<<<<<<<<< Башы

XLII ГЛАВА

Ошентип Мартин өзүн жалгыз калганын сезген күн келди. Ал алдуу-күчтүү, саламаттыгы куландан соо эле, бирок эми кылаарга да иши жок болчу. Окуп, жазганын токтотуп, Бриссенденден ажырап, Руфтун сүйүүсүн жоготкондон кийин жашоосу үч көчкөн журттай аңылдап ээн калды. Ал жашоосундагы бул боштукту ресторандар, египет папиростору менен толтурам деп куру эле аракеттениптир. Ырасы, аны дегдетип, өзүнө азгырган Улуу океан эле, бирок анын Кошмо Штаттардагы оюну али толук бүтө электигин түшүнүп турду. Жакында анын эки китеби басмадан чыгат, мүмкүн башкаларын да баса тургандар табылып калар. Мунун баары акча болчу, ошондуктан алтын капты канжыгага басып алып түштүк деңиздерди көздөй жөнөш үчүн ашыкпай коё туруш керек болуп атты. Ал Маркиз аралдарынан бир миң чили долларына сатып алса боло турган керемет кооз өрөөндү биле турган. Өрөөн аттын такасындай ийрелеңдеген булуңдардан тартып, чокуларын ак булут чулгап турган аскар тоолорго чейин созулуп жатаар эле.

Булуң анын билишинче шумдук кооз жана океандын чоң кемелери кенен токтой турган терең да эле, ошондуктан Тынч океандын жол көрсөткүч маалымат китепчесинде бул булуң океандын ушул бөлүгүндөгү эң сонун жайлардын бири катары баяндалган. Мартин чакан, ылдам сүзгөн шхуна сатып алып, соода жана балык уулоо менен алектенмей болду. Өрөөндө өзүнүн базасы болот. Ал аякка Тами жол башчыныкындай тээ көөнө замандагыдай камыш алачык куруп алат да, өзүнө жергиликтүү кара калктан кызматчыларды жалдап алат. Ал Тайохэден келчү пасторлорду, соода кемелеринин капитандарын, контрабандисттер менен ниети жакшы деңиз селсаяктарын күтөт. Эч кимден жалтактабай эшигин ачып жашап, конокторун кадимки падышалардай күтүп алып турат. Так ошол жакка барганда, балким, бир кезде окуган китептери менен туруш-турпаты чылк ойдон жаралган жомок болуп чыккан бул дүйнөнү унутаар.

Бирок аның үчүн Калифорнияда отуруп, мүшөгү алтынга толгончо күтүш керек болчу. Акча болсо эми гана агылып келе баштабадыбы. Жогеле дегенде бир китеби чыгып кетсе, анда калган кол жазмаларынын баары шыр эле өтүп кетмек. Демек эңсеген ак булуңу менен жайкалган өрөөнү батыраак колго тийсин десе, анда майда аңгемелер менен ырларды бытыратып жазып сала бериши керек. Бүттү, эми эч качан колуна калем кармабайт да жазбайт. Муну ал өзүнө бекемдеп шерт берип биротоло чечти. Бирок китептери азырынча басылап аткан кезде башка бир иш менен алектенип турушу керек эле. Минтип баары жоктун баарына кайыл кайдыгер болуп жашаганга болбостур.

Бирде ал жума күнү Шелл-Моунд сейил багында кыш кыноочулардын оюн-зоогу өтөөрүн угуп, барып келейинчи деди. Мурда ал мындай кечелердин бирин да жаза кое берчү эмес, ошондуктан алардын сырын да мыкты биле турган. Мартин бакка кирип келери менен эчаккы унутулган жаштыктын элестери сезиминде дүрт этип жангандай болуп кетти. Бул жактагылар анын өз чөйрөсүнөн чыккан карапайым кишилер болчу. Өзү ушулардын арасында туулуп, чоңойбоду беле, эми алар менен көп жылдардан кийин кайрадан жолугушуп атканына жетине албай турду.

— Ой, бул Март ко! — деген үн кулагына күтүлбөгөн жерден шак дей түштү. Аңгыча болбой тааныш бирөөнүн колу аны ийинден булкуп алгандай болду, — Ой, абышка, кайда жүрөсүң? Таптакыр эле дайның чыкпай кетти го? Деңизде болдуңбу? Же кайда? Кана, кел отур, бирдеме сеп этип иели!

Бул баягы эле тааныш кампания болчу, бирок арасында жаңы кошулгандары да бар, кимдир бирөөлөр болсо көрүнбөйт. Булардын баары эле кыш кынагандар эмес болчу, бирок мындай оюз-зооктон ким эле куру калгысы келсин, каалашынча чер жаза бийлеп, өткөн кеткенден бапылдап кеп салып, анан күч сынашканна не жетсин. Мартин алар менен ичкенден кийин эле тириле түштү. «Булардан артта калган мен акмак экемин! — деп ойлоду ал. Ошол замат өзүн-өзү сөгүп, ушул өз чөйрөмдү чанып кетпегенде, билимдин артынан кубалап, жогору турган чөйрөнүн адамдарына жеткенге умтулбаганда балким азыр мындан да бактылуу болмокмун деп ичинен жемелеп да алды. Бирок пийванын даамы таптакыр баягыдай болбой калыптыр. Бриссенден аны карапайым арзан пийвадан такыр эле алыстатып салган окшобобу. Балким боз улан кезиндеги шатыра-шатман курдаштарын китептер унуттургандыр? Өзүнүн мурдагы эле калыбында экенин далилдеш үчүн павильондун ортосуна бийлемекке чыгып барды Мартин. Ошол жерден ал эжесинин үйүндө батирде турган Жим менен жолугушуп калбаспы. Ал узун бойлуу аксаргыл кызды ээрчитип келген экен, анысы дароо эле Мартинге жабыша калып атпайбы.

— Бул дайыма ушундай! — деди Жим аны шылдыңга алган достору менен Мартиндин өзүнүн кызы менен чимириле вальс бийлеп атканын карап. — Бирок мен капа болбойм деле. Анткени аны менен кезигишкениме абдан кубанып турам! Карачы, бийлегени бир шумдук мунун ия! Ушундай жигит менен бийлеген кызды ким күнөөлөйт!

Бирок Мартин сары кызды кайра Жимдин колуна тапшырды, анын мындай мырзалыгына ичи ысып чыккан Жим дароо эле бир бөтөлкөнү ошол жерден ачып жиберди да үчөө длостук үчүн деп туруп алып ийишти. Оюн күлкү кайрадан улана берди. Элдин баары Мартиндин кайтып келгенине чын дилден кубанып атышты. Анын бир да китеби жарык көрө элек болчу, демек, жолдошторунун көзүнчө эч кандай куру баага ээ эмес экен, анткени алар Мартинди Мартин болгону үчүн гана сүйүшчү. Ал өзүн дуулдаган бул чөйрөдө куугундан кайтып келген канзаададай сезип, жалгызсыраган жүрөгү мына бул чын ыкластан чыккан оюн-зооктон жылынып жатты. Мартин табында болчу. Анүстүнө чөнтөгүндө доллар шыңгырап, анын баарын аянбастан, баягы деңизден кайтып келчү кездегидей марттык менен оңду-солду чачып атты.

Кокусунан Мартин бийлеп жүргөндөрдүн арасынан Лиззи Коноллини көрүп калды, ал бир жумушчу жигиттин кучагында тегеренип жүргөн экен. Бир аздан кийин Мартин павильонду кыдырып жүрүп, муздак суусундук ичип жаткандар отурган үстөлдөрдүн бирине кыздын келип отурганын көрдү да, жанына басып келди. Лиззи Конолли бул жолугушууга чексиз кубанганы жаркылдаган жүзүнөн билинип турду, Мартиндин музыканын дүңкүлдөгү угулбаган бактын төрүрөөк жагына басып барып сүйлөшө сейилдеп келели деген сунушуна дароо макул болуп, экөө колтукташа басып кетишти. Кыздын оозунан чыккан биринчи эле сөздөн кийин Мартин анын өзүнө таандык экенин түшүндү. Муну кыздын кылгырган көздөрүнөн, чыбыктай болгон денесинин кыймылдарынан жана анын Мартиндин ар бир сөзүн тыңшап, бөтөнчө көңүл бурганынан ачык сезүүгө мүмкүн эле. Эми Лиззи баягыда Мартин менен театрдан жолуккандагыдай жаш кыз эмес эле. Ал азыр кемелине келип, көркү толукшуп турган аялзаты болгонун, бирок жаштык шайырдыгы, жандуу тирикарактыгы ошол эле бойдон экенин Мартин адегенде эле байкаган.

— Тимеле чүрөк, анык чүрөк, — деп суктана шыбырап алды эрксизден Мартин. Ал азыр «жүр» эле десе, Лиззи аны менен жердин аркы түбүнө болсо да ээрчип кете берүүгө даяр экенин сезип турду.

Так ушул ирмемде күтпөгөн жерден башына оңбогондой катуу сокку келип тийди, аз жерден жыгылып түшкөн жок. Сокку муштум менен жасалып, урган неме кыязы, анын ээгин мелжесе керек, бирок шашып кетип, жинденгенинен жаза коюп алды окшойт. Кол салган неме дагы бир жолу чапканы калганда Мартин бурула калып, буйтап кетти да, тигинин экинчи жолку урганын оңой эле тосуп койду. Ошол замат бутунан чала тээп туруп, чалкасынан түшүрдү. Бирок тиги ого бетер ызырына ордунан шап кайра тура калды: Мартин анын ачуудан өң алеттен кеткен жүзүнө карап, мынчалык душман болгудай буга эмне кылдым эле деп таң кала ойлонуп калды. Бирок таң калганы анын кезектеги чабуулун кайтарып, сулата чапканга тоскоол болгон жок. Ошол учурда тияктан Жим менен достору чуркап жетишти да экөөн арачалап калышты.

Мартиндин бүткөн бою титиреп турду. Мына арта калган бактылуу, түйшүксүз күндөр, бийлемей, куунак шапар тепмейлер, дүпүрөгөн мушташтар кайра кайтып келгендей болду! Капылеттен чыга калган каршылашын назардан кетирбей туруп, Лиззиге жалт карады. Мындай кармаштар болуп кеткенде кыздар чыйылдап чыңырып ийишчү эле, бирок Лиззи дым деп үн чыгарбай туруптур. Денеси менен алдыга умтулуп, эки колун бооруна алган бойдон дем албай туруп калыптыр, жүзү албырып, көздөрүндө чексиз суктануу бар эле.

Мартинге кол салган неме ал ортодо кайрадан тура калып, коё бербей кармап турган жумушчулардын колунан улам жулунуп атты.

— Кыз мени менен кетмек! — бакырды ал ызалана. — Мени менен бармак, бирок мына бул мынабу ары жок неме алып кетти! Коё бергиле! Мен анын акесин таанытам азыр!

— Сен жинди болупсуң! — деди аны кармап турган Жим. – Эй, бул деген Март Иден эмеспи! Сен ага катылбай эле кой, өзүңө жакшы. Талкалап коет заматта сени.

— Эмнеге анан менин кызымды алып кетет?! — болбой эле жулунуп атат тиги кыйкырып.

— Ал сендейди эмес, атагы таш жарган голландиялык Желтамандын талпагын жайган, а анын оңой эр эмес экени эсиңдеби? Мына ошону бешинчи раундда талкалаган! Сен ага бир мүнөт да каршы тура албайсың. Түшүндүңбү?

Бул кабар тиги жигитти бир аз жоошуткандай болду окшойт, Мартинди сынагансып, бутунан башына чейин дагы бир карады да, анан баштагыдай аңыраңдабастан бурк этти:

— Андай деле түрү жок го?

— Желтаман да ошентип ойлогон, — деди Жим аны ишендире. — Жүрү! Мунуңду ташта! Башка кыздар деле толуп атпайбы?

Тиги макул болгонсуду да, кампания топурап, павильонду көздөй басты.

— Бул ким эле? — Мартин Лиззиден сурады. — Эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым.

Ал мушташ баягыдай канын кызытпай калганын кейиштүү ойлоп турду. Өз жоругун талдаган адатка айлангандан бери байыркы адамдай ой жүгүртө да, сезе да албай калган экен.

Лиззи башын чайкады.

— Жөн эле бир жигит,- деди ал, — акыркы күндөрү чогуу сейилдеп жүргөм.

Лиззи бир аз унчукпай калып, анан кошумчалап койду:

— Абдан эригип жүргөм… бирок эч качан… унуткан эмесмин, — кыз үнүн басыңкыраак чыгарып, айланага мелтирей тигилип калды, — эгерде сиз мени карасаңыз, аны сиз үчүн дароо эле таштамакмын!..

Мартин аны кунт коё карап калды да, эми эреже боюнча кыздын колунан алып, кысып же кучактап өөп коюшу керек эле, бирок анын карапайым сөздөрүн угуп атып, китептин шөкөттөлгөн тилине маани бериши керекпи, жокпу, ушуну ойлоп атып…. Лиззиге жооп кайтарганды да унутуп койду.

— Сиз аны жакшылап эсине келтирип койдуңуз, — күлдү Лиззи.

— Ал чымыр жигит экен, — деди кең пейилдик менен Мартин. — Арачалабаганда эсимди оодармак экен.

— Баягыда сизди жаш айыма менен көрдүм эле, ал ким эле? — деп сурап калды Лиззи.

— Жөн эле тааныш, — деди ал.

— Андан бери канча жыл өтүп кетти, тимеле миң жыл өткөндөй, — деди Лиззи ойлоно.

Мартин эч нерсе дебей, кептин нугун башка жакка бурду. Экөө анан ресторанга барып, кымбат тамак, ичимдиктен буйрутма беришти, анан Мартин кыз менен кечке бийледи. Ал мыкты бийчи эле, андыктан Лиззи анын кучагында буту-бутуна тийбей, тимеле жыргалга бата чимирилип жатты; башын Мартиндин ийнине акырын жөлөп коюп, мындай балкыган бакыттын чексиз улана беришин каалап турду. Анан кийин экөө кайрадан бакка барышып, эски көнүмүш адат боюнча Лиззи чөпкө отура кетти, Мартин болсо, чалкасынан түшүп, башын Лиззинин тизесине жөлөп жатып алды. Ушинтип жаткан бойдон көзү илинип кеткендей, Лиззи болсо анын кайраттуу коюу чачтарын салаалап сылап отурду, көздөрүнөн махабат жанып, ушу таптагы бактысына маашыр эле.

Мартин бир аздан кийин көзүн ачып, Лиззинин көз карашынан назик ынанымды көрдү. Кыз уяла түштү да, кайра ошол замат чыйрала түшүп, чечкиндүү үнү менен минтти:

— Мен сизди ушул жылдар бою күттүм, — деди угулар угулбас.

Мартин бул ойго келбеген иш болсо да чынында ушундай экенинен эч бир шектенбей турду. Ушул жерден ээ жаа бербеген азгырык сезим аны бийлеп кетти: мына бул кызды бактылуу кылыш анын колунда эле. Өзү бактыга жетпеген соң, жок дегенде ушул кызды бактылуу кылса болбойбу? Ага үйлөнүп, өзү менен кошо Маркиз аралына алып кетсе да болмок. Азгырык ойго берилип баратып, ички сезими тык токтоткондой болду. Ал махабатына дагы эле бекем эле. Баягыдай каалагандай шапар тепкен жеңил ой, түйшүгү жок күндөр эми артта калбадыбы, ал мезгил эми жалынсаң да кайра келбес. Ал таанылгыс болуп өзгөргөн, канчалык өзгөргөнүн өзү да эми азыр түшүнүп отурат.

— Лиззи, мен күйөө болгонго жарабайм, — деди ал жылмайып.

Лиззинин сылап аткан колдору бир саамга токтой калды да, анан кайрадан Мартиндин чачтарын сылай берди. Мартин кыздын өңү сурданып, чечкиндүү боло түшкөнүн, бирок бети бат эле кайра албырып, көздөрү мээрим чача караганын байкады.

— Мен башканы айтайын дегем, — деди Лиззи уялыңкы, — бул мени, чынын айтканда, анчалык деле кабатырга салбайт. Ооба, — деди ойлуу кайталап, — бул мени көп деле тынчсыздандырбайт. Мен сиз менен достошконума сыймыктанам. Сиз үчүн баарына даярмын. Мүмкүн, мен өзүм ушундай киши окшойм!

Мартин жаткан жеринен туруп отурду. Лиззини колдон алып, бекем сыга кысып койду, бирок кол кысканында эч кандай ышкынын оту жок эле, мындан Лиззиге муздак шамалдын илеби жаба бергендей сезилди.

— Муну кеп кылбай эле коёлучу, — деди ал.

— Сиз жароокер, кең пейил кызсыз, — деди Мартин, — сиз менен достошконума мен сыймыктанышым керек. Чынында эле мен буга сыймыктанам! Сиз мен үчүн көрдөй караңгы дүйнөдөн тийген жарыктын шооласындайсыз, ошондуктан сиз мени менен кандай ачык болсоңуз, мен да сиз менен ошончолук ачык болгум келет.

— Мага сиз ачык болосузбу, жокпу, баары бир. Сиз мени эмне кылсаңыз, өзүңүз билесиз. Балчыкка ыргытып салып, тепсесеңиз да мейли. Бирок муну сиз гана кыла аласыз, — деген кыз башын сыймыктуу көтөрдү, — мен бекеринен кенедей кезимдин өзүмдү өзүм билген эмесмин!

— Дал ошондуктан мен сиз менен досторчо ачык мамиле кылышым керек, — деди Мартин мээримдүү. — Сиз абдан адамкерчиликтүү, асыл жансыз, мен да ошого жараша мамиле кылууга тийишмин. Мен үйлөнө албайм… ооба, мен үйлөнбөй туруп сүйө да албайм. Мен сизди бүгүн жолуктурганыма абдан өкүнүп турам. Бирок эч нерсе кыла албайсың, Лиззи! Ишенсеңиз, мага канчалык жагып турганыңызды түшүндүрүүгө сөз да таба албайм. Сизге суктанам жана башымды ийем. Сиз чынында эле абдан мыкты кызсыз! Бирок сиз муну айткандын пайдасы канчалык дээрсиз, туурабы? Мен сизге бир гана жакшы иш жасагым келип турат. Сиздин жашооңуз абдан оор болгон. Мен аны жеңилдеткенге уруксат этиңиз! — Лиззинин көздөрүнөн сүйүнүч жылт эте түшүп, кайра ошол замат өчтү. — Жакында мен өтө көп акча аламын! Өтө көп акча!

Ушул замат ал өрөөн, булуң жана камыш алачык менен ак яхта жөнүндө унутуп салды. Чынында, анын баарынын ага эмне кереги бар? Каалаган кемесине түшүп алып, каалаган жагына сүзүп кете берет эмеспи.

— Мен ал акчаларды сизге бергим келип турат. Сиз бир курска кирип, кандайдыр бир кесипке ээ болуп алсаңыз да болот. Кааласаңыз, стенографистка болуп алыңыз. Мен сизге өзүм жардам берем. Мүмкүн сиздин ата-энеңиз али тирүүдүр? Эгер бар болсо, мен аларга маселен, чакан азык-түлүк дүкөнүн да сатып бермекмин. Эмне каалай турганыңыздын четин эле чыгарып коюңузчу, мен баарын жасап берем.

