АҢГЕМЕ

I

Күндөгүдөй эле жан-жаныбарларга жагымдуу аппак таң атты. Бая жер жарылып келе жатканда, жамгыр жаап өткөн. Калдайган ак булуттар жылып көк асманды көргөзбөйт.

II

Убакыттар алга чамдап, жайкы каникулдун бүтөрүнө саналуу күндөр гана калды. Кубанычым койнума батпайт. Анткени классташтарым менен кайрадан чогуу класска кирип, партага отурам аз күндө. Чынын айтканда эки жарым айдан бери, айылды сагындым! Короо койду жайытта жайып жүрүп, зеригем жалгыз. “А айылда болсомчу?» — деп ойлоп коём.

Жонумдагы асынганым, 32-ак мылтык. Эрмегим ошол, күндүз суур, коён аңдыйм, көп болот экен сырт жеринде.

Күн түш ооп калды. Койлорду сүрүп жүрүп олтуруп, Булак-Төргө чыгып кеттим. Үйдөн аябай алыс жайыттардын бири Булак-Төр.

Булак-Төрдүн чөбүн бөлөк жердин чөбүнө теңешчү эмес койчулар.

Сыягы малга жагымдуу болсо керек. Мага баары бирдей.

Бат эле айылга кетсем болду. Койдун алдын токтотуп жээрдеден түшүп, коло чидерди салып отко койдум.

Күн анча деле ысык тийген жери жок. Ошентсе да шырымалымды чечип жерге жая салып, чалкаман сулай кеттим.

III

Көзүм кашайып уктап калыптырмын! Ойгонсом, шамал озондоп, күн борошолоп жаап кириптир. Көзүң жаманчылыкты көрбөсүн! — койдон дайын жок. Көзүм караңгылай түштү. Тегеректе жөө туман, карыш жерди көргөзбөйт! Атымдын карааны да көрүнбөйт. Таш мамыдай болуп бир жерде  каттым да калдым. Бир жолу ушуну менен жашын төгүп, төккөн жашын селге айлантчудай өжөрлөнүп жаан жаап жатат. Жин тийген эмече үстөкө-босток кыйкыра баштадым. “Оо-о-оо”- жүрөгүм ченебей катуу кага баштады. Койду кайдан табам? Кайда кетти? Өлдүм! Жер айлан көчөк болуп, мээм тегеренди.

Карайлап ар кайсы дөбөгө чуркайм! Оюм санга бөлүндү. Көз алдыма түрү суук элестер тартыла баштады. Азыр ушул убакта капсалаң “каапыр” ээсиз калган короо койго кабылса оң таптырабы? Жок!

Ким билет, азыр эмне болуп жатат?…

Чуркап олтуруп чоң суунун кашатына жетип келдим. Ыктоо жер эмеспи, койлор балким ушул жерге келдиби деген ой менен. Жок, эчтеме көрүнбөйт. Борпоң топурактуу жерлерден карайлап издедим.

Жаан сээлдер бекен десем ого бетер күчөйт. Айлам алты түгөндү…

Бул жерден да, тобунан ажырап үн салган уларча кыйкырдым, удаа-удаа эки үч жолу. Бир гана чоң суунун бийик эки кашаты үн алыша жаңырык жооп кайтарды.

Чый-пыйым чыгып, кашат өйдө жан талашып жүгүрдүм.

Жогор жакта бир ойдуңда бир борчала боло турган. Ошол борчалада чүчкүрүк өсчү.

Жана түш кезде, каргыш тийгирлер айдасам да имерчиктеп араң баскан. Балким, ошол жердедир?

Желкемден мыкчыган ойлор менен алпурушуп олтуруп борчалага да жетип калдым.

Ана, борчала да көрүндү. Көзүм борчаланы таш болсо да таарып өттү.

— Ой! – Кыбыраган бирдемелер көрүнүп калды.

Жүрөгүм жарылып кете жаздады, сүйүнгөнүмдөн көзүмдөн жаш мөлт дей түштү. Мына алгач борчукка бутумду таштадым.

Караанды кер эркечке окшоштурдум. Анткени короодогу кой-эчкилердин эң  чоңу кер эркеч болучу. Алиги караан чоң көрүндү мага. Ошондуктан…

Оо, тилегиң таш капкыр! Табигат ушунчалык таш жүрөксүңбү? Ушунчалык болбой койсоң эмне болосуң? Алиги караан эркеч эмей эле, чү-үч-күү-рүк экен! Бороондун эпкининен термелип жаткан тура. Каңырыгым түтөп, бутум тушалып калды. Борчуктун төгөрөгүн бүт кыдырып чыктым. Койдун бары бир бурчта корголоп тургандай үмүттөнүп, улам бир жерин карайм. Үмүт кургур адам менен тең жашайт турбайбы!

Күн кардап барып басылды. Асман чайыттай ачылды. Жылдыз тарап калыптыр. Кыязы, таң атууга аз калган окшойт. Мен кургур борчуктун үстүнөн жылбай турам. Эки санга коргошун уюткандай, сандарым салмактанат.

IV

Көп узабай Булак-Төрдө жайдын таңы атты. Бул төрдүн торгойлору миң кубулуп сайрашты. Кечээтен бери ийинден чыга элек суурлар, эми баш багып аңкыштай башташты. Койдун кеткени даана билинди.

