы алды-артын карабай урган бойдон эшикти көздөй дыр койду да, дагы эле колундагы бөтөлкөнү салмактап турган Бриссендендин жанынан зуу өтүп, сыртка чыга качты.

Эртеси күнү Мартин өзү жөнүндө гезиттен бир топ жаңы, кызыктарды билди. Көрсө ал: «Ооба, биз коомдун душмандарыбыз, — деп айтыптыр кабарчыга берген маегинде, — бирок анархист эмеспиз! Биз — социалисттербиз!». Кабарчы ага бул эки окуунун ортосунда анчалык деле айырма жок экенин белгилесе, ал «жок болсо, жок да» деп унчукпай макул боло ийин куушуруп койгон имиш. Окуган сайын Мартиндин өңү-башы бузулуп, иреңи кумсарып баратты. Муштумдары өзүнөн өзү бекем түйүлүп, көздөрүнөн керек болсо кимдир бирөөнүн канын ичип жиберер жаалдын оту жылтырап күйүп чыкты.

Гезитти андан ары окуса, көрсө Мартин күн сайын кечинде Сити-холл-багында жумушчулардын жыйналыштарында чыгып сүйлөп, ал жердеги адамдардын акыл-эсин ууландырып жатышкан бардык анархисттер менен үгүтчүлөрдүн арасынан абдан таанымал болуп калган экен, анткени анын сүйлөгөндөрү абдан революциячыл имиш. Жанагы көтөнгө жеп качып кеткен жубарымбек кабарчы ушинтип урдуруп салыптыр. Алтургай, анын жашаган бөлмөсүн да келиштире сүрөттөптүр, тамак бышырган кересин мешин, буту мыйрыйган жалгыз үстөлүн да сонун кылып кошуп коюптур. Анан ага кошо кебетеси жыйырма жыл түрмөдө жатып жаңы эле бошонуп чыккандай суук, ырайы арбактай көрүнгөн селсаяк досу бар экен деп Бриссенденди да келиштире сүрөттөп, көркөмдөп жазып салыптыр.

Айтор, жаш кабарчы абдан бышык экенин көрсөтүптүр. Жадагалса Мартин Идендин өмүр баянынан өйдө шимшилеп сураштырып, алтургай, мистер Хиггинботамдын дүкөнчүсүнүн жана анын эшигинин жанында турган мистер Хиггинботамдын өзүнүн да сүрөтүн кайдан-жайдан чукуп таап чыгыптыр. Макалада Хиггинботам кадыр барктуу, акыл –эс менен ой жүгүрткөн коммерсант катары көрсөтүлүптүр. Ал кайниси Мартин Идендин социалисттик көз карашын жактырмак тургай, аны менен болгон туугандык байланышынан таза кол жууган адам катары баяндалыптыр. Анын сөзү боюнча Мартин Иден жеткен жалкоо жана бекерпоз, канчалаган пайдалуу сунуштардан баш тарткан, иштейин деген оюнда да жок, демек, акыры барар жери түрмө болорун абдан баса айтыптыр. Кабарчыга бул да аз көрүнсө керек, Мартинге күйөө бала болмуш Герман фон Шмидт менен да маек куруп ийиптир. Ал Мартинди «бир үйдөн чыккан кумалак» деп атап, аны менен таптакыр катышы жок экенин бежирептир. «Ал мени пайдаланып калайын деди эле, бирок ал арам оюн ишке ашырууга мен жол берген жокмун, — дептир Герман фон Шмидт кошумчалап, — Мен аны бул жерге экинчи жолу келгис кылгам, анткени андай акмактан мен эч качан жакшылык күтпөйм!»

Эми Мартиндин чындап ачуусу келди. Бриссенден болсо мунун баарына кызык оюн көрүбаткандай эле мамиле кылды, бирок Мартинди соорото албады. Мартиндин корккону мунун баарын Руфка түшүндүрүү кыйын эле, анүстүнө Руфтун атасы карандай калпты шылтоолоп, экөөнүн ортосундагы никелик макулдашууну бузуп да салышы мүмкүн. Мартинди сар-санаага батырган бул божомол так ойлогондой ордунан чыкты. Эртеси күнү ага почточу Руфтан келген катты жеткирди. Бир жамандык болорун жүрөгү сезген Мартин бир кырсыктын боло тургандыгын сезе коюп, ачылган каалганын жанында турган бойдон конвертти ачты да, катты окуп кирди.

Окуп жатып Мартин көнүмүш адаты менен чөнтөгүн сыйпалап, тамеки издеп калды. Мурда жанынан тамеки менен орочу кагаз түшчү эмес. Ал чөнтөгү бош болсо да колун сала эмне издеп атканына өзү да маани бербеди.

Кат абдан токтоо жазылыптыр. Кыз кыжырланбаса деле каттын башынан аягына дейре таарынычы менен көңүлү калганын айтыптыр. Ал кыздын үмүтүн актабаганын жазыптыр. Эгерде Мартин аны чын дилинен сүйсө, анда эчак эле өзүнүн кылык-жоругун оңдоп, аны менен татыктуу турмуш курууга умтулмактыгын айтып таарыныптыр Руфь. Эми атасы менен энеси алардын никелик келишимин жокко чыгарууну талап кылып атышыптыр. Андыктан алардын пикирин туура эмес деп айтканга эч бир негиз таппаптыр. Экөөнүн мамилесинен эч нерсе чыкпасын айтыптыр. Анткени мунун баары башынан ката иш болгон экен. Катта бир доомат бар болчу, баарынан да ачуу сезилгени ошол болду.

«Эгерде сиз баягыда эле бир жерге кирип иштеп кеткенде, же иши кылса жашоодон орун тапканга умтулганыңызда кана! — деп жазыптыр Руфь. — Бирок мындай болбоду. Сиз мурда өтө эле ыплас, башаламан, ээн-эркин жашап келгенсиз. Бул үчүн мен сизди тилдегим келбейт. Сиз өз мүнөзүңүзгө, анан мурдагы адаттарыңызга ылайык иш туттуңуз. Мен сизди урушуп жаткан жокмун Мартин, түшүнүңүз. Апам менен атам туура айтышкан экен: биз бири-бирибизге тең эмеспиз, кудай жалгап муну эртерек билгенибизге кубануу гана керек… Эми мындан ары мени менен көрүшөм деп аракет кылбаңыз, — деп аяктаптыр катын Руфь, — эгер биз жолукчу болсок бири-бирибизге, анан менин апама абдан оор болот. Мен ансыз деле апамды көп капа кылдым, эми айыбымды жакын арада жууй аламбы жокпу, билбейм!».