Лиззи унчукпай, алдын карай мелтиреп тиктеген бойдон отурду, Мартинге эч нерсе деп жооп да бербеди. Мартин ушул мүнөттөрдө кыздын эмнени сезип атканын ачык түшүнө коюп, жүрөгү аянычтан мыкчылып кетти. Айтпай эле койсо болмок экен мунун баарын. Анын сунуш кылып аткандары Лиззинин ага берерине салыштырганда болбогон эле бир нерсе болуп көрүндү. Сүйүүнүн ордуна — акча берип атпайбы! Ал Лиззиге өзүнөн арткан нерсени сунуш кылып отурат, ал эми кыз болсо, уят-сыйыттан да, шылдыңдан да, түбөлүк азаптан да коркпостон, ага өзүн бүт бойдон арнап жатпайбы.

— Ал жөнүндө сүйлөшпөй эле коёлучу, — деди кыз, тамагына бирдеме тыгыла калгандай, жөтөлүп. — Кетеличи! Абдан чарчадым!

Оюн-тамаша эчак аяктап, бир да жан калбай, баары тарап кетишиптир. Бирок Мартин менен Лиззи бактан чыгып келе жатып өздөрүн күтүп турган топ караанды көрүштү. Мартин иштин жайын дароо түшүндү. Согушканы турушса керек. Булар Мартин менен Лиззини коргогон жолдоштору эле. Алар Мартин менен кызды тосмого дейре узатып коюшту. Аңгыча башка жактан дагы бир топ чыга келди. Булар баягы Мартин кызын «тартып» алган жигиттин достору эле. Азыр бирдеме болуп кетерин сезген бир нече полицейлер буга жол бербес үчүн жакындап келип, эки топту тең Сан-Фраңциского кетип бараткан поюзга чейин узата басышты. Мартин Жимге Он алтынчы көчөдөн түшүп, оклендке кетчү трамвайга түшүп кетерин эскертип койду. Лиззи болсо мунун баарына көңүлкош кайдыгер эле.

Поезд он алтынчы көчөгө келип токтоду. Ушул замат бекетте күтүп турган трамвайдын кондуктору элди шаштыра коңгуроону катуу каккылап кирди.

— Бол эрте, отура калгыла! — кыйкырды Жим. — Тез! Кете бергиле! Тигилерди болсо биз токтотуп турабыз.

Берки каршылашкан топ адегенде бул амалга башы жетпей турду да, анан вагондон секирип түшүшүп, качкындардын артынан кетишти.

Трамвайдагылар шашып-бушуп, чуркап кирип, алды жактагы эки бош орунга отура калышкан жарашыктуу кийинген жаш мырза менен татынкай кызды көрүштү. Отургандардын бири да бул жуптун вагондун тепкичине секирип чыга калып вагон башкаруучуга кыйкырып аткан Жимге тиешеси бар экенин ойлоп да койгон жок. Жим болсо:

— Эй достум, бол, зуулдат эми, эч кимди киргизбе! — деп кыйкырып жатты.

Ошол замат ал жерге секирип түшүп, трамвайга кирүүгө жутунгандардан муштуму менен коргонуп кирди. Мушташуу трамвайдын сыртын бойлой уланды, Жимдин достору ачык вагондун узун тепкичтерин бүт ээлеп, муштумдар тапырап ишке кирди. Трамвай катуу чыккан коңгуроодон улам ордунан козголгондо Жим менен достору тепкичтерден секирип түшүп кала беришти. Ошентип салгылаш талаасы артта калды, бирок отурган жүргүнчүлөрдүн биринин да башына бул салгылаштын себепкери тетиги отурган жарашыктуу кийинген мырза менен татынакай кыз тура деген ой келген жок.

Салгылашуу Мартиндин канын кызытып, эчаккы күжүрмөн ышкысын козгоп кеткендей болду. Бирок ошол эле замат кайрадан мурдагы көнүмүш маайына кайтты да жан дүйнөсү ээндей түштү. Ал эми онтоорго оорусу жок, шамалдай эркин мына бул жаштык курдаштарынан бүтүндөй бир кылым улгайып кеткен эле. Басып өткөн жолу ушунчалык узак болгондуктан, артка кайтууга эч бир болбос эле, аны ойлоп да кереги жок болчу. Аны мурдагы жашоо образы тартмак түгүл, кайра түртүп турду. Досторунан таптакыр эле четтеп кетиптир. Алардын турмушу эми ага эчак унутуп калган арзан баа пийванын даамындай жагымсыз эле. Ал абдан алыс кетип калыптыр. Өзү менен досторунун ортосун эми миңдеген китептер дубал сыяктуу бөлүп турду. Мындай абалга достору эмес, өзүн өзү кириптер кылбадыбы. Аны артка кайтууга мүмкүн болбогон акыл-эстин чексиз мейкиндигине жасаган саякаты оп тартып кетиптир. Бирок ал деле пенде болгондон кийин аны дагы эле адамдардын чөйрөсүнө тартып турду. Азырынча өзүнө башбаанек болор мекен жай таба элек. Аны достору да, тууган-туушкандары да, жаңы буржуй тааныштары да, алтургай, өзү абдан жогору баалап сыйлаган мына бул кыз да түшүнбөйт. Муну Мартин кейишке бата ойлоп турду.

— А жигит менен кайра жарашып алыңыз, — деп кеңеш берген болду Мартин Лиззиге, аны базар менен Алтынчы көчөнүн ортосунда турган жумушчу көчөсүндөгү үйүнө чейин узатып келгенде.

Жарашып ал деп Мартин Лиззинин жанагы тааныш жигитин айтыбаткан эле.

— Эми… жараша албайм, — деди ал жооп кыла.

— Болбогон кеп! — Мартин тамашалай куунак кыйкырды. -Көз ымдап койсоңуз өзү эле чуркап келет.

— Иш анда эмес, — деди Лиззи токтоо гана.

Мартин анын эмне айтайын дегенин эң сонун түшүнүп турду.

Лиззи күтүлбөгөн жерден Мартинге кынала түштү. Бирок бул кыймылында эч кандай өкүмдүк менен опсуздук жок эле. Бул тартынчаак жана тагдырга баш ийгендик болчу. Мартин дил түпкүрүнө чейин чексиз ыраазы болуп кетти. Кызды ушунчалык аягандыктан, бекем кучактап, өөп жиберди.

— О, Кудайым, — деди бышактаган кыз. — Мен сиз үчүн өлүмгө да даяр элем!.. Сиз үчүн өлсөм арманым жок!..

Ушуну айтты да ошол замат Мартиндин кучагынан суурулуп чыгып, дарбазага кирип көздөн кайым болду. Мартиндин көздөрүнө жаш кылгыра түштү.

— Мартин Иден, — деди ал күбүрөп, — сен айбан эмессиң, бирок эч нерсеге жарабаган ницшеанчысың. Сен ушул кызга үйлөнүп, аны ушунчалык өзү умтулган бактысына жеткирүүгө тийиш элең. Бирок бул иш сенин колуңдан келбейт. Мунуң уят жана шермендечилик! «Кайырчы чал зарын айтып даттанат» деди күңк этип, анан Гэнлинин: «Биздин бүткүл жашообуз – катачылык менен шермендечилик!» дегенин эстеди. Ооба, биздин бүткүл жашообуз — катачылык менен шермендечилик!

XLIII ГЛАВА

«Күндүн осолдугу» октябрда жарыкка чыкты. Мартин колундагы автордук алты даана китеп салынган почтолук бандеролду ачып жатканда көңүлү кападар эле. Ал ушул окуя эгерде мындан бир нече гана ай мурда болгондо, кандай жетине албай кубанмак эле, азыркы сабыры суз маанайы таптакыр кубанычка окшошпой турду. Кол астында анын китеби – алгачкы жарык көргөн китеби жатты, бирок дилинде кейиш менен жанды эзген кусалыктан башка эч нерсе жок эле. Эми мунун баарына кайдыгер, баарына көңүлкош болчу. Албетте, бул китебине бир топ акча алат, бирок ага азыр акчанын эмне кереги бар?..

Китептеринин бирин алды да, ашканада олтурган Марияга алып келип көрсөтүп:

— Бул китепти мен жаздым, — деп түшүндүрдү, ал Мариянын айран-таң кала түшкөнүн көрүп, — мен бул китепти мына ушул жерде жазгам, мында сиздин сорпоңуз да бир топ ролду ойногон. Ошондуктан ушул китепти алып, эстеликке сактап коюңуз. Муну көргөндө мени эстерсиз.

Мартиндин Марияга мактанайын деген деле ою жок болчу. Жөн гана аны сүйүндүрүп, Мариянын ишенимин актагысы келген. Кожейке китепти алды да ашканадагы үй-бүлөлүк библия менен катар коюп койду. Өзүнүн үйүндө батирде жашаган адам жазган бул китеп ага достуктун ыйык тумары сыяктуу эле. Эми Мария Мартиндин мурда кир жуугучканада карапайым жумушчу болуп иштегенин да кечирди. Ал китептин бир сабына да түшүнбөгөнү менен алардын эң сонун жазылганынан эч бир күмөн санаган жок. Бул кембагал, оор турмуштун запкысын тартып келаткан карапайым аял баа жеткис бир асыл сапатка эгедер эле, — анда ишеним бар эле.

Мартин автордук нуска сыяктуу эле, китепке келип түшкөн жакшы пикирлерге да таптакыр кайдыгер мамиледе болду. Китеп аябагандай ызы-чуу жаратканы анык болчу. Бул болсо анын алтын мүшөгүнө келип түшө турган киреше эле. Эми Лиззини жайгаштырып, бардык убадаларын аткарган соң эңсеген камыш ордого кете берсе болот.

Дарнлей жана Ко фирмасы этияттанып атып болгону миң беш жүз гана нуска кылып басып чыгарган эле, бирок алгачкы эле берилген жогору баадан кийин фирма анын китебин экинчи жолу үч миң, анын артынан эле үчүнчү жолу беш миң нуска менен басып чыгарды. Лондондук бир фирма анын китебинин англис тилинде басылып чыгышы боюнча сүйлөшүүлөрдү баштап, Франциядан, Германиядан жана Скандинавиядан болсо китептин котормосунун шарттары жөнүндө суроо талаптар келип жатты. Метерлинктин философия мектебине чабуул коюу да так болжогондой өз учурунда болгон экен. Айгышкан катуу тартышуулар башталды. Салиби менен Геккель «Күндүн осолдугун» коргоп чыгышты, анткени алар Мартиндин негизги көз караштарын туура деп табышты. Крукс менен Уоллес каршы чыгышты, сэр Оливер ЛоЖ болсо, Мартиндин ымалага келтирген көз карашы менен өзүнүн космостук философиясын байланыштырган түйүндү издөөгө тырышты. Метерлинкти жактоочулар мистицизмдин туусу алдында топтолушту. Честертон дүйнөнү өзүнүн мода болгон теманы калыс түшүндүргөн чукугандай сөз тапкан очерктери менен күлгөнгө мажбурлады, бирок мунун баарын Бернард Шоунун күркүрөгөн үнү басып кетти. Бул улуу акылгөйлөрдөн башка да толубаткан кичирээк жылдыздар сахнага чыга келишти – айтор, болуп көрбөгөндөй ызы-чуу кулачын жайганын айтпай эле койсо да болот.

«Бул мурда болуп көрбөгөндөй окуя, — деп жазды Мартинге Дарнлей жана К° фирмасы, — философиялык сын китеп кадимки роман сыяктуу колдон колго талаша тарап жатат. Сиз жакшыраак теманы тандап ала албасаңыз да китептин чыгышы үчүн эң сонун ыңгайлуу шарттар бар. Ошондуктан биз бул учурду колдон келишинче пайдаланып каларыбызга бекем ишене берсеңиз болот. Кошмо Штаттарга сиздин китебиңиздин кырк миң даана нускасы тарап кетти, учурда биз дагы жыйырма миңден турган нусканы басып чыгарууга даярдап атабыз. Биз муктаждыкты араңдан зорго камсыздап жатабыз. Рекламанын өзүнө эле биз беш миң доллардан ашуун акча сарптадык. Бул китеп бардык рекорддорду басып түшөт.

Муну айтуу менен биз сиздин жаңы китебиңизге келишим долбоорун жөнөтүп жатканыбызга сыймыктанабыз. Байкасаңыз, сиздин калем акыңызды жыйырма пайызга чейин көбөйттүк, бул биз сыяктуу салмактуу фирма үчүн эң жогорку коюлган акы болуп саналат. Эгерде сиз ушул шарттарды туура деп тапсаңыз, анда келишимдин бланкасына өзүңүздүн китебиңиздин атын жазып коюуңузду суранабыз. Биз сиздин китебиңиздин мазмууну боюнча эч кандай шарт койбойбуз. Китебиңиз кайсы темага, кандай китеп болбосун, кабыл алганга даярбыз. Эгерде басууга даяр бирдемеңиз бар болсо, андан бетер сонун. Көпкө создуктуруунун кереги жок. «Темирди кызуусунда сок» дейт эмеспи.

Биз сизден колуңуз коюлган келишимди аларыбыз менен эле, сизге беш миң доллар өлчөмүндө аванс жиберебиз. Сиз көрүп тургандай, сизге болгон терең ишеничибизди билдирүү үчүн биз эч кандай чыгымдарды аябайбыз. Баса, сиздин бардык чыгармаларыңызды белгилүү бир мөөнөттүн ичинде, айталык, он жылга толук басып чыгаруу укугу жөнүндө сиз менен макулдашсак болот эле. Муну кийинчерээк сүйлөшөлү!».

Мартин катты ары койду да эсептеп кирди, он беш центти алты миңге көбөйтсө тогуз миң доллар чыкты. Ал келишимге колун коюп туруп, анын баш жагына «Шаттыктын түтүнү» деген жаңы китебинин аталышын жазды да, бир кезде гезитке жарачу фельетондорду жазуунун жолун тапканга чейин жазып койгон жыйырма чакты чакан аңгемелерин кошуп салып жиберди. Арадан эч канча өтпөй, америкалык почтонун болгон тездиги менен беш миң доллардык чек колуна келип тийди.

— Мария, сизден суранам, саат экилерде мени менен шаарга барып келсеңиз, — деди Мартин, чекти алгандан кийин, — же экөөбүз туптуура экиде Бродвей менен Он төртүнчү көчөнүн бурчунан жолугушалы, болобу?

Мария так белгиленген убакта келди; ичинен абдан кызыгып турса да, ою эки жуп батиңкеден ары өткөн жок. Ошондонбу, Мартин аны бут кийим саткан дүкөндөн кыя өтүп, кандайдыр бир мекемеге ээрчитип келгенде супсуну сууй да түштү.

Бирок андан кийинки болгон окуяны Мария эзели унутпастыр. Кычырап кийинген сыпайы сылык жылмайган мырзалар Мартин менен, анан өз ара бирдемелерди сүйлөшүп жатышты. Машинке тарсылдап иштеп кирди. Анан кандайдыр бир маанилүү баракка колдорун коюшту. Ал жерде Мария турган үйдүн ээси да бар болуп чыкты, ал да жанагы кагазга колун койду.

Алар эшикке чыкканда, үйдүн кожоюну Марияга бурулуп мындай деди:

— Эми Мария, ушул айдан тарта сиз мага жети жарым доллардан акы төлөбөйсүз.

Далдыраган Мария байкуш айран-таң кала эмне дээрин билбей калды.

— Ооба, кийинки айларда да төлөбөйсүз, — деди кожоюн сөзүн улантты.

Мария жакшылык кылып аткан деп ага чексиз ыракматын айтып кирди. Бирок үйгө кайтып келип кошуналары менен, адегенде эле португалдык дүкөнчү менен сүйлөшкөндөн кийин өзү көп жылдардан бери жашап турган бул кичинекей үй мындан ары өзүнүн менчигине өткөнүн ошондо билип атпайбы.

— Менден эч нерсе албай калдыңыз го? — деп калды португалдык дүкөнчү трамвайды көздөй кетип бараткан Мартинден.

Мартин эми тамакты өзү жасабай калганын айтканда, дүкөнчү аны сыйлап коеюн деди окшойт, бир шише виносун ачып жиберди. Сыйлаганда да дүкөндөгү эң мыкты деген виносун алып чыкты.

— Мария, — деди Мартин ошо күнү кечинде, — мен сиздикинен кетип атам. Сиз деле жакында бул жерден кетесиз. Үйдү батирге берип коюп, акчасын айына алып турсаңыз болот. Билишимче, сиздин Сан-Леандродобу же Гэйуордстобу сүт чарбасы менен алектенген иниңиз бар беле? Кардарларга алган кирдин баарын жуубай кайтарыңыз, түшүндүңүзбү, жуубай туруп! Анан Сан-Леонадрого же Гейуордско, кыскасы, иниңизге барыңыз. Ага айтсаңыз, мага жолуксун, аны менен сүйлөшө турган сөзүм бар. Мен Окленддеги «Метропол» мейманканасында жашамак болдум. Балким анын сатып алсам деп жүргөн ылайыктуу сүт фирмасы бардыр.

Ошентип Мария өзүнчө үйдүн да, ферманын да кожоюну болуп чыга келди: колунда оор иштерди аткарган эки кызматчысы бар, балдары эми тоюнуп, кийинип, мектепке барып атса да банктын эсебиндеги акчасы көбөйө берди. Жомоктогу канзаадага жолугуу ар кимдин эле бактысына буюра бербейт эмеспи. Бирок кара жумуштан башы чыкпаган, эч кандай канзаадалар жөнүндө да кыялданбанган караңгы Мария, мындай канзааданы күтүлбөгөн жерден кир жуугучкананын мурдагы жумушчусунан жолуктурду.

Ал ортодо элдин баары Мартин Иден деген ким болду экен дешип кызыга башташты. Ал өзүнүн өмүр баяны жөнүндө басмаканаларга маалымат бергенден баш тартса да ач кенедей жабышкан гезиттерден кутулуп кетүү оңой эмес болуп чыкты. Мартин Окленддин тургуну болчу, ошондуктан шимшилеген кабарчылар аны бала кезден бери тааныган бир нече адамдарды таап алышты. Ошентип гезиттерде анын ким болгону, ким болбой калганы, эмне менен алектенгени, эмне менен алектенбегени туурасында кенен баяндаган макалалар гезит беттерине жайнап кетти. Мартин Иден бир кезде барып сүрөткө түшкөн эпчил фотограф таап чыгып, көбөйтүп чыгарган сүрөттөрү сатыкка да чыгып кетти. Мартин адегенде мындай ызы-чууга каршы күрөшмөйүн деп аракет кылды, анткени анда журналдар менен буржуазиялык коомго карата жактырбоо сезими дагы эле күчтүү болучу. Бирок акыры баарына кол шилтеп койду, ошентсе жаны калабы деги. Аны атайын алыстан издеп келишкен кабарчыларга маек бергенден баш тартып койгондон да тартынчу. Анүстүнө окуп жазганды токтоткондон кийин убакыт деген таптакыр эле токтоп калгандай, жылжып калган бош сааттарды эмне менен алектенип өткөрүп, кантип кеч киргизерин да билбейт. Ошондуктан өзүнө бир арзыбаган эрмек тапты, журналисттер менен аңгемелешип, өзүнүн адабий жана философиялык көз караштарын баяндап жатты, анан бай буржуйлардыкына конокко чакырганын да кабыл алууну туура көрдү. Күтүлбөгөн жерден башынан келип басып калган мындай бейкуттук, мемиреген тынчылык жашоосун толугу менен бийлеп алганына өзү да таң. Эч нерсе менен иши жок болуп калды. Ал жамандык жасагандардын баарына кайрымдуулугун көрсөтүп, болгон айыбын кечирди, алтургай, баягыда өзүн элге уят кылып макала жазган жаш кабарчыны да кечирди, кечирмек тургай, ага Мартин Иден туурасында сүрөтүн кошо басып, бүтүндөй бир тилке жазганга да уруксат берди.

