Эстафета эл өкүлү Нурбек Алымбековдон депутат Бактыбек Райымкуловго өттү

Учурда рухий коом агартуу миссиясын аткаруу баарыбыздын милдет. Оболу, улуттун аң-сезимин, маданият, билим деңгээлин өстүрүүгө багытталган «РухЭш» сайтынын аракеттери менен жеке менин да кабарым болгондон улам Жогорку Кеңештин депутаттары арасында улантылып келе жаткан саамалыкты колдоого мен да тилектештигимди билдирем жана сайттын чыгармачыл тобуна албан ийгиликтерди каалайм! Албетте, азыркы күндө коомчулук арасында жылуу пикирлерди жаратып: адабият, маданият, илим жана билим тармагында өз таасирин күндөн күнгө өстүрүп жаткан «РухЭш» сайтынын рухий коом агартуудагы аракеттери коомчулук тарабынан да жапатырмак колдоого муктаж экени кесиптештерим […]

Кыргыз эл жомогу: Жетим бала

Илгери-илгери бир жетим бала болгон экен. Ал бала бир байдын колунда коюн багып, эптеп күнүмдүк оокатын өткөрүп жүрөт. Бир күнү бала байдын малын түшкө жайып коюп, өзү уктап калса, малын жортуп жүргөн ууру айдап кетет. Бала ойгонсо, койлорунун бирөө да жок. Чочуган бойдон кырдан-кырга чуркап койлорун издеп жөнөйт, бирок эчтекенин дайны жок, жалпайып бир жерге барып отуруп калат. Аңгыча алыстан үч караан көрүнөт. Малынан үмүт кылган бала буту жерге тийбей баягы караанды көздөй дагы чуркайт. Жетип барса, ал жерде үч […]

Мамат Сабыров: «Шедевр»

АҢГЕМЕ Аны менен таанышып калганыма Зинакан эже себепкер болду.  Жумушта отурсам телефон чалып,  “бир тааныш жигиттин макаласы бар экен.  Окуп көрүп,  жараса чыгарып бербейсиңби” деп калды.  Эже экөөбүз бир кезде  чогуу иштешип,  далай жолу чай ичишип калдык эле.  Анан калса, күн сайын канча авторду кабыл алып, алар алып келген макалаларды гезитке чыгарган биз үчүн көнүмүш жумуш болгондуктан, эже айтаар замат келсин дедим. Арадан жарым саат өтүп-өтпөй (жакын жерде жүргөн окшойт) сербейген суйдаң муруту бар сары чийкил жигит  бет маңдайымда мени […]

Дилазык: Эркектин калп айтканы жөнүндө болмуш

Бир жолу отунчу дарыя жээгиндеги куураган бактарды кыйып жүрүп, балтасын сууга түшүрүп жиберди. Ал кайгысына чыдабай ыйлап олтурса, дарыядан аны ээси чыгып минтип сурады: — Оо, адам, эмне себептен ыйлап олтурасың? — Кантип ыйлабайм, эптеп отун кыйып оокат кылып жүргөн балтамды сууга түшүрүп жибердим. Эми мен байкуш үй-бүлөмдү кантип багам. Деңиз ээси сууга чумкуп кирип кетти да, чылк алтындан жасалган балтаны көргөздү: — Бул балта сеникиби? — Жок, бул менин балтам эмес, – дейт отунчу. Деңиз ээси кайра чумкуп, күмүштөн […]

Унсуралмаали Кайкавус: Кабуснаме (Акылмандыктын кенчи)

<<<<<<<<<< Башы КАНААТ КЫЛУУ ЖАНА ИЛИМИҢДИ АРТЫРУУ ЖӨНҮНДӨ Уулум, муну билип, кабардар болгун! Өнөрү жок адамдар шагы бар, бирок көлөкөсү жок мугелон[1] сыяктуу дайыма ныпасыз калышат. Ал өзүнө да, башкаларга да пайда кылбайт. Эгер айкөл жана атактуу адамдар өнөрлүү болушпаса да, алар теги жана жаатына жараша башкалардын алдында сый-урматтуу болушат. Не тексиз, не өнөрсүз адамдарга кыйын. Сен тектүү жана асылзаада болсоң дагы өзүң да атак-даңкка жетүүгө умтул, анткени өзүң жеткен атак-даңк мурастап алган атак-даңктан артык; урмат-сый тек-жаатың үчүн эмес, акылың […]

Конкурска: Мурза Гапаровдон Кавабатага, Кавабатадан Дзэнге

№17 Мурза Гапаровду тамшанып окубаган кыргыз окурманы дегеле жоктур деп ойлойм. Себеби, анын өзгөчө сезимталдык менен сүрөттөгөн турмуш көрүнүштөрү окуган адамдын жан дүйнөсүн башкача бир арууланууга жетелеп, табышмактуу ааламга баш бактырып, гөзөл бир дүйнөнү ачып эс-акылды деӊдароо кылат. Мындай деӊдароо эстетикалык таасирдин өзү эмей эмне?.. Ошентип, эстетикалык сыйкырга байланып-багынып калган окурман чын-чынына келгенде, тили бал, дүйнөсү купуя жазуучу Мурза Гапаровдун чыгармаларынын маани-маӊызын, адабияттын тили менен айтканда, көркөм идеясын деле жакшы аӊдап-түшүнө албай калышы мүмкүн. Анын себеби, Гапаровдун түрдүү дүйнөлүк адабияттын […]

Абийрбек Абыкаев: Кар күрөгөндөгү ойлор

ЭССЕ Бардык кара жумуштардан ушул аппак карды, кыштын жеңил, үлпүлдөгөн назик аппак карын күрөгөндү жакшы көрөм. Чындыгында, өзүм кара жумушка деле жокмун. Бала кезимден, күрөк кармап жер сайсам, кетмен көтөрүп картөшкө отогону чыксам, үй ордундай огород чоңоюп, жок эле дегенде жарым гектарга айланып, кетменди беш шилтесем, беш мүнөт, он шилтесем он мүнөт кетмендин сабына жөлөнүп алып өткөн-кеткендерди карай бермей адатым ушул күнгө чейин калбай келатат. Анан калса, кетменди көрсөм эле: илгери уккан анекдот эсиме түшөт. Апенди кетмендин сабын байкабай басып […]