Мартин катты бир нече жолу кунт коё окуп чыкты. Анан отуруп жооп жазды. Ал катында социалисттик митингде эмне кеп болгонун төкпөй чачпай жазды, уяты жок ушакчы гезит анын айткандарын башынан аяк бурмалап, теңирден тескери жарыялап жибергенин айтып, гезиттин да бетин ачты. Каттын соңунда өзүнүн чексиз берилген, жалыны суубас махабаты туурасында дагы бир ирет айтып өттү. «Абдан суранарым, сөзсүз жооп берсеңиз экен, — деп жазды ал, — болгону бир гана нерсени айтыңыз — мени сүйөсүзбү же жокпу? Эң башкысы мага ушул гана».

Арадан бир-эки күн өттү, бирок жооп болбоду. «Кечиккен» баягы эле ачылган бойдон жатты, ал эми кайтарылган кол жазмалардын дөбөсү болсо өскөндөн өсө берди. Өмүрүндө биринчи ирет Мартин кирпик какпай таң атырган күн ушул болду. Чыдай албай Морздордукуна үч жолу чуркап келди, бирок үч жолу тең киралбай, эшик кайтарган малайдан кагуу жеп артка кайтты. Бриссенден сыркоолоп төшөктө жаткан эле, утуру барып аманчылыгын сурап турду, бирок ичиндеги арманын айтып, аны да сар-санаага салганды эп көрбөдү.

Мартиндин кайгысы өзүнө жетишерлик эле. Кабарчынын карасанатай кылык-жоруктарынын кесепети Мартин күткөндөн алда канча ашып түштү. Португал дүкөнчү ага карыз бергенин дароо токтотту, ал эми жашылча саткан америкалык болсо, буркан-шаркан түшүп Мартинди элдин душманысың, саткынсың деп өкүрүп бакырып, карызыңдын да кереги жок, дүкөнүмө экинчи жолу басып келбе деп карыз жазган кагазын тытып ыргытты. Тегеректе жашагандардын баары Мартинди жек көрүп, ага кыжырданганы күндөн-күнгө күчөдү. Эч ким чыккынчы социалист менен мамиле кылганды каалбай калды. Мария байкуш болсо дагы эле Мартинди кыя албаганы менен ичинен коркуп, шеги күчөсө да мурдакы калыбынан жазган жок. Кошуна балакайлар болсо бир кезде Мартинге келген кооз арабага суктанганын унутуп, эми анын карааны көрүнөөрү менен дубалдан баштарын кылтыйтып, артынан «кулиган», «селсаяк» деп кыйкырчу болду. Бир гана ага болушкан Мариянын балдары бекем туруп, балдар менен мушташып, чекелери томпоюп, көздөрү көгөрсө да аны баягыдай эле коргоп жатышты, алардын мындай кебетелерин көргөн сайын Мария эмне кыларын билбей, ичинен кан өтүп кетчү болду.

Бир күнү көчөдөн Мартин эжеси Гертруданы жолуктуруп, андан өзү шекшип боолголоп жүргөндөй кепти укту. Бернард Хиггинботам Мартин деген неме мени үй-бүлөмдүн, элдин көзүнчө маскара кылганын айтып, эми ага сөөкөчтү кас экенин билдириптир! Ага кошо Мартин экинчи жолу босогомду аттабасын дептир.

— Бир жакка кетип калсаңчы, андан көрө Мартин, — суранды Гертруда. — Бир жакка барып, ал жерден бир ишке орношуп алсаң, жакшы болор эле. Анан бул ызы-чуунун аягы суугандан кийин акырын кайра келип каласың да.

Мартин башын чайкап, күңк-мыңк этип тыңгылыктуу эч нерсе айткан жок. Эмне демек? Аны менен бир туугандарынын ортосунда түпсүз ор жатты. Эми азыр ошол ордон секире албай турду. Ницше менен социализмдин айырмасын Гертрудага кантип түшүндүрөт! Бул адамдарга өзүнүн көз караштары менен кылыбаткан ишин түшүндүрүп, баяндап бергенге азыр дүйнөдө сөз таппай турду. Булардын баары биригип бир гана кепке: бир жерден иш табышың керек дегенге гана такалып турду. Алардын болгон айткан сөзү да, түшүнүгү да ушул эле. Бир иш тап! Бир жерге орнош! «Байкуш, маңыроо кулдар, — деп ойлоду Мартин Гертруданын сөзүн угуп. — Бүт дүйнөнү ээлеп алган алдууларга таң калып деле кереги жок! Кулдарды алардын өзүлөрүнүн кулдук ойлору түбүнө жетет. «Кызмат» деген сөз алар үчүн дайыма кастарлап, баштарын ийген ыйык тумар боло турган.

Бир нече күндөн кийин акчасы түгөнүп, кастүмүн дагы күрөөгө коёрун билип турса да Гертруданын берген акчасын албай койду Мартин.

-Бернардга сен эми келбей эле кое тур, — деди бир тууганына жаны күйгөн Гертруда жалынгандай. — Бир-эки ай өткөндөн кийин ачуусу тарап калат, мына ошол кезде акырын келип, алтургай, кабыл кылсаң арабакечиң болоюн десең жок дебес. Мага жолуккуң келсе, бирөөдөн акырын айттырып жибер, мен дайыма эле үйдө болом. Макулбу?

Ушуну айтты да көз жашын көлдөткөн Гертруда жолуна түшүп кете берди. Эжесинин оор, илкип баскан кадамын артынан карап туруп, Мартиндин жүрөгү аянычтан кысыла түштү. Ушинтип так эжесин узата карап турган кезде күтүлбөгөн жерден өзү ишенген ницшеандык окуунун имараты түбүнөн солкулдап, кулап кирди. Козгө көрүнбөгөн кулчулук туурасында ой калчаган жакшы эле, бирок аны өзүңдүн жакындарына колдонуу оңой эмес эле. Эгерде алдуулар алсыздарды эзип турган анык мисалды көргүсү келсе, анда ага Гертрудадан артык мисалды кайдан табасың. Мартин мындай карама-каршылыкка күлүп да жиберди. Сезимталдыкка алдырып, чыныгы турмуш менен адеп кездешкенде эле өзүнүн көз караштарына олку-солку боло баштаса, анда анын эмнеси ницшеанчыл; баса, ушул мүнөттө анын өзүнүн кулдук моралы байкалып турган жокпу, тигинтип эжесине боор ачыганы анын анык кулдук сезими эмеспи? Чыныгы күчтүү адам деген боорукерлик менен аёо деген сезимден өйдө турууга тийиш. Анткени мындай сезим жер төлөлөрдө жаралып, чабалдар менен шордуулардын өлүм алдындагы акыркы жан далбасасы боло турган.

