<<<<<<<<<< Башы

КАНААТ КЫЛУУ ЖАНА ИЛИМИҢДИ АРТЫРУУ ЖӨНҮНДӨ

Уулум, муну билип, кабардар болгун! Өнөрү жок адамдар шагы бар, бирок көлөкөсү жок мугелон[1] сыяктуу дайыма ныпасыз калышат. Ал өзүнө да, башкаларга да пайда кылбайт. Эгер айкөл жана атактуу адамдар өнөрлүү болушпаса да, алар теги жана жаатына жараша башкалардын алдында сый-урматтуу болушат. Не тексиз, не өнөрсүз адамдарга кыйын. Сен тектүү жана асылзаада болсоң дагы өзүң да атак-даңкка жетүүгө умтул, анткени өзүң жеткен атак-даңк мурастап алган атак-даңктан артык; урмат-сый тек-жаатың үчүн эмес, акылың жана билимиң үчүн көрсөтүлөт деп бекерден айтылбаган. Акыл жана билимдин улуулугу тек-жаатка карабайт. Ата-энең берген атак-даңкка манчыркап калба, ал тышкы гана белги, сенин өз жөндөмүң менен жеткен сый-урматың, ошондой эле «Зейд» же «Жафар», же «таяке” же «байке» деп аталгандын ордуна «устат», же «адабиятчы», же данышман деген лакап атка конгонуң сен үчүн ырыс дөөлөт болот.

Арийне, адамда мурастап алган насил-наркынан башка эч кандай дөөлөтү жок болсо, коомдо анын сөзү эч кимге өтпөйт. Эгер сен кимдир бирөөдө ушундай асыл сапаттарды байкасаң, аны жеңден ал жана колуңдан чыгарба, себеби ал элдин баарына керек. Дагы билип ал, бардык өнөрдүн алды — кызыл тил. Биздин жаратуучубуз, Ал дагы даңкталсын, өзү жараткан бардык заттардын эң мыктысы кылып адамды жараткан жана адам бардык башка жандыктардан дененин беш ички жана беш сырткы сезими менен өзгөчөлөнүп турат. Беш жашыруун дегеним булар: ой жүгүртүү, эске тутуу, элестетүү, ажырата билүү жана тил, а беш көрүнөө болсо: уга билүү, көрүү, жыт билүү, даам билүү жана сезүү. Бул сезимдер жаныбарларда болсо да алар адамда бар сезимдерге окшош эмес. Мына ушул себептүү адам башка жаныбарлардын падышасы жана башкаруучусу.

Мына, сен муну билгениңден кийин, тилди мыктылап жана чеберлеп үйрөн, ар качан кооз сүйлөгөндү өзүңө адат кылып ал: тилиң дайыма сен эмне кааласаң, ошону сүйлөгөндөй болсун жана бул сага кадыресе адат болсун. Айтышат ко: кимдин тили ширин болсо, ага жакшылык каалоочулар көп болот. Бирок канчалык чечен болсоң да сөздү орду менен сүйлөгөнгө тырыш, анткени орунсуз сөздү канчалык чеберлеп айтпа, баары бир орой угулат. Керексиз сөздөрдөн кач, себеби маанисиз сөздүн зыяндан башка пайдасы жок. Калпы оркоюп турган жана жосунсуз сөздү айткандан көрө айтпай койгон оң, анткени акылмандар сөздү шарап менен салыштырышат: шарапты ченин билбей ичсе баш оору, чендеп ичсе — баш оорууга даары.

Эгер сенден сурашпаса, сүйлөбө. Атайын сурамайын — эч кимге кеңеш айтпа жана дегеле сөз укпаган адамдарды ишендиргенге аракет кылба, андайлар аңга өзү жыгылат. Бөтөн адамдардын көзүнчө эч кимге кеңеш айтпа, анткени «Бирөөнүн жанында айтылган кеңеш — жемеге тете» деген кеп бар. Кокус кимдир бирөө жол менен баспаса, аны жолго салам деп кыйналба, баары бир жолго сала албайсың. Себеби дарак ийрейип өссө жана шактары ийри болсо, аны тамырынан аралап жана жонуп гана түздөө мүмкүн.

Жакшы сөзгө жоомарт болгонуңдай эле, мүмкүнчүлүгүң болуп турса, белек-бечек бергенге да март бол: адамдар сөзгө караганда пулга тез алданат. Шектүү жерлерге кадам таштаба, кара ниеттен жана досун кара санатай ишке түрткөн адамдан кач. Калпыс ишке барба жана кайда жүрбө, ал жайдан сени издеп табышса, абийириң таза болсун. Акчаңды кайра алыш үчүн койгон жайыңдан изде. Башкалар сенин кайгыңа күлбөс үчүн, өзүң да башка бирөөлөрдүн кайгысына күлбө. Өзүң адилеттүү болсоң, башкалар да сага адилеттүү болушат. Башкалар жөнүндө жакшы сүйлөсөң, өзүң жөнүндө жаман сөз укпайсың. Какыр жерге эч нерсе экпе, баары бир өспөйт жана эмгегиң талаага кетет, б. а. пас адамдарга жакшылык кылуу — какырга эгин эккенге барабар. Лекин, ким жакшылыкка татыктуу болсо, андан жакшылыгыңды аяба жана дайыма жакшылыкка үйрөт, анткени пайгамбар, жаткан жери жайлуу болсун, айткан: ким жакшылыкка үйрөтсө, ал жакшылыкты өзү жасаган болот. Жакшы иштерди жаса жана жакшы иштерди жасаганга буйру, себеби бул тууганчылыгы үзүлбөс эки бир туугандай.

Жакшы иш жасаганың үчүн өкүнбө, анткени жакшылык жана жамандык үчүн акыны башка жайга жөнөбөй жатып, бул дүйнөдө эле аласың. Качандыр кимдир бирөөгө жакшылык кылмак болсоң, эсиңде болсун, ага жакшылык кылып жатып, өзүң да ал сыяктуу эле лаззат аласың. Качан кимдир бирөөгө жамандык кылсаң, анын башына канчалык мүшкүл түшсө, ошончолук эле жаныңа жабыр түшөт, жүрөгүң ооруйт жана бирөөгө жасаган жамандыгың өз башыңа тиет. Мына ошентип, чынында эле бирөөгө кылган жамандыгың сезимиңди кыйнабай койбойт; эгер өзүң ырахат албасаң, эч кимге жакшылыгың тийбейт, андыктан, жакшылыгың жана жамандыгың үчүн акыны тиги дүйнөгө кеткенден мурда ушул дүйнөдө аласың. Менин бул сөзүмдү эч ким тана албайт, анткени кимде ким өмүрүндө жок дегенде бир ирет бирөөгө жамандык же жакшылык кылган болсо, ал жакшылап ойлонсо, менин бул айтканым туура экенин көрөт жана аны туура деп мойнуна алат. Ошентип, мүмкүнчүлүгүң барда, ким жакшылык кылууну сураса, ага жок дебе, себеби, жакшылык убагы келгенде түшүм берет.

