АҢГЕМЕ

Кат кандай кызык. Өзүң жокто почтоочу үйүңө кат алып келип таштаса… Аны ачканча ашыгасың. Конверт ачылганчакты санааң алда кайда жүгүрөт. Алыстагы ага-туугандарың, ата-энең же жакын жолдошторуң эсиңе түшөт. «Кимден экен?» деген үмүт менен конвертти ачасың…

Ырас, каттын каты бар да. Кээ бир катта аткарган кызматыңды, ал жайыңды, эсен-соолугуңду, оору-сыркоо илдетиңди, алдыңдагы милдетиңди сурап жазат…

Мындай каттарды мен да далай алып көрдүм. Бирок бир кат мени ушунчалык толкундатты… Кубандырды… Кызартты… Ошондуктан аны ачыкка салгым келди. Азыркы аңгеме ошол кат жөнүндө болот.

Кат жөнүндөгү аңгемени баштоодон мурун кат кимден келгенин айталык… Кыскасын айтканда каттын ээсин тааныштырайын.

Ал каттын ээсинин аты Жума деп аталып… Ошол Жума экөөбүз Октябрдын таңына аралаш төрөлдүк. Октябрдын алтын бешигине бөлөндүк. Тай-кулундай ойноп жарышып мектепке бирге жөнөдүк. Эликтин балдарындай эркин өстүк. Көпөлөк балапанды бирге куудук. Суу боюнан суу мылтык кылып ойнодук. Колдо сигнал, моюнда кызыл жагоочон жүрдүк. Мугалимдин тапшыруусу боюнча табигаттын түрдүү өзгөрүштөрүн байкадык… Кыргыздын заңкайган Ала-Тоосунун боорундагы жайкалып чыккан кызыл чөптүн арасындагы түрдүү гүлдөрдү тердик, дептерге салып катырдык. Тоо боорундагы корум таштарга далай жолу жашынмак ойнодук. Өз теңдиги колуна тийип жарпы жазылган бактылуу айылдын жогор жагындагы кашкайып агып жаткан көк кашка суунун үнүнө ичке назик үнүбүздү кошуп, жаңы замандын ырларын ырдадык. Мөңгүдөн мөңкүп түшкөн мөл булактардын суусунан канганча ичип, ичиркенбей жуундук.

Аскалуу тоолордон ашып түшкөн айдын ала көлөкөлүү нурунда, айыл арасында ак чөлмөк ойнодук. Айылдагы келин-кыз, уул-уландын каткырган күлкүсүнө кошулуп ырдашса ырдап, асканы жаңыртып, түндүн тынчтыгын жеке бийлеймин деген бабылгандарга эрегиштик. Чөө болуп ойноп, койлорду үркүтүп, иттердин тынчын алдык. Мына булардын бардыгы балалык, токтоно элек тентек кез.

Бул жаштан да өттүк. Шаардагы мектептерди карай жөнөдүк. Моюндагы кызыл жагоо түшүп, комсомол катарына өттүк. Балалык кыял азайып, келечек ой, келечек милдет, келечек кызмат ойго түшө баштады.

Комсомол уюму кандай иш тапшырса экөөбүз жарыша чуркап, жарыша орундатып жүрдүк.

Ырас, кээде жаштыктан түшүнбөстүк кылып, кулактын балдарына муштум менен кирип, уюмдан сөгүш алып кызарган күндөр дагы болду.

*     *     *

Мына 1937-жыл… Жуманын жашы паспортто 21де болгондуктан ал чакыруу пунктунда турат… «Жуманы алса мени деле алар» деген үмүт менен мен да сагалап турам. Ал чакыруу пункттан чыкты.

— Кандай, сакабыз айкүрбү? — дедим.

— Айкүр тааны эмне кыласың. Сен эмес сенден улуу мени да албай жатат.

— Эмне үчүн?

— Бир жашың жетпейт дейт.

— А, паспортчу?

— Доктур паспортко карабайт экен,— деп Жума ыйламсыраган үнү менен докторго ачууланды.

— Анан калса деле жандын кичинесисиң, — деп ага ачууландым.

Үйгө барганда Жума капаланды.

— Күрөшө кеткенде жыйырма эки эмес жүзгө чыккан чалды деле көтөрүп урат элем, — деп күңкүлдөдү.

— Жүзгө чыккан чалды көтөрүп урсаң карылуу экенсиң? — деп ачуусуна тийдим.

— Ой! Эмне мага тыңсынасың? Эптүү болсоң барып жарап келбейсиңби, — деди.

— Менин паспортумда сеникиндей жазылса тургузбай эле алат эле, — дедим.

Жума үстөлгө олтуруп, армияга алуу жөнүндө согуш комиссариатка арыз жаза баштады. Эртеси ал:

— Ыйлап жатып араң өттүм. Авиация мектебине алды, — деп кубанычы батпай келди. Мен кубанып тура калдым. Бирок ал өтүп мен калгандыгыма ичим «тыз» дей түштү.

