АҢГЕМЕ

Он жети жыл! Ойлоп келсең бул оңой мөөнөт эмес. Өзгөчө өмүрүндө өксүккө учураган адам үчүн өтө эле, өтө эле узак ко…

Абас аскерден кайтып келатканда алдыдагы жашоосу тууралу ашкере көп ойлонуп, анчалык деле түйшүктөнбөгөн. Алганы Аксаамай алгачкы күндөрү ага үйрүлүп түшүп, ою менен болду. Көңүлүн оорутканы жок. Күндөр, айлар өттү. Бара-бара Аксаамайдын күйөөсүнө жасаган мамилеси солгун тарта баштады. Абас аны байкаса да байкамаксан болот. Ичинен улутунат. Айласы канча, ага атаандашар алы барбы?

Кайран жыйырма бир жаш! Бирөөлөр үчүн өмүрдүн күлгүн кези болсо, Абас үчүн күндүн кечи болду. Мындан эки жыл мурда Аксаамай мындай эмес эле. Ал Абасты анда азыркыга окшоп «Ай, неме» деп чакырбастан Абыке дечү.

Абас керели кечке Жеңишбеги менен бирге. Тамак берет, ыйласа сооротот. Айтору эртеден кечке чейин ошону менен. Эрмеги да, таалайы да ошо. Турмушта өңгөдөн калса да, аталык мээримден кол үзүп калбагандыгына сүйүнөт.

Аксаамай адепкисинен да бүгүн өзгөчө кечигип келди. Эки бети тамылжып көздөрү жайнайт. Канчалык жымсалдаганы менен чачтары ирээтсиз, шашылып түйгөнү билинип турат…

— Эмне, бүгүн чай коюп койгон жоксуңбу? — деп силкинди ал. Абасты карап койгон жок. Түз эле төркү үйгө кирип кетти.

— Чай дейсиңби, кайнатып койгом, муздап калды окшойт, — Абас муну акырын айтып аны артынан ээрчий карады.

— Музда-ап. — тиги нары жактан күңк этип, анан кыңылдай «Боз Баланы» созо кетти… Жеңишбек энесин ээрчийт. Абас өзү түшүп жүргөн үч дөңгөлөктүү арабасынын коңгуроосун шыңгыратып алаксытса да болбоду.

— Аб-ба абба-ба, — деп ыйлай берди. Аксаамай төркү бөлмөдөн чыгып келип, уулун колуна алды. Бети-башынан өпкүлөй бооруна кысты да, нары диванга барып отурду.

— И-ий бетим! Э адам болбой куруп кал, ай көкүрөгү эмне ия мунун? Ушуга жетек боло албагандан кийин сенин эмнең киши!

— Акин, ал…

— Акин, Акин, Акинден айланып кет! Түштөн кийин актанымыш болуп коёт экен дагы. Мхи, мындан көрө балабакчага бергеним оң эмеспи.

Абас арабасын жылдырып аялынын жанына келди. Кабагын бүркөй башын чайкады да, Аксаамайга карап:

— Акин, минткениң болбойт, Жеңишбекти аякка берип койсоң үйдө жалгыз кантем? Кантип токтойм? Андан бөлөк менин эрмегим жок. Боортко-моорткосун алымдын келишинче жууп, тазалап эле турам. Алдагысын азыр, сенин келериңдин астында эле булгап алдык. Жеңишбек сенин балаң болсо менин да балам го. Ким эле өз баласын…

— Э болдучу!

*     *     *

Жеңишбекти балабакчага бергенден кийин Абас бир топко коңулдап, жалгызсырап жүрдү. Бир нерсесин жоготкондой жер карап, короодо баягы, үч дөңгөлөктүү кол арабасына түшүп, акырын ары-бери айдап жүрө берет. Ойго тунат. Акыры чыдабайт, короону ачып, бала бакчаны көздөй жөнөйт.

Абасты аердегилердин баары билишет. Анын арабасынын кыйчылдаган дабышы угулуп, тор тосмонун ары жагынан бирде эңкее, бирде чалкалай рычаг менен алек болуп келе жаткан карааны көрүнөр замат кумда ойноп жаткан балдар аны тосо жүгүрүп чыгышат. Абакелеп, андан калышпайт. Мойнунан кучакташып, арабасына жармашат. Абас жадабайт, балдардын ою менен болот. Эмне жаса дешсе баарын аткарып, алар менен кошо бала болуп, «кызыл сүргүндө» жүрө берет… Бериде турушкан тарбиялоочулар жылмайышып, көздөрүн тигилерден албай кызыгына батышат, муңайышат:

— Бечара, карасаң, эч нерседен капары жок. Баарыдан балдарды жакшы көргөнүн айт.

