– Бул жерден сиз менен талаша турган кайчы пикирим бар, байке!  

Албетте, тактык талаштан жаралат эмеспи, менин айткандарымдын кайсынысына макул эмессиң, айта бер, кулак сенде, Олжоке..

Орус тили деп атпайсызбы, мен буга каршы деле эмесмин, анын таасирин танбайм, бирок азыркы заманда биздин балдарыбыз орус тилин гана эмес, дүйнөлүк башка тилдерди деле үйрөнүп, дүйнөлүк прогресске интеграцияланышы керек деп эсептейм. Ошондуктан бир эле орус тилине байланганыбыз туура эмес ко, кандай дейсиз?

— Бул кебиңде жан бар, муну мен талаша деле албайм, болгону мурдакы советтик адам катары көз карашымды айтып атам да. Мойнума алам, менин айткандарымдын баарын эле балким, башкалар бөлүшө бербейт чыгар. Мени кубантканы – азыр ааламды чарк айланып, мартабасы ашып-ташкан дүйнөлүк ири корпорацияларда иштеп жаткан кыргыздын балдары бар. Куру кеп болбос үчүн ушул жерден сага дагы бир кызык, башка жаштарыбызга өрнөк болгон мисалды келтире кетейин. Менин айылдаш жолдош баламдын уулу бар, аты-жөнү Акжол Абдыхалиев. Ушул жигит азыр Билл Гейтс негиздеген Microsoft корпорациясында иштеп жаткан бирден бир кыргыз инженер-программист. Бул кызматка жетиш үчүн Акжол үч жыл катары менен сынакка катышты. Угушума караганда, булар командасын жыл сайын сынак жарыялап, дүйнөнүн төрт төгөрөгүнөн тандалган мыкты адистер менен толуктап турат окшойт. Төртүнчү ирет катышып, өтүп кетти да ошол бойдон иштеп калды. Бул жигит ток этер жерин айтканда, орус тилинин жардамы менен эмес, түрк тилинин жардамы менен ушул деңгээлге жетти, Анкарадан окууну аяктап, аяктан Канадага кетти, 3-4 жыл ал жакта иштеди, анан сынактан өтүп АКШга кетти да ошол жактан орун-очок алып, орношуп калды. Мына сага мисал! Камчатка деп аташкан Лейлектин тээ бир алыскы Көк-Таш деген тоолуу айылынан чыккан карапайым баланын таржымалы ушул. Атасы дос эмеспи, улам чалып жүрдү, сен журналистсиң, ак үйү менен көк үйүнө кирип-чыгып жүрөсүң. Баламды чоңдорго тааныштыр же бирөөлөргө айт, ушул жактан эле иш таап берсин деп кулактын кужурун алып чала берди.

– Йе, жолуң болгур кыргыздын ушинтип тааныш-билишти ортого салганы калбайт экен да качан болсо. Анан не жооп кайтардыңыз?

– Эй, баланын тагдырына балта чаап атасың, бул жакка алып келип эмне кыласың? Иштей берсин Америкада дедим.

– Ап бали, бу жерде Сиз да жакшы өрнөк көрсөтүпсүз досуңузга! Туура сөздү ошентип эле кесе айтыш керек кыргызга…

– Ал жакка адамдар жетпей арманда жүрсө, сен бул жакка келсин дегениң кандай? Болбойт дедим. Мейли алып кел, өкмөткөбү же башка жагынабы, бир кызматка орноштур. Бир жыл иштеген соң алды-артын карабай качпаса мага кел. Бул жердин «абасы» таптакыр башка, кадрларга болгон мамиле таптакыр башкача, балаңын башы алтындан болсо да карабайт. Баары кыргызча. Бюрократиясы бир жагынан кемирип жеп, жалындап турган демин суутат, бир жагынан кыргыздарга абдан жаккан команда деген балакет бар. Тууган-уругун топтоп алат да командам ушул дейт, өзү ыргыган күндүн эртеси командасы да кошо жок болот.

– Эң жаманы – жеген-ичкенди, куулук-шумдукту эле үйрөтүшөт биздин чоңдор. Ошентип канчалаган таптаза жаш кадрларды өздөрүндөй бөлтүрүккө айлантып атышпайбы, карышкырдай баш тоголотконду үйрөтүп…

Андан көрө президент албаган айлыкты алып, иштеп аткан балаңдын аманчылыгын тилеп отура бербейсиңби дедим. Кемпириң экөөң ата-бабаң көрбөгөн Американы уулуңдун аркасы менен көрүп атасыңар, мындан өткөн жыргал болобу дедим.