Икая

Укканыма караганда, Мутаваккилда[2] жүзү чырайлуу, жолдуу, бардык илимдерди жана көркөм өнөрдү окуп үйрөнгөн Фатх деген кулу болот. Мутаваккил аны уул кылып алат жана өз уулдарынан да жогору баалайт. Фатх сууга сүзгөндү үйрөнгүсү келет. Кемечилерди чакыртып келип, алар Фатхты Нил дарыясында сүзгөнгө үйрөтө башташат. Фатх али бойго жете элек жаш бала болгондуктан, сүзгөндү жакшы үйрөнбөйт, бирок жаш балдардын адатынча мен сүзгөндү үйрөнүп алдым деп, өзүнчө курсант болуп жүрөт. Ал бир ирет мугалимиден жашырынып Тигр дарыясына барат да, суунун катуу аккан жерине боюн таштайт. Суу Фатхты чимирилтип кирет. Ал суу менен алпурушуп жеңе албаганын түшүнгөндөн кийин, аргасыздан агым менен кошо элдин көзүнөн далдаа жакка агып кетет. Суу аны анча жерге чейин алып барат. Ал Тигрдин жээгиндеги чуңкурлар бар жерге жеткенде чабак уруп жатып, бир чуңкурга чыгат дагы анын ичинде отуруп өзүнчө: «Кудай бир нерсени каалагандай…бирок мен бул кан ичкич суудан аман чыктым», — дейт. Ошентип ал чуңкурда жети күн отуруп калат.

Биринчи эле күнү Фатх сууга секирген бойдон чөгүп кеткенин Мутаваккилге билдиришкенде, ал тактысын калтырып, жайдак жерге отурат да кемечилерди чакырып: «Кимде ким Фатхты өлүү же тирүү таап келсе, мен ага миң динар[3] берем,» дейт. Ал ошондой эле Фатхты кандай абалда табышса, ошондой абалында алып келишмейинче, тамак ичпейм деп касам да ичет. Кемечилер Тигр дарыясына барышып, анын булуң-бурчун калтырбай тинтип издешет. Жетинчи күнү алардын бирөөсү кокусунан чуңкурда отурган Фатхка туш келип: «Ушу жерде жылбай отур, мен азыр сал алып келейин,» — дейт сүйүнүп. Ал түз эле Мутаваккилге келип: «О, ыймандуулардын өкүмдары, Фатхты сага тирүү алып келсем, мага эмне бересиң?» деп сурайт. Тиги: «Беш миң динар берем,» дегенде, кемечи:»Мен Фатхты тирүү таптым,» — деп кабарлайт. Кемечилер сал менен барып, Фатхты алып келишет. Мутаваккил кемечиге ошол замат убада кылган акчасын берүүнү, ал эми вазирине болсо: «Менин казыма барып, анда бар акчанын жарымын жардыларга бер,» деп буйруйт. Андан соң: «Тамак алып келгиле, ал жети күндөн бери өзөрөп калды го», — деп кыйкырганда, Фатх: «0, ыймандуулардын башчысы, мен токмун,» деди. Мутаваккил: «Сен эмне, Тигрдин суусу менен курсак тойгуздуңбу?» деп сурайт. Фатх жооп берди: «Жок, мен жети күн ачка болбодум. Ар күнү суу менен жыйырма нан салынган табак агып өтүп жатты. Мен эптеп алардын эки-үчөөсүн кармап алып, ошол нан менен тамактанып жаттым. Ар бир нандын бетинде «Мухаммад ибн ал-Хусайн ал-Аскаф» деген жазуу болду».

Мутаваккил шаарда Тигр дарыясына нан ыргыткан адам жөнүндө жар салдырат жана ал адам ыймандуулардын башчысына коркпой келип, сыйлык алуусун айттырат. Жарчылар бу кабарды жарыя кылышты. Эртеси күнү бир киши келип: «Бул адам — мен болом» деди. Мутаваккил сурады: «Эмне далилиң бар?» Ал жооп берди: «Далилим — бул: ар бир нанда менин ысымым — Мухаммад ибн ал-Хусайн ал-Аскаф деп жазылган болчу». Мутаваккил айтты: «Далилиң туура. Бирок айтчы, канча убакыттан бери нанды Тигрге таштап жаттың?» Мухаммад ибн ал-Хусайн: «Бир жылдан бери» деди. Мутаваккил сурады: «Муну менен кандай максатты көздөдүң?» Тигил киши: «Мен мобундай макал эшиткенмин: «Жакшылык жасап, сууга таштап тур, сааты келгенде түшүмүн берет. Менин колумда башка дөөлөтүм жок эле. Анүчүн колумдан келгенин жасадым жана өзүмө: «Бул кандайдыр бир түшүм берет» деп айттым» деди.

Мутаваккил айтты: «Сен эмне уксаң ошону жасаган экенсиң, эми жасаган ишиңдин түшүмүн ал». Мутаваккил ага Багдадда беш кыштакты энчилеп берди. Ал байып, кадыр-барктуу адам болуп калды. Анын урпактары али да Багдадда жашашат… Теңдешсиз эгем менин кудайдын үйүн барып көрүшүмө ыклас кылган экен, мен ал-Каим би-Амри-Лллахи[4] заманында ажыга бардым. Ошондо Мухаммад ибн ал-Хусайндын балдарын кездештирдим жана бул икаяни Багдаддын аксакалдарынан жана чалдарынан уктум.

Уулум, мүмкүндүгүң барда, тыным албай жакшы иштерди жаса. Адамдарга өзүңдү нарктуу инсан катары көрсөт жана ошо калыбыңдан жазбай жүр. Буудайды көрсөтүп, бирок арпа саткан соодагерге окшобой, дилиң каалабаган нерсени сүйлөбө. Бардык иште адилет бол, ким адилеттүү болсо, ага соттун кереги жок. Эгер башыңа кайгы же кубаныч түшсө, ал жөнүндө сенин кайгы-кубанычыңды бөлүшчү адамга айт. Адамдарга кайгы-кубанычыңдын белгисин билгизбе жана ар бир жакшы же жаман нерсеге балдарга окшоп ошол замат сүйүнбө жана кайгырба. Колуң жетпегенге жетем деп, кызмат абалыңды алмаштырба, анткени, улуу инсандар не чындык үчүн, не калп үчүн турган ордунан жылышпайт.

Аягы кайгы менен бүтчү кубанычты кубаныч деп эсептебе, аягы кубаныч менен бүтчү кайгыны кайгы деп санаба. Үмүтсүз жагдайда үмүтүңдөн түңүлбө, билгин, үмүтсүздүк — үмүт менен, ал эми үмүт — үмүтсүздүк менен байланышкан.

Билгин, дүйнөдөгү бардык иштин тагдыры — келүү жана жок болуу. Көзүң тирүүсүндө чындыкты танба, эгер кимдир бирөө сени менен талашып-тартыша баштаса, талашты унчукпай токтот. Билгин, акмактарга жооп — унчукпай койуу. Эч кимдин эмгегин тегин жерден жокко чыгарба, ар кимдин, өзгөчө өз туугандарыңдын укугун тааны. Аларга колуңдан келишинче жакшылык кыл жана өз урууңдун аксакалдарын сыйла. Анткени, пайгамбар, Алла аны алкасын жана алик алсын, айткан: «Өз урууңдун аксакалы — өз коомунун олуясы болот». Бирок кемчиликтерин жакшы жактарындай эле көрө билүү үчүн аларга өтө эле жагынба.

Бөтөн бирөөдөн өмүрүңө коркунуч бар экенин сезсең, тезинен өзүңдү коркунучтун деңгээлине ылайык коопсуз кылганга аракеттен. Эгер кимдир бирөө карасанатайлык кылганы жатканын туйсаң, камырабастык кылуу сууда уу бар экенинен шектенип туруп, сууну ичкен сыяктуу эле акылы кемдик болот. Өз дөөлөтүңө манчыркаба жана талантсыз бол. Жок, андай эмес болсо, бир нерсеге үйрөн. Кийин шерменде болбоо үчүн үйрөнгөндөн жана жакшы кепти уккандан уялбагын. Жакшыны жана жаманды, адамдардын кемчилигин жана мыкты жактарын кылдаттап байкагын, алар пайданы жана кирешени кайдан алышат, ныпасы жана чыгашасы эмне экенин аныкта да, андан соң өз пайдаңды изде. Адамдарды кандай нерселер чыгашага жакын кыларын иликтеп билгин да, андан алыс бол жана адамды пайдага жакындаткан ишке жакын бол. Денеңди илимпоздукка жана жакшы касиеттерди үйрөнгөнгө көндүр. Билбегениңди — үйрөн, буга эки нерсе аркылуу: билгениңди пайдаланып же билбегениңди үйрөнүп жетсең болот.

