Ошол кезде акактай тунук, акылдуу эрке кызы Суу менен жашыл кымкап жамынган уулу, көркөмдүү Токой Жаратылыш энесине арызданышты. Жаратылыш Эне балдарын көңүл бөлүп укту. Шыңгыр үндүү эрке Суу сулуу:

Жаратылыш эне, мен досторума таарындым. Мен алар менен ойнобойм жана дос болбойм. Менин кебетемди караңыз, тунарып көзүмдөгү нур кетти. Сиз билесиз го, мен кандай тунук элем.

– Чын эле кызым, эмнеге окшоп калгансың? Мен дагы сени араң тааныдым. Шашылбай түшүндүрчү, айланайын! Сени бул абалга кимдер алып келди? — деди…

– Жаратылыш эне, менин досторум Асан, Ынтымак, Зебо, Сабира, Антон, Төлөн, Рахматуллолорду билесиз да! Башында жакшы эле достордон элек. Улам бириникине барып алардын бактарын, жүзүмзарларын, гүлзарларын, коон-дарбыздуу бакчаларын аралап бирге ойночубуз. Асандын кулун-козулары менен бирге жарыштык. Алар чаңкаганда суусун болдум, ысык аптапта сергиттим. Мен аралап кеткенде Сабиранын короосунда бажырайган гүлдөр ачылды, шагы ийилген алмалар өстү, Рахматуллонун ширин дарбыздары чоңоюп, Зебонун жүзүмдөрү мөлтүрөп бышты.

Антондун капустасы, Төлөндүн өрүкзары көргөндүн көзүн кызыктырып өстү. Алар мени урматтап чакырып, арык салышты. Көлчүккө, балчыкка айлантпай, балыр бастырбай жолумду ачып, өстөнүмдү тазалашып, аяр мамиле жасашты. Досторум чогулуп, өрүк, алма, жүзүм, дарбыз, коон жешип, мен аларга шыңгыр үнүм менен ырдап берчүмүн. Досторумдун баары жакшы эле.

— Билем, билем! Тунук Суум!

Айрыкча Ынтымак жакшылыгы, тартиби, кичипейилдиги, сылыктыгы менен өзгөчөлөнүп турчу эмес беле. Ал кирген үй берекеге тунар эле. Бардык досторун жакшы көрчү. Эч кимден жардамын аячу эмес. Ал бирок жетим болчу.

— Ооба кызым, ошондой!

Бир күнү досторум күзгү каникулдан келгенде менин жээгиме отурушуп ойноп, ала келген белектерин бири-бирине тартуулап, ширин коон-дарбыз, жүзүмдөрдү жеп жатышты. Жетимдиктен колунда жок Ынтымак белек бере албай четте турду. Аны достору арасына чакырышкан жок. Тескерисинче, өздөрүнүн кыйын экендигин айтып жатышты. Алар коондоруна, жүзүмдөрүнө, кулундарына мактанышып талашып-тартышты. Анан урушуп тарашты. Жада калса Ынтымактын жетимдигин, эч нерсеси жок экенин айтып мазакташты. Ынтымак ыза болуп кетип калды, ошентип алардын достугу үзүлдү.

— Ошол күндөн баштап Жаратылыш эне, мен көрбөгөн азап калган жок.

Жаратылыш эне башын чайкап угуп жатты.

Досторум арык салгандын ордуна мени көлчүккө айлантышты. Көзүм ооруп балыр басты. Акыр-чикирин ыргытып жолумду тосушту. Акырында мен ооруй баштадым. Булактарым соолуду. Шыңгыраган үнүм бузулуп, сасыган сары сууга айландым.

Досторум жийиркенип, суу чачышып ойнобой менден алысташты.

— Ай-ай-ай! Бул эң жаман иш.

— Биринен-бири мени кызганып колу-бутумду байлашты. Достор мурдагыдай бирге ойнобой, бири-биринен алысташты. Өрүкзарды, гүлзарды аралабай, коон жыттап, кулун менен кошо жарышып, мейманчылабай калдым. Досторумдун бири мени агызбай, жолдорумду бууду. Анын тосмосун бузуп, Сизге качып келдим Эне! Мен эми аларга барбайм! Мени кыйнабаңыз!

Жаратылыш Эне кызынын көргөн азабын угуп, ачуусун араң басып турду. Анан жашыл кымкабы уйпаланып, керемет тармал чачтары үксүйгөн Токойго кайрылды:

— Уулум, сенин кандай нааразылыгың бар?

Токой арманын айтып кирди:

— Эне сиз айтчу элеңиз го, артык дос жок деп. Ооба, биз башында жакшы достошуп, бири-бирибизге күйүмдүү элек. Мен дагы досторума берекемди чачтым. Үстүнө үй болдум. Жер-жемиштеримди аяган жокмун. Ысык аптаптан, ызгаар кыштан сактадым. Койнумдагы жан-жаныбарлар да көп жардам берди.

Күндөрдүн биринде досторумдун үйүнө Акчабай деген келип калды. Ал кетээр менен эле досторумдун пейили бузула баштады. Миң жылдар өскөн бактарымды кыйышты, жан-жаныбарларыма кол салып, канаттуулардын уясын бузушту. Көйкөлгөн көк шибер, бак-дарактарым өрттөлдү. А түгүл балапандарга да кол сала башташты. Кокту-колоттордун баары чикирге толду. Айлам кеткенде сизге келдим, Жаратылыш эне. Эмне кылам!? Акыл айт!

Мен достуктан кечем. Мени аларга кызмат кылууга үндөбө! — деп Токой сөзүн бүтүрдү.

Акактай тунук Суу сулуунун көргөн кордугуна араң чыдап угуп турган Жаратылыш эне кабагын бүркөдү. Анын көз жашы нөшөр болуп жаап, сел болуп акты. Каары чагылган болуп, ачуусу бороон болуп борошого айланды.

Сүрөттөрдүн автору — Бек Жайчибеков

Бул окуя ошол жылы достор урушкан жылы болгон эле. Каникулдан алар маанайы пас келишпеди беле. Силердин эсиңерде барбы? Бажырап, бапырап белек бөлүштүрүшкөн эмес. Ошол жылы Зебонун жүзүмзары, Рахматуллонун ширин коон өскөн бакчасы, Сабиранын гүлзары, Антондун капустасы, Төлөндүн өрүк багы дагы соолуду. Бир тобун сел агызды.

Аңгеменин автору — Догдуркүл Кендирбаева

Асан куржун толтура досторуна жайлоодон белек алып келе алган жок. Ошондо Асандын бир топ козу-улактарын да сел алып кетти. Жыл оор болду. Суу жок, жер такыр болуп, адамдардын да жашоосу кыйындады.

P.S. Бул чыгарма «Роза Отанбаеванын демилгеси» фонду тарабынан даярдалган «Ынтымак сыры» аттуу китептен алынды. Китепти сатып алууну каалагандар 0555-00-42-40 номуруна чалып, аталган китепти 120 сом өз баасында сатып алсаңыздар болот.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.