Кез-кезде Лиззи менен жолугушуп коет, байкаса Лиззи Мартиндин мартабасы жогорулап бара жатканын ичинен кейигендей түрү бар. Анткени бул жагдай экөөнүн ортосун бөлүп турган аралыкты барган сайын тереңдетип атканын кыз сонун билип туру да. Балким, Лиззи ортодогу ажырымды жакындатыш үчүн анын кеңешин уккандыр, кечки мектепке барып, стенографиянын курсун кымбат экенине карабай окуп аяктаганы да ошондондур. Атүгүл, таанымал бир чебер аялга буйрутма берип, келишкен кымбат көйнөк да тиктирип алганы бар. Лиззинин ийгиликтен ийгиликке ылдам жетишип атканы Мартинди туура иш кылып жатамбы, же жокпу деген ойго да түртпөй койгон жок. Анткени мунун баарын Лиззи ал үчүн жасап атпайбы. Лиззинин самаганы Мартиндин көзүнчө ага жаккан, ал жогору баалаган сапаттарга ээ болсом деген каалоосу күч эле. Мартин болсо ага эч кандай ишенич бербестен, сейрек жолугушуп, бир тууган агасы сыяктуу эле мамиле жасап жүрө берди.

«Кечиккен» деген чыгармасы Мартиндин атагы дүңгүрөп турган мезгилде жарыкка чыкты, чыгарма беллетристика болгондуктан, «Күндүн осолдугуна» караганда кыйла жогору ийгилик жаратты. Эки китебине тең китеп базардагы муктаждык жогору экенине караганда, мындай окуя дегеле болуп көргөн эмес. Карапайым окурмандар да, «Күндүн осолдугуна» ышкысы түшкөндөр да повестти баш көтөрбөй окуп атышты, анын көркөмдүгүнө, жазуучунун укмуштай чеберчилигине, таасын талантына тан берип атышты. Мартин Иден мистицизмге теориялык жактан жаңы эле сокку урган эле, эми болсо, чыныгы адабият кандай болорун иш жүзүндө далилдеп көрсөтүп отурат. Ошентип анын сынчылык генийи менен жазуучулук генийи бири бирине эң сонун жуурулушуп турду.

Акча ага суудай агылып келип жатты, даңкы өскөндөн өсө берди, бирок ийгилик аны кубандыргандан көрө, бир нерсеге кызыктырып турду. Аны таңгалдырган түккө жарабас бир факты эле, буга Мартин өзү да башы жетпей туру. Судья Блоунт аны конокко чакырыптыр! Бул өзүнчө алганда батекке жарабаган окуянын бирок улуу мааниси бар эле, ошого жараша натыйжасы да болмок. Мартин Иден судья Блоунтту акаарат кылбады беле, аны менен эч бир ызат сыйы жок кескин кагып сүйлөшпөдү беле, эми ошол судья Блоунт көчөдөн жолугуп, аны чайга чакырып атпайбы. Мартин аны менен Морздордун үйүндө бат-баттан жолугушуп турганын эстеди, анда аны чайга чакыруу судьянын оюна да келген эмес эле. «Эмне үчүн мени ошондо конокко чакырган жок?» — деп Мартин өзүнөн өзү сурап атты. Ал эч бир өзгөргөн жок, ошол Мартин Иден бойдон эмеспи. Анда айырма эмнеде? Китептеринин жарыкка чыкканыбы? Бирок алар эчак эле жазылбады беле? Андан бери ал бир сап да жазган жок. Китептеринин баары дал ошол судья Блоунт жалпыга маалым көз карашты коргоп, аны да, Спенсерди да шылдыңга алган кезде жазылган эмес беле. Эми судья Блоунт аны азыркы жараткан ийгиликтери үчүн эмес, ириде алардын көлөкөсү үчүн чакырып атпайбы.

Мартин бул чакырууну жылмая гана кабыл, алып, өзүнүн кичи пейилдигине өзү таң калды. Дасторкон үстүндө айымдардан башка беш-алты менменсинген мырзалар олтурган экен, алардын арасында Мартин өзүн шексиз «арстан» сезип отурду. Судья досу Хэнуэллдин кызуу колдоосу менен судья Блоунт Мартинден аны жалаң байлар эмес, кандайдыр бир өзгөчө жетишкендиктери менен айырмаланган адамдар кире ала турган «Стикс» клубунун кадырлуу мүчөсү кылып жазып коюуга уруксат сурады. Мартин буга ого бетер таң калды, бирок сунуштан акырын гана баш тартып койду.

Ал мурдагыдай эле өзүнүн кол жазмаларын басмаканаларга бөлүштүрүп таратуу менен алек болуп жатты. Басмаканалар болсо ага үстөк-босток мактоо менен жактыруу каттарын жаадырып жатышты. Алар бир ооздон аны мыкты стилист деп эсептеп, анда форманын кооздугу астында бай мазмуун катылып жатат дешти. «Түндүк баяндамасы» анын «Сулуулуктун бешиги» аттуу көлөмдүү макаласын басып чыгарып, андан дагы ушул сыяктуу беш-алты мазмундуу макаланы жиберүүсүн өтүнүп кайрылды, Мартин болгон эски запасын коротуп, алардын өтүнүчүн аткарууга эмеле киришти эле, күтүлбөгөн жерден «Бэртондун журналы» ага ар бири беш жүз доллардан турган беш макала жазып берүүгө буйрутма кылып калбаспы.

Мартин макул экенин айтып жооп жазды, бирок беш жүздөн эмес, миң доллардан жазып берерин айтып, шартын койду. Бир кезде бул кол жазмаларынын эми биринен бири талашып жаткан ушул журналдар тарабынан четке кагылганын ал унута элек болчу. Алардын кош көңүл, стандарттуу жооптору дагы эле эсинен кете элек. Алар аны ошондо каалагандай шылдыңга алган болсо, эми алардын өзүлөрүн да так ошондой шылдыңдагысы келип турду. «Бертондун журналы» Мартин каалагандай беш макалага акчаны төлөп, калган төрт макаласын дагы бир башка ири журнал ушундай эле шарт менен илип кетти. «Түндүк баяндамасы» абдан эле кедей болгондуктан, алар менен теңтайлашканга чамасы келген жок. Ошентип анын: «Кереметтин кулдары», «Кыялкечтер», «Биздин «мен» дегенибиздин чени», «Иллюзиялардын философиясы», «Кудай жана жырткыч», «Искусство жана биология», «Сын жана түтүкчөлөр», «Жылдыз чаңы», «Сүткорлуктун күчү» деген чыгармалары жарык көрдү. Булардын баары тең узакка дейре тынчыбаган ызы-чуу жаратты.

Китеп чыгаргандар Мартинден каалаган шартын өзү айтуусун суранып атышты, ал баш тартпастан макул боло берди. Бирок басканга мурда жазылган нерселерди гана берип атты, ар кандай жаңы иштен таптакыр баш тартып койгон эле. Кайрадан колуна калем кармоо туурасындагы ой аны зааркантып жиберчү. Ушул топураган караламан бетпактар бир кезде Бриссенденди тытып жеп жибере жаздаганы эзели эсинен кетпес, ошондуктан ал аларды алакан чаап турганына карабай, дагы эле жек көрүп келатат. Өзүнүн атакка жетишкенин Мартин Бриссендендин арбагын акаарат кылыбаткандай сезип жатты. Жек көргөнүнөн ирең–башы бузулуп турса да бирок артка кайтууга ниети жок эле, анткени мүшөгүмдү алтынга толтуруп алсам болду деген бекем чечимге келген эле.

Мартинге басмаканалардан момундай маанидеги каттарды бир канча жолу алууга туура келди.

«Мындан бир жыл мурда биздин зор өкүнүчүбүзгө жараша, сиздин лирикалык ырларыңыздын циклин жарыялоодон баш тартып койгон элек. Ал ырларыңыз ошондо эле бизге чексиз таасир эткен болучу, бирок ар кандай шарттар тоскоолдук кылгандыктан, ал ырларыңызды ошол кезде пайдалана албаганбыз. Эгерде ошол ырларыңыз али жарык көрө элек болсо, бизге салып жиберүүңүздү көптөн көп суранабыз, буга өзүңүз канааттана тургандай калем акы аларыңызды да эскерте кеткибиз келет. Биз аларды сизге абдан пайдалуу шарттарда өз алдынча китеп кылып чыгарганга да макул болор элек».

Мынчалык суранып атышкандан кийин деп Мартин ыр ордуна бир кезде уйкашы жок ак ыр түрүндө жазылган трагедиясын жөнөтүп жиберди. Аны жөнөтөөрдө дагы бир жолу окуп чыгып, айласыз начарлыгына жана өтө эле ыксыз шаңдуулугуна таң калды. Бирок ага карабастан жөнөтүп жиберди, аны басып чыккан журнал болсо жууса кеткис уятка калды. Кыжыры кайнаган окурмандар даңкы таш жарган Мартин Иден кантип эле ушундай болбогон келжирек бирдемени жазсын дешип ызы-чуу түшө жатып калышты. Бул деги эмне: алдамчылыкпы, же Мартин Иден Дюма-атаны туурап, чыгармасын башкаларга жаздырып калганбы дегендер чыкты. Бирок кийинчерек бул чыгарма Мартин Идендин боз бала курагындагы «алгачкы аракети экени жана аны Идендин даңкынан улам көрбөй байкабай калган журнал чыгарып ийгени ачыкка чыкканда, элдин баары каткырып, редакциянын коллегиясы болсо кызматынан шыпырылып кетти. Ошол бойдон трагедия өзүнчө китеп болуп чыкпай калды, бирок басмаканага түк боору ачыбаган Мартин Иден, келген авансты өзүнө калтырып койду.

Кайсы бир жумалык Мартинге баасы кеминде үч жүз доллар турган узун телеграмма салып жибериптир, анда Мартинден ар бири миң доллардан турган жыйырма очерк жазып жиберишин өтүнүшүптүр. Бул ишти аткарыш үчүн Мартин жумалыктын эсебинен Кошмо Штаттарды кыдырып чыгып, өзүн кызыктырган теманы тандап алышы керек экен. Телеграммада басмакананын пландары, ойлору канчалык кеңири экенин айгинелеген бир нече болжолдуу темалар да тизмектелиптир. Бул Мартиндин тандоосу канчалык эркин экенин ачык көрсөтүү эле. Ага коюлган бир гана шарт — Кошмо Штаттардын чегинен чыкпашы керек.

Мартин жооп кайтарып, мындай сыйлуу сунуштан пайдалана албасын айтып, өзүнүн абдан өкүнгөнүн билдирди.

«Уоррендин ай сайын чыгуучу» журналына басылып чыккан «Вики-Вики» повести болуп көрбөгөндөй шумдук ийгиликке ээ болду. Андан көп өтпөй эле өзүнчө кооз китеп болуп чыгып, саналуу күндөрдө тарап кетти. Бул чыгарманы сынчылар жапырт классикалык чыгарма деп эсептешти.

Бирок «Шаттыктын түтүнү» деген аңгемелер жыйнагы айрым түшүнбөстүк, алтургай, салкын кабыл алынды. Буржуазиялык коом тайманбаган, аша чапкан мораль менен өйдө-ылдый талкууларды тоготпоочулуктан эси чыкты. Бирок китептин Парижде французча котормосу жарык көрүп, зор ийгиликке ээ болору менен Англия, Америкада анын китебин баса калышты, Мартин болсо «Дарнлей жана К°» фирмасынан өзүнүн үчүнчү китеби үчүн жыйырма беш, төртүнчү китеби үчүн отуз пайыз төлөшүн талап кылды. Аталган эки китепке Мартиндин мурда ар кайсы журналдарга чыккан аңгемелери бүт кирген болучу. «Коңгуроо үнү» менен бардык «укмуштуу» аңгемелери биринчи томду түздү. Экинчи томго «Укмуштуу окуя», «Казан», «Турмуш шарабы», «Айлампа», «Куунак көчө» жана дагы бир нече аңгемелер кирди. Мындан башка макалаларынын толук жыйнагы, «Деңиз ырлары» жана «Сүйүү жөнүндөгү сонеталары» кирген ырлар тому кирди. Акыркы эки ыры адегенде Мартинге болуп көрбөгөндөй калем акы төлөп берген «Аялдардын жандоочусу» деген журналда басылып чыккан эле.

Мартин эң акыркы кол жазмасы кабыл алынган соң жеңилдей түштү. Эми баягы эңсеген камыш ордосу менен ак яхтасы кол сунса жетчүдөй жакын эле. Ал акыры Бриссендендин бир да нукура көркөм чыгарма журналдардын бетине чыкпайт деген пикирин баары бир жокко чыгарды. Бриссендендин жаңылышканын өзүнүн мисалында ачык далилдеди. Ошенткени менен Мартин ичинен досунун айткандары баары бир туура экенин сезип турду. Анткени так Бриссенден айткандай, анын ийгиликтеринин башаты «Күндүн осолдугу» болбодубу, калгандары кокусунан эле кетпедиби. Бул чыгармалардын баары далай жолу журналдар тарабынан четке кагылып келген эле го. Так «Күндүн осолдугунун» жарыкка чыгышы оңбогондой ызы-чуу менен талаштарды жаратты, мындай жагдай анын атак-даңкынын көкөлөп кетишине тикеден тике себепкер болуп берди. Эгерде «Күндүн осолдугу» жарык көрбөгөндө талашып-тартышуу да болмок эмес, андыктан «Дарнлей жана К°» мойнуна алгандай, бул китептин ийгилиги чынында эле керемет болду. Фирма адегенде бир жарым миң нускадан ашык китепти басып чыгарууга дааган эмес, себеби булар өтө тажрыйбалуу, дасыккан басмакана болчу, бирок китептин ийгилиги алардын да жакасын карматып, оозун ачырды. Мындай ийгиликти булар дегеле уккан да, көргөн да эмес. Мындай сезимден ажырагысы келбеген фирма өзүнүн урмат көрсөтүп жазган каттарында бул сырдуу, эч нерсе түшүндүрүп болбогон ийгиликке таң калганы сезилип турбадыбы. Алар мунун сырын өзүлөрүнө түшүндүрүүгө аракеттенген да жок. Мында түшүндүрүү деген таптакыр жок болсо эмнени айтмак. Ушундай болмок экен, болду. Муну ким ойлоптур да, ким болжоптур!

Ушунун баарын оюнан сыдырган Мартин өзүнүн атагын анчалык эле жогору баалаган жок. Анын китептерин тытып окуган да, мүшөгүн алтынга толтуруп аткан да буржуазия эле, буржуазия болсо (Мартиндин буга ишеними бекем эле) анын чыгармаларынан эч нерсени түшүнмөк эмес. Анын китептерин талашып сатып алып аткан жүздөгөн, миңдегендер үчүн алардын кооздугу менен мазмууну бир тыйынга арзыбас эле. Өзү болгону кудайлардын кең пейилдүүлүгүнөн пайдаланып, Парнаска чыгып алган ооматтуу тагдырдын эркеси, капылеттен жазуучу атанган неме эле. Аны жүз миңдеген адамдар Бриссендендин «Эфемеридасындай» эле баса калып, анан быт –чытын чыгара үзүп тытып кетишкендей мал түшүнүк менен окуп, суктанып да жатышты, — бирөөлөрдүн алдында куйруктарын шыйпаңдаткан, башкалардын кекиртегине азуусун матырып жибергенге даяр бетпак карышкырлардын үйүрү эмеспи булар. Кептин баары кокустукта! Мартин мурдагыдай эле, «Эфемериданы» өзү жараткан нерселердин баарынан алда канча өйдө турат – себеби бул доорду жаратакан поэма деген бекем ишениминен танган эмес. Анан кантип кечээ эле «Эфемериданы» ыплас баткакка тебелеп тепсешкен мына бул кунарсыз караламан топтун көзүнө бүгүн Мартиндин кадыры болмок? Мартин жеңилдене канааттануу менен үшкүрүп алды. Акыркы кол жазмасы сатылды, эми көп өтпөй мунун баарына чекит койсо да болот.

 

 

XLIV ГЛАВА

 

Мистер Морз «Метрополь» мейманкансынын кире беришинен Мартин менен кезигишип калды. Бул жакка ал кокусунан келдиби же атайын акмалап келдиби, анысын Мартин түшүнө бербеди, бирок ою кийинки божомолуна ооп турду, канткен менен мистер Морз аны үйүнө чай ичип кетүүгө чакырды, ооба, Руфтун атасы, бир кезде Мартинди үйүнө жолотпой, болочок никени бузуп таштаган мистер Морзчу!

Бирок Мартин ага ачууланган жок. Табалагысы да келбеди. Мистер Морздун азыр ушунчалык өзүн кемсинтип паска уруп атканы өзүнө деле оңой болбосо керек деп ойлоп, сөзүн кечиримдүүлүк менен угуп турду. Чакыруусун четке каккан жок. Болгону үйүндөгүлөрдүн, адегенде эле мисс Морз менен Руфтун ал-жайын сурамжылап койду. Мартин кыздын ысмын эч бир толкунданбай этпей эле кадыресе жай атады, буга өзү да таң кала түштү.

Ушинтип аны туш-туштан чайга чакыргандардын саны барган сайын арбыды. Көптөр эми аны менен конокко чакыруу үчүн гана эптеп ыңгайлуу учурду издеп тааныша турган болушту. Мартин мунун баарына баягыдай эле таңданып жатты. Алтургай, жездеси Бернард Хиггинботам да күтүлбөгөн жерден аны чайга чакырып калса болобу. Бул Мартиндин эсин ого бетер оодарып, ойго батырды. Ал бир сындырым нанга зар болуп, керели кечке кезере ачкадан өлгөнү калган күндөрүн эстеди. Эмне үчүн мени ошондо тамакка чакыруу эч кимдин оюна да келген жок деп өзүнө суроо берип атты. Агезде буга ушунчалык муктаж эмес беле! Мында бир жеткен келесоо карама-каршылык болсо керек. Ал апталап, тишинин кирин соруп, ичерге тамагы жок отурган күндөрү аны чакырган жан болгон жок, эми жанында андай тамактын миңине жете турган акчасы турганда, анүстүнө эми тамакка табити да жок, — аны баары жанталашып таалаша чакырып атышат. Эмне үчүн? Абдан эле өзгөчө эмгек сиңирип жиберген жери деле жок. Баягы эле Мартин Иден. Анын бардык чыгармалары так ошо Морздор жалкоо деп атаган, мекемеге майда кызматчы болуп иште деп кайра-кайра акыл үйрөткөн мезгилде жазылбады беле. Баса, анын ишин да билишчү эмес беле, анткени Мартиндин окуп чык деп берген кол жазмаларын бирин калтырбай Руфь ата-энесине да көрсөтүп турчу. Кол жазмаларды өзүлөрү да окушпады беле. Ошол чыгармалардын аркасы менен ысмы гезитке чыгып, атагы көтөрүлгөндө алардын эми кадырлап күткөн коногу болуп калган тура.