Сократ айткан: билимден өткөн кенч жок, акмак адамдан жаман душман жок, билимден улуу урмат жок, уяттан мыкты шөкүлө жок. Уулум, ошон үчүн, акылмандуулукка үйрөнгөнгө умтул. Кандай гана жагдайда болбо, бир да саатты акылмандуулукту үйрөнбөй коротпо; акылмандуулукту нонок да үйрөнсө болот. Эгер билимсизге жүрөгүңдүн көзү менен карасаң жана ага акыл-эстин карегин бурсаң, ошондо анын сага жакпаган жактарын жасабай койсоң болорун билесиң. Искендер[5] айткандай, мен пайданы өз досторумдан эле эмес, атүгүл душмандарымдан да көрөм. Эгерде мен кандайдыр бир жаман иш кылган болсом, досторум мага жакшылык кылабыз деп, аны менден жаап-жашырганга аракет кылышат, ал эми душманым мага кас болгондуктан, аны мен уккандай кылып айтышат. Ошондо, мен жаман ишимди ондоп-түзөйм, демек, пайданы мен досумдан эмес, душманымдан көрөм. Сен да мындай акылмандыкты даанышмандардан эле эмес, бейнаамдан да үйрөн.

Бардык адамдар: улуу болобу, кичүү болобу, сөзсүз изгиликти жана билимди үйрөнүшү керек, анткени өзүң курдуулардан билимиңди өркүндөтүп же сыпаалык менен жогору болууң мүмкүн. Качан өзүң теңдүүлөрдө жок асылзаттыкты өзүңдөн көрсөң, ошондо өзүңдү башкалардан өйдөмүн деп эсептейсиң, эл да сени курдаштарынан насил-наркы жогору деп билишет. Акылдуу инсан эл аны билими жана насил-наркы жагынан өзү курдуулардан жогору деп баалай баштаганын көрсө, ал дагы да билимдүү жана нарк-насилдүү болууга умтулат.

Демек, адамдар сени мындай урматташса, көп өтпөй башкалардан да жогору болоруң анык. Демек, илимиңди өркүндөтүү — бул өзүң теңдүүлөрдөн бийик болуунун жолун издөө. Ал эми илимиңди жана нарк-насилиңди өнүктүргөндөн баш тартуу — бул жеткен абалыңа канааттануунун белгиси. Жакшы сапаттарга үйрөнүү жана денеңди жалкоолугу үчүн жазалоо — абдан пайдалуу, анткени жалкоолук — дененин чирүүсү деп айтылган. Эгер денең сага баш ийбесе, байка, жамандыкка кириптер болуп жүрбө, себеби денең жалкоолуктан жана жыргап жашаганды сүйгөндөн улам сага баш ийбей жатат. Асыресе, кыймыл-аракет биздин тулку-боюбуз үчүн табигый абал эмес, дене ар бир кыймылды өз каалоосу боюнча эмес, буйрукка жараша жасайт, анүчүн өзүң кааламайын жана буйрумайын сенин денең кандайдыр бир кыймылды жасайын дебейт. Ошон үчүн денеңди мажбурлап, өзүңө баш ийдир жана атайылап өз каалаганыңды жасаганга көндүр. Арийне, ким өз денесин башкара албаса, ал башка бирөөлөрдүн денесин да өзүнө баш ийдире албайт. Сен качан өз денеңди багындырсаң, насил-нарктарды үйрөнүү аркылуу эки дүйнөнүн жакшылыгын тап. Анткени, эки дүйнөнүн жакшылыгы нарк-насилде, ал эми ар кандай жакшылыктын негизи илим менен билимдүүлүктө, өзгөчө, дилиңди башкара билүүдө жана топук кылуу менен ыймандуулукта, чынчылдыкта, Кудайга муюгандыкта, тазалыкта, чыдамкайлыкта жана уялчаактыкта.

Хадисте уялчаактык жөнүндө «уялчаактык ыйманга багыңкы» деп айтылса да, уялчаактык көбүн эсе адамдарга зыян алып келет. Уялчаактыктан улам өз иштериңде жаңылыштык кетирбөө үчүн жана өз ишканаларыңа зыян алып келбөө үчүн ашыкча уялчаак болбо. Көздөгөн максатыңа жетүү үчүн көп учурда уят-сыйды унутууга туура келет. Сабырсыздыктан, урушчаактыктан жана калп сүйлөгөндөн уял, а түз айткандан жана туура жасаган ишиңден уялбагын, анткени көптөгөн адамдар уялчаактыктын айынан өз максаттарына жетпей калышкан. Уялчаактык ыймандын жемиши болгондой эле, жакырлык уялчаактыктын жемиши болгондуктан, уялчаактык качан керек жана уятсыздык качан керек экенин, ошондой эле жакшылыкка кантип жетүүнү билүүң зарыл, анткени айтылган эмеспи: уялчаактык бак-дөөлөттүн өбөлгөчүсү болсо уялчаактык — жамандыктын өбөлгөчүсү.

Нааманы адам деп санаба, жакшылыкты билбеген акылманды даанышман дебе, билимсиз астейдилди аскет деп эсептебе, наамалар менен, айрыкча, өзүн даанышман деп санаган жана наамалыгына канаат кылгандар менен алака кылба. Акыл-эстүүлөр менен гана катташ, анткени жакшылар менен катташуудан адамдар жакшы даңкка жетет. Сен эмне көрбөдүңбү, май кунжуттан сыгып алынса да кунжут майын фиалка же роза менен аралаштырсаң, майды роза же фиалка менен аралыштыргандан же ал асылзат менен аралашкандан эле кунжут майынын өз аты калып, роза майы же фиалка майы деп аташпайт.

Жакшылар менен катташканың үчүн жана алардын сага кылган жакшылыктары үчүн алардан алкышыңды аяба жана алардын жакшылыктарын унутпа; ким сага муктаж болуп кайрылса, аларды түртпө, анткени түртүүдөн сенин жаныңдын кыйналганы көбөйүп, муктаждыгың өсөт. Адеп-ахлактуу жана адамгерчиликтүү болууга аракеттен, мактоого арзыбаган адепсиздиктен айрыл жана ысырапчыл болбо, себеби ысырапкорлуктун түшүмү — түйшүк, түйшүктүн түшүмү — жокчулук, а жокчулуктун түшүмү — кор болуу. Сени акылдуу адамдар мактагандай болсун, байка, наамалардын мактоосунан качкын, себеби кимди кара таман эл мактаса, аны менин угушумча, ак сөөктөр жек көрүшөт.

Икая

Афлотун[6] бир күнү өзү жашаган шаардын бектери менен отурган экен. Бир киши келип, ага салам айтып, жанына отурат да көргөн билгендери жөнүндө сөз кыла баштайт жана ар сөзүн ортосунда мындай деп кошуп турат: «Оо, данышман, мен бүгүн баланчаны көрдүм, ал сен жөнүндө кеп салып, сени өзгөчө даңазалады жана мактады. Афлотун өтө улуу акылман жана эч качан ага тең келчү адам болбойт. Мен сага анын мактоо сөздөрүн айтып койгум келди».