— Аа, минтпегенде кантсин. Биртике болсо да кайгы-капаны унутсам десе керек ко. Согуш эле курусун. Далайдын өмүрүнө так салбадыбы.

— Абас буларга, айткан кептерине көңүл буруп; кулак салбайт. Ала-шала түшүп балдар менен алек. Эс ала калганда ар кимисинин көкүлүнөн сылап, эркелете маңдайынан өбөт. Кечтин кантин киргенин сезбей да калат…

Барган сайын Абастын кайгысы көбөйө баштады, Аксаамай баштагыдай эмес. Күндүзү үйдө жок болгону аз келгенсип, кечкисин да жуунуп, таранып алып басып кетет. Түндүн бироокумунда барып кайтып келет…

Абас баарына түшүнөт… Түшүнгөндө эмне? Көз кыйыгы уктап жаткан Жеңишбекте. Тымызын үшкүрүнүп өз ичинен: «Жеңиш, мен эмне болсом болоюн. Тагдырым ушу экен. Сен таалайлуу болуп, аман-эсен чоңойсоң болгоңу» дейт.

Аксаамай ага назар салбайт. Чарчаңкы. Бир ооз сөз катпай кийимин чечет да, оозун ача эстеп-эстеп керилип, чоюлуп анан барып керебетке жата кетет. Эки өрүм колоң чачы жаздыктан артыла жерге чубалып, ууздай аппак көкүрөгү бир калыпта жай гана көтөрүлүп басылат. Узун кара кирпиктери «уйкуга кетип», жумшак мала эриндери алда бир нерсени самагандай кыймылга келип кыбыр этет… Чирене белин көтөрүп барып, жуурканды тебе таштайт да капталына оодарылып түшөт.

Абас арабасы менен жанына барып анын чынында эле сулуу дене түзүлүшүнөн көзүн албай отура берет. Тамдын боорундагы саат анын арманын эсепке алып жаткансып тыным албай чык-чык. «Жок, ал Аксаамайга, анын жүрүш-турушуна кескин сын койбойт. Антүү оюнда да жок. Бул жерде ал күнөөлүү эмес. Кантсин. Күнөө согушта! Согушту баштаган оңбосун. Убалым ошого жетсин. Эх-х…».

Абас өзүн бактысыз, пайдасыз адаммын дейт. Чиркин, мындан эки эле жыл мурда бул ой үч уктаса түшкө кириптирби. Анда кыз-келиндердин оозунан түшпөй, алардын кумарлуу көз кыйыгында жүргөн жигит эмес беле. Эми алардын бири жок. Ал түгүл алганы Аксаамай минтип көз көрүнө жүрөгүн жаралап, эл арасында анын бетине чиркөө келтирип олтурат. «Мейли, — дейт Абас өзүнчө. — Айлам канча. Тагдыр ушундай экен. Эптеп үстү-башыма каралап, Жеңишбегимден ажыратпай колунда алып жүрсө болгону». Бул аргасыз ой эле…

Чындыгы ал Аксаамайга ишенген. Тагдырдын жазасына жалгыз таштап кетет деген эмес.

Абастын ою ордунан чыкпады. Аскерден кайтканына алты ай толуп, жетинчиге айланганда Аксаамай анын дүйнөдөгү кымбаты, медери — Жеңишбегин алып кетип калды. Ал Абастын буркурап ыйлаган үнүн угуп, шорголоп аккан жашын карап койгон жок. Атаганат, алгачкы сүйүүнүн арты ушинтип бүтчүбү? Деги башта ал Абасты сүйдү бекен? Жеңишбекти алып чыгып баратканда Абас кантсин, акыркы үмүтү менен анын алдын торой көз жашын көл кылып:

— Акин, Акинтай! Айтчы, сен ушундай кылмак белең? Мени жалгыз мында кантип таштайсың? Айтсаң боло, мен деле адаммын го. Адам…— деди да, жалгыз сол колун ага суна күңгүрөнүп ийди. Аксаамай үрпөйө кетенчиктей барып туруп калды. Жеңишбек эч нерседен капарсыз оозуна сөөмөйүн салып бир апасына, бир атасына карайт. Тиги экөө бири-биринен көз алышпайт. Бирөөнүн көз карашы өтүнүч, жалооруганды билгизсе, экинчисиники теңсинбегендикти, аёосуз жекирүүнү айтып жаткансыйт.

