№17

Мурза Гапаровду тамшанып окубаган кыргыз окурманы дегеле жоктур деп ойлойм. Себеби, анын өзгөчө сезимталдык менен сүрөттөгөн турмуш көрүнүштөрү окуган адамдын жан дүйнөсүн башкача бир арууланууга жетелеп, табышмактуу ааламга баш бактырып, гөзөл бир дүйнөнү ачып эс-акылды деӊдароо кылат. Мындай деӊдароо эстетикалык таасирдин өзү эмей эмне?..

Ошентип, эстетикалык сыйкырга байланып-багынып калган окурман чын-чынына келгенде, тили бал, дүйнөсү купуя жазуучу Мурза Гапаровдун чыгармаларынын маани-маӊызын, адабияттын тили менен айтканда, көркөм идеясын деле жакшы аӊдап-түшүнө албай калышы мүмкүн. Анын себеби, Гапаровдун түрдүү дүйнөлүк адабияттын бай казынасын казып окуп, алардан өздөштүрчүсүн өздөштүрүп, алардын көркөм дүйнөсүн улуттук кыртышка ылайыктап кайра иштеп чыгып, кыргыз адабиятында мурда-кийин кездешпеген бөтөнчө бир жаӊычылдыгынан болсо керек. Ушундан улам, айрым учурларда катардагы окурмандар түгүл, талдоочу адабиятчыларга деле М. Гапаровдун чыгармачылыгынын бул сыр түйүнүн чечүү, коммуникация түшүнүгүнүн тили менен айтканда, жазуучу бекиткен кодду чечмелеп-декоддоштуруп, адресат-окурманга жеткирүү иши бир кыйла түйшүк жаратат. Ал түйшүк барып-келип эле М. Гапаровдун өзүн, өмүр жолун, чыгармаларын, изденүү багыттарын, алган таасирлерин, калыптанган чөйрөсүн, тагдырын терип-тепчип изилдөөдөн башталып, түбү барып анын жалпы кыргыз адабиятынан алган ордун аныктоо менен бүтүшү керек.

Муну адабиятта биографиялык метод менен жазуучунун чыгармачылыгын изилдөө деп коёт. Бирок мен жазуучунун өмүр таржымалына сүӊгүп кирип, анын баскан жолунун изине түшкөн изденүүдөн бөлөк жолду тандадым. Балким, башка изилдөөчүлөр биографиялык жол менен Гапаровдун чыгармачылыгынын дагы далай белгисиз кырларын ачып берер. А менин көздөгөнүм: М. Гапаровдун адабий таасирлерине изилдөө жүргүзүү болду – кыргыз жазуучусу дүйнөлүк адабий казынадан кимдерге жакын болгонун, өзүн кимден тапканын, кантип тапканын, улуттук көркөм ойлом кыртышына башка элдердин адабиятын, дүйнөкабылдоосун кантип сиӊирип-айкалыштырганын, ошол чыгармачыл таасирленүүдөн кандайча суурулуп чыгып, кантип өзүн, биз билген Мурза Гапаровду, жаратканын түшүнгүм жана түшүндүргүм келди.

Мага чейин деле Мурза Гапаровдун чыгармачылыгына кызыгып, ал тууралуу макала, илимий иш жазгандар көп эле болгон. Бирок жазуучунун адабий таасирлери али күнгө чейин колго алына электиги кызыгуумду ого бетер күчөттү. Балким, буга өзүмдүн илимий-чыгармачыл изденүү жолумда азгырган, өзүнө тарткан дүйнөлүк окумуштуулардын көз караштары да себеп болгондур. Чыгармачылык процесстин деги табышмактуу тараптары абыдан эле көп эмеспи. Мен ага баш оорутпай, М. Гапаровдун кайсы дүйнөлүк адабий мурастардын мухитине агып кирип, кайсы жерге сиӊип кетип, кайра кандай ботокөз булак болуп кыргыз көркөм сөз дүйнөсүнө оргуп-баргып чыга келгенине киришейин.

Мурза Гапаровдун чыгармачылыгына изилдөө жүргүзүү үчүн, ириде, ага мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү аныктоо логикалык жактан да, методологиялык жол-жобо жагынан да туура болор. Жазуучунун андай өзгөчөлүктөрүн санактан өткөрө турган болсок, анда анын чыгармаларына купуялуулук, ашкере сезимталдык, иррационалдуулук, интуитивдүүлүк жана кайманалык мүнөздүү. Ырас, мындай өзгөчөлүктөгү мүнөздөр Батыштын да, Чыгыштын да адабиятында кездешет, бирок ошондой болсо да табияты боюнча Чыгыш көркөм сөз дүйнөсүндө булар кадыресе көрүнүш.

Ал эми Мурза Гапаровдун Чыгыш адабиятынан, айрыкча, Ясунари Кавабатаны көп окуганын, ага таасирленгенин айткан пикирлер адабиятчы, жазуучулардын арасында көп учурайт. Мен ушул айтылган пикирди изилдөөмдө гипотеза катары белгилеп алдым.