– Куп айтыпсыз да муну. Мына, иштин көзүн сиздейлер табат. Жаштардын келечегине кээде ата-эне кургур өздөрү ошентип балта чабат бизде. А сиз туура багытын айтыпсыз. Азыр жаштардын Америка, Европа, Жапония, Кытайдан илим-билим, тажрыйба алганы – өлкөбүздүн келечеги үчүн маанилүү…

– Балаңды эл азыр караанын көрсө жерге түкүргөн чиновник кылып кайсы муратка жетесиң дедим. Жүрө берсин иштеп ошол жакта деп какшасам да баары бир болбойт досум. Анан бир күнү макул деп ЖКнын бир депутатына айттым баланын жайын. Дароо эле келсин, сүйлөшөм деди. Эмне кызматка баргысы келет, канча айлык алгысы келет деп калды. Билбейм, аны өзүнөн сурабасаң дедим депутат жигитке. Ошентип Акжол Бишкекке келери менен маселенин чоо-жайын айттым. Барып жолугуптур. Бирок бараардан мурда абдан инструктаж берип, бурап салгам, акылың болсо, ошол жакка жолобой эле кой дегем. Бат эле кайра келди. Бала өзү да деле таптакыр америкалыктарга окшоп калган, эч нерсе менен иши жок, он сөз айтсаң бир сөз менен жооп берип койгон мүнөзү да кызык. Кийингени да ошол америкалыктардай жылдыр-жулдур карапайым кийим, билбеген киши Ош базарда тачки тарткан бир бечарабы деп коёт.

– Сөзүңүз оозуңузда, Бахтияр байке… Ушул жерден менин да тилимди кычыштырган кыстырма кеп пайда болду. Сиз айткан Акжол сыяктуу жаңы көзкараштагы бир жигит менен да бир курдай масилеттешип отурсам, ал айтат: «Байке, ак үйдү желкемдин чуңкуру көрсүн, – дейт туттугуп, – үч ай араң иштедим ал жерде. Эртең менен ишке келем да өзүмө тиешелүү милдеттерди 2-3 саатта бүтүрүп, кайра кечке чейинки убакытты текке кетирбешим үчүн башка иш менен алек болоюн десем эле, начальнигим кабинеттен карыш жылдырбай кармайт. «Отур, иш убактың бүтө элек» деп. Ошентип кечке саат 18-00гө чейин арканга байланган торпоктой, ордуман жылбайм. А начальнигим өзү да иши жогунан компьютердеги оюндардан башы чыкпай, кечке Zuma ойнойт да, кечинде иш убактыбыз бүткөндө үйлөрүбүзгө жөнөйбүз» дейт. Анан кантип өлкөдө өнүгүү болсун, чоңдордун баары оюндан омурткасы сынгырлар экен деп, ошону менен ал жигит да ак үйдөгү ишин таштап баса бергенин угуп таңгалдым эле…

– Албетте, андай жаштар убакыттын кунун баалаган үчүн өмүрүн кысыр кетиргиси келмек беле. Досумдун уулуна да адегенде өкмөттүн кайсы бир отделине референт болуп турасың, анан акырындап көтөрүлө бересиң дептир жанагы депутат мырза. Депутат кыязы, Акжолдун көтөрүлмөк тургай, эчак эле асманга чыгып кеткенин элес албаган көрүнөт, анткени Майкрософтто иштегендин өзү эле оңойбу! Баланча миң доллар айлык таап турган неме бул жакка келип жарыбаган 15-20 миң сомго иштегиси келеби деги? Сен айткан жигит да ак үйдөгү кызматына канагаттанбаган үчүн баса берди да: же айлыгы жарытпаса, же кесиптик милдетин аткаруу купулуна толбосо…

– И андан ары эмне болду Акжолуңуз?

– Ошентип аяш уулумду «аман» алып калганыма кубанам. Кана эми, Акжолдой балдар келсе, татыктуу кызматын берип иштетсе, алар Кыргызстанга жарап бермек да? Андай балдардын көбү чет мамлекеттин пайдасына иштеп, бул жакка келбей жүрбөйбү? Эмнеге? Жообун жогоруда айттым. Сен да кыстырма кылып отурасың го менин жообума…

Бизде айтылган сөз башка да, иш таптакыр башка. Акжолдой жигиттер жоктугунан бул жерде кечеки базарчылар бүгүн мэр, кечеки тактай саткандар аким жана башка жооптуу мамлекеттик кызматтарга «аргасыздан» барып атышпайбы…

Кептин башы орус тили, орустун таасири туурасында болуп калды Олжоке, сага бир нерсени айтайын, агыман жарылып. Союздун ооматы жүрүп турган бир замандарда баары жоктун баарына орустар кожоюн эле. Жадагалса, баш паанек кылган батириңди да орустар берчү эмес беле шаарда. Республиканы башкарган жетекчибиз да Москвага майдай жаккан жагалданган саясат жүргүзүп, алтургай, мектепти аяктаган айылдын балдарына «Жалпы классыбыз менен бир тууган чарбага калабыз!», «Айылда жашасаң — техниканы башкара бил!» ж.б.у.с. ураандарды мойнуна илип, окууга кетирбей, айылда калтырып койчу. Бул деген кыргыздын балдары мал баккандан, сугат суугаргандан, кетмен чапкандан, трактир айдагандан башкага жарабайт деген эле саясат болсо керек да маңызында.

