Күнүмдүк турмушту тумандай каптаган саясый айтыштар, курултайлар, эски жаңы саясатчылардын күрөшү, арада бир, кайсы бир депутаттын обу жок сөзү турмуш тиричилигибизге ушунчалык сиңип кетти окшойт, бүтүндөй калайык, келечегибиз саясатчыларга байланыштуу экенине ишенип калып атабыз. Өлкө келечегин жакшыртуучу себептерди; көңүл башкага бурулганданбы же коомдун эс тутуму тиричиликке төнүп кеткенденби, айтор унутуп калып атабыз. Баарына эле белгилүү болгон коомду артка тарткан себептерди кайрадан бир эске сала кетсек. Булар – караңгылык,  жакырчылык жана мыйзам чегинен алыстоо.

Биринчиси — билим берүүнүн сапаты оңолмойун жашоо тиричилик оңолбойт. Билими тайыз коомду башкаруу да, жок кылуу да, ойунчук кылып ойноо да оңой. Билим болгон жерде маданият, руханият өнүгөт. Билим жок жерде терорчулук, ыймансыздык, уурулук, талап-тоноочулук баш көтөрөт. Бишкектин арбир бурчуна камера орноткон күндө да, коомдун билим деңгээли төмөн болуп турса, ал камералар ишке жарабайт. Кишинин ички дүйнөсү кеңейгенде гана сыртта бейкуттук орнойт.

Экинчиси — жакырчылык менен күрөшүүгө элди үгүттөө керек. Ысырапкорчулукту азайтып, көбүрөк пайдалуу иштер менен алек болууга тийишпиз. Жаштарды жаңы технологиялык жумуштарга үгүттөө, жол көрсөтүү, кесиптик билим берүү керек.

Жакырчылык менен күрөшүүдөгү бирден бир негизги пункт экономикага инвестиция киргизүү болот. Бирок мунун ыкмасы – элчиге инвестиция тартып келүү тууралуу көрсөтмө берүү эмес. Шарттар ыңгайлуу болгон жерге инвестиция өзү келиши керек. Тегирменди ташыма суу менен иштете албагандай эле, элчинин алып келген инвестициясы карын тойгузбайт. Элчинин миссиясы инвестор издөө эмес, алака-катнашты чыңдоо. Инвестицияны тартуунун формуласы бюрократияны азайтыш, мыйзамдарды оңдоп-түздөө, иштерди ачык айкын жүргүзүү, ошондо  акча өзү келиши керек. Бул бүт жерде ушундай.  Шарттарды жакшыртуубуз керек. Акча кеңиричиликти, ачыктыкты, тынчтыкты сүйөт.

Үчүнчүсү — мыйзамдардын үстөмдүгүн тез арада орнотуу. Жаман болсо да мыйзам ченинде иштеп, мыйзам ченинде жашап башташыбыз керек. Кишинин күнөөсү далилденгенге чейин күнөөсүз экенин, укуктук принцип катары карманышыбыз абзел. Коом болсо, кишиге иш козголгондо эле күнөөлүү экенине ишенип калды. Мыйзамда кишинин жеке укугун жана мал-мүлккө ээ болуу укугун сыйлашыбыз керек. Киши күнөөсү далилденбей туруп мүлкүн камап алуу да адатка айланды. Кылмышты кылган киши гана жоопкерчиликке тартыларын укуктук норма катары билишибиз шарт.

Журналистика азыр соттобой туруп жазалоого өттү. Жазалоо соттун гана чечими менен болот. Ааламдагы баардык мыйзамдарда бул ушундай жазылган. Мас болсо да, жинди болсо да, жарандын жеке укугу тебеленбеши керек. Аны алып чыгып сотко жетелекте эле шерменде кылып жазалап койуп атабыз…

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.