(Болмуштан)

Хандын ооруганы жылдан ашып кеткен эле. Эч кандай табып анын оорусуна дары таба албады.

Хан башкы вазиринин акылы менен, бүтүн элдеги билгич, акылман табыптарды жыйнап келгиле деп тапшырды.

Кулак угуп, бут жеткен жердеги билгичтердин бардыгын жыйнады да, хан бардыгына бир гана суроо берди:

— Бул оорунун дарысы барбы?

Акылман билгичтер бир кишидей гана:

— Бул оорунун дарысы жок, — деп жооп беришти.

Хан каарына алды да, булардын ичинен кырк бир кишини иргеп алып:

— Оорунун аягы эмне менен бүтөт? — деди.

Буга эч ким жооп бере алган жок.

— Буга жооп таппасаңар, дарынын атын билбесеңер, баарыңардын башыңарды аламын, — деди хан.

Билгичтер үч күнгө мөөнөт сурашты, өздөрүнчө кеңешип жооп бермек болушту. Хан аларды сарайынын бир жагына киргизип бактырды да, сыртынан кароол коюп койду…

Билгичтердин бири:

— Кана, билгичтер! Хандын оорусу эмне менен бүтөт, дарысынын аты эмне? — деди. Эч ким эчтеме дей албады. Бир далайдан кийин жупуну кийинген кара жигит:

— Хандын оорусунун аягы өлүм менен бүтөт. Дарынын аты жок,— деди. Бардыгы бир ооздон анын сөзүн кайталап:

— Хандын оорусунун аягы өлүм менен бүтөт, дарынын аты жок, — деп чуулдашты.

— Бул жооп менен кутулууга болбойт. Бул жооп менен мурункудан көрө бизди тезирээк өлтүрөт. Андан көрө акылдуу жооп таап, башты куткаруу керек, — деди бирөө.

Алар канчалык ойлонушса да, акылдуу жооп таба алышпады. Үч күндүк мөөнөт да бүттү.

— Эми бизди чакырат. Каардуу хандын колу менен айыпсыз өмүрдөн айрылдык. Эми өлүм алдында арманыбызды айтышып калалык. Кимдин эмне арманы бар? — деди бирөө.

— Менин тили жаңы чыккан балам бар эле. Ошонун таттуу тилине кумарым канбай кетти. Бир күн, бир түн сүйлөтүп моокумду кандырсам, арманым болбос эле, — деди биринчи киши.

— Мен дүйнөдөн бир эле түрдүү адам көрдүм. Анын бардыгы жакшы, же бардыгы жаман. Кандай акылсыз киши болсо да, акылы айга жеткен кишиден кемчилик табат. Кандай акылсыз киши деп баалаган кишилерден акылдуу жакшылыктар табылат. Кемчилик жок, кемчиликтен башка эчтемеси жок кишини көрүүгө ашыкмын. Андай кишилер жаралабы, жокпу? — деди экинчиси.

— Мен жандын кай жерде турганын көргүм келет. Аны билүүгө болобу, же жокпу? — деп үчүнчү киши унчукпай калды.

Төртүнчү киши башын көтөрүп:

— Мен дүйнөдө эмне күлүк, ошону билгим келет. Муну билбей өлгөнүм үчүн арманым чоң, —деди.

— Таксыр, — деди жупунун киши,— бул киши сиздин айыгууңузга каршы болуп чыкты. Ошондуктан бул кишинин байлыгын казанага алыңыз, өзүн зынданга салыңыз. Эгер бактылуу киши табылбаса, айыптуунун бири ушул киши, экинчиси өзүңүздүн башкы вазириңиз болот. Бай малын аяса, вазир күчүн аяса, бактылуу кишини таппай коюуга мүмкүн, — деди.

— Ырас, — деди вазир, бактылуу кишини таппасак, биз айыптуубуз, ушул кишинин өзүн гана жоопко алыңыз. Бактылуу кишини бүгүн эле табамын!—деди…

Акылман киши туруп кулдук урду да:

— Бактылуу кишинин көйнөгүнө айыкпасаңыз: башымды алыңыз, жалгыз баламды кул кылыңыз, аялымды күң кылыңыз, өлүгүмдү карга-кузгунга таштаңыз, жаман алачыгымды өрттөтүп, күлүн сапыртып жибериңиз, — деди.