Бир нерсе гана айдан ачык эле: Морздорго Мартин Идендин да, анын чыгармачылыгынын да таптакыр кереги жок эле. Эми алардын жан талаша Мартинге жакындык издебатканынын себеби анын өзүн эмес, ал жетишкен атак-даңк менен дагы балким, анын банктагы эсебинде жаткан жүз миң долларында болсо керек. Бул буржуазиялык коомдогу кадыресе көрүнүш, бул адамдардан башка нерсени күтүп да кереги жок. Бирок Мартиндин сыймыгы өзүндө эле, ага эч кандай баага муктаж да эмес болчу. Окурмандар анын өзүн же анын чыгармаларын бааласа болду деп эсептечү, бул экөө бир эле нерсе эмеспи. Аны ушундай баалаган Лиззи эле. Алтургай, анын чыгармалары да ал үчүн эч бир өзгөчө мааниси жок эле, кеп анын анын өзүндө эле. Жимми менен анын эски достору да ага ушундай эле мамиле кылып келишти. Алар чыныгы берилген достор экенин Мартинге нечен жолу далилдешкен, аны Шелл-Моунд сейил багындагы жекшембилик оюн-зоокто дагы бир жолу далилдешти. Алар Мартиндин жазмакерлигин уруп да койгон жок эле. Алар Мартин Иденди, өзүлөрүнүн мыкты азамат жигитин жандарынан артык көрүшчү жана ал үчүн отко сууга киргенден кайра тартышчу эмес.

Ал эми Руфь менен болгон иш таптакыр башка. Ал Мартиндин өзүн жактырганы шексиз эле, бирок ал ага канчалык кымбат болгону менен Руфь үчүн буржуазиялык үрп-адат, жалпы чийиндеги эрежелер андан да кымбат болуп чыкты. Руфь анын чыгармачылыгына тилектеш боло алган жок, анткени негизги себеп алардан эч кандай киреше түшпөгөндүгүндө эле. Анын «Сүйүү жөнүндөгү сонеталарын» да ал так ушул жагынан баалаган. Ал да Мартинден ишке орнош деп талап кылып туруп албадыбы. Чыны бул кыздын тилинде «кандайдыр бир абалды ээлөө керек» деп айтылганы менен мааниси ошол эле эмеспи. Мартин мунун биринчисин, тагыраак айтканда, иш дебеле атаганды туура деп эсептечү. Мартин ага өзүнүн болгон чыгармаларын, «Вики-Вики», «Күндүн осолдугун» жана башкаларды бүт окуп берген эле. Руфь болсо ишке орнош дегенден башкага жараган жок. Кудурети күчтүү Жараткан! Ал эмне, иштебей жүрдүбү? Ушул кызга татыктуу жар болом деп түн уйкусунан безип, кара жанын карч ура, өгүздөй иштеп келбедиби!

Ушинтип болбогон майда бир жагдай улам барган сайын чоң, маанилүү нерсеге айланып баратты. Мартиндин саламаттыгы мыкты эле, тамакты да жакшы жеп, каалашынча уктап калды, бирок жарыбаган бир нерсе ага такыр тынчтык бербей койду. «Мунун баары эчак эле болбоду беле!». Бул ой анын мээсин көзөп, жеп жатты. Мартин конокко чакырган жездеси Бернард Хиггинботам менен дасторкондо бетме-бет отуруп:

«Мунун баары эчак эле жасалбады беле! Бир кезде мени ишке киргим келбегени үчүн гана ачка калтырып, үйүңдөн кууп чыктың эле, атымды уккуң келчү эмес, эми болсо берерге тамагыңды таппай, сыйлап атасың. Менин чыгармаларым ошондо эле жазылган болчу. Азыр эми оозуман чыккан ар бир сөзгө муюп, көзүмө жалдырай карап угуп отурасың. Мен силерди байкуш бир бечаралар деп бетиңерге эле айтып атам, силер болсо анын баарын унчукпай баш ийкеп, угуп отурасыңар, аз жерден ыракмат деп да айтып жибергиңер бар. Эмнеге? Бул мен – Мартин Иден, мыкты бала, келесоо болбогонумдан эмес. Себеби мен атактуумун! Себеби менин акчам көп. Эгерде мен азыр асмандагы ай жашыл быштактан жасалган дечү болсом, силер дароо макул демексиңер, антпесеңер да, буга каршы чыкпайт элеңер. Анткени менде алтын толтура. А менин алтын алган иштерим эчак эле, силер менин бетиме түкүрүп, тепсеп атканда эле жазылган болчу!» — деп кыйкыргандан өзүн араң кармап отурду.

Бирок Мартин минтип кыйкырган жок. Ичинен кейип, кыжыры кайнап отурса да сыр бербей жылмая сыпаа отурду. Хиггинботам өзүнүкүн айтып кирди. Ал — Бернард Хиггинботам — баары нерсеге өз күчү менен жетиптир, буга абдан сыймыктанат экен. Эч ким ага жардам бербептир, андыктан ал эч кимге милдеттүү да эмес экен. Ал көп бүлө баккан, түз жүргөн жаран. Анын бапырап киреше таап турган дүкөнчөсү анын, Бернард Хиггинботамдын аркасы менен гана гүлдөп өнүгүп атыптыр. Өзүнүн дүкөнчөсүн ал кай бир эркектер өзүнүн аялын сүйгөндөй эле сүйөт экен. Ошентип агынан жарылган жездеси Мартинге ыймандай сырын бүт төгүп, дүкөнчөнү жабдып, ишти оң жолго коюу канчалык кыйынга турганын айтып берди. Андан тышкары, жездесинин пландары да чоң экен, жаңы үйлөр салынган сайын элдин саны да көбөйүп баратат. Демек, жалгыз дүкөнчө элдин баарын канааттандыра албайт. Эгерде азыр артыкбаш бөлмөсү болсо, ишине айрым бир жаңылыктарды киргизип, кирешесин дагы көбөйтмөк экен. Ал мунун баарын жасайт, бирок дүкөнчөгө жакыныраак жерден бир участок сатып алса болду, дароо эки кабаттуу имарат сала коет да, экинчи кабатын батирге берип, астыңкы кабатын дүкөнгө айландырат экен. Алтургай, анын бет маңдайына кандай жазуу илерин айтканда, көздөрү кадимкидей жайнай түштү.

Мартин мунун бирин уккан жок. Жанагы «алда качан» деген сөз анын кулагынан кетпей жаңырып тура берди. Ырдын кайтармасындай болуп кайталана берип, акылынан адаштырчудай, канчалык кубаласа да кеткиси жок.

— Мунун наркы канча болот дейсиң? — күтпөгөн жерден сурап калды Мартин.

Жездеси сөзүн токтото коюп, көзүн бакырайта карап калды. Ал баа туурасында дегеле айткан жок эле, бирок Мартинди ошончолук кызыктырып атса, болжолдуу түрдө болсо да айтып коюшу ыктымал.

— Азыркы баа боюнча, — деди ал, — баш аягы төрт миң доллар болотко.

—Дүкөндүн аталышы жазылчу тактай менен кошобу?

— Аны эсептеген жокмун. Үй эле болсо, ал табылат…

— Жерчи?

— Ага да үч миң.

Кеберсип турган эриндерин жаланып, манжалары калтыраган Бернард Хиггинботам Мартиндин чек жазып атканын карап турду. Мартин жазды да чекти Хиггинботамга сунду. Чек жети миң долларга жазылган эле.

— Мен… Мен сага айына алты пайыздан ашык сунуш кыла албайм… — деп булдуруктады өзүн жоготкон Хиггинботам киркиреген үнү менен.

Мартин аз жерден каткырып жибере жаздады, бирок анткен жок.

— Алты пайызың канча болот? – сурады ал.

—Азыр эсептеп көрөбүз, алты пайыз… Алты жерде жетиң — төрт жүз жыйырма.

— Демек, айына отуз беш доллардан туура келет турбайбы?

Хиггинботам башын ийкеди.

— Эгерде сен каршы болбосоң, анда мындай кылалы. — Мартин бул сөздү айтып атып Гертруданы карап койду: — Негизги сумма өзүңдө кала берсин, бирок шарт ушул, отуз беш долларды чарбалык керектөөңөргө жумшап турасыңар. Бул акчага ашпозчу менен кир жуучу аялды жалдап алса болот. Ток этерин айтканда, Гертруда мындан ары оор жумушту жасабайт деп кепилдик берсең, жети миң доллар сеники. Макулсуңбу?

Мистер Хиггинботам ичи тарый түштү. Аял оор жумушту иштебесин деген талап эмне тамтык, мындай сунуш акараат кылгандай ага катуу тийди. Бул укмуш белек балга чайкап уу бергендей эле болду! Аялы иштебейт деген анын канын кайнатып жиберди.

— Анда өзүң бил, — деди Мартин. — Анда отуз беш долларды айына мен төлөйм, бирок…

Ал чекке колун сунду эле, Бернард Хиггинботам аны дароо баса калып, кыйкырып жиберди:

— Мен макулмун! Макулмун!

Мартин трамвайга отуруп атып чарчоону анан жийиркенүүнү сезди. Ал бадырайта жазылып эшиктин үстүнө илинген түнүкөнү карап койду. «Чочко, — деп күңк этти, — чочко экен да бул!».

Журналдардын бирине анын «Төлгөчү кыз» деген ыры мыкты сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрү менен кооздолуп, басылып чыкканда, аны көргөн күйөө баласы Герман Шмидт аны бир кезде уятсыз ыр дегенин дароо унутту. Элдин баарына бул ыр менин аялыма арналып жазылган деп жар сала мактанып кирди, бул имиштин гезит кабарчыларынын кулагына жетишине да дурус эле аракет кылды. Чын эле көп өтпөй, имишти угуп, дүүлүккөн бир гезиттин кабарчысы сүрөтчүсүн ээрчитип жетип келсе болобу! Андан көп узабай, гезиттин жекшембидеги санына Мэриендин абдан шөкөттөлүп кооздолгон сүрөтү менен Мартин Идендин жеке турмушундагы ар кандай кылдат жагдайлар жана анын үй-бүлөсү, бир туугандары жөнүндө жазылган чоң макала, анан журналдын өзгөчө уруксаты боюнча «Төлгөчү кыздын» толук тексти кайрадан басылып чыкты. Бул тегеректеги элди уу-дуу түшүрүп, үйдө отурган аялдардын баары улуу жазуучунун карындашы менен тааныш экендиктерине сыймыктанып жатышты, мындай бактыдан куру калгандар болсо бул катачылыгын тезирек оңдоп, Мериен менен таанышканга ашыгып атышты. Өзүнө ыраазы болгон Герман Шмидт болсо алаканын кызуу ушалап, алтургай, устаканасына жаңы станок да буйрутма берип ийди.

— Бул ар кандай рекламадан ашып түштү ия, туурабы? — дейт ал, — анан да бепбекер!

— Аны чай ичип кеткенге чакырсак болот эле, — деп Мэриен сунуш кылып калды. Мартин дароо конокко чакырылды, ал келип, чогуу отурушкан дүңүнөн эт саткан семиз соодагер жана анын өзүнөн да семиз аялы менен кичи пейил болууга аракет кылды, булар өз жолун таап келе жаткан Герман Шмидт өңдүү жаш жигиттерге пайдасы тие турган дымактуу адамдар эле. Бирок алар конокко атактуу жазуучу Мартин Иден келет деген сөздү укпаcа, колдон сүйрөсөң да келмек эмес. Тынч океандык велосипед компаниясынын башчысы да конокко ушундай эле жол менен чакырылган эле. Герман Шмидт анын астында бөйпөлөңдөп, чарк имерилип жүрдү, себеби анын колунан Окленддеги өкүл кызматын алмак. Бир сөз менен айтканда, Герман Шмидт Мартин Иден менен болгон туугандык байланышын өз маселерин чечип алганга абдан билгичтик менен пайдаланууга бел байлап турду, бирок ичинен мунун баары кандайча болуп кеткенине эзели мээси жетпей койду. Герман көп учурларда түнкүсүн аялын ойготуп албайын деп акырын туруп, чыракты күйгүзөт да Мартин Идендин чыгармаларын окуп кирет, окуган сайын мындайга анык келесоолор гана акча төлөйт деген бүтүмгө келчү.

Мартин жагдайды эң сонун түшүнүп турду, артка чалкалай түшүп, Герман Шмидттин мээ сөөгүн жакшылап карап, ичинде – мына сага түрү суук немистин баласы деп көк желкеге дүңкүлдөтө муштап атты. Бирок Мартинге Германдын бир мүнөзү жага турган. Ал канчалык кембагал болгонуна жана тез байыгысы келгенине карабай, Мэриендин ишин жеңилдетмекке үй кызматкерин жалдап алган эле. Тамак ичилип бүткөндөн кийин Мартин велосипед компаниясынын башчысы менен сүйлөшкөн соң Оклендде бир мыкты велосипед дүкөнүн жакшылап жабдып алууга Герман Шмидтке акча жагынан жардам бермей болду. Кең пейилдиги кармап кеткени ушунчалык, алтургай, Германга гараж менен машине оңдогон устакана да карай жүр деди, анткени Герман эки ишкананы тең башкарып кетет.

Көзүнөн жашын көлдөткөн Мэриен Мартиндин мойнунан кучактап туруп, аны абдан жакшы көрөөрүн, дайыма жакшы көргөнүн башкаларга билдирбей шыбырап атты. Ырас муну айтып атып, аз-маз мукактана түштү, Мартин муну бир кезде карындашы ага жумуш тап деп зиркилдегенине кечирим сурап атканын ошол замат түшүндү.

— Акча анын колунда көпкө турбайт, — деди кечинде Герман Шмидт аялына. — Үстөк пайыз тууралуу кеп баштасам, таптакыр ооз ачырбай койду! Мага эмне дегенин билесиңби? Ага пайыз тургай, акчанын да кереги жок экен. Эгерде мен дагы бир жолу үстөк пайызды сөз кыла турган болсом, менин немис башымды жара чабам деди, ооба, ооба, так эле «немис башыңды» деп айтты. Агаң иштиктүү адам болбосо да азамат, ишке жарады… Эң башкысы — ал мени абдан катуу колдоп койду!

Конокко чакыруулар токтогон уланып атты, алар көбөйгөн сайын Мартин да ошончолук таң калуусу күчөй берди. Эскиден келаткан атактуу бир клуб уюштурган чоң банкетте эң ардактуу конок болуп, анда угуп же гезиттен окуп гана билген адамдардын арасында олтурду. Бул адамдар ага «Тарнсконтинентал» журналынан анын «Коңгуроо үнү», «Шершнеден» болсо «Пери менен акак» деген чыгармаларын окушканда эле улуу жазуучунун пайда болгонун түшүнүшкөнүн айтышты. «О Кудай, — деп ойлоп атты Мартин, — мен ачка, арып тозуп жүрдүм эле го! Эмне үчүн булар мени тамакка ошондо чакырышкан жок? Так ошондо чакырышса, абдан ойдогудай болмок. Анткени бул чыгармалардын баары ошол кезде жазылбады беле. Эгерде силер мага эчаккы жасаган ишим үчүн тамак берип атсаңар, эмне үчүн тамак көздөн учуп турган ошо кезде сыйлаган жоксуңар? «Коңгуроо үнү» болобу же «Пери жана акактабы» бир да сөзүн мен өзгөрткөн жокмун. Жок, силер мага ишим үчүн эмес, жөн эле баары сыйлайт экен дебеле чай берип атасыңар, анткени мага тамак ичирүү жакшы адаттардын бирине айланды. Мени тамак берип сыйлап атканыңардын дагы бир себеби — силер малсыңар, үйүрдөгү малсыңар! Себеби силер маңыроо, малдык үйүр сезимге баш ийип калгансыңар, бул сезим болсо, азыр силер бир гана нерсени — Мартин Иденди коноктошуңар керек деп турат. Бирок силердин бириңердин да Мартин Иден менен же анын жумушу менен ишиңер жок», — деп жаны күйүп айтып жатты ал өзүнө өзү. Бирок сыр алдырбай, мыкты айтылган тостко мыктылап жооп айтыш үчүн улам ордунан тура калып жатты.

Ушундай мамиле аны бардык жерде: мейли клубдарда болсун, мейли адабий кечелерде болсун, күтүп турчу болду, ага элдин баары эле ага «Коңгуроо үнү» менен «Пери жана акак» чыкканда эле улуу жазуучунун пайда болгонун айтып жатышты. Бирок кайда барбасын мээсинен чыкпай, жабышкан бир гана суроо мазесин ала берди: «Айткылачы, эмнеге мени ошол кезде коноктогон жоксуңар? Булардын баары капкачан эле жазылган болчу. «Коңгуроонун үнү» менен «Пери жана акак» ошол бойдон эч бир өзгөрүүсүз. Алар ошол кезде эле азыр кандай болсо ошондой чебер жазылган. Бирок, силер мени чыгармаларым үчүн сыйлап жаткан жоксуңар. Чайга чакырып атканыңардын себеби — азыр мени сыйлоо модага айланды; анткени үйүр бир гана Мартин Иденди сыйлоо керек дегенге умтулуп калды.

Жаркыраган ак сөөктөрдүн арасында отурганда көп учурда күтүүсүздөн көз алдына эки жактуу топчулама күрмөчөн, шапкесин кыйшайта баса кийген жаш хулигандын элеси кайдан жайдан чыга келчү болду. Бир жолу Оклендде адабий чоң кече өтүп жатканда да ушундай болду. Ал ордунан туруп, сахнаны көздөй басып баратып күтүлбөгөн жерден залдын тээ түпкүр жагында турган ошол эле күрмөчөн, ошол эле шапкечен жаш хулиганга көзү түштү. Сыланып сыйпанып жасана чечинип отурушкан беш жүз айым капылет токтой калган Мартин Иден кимди көрдү экен дешип, жапырт ал караган жакка бурулуп карап калышты. Бирок ээн өтмөктөн эч кимди көрүшкөн жок. Мартин болсо андан көзүн албай, бул селсаяк жок дегенде башына жабышып калгансыган шапкесин алганга мээси жетеби дегендей ойлонуп карап турганы. Караан сахнага жакындап келип, тепкичтен чыкты. Мартин өзүнүн жаш кезектеги көлөкөсүнө карап туруп, андан ким чыкмак эле, эми ким болду деп ойлоп, деми жаба берген кусалыктан тимеле ыйлап жибере жаздады. Караан сахнадан басып келип Мартинге жакындады да, эрип кеткендей, ага сиңип жок болду. Келбети келишкен беш жүз аял өздөрүнүн жука мээлей тарта кийилген назик колдору менен дүркүрөтө кол чаап ийишти. Алар күтүлбөгөн жерден мындай ийменчээктикти көрсөткөн атактуу конокту колдоп, сүрөп коелу дешти. Мартин чымыркана караанды өзүнөн ары кубалады да жылмая сөзүн баштады.

Бир күнү Мартинди көчөдөн жолуктуруп калган мектептин кадырлуу, кең пейил директору көпкө сүйлөшүп, анын мектептеги тентектиктерин эстеди, ар ким менен согушуп, жөн жүрбөгөн тентектиги үчүн Мартинди мектептен кууп чыканда анын кабинетинде кандай ызы-чуу болгонун эсине салды.

— Сиздин «Коңгуроонун үнү» деген аңгемеңизди окудум, — деди ал, — аны биринчи жолу басылып чыкканда эле окугам. Мыкты жазылган! Эдгар Понун чыгармаларынан эч бир кем калышпайт! Ошо окуганда да мыкты экенин айткам!

