Пери Алмазова: Мөлт-мөлт этип эриниме асман агып (конкурска)

АЙ АСМАНДАН ТӨГҮЛҮП …Ай, Ай төгүлүп асмандан!.. Жан Жанымды жаркытып, Агып барат Бактыма Балбылдатып, балкытып. Булбул өмүр Көңүлдү Шаңылдатып, шаңшытып. Гүл, гүл жыпар Төрүмдү Буркуратып, аңкытып, Алаканга булакты Тамчылатып, тамызып. Таманыма деңизди Шаркыратып, агызып, ….Булак, деңиз бий бийлейт, Көктү, Көлдү чалкытып. Этегинде эликтер Өрдү, Төрдү калкытып, Кучакташып кулундар Ойноп, күлүп табышып… Жорголошуп жорулар Жолдо, Тоодо жарышып. Аргымактар асманда Ак булутту жамынып, Жамгыр болуп Төгүлүп, Нөшөрлөтүп басылып… Айланайын өмүрдөн, Сени сүйөм сагынып… Сүй!.. Сүйөгой өмүрдү, Айдан мончок тагынып. Добулбасты кактырып, Карегимде […]

Кытай эл жомогу: Коёндун куйругу

Коёндор жаңы жаратылганда узун жана барпайган кооз куйруктуу болушуптур. Алар мындай жакшы куйругу менен абдан сыймыктанып, анысын бийик көтөрө көйрөңдөнө басып, ар кимге мактанышчу экен. Ал тургай башка жаныбарлардан өзүлөрүн жогору коюп, аларды кемсинтип, келекелеген кептери менен шылдыңдашчу дешет. Бирок ушундай кылыктарынан улам алар кооз куйруктан айрылып калышыптыр. Ал окуя мындайча болуптур: Бир жолу коёндор суу жээгинде ойноп жүрүшүп, наркы жээктеги жашыл шалбааны, чөбү көйкөлгөн жерди көрүшүп, ага кантип жетүүнү билишпейт. Анткени сууда сүзө алышчу эмес. Ошентип турганда суудан картаң […]

Дилазык: Байлык, сүйүү жана ынтымак

Деңиз жээгинде карыя жашачу. Анын бул дүйнөдө карманар-каралашаары жок, жалгыз эле. Бир күнү кечинде анын каалгасын бирөө кагып калды. Карыя башын көтөрүп кыйкырды: – Ким бул? Эшиктин артынан жооп берди: – Бул мен, Байлыкмын. Карыя ордунан турбай жооп берди: – Бир кездерде мен жомоктогудай бай болчумун, бирок ал мага бакыт алып келген жок. Ал эшикти ачкан жок. Эртеси каалганы кайра дагы бирөө какты. – Ким бул? – деди карыя. – Бул мен, Сүйүүмүн! – деген жооп угулду. Карыя: – Мен […]

Монах Варнава: Аквариум балыгы

Аквариум балыгын дарыяга коё беришти. Аны жергиликтүү балыктар тегеректеп алышып, кооздугуна таң калышты, андан үй шартында кандай жашаганына кызыгып сурап киришти. — Жакшы! — деди сууктан калтырап үшүгөн балык, үйдөгү жылуу аквариумду эстеп, – бирок бир гана жаман жери –деп даттанды ал: — Бир күндө бир эле жолу тамак беришчү! — А бул жагынан бизде жөнөкөй! — деп тынчтандырышты аны балыктар. — Каалашыңча, кайсы убакта болсо да жей бер! Албетте, аны таба алсаң… Балыктар ар кимиси ар кай жакка тамак […]

Дүйшөн Керимов: Ак уул, Куу уул баяны

(“Наалы эже” тарыхий повестинен үзүндү) Долон бий, Муратай баатыр баштаган, жүздөн ашык жоокер жигиттер коштогон жүргүнчү топ, “Алай, Анжиян, Баргана кайдасың?” деп, ашуусу аскар тоо ашып, агыны албуут суу кечип, “кой” деген кожо, “ай” деген ажо жок, каалаган көк конушка көңүл черин жаза өргүп, бет келген айылга баса коно жатып, кааласа-каалабаса да өкүм мейман болуп, бирок да адаттагыдай эч кимге зордук кылбай, кордук этпей жайма-жай жол жүрүп келатканга бир апта болуп калды. Жоо жарагы шай, өздөрү алп мүчө, мингендери жалаң […]