— Аксаамай, таштаба мени. Менин силерден башка эмнем бар? Канткенде, Акин, канткенде мени кыясың? Кантип мени… Ойлон, ойл…

— Турчу нары! – Аксаамай алга басты.

— Жок, жок. Антпейсиң! Аксаамай антпейсиң. Биз адеп кошулганда бирибизди бирибиз ушунтебиз деген белек? Жок, жок… Ал кездегини унутуу болбойт! Ыйык. Кантип ошол алоолонуп күйгөн оттун бир учкуну оюңда калбасын, Акин?..

— Калган-эткен жок. Мунж-жуга учкундун кереги эмне?! — Аксаамай Абасты жөөлөй эшикке чыгып кетти. Абас нес болгондой далдырап арабасында отуруп калды…

«Мунжу! Мунжу. Мун…».

Кулагы чуулдап жер көчтү. Абас болгон күчүн жыйнап, эшик жакка талпынды:

— Жеңиш! Жеңиштайым, О! — Ал арабасынан кулап түштү.

*     *     *

Короонун каалгасы ачылган бойдон калган. Гүлжан сестене үйдү көздөй басты. Үй да ачык турат. Гүлжан кадамын ылдамдата тепкич менен көтөрүлүп барып, эшиктин алдына келгенде эмнегедир бир нерседен чочугандай эки бетин колу менен баса «А!» деп алды да, үрөйү учуп босогого жөлөндү. Анын көз алдында коркунучтуу, тирүү сүрөт тартылып турган: Үч дөңгөлөктүү араба, андан бери жалгыз колу босогого карышып томпоюп жаткан Абастын денеси. Чачтары уйпаланган, сапсайып иретсиз. Абас сол жаагын полго төшөп күнгө кактала уктап жатат. Бети-башы темгил ала. Пол да. Кыясы боортоктоп эшикке чыгууга аракеттенсе керек. Кан аралаган калың кара каштары, чачтарынын учтары тал-тал болуп, бири-бирине жабышып катып калыптыр. Бул эмне деген шумдук?! — Гүлжан чөгөлөй Абастын башын жөлөдү:

— Аба, көзүңүздү ачыңыз. Абыке!..

Абас көзүн алсыз ачып кайта жумду. Башын көтөрбөстөн оор дем алып, билинер-билинбес улутунду. Гүлжан андан көзүн албастан анын башын жөлөгөн бойдон отурат. Бир маалда Абас денесин болк эттире башын көтөрдү. Гүлжандан жалтангандай чалкалай тартып, артындагы арабасына жөлөндү. Асты шишип канталаган көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй чакчаят. Жаак эттери тартыла, эриндери бүлк-бүлк этип мууна түшкөндөй болду.

Гүлжан ордунан тура:

— Абыке, эмне болуп кетти, бир жаман окуя болсо керек, айтыңызчы? — деди — Жеңишбекти, бала-бакчага убагында алып келбей кечигип калганыңыздан улам…

— Жеңишбек, дедиңби Гүкү?..

— Ооба, ал кайда, үйдө элеби?

Абас бир азга тумчуга эч нерсе дей албады. Анан Гүлжанды караган бойдон боздоп ыйлап ийди. Ый аралаш:

— Алып кетпедиби Жеңишимди, ал-ып, — деди.

Гүлжанга баары түшүнүктүү болду. Жүрөгү ачып, тигинин үнүн уккан сайын сай сөөгү сыздады… Бир аздан кийин чыйрала:

— Абыке, — деди ал, Абаска үйрүлө, — эми кайрат этиңиз. Болору болгон экен. Аксаамай эле оңбосун. Ким аны минтет деп ойлогон. Адам эмес тура. Аман болсо Жеңиштайыңыз сизди издеп таап келет. Күдөрүңүздү үзбөңүз, күтүңүз.

Абас анын сөзүн уктубу, уккан жокпу белгисиз.

Башын чайкап алда бир нерселерди түшүнүксүз айта, өпкөлөй берди…

Гүлжан анын бети-башын жууп, арабасына таптак көтөрүп барып отургузуп койду да, үйдүн ичин иретке келтире тамак асты.

Оокат жүрөгүнө баспаса керек, өмчүлөй биртике ичкен болду. Идиш-аякты иреттегенден кийин Гүлжан Абастын жанына басып келип:

— Абас ага, кайгырбаңыз. Сиз жалгыз эмессиз. Кайрат, чыдамкайлык гана керек. Туурабы аба, чыдамкайлык, — деди жай гана.