«Ошондой деңизчи? Ошогезде сиз мени менен эки жолу көчөдөн жолугуп, тааныган жок элеңиз го, — деп Мартин айтып жибере жаздады. — Эки жолу тең мен ачкадан өзүмдүн жалгыз кастүмүмдү ломбардка коюу үчүн чуркап бара жаткан элем! Анда сиз мени тааныган эмессиз! Бардык чыгармаларым так ошол кезде эле жазылган. Эмне үчүн сиз мени азыр гана таанып олтурасыз?», — деп жиберейин деп араң турду.

— Жакында эле аялыма, эгерде сиз биздикине конокко келип кеткен болсоңуз кандай сонун болмок деп айттым эле, — деп сөзүн улантты директор — аялым ошол замат эле сизди чайга чакыра кел деп абдан суранып калды. Ооба, абдан суранды.

— Чайга? — Мартин күтүлбөгөн жерден кескин сурады.

— Ооба… Ооба… чайга, — деди өзүн жоготкон тиги шашкалактай түшүп, — барып эле өзүңүздүн эски мугалимиңиз менен… бир олтуруп… Эх сиз, тентек десе! — Ал акырын тамашага чаптыра Мартиндин далысынан таптап койду.

Мартин кетип баратып, анан токтой түштү да абышканын артынан карап койду.

— Эмне болубатканын шайтан билеби! — деди ал күбүрөп. — Мен аны абдан катуу чочутуп ийдим окшойт!

XLV ГЛАВА

 

Бир күнү Мартинге Крейз келиптир, — жанагы «чыныгы адамдардын» бири Крейзчи. Мартин анын келгенине чын дилинен кубанып, бир ишкананын ойго келбеген шумдуктуу долбоорун финансист катарында эмес, кызыккан жазуучу катары кунт коюу менен укту. Крейз долбоорун айтып бара жатып эле күтүлбөгөн жерден «Күндүн осолдугу» жөнүндө сөз козгоп, анын баштан аяк болбогон былжырак экенин айтып салбаспы.

— Мен бул жерге философия жүргүзөйүн деп келген жокмун, — деди ал өз сөзүн өзү бөлүп. — Мен бир гана нерсени билгим келип турат — сиз менин ишканама миң доллар салым кошо аласызбы, же жокпу?

— Жок, андай кылгыдай анчалык деле келесоо эмесмин, — деди Мартин, -бирок мен башкача жардам кылам. Сиз мага өмүрүмдө унутулгус эң кызыктуу кечени өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бердиңиз. Мага эч кандай акчага сатып ала алгыс нерсени бердиңиз. Эми мага акчанын кадыры деле жок. Мен сизге ошол унутулгус кечеге ыраазычылык катары миң долларды жан дилим менен мындай эле берем. Сизге акча керек болуп турат, менде болсо болсо акча абдан эле көп. Сиз акча алгыңыз келеби? Анда сыйпалатпай эле түз айтыңыз!

Крейз таң калган эткен жери жок. Чекти алды да чөнтөгүнө салып койду.

— Мындай шарт коё турган болсоңуз, мен андай кечени сиз үчүн жума сайын өткөрүп турганга даярмын, — деди ал.

— Өтө кеч болуп калды, — деди Мартин башын чайкап, — ал кече мен үчүн эң алгачкы жана эң акыркы ошондой кече болгон. Мен өзүмдү таптакыр башка дүйнөгө түшүп калгандай сезгем. Ал эми сизге ал кече эч кандай деле бөтөнчөлүгү жок болчу, мен аны билем. Бирок мен үчүн болсо таптакыр башкача болгон. Андай кече эми экинчи кайталанбастыр. Философиядан болсо мен эчак кол үзгөм. Мен азыр ал жөнүндө уккум да келбейт.

— Мен өмүрүмдө биринчи жолу философиядан акча тапканым ушул, — деди Крейз, кетип баратып, — бирок акциялардын ошол замат кулап түшкөнүн карачы.

Бир жолу өзүнүн жеңил арабасында кетип бараткан миссис Морз Мартиндин жанынан өтүп баратып, ага жылмая башын ийип калды. Мартин да жылмайып, шляпасын көтөрүп койду. Бул окуя ага эч кандай таасир эткен жок. Бир ай мурда ушундай болсо ага жагымсыз болмок, балким, кызык болмок, ал мисс Морздун кандай абалда каларын да элестете алмак. Бирок бул жолугушуудан анын сезими чым деп койгон жок. Ал бул туурасында борбордук банктын жанынан же шаардык акимияттын жанынан өткөнүн унутуп калгандай эле унутуп койду. Бирок чыңалган мээсинде ойлор тынымсыз сапырылып атты. Башын баягы эле «эчак бир кезде» деген ой бургулап, көзөй берди. Эрте менен турса да ушул ой, жатып түш көрсө да ушул ой. Эмне иш кылбасын, өзүнө өзү: «баары эчак болбоду беле» деп кайталай берчү адат тапты. Логикалык жактан талдап келген Мартин акырында кейиштүү бир тыянакка келип токтоду, — эми ал эч ким эмес, Март – хулиган менен Март – матрос чыныгы жашаган реалдуу адамдар болгон экен. Бирок улуу жазуучу Мартин Иден дегеле болбоптур. Аны улуу жазуучу кылып топураган караламан топтун ойлоп тапканы экен, алар аны хулиган, матрос Мартин Идендин сырткы денесинен жуурулуштуруп жасап коюшуптур. Бирок мунун баары калп экенин ал өзү жакшы билчү. Ал кара топ ыйык санап, таазим этип башын ийген кудайдын уулу эмес болчу, муну ал башкаларга караганда өзү жакшы билет.

Мартин өзү жөнүндө жазылыпы аткандарды журналдардан окуп, басылып чыккан жайнаган сүрөттөрүн көрүп, өзүн өзү тааный жатты. Ал карапайым жумушчу шаарчасында чоңоюп өскөн, жашоону жан дили менен сүйгөн адам эле. Адамдарга тегиз жакшы мамиле кылып, тагдырдын оош-кыйыштарына кабак-кашым дечү эмес. Далай өлкөлөрдү кезип, Тынч океанды узун туурасынан басып өткөн, өзүнө окшогон чектен чыккан тентектердин тобун артынан ээрчиткен анабашы болгон да Мартин эле. Алагачкы ирет китепканага келип, андагы китептердин көптүгүнөн башы айланып, жүрөгү опкоолжуган, анан аларды четинен окуп чыгып, баарын түшүнгөн да өзү болчу. Түн ооп кеткичекти жарыкты өчүрбөй тирмийип китеп окуган, уктап кетпейин деп төшөгүнө мык коюп койчу да, анан китеп жаза баштаган да өзү эмес беле. Бирок элдин баары эми жанталаша колдон колго талашып, тамак берип аткан ашка тойбос неме түк Мартин эмес болчу.

Кээ бир нерселер анын күлкүсүн да келтирчү болду. Мартин Иден деген жаш талантты алгач биз таап ачканбыз дешип журнал атмайдын баары ич ара тытышып атышты. Айына бир жолу чыгуучу «Уоррендин журналы» өзүнүн окурмандарына жаш таланттарды издеп сынак жарыялаганын, ошентип күтүлбөгөн жерден Мартин Иденге кезигишип калганын бир айтып бир койбосо, «Ак чычкан» журналы муну дароо өзүнө энчилеп чыкты, жок, бул биздин эмгек дегенди айтып чыккан «Түндүк баяндамасы» да болду. Акырында «Глобус» журналы сын макала жарыялап, анда «Деңиз ырларын» өзгөртүп болсо да алгачкы ирет жарыялаганын салтанаттуу түрдө белгилеп көрсөттү. Карыз бергендерден эптеп айла-амал менен кутулган «Өспүрүмдүк жана зирек курак» журналы кайрадан чыга баштап, ал да Мартин Иденге акысы бар экенин дароо бетине кармады. Бирок бул журналды фермерлердин бала-чакаларынан башка эч ким окучу эмес. Мартинди чабыша кеткенге чейин биринен бири өзөрө талашкандар «Трансконтинентал» менен «Шершень» журналдары болду. «Синглтри Дарнлей жана Конун» үнү болсо анчалык бийик чыкпай, калың ызы-чуунун арасынан угулбай деле калды. Басмакананын өз органы болбогон соң, өз укугу жөнүндө ким кыйкырып чыкмак.

Гезиттер болсо биринен сала бири Мартиндин калем акысын эсептеп жатышты. Ошентип атып, кайсы бир журналдар тарабынан марттык менен сунуш кылынган шарттар калайыкка жарыя болуп чыга келди; анан жардам сурап кайрылгандарды көрүп ал: чү дегенде эле окленддик динаятчылар жардам сурап кайрылды, анын артынан оозеки да, кат жазып да жардам сурап кайрылган адамдар арбыгандан арбыды. Баарынан да басса турса, алды артынан торогон, кат артынан кат жөнөткөн аялдардыкы азап болду. Анын сүрөттөрү жер сууга батпай жайнап кетиптир, кабарчылар болсо болгон чеберчилигине сала анын «буудай өңүн», «алп далыларын», «ачык, токтоо көз карашын», «жыргалдан кече шапайган өңүн» көркүнө келишитире сыпаттап сүрөттөп атышты. Баарынан да Мартиндин боорун эзген «жыргалдан кече шапайган өңү» деген сөз болду, ал анын бир кездеги от болуп жанган жаштыгын эстетип турду. Эл аралап жүргөн көп учурларда, аялдар биринен сала бири аны тимеле көздөрү талыганча тиктеп, кудум баалап, анан тандап аткансып карагандарын байкап атты. Бриссенден аялдар түбүңө жетет деп эскертпеди беле, аны эстеп Мартин күлүп калды. Жок, аялдар эми аны эч нерсе кыла алышпайт, алар менен эсеби эчак бүткөн.

Бир күнү Мартин Лиззини кечки мектепке узатып бара жатканда, Лиззи өтүп бараткан татынакай, жакшы кийинген, кебетесинен бай айымдын Мартинди жалт караганын байкап калды. Бул көз карашта эч бир адепсиздик же тымызын сырдуулук жок эле, бирок мындай көз караш эмнени билдирерин дароо түшүнгөн Лиззинин жини келе түштү. Анын ачуусун байкаган Мартин ага мындай көз караштарга эчак көнүп калганын, аялдарга эми таптакыр кайдыгер экенин айтып, көңүлүн тынчтандырып койду.

— Кантип эле, мындай болушу мүмкүн эмес! — деди Лиззи кыйкыра жаздап. — Демек, сиз ооруу окшойсуз!

— Менин саламаттыгым эч качан азыркыдай мыкты болгон эмес. Салмак кошуп толуп да алганмын.

— Мен сиздин дениңиз оору деп жаткан жерим жок, мээңизди айтып атам. Башыңыз ордунда эмес! Жадагалса, мен көрүп турам го! А мен киммин!

Мартин ойлуу бараткан калыбынан жазган жок.

— Мен мунун тезирээк өтүп кетишин каалайм! — деди күтүлбөгөн жерден Лиззи. — Сиз эч качан аялдарга кош көңүл мамиле кылууга тийиш эмессиз… Жанагыдай карап атышса, андан бетер. Бул табигый көрүнүш эмес. Сиз кичинекей бала эмессиз да. Чын айтам, эгер сизди жандандыра турган аял табылса, мен абдан кубанмакмын.

Лиззини узатып коюп Мартин «Метрополго» кайтып келди.

Жумшак креслого ныгырыла отурду да эч нерсе ойлобой, кыймылсыз бир чекитти мелитрей тиктеп отуруп калды. Кез-кезде гана көз алдына эчаккы өткөн күндөрдүн бүдөмүк караандары тартыла калып, кайра жок болуп кетип жатты. Чаташкан түш сыяктуу сезилген бул элестерге кайдыгер гана карап коюп отурат. Бирок ал уктаган жок. Бир кезде көзүн ача коюп, саатына караса, туптуура сегиз болуптур. Кылаарга башка иши жок болгон соң, жатыш керек деди, бирок жатканга али эрте. Кайрадан үргүлөгөн кыялдарга чөмүлүп, көз алдынан бүдөмүктөгөн элестер жипке тизилген шурудай чубурду. Бул көрүнүштөрдө кызыга турган деле эч нерсе жок эле. Бир гана арасынан күндүн нуру шоолаланган калың жалбырактардын элеси кайра-кайра кайталана берди.

Ошентип отура бермекпи, күтпөгөн жерден эшик тыкылдап, Мартин эсине келе түштү. Уктабай отургандыктан, бул дабыштан улам көз алдына телеграмма, каттар, кир жуугучканадан шейшеп алып келген кызматчы элестеп кетти. Жону эстей койду, ал кайда жүрөт болду экен деп өзүнөн сурап атып, кыйкырды:

— Кире бериңиз!

Жо жөнүндө ойлоп кеткен Мартин эшикти карап да койгон жок. Эшик акырын ачылды, бирок Мартин анын тыкылдаганын эчак унутуп коюп, көз алдынан кайра эле чубашкан жанагы көрүнүштөрдү карап отура берди. Аңгыча эшик жактан аялдын ыйлаган үнү угула түштү. Мартин шак тура калды.

— Руфь! — таң кала түшүп кыйкырып жиберди ал, чочуп да кетти.

Анын жүзү убайым тартып купкуу эле. Бир колу менен эшиктин туткасын кармап, экинчи колун көкүрөгүнө кысып туруптур. Анан күтүлбөгөн жерден эки колун созуп, жалбаргандай түр менен Мартинге карай умтулду. Мартин аны креслого отургузуп жатып, байкаса, колдору тимеле таш. Өзүнө башка креслону жылдыра коюп, кырына көчүк басты. Ойлору куюндап, сапырыла түшкөндүктөн, эмне деп сүйлөөрүн билбей турду. Руфь экөөнүн махабатын Мартин эчак эле жүрөгүнө көөмп салган болчу. Эми минтип капылет жолугушууда өзүн ушул «Метрополь» мейманканасынын ордуна азыр «Кайнар Булактагы» кир жуугучкана пайда боло калгандай, бирөө келип бир жумага кир жууп тур деп сунуштап аткандай сезип турду. Бир нече жолу сөз баштоого аракет кылды, бирок чыгынган жок.

— Менин бул жерде экенимди бир жан билбейт, — деди акырын Руфь жалынычтуу жылмая.

— Эмне дедиңиз? — сурады Мартин. Өз үнүнө өзү таң калды.

Руфь сөздөрүн кайталады.

— О! — Мартиндин оозунан болгону ушул сөз чыкты.

— Мен сизди мейманканага кирип кеткениңизди көрүп, бир аз күтүп турдум да артыңыздан кирдим.

— О! — дагы кайталады ал.

Тили эч качан азыркыдай байланган эмес эле. Болгон ою башынан чыга качкандай болду. Тымтырс отурган барган сайын ыңгайсыз болуп баратканын ал сезип турду, бирок азыр башын кесип салса да сөздү эмнеден баштаарын билбей турду. Мындан көрө азыр чын эле «Кайнар булактагы» кир жуугучканада болуп калсачы, унчукпаган бойдон жеңин түрүнүп, ишке киришип кетмек.

— Демек, бир аз күтө туруп анан кирдим деңизчи? — деди ал акыры.

Руфь кылыктана башын ийкеп, көкүрөгүндөгү шарфын чечти.

— Мен сизди көчөдөн адегенде жанагы кыз менен көрдүм…

— Ооба, — деди ал жөн гана, — мен аны кечки мектепке узатып баргам.

— Сиз мени көргөнүңүзгө кубанбай турасызбы? — сурады Руфь дагы ортого чөккөн тынчтыктан соң.

— О, ооба, — деди Мартин шашыла жооп узатып, — бирок сиздин бул жерге жалгыз келгениңиз туура болор бекен?

— Мен эч кимге байкатпай өтүп кеттим. Мында экенимди эч ким билбейт. Сизди өтө көргүм келди. Келесоодой иш кылганымды эми түшүндүм, сизге ошону айтайын деп келдим. Чыдай албадым, анткени бул жерге жүрөгүмдүн буйругу менен келдим, анткени абдан жолугушкум келди сиз менен!

Руфь ордунан туруп, Мартинге жакын келди. Эки колун Мартиндин ийнине артты да бат-баттан терең дем алып, көз ирмемдей туруп калды, анан шак эле кыналышып жабыша калды. Табиятынан боорукер, кең пейил Мартин азыр аны кучакташы керек экенин түшүндү, антпесе Руфка эркек аялды канчалык кордоого барса, ошончолук терең акаарат келтирмек. Бирок анын кучактаганында эч кандай жылуулук да, эркелетүү да жок эле, болгону колдору менен айланта орой гана кармап турду, денеси туйлап, мурдагыдай дуулдап ысып чыкпады, мындан ыңгайсыздана уялып гана турду.

— Сиз эмнеге калтырап турасыз? — сурады ал. — Үшүп атасызбы? Каминди жагып коёюнбу?

Мартин бошонууга аракеттенгендей козголо берди эле, Рурь коё бербей, ого бетер бекем ыктады.

— Бул жөн эле, — деди тиштери тырсылдаган Руфь жооп кайтарып, — азыр өзүмө келип калам. Эми жакшы сезип калдым өзүмдү.

Анын калтыраганы акырындык менен тарап кетти. Мартин аны дагы эле кучагында кармап турса да эми таңыркабай калды. Анткени Руфтун эмне үчүн келгенин эми билип турду.

— Апам мени Чарли Хэпгудга күйөөгө чык деген эле, — деди ал.

— Чарли Хэпгудгабы? Аа, алиги оозуна келгенди оттогон немеби? — күбүрөдү Мартин. Анан унчукпай калып, минтип кошумчалады: — Апаңыз эми сиздин мага чыгышыңызды каалап атса керек…

Муну ал суроо берип аткандай кылып айткан жок, ишенимдүү кылып айтты, көз алдынан өзүнүн алган гонорарларынын жыбыраган узун тизмеси чубурду.

— Апам эми каршы болбойт, — деди Руфь.

— Ал мени сизге ылайыктуу күйөө деп эсептейби?

Руфь башын ийкеди.

— Бирок мен апаңыз экөөбүздүн үйлөнүү шертибизди бузгандан бери эч кандай өзгөргөн жокмун да. Мм, кандай десем, — деди ал ойлоно түшүп. — Мен баягы эле Мартин Иденмин. Мен баштагыдан да жаман болуп кеткем, тамеки да тартып атам. Түтүндүн жытын сезип турасызбы?

Жооп берүүнүн ордуна Руфь кылыктана мурдагы көнүмүшү боюнча өбөт деп күтүп, алаканын анын эриндерине тосо калды. Бирок Мартиндин эриндери козголуп да койбоду. Ал Руфь колун тартып алганга чейин күтүп турду да, анан сөзүн улай мындай деди:

— Мен өзгөргөн жокмун. Кызматка да орношконум жок. Орношоюн деген оюм да жок. Мурдагыдай эле Герберт Спенсер — улуу, асыл адам, судья Блоунт – былжыраган эшек деп эсептейм. Баса, кече эле анын үйүндө болуп, тамагын ичтим, ошондо буга дагы жолу ишендим.

— Эмнеге атамдын чакыруусун кабыл албай койдуңуз? — сурады Руфь.

— Сиз аны кайдан билесиз? Ким жиберди эле аны? Сиздин апаңызбы? Руфь үн деген жок.

