Олжобай Шакир: Кыргыз бийлигиндегилердин саясый диапазону

«Биздеги саясый күрөштөрдүн логикасы улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын беттебейт». Алым Токтомушев Барабан же сурнайды адам баласы эмне үчүн атамзамандан бери колдонуп келет? Бул эки аспаптын тең ичи көңдөй, ичине кебез тыгып сал, сурнайдан да, барабандан да үн чыкпайт. Анын сыңары – биздеги аткаминерлер. Алар да эмнеге кызматка жеткенден кийин эле көңдөйчөсүнө кебез тыгылган музыкалык аспаптай үн чыгарбас, чындыкты оозанбас болуп тынышат? Жер каймактаган замандан бери барабан, сурнай аспаптарынын үнү жаңырганда адам каны дүргүп, мээнин иштөө жөндөмү начарлап, эмоциялык сезимдер гана башкарып, […]

Бишкекте «Кыргызстан -кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» кинофестивалы өтөт

Бишкектеги «Манас» кинотеатрында КМШ мамлекеттеринин, Балтика жана Грузиянын 8-эл аралык «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» кинофестивалынын салтанаттуу ачылышы болот. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунан билдиришти. Маалыматка караганда, иш-чара 12-декабрда, саат 12:00дө башталат. Анда КМШ мамлекеттеринин, Балтика жана Грузиянын эң мыкты делген тасмалары элдин сынына коюлат. Бул жылы аталган кинофестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулууда. Фестивалдын алкагында жазуучунун чыгармасынын негизинде коюлган атайын көрсөтүүлөр жана театрлаштырылган чыгармалар орун алат. Иш-чаранын жүрүшүндө тасма жаратуучулар тажрыйбалары жана идеялары менен бөлүшүп, биргелешкен долбоорлорду […]

Армян эл жомогу: Буурчак

Улуу орозо айы башталганда айылдык бир поп бул ачкачылык кармаган күндөрдүн саны канча болсо ошончо куурулган буурчакты чөнтөгүнө салып, күн сайын аларды бирден салуу менен орозонун бүтүшүн билмей болот. Бир күн өтпөй анын чөнтөгү толо буурчакты көргөн аялы: «Байкушум, орозодо ачкалыгына чыдабай бизге көрсөтпөй буурчак жейт турбайбы, бирок аз экен, дагы кошуп коёюнчу”, — деп бир ууч буурчакты абышкасынын чөнтөгүнө салат.  Поп күн өткөн сайын бирден буурчакты алып салып турат. Ошентип орозо айы да аяктайт, бирок  алиги поп башкарган айылдын […]

Каныбек Эдилбаев: Адашуу

АҢГЕМЕ I Күндөгүдөй эле жан-жаныбарларга жагымдуу аппак таң атты. Бая жер жарылып келе жатканда, жамгыр жаап өткөн. Калдайган ак булуттар жылып көк асманды көргөзбөйт. II Убакыттар алга чамдап, жайкы каникулдун бүтөрүнө саналуу күндөр гана калды. Кубанычым койнума батпайт. Анткени классташтарым менен кайрадан чогуу класска кирип, партага отурам аз күндө. Чынын айтканда эки жарым айдан бери, айылды сагындым! Короо койду жайытта жайып жүрүп, зеригем жалгыз. “А айылда болсомчу?» — деп ойлоп коём. Жонумдагы асынганым, 32-ак мылтык. Эрмегим ошол, күндүз суур, коён […]

Жек Лондон: Мартин Иден

<<<<<<<<< Башы XLII ГЛАВА Ошентип Мартин өзүн жалгыз калганын сезген күн келди. Ал алдуу-күчтүү, саламаттыгы куландан соо эле, бирок эми кылаарга да иши жок болчу. Окуп, жазганын токтотуп, Бриссенденден ажырап, Руфтун сүйүүсүн жоготкондон кийин жашоосу үч көчкөн журттай аңылдап ээн калды. Ал жашоосундагы бул боштукту ресторандар, египет папиростору менен толтурам деп куру эле аракеттениптир. Ырасы, аны дегдетип, өзүнө азгырган Улуу океан эле, бирок анын Кошмо Штаттардагы оюну али толук бүтө электигин түшүнүп турду. Жакында анын эки китеби басмадан чыгат, мүмкүн […]

Үмүт Асанованын Түштүк Африка жергесиндеги сапар кайрыгы

Биздин «Чеч-Дөбө» кеңешибиздин мүчөсү, философия илиминин доктору Үмүт Асанова учурда Түштүк Африкада жүргөнүнөн улам «РухЭш» сайтынын өтүнүчү менен окурмандарыбыз үчүн атайы жазып жөнөткөн сапар кайрыгын жарыяламакчыбыз. «Миң уккандан бир көргөн артык» деп сапар кайрык менен бирге өтө таасирдүү көз ирмемдеги фото-сүрөттөрдү жарыялоону да эп көрдүк… Көз жоосун алган Түштүк Африкадагы кооздуктарды биз менен бирге бөлүшкөндүгүңүз үчүн Сизге да терең ыраазычылык билдиребиз, ардактуу биздин Үмүт эжекебиз! Лесотодобуз. Балдар жазгы каникулга чыкканына байланыштуу, Асел (кызым) балдарын Йоханнесбургда өтүүчү 4 күндүк балдар үчүн […]