*     *     *

Алгачкы күндөрү Абас жарым эс адамдай аңкайып, эч нерсе менен иши жок өлбөстүн оокатын көрүп жүрдү. Ал үчүн таңдын атканы да, күндүн батканы да бирдей. Күндө калса көлөкөгө барууну ойлобойт, шатырап жамгыр жааса калканыч издебейт. Ал үчүн жашоо кызыксыз, максатсыз өтүп жатты. Чындыкты айтуу керек, анын алын сураган, кайрат айткан аз болду. Көңүлдөн чыгып бир үйдө жалгыз калды. Анын оокат жайына, кир-коогуна каралашкан, эстеринен чыгарбай келип, кетип турган төрт-беш адамдын бири Гүлжан. Анын жылдыздуу кара көздөрү, эркек баланыкындай балжайган жазы каштары, кызылдуу жүзү ар дайым Абастын көз алдында. Ал келген сайын бир тууган карындашындай жакшы көрүп, өз ичинен эркелетет… «Бул боорукер кыздын эмгегин кантип актап, канткенде өтөлгөсүнө чыгаар экем? — дейт оюнда Абас. — Мен тирүү жанмын го. Эмне… колуман эмне келер экен?»

Ал кичинесинен сүрөт тартууга шыктуу болор эл. Кийинчерээк таштап койгон. Ага да согуш кесепет болбодубу. Тынчтык болсо окуусун таштабай, мүмкүн, сүрөт тартууну улантпайт беле. Эмичи?

Жок, бул оюнан өзү коркуп кетет. Унутууга шашылат.

*     *     *

Жеңишбек… Абастын ойлогону эле ошо. Ал жөнүндө болсо кабар жок. Кайда? Эмне болуп жүрөт? Белгисиз… Сандыктан эски акварелдерин алып чыгып, оюнан Жеңишбектин сүрөтүн тарта берет» Анчалык окшошпосо да, ары карап, бери карап: «Жеңишбек» — дейт үнүн дирилдете, «Жеңишбек» деп ар биринин астына бадырайтып жазып коёт.

Жеңишбеги тарбиялануучу балабакчага үзбөй барып келип турат. Анда барган сайын жүрөгү тызылдап, ичи күйүп-жанат. Барбайын деп ага да чыдабайт. Бир күндө кур дегенде бир ирет барып, Жеңиши ойноочу «Дөбөчөнү» көргөндө уулунун элеси көз алдына келип, эжигейдей уюган сагынычы бир аз тарагандай эс ала түшөт.

Мына Жеңишбектин тарбиячысы Гүлжан. Аны аянычтуу карап жанында турат. Мына Жеңишбектин «үзөнгүлөштөрү» — Самар, Сагын… мотурайышып, мурункудай эле анын жанынан чыгышпай айланчыкташат.

— Чеңиш, кай-да? Эртең келеби? — дешет эч нерседен түйшүксүз. Абас баш ийкейт:

— Келет, келбей анан… — дейт. Алкымы буулуп, көзү жашылданат.

— Кечинде апам келип мени үйгө алып кетет. Менин апам чаксы. Чеңиштин апасы да чаксы ээ, — деп сурайт Самар. Абас ооз ачпайт. Баланын көөнүн оорутпас үчүн күч менен күлө бага, башын ийкеп коёт:

— Ии, жакшы…

«Ойрон болгон бомба, колу-бутумду жулгандан көрө көөдөнүмдү эмнеге экиге бөлүп кетпедиң экен?!»

*     *     *

Айлар өттү. Абастын тарткан сүрөттөрү башкалар эмес, анын өзүнө жагып, канааттандыра бербеди. Колдун каруусун, «көздүн майын» кетирип, иштеген ишиң ийгиликтүү чыкса, анын үзүрүн көрсөң кандай сонун!

Абастын үмүтү өчкөн сыяктуу… Карыдан кесилген оң коду сербең этти. Кист полго түшүп, сол колу шалак эте арабанын кырына артылды. Абастын ой-кыялсыз, нары чабал көз карашы бет маңдайында керилип коюлган холсттун тирегичинин аягына кадалып, жылбай калды. «Бүттү!— деди Абас өз ичинен өкүнүчтүү — бүттү…».

Аңгыча болгон жок. Эшиктен Гүлжан кирип келди:

— Абас ага, сизге эмне болду? — ал элпек эңкее полдон кистти алып, боёктор турган тепиреткенин үстүнө коё койду. — Такыр эле өңүңүз жок.