Афлотун акылман бул сөздөрдү укканда башын ылдый салып, шолоктоп ыйлап кирет жана катуу кайгыга түшөт. Тиги адам сурады: «0, акылман, мен сени жаман сөз айтып таарынттымбы? Эмнеге кайгырып жатасың?» Афлотун акылман жооп берди: «Сен мени таарынткан жоксуң. О, кожо, бирок нааданга менин жасаган иштерим жагып, ал мактагандан артык жамандык болушу мүмкүнбү? Мен анын купулуна толуп, жаны ырахат алгандай жана мени мактагандай кандай акмактык кылганымды билбейм? Андай ишим үчүн өкүнмөкмүн. Мен али наама экениме кайгырып жатам, анткени наадандардын мактоосуна татыган адамдар өздөрү да наадан болушат».

Ушундай маанидеги дагы бир икая эсимде калыптыр.

Икая

Угушумча, Мухаммад-и-Закария ар-Рази өз окуучулары менен кайдадыр бир жакка бараткан болот. Жолдон аларга албарсты жолугат. Ал Мухаммад-и-Закариядан башка эч кимге карабайт жана анын жүзүнө тигиле карап туруп каткырып күлүп жиберет. Мухаммад ошол жерден артка бурулат да, үйүнө жетип, жапалак көкөмерен кайнаттырып жейт. Окуучулары сурашат: «О, аким, сен эмнеге бул кайнатманы ушу учурда жедиң?» Ал жооп берди: «Тиги бакшы күлгөн себептүү жедим. Ал эгер кара жини менен болсо, ал менин эч нерсемди көрмөк эмес жана менин үстүмдөн күлмөк эмес. Анткени «Ар бир чымчык кебетеси өзүнө окшош чымчык менен чогуу учат» — деп айтышат эмеспи» деп жооп берген экен ар-Рази.

Кесе сүйлөгөнгө жана жеңил чырлашканга үйрөнбө, момун жана токтоо бол. Бирок жушмак болсоң да, башкалардын сенин шириндигиңден жана жумшактыгыңдан пайдаланышып, сени жутуп койгондой болбо; бирок да сага салам айтып, кол бербегендей орой болбо. Элдин баары менен жакшы мамиледе бол, себеби ырыс-ынтымак жашасаң досуңду да, душманыңды да өз максатыңа жетүүдө пайдалансаң болот. Эч кимди жаман иштерге үйрөтпө, анткени жамандыкка үйрөтүүнүн жамандык жасагандан айрымасы жок. Эгер сени айыпсыз жерден кимдир бирөө таарынтса, аны таарынтканга аракет кылба, анткени жакшылыктын үйү — адамгерчиликтин көчөсүндө жайгашат жана адамгерчиликтин негизи — таарынтпоодон башталат деп айтылган.

Ошондой эле адамдарга жакшы мамиле кыл, себеби адамдар күзгүгө абай салып өздөрүн көрүшү абзел; эгерде жүзү жайнап турса, жүрүм-туруму да жүзүндөй жайдары болуш керек, анткени куниктик сулууга жарашпайт жана буудайдан арпа, арпадан буудай өспөйт. Бул мааниде менин төрт сап ырым бар:

Тартуу кылып жамандыктын белегин,
Жакшылыкты элден алгың келеби?
Тарт атыңды, табиятың башка экен,
Таруу сепкен талаа буудай береби?

Күзгүгө карап, жүзүң куник экенин көрсөң да баары бир жакшы иштерди жасашың керек, анткени, сен жамандык жасачу болсоң, жамандык жамандыкка уланат, а эки жамандын бир болгону ашкан жамандык жана акмакчылык. Дили таза, кеңеш уккан жана сыналган досторуңдун кеңештерин өзүң да тыңдап ук жана масилээтчилериң менен жүзмө жүз кеңеш, анткени сен алардын пайдасын дал бетме бет кездешүүдөн аласын жана мен айткан бул сөздөрдү окуп, билгениңден кийин өзүндүн билимдүүлүгүң менен сыймыктанасың. Бирок өз билимдүүлүгүңө жана асыл сапарттарыңа ашыкча ишенбе, мактанып да кетпе. Качан баарын үйрөнүп билгениңден кийин, өзүңдү наадан катарына кош, анткени өзүңдүн наамалыгыңдын аңдап-түшүнгөндөн кийин акылман болосуң. Дагы мындай деп айтышат.

Икая

Угушумча, Хосровдун заманында Бузуржмихр[7] уазир кезинде Румдан элчи келет. Киср элчини тактыда отуруп кабыл алат. Перс падышаларынын салтына жараша элчиге ишеним парманын Бузуржмихр тапшырып, Киср уазирин элчиге ырасмий түрдө тааныштырыш керек эле. Ал элчинин көз алдында Бузуржмихрге: «О, баланча, сен дүйнөдө эмне болсо, анын баарын билесиң…» деп анын «Ооба» деп жооп беришин каалайт. Бирок Бузуржмихр: «Жок, өкүмдарим» деп жооп берет. Мындай жоопту күтпөгөн Хосров көңүлү чөгүп, румдукж[8] элчиден уялат. Анткен менен суроону улантат: «Ким баарын билет?» Бузуржмихр жооп берет: «Баарын бардык адамдар бириксе билет, бирок биримдик али энеден туула элек.»

Андыктан, уулум, өзүңдү өтө акылманмын дебегин, себеби, качан өзүңдүн наама экениңди түшүнгөнүңдө акылман болосуң, анткени ким өзүнүн наамалыгын билсе — ал өтө акылман. Сократ өзүнүн улуулугуна карабай мындай деген: «Эгер менден кийинки улуу инсандар жана даанышмандар Сократ өзүн дүйнөнүн эң акылманы болууну көксөдү деп айтканынан коркпосом, мен өзүмдүн эч нерсе билбегенимди жана күчсүз экенимди мойнума алмакмын, бирок бул мен тараптан улуулукка умтулуу болгондуктан, антип айтуум мүмкүн эмес.»

Абушүкүр Балхи[9] бир бейтте өзүн даанышмандыгы үчүн мактайт. Ал бейтте, мындай дейт: «Менин билимим өзүмдүн наамалыгымды түшүнгөнгө жарады».

Ошон үчүн, менин уулум, билимдүүмүн деп көппө жана өз жөндөмүң менен чече алган ишке кез келсең да, башкаларга өз билгениңди бербей тырышпагын. Кимде ким өзүнүкүн туура деп көшөрө берсе, дайыма анысына өкүнөт. Кеңешкенди уят көрбө, акылман карылар жана ак дил досторуң менен кеңешип тур. Алланын сүйгөнү Мухаммед, анын окутуучусу жана иштеринин колдоочусу теңдешсиз Кудайдын өзү болгонуна, ошондой эле акылмандыгына жана пайгамбарлык касиетине карабай, [Кудай] өз макулдугун бербеген жана мындай деген: «Иштериңде аны менен кеңеш» жана «О, Мухаммед, мына бул шайлангандар жана өз досторуң менен кеңеш, анткени, ой-максат силерден, ал эми жүзөгө ашыруу менден, [сенин] эгеңден».

Билип ал, эки адамдын пикири — бир адамдын пикири эмес, анткени бир көз менен эки көз көргөндү көрүп болбойт. Непада дарыгер ооруп калып, оорусу өтүшүп кеткен жана оор болсо, өзүн өзү дарылабаганын сен эмне көрбөдүңбү? Ал өтө акылман дарыгер болсо да, башка дарыгерди чакырып, дартын сурап билген соң өзүн дарылайт. Сенин жакыныңдын бүткөрө турган жумушу болуп, ал сенин душманың жана баарын сенден кызганган адам болсо да, тирүү кезиңде анын ишин бүткөрүү үчүн жаныңды аябай эмгектен жана акчаңды аяба. Ага жардамчылар жетиштүү болсо да, сенин көмөктөшкөнү келгениң, анын сага болгон сүйүүсүн арттырат жана ал душман болсо, балким доско айланат.