ХL ГЛАВА

«Кечиккендин» үстүндөгү иш такыр жылбай калды. Мартиндин редакциядан кайтып келген кол жазмалары үстөлдүн астында баягыдай эле үйүлүп жатты. Бирок дагы эле саякаттап жүргөн бир гана кол жазма бар эле, ал Бриссендендин «Эфемеридасы» болчу. Мартиндин велесепти менен кара костюму кайрадан күрөөгө кетти, ал эми тергич машинкенин ижара акысын төлөө мөөнөтү демейдегидей дагы узартылды. Бирок бул Мартинди кенедей да кабатырга салган жок. Ал өзүнүн тагдырдын башка салганына кайыл болуп, багынбаска чарасы калган жок, ошондой болсо да эптеп кылдыраган турмушу өз агымы менен жай агыла берди.

Бир нече жумадан кийин Мартин эчак күткөн окуя болду. Ал Руфь менен көчөдөн кезигишип калды. Ал өзү жалгыз эмес, иниси Норман менен чогуу экен, экөө тең Мартинди көрмөксөн боло, өтүп кете беришмек болду эле, кыжыры кайнай түшкөн Мартин түз эле басып келип, бир сөз айтмакчы болгондо Норман анын жолун тороп, жакындатпаганга аракет кылды.

— Эгерде сиз чатак салып, эжеме тийише турган болсоңуз, азыр эле полицияны чакырып салып берем, эжем сиз менен сүйлөшкүсү келбейт, сиздин жабышып атканыңыз эжеме акаарат келтирет.

— Мейли, — деди Мартин, — чакыр полицияны. Анда жогеле дегенде силердин да фамилияңар гезитке чыгат! Андан көрө, сыйың менен мындай тур. Мен Руфь менен сүйлөшмөкчүмүн.

— Мен иниңиз айткан азыркы сөздү сиздин оозуңуздан уккум келет, — деди ал Руфка тике бурулуп. Руфтун өңү-түсү кубарып, калтырай түштү да, токтоло калып, Мартинге суроолуу карап калды.

— Каттагы сизге берген суроомо жооп бериңиз, — деди Мартин.

Норман тынчсыздана түшүп, кандайдыр бир аракет жасамакчы болду эле, бирок Мартиндин жутуп салчудай жекире карап кайра жоошутуп койду.

Руфь башын чайкады.

— Сиз өз эркиңиз менен жасадыңызбы бул ишти? — деп Мартин кайталап сурады.

— Ооба, — деди ал жай гана, бирок ишеничтүү, — өз эрким менен эле жасадым. Сиз мени шерменде кылдыңыз, элдин жүзүн карай албай калдым. Тааныштарымдын баары мени кеп кылып жатышат. Менин сизге айтарым ушул. Сиз мени бактысыз кылдыңыз, эми сизди көрөйүн деген көзүм жок.

— Баягы эле ушактар! Гезиттин калпы! Мындай нерселер чыныгы сүйүүдөн күчтүү боло албайт! Демек сиз мени эч качан сүйгөн эмессиз!

Руфтун кубарган өңү жүзү күтүлбөгөн жерден кыпкызыл болуп чыкты.

— Баары бүтүп, боёсу кангандан кийинби? — деди Руфь, — Мартин, эмне деп атканыңызды өзүңүз билесизби! Сиз мени ким деп ойлоп атасыз?

— Сиз менен сүйлөшкүсү келбей жатканын түшүндүңүзбү эми?!— деп Норман кыйкырып жиберди да эжесин колтуктан алып жөнөдү.

Мартин алардын артынан карап туруп, эрксизден чөнтөгүнө колун салды да, жок тамекиси менен орочу кагазын издеп, турган жеринде кала берди.

Түндүк Оклендге чейин бир топ эле, бирок Мартин бул жолду кантип басып өткөнүн билбей калды. Ойлору менен болуп атып, кантип жеткени эсинде жок, келери менен кулап түшкөн, бир маалда тура калса эле, керебетинде отурган экен. Тушүнөн чочугандай эки жагын абдырай карады. Үстөлдүн үстүндө жаткан «Кечиккенге» көзү түштү да, үстөлдү өзүнө жакын жылдырып алып, жазууга киришти. Мартин дайыма баштаган ишин аягына чейин жеткиргенге умтулчу. Азыр болсо бет алдында али бүтпөгөн чыгарма жаткан эле. Ал башка жумушка алаксып кетип, чыгармасын кийинкиге калтырып койгон эле. Ал ишин бүтүргөндөн кийин эми кайра «Кечиккенге» кайтып, аны аягына чыгарыш керек болуп турду. Муну го бүтүрөт, андан ары эмне менен алектенерин Мартин билбейт. Ал бир гана нерсени — өзүнүн жашоосунда кандайдыр бир бурулуш болгонун түшүнүп турду. Ал азыр бир абзац менен жазып атканын бүтүрөт да, аны бир сыйра окуп чыгып, чекит коет, ошону менен бүттү. Эч кандай келечек аны эми кызыктырбай турду. Муну убагы келгенде көрө жатаар. Айтор, жашоосу аңылдап, баары жоктун баарына кайдыгер болду да калды!

Мартин беш күн бою тынбай «Кечиккендин» үстүндө иштеп, эч жакка чыккан да, эч кимди көргөн да жок, тамак ичүү дегенди да дээрлик унутту. Алтынчы күн дегенде эртең менен почточу ага «Парфеон» басмаканасынан ээсинен кат жеткирип келди. Конвертти ачып катты окуп караса, «Эфемериданын» кабыл алынганы кабарланган экен.

«Биз поэманы мистер Картрайту Брюска окуп чыгууга берген элек, — деп жазыптыр басмакер, — ал поэманы окуп чыгып, абдан жогору баа берген соң, биз поэманы жан –дилибиз менен журналыбызга басууну чечтик. Поэма август айындагы санга басылмакчы. Анткени июлдун саны терилип бүтүп калган эле. Мистер Бриссенденге биздин урматыбызды жана ыраазычылыгыбызды билдирип коюуңузду өтүнөбүз. Анын сүрөтү менен өмүр баяны керек, мүмкүнчүлүк болсо, тезирек салып жиберсеңиз. Эгерде биз сунуш кылган калем акы аздык кыла турган болсо, анда тартынбай эле өзүңүздөрдү канааттандыра турган сумманы телеграф аркылуу билдирип койсоңуздар болот»…

Сунуш кылган калем акы үч жүз элүү доллар болгондуктан, Мартин телеграф урбай эле коюуну чечти. Эми Бриссендендин гана макулдугун алышы керек эле. Мартиндин ою туура болуп чыкты. Көрсө, чыныгы поэзия жөнүндө түшүнүгү бар редактор болот экен да. Мындай мыкты калем акы «Эфемерида» үчүн арзырлык эле. Мартин Бриссендендин Картрайт Брюс адабий сынчылардын арасынан көзгө көрүнгөн мыкты сынчы деп айтканын көп уккан.

