Бир итке минген кедей жашаптыр. Иштетейин десе жери, багайын десе малы жок, кала берсе жумуртка берер тоогу жок кургурдун бир гана мышыгы бар экен. Өмүр бою кезерип ачка жашаган ал бир күнү кимден жардам сурарды ойлонуп отуруп, “бир жыгылсаң нардан жыгыл” деп падышанын өзүнө бармай болот. Ачка мышыгын капка салып, жонго көтөрүп, көп жол басып хансарайга келет.

Падышага кириш оңой эмес да, аны кире бериштен куралчан сакчы жалаңдаган кылычын кезей токтотуп, ичкери киргизмек тургай аксарайдын көркүн бузбай, падышанын тынчын албай, көзгө көрүнбөй жоголуусун буюрат. Байкуш кедей сакчынын алдына чөгөлөп суранат, көпкө жалынып-жалбарат. Акыры жемкорлугу ойгонгон сакчы “Падышадан алганыңдын теңин мага бересиң” деген шарт менен киргизет.

Курган кедей хандын кабылдамасына кирип эле ачка мышыкты коё бергенде — ал мыёолоп ары-бери тамак издеп жүгүрөт.

— Эмнеге келдиң, мышыкты эмнеге алып келдиң? — деп сурайт падыша.

— Үйүмдө эч нерсем калган жок, ал тургай чычкандар да качып кетишти, мышыгым ачкадан өлүп калбасын деп сизге алып келдим, акысына мени жаактан ары эки жолу чапсаңыз болду, — дейт кедей.

Падыша болуп эл башкарганы мындайды көрмөк тургай укпаган хан абдан таң калат, бирок бул суранычты аткарып, кедейди келиштирип туруп жаактан ары эки жолу берет. Кедей падышага ыраазычылык билдирип, сыртка чыкканда сакчы алдын тороп:

— Эмне алсаң да теңин мага бер, — деп омуроолойт.

Кедей аны ошол жерден эле жаактан ары чуу эткизе тартып жибергенде – тиги да жооп берип, экөө мушташып кетет. Алардын ызы-чуусу ичкери угулганда падыша чыгып келип эмне болгонун  сурайт.

— Сакчыңыз ичкери киргизбегенде алганымдын теңин берейин деп убада кылдым эле, ошон үчүн сизден эки жолу жаакка чабыңыз деп сурангам, ал бергениңиздин жарымын муну менен бөлүшсөм түшүнбөй калды окшойт, — дейт.

Муну уккан падыша каткырып күлүп,  ач көз сакчыны кубалап жиберип, анын ордуна амалкөй кедейди жумушка алган экен.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