Ээ, жарыктык мал деле түнөгүн унутпайт экен го! — дедим ичимден. Көрсөң, так эле тик ылдый үйдү көздөй салган чыйырын.

Мен өзүмдүн начар экенимди сездим. Сартикенде олтурган сагызган да, мени ызалагандай шакылыктайт.

“Уйкучу, уйкучу, уктап адаштың”, — сагызган бул сөздөрдү ачык айталбаса да кулагыма, жүрөгүмө ошондой сезилди.

P. S.

Көпчүлүк адабиятчылар, сынчылар сыяктуу эле Каныбек Эдилбаев да алгачкы калемгерлик шыгын көркөм чыгарма жаратуу менен ойготкон. Өзүнүн айтымына караганда ал кийин белгилүү сынчы атыгып калган кезинде да сын макала жазуу менен катар кара сөз жазып жүрсө керек эле… Ал туурасында так маалыматыбыз жок. Бирок Каныбек Эдилбаевдин Барскоон орто мектебинде окуп жүргөн кезинде, он беш жашында жазган “Адашуу” аттуу алгачкы аңгемеси айрылбай, тытылбай, жоголбой редакциянын кат-куржунунан табылганы бизди өзгөчө кубандырды. Белгилүү сынчы, белдүү калемгер Каныбек Эдилбаев да чиедей бала кезинде ак кагазга калем жорголотуп, оңдоп-чийип сөз азабын тарткан кадыресе жаш талант болгонун ушул аңгемеси аркылуу окурмандардын оюна салалы дедик…

Каныбек Эдилбаев

«Кыргызстан маданияты» №13. (1511) декабрь, 2002-ж.

Кеңеш ЖУСУПОВ:  Каныбекти эстегенде…

“Ала-Тоо” журналына жыйырма жети жашында кызматка келип, улуттук адабий чөйрөгө эрте аралашты. Буга дейре анын курч, терең ойлуу, мезгилине таасирлүү адабий сын макалалары республиканын басма сөздөрүндө тез-тез жарыяланып турган.

Кийинчерээк “Ала-Тоо” журналында далай жыл чогуу иштешип калдык. Ал интеллектуалдуу, маданияттуу, калыс, мыкты сынчы эле. Адегенде ал “Кыргызстан маданиятында”, “Ала-Тоо” журналында сын бөлүмүн башкарды, кийин “Ала-Тоо” журналынын баш редакторунун орун басары болуп иштеди. Калемдеш инимдин тагдырын жана адамгерчилигин бара-бара жакындан билдим. Кызматташ болуп, журналдын кызыктуу да, аброю өскөн күндөрүн чогуу өткөрдүк.

Каныбек төрт тарабы төп келген жигит. Мансабына, сынчылыгына эч качан корстон болбогон, улам изденген, менменсинбеген, сабырдуу, жөнөкөй, калыс, мырза, адеп-пейли таза, чыныгы атуул болчу. Журналдын оор жүгүн моюбай көтөрдү, редакцияга түшкөн көптөгөн роман, повесттерди ыкчам окуп, ак дилден таразалап, авторлорго пикирин түз, ынанымдуу айтып, адистик багыт берип турду. Анын сунушу боюнча жаш жазуучу, акындарга журналдан кенен орун берилчү. Ал жазганына да, сүйлөгөнүнө да сөзгө өтө аяр мамиле жасачу, бирде жылма куудулдана элди күлдүрүп, кээде күйдүрүп да сүйлөп коёр эле. Адамдарга таамай баа бергенин азыр да эстеп калабыз.

Журналдын ишин абийирдүүлүк менен иштеген ак көңүл жаны Жазуучулар Союзунун да коомдук тапшырмаларын кошо аткарып жүрдү. Далай ирэт жазуучулар союзунун секретарларынын докладдарын жазды. Өзү да далай жолу кыргыз адабиятынын ар түрдүү жанры боюнча жыйындарда докладдарды даярдап, адис сынчы катары калыс, маанилүү, баалуу ойлорду айтты. Анын бир нече публицистикалык макалалары “Ала Тоо” журналынын редакциясынын атынан жарыяланып турду. Кээ бир учурдагы жайдары ыклас сөздөрдө Каныбекке адабият боюнча илимий даражаны жактап алсаң болбойбу деп айткан күндөр болгон эле.

Ал өзүнүн туулуп өскөн айылын, Ысык-Көлдү, барскоондуктарын, мугалимдерин жылуу, сагынып, күлкү менен эскерээр эле. Балким, жердин сулуулугу, кубаты, адамдарынын, жылдыздарынын шарапаты Каныбекке тийсе, а мүмкүн жукса керек.

Кээ бирде замандаштары, калемдештери К.Эдилбаевдин байыркы айылына барып көрүстөн-күмбөзүнө гүлчамбар коюп, окуган мектебин көрүп, айылдаштары менен жолугуу өткөрүп, эскерип келсек деп кыялданып коюп эле, аттиң көртириликтен чыкпай жүргөнүбүзгө кейип коём.

Ал артына, замандаштарына, калемдештерине жана келечек муунга бир эле жаркын элести, эстутумду калтырбастан, мыкты рухий мурасты калтырды. Аны эскерип, жаңыртып, коңгуроо кагып, ажарын ачып туруу-жалпыбыздын парзыбыз.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.