Аныкталган гипотезамдан чыгып, өз алдыма төмөндөгүдөй бир катар суроолорду койдум:

  • Кыргыз жазуучусу Мурза Гапаровдун Нобель сыйлыгынын лауреаты япон жазуучусу Ясунари Кавабата менен кандай окшоштугу болушу мүмкүн?
  • Кыргыз жазуучусу япон жазуучусунан миӊ жолу таасирленгенде деле, анын өзүнүн табылгалары болсо керек. Болсо, алар кайсылар?
  • Бул эки түрдүү маданиятта, эки түрдүү идеологияда тарбияланып калыптанган япон жана кыргыз жазуучусун кескин айырмалаган нерселер барбы? Болсо аны жазуучулук жекечелик (индивидуалдуулук) катары баалап, ошол жазуучулук жекечелиги менен М. Гапаров кыргыз адабиятында кандай жаӊылык киргизгенин көрсөтүүгө болобу?

Кавабата баш катырган суроолор

Ясунари Кавабата япон жазуучуларынын ичинен биринчи болуп япон улуттук маданиятынын духу менен дүйнөсүнүн маӊызын ачып берген жазуучулук чеберчилиги үчүн Нобель сыйлыгына татыган алп жазуучу. Бирок Кавабатанын чыгармачылыгын изилдөөчүлөрдүн дээрлик баары абройлуу сыйлыкты тапшыруучулардын Кавабата япон элинин нукура нарк-насилин жазган деген сыпаттамасына кошумча киргизип, ал өзүнө руханий азыкты башаты тээ Индиядан башталган буддизмден бөлүнүп чыккан дзэнден алганын айтышат. Демек, Кавабатаны түшүнүү үчүн, анын чыгармачылык дүйнөсүн ачуу үчүн дзэн тууралуу бери дегенде беш-алты олуттуу эмгекти окуп чыгууга туура келет. Албетте, дзэн тууралуу канча окубайын, анын түпкү маӊызын ийне-жибине чейин түшүндүрүп бере албасмын. Бул мистикалык таризде таанылган окуунун адиси болуудан да алысмын. Ошондуктан, Дзэндин негизги өзөктүү маӊызын Батыш элине түшүндүрүп берген япон профессору Дайсэцу Тэйтаро Судзуки жана дзэн менен психоанализди эриш-аркак салыштырган немис философу Эрих Фроммдун эмгектерин негиз катары кармандым.

Нобель сыйлыгын алып жаткан учурдагы сөзүндө: “Өмүр бою сулуулукка умтулуп жашадым, мындан ары да, өлгөнчө ага умтула бермекчимин” деген Ясунари Кавабата турмуштун бардык тарабынан сулуулук издегенден тажабаган. Өз чыгармаларында башкалар барк албаган турмуштук көрүнүштөрдү көрүүгө, аларга суктанууга чакырган, жашоонун кайталангыс учурларын кармап калууга, тирүүлүктүн ар бир көз ирмемин аздектөөгө үндөгөн. Дзен окуусунун таасиринде сулуулуктун классикалык түшүнүгүн өзү үчүн ачып алган Кавабата болумдун (бытие) “Жашоо деген эмне?”, “Сулуулук деген эмне?”, “Өлүмдүн сыры эмнеде?” деген өӊдүү түбөлүктүү суроолоруна жооп издеген.

Табиятынан сезимтал Кавабата жаш баланын баёо көзү менен дүйнөнү карап, кексе карынын акылы менен анын түйүндүү чийиндерине баам салган. Ал ушундай дүйнөтаанымы менен дегеле зомбулуктун өзүн тургай, анын кымындай бир белгисине да көз жума алган эмес. Кавабата өзүнүн чыгармаларында адамдын инсандык ар-намысын, акыл-сезимин тебелеп кордогон бийликти четке кагып, жамандык менен зомбулуктун өзү тургай, изи жок ажайып дүйнөнү, улуу сүйүү сезими өкүм сүргөн, жашоого болгон арзуу өлүм алдындагы коркунучту жеӊген ажайып дүйнөнү жараткан.

Кавабатанын дзэн эстетикасы жана Гапаровдун төрт аӊгемеси:

Гүлгө жасалган аярлык

Мурза Гапаров жазуучу катары өз чыгармачылыгына жакын дүйнөнү дал ушул Кавабатадан тапкан. Бирок аны сокур туураган эмес, а япон дүйнөтаанымын улуттук менталитетке, улуттук маданият менен айкалыштырып, жергиликтүү кыртышка сиӊире алган. Бул тезисимди далилдөө үчүн жазуучунун төрт чакан аӊгемесин талдоого алдым. Эгер бир макаланын ичинде анын чыгармаларынын баарын текши карай турган болсом, чөп башылап, олуп-чолуп гана ой айтып калышым ыктымал. Ал аӊгемелер булар болду: “Айгүл тоо”, “Эки ирет гүлдөөчү алмалар”, “Газала” жана “Түш”. Биринчиден, бул чыгармаларда жогоруда биз айткан иррационалдуулук, интуитивдүүлүк, кайманалык, ойду символдоштуруу белгилери жыш. Экинчиден, бул аӊгемелердеги каармандардын табияты боюнча Кавабатанын каармандарына көп окшош жактары бар. Эмесе, сөздү “Айгүл тоо” аӊгемесинен баштайлы.