Сага салам айтып келген сөзмөр жана сөзгө чебер адамдарды сыйла, алар сага салам айтканга куштар болуусу үчүн мээрман бол. Эң бечара деп, ал өтө билимдүү болсо да, ага эч ким салам айтып барбаган адамды бил. Эгерде аалым адам көп сөздүү болсо, анын аалымдыгы илимдүүлүккө окшобойт жана сөзүндө маңызы болбойт. Ошентип, сөздү сүйлөөнүн шартын жана анын жайын билгин. Сени Алла өзү колдосун.

ЧЕЧЕНДИКТИ ӨРКҮНДӨТҮҮГӨ УМТУЛУУ ЖӨНҮНДӨ

О, уулум, адамдар чебер сөздүү жана кооз сүйлөй билүүсү, тажаал адамдардан сөздү коргоосу зарурарт. Бирок сен уулум, чындыкты сүйлө, калпычы болбогун жана чынчылдыгың менен тааныл, непада адамдарга сенден жалган сөздү угууга туура келсе, аны угуп ишенгендей болушсун. Эмне жөнүндө сүйлөсөң да чын сүйлөгүн, калпка окшош чындыкты сүйлөбө, асыресе, чындыкка окшош калп, калпка окшош чындыктан жакшы, анткени андай калпка ишенишет да, а чындыкка ишенишпейт. Ошондуктан, менин эмир Бу-с-Сувар Газу Шапур ибн Фазл[10], Алла өзү алкасын, менен болгон окуямды кайталабас үчүн, уккулуксуз чындыкты сүйлөгөндөн этият бол.

Икая

Уулум, билгин, эмир Бу-с-Сувардын доорунда, мен ажыга барып келген жылы, Гянжга казатка аттандым. Мен Индияга казатка көп барганымдан улам Румга каршы казатты да жүзөгө ашырууну кааладым. Эмир Бу-с-Сувар кайбар, акылман, сөзгө уста, илимпоз, кыраакы жана ыймандуу падышалар сыяктуу динге жан дили менен берилген улуу падыша эле. Ал тамашалашпай, дайыма оор басырык жүрчү.

Эмир алгач мени көргөндө өтө урматтап мамиле кылды, узак маектешип, түрдүү кепти козгоду, мен анын сөзүн угуп, суроолоруна жооп бердим. Менин сөздөрүм анын купулуна толуп, ал мени аябай сыйлаган соң кетүүгө уруксат берди. Ал мага өтө мээрман мамиле жасагандыктан, жүрөгүм жибип, Гянжда бир нече жыл туруп калдым. Эмир дасторкон жана шарап үстүндө уюштурган жоролорго үзбөй катышып турдум, ал мага ар кандай суроолорду салып, байыркы дүйнөнүн падышалары жөнүндө айтып берүүнү сурачу. Бир ирет маегибиз биздин дубанга арналып, түрдүү өлкөлөрдүн жапайы көрүнүштөрү жөнүндө узак кеп кылдык. Мен ошондо мына бул сыйкырдуу кубулуш жөнүндө айтып бердим: «Гургандын куймасындагы тоонун этегинде бир кыштактын чет жакасында булак бар. Ошол кыштактын аялдары ошол булактан суу алганга демейде чогулуп алып барышат. Ар бир аял кумурачан барат жана булактан суу алгандан кийин, кумураларын төбөсүнө коюп алышып, үйлөрүнө кайтышат.

Кумурасы жок бир аял алардын алдына түшүп алып, жолду кылдат карап жүрөт, анткени ал жерлерде жашыл курт болот. Аял кокус жанагы куртту көрсө, шериктери аны тепсеп албас үчүн жолдон алыс ыргытат. Эгер кимдир бирөө куртту басып алса, ошол замат бардык кумуралардагы суу сасып калат дагы алар сууларын төгүп салышат. Кайра булакка барып, кумураларын жууп, жаңыдан суу алышат».

Мен бул окуяны айтып бергенден кийин эмир Абу-с-Сувар кабагын салып, башын чайкады, бир нече күн мага мурдагыдай жакшы мамиле жасабай калды. Анын себебин мага Пирузан айтты: «Эмир сен тууралуу даттанып, баланча өзү калыбет эле адам, мага эмне жаш балдарга айтчу сөздөрдү айтты; ал эмне үчүн мендей адамга калп сүйлөйт?»

Ошол замат Гянжиден Гурганга чабарман жөнөттүм дагы жанагы кыштак өз ордунда турат, ырас эле кыштактын чет жагында мен айткандай курт бар экенин кадий, раис, хатиб жана башка ишенимдүү адамдар, уламалар менен Гургандын бектери тастыктаган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн алып келүүнү буйрудум. Баарын бүткөрүп, төрт айдан кийин сөзүмдү ырастаган тастыктаманы эмир Бу-с-Сувардын алдына койдум. Ал тастыктаманы алып окуду да күлүп айтты: «Сендей адам, өзгөчө, менин алдымда калп сүйлөбөсүн мен өзүм да билем. Бирок сенин сөзүңө адамдар ишенүүсү үчүн төрт ай коротуп, далил жана эки жүз ишенимдүү адамдын тастыктамасын чогултууну талап кылган чындыкты айтып эмне зарыл?»

Билгин, сөз төрт түрдүү болот: билип кереги жок жана бирок айтпачу; билгенге зарыл жана айтылчу; айтылчу, бирок билип кереги жок жана билгенге зарыл, лекин айтылбачу. Ыйманга зыян алып келчү сөздөрдү айтуунун да, билүүнүн да зарылы жок. Теңдешсиз улуу Кудайдын китебинде, пайгамбар алей салам жөнүндөгү кабарларда, аалымдардын жана уламалардын китептеринде бар сөздөрдү айтып, бирок билбесе болот. Анткени, бул сөздөрдү талкуулоо — тууроо, алардагы карама каршылыктарды жана татаалдыктарды тийиштүү деңгээлде терең билбөө — ачылыштын бир түрү сыяктуу болуп калат. Андыктан, кимдир бирөө сөздөрдү терең түшүндүрүүгө жүрөгү менен берилсе, теңдешсиз Кудай алдында жооп берет.

Билүүгө жана сүйлөөгө зарыл сөздөр — диндин жана дүйнөнүн жыргалчылыгына байланыштуу жана эки дүйнө үчүн пайдалуу болот. Ал сөздөрдү айтуудан жана угуудан сүйлөп жаткан адамга да, угуучуга да пайда. Билип, бирок айтпачу сөз — бул сага кайсы бир бектин же досуңдун кемчилигин билген сыяктуу; сен ой жүгүртүү аркылуу же күнүмдүк тириликке салыштырып байкасаң, сага анын кемчилиги шариятка ылайыксыздай көрүнөт. Андай сөздү айтчу болсоң, же береги бектин каарына каласың, же досуңа зыяны тиет, же томаяктар козголоң чыгарып, сага коркунуч жаралат. Анүчүн мындай сөздөрдү билип, бирок айтпашың керек. Бирок бул мен айткан төрт түрдүү сөздүн мыктысын билүү да, айтуу да керек. Бул төрт түрдүү сөздүн ар биринин эки жагы бар: бири — адеми, бири — серт. Эл алдында сүйлөнчү сөздөрдү мүмкүн болушунча жакшылап айт, уккулуктуу болсун жана адамдар өздөрүнүн ар-намысын түшүнүшсүн, анткени улуу жана акылман адамдарды сөзүнөн билет, асыресе, адамдар сөзүнүн далдасына бекинет. Ыймандуулардын баштоочусу Али (Алланын кулагы сүйүнсүн) айткандай: «Эркек анын тилинин астында жашынып жатат». Кээ бир сөздөрдү укканда дилиң жаңыланат, ошол эле сөздөрдү дилиң булгангандай кылып, кыраатын өзгөртүп айтуу мүмкүн.