— Албетте апаңыз да! Мен так ошентип ойлогом. Ооба, азыр да сиз кыязы, апаңыздын айтканы боюнча келген чыгарсыз:

— Менин биерде экенимди эч ким билбейт! — деди Руфь туталана түшүп. — Кантип сиз буга апам уруксат берди деп ойлойсуз?

— Эми апаңыз сиздин мага күйөөгө чыкканга уруксат бергенинен кенедей да шегим жок.

Руфь жалынгасып кыйкырып жиберди:

— О, Мартин, мынчалык таш боор болбосоңуз экен! Мени жок дегенде бир жолу да өөп койгон жоксуз. Мынчалык эмне таштай катуусуз! Ойлоп көрүңүзчү, аял башым менен сиз үчүн барбаганга барып атам!

Руфь чочугандай, бирок ошол учурда кызыгуу менен Мартинди бир карап алды.

— Ойлосоңуз, мен кайда келип олтурам!

«Сиз үчүн жанымды кыюуга да даяр элем» — деген Лиззинин сөзү эсине кылт дей түштү.

— Мындай чечкиндүүлүктү эмнеге сиз мурда көрсөткөн жоксуз? — деп олуттуу сурады. — Мен ачка жүргөндө, кепеде жашаганда. Мен ошол эле Мартин Иден эмес белем. Жазуучу катары да, адам катары да. Мындай суроону мен акыркы кездерде сизге гана эмес, башкаларга да көп берчү болдум. Күтүлбөгөн жерден минтип жогорулап кеткеним мени шексиз ушул ойго түртсө да, өзүңүз көрүп турасыз, мен ошол эле бойдонмун. Мен өзүмдү өзгөрдүм деп ишендиргенге аракет кылам. Бирок мен ошол элемин! Менде эч кандай жаңы талант пайда болгон жок, эч бир жаңы колдоочуларым жок. Мээм мурда кандай болсо, азыр деле ошо бойдон. Жадагалса, менде адабиятка, философияга карата жаңы көз караштарым да жок. Атагы жок жалгыз жашагандан бери менин жеке керт башымдын кадыры өскөн жок. Эми азыр күтүлбөгөн жерден өзүмдүн бардык жерде сыйлуу конок боло баштаганыма өзүм да айран таңмын. Албетте, адамдарга мен эмес, менин акчам керек. Анткени мурда алар мени көргүсү да, билгиси да келбеген баягы эле Мартин Иден болчумун. Демек, алар менин сапаттарым менен таптакыр байланышпаган башка бир нерсени баалашат окшойт. Анын эмне экенин сизге айтайынбы? Алардын баалап атканы менин атак-даңкым. Бирок бул менден тыш, башкалардын акыл-эсинде жашап жатпайбы. Андан тышкары мени акчасы бар деп урматтап жатышат. Бирок ал акчалар деле менден сыртта жатат. Алар банктарда, Жондордун, томдордун жана Жектердин чөнтөктөрүндө жатат. Баса, сизге да мен атагым менен акчам бар болгон үчүн керек болуп жатам,

— Жүрөгүмдү мынчалык эзбеңизчи, — онтоп жиберди Руфь. — Менин сизди сүйөрүмдү сиз билесиз, бул жерге бир гана ошончүн келдим.

— Сиз мени туура түшүнбөй калдыңыз окшойт, — деди Мартин жумшак гана. – Сиз мага муну айтсаңыз: эмнеге сиздин мен арып тозуп жүргөн күндөрдө баш тартып кеткенге чечкиндүүлүгүңүз жетти эле, эми андан бетер катуу сүйүп калыпсыз да?

— Анын баарын кечириңиз да унутуңуз! — жалбарып жиберди Руфь. — Мен сизди ар дайым сүйгөн болчумун! Уктуңузбу — ар дайым! Мына ошончүн бул жерге келип, сиздин мойнуңузга асылып турам. .

— Мен азыр эч кимге ишенбей калдым, баарын таразага тартып көрчү болдум. Мына азыр да сиздин сүйүүңүздү тартып көрүп, мунун эмне экенин билгим келет — деди Мартин.

Руфь анын кучагынан шарт бошонуп, боюн жасап түзө, аны тигиле карап калды. Бирдеме дейин деп барып кайра токтоду.

— Менин бул жөнүндө кандай ойлорумду уккуңуз келеби? — сөзүн улантты Мартин. — Мен ушундай эле болчумун, азыр деле аныман жазган жерим жок, өз чөйрөмдөгүлөрдөн башка мени менен иттин да иши жок эле. Китептерим жазылып бүткөндө кол жазмаларымды окуган бирөө да мага бир ооз жылуу сөз айтып койгонго жарабады. Тескерисинче, мени кандайдыр бир уят иш кылыбаткансып, жазып атканым үчүн сөгүп атышты. Баарынын айтканы бир гана сөз болду: бекер жүрбөй, ишке кир, ишке кир дегенден башканы укпадым.

Руфь каршы болгондой козголо берди.

— Ооба, ооба, — деди сөзүн улантып, Мартин, — сиз ырас, иш жөнүндө эмес, «мансап» жөнүндө айтып аттыңыз. «Иш» деген сөз сизге менин жазганым сыяктуу эле жаккан эмес эле. Бул сөз, албетте ороюраак! Бирок ишенсеңиз, менин назарымда мындан он эсе оройлук — тегерегимдегилердин баары мени чектен чыккан кылмышкерди түз жолго салып аткансып, иште деп жанымды сууруп алганы болду. Анан эмне болду? Менин чыгармаларымдын жарык көрө баштаганы жана элдин жактырганы сиздин сезимиңизди өзгөртүптүр да. Менин бардык чыгармаларым ошол кезде эле жазылса да сиз ошондо Мартин Иденге күйөөгө чыккандан баш тартып койдуңуз эле. Сиздин сүйүүңүз ошол кезде ага турмушка чыгууга алсыздык кылган! Эми азыр болсо сиздин сүйүүңүз кайрадан жалындап чыккан экен да? Мындай укмуш фактынын чоо жайын бир гана менин атактуу болуп чыга келгенимден издеш керек го дейм. Менин азыр кирешем жөнүндө айтыбаткан жокмун, мүмкүн сиз деле аны ойлогон эместирсиз, бирок сиздин ата-энеңиз үчүн бул кыязы, негизги мааниге ээ болсо керек. Мунун баары мен үчүн анчалык деле көшөкөрлөнгөндүк эмес! Бирок жаман жери бул мени махабаттан, ыйык махабаттан шек саноого аргасыз кылыбатпайбы! Кантип эле чыныгы махабат да атак менен даңкты санасын? Ошондой окшойт! Мен бул жөнүндө өтө көп ойлондум, башым да айланып калды.

— Бечара башыңыз! — Руфь боору ачыгандай анын чачынан сылап койду. — Эми мындан ары эч качан айланбай эле койсун. Жакшылап эс алсын эми. Мартин, келиңиз, баарын кайра башынан баштайлы! Мен апамын тилине кирип алсыздык кылдым. Мындай кылбашым керек эле. Бирок адам деген кечиримдүү болушу керек деп өзүңүз көп айтчу эмес белеңиз? Мага да кечиримдүү болсоңуз. Мени кечириңиз!

— О, мен кечирем! — деди ал сабыры чыдабай. — Кечире турган нерсе жок болсо, кечириш жеңил! Сиздин кылганыңыз кечиримге муктаж эмес. Сиз өз түшүнүгүңүзгө жараша иш туттуңуз. Мен деле кызматка орношпогонум үчүн сизден кечирим сурасам болмок.

— Бирок мен сизге жакшылык каалаган элем, — деп жиберди ал шашкалактап, — мен сизди сүйгөндөн кийин, жакшылык кааладым да!

— Аныңыз туура, бирок сиз мага жакшылык кылам деп аз жерден мени курутуп коё жаздадыңыз. Ооба! Аз жерден менин талантымды, келечегимди өлтүрүп сала жаздадыңыз! Менин табиятыман реалистмин, буржуазиялык искусство болсо чындыкты көргүсү жок. Буржуазия коркок. Ал турмуштан коркот. Сиз да менин жашоодон коркконумду кааладыңыз. Сиз мени капаска салгыңыз келди. Сиз мени жалган баалуулуктарга баш ийдирүүнү эңсеп, мага шарттуу былжырак моралды таңуулагыңыз келди.

Мартин Руфтун ушул жерден каршы чыккысы келгенин көрдү.

— Былжырак болсо да алар чын дилден чыкканын, бирок ага карабай бул буржуазиялык маданияттын, таптык идеялардын, таптык моралдын, таптык түшүнүктөрдүн негизи экенин моюнга алам.

Мартин кейиштүү башын чайкап койду.

— Азыр деле сиз мага түшүнбөй турасыз. Сиз мен айткандарга таптакыр башкача маани берип жатасыз. Сиз үчүн менин айткандарым – жалаң ойдон чыгарылган нерсе. Бул мен үчүн чыныгы реалдуулук. Болбоду эле дегенде сиз баткактан чыга калган бул неме эми кыйынсынып, менин чөйрөмдү адепсиз деп сындаганга чейин жеткен деп ичиңизден күлкүңүз келип, таң калып атсаңыз керек.

Руфь чарчагандай башын Мартиндин ийнине жөлөп, денесин кайрадан майда калтырак басты. Ал бир мүнөтчө бирдеме айтабы деп Руфту күтүп калды да сөзүн кайра улантты:

— Эми болсо, сиз сүйүүбүздүн кайрадан башталышын каалап турасыз! Мага күйөөгө чыккыңыз келет экен. Сиз мени каалап турат экенсиз! Мени түшүнгөнгө аракеттенип туруңуз – мындай да болуп калышы мүмкүн эле, менин китептерим жарык көрбөй, таанылбай калган күндө деле мен кандай болсом, так ошондой эле баягы Мартин Иден бойдон калмакмын да, туурабы? Бирок сиз мага басып да келбейт элеңиз! Бир гана ушул китептер үчүн, ошолор кара жерге….

— Сөгүнбөңүз, — деп Руфь анын сөзүн бөлүп кетти.

Мартин какшыктай күлүп койду.

— Мына, мына! — деди ал. — Өмүрүңүздүн бактысы тууралуу маселе коюлганда, орой сөздү уккуңуз жок. Сиз жашоодон баягыдай эле коркосуз.

Анын жоругуна баа берип аткандай туюлган бул сөздөрдөн Руфь селт эте түштү; бирок кантсе да Мартин ага адилетсиз мамиле кылыбаткандай сезилди да таарына түшкөнсүдү.

Экөө бир топко чейин унчукпай калышты, кыз кейиштүү ойлонуп, мындан ары эмне кыларын билбей турду, Мартин болсо – эчак өтүп кеткен махабат баянын эстеп жатты. Көрсө ал Руфту эч качан сүйбөгөн экен, муну азыр ачык түшүндү. Ал идеалдуу башка бир Руфту, кыялынан жаратып, көктө калкыган, өзүнүн сүйүү поэмаларында даңктаган кызды сүйгөн экен. Ал эми мына бул маңдайында отурган чыныгы Руфту, буржуазиялык кулк-мүнөздүү, түшүнүгү чектелүү кызды эч качан сүйбөптүр!

Күтүлбөгөн жерден Руфь сүйлөп кирди:

— Мен сиздин айткандарыңыздын көбү калетсиз туура деп эсептейм. Мен чынында эле турмуштан корккон экем. Сизди жетишерлик күчтүү сүйгөн эмес экенмин. Бирок, азыр мен бекем сүйүүгө үйрөндүм. Сизди азыр да, мурда да кандай болсоңуз дал ошондой сүйөм. Менин чөйрөмдөгү адамдардан айырмаланып турганыңыз үчүн сүйөм. Сиздин көз карашыңыз кээде мага түшүнүксүз болсо да мейли. Мен аларды туура түшүнгөнгө үйрөнөм. Мен аларды түшүнүүгө үйрөнүшүм керек! Сиздин тамеки тартканыңыз, сөгүнгөнүңүз — мунун баары сиздин жашооңуздун бир бөлүгү, мен сиздин ушунуңузду да сүйөм, мен көп нерсеге үйрөнөм. Ушул эле акыркы он минутанын ичинде менин көп нерсеге көзүм ачылды. Мурда бул жерге тартынбастан келе алат белем? О, Мартин!..

Руфь ыйлап жиберип, бетин Мартиндин көкүрөгүнө жөлөдү. Ал күтүлбөгөн жерден көпкө көрүшпөй калгандан бери Мартин биринчи жолу эрекелете кучактаганын сезди. Ал муну сезди да Мартинге жалжылдай карады.

— Өтө кеч болуп калды, — деди Мартин. Лиззинин сөзү эсине түштү. — Мен оорулуумун, Руфь… бирок денем оору эмес. Жан дүйнөм, мээм оорулу. Мен үчүн бардык нерсе баркын жоготту. Мен азыр эч нерсени каалабай калдым. Эгерде жарым жыл мурда келгениңизде, анда баары башкача болмок. Азыр эми абдан кеч болуп калды!

— Жок, кеч эмес! — кыйкырып жиберди Руфь. — Мен муну сизге далилдеп берем. Менин сизге болгон сүйүүм таптык түшүнүктөрдөн күчтүү экенин далилдеп берем. Мен буржуазия үчүн эң кымбат нерселерден да баш тартууга даярмын. Мен эми жашоодон коркпойм. Керек болсо ата-энемден баш тартып, өз атымды жаманатты кылууга даярмын. Сиз кааласаңыз азыр эле ушул жерде калып, сиз менен түбөлүккө жашоого даярмын, мындан кубанычты да, сыймыктанууну да табар элем. Эгерде мен мурда сүйүүгө турксуздук кылган болсом, азыр ага каршы болгондордун өздөрүн сатып кеткенге.

Ушуну айткан Руфь көздөрүн чачыратып Мартиндин маңдайында турду.

— Мен күтүп жатам! – шыбырады ал. – Сиздин бир ооз «ооба» деген сөзүңүздү күтүп атам. Мага карап коюңузчу.

«Бул кандай сонун, — деп ойлоду ал, Руфка карап: ал өзүнүн каталыктарын моюндап, айыбын жууду, буржуазиялык жасалмалуулуктун чынжырын үзүп салып, чыныгы аял болуп чыга келди. Мунун баары укмуш, эң сонун, эң асыл… Бирок мага эмне болгон?»

Кыздын кечигип болсо да жасаган бул иши бирок анын жүрөгүн кенедей жылыткан жок. Ал муну акылы менен гана баалады. Өрттөнүп күйбөдү – болгону суз гана баалап койду. Жүрөгү тоңгон муздай эле, каны баягыдай чексиз каалоодон дүргүп чыккан жок. Ал кайрадан Лиззинин айткандарын эстеди.

— Мен өтө ооруп турам, — деди Мартин колун кайдыгер шилтеп. — Мен өзүмдүн мынчалык оору экенимди элес да албаптырмын. Мага бирдеме болду окшойт. Мен эч качан жашоодон корккон эмес элем, анын даамын жоготом деп эч бир ойлобоптурмун. Эми болсо жашоого кокомон тоюп турам. Менде эч кандай каалоо калган жок. Жадагалса, сизди да көргүм келбейт! Көрдүңүзбү, канчалык оору экенимди!

Ал башын креслонун кырына чалкалатты да, көздөрүн жумду; ыйлап аткан наристе күн шооласынын ойноктогонуна алаксыгандай, Мартин оорусун да, Руфту да, бүт дүйнөнү унуткарып, күтүлбөгөн жерден кайрадан чыга келген баягы көрүнүштү – калың жалбыракты көзөй себелеген күндүн шоолаланган нурун карап кирди. Бул жапжашыл, анан да көздү уялткан жалбырактар эле. Муну карап туруу анын жанын оорутса да эмнеге карабатканын өзү түшүнбөй турду.

Аны эшиктин туткасынын кычыраганы эсине келтирди, караса Руфь босогодо туруптур.

— Бул жерден кантип чыгам? — Руфь жалооруй сурады. — Коркуп атам.

— О, мени кечирип коюңуз, — деп кыйкырып жиберди Мартин ордунан ыргып туруп, — эмне болубатканымды өзүм да билбейм! Сиздин бул жерде экениңизди да унутуп калыпмын.

Ал чекесин ушалады.

— Көрдүңүзбү, мен соо эмесмин. Мен сизди үйүңүзгө чейин узатып коём. Биз арткы эшик менен чыгып кетебиз. Эч ким байкабайт. Бетиңиздеги тор чүмбөтүңүздү гана түшүрүп алыңыз.

Руфь анын колунан бекем кармап, экөө кууш далис, жарым караңгы тепкичтер менен жүрүп олтурушту.

— Эми мен коркпойм, — деди көчөгө чыкан соң Руфь колун бошотууга аракет кылды.

— Мен сизди үйүңүзгө чейин узатып коём, — деди Мартин.

— Жок, жок, — деди ал каршы боло, — кереги жок!

Руфь дагы бир жолу колун бошотконго аракет кылды. Бул күтүлбөгөн жерден Мартиндин кызыгуусун ойготту. Коркунучтун баары артта калбадыбы, эми эмнеден чочулап турду экен. Руфь андан эртерээк бөлүнүп кеткиси келгени байкалып турду, бирок муну Мартин жөн эле туталанып турганынан го деп ойлоду. Ошондуктан кыздын колун кое бербей, үйүн көздөй алып жөнөдү. Көчөнүн бурчуна жеткенде Мартин узун пальточон куркуйган бирөө далбактап подъездге кире качканын байкап калды. Жанынан өтүп баратып ал жакты карады эле, жакасын көтөрүп алса да бекине калган бейтааныш Руфтун иниси Норман экенин жазбай тааныды.

Жолдо баратып, Мартин менен Руфь дээрлик сүйлөшкөн жок. Руфтун көңүлү чөгүңкү, Мартин болсо кайдыгер эле. Болгону Руфка Тынч океандын аралдарына кетип атканын айтты, Руфь болсо күтүлбөгөн жерден келгенине кечирим сурады, болгон сөз ушу. Экөө Руфтун эшигине жеткенде коштошту. Бири-биринин колун кысып, кайырлуу түн каалашты, Мартин шляпасын көтөрүп койду. Эшик жабылды. Мартин тамеки күйгүзүп тартты да кайра мейманканага кайтты. Жанагы Норман бекинип калган подъезддин жанынан өтүп баратып, бир мүнөттөй токтоп туруп калды.

— Эжеси мага калп айткан экен, — деди ал угуза. — Мага бул жерге келип, чечкиндүү, коркпой иш кылдым деди эле, көрсө иниси менен келип, анысы күтүп турган экен да. — Ал каткырып күлдү. – Атаны гана, буржуйлар! Мен кедей кезде анын эжесине жолой алчу эмесмин. Эми менин банкта эсебим ачылганда, иниси эжесин мага өзү ээрчитип келип отурат!

Мартин жолун улантып кете бермекчи болгондо күтүлбөгөн жерден бир кайырчы чыга калып, чыканагынан түрттү.

— Жыйырма беш тыйын берип коюңузчу, мырза! Жатак жайга төлөшүм керек эле! — деди ал.

Үн Мартинди бурула кароого аргасыз кылды. Карай салса, кир жууган жерде чогуу иштешкен баягы Жо досу! Колунан бекем кысып учураша кетишти.

— Эсиңдеби, экөөбүз сөзсүз жолугушабыз дебедим беле, — деди Жо, — мен муну сезгем. Мынакей, эми жолугуштук!