Аӊгеме Иса аттуу чыгармачылык менен алпурушкан каармандын турмушта аздектеген нерсесин издөө машакатын сүрөттөйт. Чыгармада Иса элеттик жаш кыздан Айгүл гүлү тууралуу угуп, ошол гүлдү да, гүл менен кошо ошол сулуу кызды да көргүсү келип, Айгүл тоого барат. Автор мында Исанын табиятка карата сезимтал мамилесин, ички ой-толгонууларын кылдат көркөм иликке алат. Исанын Айгүл гүлүн бир көрүү үчүн, гүлдүн сулуулугуна канааттаныш үчүн борбор калаадан күндөп-түндөп жүрүп отуруп караңгы түндө, болгондо да, жер жаңырган Нооруз майрамы күнү ээн тоонун башына жалгыз келгенинин артында ачык айтылбаган, каймана маани жатат. Мында Айгүл гүлү – бул тазалыктын, аруулуктун символу. Бул аӊгемени талдоого киришерден мурда М. Гапаров аздектеген гүл темасын япон адабиятынан карап көрүүгө туура келет.

Япондуктар үчүн гүл тек гана эстетикалык суктануунун предмети эмес, ал тирүү зат. Ушундан улам япон элинде гүлгө адамга жасалгандай аяр мамиле жасалат. Алтургай, байыркы япондуктар гүлдөргө тирүү затка сыйынгандай сыйынышкан. Гүлдөр менен жакын достой сырдашышкан. Сүйүктүү гүлдөрүнүн өмүрү соолгондо, аларга эстелик да тургузушкан. Япон эли өздөрүнүн ырларында түшүмдүн молдугун эмес, а гүлдөрдүн көпкө чейин ачылып турушун суранып ырдашкан. Гүлдөргө карап суктанып, ырахаттануудан  сүйүүгө болгон кумарын кандырышкан (Григорьева: 1993, 395).

Белгилүү философ Э. Фромм өзүнүн “ээ болуу модусу” менен “бар болуу модусун” салыштырып атып, Судзуки “Дзэн-буддизм боюнча лекциялар” эмгегинде мисалга келтирген англиялык жана япониялык эки акындын гүл тууралуу ырларына кайрылат. Фромм Судзукинин Батыш менен Чыгыш дүйнөсүнүн айрымасын ушул эки ыр менен гана түшүндүрүп салганын айтат. Эки акындын бири XVII кылымга таандык акын Басё (1644-1694), экинчиси XIХ кылымда жашап өткөн англиялык акын Теннисон болот. Теннисондун ырында гүл мындайча берилет:

Сквозь древности ты пророс, цветок,
Я из руин тебя извлек,
И вот ты на моей ладони –
Головка, корни, стебелек…
О маленький цветок, когда б я мог
Постичь твоей природы корни,
Тебя к груди прижить навек,
Тогда б я понял, что есть Бог
И что есть человек. (Э.Телятникованын котормосунда)

Кыргыз тилине которулганын да карап көрүӊүз.

Байыркынын кыртышында өскөн гүл,
Таш-талканы чыккан жерден сени үздүм
Уучумда сен үлпүлдөйсүӊ
Бүт тулкуӊ — башыӊ, сабыӊ, тамырыӊ…
Кепкенедей көздүн жоосун алган гүл,
Өзөгүӊдү түшүнө алар болсомчу,
Көкүрөккө кыса алсам ээ түбөлүк,
Мен Кудайдын эмне экенин билмекмин,
Мен адамдын эмне экенин туймакмын.(Г. Станалиеванын котормосунда)   

Ал эми Басёнун хайкусу гүлдү мындайча ырга салат:

Внимательно вглядись:
Цветы «пастушьей сумки»
Увидишь под плетнем! (В.Маркованын котормосунда)

Кыргызчага оодарылган котормосуна караӊыз:

Көӊүл төшөп карачы:
Чырпыктардын астында
“Тумар саадак” гүлдөптүр. (Г.Станалиеванын котормосунда)

Теннисон өз ырында гүлдү тамыры менен жулуп алганын көрдүк. Ырас, ырдын соӊунда Теннисон гүл аркылуу Кудайдын, адамдын табиятын түшүндүм деген асыл оюн билдирет. Бирок канткен менен, ырдан Теннисондун табиятка суктануусу эмес, аны изилдеп, андан пайда табууну көздөгөн Батыш окумуштуусу сыяктуу образы тартылды. Ал эми Басёнун гүлгө жасаган мамилеси такыр башка. Акын гүлдү жулмак түгүл, кол тийгизбейт. Ал тек гана гүлдүн кооздугуна көз тигилтип карап жатат. Теннисондун гүлү соолуп өлөт, ал эми Басёнун гүлү турган жеринде дагы далай көздү кубантып кулпура берери анык (Фромм: 2018, 29).

Ролан Барт хайкуда дүйнө тарых-таржымалсыз эле “географиялык” образда көз алдыга тартылат деп туура белгилеген. Ошондуктан, япондуктардын кыш, күз, жай, жаз мезгилдеринин алмашканын өзгөчө курч сезишип, табияттын көзгө оӊой уруна бербеген өзгөрүүсүн кылдат байкап, ар бир нерсенин кыймылын тап жылдырбай сүрөттөшү чындыгында космикалык мүнөзгө ээ (Барт: 2004, 196).

