АҢГЕМЕ

Аны менен таанышып калганыма Зинакан эже себепкер болду.  Жумушта отурсам телефон чалып,  “бир тааныш жигиттин макаласы бар экен.  Окуп көрүп,  жараса чыгарып бербейсиңби” деп калды.  Эже экөөбүз бир кезде  чогуу иштешип,  далай жолу чай ичишип калдык эле.  Анан калса, күн сайын канча авторду кабыл алып, алар алып келген макалаларды гезитке чыгарган биз үчүн көнүмүш жумуш болгондуктан, эже айтаар замат келсин дедим.

Арадан жарым саат өтүп-өтпөй (жакын жерде жүргөн окшойт) сербейген суйдаң муруту бар сары чийкил жигит  бет маңдайымда мени тирмийип тиктеп отурду. Чыгармасы ачыгын айтканда,  мага жаккан жок. “Бир карасаң жомокко жакындап,  бир карасаң романды такымдап” дегендей,  жанры билинбеген бирдеке экен. Же публицистика эмес,  же көркөм чыгарма эмес. Тоо арасында жайгашкан айылдан бир топ киши алтын кенин чет элдиктерге иштеткенге  бермей болушат. Келишим түзүлүп,  мына-мына иш башталаарда  бир ажыдаар пайда болот да баарын тоодон кууп түшөт. Окуя ушуну менен бүтөт.

— Тең жарымы жөн эле суу  экен, — дедим мен.  — Эгер кааласаң кыскартып,  ток этээр жерин чыгарып берем. Ажыдаар,  жылан жана башка сойлоп жүрүүчүлөрдү жөн эле коёлу. Жергиликтүү эл менен инвесторлордун конфликти тууралуу проблемалык макала катары кетет.

— Мейли, мейли, — деди тиги шашып, — Мага эптеп чыкса болду. Качан чыгат?

— Ушу санга аракет кылайын.

— Только атын өзгөртө көрбө. Бүт соль,  бүт маани-мазмун ушу названиесинде жатат.

— “Ачылбаган кен”… Өтө деле жакшы эмес го? Бирок мейли,  сен каалагандай болсун.

Дердеңдеген бойдон кеткен.  Эртеси таң азан редакцияга жетип келиптир.

— Гезит бүгүн басылат да ээ?

— Ооба.

— Мен дагы типографияга барып,  басылып атканда карап  турсам болобу?

Мен адегенде жок деп айтайын дегем. Себеби, басмаканага чоочун кишилерди киргизчү эмес. Бирок алгачкы макаласы чыкканда ар кандай автор толкунданаарын,  таң атпай коёрун ойлоп,  макул болдум.  Номурга мен өзүм дежур болчумун. Эшик тоскондорго бир шылтоону айтып,  эптеп киргизип алам да.

— “Учкун” басмаканасын  белесиңби? Саат сегиздерге ошол жерге келип кал.

Иштегендер билишет,  гезиттин басылышы да өзүнчө узак процесс. Адегенде пластина даярдалат, анан аны станокторго салып, басыла баштайт. Ушул процедуралардын баары бүткөнчө Мыкан мени менен кошо карап отурду. Ара чолодо цехтеги жумушчу телефонго барат да улам  бирөөгө чалат. Кеминде жыйырмадай кишиге чалды окшойт.

— “Асабанын” бул жолку номуру аябай сонун чыгып атат, — дейт таноолору дердеңдеп. — Эртең сөзсүз окуп кой.

Номурга кол коюлуп,  гезит басыла баштаганда редакцияга бөлүнгөн нускадан эки даананы колуна карматтым. Андан тышкары, мастер “бозомук чыгып калыптыр” деп  таштанды челеке ыргытып ийген гезиттерди да толтура кылып баштыгына салып алды.

— Эртең Кыргызстан “дүң” эте эле түшөт ко, — деди кудуң-кудун этип. — Сен да тарыхка кирип кала турган болдуң.

— Мен эмнеге кирем?

— Макаланы сен чыгардың да.

Мен аз жерден каткырып ийе жаздадым. Өз  оюнда шедевр жаратып салдым деп ойлоп атат ко,  бечара. Бирок муну деле түшүнсө болот. Өпкө казандай, дымак асманда  демекчи,  баарыбыз эле баштаганда ушундай чоң амбиция менен баштаганбыз.

Ошондон эки-үч айдан кийин аны Орто-Сай базарынын жанынан жолуктурдум. Эки килтийген чоң баштык  көтөрүп алыптыр. Ышталган колбаса, пачка-пачка быштак, батон нандар,  беш-алты бөтөлкө пиво жүрөт баштыгында.