— Сен оңолуп алыпсыңго ыя? — деди Мартин ага суктана таңыркай. — Толуп да калыпсың.

— Так ошондой, — деди барбалактаган Жо. — Кайырчы болуп кеткенден бери жашоо деген эмне экенин билдим! Салмагыма отуз фунт коштум, өзүмдү мыкты сезип турам! Мурда тоңкочук атып иштей берип, терим менен эле сөөгүм калган экен. Эми болсо момундай жашоо абдан мага жагып турат.

— Бирок баш баанекке акча сурабатканың кандай? — деди Мартин аага тийишип, — түн болсо абдан салкындап турат!

— Мм! Жатак үчүн суранып атамбы! — Жо чөнтөгүнөн бир ууч майда тыйындарды алып чыкты. — Түнөк жайга ушу деле жетишмек, — моюнга алды ал, — бирок сенин кебетең абдан ырайымдуу көрүндү, сени мээлеп келгеним ошондон.

Мартин каткырып калды.

— Оо, бул акчаң ичкилигиңе да жетишет окшойт ко ыя? — деди ал.

Жо каадалана акчасын чөнтөгүнө салды.

— Бул эми менин ишим эмес!, — деди ал, — азыр мен ичпей калгам. Ичкенге көңүл да чаппайт. Экөөбүз бөлүнүп кеткенден кийин бир жолу гана мас болгом, анда да келесоо экем, ачкарын уруп жибериптирмин. Эми адамча жашап атам, ичкиликти да адамча ичип калдым! Кээде гана кичинекей ыстыкан менен бирди алып коем, ошо жетишет.

Мартин Жо менен эртеси жолугушууга макулдашып, мейманканага кетти. Кире бериште илинген пароходдордун катнаш жадыбалын караса, беш күндөн кийин Таитиге «Марипоза» жөнөйт экен.

— Телефондон мага каютага буйрутма берип койсоңуз, — деп суранды ал мейманкана кызматкеринен, — бирок, орун жогору жагынан эмес, асты жагынан, шамал жүрчү жагынан болсун. Жазып эле алсаңыз: шамал жүрчү тарабынан.

Бөлмөсүнө келип, керебетине жатты да ошол замат катуу уйкуга кетти. Мээси ушунчалык чарчаган экен, сырткы таасирлерди деле сезбей калыптыр. Жадагалса, Жону кезиктирген кубанычы да утурумдук болду. Сүйүнгөнү көз ирмемге созулду, анан эле эски досун кезиктиргенине өкүнүп, аны менен сүйлөшкүсү да келбей калды. Баары жоктун баарына кайдыгер эле Мартин. Беш күндөн кийин өзү сүйгөн океанга сүзүп кетери да аны кубандырбай турду. Ошол жаткан бойдон сегиз саат бою козголуп койбой уктады. Ары бери ооналактаган да, түш көргөн да жок. Ошентип түнү менен өзүн өзү унуткарып жатты, кээде гана ойгоно калганда көңүлү чөгүп, ойгонуп кеткенине өкүнүп жатты. Жашоо аны алсыратып, эзип, убакыттын өтүшү тозоктун тозогу болду.

XLVI ГЛАВА

 

— Эми иш мындай, Жо, — деди Мартин эртеси күнү ага жолукканда, — ушул жердеги Жыйырма сегизинчи көчөдө бир француз турат. Ал жакшы акча жасап алып, эми Франциясына кайра кеткени жатат. Кичинекей, бирок абдан сонун жабдылган кир жуугучканасы бар. Мындан ары күлүңдүн бир жерге додо болушун кааласаң, анда бул сага баа жеткис табылга. Ме, мынабу акчаны алып, өзүңө бир жакшы костюм шым сатып ал да, барып тиги француз менен жакшылап сүйлөш. Бирдеме десе мени жиберди дейсиң, баарын сага өзү көрсөтөт. Көңүлүңө абдан жакса, кожоюну айткандай он эки миң доллар наркын туура көрсөң, анда мага айтып кой – кир жуугучкана сеники. Эми тур, куру бул жерден! Менин колум бош эмес. Калганын экөөбүз кийин сүйлөшөбүз.

— Мени кара, Март, — деди Жо жайбаракат, ичиндеги ызасын араң кармап, — мен бул жерге сени менен учурашайын деп келдим. Түшүндүңбү! Сенден кир жуугучкананы белекке алайын деп келгеним жок! Мен сага эски дос катары келсем, мага кир жуугучкананы түртөсүң да! Мен сага айтып коёюн, кир жуугуч канаңды ал да, бир жериңе кысып туруп…

Ал тура калып кетмек болду эле, Мартин аны ийинден алып өзүнө бурду.

— Билип кой, Жо, — деди ал, — эгер сен мага мындай өнөр көрсөтө турган болсоң, мен сени эскичесинен өпкөңдү үзүп коём, өзүңдүкүлөрдү да тааныбай каласың! Түшүндүңбү? Ыя? Каалайсыңбы?

Жо жулуна калып, Мартинди түртүп жиберейин деди эле, бирок аны кармап турган колдор абдан карылуу эле. Экөө бөлмө ичинде тегерене кармаша кетишти, отургучка чалынып, анын бырын-чырыны чыкты, акыры полго кулап түшүштү да Жо чалкасынан түшүп жатып калды, Мартин болсо шак тизеси менен анын көкүрөгүнөн ныгыра басып, үстүнө минип алган эле. Кое бергенде тиги араңдан дем алып, өзүнө келгендей болду.

— Мына эми сүйлөшсөк болот, — деди Мартин, — көрдүңбү, мени менен кармашам дебей эле кой. Адегенде кир жуугучкана менен ишти бүтүрүш керек. Анан кайра келсең, экөөбүз эски досторчо башка нерселер жөнүндө да шашпай, сүйлөшөбүз. Азыр колум бош эмес деп атпаймыбы, өзүң көрүп турбайсыңбы.

Так ушул учурда, эшиктен малай кирип келип, эртең мененки почто менен келген бир таңгак кат жана журналдарды таштап кетти.

— Мунун баарын окуп да, сүйлөшө да албайбыз го. Андан көрө сен барып, кир жуугучкана жайын бир жаңсыл кыл да, кайра келип кал.

— Макул, — деди Жо кош көңүл, — сен менден кутула жаздап турган экен го деп ойлодум эле, бирок жаңылыптырмын. Ошентсе да Март, мени бокста ута албайсың. Эмне болсо да коюп мелдешем.

— Болуптур, анан мээлей кийип алып, көрөлү, — деди Мартин күлүп.

— Сөзсүз! Мен кир жуугучкананы сатып аларым менен эле. — Жо муштумун сунду. — Көрдүңбү? Мен сени эки дегиче болбой жыга чабам.

Жо акыры кеткен соң Мартин жеңилдеп эс ала түштү. Адам жактырбай качып калганы эле бул. Дегеле күндөн күнгө ага адамдар менен мамиле кылыш кыйындап баратты. Кимдир бирөөнүн жанында турганы эле ага оор эле, аны менен сүйлөшүү зарылдыгы жинин кайнатып, ал үчүн ого бетер чыдагыс эле. Адамдар менен жолугушканда көңүлү тынч албай, алардан эптеп кутулгандан кийин гана жаны жай ала турган.

Жо кеткенден соң Мартин дароо эле почтого киришкен жок. Ал жарым саатча креслодо кыймылсыз отурду, башында кээ-кээде гана уйку-соо аралаш кандайдыр бир үзүл-кесил ойлор чубап жатты.

Акырында ал ордунан туруп, каттарды карай баштады. Ондон ашык кат, Мартин бир көргөндө эле тааныгандай, анын автографы коюлган китебин салып жиберишин суранышыптыр, ал эми калган каттар болсо кесипкөй сурануучулардан, ар кандай апендилерден, түбөлүк кыймылдаткычтын моделин ойлоп табуучулар менен жердин үстүңкү бети жердин жантайыңкы ички бөлүгү деген математиктерден тартып, Төмөнкү Калифорниядан коммунисттик колонияны куруу үчүн жарым арал сатып алууга акча сураган адамга чейинкилердин мааниси маңызы жок каттары эле. Сансыз аялдардан келген бир катты окуп калып, Мартиндин боору эзилди, бир айым өзүнүн такыба, шойкому жок түз жүргөнүн далилдейин деген окшойт, катына чиркөөдө туруктуу орду үчүн төлөнгөн квитанциясын да тиркеп коюптур.

Китеп баскандар менен редакторлор аны катка көөмп салышкан эле: бирөөлөрү макала жазып бер деп суранса, экинчилери жаңы китептерин сурап атышты. Айтор, бир кезде акыркы буюмун коюп марка сатып алып жөнөтчү байкуш кол жазмаларын эми эңсеп, чыдамсыздык менен күтүп жатышты. Каттардын арасынан күтүлбөгөн чектер да — англис тилинде чыккан китеби үчүн жана чет тилдерге которууга руксат бергендиги үчүн төлөнүүчү акчалардын чектери да чыгып калып атты. Анын англиялык өкүл-агенти үч китеби Германияда которулуп чыгуу укугуна ээ болгонун билдириптир: анын китептери Швецияда которулуп жатты, бирок Швеция Берндик келишимге кирбегендиктен, бул котормолор үчүн эч кандай акы алууга мүмкүн эмес эле. Ошондой эле, Россиядан да анын чыгармаларын которуп, басып чыгарууну суранган формалдуу өтүнүч келип түштү, бирок бул өлкө да Берндик келишимге кирген эмес болучу.

Мартин гезитке чыккан макалаларды карап, шумдуктуудай тез тарап аткан өзүнүн даңкы жөнүндөгү жазылгандарга көз жүгүртүп чыкты. Мартин Иден караламан калкка эч бир тайманбай туруп, бардык чыгармаларын тартуу кылды. Күтпөгөн жерден атакка ээ болуп чыга келгени ушундан болду окшойт. Ал кыжылдаган кара топту Киплинг кысмактап алгандай эле баш ийдирди. Анда да өлүм алдында жаткан улуу жазуучунун чыгармаларын караламан калк баса калып окуп кирген эле. Мартин ушул жерден Киплингдин жазгандарын түк түшүнбөгөн ошол эле кажылдаган кара топ байкуш Киплингди көрдөн алып жерге уруп, таман астына басканын эстеди. Бул ой аны күлгөнгө аргасыз кылды. Ким билет! Балким аны да жарым жылдан кийин ошондой тагдыр күтүп тургандыр. Бирок ал кара топту алдап кетмекчи. Жарым жылдан кийин ал алыскы океандын чок ортосунда болот, өзүнүн камыш алачыгында отуруп алып, акак маржандарды сатат, толкунга минип алып суу астындагы урчуктуу аскалардан учуп өтүп, акула кармайт, Тайохэ өрөөнүнүнө катарлаш жаткан өрөөндөн жапайы тоо эчкилерге аңчылык кылып жүргөн болот.

Так ушул мүнөттө ага өзүнүн аргасы куруп, ахывалы таптакыр эле үмүтсүз экени көз алдына апачык элестей түштү. Күтүлбөгөн жерден ал өзүн көлөкөлөр кубаңдаган Өлүм Өрөөнүндө жүргөнүн сезди. Анын өмүрү артта калган эле, улам барган сайын соолуп, күүгүмүнө батып баратты. Мартин азыр өзүнүн канчалык уктаса да, дайыма эле уктагысы келип турганын сезип турду. Кечээ эле уйкуну ушунчалык жек көрүп жүрбөдү беле. Уйку анын өмүрүнүн эң кымбат сааттарын уурдап атканына кейип жүрбөдү беле. Ал кезде жыйырма төрт сааттын төрт гана саатын уктачу, демек ал башкаларга караганда, төрт саатка кем жашаптыр да. О, агезде уйкунун азабын кандай тарткан эле! Азыр болсо, жашоонун азабын тартууда! Жашоо ага кайдыгер кызыксыз, даамы жок супсак аштай сезилип калды. Ичер суусу түгөнө турган, өлүм тооруп турган кырсыктуу жер так мына ушул болуп турат окшойт. Жашоого умтулбаган өмүр, акыры өлүп тынат эмеспи. Бирок ошенткени менен анда көнүмүш болгон өзүн өзү коргонуу сезими ойгонгондой болду. Ооба, сапарга шашпаса болбой калды. Мартин бөлмө ичин кыдырата бир көз чаптырып алды да, бирок жол камын көрүш керек деген ойдун өзү ага чыдагыстай болуп, үрөйүн учургансыды. Негизи буга шашылыштын деле кереги жок болчу. Азырынча керектүү буюмдарды сатып алуу менен алектене берсе болот да.

Эртең менен шляпасын кийип үйдөн чыкты да түшкө чейин курал, балык кармоочу шаймандарды тандоо менен алектенип, курал-жарак саткан дүкөндө болду. Буюмдарга болгон мода ушунчалык бат алмашып тургандыктан, ал Таитиге келгенден кийин эле, шашпай сата турган бардык буюмдарды алдырып алат. Алтургай, аларды Австралиядан болсо да котортуп алдырууга болот. Бул ой аны кубантып жиберди. Айтор, азыр бирдеме кылайын деген ага таптакыр чыдагыс эле. Мейманкага кайтып келатып, ушутапта аны күтүп жаткан өзүнүн жумшак креслосуна отурарын элестетүү менен жыргап келатты, бирок кирери менен анда Жонун отурганын көрө коюп, жини келгенинен тимеле онтоп жибере жаздады.

Кир жуугучкананы көрүп келген Жонун кубанычында чек эле. Ал бапылдап, баары сонун тимеле сааттай иштеп атканын, маа десе эртең эле бара калып ишти баштап жиберсе болорун айтып бажырап кирди. Мартин көзүн чала жумуп, керебетинде сулк жаткан бойдон Жонун айткандарын угуп атты. ошенткен менен ойлору аң-сезимдин чегинен алда кайда тышкары чабыттап жүрдү. Кез-кезде гана Жого бирдеме деп жооп бериш үчүн эптеп чыгынып атты. Ал Жону жакшы көрчү эмес беле. Ал эми Жо болсо жашоого мелт-калт толуп турган эле, андыктан аны менен жакындашуунун өзү Мартиндин жанына батып, кадимкидей оорутуп турду. Анын чарчап бүткөн жаны үчүн бул эбегейсиз оор жүк эле. Жо ага кечээ күнү мээлей кийип алып бокстошобуз дебедиң беле деп эскерткенде тимеле жаны чыгып кете жаздады.

— Эсинде болсун, Жо! Сен кир жуугучканада баягы «Кайнар Булактагы» өзүң айткандай тартипти орноткун. Эч кимди ашыкча иштетпе. Түнкүсүн эч кандай жумуш болбосун. Айлыгын жакшылап төлөгүн. Балдарды жалдайм деген оюңа да келбесин! Эч качан!

Жо башын ийкегилеп, чөнтөк дептерчесин сууруп чыкты.

— Мен бүгүн эртең менен бир эрежелерди чиймелеп койдум эле, угуп турсаң.

Ал окуп кирди. Мартин ии демиш боло кез-кез мыңк этип коюп атты, ичинде болсо бу Жо деген неме деги качан жоголор экен деп ойлоп жатты. Мартин ойгонуп караса, кеч кирип кетиптир, үйдүн ичинде эч ким жок. Кыязы, Жо Мартиндин уктап кеткенин көрүп, акырын кетип калса керек. «Сылыктыгын көрчү мунун», — ойлоп койду Мартин. Анан көзүн жумуп, кайра эле уктап кетти.

Эртеси күнү Жо кечке кир жуугучкана менен убараланып, Мартинди көп деле тажаткан жок. Сүзүүгө жөнөп кетерге аз калган кезде, гезиттер Мартин Иден «Марипозага» түшүп алыска кетерин жарыялашты. Ал сактанайын деген сокур сезимге жетеленип, кетер алдынан догдурларга түшүп көрдү. Саламаттыгы куландай таза экен. Өпкөсү, жүрөгү ойдогудай. Иши кылса, врачтын айтканына караганда, бүт органдары таптаза, нормалдуу иштеп жаткан болуп чыкты.

— Сизде эч кандай оору жок, мистер Мартин, — деди дарыгер, — оорунун изи да жок. Сиздин организмиңиз укмуш экен! Мен сизге суктанып да турам. Саламаттыгыңыз абдан мыкты. Кандай көкүрөк клетка! Темирди сиңирип жиберген ашказаныңыз турганда, мындай клетка – эч качан бузулгус ден соолуктун жана күчтүн кепилдиги. Сиздей адам нукасы миңден, алтургай, он миңден бирөө гана болот. Кокустук, же бир кырсык болуп кетпесе, сиз жүз жашка чейин жашайсыз.

Мартин баягыда Лиззинин койгон диагнозу туура чыкканына ишенди. Дене жагынан ал сопсоо болчу. Бирок башына бирдеме болгон экен, ал бузулган механизмди бир гана алыскы океан сапарына чыгып келүү гана калыбына келтире алышы мүмкүн эле. Баарынан жаманы, так жолго чыгаар алдында кокусунан каалоосу таптакыр жоголуп, эч кандай саякатка чыккысы келбей калганы болду. Тынч океан деле эми ага буржуазиялык цивилизациядан түк артык болбой калды. Жөнөп кетем деген ойдон эч кандай жанданууну сезген жок, тескерисинче, али баштала элек саякаттан азыртан эле чарчап турду, деги эмнеси болсо да учурда кемеде болуп калса болмок, эч нерсеге түйшүктөнбөй, эч нерсени ойлобой отура бермек экен.

Акыркы күндөр ал үчүн чынында эле таптакыр чыдап болгус, абдан эле оор болуп сезилди. Анын деңиз саякатына жөнөрүн гезиттен билишкен жездеси Бернард Хиггинботам менен эжеси Гертруда, калган тууган-туушкандары коштошмокко бүт чогулуп келишиптир. Андан кийин айрым иштерин бүтүрүп, карыздарынан кутулду да, ач кенедей жабышкан кабарчылардын суранычтарын канааттандырып чыкты. Кечки мектепке барып, Лиззи Конолли менен да коштошуп келди. Мейманкага кайтып келип, кечке кир жуугучкананын иштери менен алпурушуп жүрүп араң бошогон соң коштошоюн деп келе калган Жону көрдү. Бул болсо анын сабырын биротоло түгөтүп, аргасы жоктон досунун былжырак итатайы тутулгандыктан, кебин креслонун кармоочторун улам кычырата кармап, жарым сааттай чыдап угууга мажбур болду.

— Эсиңе тутуп кой Жо, — деди ал акырында, — сени бул киржуугучканага эч ким байлап аткан жери жок. Каалаган убактыңда сатып жибер да акчасын чачып сал. Мунун баары тажатса, кайра селсаяктык кылгың келсе, тура калып кете бер. Иши кылса, өзүңө кандай жакса, ошондой жаша!

Жо жок дегендей башын чайкады.