Исаны коюу түндө тоо арасына апкелген Айгүл гүлүн көрүү кумарын эми түшүнсөк болчудай. Иса да Айгүл тоого гүлдү үзүү үчүн эмес, анын сулуулугунан ырахат алуу үчүн, керек болсо, өмүрүндө эӊ ажайып бир көз ирмем тартуулаганы үчүн аны аздектеп сүйүш үчүн келди.

Муну Исанын турмушунда жолуктурган мамилелеш аялдарды эстеши да ырастайт. Бирөө да адамдык жылуулук тартуулай албай кеткен ал аялдардын баары Иса үчүн бирдей. Исанын ал аялдарды эскерип жатышы да бекеринен эмес. Сан гүлдөрдүн арасынан өзгөчөлөнүп, ай бата элек кезде гана бажырайып көрүнгөн Айгүл гүлдөй болгон Айзада Исанын жашоодо жолуктурган аялдарына түк окшобойт. Ошондуктан, элеттик маданияттын жылуулугун, баёолугун, ак пейилдигин алып жүргөн Айзадага өзүнүн жашы улгайып баратканына карабай, Исанын көңүлү түшүшү, балким, анын турмушунда жолуктурбаган аруулукту андан көргөнүнөн да болсо керек. Мында аруулук сөзсүз сулуулук менен эриш-аркак каралат.

Иса кайсы бир деӊгээлде Кавабатанын “Карлуу тоо” (1935-1937) романындагы Симамурону да эске салат. Токиолук Симамуро өз жашоосунда эч кимди сүйбөй да, эч нерсеге жан-дилин төшөбөй да калган каармандай сүрөттөлөт, анын турмушта белгилүү бир жасаган жумушу да жок. Симамура да кудум эле Иса өӊдүү кар калыӊ түшкөн тоолуу аймакка барат. Ал бу суук аймактан жылуулук издеп келдиби? Деги карлуу тоолордон издегени эмне эле? Ушундай философиялык суроолордун тегеринде Кавабата бул чыгармасында сүйүүнүн керемет сыры менен кар жамынган табияттан дүйнөнүн түбөлүктүү гармониясын каарманы менен кошо табууга аракеттенет. Япон жазуучусу ваби (басмырт, жаркын эмес сулуулук) принцибинин негизинде өмүрдүн ар бир ирмеминин баалуулугун, табияттын кайталангыстыгын чагылдырат. Симамура менен элеттик гейша Комакинин ортосундагы мамиле буддалык эстетикага ылайык жылдын түрдүү мезгилдеринде сүрөттөлөт. Кавабата каармандарынын сезим-туюмдарына, кыялый дүйнөсүнө, бейаӊ сезимдерине тереӊден үӊүлөт. Повесттин бүтүндөй сюжеттик линиясы менен идеялык мазмунунда адамдын жалгыздыгынын муӊдуу күүсү чертилип тургансыйт.

Кайсы бир деӊгээлде Айзада да Кавабатанын башка бир чакан аӊгемесиндеги Идзулук бийчи кызын эске салат. Кавабатанын “Идзулук бийчи” (1926) аӊгемесинин каарманы да он гүлүнүн бири ачыла элек үлбүрөгөн сулуу жан. Бийчи кыз жакыр турмушта көчө артисттеринин тобу менен бирге эл кыдырып бийлеп жан сактоого аргасыз. Студент жигит (аны Кавабатанын өзү дешет, демек, чыгарманын автобиографиялык мүнөзү бар) ошол бийчи кызды жактырып калып, көчө артисттерин коштоп жүрүп отурат. Студент кир колго карматкыс, жаман көзгө ыраа көргүс кыздын аруулугу жакыр турмуштун айынан акыры бир күнү кордолуп, тебелендиде каларынан коркот. Бирок анткен менен кызды жакырчылыктын чеӊгелинен сууруп чыгууга, кадам сайын аӊдып турган ыпластыктын көлөкөсүнөн арачылап калууга анын күчү жетпейт.

Дегеле Кавабатанын чыгармаларындагы аялдар сырт келбетинин сулуулугу жана ички дүйнөсүнүн тазалыгы менен суктандырат. Бирок ошол эле учурда алардын артынан ар дайым жамандыктын көлөкөсү ээрчип жүргөнүн көрүүгө болот. Кавабата бийик туткан аруулук менен сулуулук кайсы бир деӊгээлде Япониядагы социалдык ажырымдын, социалдык теӊсиздиктин контекстинен каралат. Ал эми совет мезгилинде иштеп, чыгармачылыгын өнүктүргөн М. Гапаровдо мындай социалдык маселелер жок. Кыргыз жазуучусунун каармандары кадыресе жашоо көйгөйлөрүнүн чегиндеги тагдыр-турмуштун алкагында сүрөттөлөт. М. Гапаровдун каармандары мейли жай жашоодо болсун, мейли катаал турмуштук көрүнүштөрдө болсун, жашоо кумарына куштар болгон образдар.

