Учурда рухий коом агартуу миссиясын аткаруу баарыбыздын милдет. Оболу, улуттун аң-сезимин, маданият, билим деңгээлин өстүрүүгө багытталган «РухЭш» сайтынын аракеттери менен жеке менин да кабарым болгондон улам Жогорку Кеңештин депутаттары арасында улантылып келе жаткан саамалыкты колдоого мен да тилектештигимди билдирем жана сайттын чыгармачыл тобуна албан ийгиликтерди каалайм!

Албетте, азыркы күндө коомчулук арасында жылуу пикирлерди жаратып: адабият, маданият, илим жана билим тармагында өз таасирин күндөн күнгө өстүрүп жаткан «РухЭш» сайтынын рухий коом агартуудагы аракеттери коомчулук тарабынан да жапатырмак колдоого муктаж экени кесиптештерим арасында сөз болуп жаткандан улам, Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакировдун мага узаткан эстафетасын чын жүрөгүм менен кабыл алдым. Ошондой эле аталган сайттын 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине жеке өзүмдүн атыман 3000 (үч миң) сом которуп, кезекти кесиптешим Райымкулов Бактыбек Кемелбековичке узаттым. Жана мындан арыны карай да эл өкүлдөрү тарабынан депутат Садык Шер-Нияз демилгелеген бул эстафета саамалыгы үзүрлүү уланат деген ишенимдемин.

Сайттын негиздөөчүсү Олжобай Шакирдин гуманитардык бул долбоору мындан ары карай да эл агартуу багытында жемиштүү иш уланта берүүсүнө тилектештигимди билдирем!

Парламент депутаты Садык Шер-Нияз эл өкүлдөрүн «РухЭш» сайтын колдоого үндөдү!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.