«Биздеги саясый күрөштөрдүн логикасы улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын беттебейт».
Алым Токтомушев

Барабан же сурнайды адам баласы эмне үчүн атамзамандан бери колдонуп келет? Бул эки аспаптын тең ичи көңдөй, ичине кебез тыгып сал, сурнайдан да, барабандан да үн чыкпайт. Анын сыңары – биздеги аткаминерлер. Алар да эмнеге кызматка жеткенден кийин эле көңдөйчөсүнө кебез тыгылган музыкалык аспаптай үн чыгарбас, чындыкты оозанбас болуп тынышат?

Жер каймактаган замандан бери барабан, сурнай аспаптарынын үнү жаңырганда адам каны дүргүп, мээнин иштөө жөндөмү начарлап, эмоциялык сезимдер гана башкарып, агрессияга чакырган үчүн согуш алдында барабан-сурнай жаңырган эмеспи. Барабан-сурнай үнүнөн аскерлердин каны кызып турганда, кымгуут болгон согуш талаасына «айт-дуйт»деп буйрук берүү жеңил болгон.

Ал эми Кыргызстандын чейрек кылымдан ашуун эгемендик жылдарына баам салып көрүңүздөрчү: канча өлкө башчынын, канча өкмөт башчынын, канчалаган оппозициялык күчтөрдүн куру кыйкырык, куру сүрөөнүн эшитпедик. Баарынын кудурети кудум эле барабан менен сурнайдын диапазонуна куп жарашат. Себеби баардык музыкалык аспаптардын ичинен ушул экөөндө гана эң кыска диапазон бар.

Эки жолу мамлекеттик төңкөрүш менен бийлик алмашылды, баягы опурулган оппозициядагылар деле бийликтин туу чокусуна жетти, тилекке каршы, бир кезде өлкөнү дүркүрөтүп өнүктүрүүнүн жолун шардана салган саясатчыларыбыздын кеби да куру барабан, куру сурнайдан бетер элдин канын кызытып, эмоциясын ашырган ишеним-үмүт арттырып келгенден башкага жарабады.

Аныгында, согуш алдындагы барабан-сурнай жаңырыгы аскерлердин канын кызытып, кымгуут болгон согуш талаасына дүүлүктүрүп койгон сымал, эки жолку мамлекеттик төңкөрүш алдындагы саясатчылардын кыйкырык-сүрөөндөрү да караламан калктын эмоциялык сезимдерин ушунчалык чыңаган экен, масса өлүмдөн кайра тартпаган абалга жеткенин 2010-жылкы төңкөрүштө көрдүк.

Музыка арибин тааныгандар жакшы билет: барабан, сурнай эчкачан соло аспап болуп бералбайт. Бирок оркестр үчүн бул эки аспап тең сөзсүз керек. Албетте, азыркы замандагы 4 баскычка чейинки сурнайларды айтпаганда, бул эки аспаптын до, ре, ми, фа, соль, ля, си баскычы жок. Башка музыкалык аспаптардын баарында диапазон бар, ушул экөөнө гана кенен диапазон касиети буюрбаган. Кыргыз саясатчыларынын арасында да диапазону кенен саясый ишмер, мамлекеттик ишмерлер жогунан улам, алар караламан калкты камгактай удургутуп жүрүп, бүгүнкү абалга келдик! Соло аспаптай жеке номурга жарамдуу реформаторлук өзгөрүүлөрдү жаратар бир дагы эл башы чыкпады.

Биздин элдин, биздин коомдун шору эмнеде? Кулакта. Кимдин тили такылдаса ошого эбедейибиз эзилген элбиз. Радио-теле, трибуна, аянтка чыгып тилинен чаң чыккандарды кулагы эшитсе эле «ушул саясатчы эл башкарууга жөндөмдүү» деген энөөлүгүбүздөн канча бакырчаакты саясый аренага алып чыктык, канчалаган бакырчаактар бийликтин мерчемдүү бутагына барып конуп отурган жок? Арийне, кыргыз саясатчыларынын болгон диапазондору ушунчалык кыска экен, алар бир кезде Ала-Тоо аянтында кан какшап сайрачу улуттук, мамлекеттик маселелердин кайсынынын ишке ашырды? Өздөрү кызматка жеткенден кийин көңдөйчөсүнө кебез тыгып таштаган музыкалык аспаптан бетер үн чыгарбай калышарын көрдүк.

Баарынан өкүнүчтүүсү – саясый ансамблде жаңырган үндөрү фальшь экенин ажыратпаганыбыз.

Албетте, барабан менен сурнайдын саясатчылардан бир айырмачылыгы да, артыкчылыгы да ушул: бул эки аспаптын үнүн күчөнткөн да, басаңдаткан да регистри жок. А саясатчыларыбыздын үнүн күчөткөн да, басаңдаткан да регистри – акча, мандат жана кызматтык орун.