Икая

Менин угушумча, Харун-ар Рашид түш көрөт, түшүндө оозундагы бардык тиши күбүлүп калат. Эртеси ал түш жоругучту чакыртып: «Бул түштүн мааниси эмне?» деп сурайт. Түш жоругуч: «Ыймандуулардын адыйынын өмүрү узарсын! Бардык туугандарың сенден мурда өлөт, ошентип эч кимиң калбайт» дейт. Харун ар-Рашид айтат: «Бул түш жоругучка жүз палак ургула. Ал эмнеге мындай ачуу сөздү бетиме түз айтты? Эгерде менин бардык туугандарым менден мурда өлсө, анда мен киммин?» Ал башка түш жоругучту чакыртып, баягы көргөн түшүн айтып берди. Түш жоругуч айтты: «Ыймандуулардын адыйы көргөн түш ыймандуулардын адыйы өз туугандарынан узагыраак жашайт дегенди билдирет». Харун ар-Рашид айтты: «Акылдын айтканы бир». Бул түш жоруу мурунку түш жоруудан айырмаланбады, бирок ал айтылышы боюнча мурдакыдан алда канча айырмаланып турат. Ал экинчи түш жоругучту жүз динар менен сыйлады.

«…сөздүн арт жагын жана бет жагын абайлоо керек; эмне гана айтпа, чечен жана сөздүн маанисин билүү үчүн сөзүңдү өтө кынаптап айт. Эгерде айтып жаткан сөзүңдү өзүң түшүнбөсөң, сен тотукуш сыяктуу болосуң: ал сүйлөгөнү менен, айтып жаткан сөзүн түшүнбөйт. Чечен жана сөздү баалай билген адам эмне айтса да анын акылман адамдардан экени ошол замат айкын билинип турат. Эгер андай болбосо, аны адам эмес, мал деп бил. Сөздү баалай бил, анткени ал көктөн түштү. Айтчу жерде ар бир билген сөзүңдү аяба, акылмандыкты күчкө салбаш үчүн орду жок сөздү айтпа. Эмне гана айтпа, жалаң чындыкты айт, маанисиз сүйлөгөндөн сактан. Бардык дооматта далилди кичүү, дооматты чоң деп баала. Билбеген илимиң менен мактанба жана аны менен жан багам деп ойлобо, анткени, алешем илимиң жана минбардан туруп, көздөгөн максатыңа жетпейсиң; өзүң билген илимде ийгиликке жетесиң; билбеген ишиңде эч нерсеге жете албайсың.

Икая

Угушума караганда, Хосровдун доорунда Бузуржмихрге бир аял келип, эмненидир сурайт. Башка бир ишке кыжаалат болуп жаткан Бузуржмихр: «О, аял, сен сураган нерсени мен билбеймин» деди. Аял таң кала: «Сен эгер муну билбесең, анда эмнеге биздин өкүмдардын жакшылыктарын пайдаланып жүрөсүң?» деди. Бузуржмихр болсо: «Падыша мага бир нерсе берсе да билгеним үчүн берет, а билбегеним үчүн эч нерсе бербейт. Эгер мага ишенбесең, жүр, падышага барып, өзүнөн сурайлычы: мен билбеген нерсе үчүн ал мага бир нерсе береби же жокпу» деп жооп берди. Бирок сен ар бир иштин ченин бил жана аша кеткендикти зыян деп эсепте. Ар кандай иште анын ортосун кармай бил, анткени шариаттын эгеси айткан: «Ар бир иштин жакшысы — анын ортоңкусу».

Сөздө жана жумуш бүткөргөндө шашпастай жайбаракат бол. Сени алаңгазарлык жана шашмалык үчүн урушкандан көрө шашпады деп урушса, мен кубанар элем. Жамандык менен жакшылыкта сага тиешеси жок сырды билгенге кызыкпа, сырыңды өзүңдөн башка эч кимге айтпа. Сөздүн ич капталы жакшы болсо, анын сырт капталы серт экен деп шектенишет, себеби жамандыкта адамдар көбүн эсе бири биринен шек санашат. Ар бир иште сөздү, камылганы жана жагдайды каражат менен өлчө; эмнени айтпа, сенин сөзүң чын экенин тастыктап тургандай кылып айт.

Ширин сөздүү адамдардын арасында ишенимдүү адам деп саналсаң да, жабыр тарткың келбесе, эч бир ишке күбө болбо. Эгер күбө болуп калсаң, көрсөтмө берип жатканда кылдат бол: кимдир бирөөгө тартпа. Айтылган ар бир сөздү тыңда, бирок аны аткарганга шашпа. Эмне сүйлөсөң да таразалап сүйлөгүн жана айткан сөзүңө өкүнбөс үчүн сүйлөгөндөн мурда эмне айтарыңды жакшылап ойлонгун, анткени кыраакылык ишмердүүлүктүн экинчи бети. Сенин алдыңда атак-даңктын дарбазасы жабылбас үчүн, сөздүн пайдалуу жагын качырбас үчүн жакшы сөздү, сага пайдалуубу же жокпу, зерикпестен ук. Сөзүң суук болбосун, анткени суук сөз уу өсүп чыкчу данга окшош болот. Акылман болсоң да, насыл нарктын дарбазасы сага ачылсын үчүн өзүңдү түркөй деп сана. Эч кандай сөздү бузба жана токтотпо, сага адегенде сөздүн кемчилиги менен артыкчылыгы дайын болсун. Сенин сөзүңдү далил жана негиз үчүн талап кылгандан башка учурда акылмандыктын чегинен чыкпоо жана угармандарды зериктирбөө үчүн бектер менен бектердей, букара эл менен букарадай сүйлөш. Кайсы бир жерде сөзүңдү далилдеп берүүңдү талап кылышса, алардын арасынан аман соо кутулуу үчүн, алар каалагандай сүйлө.

Сөзгө ашыкча чебер болсоң да, сөз ортосунда жаза тайып албас үчүн, чеберчилигиңди мүмкүн болушунча азыраак көрсөт. Көптү билип, аз сүйлөгөнгө үйрөн жана аз билип, көп сүйлөгөнгө көнбө, анткени оозго бекем болуу коопсуз болуу, көп сөздүүлүк — акылы жоктук деп айтылган эмеспи. Эл көп сөздүү адамды акылдуу болсо да акылсыз деп санайт, а акылсыз адам үн чыгарбаса да, аны акылдуу болгондуктан сүйлөбөй жатат деп эсептешет. Сен өтө пакиза жана ыймандуу болсоң да, өзүңдү мактаба, анткени сенин өзүңдү өзүң жактап сүйлөгөнүңдү эч ким укпайт, анүчүн өзүңдү өзүң эмес, сени башка адамдар мактагандай бол. Көптү билсең да сөзүң сага зыян келтирип, зангандык береги алиддин[11] кейпин кийбөө үчүн керектүү сөздү гана сүйлө.

Икая

Менин угушумча, Сахибдин заманында Занганда имам Шафийдин сахабаларынан болгон урматтуу карыя болуптур, Алла ага ырайым кылсын. Ал муфтий, диниятчы жана Зангандын закат чогултуучусу экен. Бир муфтий жана динаятчы бозулан алид да болот. Ал Зангандын раисинин уулу экен. Бул экөө дайыма минбардан бири биринин абийирин ачып, сындап жүрүшөт. Алид бозулан бир ирет минбардан береги чалды кайридин деп шылдыңдайт. Бул окуя тууралуу шейхке кабарлашат. Шейх да минбарда туруп жанагы бозулан алидди арам сийдик деп маскаралайт. Алид бу сөздү угуп, аябай капа болот жана Рей шаарына барып, Сахибге жанагы чалдын үстүнөн даттанат: «Сенин заманыңда пайгамбардын урпагын кимдир бирөөнүн арам сийдик деп атаганы жарабайт», — дейт ыйлап.

