Өнөр адамдары арасында топтолгон каражаттар «РухЭш» сайтына жарыяланып келаткан дүйнөлүк жана улуттук адабиятыбыздын тандалма чыгармаларынын аудио топтомдорун чыгарууга жумшоону чечтик. Арийне, «РухЭш» сайты негизделген күндөн эле элдин жапатырмак колдоосу менен улуттук дөөлөт-мурастарды жана жалпы адамзатка энчилүү көркөм адабияттарды калктын калың катмарына жайылтуу максатын көздөп келет.

Аны менен катар өз эне тилинде ою жетик, тили жатык келечек муунду тарбиялоо максатында балдар адабиятын өнүктүрүү үчүн акын-жазуучулар арасында конкурс уюшулуп, о.э. жалпы дүйнөлүк көркөм чыгармаларды кыргыз тилине түп нускадан которуу боюнча атайы конкурс да өз жемишин бергенин береги шилтемеден >>>>>> тааныша аласыздар. Аны менен катар учур адабиятындагы чыгармачылык процесстерди жандантуу максатында адабий сын жана адабий изилдөөлөр>>>>>>> боюнча конкурс уланууда.

Аныгында, жамы журтка китеп окуу маданиятын жайылтууда биз менен тилектеш өнөр адамдарына «РухЭш» сайтынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз! Бул демилгени эң биринчилерден болуп манасчы жана дастанчы Самат Көчөрбаев баштап бергенин эскертебиз… Анын соңунан төкмө ырчыларыбыз Амантай Кутманалиев, Максат Кулуев жана Азамат Болгонбаев улантып, кийинки эстафета белгилүү ырчы Самара Каримовадан Алтынай Нарбаевага өттү…

Азамат Болгонбаев, төкмө ырчы: Олжокенин «РухЭш» сайты адабиятка эбегейсиз мээнет кылып жатканы талашсыз. Рух-дөөлөтүбүзгө, акыл-кенчибизге салым кошту. Манасчы Самат Көчөрбаев мыкты саамалык баштап, кезек узаткан экен – 0558080860 ЭЛСОМ капчыкка 2000 сом салып койдум. Саамалыкты Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Cамара Каримовага (Samara Karimova) узатам.

Шарты: 0558080860 номерине 2000 сом салып, кезекти кыргыз адабиятына кайдыгер карабаган замандашыңызга узатыңыз!

Cамара Каримова, ырчы: Эстафетаны салтанаттуу турдө устатым, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, булбул үндүү Алтынай Нарбаева эжеме узатамын. Кыргыз маданиятына тырмактай салымыбыз болсун! Жакшы саамалыкты уланткан алп акын агабыз Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаевге чоң рахмат сизге!

Учурда өнөрпоздор менен удаа жеке ишкерлер Жамалбек Ырсалиев, Улукбек Нусубалиев да «РухЭш» сайтынын ишмердигин колдоо максатында эстафета саамалыгын улантууда…

Самат Көчөрбаев: Агымга каршы сүзгөн «калмак» да керек кыргызга

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.