— Өңүң жок дейсиңби, Гүкү? — Абас жалооруй карады. Азыркы кайгысын андан жашыргысы келди. Анын бул оюн Гүлжан сезип калган белем? Абастын ийнине оң колун коюп холстко карай:

— Сонун, сонун Абас ага, эң сонун! Бул сүрөтүңүз көрсөтмөгө коюуга татыктуу, — деди.

«Тим гана менин көңүлүмдү көтөрүү үчүн айтып жатасың, Гүкү. Бул деги эле сонун эмес. Жөн гана далалат». Муну Абас үн чыгарып айткан жок. Ичинде калтырды.

Экөө көпкө талашып тартышты. Акыры Абас «Сынчысына» жеңилип берди. Анын көңүлүн ооруткусу келген жок.

Гүлжан чыгып кеткенден кийин үй ичи күңүрт тарта түшкөндөй, ээн калгандай сезилди. Абас ойго тунду… Анан эмнегедир жүрөгү бат-бат сого жандана түштү. Көздөрү ойнойт. Кистти колуна кармап, шашыла холстко боёк коё баштады. Гүлжандын баягыда айткан сөздөрү эсине түштү: «Чыдамкайлык керек. Туурабы аба, чыдамкайлык».

*     *     *

Улам барган сайын Абастын сүрөт тартууга болгон шыгы өсүп, жөндөмдүүлүгү артты. Күн-түн кист колунан түшпөйт. Үйүнүн ичи өзүнчө бир галлерея. Натюрморт, эскиздерге жык толгон. Көпчүлүгү эле кичине балдардын топойгон турпаттары, портреттери.

Абас биринчи ирет эл-журтка, Гүлжанга ыраазы. Сүрөтчү Макеевге ыраазы. Алардын берген жардамы, бөлгөн көңүлү, айткан акыл-насааттарына теңдеш эмне бар? Ченем жетпес… Аны адам кылып турмуштун даңгыр жолуна алып чыккандар ошолор. Алкыш аларга, ыракмат.

Жеңиш күнүнө карата борборубуздун сүрөт галлереясында көрсөтмө ачылат. Ага Абас өзүнүн үч сүрөттөн турган триптихи менен катышмакчы. Ал үчүн бул өтө чоң кубанычтуу окуя… Триптихтин биринчи сүрөтүндө курман болгон жолдошунун колундагы кызыл тууну ала коюп, алга бараткан жоокер, экинчисинде фуфайка, кыска тон кийген жумушчулардын бир тобу кыйроого учураган заводдун фонунда чоң станокту биргелешип, мурунку ордуна коюп жаткандары тартылган. Үчүнчү сүрөттө башын жогору көтөрүп, эл менен бирге демонстрацияда бараткан жаш аял өзүнчө чоң планда берилген. Колунда бала. Жеңишбек… А тиги аял кандайдыр Гүлжанга окшоп барат. Маңдайы жазы да жарык. Күлгөнү Гүлжандыкындай жумшак жана мээримдүү…

Триптихти Абас «Жеңиш» деп атаптыр.

Ооба, бул анык Жеңиш эле. Анын майышпас эрки күнөм санагандык, кыйынчылыкты тепсеп барып жеткен, жеңиш эле…

*     *     *

9-Май Абас үчүн өзгөчө белгилүү дата. Так ушул күнү көптөн күткөн сүйүнүчтүү окуя — Жеңиш келген. Абас майдандаштары менен бирге Эльба дарыясынын боюнда оңуп калган пилоткасын көккө ыргытып, кубанычка баткан. Бактылуумун деген. Тагдыр анын бул оюна өзүнчө түзөтүү кийирди. Абас ошол жеңиш Күнүнүн кечинде душмандын акыркы бомбасынын чарпындысынан түбөлүккө мунжу болуп кала берди.

Ооба, мына андан бери 17 жыл өттү. Ал жылдардын изи Абастын жүзүнө катар-катар чийилип, киргили көңүлүнө тунуп калды.

Шаар барган сайын караңгылыкка чулганып, асманда жылдыздар улам көбөйүүдө. Тоо тараптан соккон жел бак-дарактын жалбырактарын дирилдетип, көңүл сергитет. Эл шаардын борборун көздөй күлкү-тамашага аралаша жөнөп кетип жатышат. Абас арабасы менен алардын агымында кошо кетип барат. Өр да, колу уюп кээде токтой калып, маңдайынан терин шыпырып алат да, кайра сапарын улантат. Арабасынын алдыңкы дөңгөлөгүнөн көзүн айырбайт…

Ал минтип күлүк ойдун жетегинде тунжурап кетип баратканда кайдандыр:

— Ага! Абас ага, — деген үн угулду. Дагы кайталанды. Башка үндөр ага кошулуп кетти.