Мартин үйдөн чыгып, трамвайга олтурду да терезеден зыпылдап учкан үйлөр менен көчө кесилиштерин карап отуруп, азыр аны досунун да, өзүнүн да ийгиликтери эч бир көңүл жубатпай калганын ойлоп кейип баратты. Поэманы Кошмо Штаттардын эң көрүнүктүү делинген сынчысы татыктуу баалабадыбы, демек, Мартиндин бир кездеги искусствонун чыныгы чыгармасы акыры барып басмага өз жолун табат дегени туптуура чыкты. Бирок Мартинде баягыдай дем да, шыктануу да жок эле, болгону Бриссенденге жолугуп, бул кубанычтуу кабарды ага угузууну гана көбүрөөк эңсеп турду ушу тапта. Беш күн бою «Кечиккен» менен алпурушуп атып, бир жолу да Бриссенден жөнүндө ойлоп же андан кабар албаганын эстеди. Мартин өмүрүндө биринчи жолу мындай дендароо абалга кабылганын сезип, мунусу үчүн өзүн досунун алдында ыңгайсыз да сезип кетти. Бирок уялганы менен көңүлү абдан эле чөгүңкү эле. Аны бир гана «Кечиккендин» үстүндө иштеген чыгармачылыктын кубанычынан башка көңүл жубатар эч нерсеси калган жок болчу. Башканын баарына кайдыгер эле.

Мартин өз эркине өзү ээ боло албай калгандай абалда эле. Трамвай өтүп бара жаткан уу-дуу түшкөн көчөлөр ага кандайдыр бир алыстан көрүнгөн караандар сыяктуу болуп көрүнүп жатты, ушу тапта көз алдында чиркөөнүн коңгуроосу кулап түшүп, чачырап кетсе да ага таң калбас эле.

Мейманканага кирип келип түз эле Бриссендендин бөлмөсүнө жетти таң кала токтоп туруп калды. Бөлмө ичи аңгырап, бош турган экен. Буюмдардын баарын сыртка чыгарып салышыптыр.

— Мистер Бриссенден чыгып кетти беле? — деп сурады Мартин эшик кайтаргандан швейцардан. — Дарегин таштаган жокпу?

— Сиз эч нерсе уккан жок белеңиз? — деди тиги.

Мартин башын чайкады.

— Гезиттердин баарында эле жазылды го. Аны керебетинде өлүп жаткан жеринен табышыптыр… Ал тапанча менен өзүн өзү башка атып өлтүрүптүр дейт!

— Аны көөмп коюштубу?

Бул суроону Мартинге өзү эмес, башка бир чоочун киши бергендей болду.

— Жок, тергөө бүткөндөн кийин эле сөөгүн чыгарып беришкен. Бул ишти анын туугандары адвокат апкелип бүтүрдү дешет.

— Эмнеге мынчалык шашылыш? — деди Мартин түшүп.

— Кантип шашылыш болот? Бул иш мындан беш күн мурда болгон!

— Беш күн мурда?

— Ооба .

— А! —дегенден башка Мартин эч нерсе айта албады, шарт бурула мейманканадан чыгып кетти.

Жолдо келе жатып телеграфтан «Парфеон» басмаканасынын ээсине поэманы баса берсеңиз болот деген кабар жөнөттү. Телеграмманы акчасын кийин төлөгүдөй карызга жөнөттү, анткени чөнтөгүндө болгону жолго деген беш цент гана тыйыны калган.

Үйүнө кайтып келери менен эле Мартин кайрадан ишке киришти. Күн артынан күн, түн артынан түн өтүп жатты, Мартин түк козголуп койбой, отурган калыбында баш көтөрбөй жаза берди. Чыкса ломбардка гана чыкты, эптеп бирдеме жасап жей коюп, болбосо жазганын уланта берди. Бул повестти мурда эле баштан-аяк ийне-жибине чейин ойлонуп койсо да, бирок жазып атып негизги окуя башталганга чейинки бөлүгүн башкача кылып жазмак болду, бул болсо повесттин көлөмүн жыйырма миң сөзгө көбөйттү. Чынында повестти мынчалык шөкөттөштүн деле керги жок болучу, бирок Мартин башкача иштей алмак эмес. Ал өзүн өзү унутуп коюп, үстөлгө тимеле бирөө байлап койгонсуп жан үрөй иштеп атты, адамдын арбагы өзүнө тааныш жерлерди кыдырып жүргөн сыяктуу, ал да оюнда өзүнүн алгачкы чыгармачылык мезгилдерине кайтып барып атты. Кимдир бирөөнүн арбак — бул өлгөн адамдын жаны, бирок ал аны өзү сезбейт деп айтканын эстеди. Мен да ошондой болуп аткан жокмунбу деп ойлоп кеткен Мартин ал оюнан чочуп да кетти.

Ошентип алпурушуп атып акыры «Кечиккен» да жазылып бүткөн күн да келип жетти. Тергич машинкелерди саткан дүкөндүн агенти да так ошо күнү Мартинге келип, ал жазып бүткөнчө керебетинде күтүп олтура берди. Мартин машинкени чыкылдатып, «бүттү» деген сөздү жазды, бул чын эле анын ишинин аягы эле. Агент унчукпай машинкени акырын колтуктап көтөрүп кеткенин карап туруп ичинен өх деди Мартин. Анан керебетине кулады. Анткени ачкачылык шайын оодарып салган эле. Ойлосо тамак ичпегенине отуз алты саат болгон экен, тамак деген оюна да келбептир. Керебетте сулк жатты, аң-сезими туман баскандай бүдөмүк абалда эле. Уйку-соонун ортосунда жатып, Бриссенден өзүнө көп жолу окуп берген кайсы бир акындын ыр саптарын булдуруктап атты. Анын күңгүрөнгөнүн эшиктин сыртынан тыңшаган Мария кабатырга батты. Ал Мартин булдуруктап аткан сөздөрдүн маанисине деле жеткен жок, аны коркутканы Мартиндин өзү менен өзү сүйлөшүп атканы болду.

Жогол лира!

Ырдап бүттүм ырымды!

Ырым чыгат кайгы менен

Күчөттүрүп муңумду.

Кетти алыска ырларым,

Жогол лира!

Ырдап бүттүм ырымды!

Жалгыз туруп кээде ыргай жанында,

Кээде сонун, жашыл токой багында.

Жалындаган, жаштык кайрат чагымда…

Азыр мына, ырдаар менин алым жок,

Кайгы мени кадамдатпай муунтат.

Көрдү көздөй унчукпастан баратам!

Жогол лира!

Ырдап бүттүм ырымды!..

Мария андан ары чыдап тура алган жок, мешке чуркап жетип, бир табак сорпого эт менен жашылчадан майдалап туурады да Мартинге чапты. Мартин чыканактап таянып, Мариянын сорпосун ичип кирди. Өзүнүн жөөлүбөй эле соп-соо экенин айтып да жатты. Мария кеткен соң Мартин керебетине отурду да бир топко чейин эч бир максатсыз бир чекитти теше тиктеген бойдон отура берди. Күтүлбөгөн жерден көзүнө эртең мененки почточу алын келген журналдын саны уруна түштү! Бул «Парфеон» деп ойлоду ал, августтук саны болсо керек, мында «Эфемерида» басылмак эмес беле. Түй ата, Бриссенден тирүү болгондо эмне!