Турмуштун катаал мыйзамы, баланын баёо кыялы

Жазуучунун “Эки ирет гүлдөөчү алмалар” аңгемесинен да бул өзгөчөлүктү байкайбыз. Аталган чыгармада эне-атасы ажырашып, өгөй атага батпай, атасынын жаңы бүлөсүнө да даай албай ара жолдо калган өспүрүм баланын психологиясы, анын ата-энеси чогуу түтүн булаткан күндөргө болгон терең кусалыгы, өктө-зары шумдуктуудай трагизмде сүрөттөлөт.

Чыгармада бала чоӊ кишилердин өз бактысы үчүн күрөшпөгөнүнө, өз жашоосунун нугун өзгөртүүгө чамалары жетпегенине жаны кашайып, аны аӊдай албай кыйналат. Чыгармадан үзүндү окуйлу:

“- Ох, апа! – деди бала, башын кайрадан апасынын көкүрөгүнө катып. – Биз бир кезде кандай бактылуу элек… Өз атам үчөөбүз… Өзүбүздүн үйүбүз, уюбуз, коргонубуз, багыбыз бар эле… А билесиӊби, апа, эки түп алмабыз күзүндө дагы бир жолу гүлдөөчү эле? Билесиӊби, ошону, апа?

  • Угу, деди апасы болор-болбос жылмайып. – Бирок дайыма алардын мөмөлөрү бышууга үлгүрбөй калуучу. Бат эле суук күз келип, анын артынан кыш түшүп…

Анын көзүнө жаш толуп чыгып, анысын балага байкатпас үчүн, башын түптүз көтөрүп алыска, алыска карады.” (Гапаров, 2009: 313).

Бул диалогдо аӊгеменин темасы катары тандалып алынган эки ирет гүлдөөчү алмалар тууралуу сөз болуп жатат. Эмне үчүн жазуучу эки ирет гүлдөөчү алмаларды тема катары тандап алды? Алар деги эмнени туюнтат? Чыгармада сүрөттөлгөн алмалардын подтексттик маанисин талдап көрөлү. Бала эки ирет гүлдөгөн алмаларды ата-энеси кайра жарашып, мурдагыдай бир үйдө түтүн булатса болот, б.а., эки ирет гүлдөөчү алмалардай, турмушту да экинчи ирет “гүлдөтүүгө” болот деген наристе үмүт менен алмаларды апасынын эсине түшүрүп жатат. Ал эми оор турмушу желкесинен басып, кыйчалыш тагдыр тарткысында жүргөн баланын апасы ал алмалардын эки ирет гүлдөгөнү менен, мөмөлөрү бышууга үлгүрбөй калганын, артынан суук күз келип, анын артынан кыш түшөрүн айтат, муну менен ал артка кайра кайрылууга мүмкүн эместигин, б.а., баланын али таза дүйнөсү түшүнө элек чоӊдордун ал-кайраты жетпей турган турмуштун катаал шарттары боло турганын көзүнө жаш толуп айтып жатканын көрөбүз. Демек, мында эки ирет гүлдөөчү алмалар символикалуу мааниге ээ болуп, аӊгеменин идеясын толугу менен ачып берген.

Өлүм жашоого болгон кумарды өчүрө албайт

М. Гапаровдун “Газала” аӊгемеси да символдук мааниге ээ чыгарма. Газала торгой сымал кооз сайраган чымчык. Ал эми торгой – символ катары бейпил жашоону түшүндүрөт. Кыргызда “кой үстүндө торгой жумурткалаган заман” деп айтылат. Демек, газала жашоонун бейпилдигин, бакубатчылыгын чагылдырат.

“Газала” аӊгемеси да баланын көзү менен сүрөттөлгөн окуяны баяндайт. Анда баланын согушта жүргөн агасынын колуктусу жапжаш жеӊеси талаада иштеп жүргөн жеринен аттардын тебелендисинде калып мерт болот. Чыгармада кырсыкка учурап көз жумганга чейин бир чакан эпизоддо эле жазуучу жаш келиндин безеленип сайраган газаланын эмне жөнүндө ырдаганын кайнисине бериле түшүндүргөн образын тартып берет. Ошондуктан, кыялкеч, сулуу жаш келиндин капыстан ажалга учураганы ичти ачыштырып, жанды кейитет. Колуктусу өлгөндөн көп өтпөй келиндин күйөөсү согуштан кайтып келип, бир күн эс албай, орокко чыгат. Бул учур согуш жүрүп жаткан учурда “эс алмай кайда?” деп берилет аӊгемеде. Андан ары баланын орокчуларга суу жеткирип жүрүп, агасынын чакырганынан, ага кайрыла калган учурун сүрөттөйт.

“Мен Жакып акемдин селейген колдорун, кубарган эриндерин, мени кыялдуу караган көздөрүн көрүп, башымды башка жакка буруп кеттим.

Жакып акем жерге олтурду. Олтурду да, башын эки тизесине катып алып, өксүп-өксүп ыйлап кирди. Мен кечээ аялын угузганда ыйлабастан, эми ыйлап жатканына таӊ калып, селейип тура бердим. Ал көпкө ыйлап, анан басылды.