Хан акылман кишинин тилегинин баарын орундатмакчы болду да, вазирлерин бактылуу кишинин көйнөгүнө жиберди.

Вазирлер өз элин бүт кыдырып, бактылуу кишини таба алышпады. Эчен төө менен бөтөн шаар, башка падышаларга кербен жөнөттү. Бирок бактылуу киши таба албады.

Эң акыры жагында байлардын байына барып:

— Сен бактылуусуңбу? — деп сурады.

— Жок. бактылуу эмесмин. Бактылуу байлар менин байлыгыма жакындап келе жатат. Мен аларга жеткирбеймин деп азаптанып жатам. Менин кемчилигим толуп жатат, — деди.

Андан кийин хандардын ханына барып:

— Сен бактылуусуңбу? — деди.

— Жок. Мен бактылуу эмесмин, элимди чеңгелиме кармаш үчүн эчен айла, эчен күч керек. Ошонун айласын таба албай, жоктон акыл издеп жатам, —деди.

Эң акырында чоң соодагерге келди да:

— Сен бактылуусуңбу? — деди.

— Жок, мен кайдан бактылуу болом? Биримди эки, жүзүмдү миң кыла албай… жаным көзүмө көрүнүп араң жүрөм, — деди.

Вазирдин айласы кетти. Өзүнүн жанынан түңүлө баштады. Арадан жылдар өттү. Хандын оорусу күн санап күчөгөндөн күчөдү.

Вазир бактыны сурабастан, аңдып жүрүп тапмакчы болду. Ашкан байынан тартып, оокат кыла албаган кедейлерге чейин аңдыды.

«Мен бактылуумун» деген сөз укса, ошол кишинин көйнөгүн алмакчы болду. Бирок аны таба албады. Күндөрдүн бир күнүндө, жүрөктөй таштын түбүнөн жүлүндөй түтүн сызылганын көрдү да, вазир ошону аңдый баштады.

Жардын боорунан жылаңач балдар ойноп чыгып, ойноп кирип жатканын көрдү. Кеч кирээри менен ошонун үңкүрүн тыңшады.

— Кагылайын кулундарым… Силер менин бактымсыңар, силер аман болсоңор мөмөлөгөн бакыт ошол. Менден бактылуу ким бар! Силер өссөңөр, бакыт силердин колунарда болот!— деген үндү угаары менен, вазир үңкүргө жүгүрүп кирди да:

— Сен бактылуусуңбу, жанагы сөзүңдү кайта айтчы? — деди.

— Мен бактылуумун. Менден бактылуу киши жок. Мен бактыны күттүм, бакты мени күтүп турат, — деди.

Вазир кубанып кетти да:

— Бактылуу болсоң, кир көйнөгүңдү чечип бер!— деди.

Үңкүрдүн ээси унчукпай гана тонунун жакасын кымтынды. Вазир ачууланып:

— Мен сага эмне деп жатам? Чеч көйнөгүңдү, сенин кир көйнөгүң хандын оорусуна дары, — деп бакырды.

Үңкүрдүн ээси каткырып күлдү да:

— Мен эмесе бөтөнчө бактылуумун! Менин эч кандай көйнөгүм жок,— деп жаман тонун ыргытып жиберди. Вазир чалкасынан кетти. Канчалык ай-ааламды кыдырса да, бактылуу кишинин көйнөгүн таба албады. Акыры сендиректеп элине кайра жөнөдү. Күндөрдүн бир күнүндө акылмандын үйүнө жашынып барып, акырын гана:

— Сен айтчы деги… Бактылуу киши азыр барбы?— деди.

Акылман катуу каткырып күлүп:

— Бактылуу киши азыр жок, бирок болот,— деди.

— Айтчы, бактылуу кишилер качан болот?

Акылман киши дагы ачыгыраак каткырды да:

— Бактылуу кишилерби?— Хан өлсө, сен зынданга кирсең, байдын казынасы чачылса, бактылуу кишилер ошондо жаралат. Бактылуу кишилерди силер көрбөйсүңөр!— деди.

Ошентип, хандын оорусуна дары табылган жок. Бактылуу кишилер алардан кийин жаралды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.