Ал журналды барактап көрүп, күтүлбөгөн жерден башка чапкандай катып калды. «Эфемерида» кооз тамгалар менен терилип, беттин талаалары Бердслинин стилиндеги сүрөттөр менен көркөмдөлүптүр, бир жагына Бриссендендин, бир жагына британ элчиси сэр Жон Вэльюнун сүрөтүн коюшуптур. Редакциянын кириш сөзүндө сэр Жон Вэльюнун жакында эле Америкада акын жок деп айтканы келтирилиптир. «Парфеон» журналы болсо иретинде «Эфемериданы» жарыялап: «Мына, алыңыз урматтуу сэр Жон Вэлью!» деп ага жооп берип тургандай. Американын улуу сынчысы катары Картрайт Брюстун да сүрөтү басылыптыр, анын «Эфемерида» жөнүндө айткан: «Бизде «Эфемеридадай» чыгарма ушул күнгө чейин болгон эмес» деген сөздөрү келтирилиптир. Баш сөз:

«Биз али «Эфемериданын» болгон көркөмдүгүн баалап биле элекпиз, балким, аны эч качан баалай албастырбыз, Бирок поэманы окуган сайын мистер Бриссендендин сөз байлыгынын ченемсиз чексиздигине айран-таң калып, өзүбүзгө-өзүбүз мистер Бриссенден мынчалык укмуш сөз байлыгын кайдан алган, аларды кантип чеберчилик менен кынап, жуурулуштурганга жетишти экен деген соболду далай берербиз» деп аяктаптыр. Андан кийин поэма жарыяланыптыр.

«Өлгөнүң жакшы болгон турбайбы, байкуш Брис!» -деп ойлоду журнал колунан жерге түшкөн Мартин.

Мунун баары адамдын жүрөгүн айланткыдай жеткен бетпактык болгону менен бирок Мартин муну чындап сезе албады. Ачууланганга да шайы келген жок. Башы маң болуп гана отуруп калды. Денесинде чуркап турган каны токтоп калгансып, кыжыры кайнагысы да, буркан-шаркан түшкүсү да келбеди. Бирок мунун эмнеси бар? Мунун баары Бриссенден өлөөрчө менен жек көргөн буржуазия коомунун адаттарына төп келишип турбайбы.

— Байкуш Брис! — дагы бир жолу күңкүлдөдү Мартин, — Ал муну мага өмүрү кечирмек эмес!

Ал араңдан зорго ордунан козголуп, машинкенин кагаздары салынган ящикти бери жылдырды. Аны аңтарып атып, досунун калтырып кеткен он бир ырын тапты. Баарын шашпай майдалап тытып туруп, челекке ыргытты да, супсууну сууган бойдон кайра керебетине келип отуруп, мейкиндикке көз чаптыра тиктеп калды.

Ошол бойдон канча отурганын билген жок; акыры көз алдына туман чүмкөгөн алыстыктан ачык, узун ак тилке көрүнө баштады. Бул таң каларлык көрүнүш эле. Бирок жакшылап тигиле караган Мартин бул ак тилкенин Тынч океандын акактуу аскаларынын бирине урунуп турган ак толкундун сызыгы экенин көрдү. Андан ары Мартин ак толкундун калкыган көбүгү арасынан эски кичинекей кайыкты көрүп калды. Кайыктын тумшук жагында бел кырчоодон кочкул кызыл кездемеден белбоо курчанып алган кара тору жаш жигит жез кудайдай койкоюп отуруп алып, күнгө чагылышкан калагын улам толкунга матыра шилеп келатыры. Мартин аны тааный койду. Бул жергиликтүү уруунун башчысы Таминин кенже уулу Моти деген боло турган, демек, бул окуя Таитинин жээктеринде болуп жаткан окшойт, так ушул жерде акактуу аскалардын ары жагында Папара деген керемет өлкө боло турган, мына ошол өлкөнүн чоң дайрасынын куймасына жакын жерде колбашчынын камыштан жасалган алачыгы бар эле.

Кеч кирип, Моти балык улоодон кайтып келе жаткан экен. Ал кайыгын акактуу аскалардын ары жагына айдап барчу чоң толкунду күттү. Мартин да өзүн ошол кайыкта отургандай, эбегейсиз зор жашыл толкун жапырылып келери менен калакты жан талаштырып шилтегенге Мотинин белги берерин күтүп жаткандай сезип кетти. Кийинки көз ирмемде ал баарын сырттап карап отурган көрарманга айланды, бирок дагы эле кайыкта отуруп алып Мотинин айкырыгынын астында калакты алынын келишинче шилеп баратты. Алар суунун бүркүндөрү чачыраган күрүлдөгү менен шарылдагын жиреп өтүп, бир маалда мемиреген тыптынч булуңга чыга келишти. Моти күлүп, туздуу суу кирип кеткен көздөрүн аарчып жатты, кайык болсо жай гана Таминин батып бараткан күнгө чагылышкан алтын түспөл алачыгы турган акак таштуу жээкти көздөй сыйгаланып бара жатты.

Бирок күтүлбөгөн жерден бул көрүнүш тумандана түшүп, көз алдына кайрадан өзүнүн чачылган тар бөлмөсү тартыла түштү. Таитини дагы бир көрсөм деген куштарлыгынан майнап чыккан жок. Ал так азыр пальма бактын ичинде ырлар жаңырып, кыздар болсо айдын жарыгында бийлеп жатканын билчү. Бирок канчалык чымырканбасын, көзү үстүндө кагаздар чачылып жаткан үстөл менен көптөн бери жуулбаган кир терезеден башка эч нерсени көрө албады. Ал кыңкыстап онтоп жиберди да, көзүн жуумп, оор уйкуга кетти.

XLI ГЛАВА

Мартин түнү бою башка чапкандай уктады, аны эртең менен почточунун эшикти каккылаганы ойготту. Мартин конверттерди кайдыгер гана ачып кирди. Алардын биринин ичинде «каракчы» журналдардын бири салып жиберген жыйырма эки долларлык чек бар экен. Бул акчага жетиш үчүн ал бир жарым жыл аракет кылган эле. Эми колго тийген акчаны алыш таптакыр аны кубанткан жок. Мурда ал басмаканын чектерин алган сайын көңүлү шаттанып, төбөсү көккө жете кубанчу, эми анын бири жок. Мурда бул чектер ага келечектеги улуу ийгиликтердин кепилдиги болсо, эми алар бирдеме сатып алып жей турган гана жыйырма эки доллар акча эле. Болгону ушул.