Ошол учурда, күтпөгөн жерден, бизге жакын жердеги чоӊ түп шыбактын астынан “пыр”, “пыр” этип газала учуп чыкты. Жакып акем мени жалт карап, ордунан ыргып турду. Биз шыбакка басып келдик. Келсек, кичинекей уяда кысылышып, темир канат болуп калган үч балапан жатыптыр. Жакып акем колун созсо, саргарган ооздорун ачышат. Ошентип турганыбызда, кокусунан так төбөбүздөн, зымыраган бийиктикте газала сайрап жиберди. Ал, баягы эле мен ар бир кайрыгына чейин жаттап алган, бирок адамдардын тили менен эч айтып бергис, уксаӊ, кайырмагыӊды балык тарткандагыдай, кандайдыр сүйкүмдүү күч менен жүрөгүӊдү бүлк-бүлк тарткан күүлөрүн чалып кирди…

Жакып акем акырын ордунан турду да, оӊ колун маӊдайына тутуп, газаланы издей баштады. Ал асманды карап көпкө турду.

— Эх! – деп энтиге дем алып, мага бурулду. – Өлгөндөр кандай шордуу! – деди ал.

— Мен бул жолу анын жүзүнөн кейигендик эмес, кандайдыр толкунданууну сезип, көӊүлүм көтөрүлө түштү.” (Гапаров, 2009: 322-323)

Мында М. Гапаровдун каармандары өлүмдүн кайгысына чөмүлүп туруп да, тирүүлүктүн көз ирмемине куштарланып жатканын кыргыз окурманы кабыл алышы кыйын экенин моюнга алышыбыз керек. Чын эле алмончоктой келинчегин күлгүн жашында ажалга алдырып ийген жигиттин өксүк ыйын кайдагы бир газаланын сайраганы заматта токтотуп, токтотуп гана салбай, маанайын көтөрүп, жашоого кумарын арттырып жатышын кандай түшүнсөк болот?.. Бул суроонун түйүнүн да бизге япон дүйнөтаанымы түшүндүрүп берет.

Японияда өлүмдү трагедия катары кабыл алышкан эмес. Өлүм япондуктар үчүн адамдын жок болушу менен, дүйнөнүн кулашы менен ассоциацияланган эмес. Мунун себеби, япондуктар нукура “Мендин” өзүнө катуу ишенишкен. Дүйнөнүн бардык ачкычын өзүӊдөн гана табасыӊ дешкен алар. Бардык мезгилде Японияда табият Чындыкты, гармония болсо Сулуулукту айгинелеген. Япон жазуучусу Ихара Сайкаку (1642-1693): “Бул дүйнөдө эч нерсе бизден көз каранды эмес. Адам өмүрү да эӊ эле опасыз”, — деп айтканындай, өмүр өтөт да кетет, ошол кыска өмүрдө ар бир көз ирмем баалуу (Григорьева: 2005,100). Өмүрдүн өтүшү кайгыртканы менен, ошол опасыз өмүрдө адамдын көзү, көкүрөгү (япончо-кокоро), дегеле беш сезиминин бардыгы бир ноктого биригип суктанган, эргүү тапкан табияттын түбөлүктүүлүгү сүйүнтөт. Кайгы менен сүйүнүч ошентип бул жарык дүйнөнүн ажырагыс бөлүгүнө айланат. Япондуктардын, анын ичинде Кавабатанын, ушул концепциясы Мурза Гапаровдун “Газала” чыгармасынын ачкычы сыяктанат.

Аруулануу ойгонууга жол ачат 

Кавабата Батыш жана Америка адабиятын мыкты билген. Кезинде Пруст менен Жойсту туурап аӊ-сезим ташкыны ыкмасында чыгарма жазууга да белсенген. Алтургай, психоаналитикалык таризде каармандарынын ички дүйнөсүнүн, бейаң сезиминин түпкүрүнө дүрбү салууну мыкты өздөштүргөн. Бирок анткен менен, Кавабатанын ички чыгармачылык табиятында дзэн эстетикасы ээлик кылган. Дзэн эстетикасы боюнча,  адам өзүн тапканда гана башканы түшүнө алат, адамга өзүн табууга өзү гана жардамга келет, анүчүн өзүнүн дилин тыӊшап, табият менен ширелишип, ага сиӊип, б.а., сатори (“жалгыз гана бир ойго арбалып” табиятты (адамды) бардык туюм-тамырдан өткөрө сезип-аӊдаган ички абал) абалына жетиши керек. М. Гапаровдун “Түш” деген чыгармасынан Акун аттуу каармандын ушул философияга жакын образын көрөбүз.

Бул чыгарманы бир караганда, жүрүм-туруму шойкомдуу бир аялдын бейтааныш жигит менен өткөргөн бир түнү сүрөттөлгөн экен деп гана кабыл алышыбыз мүмкүн. Бирок чыгармага жогоруда айткан дзэн философиясынын алкагынан саресеп салып, ичин аӊтара турган болсок, андан таптакыр башка маани кашкая чыга келет. Ал кандай маани? Ушуга токтололу.