— Абас ага!

— Ага…

Абас катуу уйкудан чочуп ойгонгондой башын жогору көтөрүп каштарын серпе, алайган чоң көздөрүн ирмеп-ирмеп алды. Жан жагына каранат. Кулагына мурунтан тааныш, жакын адамдын үнүндөй угулду. Үндөр эми арт жагынан жакындан эле чыккандай болду:

— Абас ага!

Абас арт жагына бир карап алды. Колдорунан кармашып алып бирөөлөр чуркап келет. Мына жетип келишти. Аларды Абас тааныды. Колун рычагдан ала аларга суна берди. Араба күүсү менен бир аз жылып барып токтоп калды.

— Самар, садагаларым. Сагынтай, тиги… Оо-о…— Абас алардын ар биринин бетинен өөп жалынып жалбарып жатты.

— Агатай, бул жолу биз кечиктик окшойт, ээ. Мына мобу «тентектериңиз» эле — Гүлжамал Сагын менен Самарды карай берди.

— Чын эле, болбосо… — аны саамайы тал-тал болуп маңдайына түшкөн Айымкан жаалап кетти.

— Ооба буларды карасаң, баарын эле бизге жаба бергилери бар…

— Десең!

— Ха-ха.

Абас кубанычта. Мээримдене ар биринин оозун карайт. Аларга чексиз ыраазы экенин кантип билгизүүнүн ылаажысын таппайт… Аңгыча асманга салют атылып бытыр-бытыр бөлүнө көк жашыл болуп төмөн карай каалгыды. Жер жапжарык боло түштү. Заматка имараттардын чатыр-морлору, зымкарагайлардын силуэттери күңүрт асмандын фонуна түшө калып, кайта көздөн кайым болду. Бак-дарактын жалбырактары адамдар менен кошо тиги жеңиштин белгисине назарын сала карап калгандай. Салюттун жарыгы кимдин жүзүн жарык кылбады, кимдин көңүлүн бурбады? Эмнени эске салган жок? Баарын билип айтуу кыйын. Ар бир адам ал учурда өз ою менен болду го… Абас да…

Асмандан салюттун кызыл-тазыл болуп күйүп өчкөн бөлүкчөлөрүнүн көгүш издери көзгө илешпей өчүп баратканда качанкы элибиздин оор күнүн эске салгансып, замбиректин үнү тээ түпкүрдөн атылгандай «дүп» этти. Айлана кайта караңгы боло калды. Абас рычагга колун сунду. Салют атылып жатат. Мына борбордук аянтка да жакын калды. Абас ушул азыр да өткөндөгү кыйынчылыкты эсинен чыгарды. Көңүлү көккө учуп, жүрөгү эргиди. Ооба, анын сүйүнүчүнө чек жок эле. Караңгыны капкайда сүрүп, асманда чатырап күйгөн салюттун жарыгы ага көптөн бери күтүп келген, самап келген таалайдын жарыгына окшогон. Ал андан көзүн алган жок…

«О дүнүйө мен да бакытка жеттим ээ. Ушу күндү көрдүм ээ! Демек мен адамдарга салака эмес экенмин да. Биздин мээнет бекер кетип, каныбыз бекер төгүлбөптүр. Турпагыбыз өсүп-өнүп, минтип бизге урмат көрсөтүүгө жетилип калыптыр. Менин Жеңиштайым да боор көтөрүп калгандыр. Ал жакында мени издеп келет. Таап алат. Ага мен ишенем… Гүлжан айтпады беле… Эмне арман? Эй айланайындар!» — Абас болгон жалгыз сол колу менен көйнөгүнүн бүчүлөрүн чыгарып ийип, аптыга дем алат. Алкымы бүлк-бүлк этип дене бою бошоң тарта билинер-билинбес солкулдап барат. Бул анын заманабызга эреркегени, ыраазы экендигин билдиргени эле.

Салют катар-катар атылып, элибиздин жеңишин ааламга дагы бир жолу даңазалап жаткандай. Анын жарыгы асманга чачырай бергенде Абастын жаш толгон көздөрү, аккан жаштын салаа-салаа издери жылтырап көрүнө калат.

Абас ый аралаш ууртунан жылмайып баратты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.