Экинчи чек нью-йорктук бир журналдан келиптир, бул анын тээ мурда эле кабыл алынган тамашалуу ырларынын калем акысы эле. Чек он долларлык экен. Мартиндин башына бир ой келип, аны токтоо териштирип ойлонуп чыкты. Ал мындан ары эмне иш кыларын билбей турду, дегеле бирдеме кылайын деген ою да жок эле. Бирок жашаш керек, карыздардан кутулуу керек эле. Эгерде он доллардын баарына марка сатып алып, үстөлдүн астында дөбөдөй үйүлүп жаткан кол жазмаларды кайрадан саякатка жөнөтсө кандай болор эле, ушул ой туура эмеспи. Мүмкүн жок дегенде бир-экөөнү алып калышат чыгар. Ошентсе жанын багып турганга тыйын болмок да. Мартин так ошондой кылды. Ал окленддик банктан чектерин акчага алмаштырды да баарына марка сатып алды. Бирок өзүнүн кепесине кайра барып, тамак даярдоо жанын чыдаткыс ойдой сезилди. Биринчи жолу ал карыздарын кое турууну эп көрдү. Албетте, он беш, жыйырма центке азык-түлүк сатып алса, үйүнөн бир жупунураак тамак жасап ичмек эле. Бирок ал минтпестен «Форум» кафесине кирип, наркы эки долларга айланган тамакка буйрутма берди. Элүү центти чайпулга жумшап, ошончо эле акчага египеттик папирос сатып алды. Руфь тамекини таштаткандан бери ушул күнгө чейин чылымды оозуна ала элек болчу. Эми тамеки тартуунун жыргалынан баш тартууга эч кандай себеп жок эле, ансыз да тарткысы келип араң турган. Акчаны аяп эмне кереги бар? Ал беш центке кырк ором кагазы менен тамеки алмак, бирок эми мунун кандай мааниси бар? Эми акча Мартинге болгону азыр бирдеме сатып алгандан башкага жарабаган, түк мааниси жок нерсеге айланды. Ал багытын жоготуп, колунан башкарып бараткан ролу чыгып кетти, жетсем деп умтулуп көксөгөн жээги деле болбой калды. Жашоонун агымы менен сүзүп бараткансыганы менен ошол тирүүлүктү сезүүнүн өзү анын жанын ачытып, оорутуп турду.

Кубалашкан окшош, тажатма күндөр биринин артынан бири агылып өтүп жатты, эми Мартин түн сайын сегиз сааттан уктачу болду. Жаңы чектердин келишин күтүп, бир тамагы он центтен турган япондук чакан ресторандардан тамактанып жүрсө да алтургай, толуп да алды. Жүзү толмоч тартып, кенен уктап, кадимкидей өңүнө кире баштады, анткени өзүн баягыдай оор жумуш менен эзип, уйкудан өксүтпөй калды. Кийинки күндөрү эч нерсе жазган жок, окуй турган китептер да тынч гана текчеде эс алып жатышты. Бат-баттан ээндеп шаар четиндеги дөңсөлөргө жалгыз кетип калат, ал жактан бир нече саат бою бак аралап сейилдеп кайта турган.

Анын досу да, таанышы да жок эле, аларды тапканга да каалоосу жок эле. Эмне кереги бар? Мартин өзүнүн токтоп калгандай өмүрүн кайрадан жандандырууга түрткү берчү кандайдыр бир жаңы шыктын пайда болушун күттү, бирок анын качан, кайдан келерин билген жок. Азыр болсо жашоосу ой максаттан куржалак, тажатма, эптеп күн өткөрмөйгө калгандай, болгон маани –маңызын жоготуп турду.

Бир күнү ал чыгынып, «чыныгы адамдар» менен жолугушуу үчүн Сан-Франциского барды. Бирок аяктын босогосуна жетпей эле артына шарт бурулуп, келгиндер башбаанек кылып жашап турган кунарсыз кепелерди аралап, артына кайтты. Азыр философиялык талаш-тартыштарды угам деген оюнан ушунчалык катуу коркуп кетти, алтургай, непадам алдынан «чыныгы адамдардын» бирөө жарымы чыга калып таанып калбаса экен деп чочулаганынан буту бутуна тийбей, зыпылдаган бойдон алды артын карбай качты.

Кээде журнал –гезиттерди барактап, «Эфемерида» жөнүндө эмне деп жазып атышкандарын карап коет. Чын эле поэма болуп көрбөгөндөй чоң ызы-чуу жараткан экен! Жаратканда да кандай дейсиң! Баары эле окуптур, баары эле бул поэзиябы же поэзия эмеспи деген собол беришиптир. Жергиликтүү гезиттер болсо поэма боюнча сандаган илимий макалалар менен мыскылдаган кытмыр эскертмелерге, окурмандардын каттарына толуп кетиптир. Элен Делла Дельмар (сурнай үнү менен барабандардын дүңкүлдөгүнүн астында Кошмо Штаттардын эң улуу акын-айымы деп жарыяланган) өзүнүн Пегастагы (поэзиянын учкул канаттуу ат символу) жанынан Бриссенденге орун бошоткусу келбей, окурман калкка арнап арбын сөздүү узун каттардан улам жазып, Бриссенден деген таптакыр акын эмес деп далилдегенге абдан жан үрөп аткан экен.

«Парфеон» кийинки эле санында өзү көтөргөн ызы-чуунун ийгилигин корстон болуу менен көрүп, сэр Вэльди маскаралап жатты жана ага кошо Бриссендендин өлүмүн да реклама үчүн бетпактык менен ойда пайдаланып аттты. Бир жарым миллион жазылган адамы бар имиш деген бир гезит болсо Элен Делла Дельмардын Бриссенденди келекелеген поэмасын басып чыкты. Аны менен тынчып калбаган акын айым «Эфемеридага» пародия да жазып жиберди.

Мартин досунун ушул күнгө жетпей өтүп кеткенине кайра-кайра кубанып жатты. Ал топураган караламан топту өлөөрчө жек көрчү эле, мына эми ага ыйык болгон асыл нерсе ошол топтун тепсендисинде калып атпайбы. Ал жаратып кеткен сулуулук күн сайын аёосуз сынга алына баштады. Жарыбаган журналист сөрөйлөр Бриссендин улуулугунун жарыгында элдин алдына чыгып дагы бир жолу өзүлөрүн көрсөтүп калганга умтулуп атышты. Бир гезит: “Баланча мырзанын айтымында ал мындан бир нече жыл мурда эле өзү так ушундай поэманы жазып салган экен, жазганда да андан алда канча ашыра жазган экен”, — деп жазып чыкты. Олуттуусунган дагы бир гезит болсо Элен Делла Дельмардын пародиясын сындап чыкты. “Бул пародияны жазган мисс Делла Дельмар кыязы бир улуу акын башка, балким, андан да улуу акынды урматтоого тийиш экенин унутуп койгон окшойт. Мүмкүн, Дельмар айым “Эфемериданын” авторуна жөн эле ичи күйүп суктанып аткандыр, бирок ал бул чыгарманын кооздугун толугу менен түшүнө турган күн келет, ошондо балким ушундай бир чыгарма жаратып калгысы бардыр” деп жазды.