Чыгармада Акун бир түнгө түнөгөнү келген бейтааныш аялга өтө эле аяр мамиле жасайт. Алтургай, ага “каухарым” деп кайрылат. “Каухар” деген сөздү чечмелесек, ал – таза асыл таш. Демек, Акун турмушта нечен ирет тепселенип, ыплас жашоо кечирген аялга аруулукту, тазалыкты оӊой-олтоӊ эле ыйгарып салды. Бул эмне, Акундун кем акылдыгыбы же апенди чалыш немеби? Мында бутага ала турган сөз да ушу “каухар” деген сөз. Бул сөздү жазуучу Акундун оозуна жөн жерден сала берген жок болсо керек. “Каухар” таза дегенди түшүндүрөт дедик. Демек, “каухар” деп кайрылуу менен Акун аялга аруулукту ыйгарып атат. Тазаруу, аруулануу, “ойгонуу” – бул дзэндеги негизги процесс. Дзэнде адамды каралоо, күнөөлөө, анын үстүнөн сурак жүргүзүү, сындоо деген иш-аракеттер түк жок. Дзэндин көздөгөнү эле – жан дүйнөнүн бүтөлүп калган көзүн ачып, жашоонун маӊыз-даамын сездиртүү. Дзэн үчүн адам Эгосунун таасиринде пайда болуучу жогоруда саналып өткөн иш-аракеттерден оолак болуу өтө маанилүү. Дзэн жан дүйнөнүн аруулануусуна жетүү үчүн бардык нерседен аруулукту издөөгө умтулат.

Судзуки дзэнди көктө эркин учкан булутка салыштырган. Мунун мааниси – дзэн үчүн адам эч нерсеге көз каранды болбой, эч нерсеге жана эч кимге кулдук урбай, өз жан дүйнөсүн гана тыӊшап, арууланып, ошол аруулугун сырткы дүйнөгө чагылдырышы абзел. Дзэнде адамдын жан дүйнөнүн эркиндигине, ички энергиянын эркиндигине жетиши да андан кем эмес мааниге ээ. “Эгерде менден дзэн эмнеге үйрөтөт деп сурашса, ал эч нерсеге үйрөтпөйт деп айтар элем” дептир Судзуки. Дзэнди дүйнөгө, айрыкча, Батыш элине түшүндүрүп берген окумуштуунун пикирине таянсак, дзэн “бул туура, бул туура эмес” деп акыл үйрөтүп, эч кимди тескебейт, ал тек аруулануунун, эркин болуунун жолун гана көрсөтүү менен чектелет.

Бардык ишеним  ар бир жандын өзүнө гана жүктөлгөндүктөн, дзэнден атайын бир догма доктриналарды же анын кандайдыр бир негизги философиялык системасын издеп убара болуу да түккө арзыбаган иш. М. Гапаровдун “Түш” аӊгемесинин өзөгүндөгү идея дзэндин ушул сыпаттамаларына, айрыкча, анын “арууланууга жол көрсөткөн” мүдөөсүнө үндөш экенине көӊүлүӊүздү бургубуз келет. Аӊгемеде да Акун аялды жүрүм-туруму үчүн зекип, же мазактап, же көсөмдөнүп акыл айткан жери жок. Тээ алда-кайдан угулган дарыялардын обону менен токойдун шоокумун бүт дити менен кадала тыӊшап, дүйнөгө, табиятка бүтүн аӊ-сезими, акыл-эси менен сиӊе алган Акун аялга да ушундай аяр мамиле жасайт. Андан башкача мамилени күтүүгө да болбойт эле. Ушундан улам Акундун илбериӊки мамилесине ичи жылыган бечара аял эмне үчүн ыйлап жибергени да түшүнүктүү го.

Өмүрү эч кимден мындай жылуу мамилени көрбөгөн байкуш аял ыйы менен, ыймандай сырын төгүү менен тепселенген турмушунан селт эте “ойгонуп” алды. Ага буга чейин деле акыл айтып, туура жолго салгысы келген эчендер жолуккандыр, же аял жасаган ыплас жорук-жосунга ачуусу келип, аны уруп-согуп “тарбиялагандар” да болгондур. Бирок алардын бири да аялды, дагы да тагыраак айтсак, акыл-сезими суук тумшук турмушунан биротоло сенек болуп тоӊгон аялдын жан дүйнөсүн ойгото албаганы аныктыр. Мындай жанды ойготсо, бир гана Акундай бирөө ойготмок. Дал ушундай мамилеси менен, ушундай аруу дүйнөсү менен. Өзүн өзү тыңшай алган, токойдун шуулдаганын, алыскы дарыянын обонун уга алган Акун гана турмушунда миӊ мертебе тепсендиде калып, өзүн адам катарынан небак эле чыгарып койгон аялга чоӊ бакыт тартуулап атат. Ал бакыт – өзүн кайрадан адам сезүү бактысы, жан дүйнөсүн жаӊыртып, аруулантып, жашоого, адамдарга кайрадан ишеним артуу бактысы эле.

Дзэндин өзөгүндөгү адамга болгон ишеним күчтүү, мындай дүйнө таанымда бардык чектөөлөр, тыюулар алыска ыргытылып, жашоонун маӊызына сүӊгүп кирүүгө чакырык ташталат. Мына ошондой чакырык Кавабатада да, М. Гапаровдо да бар экенин жогорудагы чыгармалардан көрүнүп турат.