Сахиб карыяга каары келет жана аны Рейге алдырып келгенге чабарманды чаптырып, өзү муфтийлер жана сейиддер менен чогуу арызды карай башташат. Карыяны алып келишкенде, Сахиб ага кайрылат: «Шейх, сен шафийдин имамдарынын бирисиң, Алла ага мээрим кылсын, өзүң илимдүү адамсың, жашаарыңды жашап, азыр эми бир бутуң көрдө турат. Сенин пайгамбардын урпагын арам сийдик дегениң жарайбы? Эми айткан сөзүңдү далилдеп бер. Антпейт экенсиң, мен сени шариаттын канонуна ылайык катуу жазалайм. Бул адамдарга үлгү болсун, эч ким мындай таалим тарбиясыздыкка экинчи барбасын».

Карыя айтты: «Менин сөзүмдүн тууралыгы ушул алиддин өзү, ага каршы анын өзүнөн артык күбөнүн кереги жок. Менин сөзүм боюнча, ал ак никеден туулган жана таза, а анын сөзү боюнча — арамсийдик». Сахиб сурады: «Кантип далилдейсиң?» Карыя жооп берди: «Анын атасы менен апасына никени мен кыйганымды бүтүн Занган эли билет. Ал минбардан туруп, мени капыр деп мазактады. Эгер ал бул сөзүн ишенип айткан болсо, кайрыдин кыйган нике жараксыз, андай болгондо, ал өз сөзү менен арамсийдик экенин ырастайт. Эгер бу сөздү ишенбей айткан болсо, ал — калпычы жана жазаланыш керек». Андан соң карыя: «Эмне болгондо да ал же калпычы же арамсийдик. Пайгамбардын урпагы калпычы болушу мүмкүн эмес. Эми аны кандай кааласаңар ошондой атагыла!» — деп кошумчалады.

Алид аябай уялып, эмне жооп айтаарын биле албады. Ал бул сөзүн ойлонбой айткандыктан өз башына балээ болду.

Ошон үчүн, уулум, чечен бол, бирок тантык болбо, асыресе, тантыктык — ошол эле кем акылдык. Ким менен сүйлөшпө, ал сенин сөзүңдүн кардарыбы же жокпу, байкагын. Эгер ал сенин сөзүңдү жан дили менен сатып алып жатканын байкасаң, сөзүңдү сат, а жок, — сөзүңдү токтот да, ал сенин кардарыңа айлануусу үчүн анын кулк-мүнөзүнө ылайыктуу сөздөрдү сүйлө. Бирок көпчүлүккө адамгерчиликтүү мамиле кыл, анткени эл — башка, адам — башка.

Ким кайдыгерликтин уйкусунан ойгонсо, ал эл менен мен айткандай жашайт. Мүмкүндүгүң бар кезде уккандан тажаба, анткени адамдардын сөзгө жөндөмдүүлүгү сөздү угуудан жакшырат. Мунун далили буки, наристени апасынан ажыратып, кемерде эне сүтү менен бакса жана тарбияласа, бирок ал не апасы, не бакма энеси аны менен сүйлөшпөсө, аны эч ким эркелетпесе жана ал эч кимдин сөзүн укпаса, анда ал дудук болуп чоңойот. А келгенде сөздү угуп үйрөнөт, тили чыгат.

Дагы бир далил: ким энеден дүлөй төрөлсө, ал дудук болот. Сен дудуктардын кулагы дүлөй экенин байкабадыңбы? Анүчүн сөздү, айрыкча, падышалардын жана акылмандардын накыл сөздөрүн тыңша, эсиңе тут жана кабыл ал. Айтат эмеспи: акылмандар менен падышалардын кеп-кеңештерин угуу акыл эстин көзүн өткүр кылат, анткени сурма менен тутия[12] көздүн акыл-эси үчүн акылмандык. Ошон үчүн мен айткандын баарын жүрөгүңдүн кулагы менен уккун жана ишен.

Баса, перс падышаларынын падышасы Нушинраван Адилетчил айтып кеткен акактай сөздөрдүн бир нечеси эсиме түштү. Аларды сени окусун, билсин, эсине тутсун жана жашоосунда колдонсун деп бул китепке кыстара кеттим. Нушинраван падышанын сөздөрүнө жана кеңештерине ылайык жашоо биз үчүн зарурат, анткени биз ошол падышанын тегиненбиз.

Билгин, оболку халифтер жөнүндөгү маалыматтардан халиф Мамун[13], Алла ага ырайым кылсын, Нушинравандын күмбөзүнө барганын окуганмын. Ал Нушинравандын дахмасы[14] турган жайдагы чириген тактыдан анын сөөгүнүн күлгө айланган калдыктарын тапкан.

Дахманын дубалында пехлеви тилинде бир нече сөз алтын менен жазылган экен. Мамун котормочуларды чакырууну буйруйт. Алар жазууларды окуп, арабчага которушат жана сөздүн арабча котормосу арабдар арасында белгилүү болот. Анда адегенде айтылыптыр: «Мен тирүү кезимде, Кудайдын бардык пенделери менин адилеттүүлүгүмдүн жакшылыгын көрүштү, менин жароокерлигимдин пайдасын көрбөй эч ким мага келген жок. Эми дарманым тайган мезгилде, бул сөздөрдү кимдир бирөө качандыр бир кезде мага таат кылганы келип, бул сөздөрдү окуп билет. Ошондо ал менин ырыскымдан тең бөлүшөт жана бул сөздөр ал адамдын жасаган эмгегине сыйлык болот деп дубалга жазгандан башка айла таппадым».

Бул сөздөрдү Нушинраван Адилетчил жазып калтырган экен, Алла өзү колдосун.

НУРВИНШАХ АДИЛЕТЧИЛДИН КЕҢЕШ-КЕПТЕРИН ЭСКЕРТҮҮ

Ал адегенде айтты: «Күн жана түн келип-кетип жатканда, жазмыштын өзгөрүп турганына таң калба».

Жана айтты: «Адамдар эмне үчүн бир ирет жаңылганына кайра-кайра өкүнүшөт».

Жана айтты: «Падыша менен тааныш неме эмне үчүн тынч уктайт?»

Жана айтты: «Эмне үчүн жашоосу эркине ылайык болбой калган адам өзүн тирүү деп эсептейт?»

Жана айтты: «Айыбың жок туруп сен жөнүндө жаман айткан адамды анын сөзүн жеткирген адамдан тезирээк кечир.»

Жана айтты: «Өзүнө жөнөтүлгөн көңүл айтууларды угуп жаткан адам сөздү пайдасыз уккан адамдай зерикпейт.»

Жана айтты: «Чоң чыгымга кириптер болгон адамга караганда көзүн окустатып алганды зор зыян тартты деп бил».

Жана айтты: «Кекиртегинин кулу болгон адамдан көрө бир колдон экинчи колго сатылып жүргөн кулду эркинирээк деп бил.»

Жана айтты: «Адам канчалык билимдүү болгону менен кудай ага акыл бербесе, анын билиминин пайдасынан зыяны чоң».

Жана айтты: «Кимди мезгил окутпаса, аны окутам деп убара болбогула. Андай аракетиң пайда бербейт».

Жана айтты: «Нааданды наадандыктан сактагандан көрө анын өзүнөн сактанган жеңил».

Жана айтты: «Эгер адамдар сен жөнүндө жакшы сөз айтышын кааласаң, өзүң башкалар жөнүндө жакшы сүйлө».

Жана айтты: «Адамдарга деген эмгегиң пайдасыз жоголбосу үчүн, адамдардын сага деген эмгектери пайдасыз жоголбосун».