– Анан эмне… Маселен мен да айылдан келип, шаарга заводго орношо албай, далай убара чеккемин. Себеби шаарда каттоого туруу мүмкүн эмес эле ал кезде. А каттоосу жок киши эч жерге жумушка орношо алчу эмес. Керек болсо борбор шаардын көчөсүн шыпырганга да ылаажы жок эле да. А орус улутундагылардын көбү шаарда 2-3төн квартиралуу болуп калганы деле ошол саясаттын арты менен болуп, кыргыз урпагынын сиз айткандай айылда малчылык, дыйканчылыктан башы чыкчу эмес. Кийин шаарга келип отурукташканы ошон үчүн орус кемпир-чалдардын тоок кепесинде батирлеп күн кечиргенге аргасыз болду да. Бул жагынан Кремилдин саясаты курусун. Керек болсо азыр деле Кремилдин саясаты Кыргыз бийлигинин тизгинин кагып, орус бийлигинин кабак-кашы менен башкарылып келаткандайбыз…

– Орустарда шовинизм дайыма күч болчу, азыр деле ошондой. Булар бизди дайыма тыңсынып, теңине албай келбеди беле, Россияда жүргөндөр билет, башкаларга карата мындай мамиле дагы эле уланууда. Айтор, булардан эч ким ашып кетпеши керек, баары булардан акыл сурап иш кылышы керек окшобойбу. Булардан тың болсоң, кантип болсо да сени акырын четтеткенге маш. Айтайын деп аткан дагы бир адамдын кызык таржымалы буга анык мисал болуп бере алат.

Бир жигит бар, азыр Жогорку Кеңеште депутат болуп жүрөт. Бир канча жылдар мурда Москвага жумуш издеп барып, көрбөгөн азаптын баарын көрүп, акыры бир орус жигит менен чогуу компаньон болуп ишкана ачышат. Орус жигит менен достошкону – ал Россиянын жараны, демек, аны менен ишкана ачкан да кыйла жеңил. Ишкананын кылган иши тейлөө жаатында, тагыраак айтканда, асман мелжиген көп кабаттуу имараттардын терезелерин жуушат экен. Коопсуздук курун байланып алып не бир бийиктикте иштешет. Ошентип экөөнүн бизнеси болуп көрбөгөндөй дүркүрөп, өнүгүп кетет. Орус жигиттин кылган «жетекчилиги» эле  акча алат, кирешени санайт, бүттү, колун муздак сууга урбайт. Шапар тээп, ресторандан ресторан, машинеден машине, аялдан аял тандап кутургандан башка кылган иши жок. Кардар тапкан, акчасын сүйлөшкөн, ишти уюштурган толугу менен берки кыргыз жигиттин мойнунда. Адам пендесин, малды көрүп пайгамбар жолдон чыгыптыр дегендей, акча бузат эмеспи. Акча ошентип батпай калганда бир кезде өзү менен чогуу эле кур байланып, терезе жууп иш баштаган жанагы орус жигиттин пейили бузулат, анүстүнө тегерегинде шыйпаңдаган акыл кошчулары көбөйөт. Биздей берилген өзүңдүн орустарың турганда, кайдагы бир кыргызды бизнесиңе тең үлүш өнөк кылып алганың кандай? Бул эртедир кечтир кетет, жаныңда биз гана калабыз, сени мындан да байытабыз, баарын өзүбүз эле башкарабыз дешип башын тумандатышат, ал да аз көрүнсө керек, ар кандай ушак-айыңды ойлоп таап, чыныгы болгон иштей урдуруп, айтор, орус жигитти жолдон урушат. Бир күнү эле жанагы ишенген досу аны үлүштөн чыгарып, досвидания деп араны ачык кылат да, берки биздин жигит, мындайча айтканда, талаада калат. Бирок жанагы москвич орус өмүрүндө болуп көрбөгөндөй акмакчылык жасаганын билбейт, ал оюна да келбейт.

