Эстафетаны колго алып, Олжобай Шакир негиздеген «РухЭш» сайты менен тереӊден таанышып, адабият, маданият, коом, мекендеш жана өспүрүм рубрикалары менен тааныштым, окуп чыктым. Аныгында, азыркы убактын жаӊы технологиялары заманында андан-мындан алып окуган жаӊылыктарга жана ушактарга караганда – кыргыз адабиятынын классикалары болгон чыгармалары, алар жөнүндө белгилүү жазуучу, коомдук ишмерлер жана адабиятчыларыбыздын ой-жүгүртүүлөрү мен үчүн зор булак болуп калды. Ал эми сайттын негиздөөчүсүнүн максаты – бул сайт, кыргыз интеллектуалдарынын аянтчасы болушу жана маалыматтык эмес, рухий булак болуусу зарыл дегени мени кайдыгер калтырбады.
Мен да Олжобай Шакирге мындан аркы зор ийгиликтерди каалап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарынын арасында болуп жаткан адабият жана маданият тармагын колдоо эстафетасын улоо үчүн – депутат Алимбеков Нурбек Каарыевичке узатууну туура көрдүм.

Парламент депутаты Садык Шер-Нияз эл өкүлдөрүн «РухЭш» сайтын колдоого үндөдү!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.