Искендер Жумабаев: Тенти Адышеванын тагдыры жана чыгармачылыгы

Акын-жазуучулардын көркөм чыгармачылыкка келиш жолдору эң эле көп түрдүү. Т. Адышеванын биографиясы ушул акыйкатты дагы бир мертебе тастыктап турган шекилдүү. Болочок акындын атасы Жунушбай «Манастан» тартып макал-лакаптарга чейинки кыргыз фольклорун жакшы билген. Үй-бүлөдөгү жалгыз кыз Тенти ар дайым атасын ээрчип, анын айткандарын көп уккан, бир тобун жатка билип алган. Албетте, мунун өзү кичинекей кыздын көркөм аң-сезиминин калыптанышында маанилүү роль ойногондугу талашсыз. Бирок Тенти бала чагында да, эс тарткандан кийин деле көркөм чыгармачылык менен шугулданууну көздөгөн эмес экен. Акындын «Кылы үзүлгөн […]

Нуркыз Рыскул кызы: Мезгилден кайрат алып өзгөргөмүн (конкурска)

*     *     * Аялды аягыла! Үстүнөн басып түйшүк, Өңүнөн азып, чүнчүп, Үйдө эне, сыртта баатыр, Үлбүрөк болбой калды канча айым. Аялды аягыла! Алдыга салып коюп, Артында балык болуп, Аталар кол куушуруп турган үчүн, Аялдар назиктигин жоготууда. Аялды аягыла! Ачуусун андан, мундан, Тигинден чыгарышып, Азууда канча аял, Өңүнөн кубарышып! Аялды аягыла! Тапканын көп көргөндөр! Бүтүндөй милдеттерин, Аялга өткөргөндөр! Аялга акыл керек! Артынан арамдыкка түртпөгүлө! Апкелет азыр оокат, дүйнө деп күтпөгүлө! Аялды аягыла! Асырап карагыла! Нар эмес, аял деген! Назданып тургандыгын самагыла! […]

«Айтматология: «Жамийла» жана улуттук эрос» жарыкка чыкты

Белгилүү публицист жана адабиятчы Эсенбай Нурушевдин «Айтматология: «Жамийла» жана улуттук эрос» аттуу китеби Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Турар» басмаканасынан басылып чыкты. Аталган китепте автор Чыңгыз Айтматовдун айрым романдары менен повесттерин философиянын эң соңку агымдары жана багыттарында кеңири талдап, көркөм концепциялардын өңүтүнөн карайт. Айтматовдун чыгармачылык өмүрүнө арналган бул китептин мазмунунда улуу жазуучунун көркөм герменевтикасын, феномендерин жана ноумендерин чечмелеген автордун бул эмгеги негизинен буга чейин айтматоведдердин да тиши өтпөй келген түйүндүү маселелерди чечмелейт. О.э. философия илиминдеги түйүндүү түшүнүктөрдүн тегерегинде түйшөлүп келген Ч.Айтматовдун ааламына тереңден […]

Рыскүл Изатова: Ыйлашат кагазымда ырлар дагы (конкурска)

ЖАТ АДАМ Жашымдан жолдоштой муң мага, Жолумдан адашкам мурда да. Булуттай буркурап ыйласам, Бугумду бөлүшөт ыр гана. Ачылбас асмандай түнөрүп, Аялуу сезимим “тирүү өлүк”. Өмүрүм шам чырак майындай, Өксүүдөн кетпесин түгөнүп… Күндөрүм күйүткө жалгашкан, Күбүлүп дүйнөмдөн шаң качкан. Кам көргөн айыпсыз бирөөнү, Коркомун калп эле жандаштан. Жүрөктү байырлап жашаган, Жүдөткөн санаадан жаш алам. Башкарып жүргөнсүйт акылды, Баягы мен эмес жат адам. ЧЕЧИМ Жаркын күндү бирге өткөрдүк азбы-көп, Жаныңыздан узап барам бак тилеп. Жашайттырсыз менсиз деле бактылуу, Жарыңызды уккан элем жакшы […]