Ызасын ичине каткан жигит ишим бүттү деп көз жашын көлдөтүп жатып калбайт, макул дейт да тымпыйган бойдон чыгып кетип, башка планды ишке ашырат: орус жарандыгы бар жердеш кыргызды табат да экөө буту үзүлгөнчө чуркап жүрүп жанагы орус менен ачкандай жаңы компания ачышат. Кыйналгандары ушул гана. Компания ачылаары менен иши алдыга кетет, анткени кардарлардын баары тааныш болгондуктан жапырт ага оошот, калган иштин көзүн болсо өзү чыгара билет. Орустан тапкан пайдалуу тажрийбасынын жараганы бул. Компанияга башка улуттан бир да адам албай, жалаң кыргыз балдардан курап чыгат. Жетекчилиги да, иштеген жумушчулары да бүт кыргыздар. Учурда миңдей адам иштеп атат дейт.

Баса, жанагы орто жолдон башкалардын кебине кирип, муну «ыргытып» кеткен орус жигит саналуу эле күндө (айда да эмес), банкрот болуп, ооматы оодарылат да накта талаада калат. Угушума караганда, кийин жаңылдым жаздым деп курун мойнуна алып эски досуна таазим кылып келиптир болсо керек эле, бирок андай мамиледен кийин баштагы достук кайда, жигит унчукпай гана сөөмөйү менен чыга турган эшикти көрсөтүп койгон экен.

Студент кездеги батирдин баркын айтпа…Аны айтсаң, аягы бүтпөс узун жомок болор. Бирок оруста кыргызга караганда баары бир калыстык бар. Калыстык болгон жерде албетте, тартип бар. Мисалы, азыр бейтапканаларда отурган санитаркаларга чейин кыргыздар иштеп калбадыбы, бир иш менен кайрылсаң, тимеле ар бири өзүнчө министр. Баары жоктун баарын башаламан кылган да ошолор. Түздөн-түз аткара турган милдетин кадыр-колко кылып атып араң аткарат, бирок жүз сом кармата койсоң, жорголоп калышат. Мурда мындай эмес болчу да. Ойлоп отурсаң, биздин жалпы улуттук аң-сезим али кыйла эле артта экен. Орустарың деле шумдук цивилизацияга жетишти деп айта албайм, аларга деле Европа, Батыш өйдөдөн карап келатат, бирок канткен менен алар бизге салыштырмалуу тарыхый өнүгүүнүн баскычтарын, мисалы, капитализм доорун да басып өттү. Ушул эле аларга артыкчылык берип турбайбы.

Бирок канткен менен орустун жакшылыгын да көрдүк да. Улуттук мамлекет куруп берген, эне тилиңде оку, жаз деген саясатты Ленин ишке ашырганын кыргыздан ким тана алат? Улуттук адабият, өнөр, маданият, экономика бизде Октябрь революциясынан кийин гана өнүкпөдүбү? Өнүккөндө да кандай өнүктү! Ага чейин кыргыз, өзбек, тажик, казак баарыбыз чогуу бир эле Түркстан болуп жүрбөдүк беле? Же калппы?

– Бирок бул жерде да талаша турган кеп бар, Бахтияр байке. Туура, окутту-чокутту. Балдарыбызга бала бакча куруп, мектептерди негиздегенин танбайм. Арийне, анык мандем дал ушул жерде!

– Ал кандай мандем экен?

– Өткөндө белгилүү ишкер Эмил Үмөталиев, белгилүү журналист агабыз Амирбек Азам уулу болуп отурабыз бир жерде. Экөөнүн кызуу талашына кулак түргөн Искендер Ормон уулу, Элмира Ногойбаева, мен болуп үчөөбүз отурабыз үн катпай. Түн жарымы. Ошондо Эмил байкенин аргументи мени ушул мандемди түшүнүүгө түрткү берди. Ал киши айтат: совет мезгили эмнеге бала бакчаларды курганын. Мунун себеби дейт Эмил Үмөталиев: «Совет бийлигине арзан жумушчу күчү абыдан керек болгон үчүн айыл-кыштактарга бала бакча куруудан каражат аянган эмес. Анткени ымыркай баласы бар үй-бүлөлөр колхоз-совхоз иштерине кол кабыш кылбай турганын коммунисттер дадил түшүнгөн да, бала бакча «камкордугун» көрүмүш болушкан» – деген логикасына да, аргументине да эмне айтышты билбей отуруп калдык… Сиз буга бирдеңке кошумчалайсызбы же?..

– Бирдеңке кошумчалабасам да, ой толгоп көрүш керек экен, бирок азыр сени менен ушул айтылган кеп учугун узартып маектешүүгө убактым аз болуп туру.

– Анда маегибиздин кийинки бөлүгүндө да ой толгоп көрбөйлүбү…

Маектешкен Олжобай Шакир

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.