— Дачага баратам, — деди колундагыларын жерге коюп жатып. — “Ачылбаган кенди” бир аз толукташ керек болуп атат. Бир айылдаш байкеге спонсор болбойсузбу десем,  бир аз акча берип,  анан дачасынын ачкычын карматып койду.

Дагы жарым жылдай өткөн соң редакцияга кудуңдап келип калды.

— Жанагыны  чыгардым, — деди жупкадай китепти сунуп.

Барактап көрсөм,  болгону 20 беттей китептин биринчи жарымына “ Ачылбаган кендин” кыргызча варианты (мен кыскартып салган жерлерин бүт кайра кошкон окшойт,  муну кээ бир абзацтарынан улам байкап калдым), экинчи жарымына орусча котормосу басылыптыр. Тексттер балдардын жомок китебиндей чоң-чоң тамгалар менен терилип,  колдо тартылган түстүү сүрөттөр менен аябай кооздолуптур. Оңбогондой акчага чыкканы көрүнүп турат.

— Сыр болбосо канча сомго чыкты?

— Кымбат  эле… — Мыкан ушу да кеппи дегендей кол шилтеп койду. — Бирөөлөр чыгарып беришти. Беш-Арыктан бир жазуучу чыкса колдобойсуңарбы деп айылдагы байлардын баарын грузить эттим.

— Мага деле ошондой капчыктуулардан бирөө-жарымын таап берсең боло, — дедим мен тамашага салып. — Китебимди чыгарып алайын.

— Айтып көрөйүн ээ?

Чынын айтсам, анын мага спонсор табаарына ишенген деле эмесмин. Бирок курган үмүт  жаман да, бир топко чейин телефон чалып калабы деп  күтүп жүрдүм.

— Чыңгыз Айтматов “Ачылбаган кенди” өлө мактабадыбы, — деди дагы бир жолу кезиккенде.

— Гезиттен окуптурбу?

— Жок. Мен өзүм алпарып бердим.

— Эмне деди анан?

– “Смело”,  “смело” деди.

Менин оозум ачылып эле калды.  Улуу талант ээси ушундай эптемей чыгарманы кантип мактады экен? Бирок кайра  Чыкемдин абалын түшүнгөнсүп кеттим.  Өтө маданиятуу, интеллигент киши эмеспи, шагын сындырбаш үчүн ошентип койду окшойт да. А балким,  даап барганына там бергендир? Анткени,  ар кандай эле  киши мындай өлүмсанги чыгармасын   Айтматовго  алып барганга батынмак эмес  да.

Ошондон кийин Мыканды  көп жыл көрбөй калгам. Гезит-журналдарга деле бирдекелери жарыяланганын көзүм чалбады эле. Бирок соңку кездерде аны жалаң акын-жазуучулардын автордук кечелеринен, банкеттерден  кезиктирчү болдум. Мен өзүм жолугушууларга көп кызыкпайм. Бирок кээде окуу жайлардын студенттери чакырып,  же келемдештер кечелерин өткөрүп калышса барууга туура келет. Таң калыштуусу,  мен кайсыл жерге барбайын Мыкан чай ууртап,  боорсок жеп төрдө отурган болот.

— Абдыкем молодец!- дейт мени көрөр замат. — “Ачылбаган кенди” биринчи жолу ушул чыгарган.

Тургандар мени карап калышат. Ичтеринен шылдыңдап атышкандай уяла түшөм.

Анан эч ким ага сөз бербесе деле трибунага чыга калат да “Ачылбаган кендин” жазылуу тарыхын  сеймедиреп кирет. Анан сөзсүз Айтматовго барганын,  Чыкем кантип мактаганын айтат. Эгер мурда “смело”, ”смело” дегенин гана айтса,  эми Чыкемдин көзү өткөндөн кийин “сен укмуш турбайсыңбы!”,  “мынтсең баарыбыздан озосуң го” деген жаңы сөздөр кошулуп калды.

Акыркы жолу аны акын,  котормочу Турсункул Кылдыровдун  китебинин бет ачаарынан көрдүм. Кече ортолоп калганда  Мыкан адатынча  эч ким ага сөз бербесе да  трибунага чыга калды.

— Тукем молодец! — деди алдыңкы катарда отурган Турсункул жакты карап, — Менин “Ачылбаган кен” аттуу китебимди орус тилине которгон.

Турсункул жакты карасам  ал  уялгандай  жер тиктеп калыптыр…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.