Динаятчылар болсо «Эфемериданы» өзүлөрүнүн үгүт темасы кылып алышты, аларынан чыккан бирөө аны коргомок болгондо бечараны сен динбезерлик кылдың дешип айыптап да жиберишти. Айтор кылымда бир жаралган улуу поэма ошентип мартабалуу жакшылардын жарпын жазганга кызмат өтөп калды. Тамаша ырларды термелеп таап келип тургандар менен карикатуристтер биринен бири озо окурмандарды күлдүргөнгө далбас уруп атышты, алардан кем калышчу фелетонисттер бекен, булар болсо Чарли Френшэм деген неме Арчи Женнингс деген бирөөгө «Эфемериданын» беш эле сабын окуган адамдын кара жаалы козголуп, майыпты да төпөштөп жиберерин, ал эми он сабын окуган неме боюн дайрага уруп жиберерин шыбыраганын айтышып, булар да тапандыгын сынап атышты.

Мартин мунун баарына кайдыгер болду, күлгөн да, тишин кычырата жинденген да жок. Болгону көөдөнүн чексиз кайгы мыжыгып турду. Анын махабаттан жаралган бүт ааламы кыйрап калган соң, басма сөз менен мартабасы улук жакшылардын калжаңдаганы анын итиркейин келтирбей да калган эле. Журналдарга баа берүүгө келгенде Бриссендендин көз карашы абдан туура эле, бирок муну толук түшүнүп билгенге чейин Мартин бир нече жылдарды коротту. Журналдар Бриссендендин күткөндөрүн актамак тургай, андан ашып да түшүштү. Кантмек, баары бүттү ушинтип деди ичинен түнөргөн Мартин. Ал бир кезде жылдыздарга кол сермеди эле, эми болсо минтип саңырсыган сазга кулап түшкөнү.

Анын көз алдына кайрадан алыскы Таитинин ажайып элестери апачык жаркырап тартыла берди! Тигине тептегиз Наумотус, арыраагында чалкайган быдыр тоолуу Маркиз аралдары. Мартин улам өзүн соода шхунасынын палубасында тургандай же аска таштуу Папитэ жээктеп же Нука-Хиванын акак жылтылдаган жээгинен жай жылмышып бараткан кичинекей көзгө комсоо кайыкка отуруп алып, Тойохэде булуңун бойлоп бараткандай сезип жатты, анткени ошол кичинекей, мемиреген булуңда анын урматына уруу башчысы Тамари чочкосун союп, таң-тамаша куруп жибермек, Тамаринин кыздары болсо аны жетине албай тосо чуркашып, колдорундагы гүлүн сунушмак, анан тегеректеп алышып, ырдап бийлеп, гүлчамбарлар менен кооздоп жиберишмек. Тынч океан аны ушинтип тартып, чакырып, азгырып турду, Мартин буга эртедир кечтир акыры баары бир жооп бермегин түшүнүп турат. Азырынча ал илимдин улуу падышачылыгына жасаган узак саякатынан кийин эс алып, агым менен акканын уланта берди.

«Парфеондон» үч жүз элүү долларга чек алган соң Мартин аны тилкат менен Бриссендендин катчысына өткөрүп берди, ага кошо Бриссенденне жүз доллар карыз экени туурасында өзүнүн да тил катын тапшырды.

Эми Мартин мурдагыдай япондук чакан ресторандардан тамактанган мезгил аягына чыгып баратты. Ооматтын дөңгөлөгү ал так күрөштү токтоткон учурда аны көздөй бурулду. Бирок ал абыдан эле кечигип бурулду. Мартин эч бир өрөпкүбөй, толкундабай туруп эле «Милленумдан» келген конвертти ачып, ичинен үч жүз доллардык чекти сууруп чыкты. Бул анын «Укмуштуу окуялары» үчүн салып жиберилген калем акысы болучу. Анын болгон карызы, анын ичинде сүткорго төлөй турган үстөк пайызын кошо эсептегенде, жүз долларга да жеткен жок. Булардын баарынан ошол замат кутулуп, Бриссенденден баягыда алган жүз доллар карызын анын жанагы кишисине жөнөтүп жибергенден кийин деле чөнтөгүндө туура жүз доллар акчасы калды. Өзүнө жакшы, жарашыктуу костюм буйрутма кылды, шаардын эң мыкты деген кафелеринен тамактанчу болду. Жашаганы Мариянын тооктун уясындай болгон кичинекей тар бөлмөсүндө жашай берди, бирок анын жаңы костюму кошуналардын баарына абдан катуу таасир этти дейсиң, эми жанагы жубарымбек балдар да аны селсаяк, ууру деп атагандан ийменип калышты, алтургай, тамдын чатырына чыгып алып же дубалда чабалекейдей кырка тизилип отуруп алышып, артынан урматтоо менен узата карачу болушту.

Мартиндин «Вики-Вики» деген гавайдык аңгемесин «Уоррендин айына чыкчу» журналы эки жүз элүү долларга сатып алды. «Түндүк баян» болсо «Сулуулуктун бешигин» басып чыгарды, дагы бир журнал анын баягыда карындашы Мэриенге арнап жазган «Төлгөчү аял» деген ырын кабыл алды. Басмакерлер менен окурмандар жайкы дем алыштан кайтып келишкен соң кол жазмалары биринин артынан бири зуулдап өтө баштады. Эки жылдан бери эч ким алгысы келбеген бул чыгармалары эми эмнегедир күргүштөп, колдон жула талашка түшкөнүн таптакыр түшүнө албай Мартиндин башы маң. Ушул кезге дейре бир да чыгармасы жарыкка чыга элек болчу. Анын ысмы мурдагыдай эле Окленддин чегинен ары чыккан эмес эле, аны билебиз дешкен анча-мынча оклендиктерге ал учуна чыккан кыпкызыл социалист катары гана таанымал болчу. Ошондуктан капылеттен болуп кеткен бул чукул өзгөрүштүн себебин эч нерсе менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес эле. Бул оомал-төкмөл тагдырдын гана тамашасындай эле.