Чачын устара менен кырдырып, чакырылгандардын сабында Жума турат. Узатып чыккан көп элдин арасындагы мени жана өзүнүн сүйүп жүргөн кызы С…ны карап жылмайып күлөт. Поезд кечки саат он бирде жүрөт. Азыр күн эрте. Жума, мен жана анын С…сы үчөөбүз ары-бери басып сүйлөшүп жүрөбүз. Сөз түгөнөр эмес. Стансадагы узатып чыккандардын каткырык-күлкүсү чакырылуучулардын ар түрдүү музыкага кошулган шаңдуу үнү кулак тундурат. Сөз угузбайт.

Саат он бирди сокту. Жүрүүчүнүн коңгуроосу угулду. Паровоздун акыркы кыйкырыгы узатып чыккан музыканын шаңдуу үнүнө кошулуп Жумалардын поезди жүрө баштады. Жума терезеден башын чыгарып, бизден көзүн айырбай улам алыстап бара жатат. Анын карааны үзүлгөнчөктү былк этпей карап турдум. Стансадагы электирдин жарыгы менин жаш кылгырган көзүмө чагыла түшкөнүн С… көрүп калса керек:

— Эркектер да ыйлайт экен ээ?— деп мага карап күлдү.

— Кыз башыңыз менен сиз эмне ыйлабадыңыз? — деп тамашалап күлүп жибердим. Ырас, ал менин капаланганымдан эмес, кубангандан жана армияга Жума жарап, мен ал кеткен жерге кете албай калганыма ичим күйгөндүгүмдү түшүндү да:

— Эч нерсе эмес, эмдиги жылы сизди да ушинтип узатарбыз,— деп мага «кайрат» айткан болду.

Жолдо келе жатып:

— Жума экөөңөр сүрөткө түштүңөр беле? — дедим.

— Эмне үчүн сурадыңыз?

— Эки жылга чейин сагынышасыңар го?

— Эч нерсе эмес, көк жакалуу, чекесине кызыл жылдыз таккан сүрөтү, жакында өзүбүздүн колго почта менен келип тиер! — деп жылмайып күлдү.

*     *     *

Үстөлдө ачыла элек конверт жатат. Адрести жазган кол жылуу учурай калды. Кызыл армия шинелин кийген кызыл жылдыздуу Жума «Саламатсыңбы?» деп күлүп кол берип тургансып, көзүмө элестей түштү.

Жумадан кат күткөнүмө көп болгон. Ачууга ашыктым. Ачтым. Кадимки Жуманын колу.

«…Жолдошум М… Саламатсыңбы? Бул Ыраакы Күн Чыгыштагы Жумадан… Бул жерге келгениме бүгүн эки күн болду. Поезд менен он беш күндүк ыраак жер болсо дагы, өзүмдү Фрунзеден Алайга баргандай, башкача айтканда, Ала-Тоонун арасында жүргөндөй эле сезем. Анткени өзүбүздүн жер да. Мен өзүмдү боордош туугандарымдын, эне-аталардын арасында жүргөндөй сезем. Анткени өзүбүздүн эл да… Душманга каптаган жалындай качырган арыстандай кайраттуу жолдош Блюхердин өстүргөн командирлеринин тарбиясындамын, алар өзүбүздүн эрлер да.

Мен баягы биздин жердеги асканы жаңырткан обондуу, капчыгайды жаңырткан каткырыктуу, оюн-тамашалуу, гүлдөгөн күлкүлүү жердемин. Биздин кенен родинанын кайсы бурчу болсо да ушундай эмеспи.

Авиация бөлүмүндөмүн. Иш кызуу. Парашюттан секирүүгө даярданып жатамын. Досум! Тартипти, убакытты баалоону – армиялык турмуш үйрөтөт экен. Баягы саат тогузга чейин уктоо деген эчак жок болгон. Ушуга окшоп далай бекер талаага кеткен убакыттарды эстеп ичим күйөт.

Армиялык турмуш сонун. Баарыбыз бир-бирибизге атаандашып окуп жатабыз. Кызыл Армиянын 20 жылдыгында сыйлык алам го деп турам. Мыктылап окуп, учкучтук наамын алмайынча Кыргызстанга барбайм. Бул ой сөзсүз орундалат. Досум М..! Эми экөөбүздө жаштык калган жок. Эмдиги жылы сен да чакырыласың. Жакшылап даярдан. Мылтык атууну, лыжада жүгүрүүнү үйрөн. Родинаны коргоо деген ойду эсиңден чыгарба!

Ырас! Сени ар дайым эстейм. Сагынам.

«Бирге жүрдүк,
Бирге окудук,
Бир өстүк!
Көп ойнодук,
Жулмалаштык
Күрөштүк,
Мылтык алып,
Өлкө коргоп туруучу
Алда турган
Ардагы чоң ишти күт!»

деген ырың эсимден кетпейт. Эмки катымда сүрөтүмдү жиберем. Кош саламат тур! Кызыл армиялык саламым менен Жума.

«Мына Жума мага кызыл армиялык саламым менен деп жазат… Кандай ардактуу атак! А мен ага кандай саламым менен деп жазам?» деген ойду кайта-кайта ойлойм:

Ой курбум! Ойго салдың ушул катта!
Милдетти бирге ойлошкон бала чакта.
Аскалуу Ала-Тоодон чоң чеп болуп,
Кырда тур кызыл чекти бекем сакта!

— деген ыр менен кат жаза баштадым.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.