Мансапка жетип алганга чейин алар эл атынан сүйлөп, эл атынан кыйкырык-чуу салып турушат. А чын-чынында алардын үндөрүнө кубат-дем бергендер – сырткы күчтөр. Сырткы күчтөр экенин ар бир шайлоо өнөктүгү кызыган маалда көрүп келатабыз: бири – Россияга, бири – Казакстанга, – бири АКШга колдоо издеп жетип барарын…

А карапайым калың журттан колдоо издегендери аз. Колдоону алар карапайым калктан эмес, сырттан издешет. Бийликке жутунган саясый топторго болсо кайсы сырткы күчтөр «маэстро-дирижёр» болуп, кандай ишарат берип, кайдан башкарып атканы – көпчүлүккө белгисиз. Ошо көшөгө артындагы режиссёр же оркестрлик пульттагы дирижёрлордун ишаратына гана ишенген саясатчылардын арасында сөздүн толук маанисиндеги демократия жараяны эмнеге негизделип, эмнеге таянарын аңдагандары аз үчүн бизде көчө демократиясы гана калыптанып келди.

Ошол себептен бизде жеке бийликтин башкаруусу – акыры барып, орто кылымдагы башкаруу системасына көбүрөк ыктап, орто кылымдагы башкаруу мүнөзүнө өтүп баратса да, биз демократия принцибинде өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн катарындабыз деген таризде бөйрөк таянып, кырданып сүйлөгөнгө машпыз.

А чын-чынында демократиялык жол менен өнүгүп кеткен өлкөлөрдүн өрнөгүн үйрөнгөн болсок, бийликтегилердин да, оппозициядагылардын да өзүнөн өзү диапазону кеңейип, саясый гармония, саясый ансамбль бирине-бири үндөшүп, өлкөбүздүн келечегин кура турган конструктивдүү күчтөр саясый элитаны эбак түптөмөк. Ага караламан калк өзү эле маэстро болуп, дирижёрлук кылмак. Мына, ушунун өзү демократиянын арка-бели, түпкү тамыры эмеспи…

А барабан-сурнай саясатчыларыбыздын арасында соло аспап болор бирөөсү жок үчүн – куру айкырык, куру сүрөөн күч. Саясый оркестрде кайсы аспапты колго алып, соло номурду кимге беришти билбеген үчүн 2005-жылы Курманбек Бакиевди президенттик такка отургузушту, 2010-жылдагы кандуу окуядан кийинки Убактылуу өкмөттүн курамындагылардын дараметин көрдүк (бу жерде 1,5 гана жыл өлкө башкарган Р.Отунбаеванын жөнү таптакыр башка), 2011-жылы Алмазбек Атамбаевди КР Президенттигине татыктуу талапкердей сүрөмөлөгөн «саясый элитанын» мурундан алысты көрбөгөнү – так бүгүнкү саясый ыйкы-тыйкыларга келип такалды.

Азыр деле мурунку бийликтин айыбын кийинкиси кайрадан эле жешилген пластинкадан бетер айлантууга аргасыз болуп туру. Тек гана регистри жок, диапазону чектелүү «барабан-сурнайлардын» жаңырыгы күч…

Ооба, биздин куру кыйкырык саясатчылар оркестр курамындагы музыкалык аспаптар сыяктуу жалпы хор үчүн керек, бирок алар эч качан соло номерге жарабастыгын 27 жылдан берки саясый тарыхыбыз көрсөтүп койду. Ошол себептен Франциянын өлкө тарыхындагы революция кесепети узак жылдарга созулгандан улам француз жазуучусу Анри де Монтерлан: «Революция көптөгөн мезгилдин башын жутат» десе, америкалык сатирик Уилл Рожерс мындан 1,5 кылым мурда эле: «Бир жолку революция экинчисин удаа жасачу коктейль сыяктуу нерсе» деп кудум эле Кыргызстанда болуп өткөн эки жолку революциясыз революционерлердин төңкөрүшүн алдын ала айтып койгондой.

А төңкөрүштүн кесепетин көрүп атабыз: жалпы адамзат тарыхында баары кандай болсо, биз дагы ошону кайталап келебиз. Дүйнөдө бир дагы революция карапайым калкка жыргалчылык алып келген эмес. Революция жыргалы кимдерге буюрган – бул боюнча эндекей бир дагы фактыны политология илиминен да, тарых барактарынан да таба албайсыз. Себеби күч менен орнотулган бийликтин келечеги азыркы тапта бизде кандай уланып жатса, карт тарыхта да бул нерсе далай кайталанган.

Адам баласынын өнүгүү жолу – бир гана эволиция жолун сүйөт. Ал эми «сурнай-барабан» саясатчылар күч менен бийликти алмаштырар революцияны гана эңсейт! Революция даамын ошолор гана татып, ырыскысы ошолорго гана буюрат. Байлыгына туйтунган да ошолор!

Сыягы, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы бет тырмактыктар мындан да катуу ырбайт. Мунун өзү – коңулда унчукпай жаткан барабан, сурнай аспабындай куру айкырык, куру сүрөөн салчу саясый топтордун чырагына май тамызат. Алардын үнү да элдин канын дүргүтүп, эмоциялык сезимдерин дүрт жандырып, массаны агрессияга чакырбаса болду. Чакырганда да демократияны бетине карманчу шылуундар шымаланып билектерин түрүнө баштагандыр… Анда эле кайрадан жешилген пластинкалардын үнү жаңырабы же жаңы идея, жаңы көзкараштагы саясатчылардын диапазонун эшитебизби?..

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.