Жана айтты: «Досторум аз болбосун десең, кастык кылба».

Жана айтты: «Ашыкча кайгыргың келбесе, дүнүйөң тар болбосун».

Жана айтты: «Таарынычтан качам десең, баспаган нерсени күчтөп бастырам деп мажбурлаба».

Жана айтты: «Жеңил жашоону кааласаң, өзүңдү иштегенге үйрөт».

Жана айтты: «Сени акылсыз деп айтпасын десең, табылбас нерсени издебе».

Жана айтты: «Алданууну каалабасаң, бүтпөгөн ишти бүттү деп айтпа».

Жана айтты: «Сенин сырыңды башкалар ачпасын десең, башкалардын сырын өзүң ачпа».

Жана айтты: «Артыңдан бирөөлөр күлбөсүн десең, кол алдындагыларга мээрман бол».

Жана айтты: «Узакка чейин өкүттө жүрбөс үчүн, жүрөгүң эмне каалаганын жасай бербе».

Жана айтты: «Акылман болууну каласаң, жүзүңдү башка бирөөнүн күзгүсүнөн карап көр».

Жана айтты: «Коркуп жүрүүдөн качсаң, жамандык жасаба».

Жана айтты: «Башкалар сени эмгегиңе жараша баалаганын кааласаң, өзүң да башка адамдарды баалай бил».

Жана айтты: «Жүрөгүң сөзүңдү коштой жүрүүсүн кааласаң, айткан сөзүңдү аткара бил».

Жана айтты: «Адамдар сени колдосун десең, акылдуу адамга сырыңды айтпа».

Жана айтты: «Элден сыйлуу болууну кааласаң, өзүң меймандос бол».

Жана айтты: «Адамдарды маскаралаганды баатырдык көргөн немени, сен эмнеге адамзаттын душманы деп айтпайсың?»

Жана айтты: «Сенин досторуң менен касташкан адамды сен эмнеге досум дейсиң?».

Жана айтты: «Талантсыз адамдар менен достошпо, таланты жок адамдар не дос, не душман болгонго жарашпайт».

Жана айтты: «Өзүн илимдүү деген наадандан сактан».

Жана айтты: «Адилеттүү бийге (сотко) муктаж болгончо, өзүң адилеттүү бол».

Жана айтты: «Чындык ачуу болсо да угуш керек».

Жана айтты: «Душманың билбесин десең, сырыңды досуңа айтпа».

Жана айтты: «Майда нерсеге көңүл бурба жана чоң сүйлөбө».

Жана айтты: «Абийирин жоготкон адамды тирүү деп санаба».

Жана айтты: «Мээнет кылбай бай болууну кааласаң, азга канаат кыл (көптү талап кылба)».

Жана айтты: «Чыгаша болуп саткандан көрө, пайдасы жок нерсени сатып алба».

Жана айтты: «Өзүңө тең адамдын жардамына зар болгончо өлгөн артык».

Жана айтты: «Кайыр сурап тойо жеген нандан көрө ачкадан өлгөн артык».

Жана айтты: «Кандайдыр бир бүтүм чыгаргың келгенде, ишенимсиз адамга таянба, ишенимдүү адамды эсиңден чыгарба».

Жана айтты: «Өзүңдөн пас адамдын жардамына муктаж болуу — чоң балээге кабылуу, бакадан башкалка сураганча, сууга чөгүп өлгөн жакшы».

Жана айтты: «Бул жашоого канаат кылган жоош — момун бузуку, текеберденип о дүйнөгө жол издеген динзар адамдан жакшы».

Жана айтты: «Чоң кызматка жетип алып, мурдакы адатына салып, инсанга жийиркене мамиле кылган адамдардан акылсыз эч ким жок».

Жана айтты: «Билбегениңди бербей көшөрүп, кийин калпычы болуп уятың кеткенден жаман эмне бар?!».

Жана айтты: «Табылган буюмду табылбаган буюм катары берип алданган адамдан артык бечара барбы».

Жана айтты: «Бирөө сага муктаж болуп турса, анын ишин бүткөрө алса да аны жасабаган адамдан өткөн наадан болобу».

Жана айтты: «Эгерде адилеттүү болом десең, кол астыңдагылардын жакшы жашоосу үчүн колдон келгениңдин баарын жасаганга тырышкын.»

Жана айтты: «Эгер айкөл болууну кааласаң, ачкөздүктөн кач жана зыкымдыкка жүрөгүңдөн орун бербе.»

Жана айтты: «Карапайым адамдардын каргышына калбас үчүн алардын эмгегин мактай бил.»

Жана айтты: «Бардык элдин сүймөнчүгү болуп, эч кимге жек көрүндү болгуң келбесе, башкалар каалагандай сүйлө.»

Жана айтты: «Баарынан мыкты болуп, бардык элдин алкышына татыктуу болгуң келсе, өзүңө каалабаган нерсени башкаларга каалаба.»

Жана айтты: «Элдин мыктысы болгуң келсе, элден эч нерсеңди аянба.»

Жана айтты: «Тилиң узун болсун десең, колуң кыска болсун.»

Мунун баары Нушраван Адилеттүүнүн кеп-кеңеши. Уулум, бул насыят сөздөрдү жек көрбөй оку. Анткени, бул сөздөрдөн акылмандын да, падышанын да ажайып касиети сезилип турат жана бул кеп-кеңештер акылмандын да, падышанын да сөзү. Анын маанисин жаш кезиңде түшүнүп, жаттап ал. Картайганда насыят сөздөргө кулак салбайсың, себеби карыялар турмуштун жаштар билбеген сырын билишет. Алла өзү туура жолго жетелейт.

Уландысы>>>>>>>>

Которгон Амирбек Азам уулу

[1] Мугелон – тикенектүү жалбыраксыз өсүмдүк.

[2] Мутаваккил – аббасиддердин 10-чу халифи, 847861жылдары өкүм жүргүзгөн.

[3] Динар – алтын акча, 2,4 грамм алтын. VII к. тартып чегериле баштаган.

[4] ал-Каим би-Амри Ллахи – аббасиддердин 26-халифи, 833-842-жылдарда башкарган.

[5] Искендер – Александр Македонский

[6] Афлотун – байыркы грек философу Платон.

[7] Бузуржмихр – Бузургмихрдин арабча формасы. Уламыштардагы падышалардын идеалдуу кеңешчилеринин сапаттары менен сыпатталган атактуу уазир Сасанид Ануширван.

[8] Рум Византия

[9] Балхи Абушүкүр Балхи (915-ж. туулган, өлгөн жылы белгисиз). Перс-тажик акыны. Мутакариб өлчөмүндө жазылган «Офаринаме» поэмасы менен таанылган. Андан башка да хасаж жана хафиф өлчөмүндө үч поэма жазган. Турумуш жана сүйүү, тагдыр, илим жана таалим-тарбия жөнүндө ырларды жазган. Көптөгөн бейттери арабчага которулган.

[10] Бу-с-Сувар (же Абу-л-Асовар) Шавур (же Шапур) ибн ФазлАрранды жана Арменияны 951-1199-жж. башкарган шедадиддер династиясынан чыккан 8-чи уазир.

[11] алид Алиге табынган шиит.

[12] тутия – көз оорууганда колдонулчу дары.

[13] Мамун аббасиддер династиясындагы 7-халиф (813-833-жылдары башкарган). Харун ар-Рашиддин уулу.

[14] дахма – зороастрийлердин салты боюнча көмүүгө жана өрттөөгө мүмкүн болбогон жасаттар коюлчу атайын имарат. Айры куйруктар дахмада ачык жаткан жасатты жеп, сөөк гана калган. Кээде мүрзө, мавзолей же сагана маанисинде да колдонулат.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.