— Эми мен мурдагыдай болуп, чоң жолдо темселебейм. Селсаяк болгон баары жагынан жакшы дечи, бирок бир гана жаман жери – мен кыздарды айтып атам. Аларсыз такыр жашай албайм! Эмне десең ошо де. Темселеп жүргөн жалгыз кишиге жарашат. Кээде үйлөрдүн жанынан өтүп баратсаң музыка ойноп турат, бийлеп жатышкан ак көйнөкчөн, татынакай кыздарды көрүп каласың, алар терезеден карап сага жылмайышат! Ох, ата дейсиң! Жашоо көзүңө кунарсыз көрүнүп кетет. Мен шаардын сыртына сейилге чыкканды, бий-тамашаны, айлуу түндө басканды ушунчалык сүйөм. Кир жуугучканаң болсо башка иш, кийгениң жакшы костюм, чөнтөгүңдө керек болуп калар деп бир ууч доллар жүрөт! Баса, бир кызыке менен тааныштым. Көнсө азыр эле үйлөнүп алат элем. Эстесем эле кечке чейин көңүлүм көктө жүрөт. Көздөрү тимеле жалжылдап турат, үнү – кудум музыка. Эх Март, кайсы кара теке сүзүп, ушу кезге чейин үйлөнбөй жүрөсүң? Ыя? Сендегидей акча менен сулуунун сулуусун чаап туруп, үйлөнүп алсаң болот да!

Мартин бырс күлүп койду, жүрөгүнүн тереңинде деги адамда үйлөнөм деген каалоо кайдан жаралат деп таң калды. Бул ага кызык да, түшүнүксүз да эле.

Так жөнөөр алдында «Марипозанын» палубасында туруп Мартин коштошкону келгендердин арасынан Лиззи Коноллини байкап калды. «Лиззини өзүң менен ала кетсеңчи», — дегенсиди ички добуш кулагына шыбырап. Адамга айкөлдүк кылган кандай жакшы, ушинте турган болсо, Лиззи чексиз бактылуу болмок. Ал азгырыла түшүп, бирок бул ошо замат сезимине дүрбөлөң салып, үрөйү уча түштү. Кыйналган жүрөгү катуу каршылык көрсөткөндөй түрсүлдөп чыкты. Пароходдун бортунан бери боло калды да: «Жок, кымбаттуу достум, сен айыкпас дартка чалдыккансың», — деп шыбырады.

Мартин өзүнүн каютасына түштү да, пароход ачык деңизге чыкканга чейин сыртка чыкпады. Кают-компаниядагы тамак үстүндө ага ызат көрсөтүшүп, каптиандын оң ыптасынан орун беришти; ошол замат өзүнүн «Марипозадагы» жүргүнчүлөрдүн ичинен эң атактуу, кыйын адам экенине ишенди. Бирок буга чейин атактуулардан эч кимиси тегеректеген адамдарды мынчалык ирээнжиткен эмес. Улуу адам өзүнүн убактысынын көбүн көзүн жарым-жартылай жуумп алып, палубада жатып өткөрөт экен, кечкисин болсо элден мурда жатууга кам урат экен.

Пароходдогу жүргүнчүлөр эки күндөн кийин деңиз оорусунан арылып, керээли кечке салондорго, палубага батпай жайнап кетишти. Мартин аларга канчалык көп көңүл бурган сайын, алар ошончолук туталанчу болду. Бирок бул кылганы туура эмес экенин өзү деле түшүнүп турду. Бул адамдардын баары өтө сүйкүмдүү, кең пейил экенин мойнуна албай коё алган жок, ошондой болсо да аларды ичинен жектеп турду, анткени буржуазия бүт эле руханий жактан өксүк жана интеллектуалдык жактан көңдөй эмеспи. Бул адамдар менен сүйлөшкөндөн Мартиндин итиркейи келип жатты, анткени алардын келесоолугу менен дөдөйлүгүндө чек жок эле. Жаштардын гүрү-гүү түшкөн куунак үндөрү да тажатып, кыжырына тийип турду. Аларың бир орунда тура алабы, пароходдун тиги учуна бир, бул учуна бир чуркап, бирде ылдый, бирде палубага чыга калып атышты. Бир туруп ызы-чуу түшө дельфиндерге суктанышса, бир туруп, канаттуу балыктардын үйүрлөрүнө кыйкырык сүрөөн менен кол булгалап атышты.

Мартин болсо көбүрөөк уктоого аракет кылат. Эртең мененки тамактан кийин ал улам окуп акырына такыр чыга албай койгон журналын кайра колуна алды да, чалкалама отургучка келип, жайланыша жатып алды. Бирок басма тамгалар көздөрүн бат эле талытып жиберип атты. Ал эмне жазганды адамдар кантип табарына таң калат, ошентип атып, кайра үргүлөп, уйкуга кирип кетет. Убакыт түшкү тамакка жакындаганда, элди ланчка чакырган таңкылдактан ойгонуп кетет да, уйкусун бузулганга жини келет, бирок туруп барып тамак ичиш керек.

Бир жолу Мартин уйку баскан сенектикти азга болсо да кубалаш үчүн матростордун кубригине түштү. Бирок матростор да өзү бир кезде матрос болуп жүргөн кездерден бери өзгөрүп кетишкен окшойт. Ошондуктан бул маңыроо, кабагы ачылбаган мал өңдөнгөн адамдар менен баягыдай аралашып, ымалалашып кете албады. Андан ары эмне кыларын билбей аргасы таптакыр куруп турду. Өйдө жакта Мартиндин эч кимге кереги жок болчу, өзү бир кезде жакшы көргөн кадырман чөйрөсүнө да келип аралаша алган жок. Ага эми бул адамдардын эч кереги жок болчу. Анткени булар деле аны биринчи класстагы көк мээ жүргүнчүлөр сыяктуу итиркейин келтирип турду!

Жашоо Мартин Иден үчүн көзү оору адам жарыкка чыдай албагандай эле запкылуу эле. Көз алдында түркүн түс болуп жылоолонуп, кубулуп турган жашоо анын жанын ого бетер кыйнап, оорутуп турду. Бул жан чыдагыс оору эле.

Мартиндин бул өмүрүндө биринчи жолу биринчи класстагы пароходко түшүп саякатташы эле. Мындай пароходдорго мурда деле далай түшкөн, бирок агезде Мартин кароолдо турчу, же анын от жаккан тээ терең түпкүрүндөгү мештин оозунда кара тер агыза от жагуу менен алек боло турган. Ошондо люктан башын чыгарып алып, жеңил кийинип алышып палубада жайбаракат аңгемелешип, каткырышып, ары-бери басып жүргөн жүргүнчүлөргө карап тура берчү. Палубанын үстүнөн кере тартылган чатыр аларды шамалдан, күндөн калкалап тураар эле, кенедей эле каалоосу пайда боло калса, элпек стюарддар дароо чуркап келе калышып, ошол замат орундатышаар эле. Мунун баары аба жетпеген үп чуңкурдан чыга калган ага бейиштей бир укмуш көрүнчү. Эми болсо өзү ардактуу конок катары капитандын оң жагында отуру, элдин баары ага суктанып, аңкая карап турушат, ал болсо эзелки от жаккан меш менен жатчу кубригин эстеп кусаланып отурганы. Издегени менен ал жаңы бейиш тапкан жок, эски бейиши болсо кайра келгис болуп биротоло жоголгон эле.

Эптеп убакыт өткөрүш үчүн Мартин пароходдун кызматкерлери менен аңгемелешүүгө аракеттенди. Интеллигенттүү, жылдыздуу жигит механиктин жардамчысы менен сүйлөшө кетсе, ал ошол замат социалисттик үгүт жүргүзүп кирбеспи, алтургай, үгүт ырлар менен баракчаларды чөнтөгүнө шыкап да салды. Мартин анын кулдук моралды колдогон жүйөлөрүн көңүлкош угуп отурду да, өзүнүн ницшеандык философиясын эстеди. Эми мунун баарынын кимге кереги бар? Ал Ницшенин акылга сыйбаган жоболорунун бирин эстеп кетти, анда болгон нерсенин баары шектүү, жадагалса, чындыктын өзү да шек жаратат деп айтылган болучу. Эмне экен, балким, Ницшеники туура чыгар! Мүмкүн, чындык деген түшүнүктүн өзү болбогон кеп чыгаар. Бирок мээси бат эле чарчай түштү, батыраак креслосуна жетип, үргүлөп отурганды самап кетти.

Пароходдогу жашоосу канчалык жанын кыйнаганы менен аны алдыда дагы далай түйшүк күтүп турган. Пароход Таитиге жеткенде эмне болот эми? Канчалык машакат, канчалык күч-кайратты талап кылган иш башталат! Буюмдардын камын көрүп, Маркиз аралдарына кете турган шхунаны издеп табышы керек, андан башка да түмөн түркүн зарыл, тажатма иштерди кылышы керек болот. Муну ойлогон сайын улам тооруп, кысмактап келаткан коркунучту даана сезип, түшүнүп жатты. Ал эчак көлөкөлөр гана кубаңдаган өлүм Өрөөнүндө эле, андан да жаманы, анда коркуу деген сезим ныпым болгон жок. Кичине эле жүрөгү түшсө балким, жашоого кайтмакпы, бирок ал эч кандай коркунучту дегеле сезбегендиктен, көөдөй караңгылыкка барган сайын терең чөмүлүп бара жатты. Эми жарык жашоодо аны кубандырган эч нерсе калбады. Жадагалса, бир кезде өзү жанындай көргөн нерселерге деле кайдыгер карап калды. Ана, «Марипозаны» утурлай бет алдынан түндүк-чыгыштын жылуу шамалы сокту, бирок өзүнө эзелтен тааныш, бир кезде аны шарап ичкендей мас кылып жиберчү бул шамал эми кыжырын гана келтирип турду. Ал өткөн күндөрдөгү жакшы көргөн шамал досунун капылеттен желп эте жетип келген мээриминен качып, креслосун башка жакты көздөй жылдырып алды.

Бул го бул, «Марипоза» тропикалык жайларга жеткенде Мартин жанын коёрго жер таппай такыр куурады. Эми уйку деген да анда жок эле. Ал уктай берип тажап, жамбашы талыгандыктан, эми сыртка чыгып, палубадан ар бери темселеп басып, көз уялтып жаркыраган тирүүлүктөн кыйнала бергенге аргасыз эле. Унучукпай тынымсыз бирде алдыга, бирде артка баса берди. Айлана өтө үп жана нымдуу болгондуктан, утуру шатырата куюп кетип турган жаандар деле абаны оңдуу тазарта албай жатты. Мартин жашоодон кыйналып, тажап турду. Кээде алсырай түшүп, креслосуна жата кетет, азыраак эс алган болот да, кайра туруп басыгын улантат. Колундагы журналды акыры аягына дейре окуп чыкты да, китепканадан бир нече ыр жыйнактарын алды. Окуюн деди эле, көңүлүн бир жерге топтой албай, кайра эле каршы-териш басып, серүүндөгөнгө кирди.

Кечинде Мартин каютасына элдин эң арты болуп кирди, түн бир оокум болуп калса да таптакыр уктай албай койду. Жашоодон эс алдыра турган жалгыз каражат да акыры келип иштебей калды. Бул чекке жеткендик эле! Ал жарыкты күйгүзүп, китепти колуна алды. Ал Суинберндин ырлар жыйнагы эле, Мартин беттерин барактап карап атып, күтүлбөгөн жерден кызыгып окуп атканын сезди. Бир ырды окуп чыгып, экинчисине өтөйүн деп барып, эмнегедир кайра жанагы ырга кайрылды. Ошентип акыры китеп колунан шыпырылып, көкүрөгүнө түшкөндө, ойлонуп калды. Ооба! Так өзү! Ошо издегени! Кызыгы, бул туурасында буга чейин түк ойлонбогон экен. Бадык маселенин ачкычы бул жерде турбайбы, ал өзү билбей, сезбей, ушу жол менен келаткан тура, эми Суинберн ага эң жакшы жолду көрсөтүп турду. Эңсеп келген тынчылык аны так ушул жерден күтүп турган экен. Ал башын көтөрө коюп, иллюминаторго карады. Ооба, ал жетишерлик кенен эле.

Качантан бери кыйналып келген жүрөгү биринчи жолу сүйүнүчтөн түрсүлдөп чыкты. Айыккыс дартына эм боло турган дарыны акыры тапты! Китепти кайрадан колуна алып, үн чыгара бул саптарды окуду:

Чарчадык чексиз үмүттөн,

Тойлордо ойноп күлүштөн.

Билбедик коркуу, самоону —

Теңирге баш ий, билип сен…

О, жүрөгү сен адамдын,

Түбөлүксүз жаралдың…

Ошондуктан миң алкыш,

Кудайына ааламдын…

Бүт дайра билгин, бир кезде, —

Деңизди каптап каларын.

Мартин кайрадан иллюминаторго көз жиберди. Суинберн ага жол көрсөтүп турду. Жашоо жан чыдагыс эле, тагыраак айтканда, ал түгөнгүс кыйноо менен азапка айланды.

Жүрөгү сен адамдын,

Түбөлүксүз жаралдың!..

Ушунусу үчүн кудайларга ыракмат деш керек. Бул алардын дүйнөдөгү эң чоң жакшылыгы эмеспи! Эгерде жашоого кокодон тойгон болсоң, анда кутулуунун жөнөкөй эле жолу, түбөлүккө уйкуга кетиш керек, бүттү!

Эми эмнени күтүп атат? Кете турган мезгил жетти.

Мартин иллюминатордон башын чыгарып, төмөн жактагы сүттөй ак көбүктөрдү ккарады. «Марипоза» өтө терең отуруп бараткан эле, колу менен асылып салаңдай турган болсо буттарынын учу сууга тийчүдөй. Шырп эткен дабыш да чыкпайт. Эч ким да укпайт. Суунун майда тамчылары бетине чачырай түшүп, оозуна туздуу суунун даамы келе калды. Бул ага жага түшкөнсүдү. Алтургай, оюна коштошуу ырын жазып кетсемби деген ой келе түштү! Өз оюна өзү кайра күлдү. Ага убактысы да жок эле. Баарын батыраак бүтүргүсү келип турду.

Бирөө жарым шек алып калбас үчүн ал каютадагы жарыкты өчүрүп туруп, буттарын иллюминатордон тышка сунуп жиберди. Ийни кептелип калды эле, бир колун денесине кыса кармап, араңдан зорго түртүнүп чыгып баратты. Так ошол учурда күтүлбөгөн жерден пароход силкинип жибергени ага иллюминатордон суурулуп чыгып кеткенге жардам берди. Буттарынын учу сууга тийери менен айнектин кырынан кармап турган эки колун коё берди да, апакай жылуу суу аны кучагына кабыл алды. Сүрү катаал, зор кара аскадай болуп, анда –мында күйгөн иллюминаторлордун жарыгын чачырата «Марипоза» сүзүп өттү. Пароход чоң ылдамдыкта баратты. Ал муну ойлонгучакты өзү анын куйрук жагында калып калды да, океандын көбүктөнгөн бетинен жай гана сүзүп жөнөдү.

Анын апакай денесине кызыкса керек, жакындап сүзүп келген бонита балык балтырын тыз дедире сайып өткөндө Мартин күлүп жиберди. Санынын ооруганы суунун ичинде эмне үчүн жүргөнүн эсине салды. Башкы максаты эмне экенин таптакыр унутуп койгон экен. Карааны өтө алыстап кеткен «Марипозанын» оттору да бүлбүлдөп баратты, бирок ал миңдеген чакырым арыдагы жээкке жеткиси келип аткансып, тынымсыз кулач ура сүзө берди, сүзө берди.

Бул жашоонун инстинкти эле. Анын сүзбөй туруп калды эле, толкун каптап келгенде колдору кайрадан иштеп кетти. «Жашоо эрки» деп ойлоду да өзүн жектей бырс күлүп койду. Ооба, анда эрк бар, ал эрки эң соңку жолу бир чымырканып туруп, өз жашоосун өзү токтотконго толук жетет.

Мартин тикесинен турду. Чалкалай түшүп, жылдыздарды бир карады да, анан өпкөсүндөгү болгон абаны сыртка чыгарды. Ал колу буттарын тыбырата кайра ылдый батыраак жана тереңирек чумкуп кетиш үчүн өзүн мажбурлап, чапчаң кыймыл менен суудан өйдө кескин серпилди. Деңиз түбүнө мармар таштан жасалган апакай айкелдей чөккүсү келди. Сууга бир топ терең сүңгүп кеткен соң, жаны кыйналып турган сыркоо баңгизатты жыттагандай, суудан дем ала баштады. Оозу мурдуна суу толуп, муунта баштаганда эрксизден инстинтке алдырып, өйдө тыбырчылай суунун бетине калкып чыкты да кайра төбөсүндөгү жаркыраган жылдыздарды көрдү.

«Жашоо эрки», — деп ойлоду ал жек көрө, ачышып чыккан өпкөсү менен түнкү таза абадан дем албаска куру бекер тырышып. Мейли, тикесинен болбосо, башка ыкманы колдонуп көрөт! Бир нече жолу ичине терең дем тартты. Болгон абаны өпкөсүнө жыйнады да кайрадан ылдый кетти. Кеткенде да башы менен тике сайылып кетип баратыры. Улам барган сайын тереңдеп сүңгүп баратат, ачылуу көздөрү менен көгүлжүм сымал фосфор жарыгын көрүп турду. Караандардай болуп жанынан бониталар зыпылдап өтүп атышты. Ал ичинен булар денеме тийбесе экен деди, анткени тыз дедирте чийип кетчү болсо, анын эркин жандырып жибериши ыктымал эле. Алар тийбей өтүп кетишти, Мартин жашоонун ага кылган эң акыркы ырайымы үчүн ичинен ыраазы болду.

Буттары менен колдорунун сенейип баратканын сезип, ал барган сайын тереңге чөгүп баратты. Абдан чоң терендикте экенин түшүнүп турду. Кулагынын тарсылдагына болгон суунун басымы чыдагыс болуп баратты, башы тимеле чытырап бөлүнүп кете тургандай эле. Эркинин шумдуктай чымыркануусу менен өпкөсүндөгү аба акыр аягына чейин биротоло сыртка чыгып кеткенге чейин, өзүн өзү дагы тереңирээк чөккөнгө мажбурлай берди. Абанын майда көбүкчөлөрү анын бети менен көздөрүнөн чыбырчыктап өтүп, өйдө көздөй тездик менен көтөрүлүп кетип баратты. Мына ошондо муунуу азабы башталды. Бирок ал өзүнүн өчүп бара жаткан аң-сезими менен мунун али өлүм эмес экенин түшүндү. Өлүм жанды оорутпайт. Бул али жашоо эле, тирүүлүктүн соңку жандалбасасы, акыркы азабы болчу. Бул ага жашоонун урган акыркы соккусу эле.

Анын колдору менен буттары тырпырап, алсыз кыймылдай берди. Кеч болуп калды! Ал жашоонун эркин алдап кетти! Эми өтө чоң тереңдикке жеткен эле. Эми өйдө жакка кайра сүзүп чыга албайт. Өзүн түркүн көрүнүштөрдүн учу-кыйры жок деңизинде жайбаракат, бир калыпта сүзүп бараткансып сезди. Жаркыраган кандайдыр бир нур аны курчап алып, өзүнө сиңире эритип алгандай. А мына бул эмне? Маякка окшойбу! Бирок бул ак жарык мээсинде жанып турду. Барган сайын ого бетер жарыгыраак нурданып баратат. Кайсы бир жерден шумдуктуудай дүңгүрөгөн дабыш угулгансыды, Мартинге өзү зор шатыдан ылдый көздөй караңгы орго зуулдап учуп бара жаткансып сезилди. Муну ал анык түшүндү! Ал караңгы түпкүрдү көздөй зымырап баратты, — дал ушуну түшүнгөн ирмемде эс-учун биротоло жоготту.

СОҢУ

Орусчадан оодарган Бахтияр Шаматов

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.