Конкурстук эмгектер топтому

Корутунду

Эми талдообузду жыйынтыктап, макалабыздын башында койгон суроолорубузга жообубузду аныктап берели.

  • Биринчиден, япон жазуучусу Ясунари Кавабатанын көркөм ой жүгүртүүсү дзэн-буддизм эстетикасы менен тыгыз байланышта болгон. Ушундан улам кыргыз жазуучусу Мурза Гапаровдун Кавабата менен жакындаткан нерсе да ушул дзэн окууларына барып такалат. Негизинен, эки жазуучудан теӊ учураган көрүнүштөр: эскерүүлөрдүн, жорук-жосундун жана кыялдардын ширелиши; табиятка карата мамиле аркылуу адамдын дүйнөсүн ачып бериши; экспрессивдүүлүк, дүйнөнү башкача көрүү, интонациялардын ачыктыгы; символдор аркылуу көркөм ой жүгүртүлүшү.
  • М. Гапаровдун япон жазуучусунан таасирленгени анык, бирок ал таасирленүү кыргыз жазуучусунун чыгармачыл дүйнөсүндө болгон угутту өндүрүүгө, ойготууга гана шарт түзгөн. Экинчиден, интуитивдүүлүк, суггестивдүүлүк, кыйыр маанилүүлүк, кайманалык сыяктуулар адам көӊүлүн өзгөчө кадырлаган ичкилик кыргыздардын табиятында боло жүрчү эле көрүнүштөр. Ичкилик кыргыздардын бөтөнчө маданий кыртышында чоӊоюп калыптанган жазуучу үчүн толкуп-ташып агып чыга турган булактын көзү гана керек болчу. Ал булак ириде эле Ясунари Кавабата болгон.
  • Кавабатанын көркөм концепциясында кайсы бир деӊгээлде социалдык ажырымдын контексти байкалат, адамдын жалгыздыгынын күүсү угулат, япон дүйнөсүнүн табиятка болгон мамилеси кызыл сызык болуп өтөт. Ал эми М. Гапаров аруу дүйнөгө азгырылган каармандарынын образын кадыресе турмуштук жагдайлардын алкагында ачып берет. М. Гапаровдон япон дүйнөтаанымынын изи оркоюп орой көрүнбөйт. Кыргыз жазуучусу япон адабиятынын алдыӊкы үлгүсүнүн көркөм-эстетикалык ыкмаларын, стилин, көркөм ой жүгүртүү образын кыргыз маданий иденттүүлүгүнө доо кетирбестен, кыргыз көркөм адабий мүнөзүнө кудум чебер устадай кынаптап айкалыштырган. Ушунусу менен кыргыз адабиятында бөтөнчө стилде жазган жазуучу катары кирген. М. Гапаровдун жаӊычылдыгы да ушунда.

Мурза ГАПАРОВ

Колдонулган адабияттар:

  1. Барт Р. Империя знаков. / Пер. с франц. Я. Г. Бражниковой. М., 2004, с. 87-109.
  2. Григорьева Т.П. Красотой Японии рожденный: Том 2. Японская литература ХХ века (традиции и современность). – М.: Альфа-М, 2005. – 416 с.
  3. Судзуки Дайсэцу Основы дзэн-буддизма. https://www.e-reading.club/book.php?book=55217
  4. Штейнер Е. С. Феномен человека в японской традиции: личность или квазиличность? Человек и культура: Индивидуальность в истории культуры. М., 1990, с. 164-190.
  5. Фромм Э. Иметь или быть?/Пер.с нем. Э.Телятниковой. – Москва: “АСТ”, 2018. – 320 с.

Фромм Э. Дзэн-буддизм и психоанализ. https://www.litres.ru/erih-fromm/dzen-buddizm-i-psihoanaliz/chitat-onlayn/

One Reply to “Конкурска: Мурза Гапаровдон Кавабатага, Кавабатадан Дзэнге”

  1. Байыркынын кыртышында өскөн гүл,
    Таш-талканы чыккан жерден сени үздүм
    Уучумда сен үлпүлдөйсүӊ
    Бүт тулкуӊ — башыӊ, сабыӊ, тамырыӊ…
    Кепкенедей көздүн жоосун алган гүл,
    Өзөгүӊдү түшүнө алар болсомчу,
    Көкүрөккө кыса алсам ээ түбөлүк,
    Мен Кудайдын эмне экенин билмекмин,
    Мен адамдын эмне экенин туймакмын.(Г. Станалиеванын котормосунда)
    Бул ырдын котормосу маган абдан жакты, өзгөчө таасир калтырды. Негизи акыркы учурларда батыш адабиятын көп окуп баштагам. Бирок, бул окуганым аларга эч окшобойт. Нукуралык жана терең мазмундуулук. Сөзгө болгон чеберчилик… Негизи башка элдер бизди технологиясы менен таң калтырса, биз аларды тил байлыгыбыз менен таң калтыра алабыз деп ойлойм. Менин баамымда автор адабиятты абдан терең анализге ала алган, сөз баккан жана чыгармачыл адам. Мындай макалалар биздин келечек муундарга алтын казына катары сакталат деп ишенем.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.