Бир нече журналдар катары менен «Күндүн осолдугун» четке каккандан соң Мартин Бриссенден досунун айткан кеңешин эске алын, муну китеп басып чыгарган басмаканалардын бирине сунуш кылып көрүүнү чечти. Бир топ ийгиликсиз аракеттерден кийин акыры анын кол жазмасы ири фирмалардын бири — Синглтри, Дарнлей жана КО фирмасы кабыл алып, басып чыгармай болду. Мартиндин аванс акча бересиңерби деген өтүнүчүнө басмакана мындай китептер демейде өзүн актабаарын, басылып чыккан күндө деле миң даанадан ашык сатылар сатылбасы да белгисиз экенин айтып, жооп кат жазып жибериптир. Мартин эсептеп көрсө, китеби бир доллардан сатылган учурда да он беш пайыздан эсептегенде, жүз элүү доллар алат экен. Кандай болгондо да акыбети кайтарын билген соң мындан ары жалаң гана беллетристика жазууну чечти. «Укмуштуу окуя» деген аңгемеси «Күндүн осолдугуна» караганда төрт эсе кыска болсо да, түшкөн кирешеси эки эсе көп болду. Айтор, бир кезде гезиттен окуган жазуучулук калем акы жөнүндөгү маалыматтар анык болуп чыкты. Биринчи даражадагы журналдар чынында эле кол жазма кабыл алынары менен төлөйт тура, төлөгөндө да абдан жакшы төлөшөт экен. «Миллениум» журналы аңгемесинин ар бир сөзүнө эки эмес, төрт центтен төлөп берди. Мындан тышкары журнал эң мыкты деген материалды да сатып алышат экен да, анын чыгармасын деле сатып алды го. Бул ойдон Мартин кейиштүү жылмайып койду.

Ал Синглтри, Дарнлей жана КО го эгерде жүз доллар төлөсө, анда «Күндүн осолдугун» басмакана менчигине сатууга даяр экенин билдирип жазып жиберди. Бирок басмакана мындай тобокелге барганды каалаган жок. Бирок Мартин бул учурда акча жагынан анчалык кысталыш эмес эле, анткени анын акыркы жазган аңгемелеринин баары бир аз саякаттаган соң кабыл алынып, акчалары төлөнүп берилген эле. Мартин алтургай, эсеп да ачып ага бир нече жүз долларын банкка салып да койгон. «Кечиккен» болсо редакцияларды бир аз кыдырып келип, акыры Мередит-Лоуэл басмаканасынан орун тапты. Мартин эжеси Гертрудадан карыз алган беш долларын кайра жүз эсе кылып кайтарам деген убадасын эстеп, басмаканага беш жүз доллар аванс акча салып жиберишин өтүнүп жазып жиберди. Таң калганы, басмакана беш жүз долларлык чекти ошол замат эле жөнөткөнү болду. Мартин чекти беш долларлык алтын тыйындарга алмаштырды да тез арада жолугушат элем деп Гертрудага коңгуроо какты.

Эмне болуп кетти де эси чыкса керек, байкуш эжеси калдаландап күйүгө чуркап жетип келиптир. Оюнун баары эле инисинин башына кандайдыр бир мүшкүл иш түшкөн окшойт дегенде болду, шаша-буша болгон тыйын-тыпырын чогултту да тампалаңдап Мартинге ашыкты. Сөзсүз бир балекет болгон экен деп ойлоп алгандыктан, жетип келери менен Мартиндин мойнунан кучактап ыйлап жиберди да апкелген акчасын төгүп чачып колуна карматып кирди.

— Сага өзүм эле бармакмын, — деди Мартин, — бирок мистер Хиггинботам менен чатакташкым келбеди! Барсам сөзсүз чыр чыкмак!

— Эч нерсе эмес, ал эми чатагын коёт, — деди эжеси эмне балекет болуп кеткенин тезирек билгенге ашыгып, — бирок сен бир жерге тезирээк кызматка орношкун. Бернард адамдардын адал эмгек кылганын жакшы көрөт. Гезиттен жанагы макаланы окуп алып тимеле кутуруп кеткендей болду. Мен анын мынчалык жинденгенин эч качан көргөн эмесмин.

— Менин кызматка киргим келбейт, — деди жылмайган Мартин эжесине, — муну Бернардга да айта бар. Мага эч кандай казматтын кереги жок. Мына сага далил.

Ал Гертруданын этегине ар бири беш долларлык жүз даана алтын тыйындарды шыңгыратып төгүп жиберди.

— Эсиңдеби, баягыда сен мага трамвайга акчам жокто беш доллар бербедиң беле? Мына ошол беш долларың жана ага кошуп анын токсон тогуз бир тууганы.

Ансыз да жүрөгү түшө шашып келген Гертруда эми эмне деерин билбей шашып калды, ичиндеги түпөйүл коркунуч ого бетер күчөдү. Эми анда эч бир шек калган жок. Курган бала анык кырсыкка кабылган экен деди. Тула бою калтырап корккондон алайган көздөрү менен Мартинди карап турат, тызылдатып куйкалап бараткан алтын тыйындарга кол тийгизүүдөн да чочулады.

— Мунун баары сеники! — деди Мартин каткырып.

Гертруда болсо үн чыгара эчкирип ыйлап жиберди.

— Байкуш балам! Байкуш балам куруган экен! — деп ого бетер боздоду.

Адегенде Мартин эмне кыларын билбей, шашып калды. Бирок ошол эле замат эжесинин эмнеге мынчалык күйүп атканын сезе койду да, ага басмакананын катын көрсөттү. Гертруда аны араңдан зорго окуп чыгып, анан көз жашын сүрттү да жүүнү бош сурады:

— Демек, сен бул акчаларды адал жол менен алдыңбы?

— Ананчы! Мен бул акчаны алтургай, утуп да алганым жок, мен аларды иштеп таптым.

Гертруданын көздөрүндө ишеним жылт эте түшүп, катты дагы бир жолу шашпай окуп чыкты. Мартин мынчалык чоң акчага кантип жеткенин Гертрудага араңдан зорго түшүндүрдү. Баарынан кыйыны — акчанын баары эми эжесиники экенин, өзү болсо акчага муктаж эмес экенин түшүндүрүү азап болду.

— Мен бул акчаны сенин атыңа банкка салып коём, — деди Гертруда.

— Жок, эгер алгың келбесе, мен анда мунун баарын Марияга алпарып берем. Ал кантип иштеткенди билет. Андан көрө муну сен алып, өзүңө үй кызматчысын жалдап алсын, эс алсын деп атам. Түшүндүңбү?

-Мен муну Бернардга айтып барайын, — деди Гертруда коштошуп жатып.

Мартиндин кабагы бүркөлүп барып оңолду.

— Мейлиң айтсаң айт, — деди ал, — мүмкүн ал эми мени конокко чакырар.

— Чакырбай анан! Эми менин буга көзүм жетип турат! — деп жиберди эжеси, анан мойнунан бекем кучактап туруп бетинен өөп.

Романдын соңку бөлүгү>>>>>>>

Орусчадан оодарган Бахтияр Шаматов

[1] Нумен — аң-сезимден тышкары жашаган объективдүү дүйнө кубулушунун предметинин тажрыйба менен да, аңдап билүүгө сезим менен да кабыл алууга мүмкүн болбой турган маңызы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.