Унсуралмаали Кайкавус: Кабуснаме (Акылмандыктын кенчи)

<<<<<<<<<< Башы КАРЫЛЫКТЫН ЖАНА ЖАШТЫКТЫН КҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ Ээ уулум, сен жаш болсоң да, карыядай кексе бол! Мен сага бозуландай иш жасаба, токтоо жигит бол жана бозоруп жылдызы өчкөн жаштарга кошулба деп айтуудамын. Жаш жигиттин кабелтең жана шамдагай болгону жакшы. Аристотель даанышман айткандай, жаштык акылсыздыктын кайсы бир түрү. Шайкелең жаштарга кошулба, себеби шайдоот жүргөндөн жамандык болбойт, эси жоктук жамандыкка кириптер кылат. Жаштыгыңдан болушунча пайдалан, картайганда андай мүмкүндүк болбойт. Береги карыя айткан: Мен өзүмдү карыдай алып жүрсөм, сулуулар мени чанып калышат. […]

Сапар баян: Дүйнөдөгү эң эски шаар же Арарат боорунда жуушаган Армения

“Мен армян тилин үйрөндүм… кудайлар кайсы тилде сүйлөгөнүн билүү үчүн… Себеби армян тили кудайлардын тили жана Армения кудайлардын мекени… Кудайлар болсо Арарат өрөөнүнөн болушат” Жорж Байрон Армения жерине туз буйруп сапар тартып калышымдын да кызыктуу себептери бар. Фейсбук айдыңында, “РухЭш” сайтында байма-бай жарыяланып келаткан дүйнөлүк адабияттан которгон эмгектеримди көңүл коюп окуп жүргөн өзү да филолог, учурда Жогорку Кеңеште иштеп жаткан Бурулсун Бабашева эже мага кайрылып, ушундай илимий конференция, КМШ мамлекеттеринин үлкөн тилчи-окумуштууларынын эл аралык Форуму өтүп жатат, конкурска катышып таржымакалыңды […]

Талгат Кеңесбаев: Капканчы (конкурска №1)

АҢГЕМЕ “Биздинби же сиздин бакытпы?” Рюнеске Акутагава Абышка таң эртеде эле туруп алган. Атын арабага кошкусу келбей турду. Күн көтөрүлгөн менен таңкы шүүдүрүмдөн улам салкын. Чыйрыгып чыкты. “Суурлар өткөн жылдагыдай чээнге эрте кирип кетпес бекен” деп камтама болуп койду. Бул ой абышканы дайыма кыйнап келет. Кыйнамак турсун карытып да бүттү. Соңку эки жылда чачтары да катуу агарып кетти. Өзү да кудум териси түлөгөн суурга окшоп калды. Каштары суюлуп, чачтары түшүп, кабагы катты. Сүйлөгөндө шилекейи чачырап, үстүңкү тиштеринен бир-экөө эле калган. […]

Канат Садыков Сапар Исаковдун жубайына мыйзамсыз айлык төлөп келгенби?

Сапар Исаковдун аялы – Малика Арстанбекова КУУдан мыйзам Университеттин кассасына гана эмес КР мыйзамдарына өз менчигиндей кол салган КУУ ректору Садыковду ким тыят? Университеттеги мыйзам бузуулар боюнча бир жарым жылдан бери биздин кайрылуулар бийликке жетпей жаткандыктан, акыркы үмүт менен маалымат каражаттарына кайрылууга мажбурбуз. Ректордун көптөгөн мыйзам бузууларынын ичинен расмий органдар тастыктаган айрым мисалдарга (албетте, баары эмес) коомчулуктун назарын буралы. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору К.Ж.Садыков психология кафедрасынын башчысы Ж.К.Ниязова менен (ал экөө эски тааныш, экөөнүн илимий жетекчиси бир адам […]