АҢГЕМЕ

Ташматтын алты бөлмөлүү заңгыраган үйү жалбырттап күйүп жатты. Ташмат, өрт жаңы башталганда, эч кимге билгизбей өзүм эле өчүрүп салайый деп ойлогон. Ал ичинен улам-улам кайталап жатты: «Эч ким көрбөсө экен…» Бирок өрт деген өрт да — улам барган сайын алоолоп күчөй берди.

Өрт күчөй берди, жалындап күчөй берди, алоолоп күчөй берди. Ташматтын элдин баары суктанган үйү өрттөнүн жатты. Ал өзүн эми өрттүн алдында алсыз сезе баштады. Жан айласы кетип, ары-бери чуркап:

— Итирейген энеңди урайын, сен ушуну кылмаксың, көзүңө эч нерсе көрүнбөй чамгарактап калбадың беле? Көздү кашайттың го, кашайттың. Мындан көрө өзүң өрттөнсөң эмне! — деп аялына жулунду.

Тегеректеп турган балдары чуулдап жиберишти эле, кайра токтоп калды. Күндө Ташматтын айтканына кың дебеген аялы бүгүн өзгөрүп кеткен сыяктанды. Анын да жаны күйүп, туталанып турган болучу:

— Эмне, мен өрттөдүмбү?

— Ой, кайра мага алкылдайт да, анан өзүнөн өзү күйгөндөй жаны бар дейсиңби?! Тууп алып, тутунганды билбейсиңби, катын деген кичине зирек болбойбу? Кандай киши жакшы катынга жолугарын билбейм. Чууртуп тууп коёт дагы!..

Жарданып турган балдары качып жөнөштү. Сөз алар жөнүндө болуп жатканын угушары менен эле, алар апасын коргоого жарабай, безилдеп кача башташты. Балдар безилдеп качып баратышты, балдар өрттөн эмес, өз атасынан качып баратышты. Ташмат муну сезген жок. Аялы чыдай албай кетти: жүрөгү сыздап, эмчеги зыркырады. Безилдеп качып бараткан балдарын көрүп, көзүнөн жаш тегеренип кетти да:

— Балдардан тегеренип кет, ошол жакшы катыныңды таап албайсыңбы!— деп буркурап ыйлап жиберди.

Апасынын сыздаган үнүн укканда, качып бараткан балдары чуркурап кайра бурулушту.

— Ыя, де! — Ташмат дендароо болуп туруп калды. Анан жерде жаткан таякты шып илип алып: — Айланып кетейинби?! Айланыппы?! Айла… — Сүйлөй албай титиреди.

Аялы өңгүрөгөн бойдон балдарын көздөй жүгүрдү.

Ташмат эмне кыларын билбей титиреп тура берди, анан колун кезеп:

— Сенин шишиң толду, тыртаңдаган албарсты! Маа тил кайрып калган тура, көрөм сени, келерсиң!..

Ташмат калчылдаганын баса албай турду. Алоолоп күчөп бараткан өрттү жалт карады да, аны биринчи көргөндөй өкүрдү:

— Эй ит, кайда барасың?! Кыларын кылып коюп, эми безип кетесиңби?

— Уруп жатсаң, анан эмне кылайын! — деди аялы үңүлдөп. — Өлүп кетейинби!

— Атаңдын башы кыл! Алып чыкпайсыңбы! Күйүп, өрттөнүп жатат дейм, көзүң көзбү?.. Көзүңдү урайын, ит!..

— Өзүңчү?

— Өзүмбү?! Өзүм… — Ташмат дагы калчылдап туруп калды. Баягы таякты кайра илип алды да, аялынын артынан жөнөдү: — Эртең мени атып жиберсе да, сенден келгенин көрдүм. Токто дейм, баары бир жетем. Тирүү калам деп ойлобо, ит!

Аялы балдарынын артынан тызылдап качып баратты. Ташмат жетейин деп калганда, чаңырып жиберди:

—  Эл-журт, жардамга! Өлтүрмөк болду! — Тыныгып алды да, өрт эми эсине келгендей: — Эл-журт!.. Айланайындар! Өрттөнүп жатабыз, күйүп жатабыз! Жардамга! Кагылайындар!.. Ташмат тып токтоп калды. Эл деген сөз аны карыш жылдырбай, бир орунга катырып койду. Өзүнүн эмне үчүн чуркап келатканын унуткандай, эңги-деңги болуп туруп калды. Онтоп алды: «Энеңди урайын ит, баарына жаймай болду. Элдин баары билмей болду!..» Аялына өкүрдү: — Эл-журт деп коёт, ээ, эл-журт экөөңдү!.. Эл бизге карабайт, элге ишенбе! Кишини шерменде кыласың, кыйкырба дейм, кыйкырба!

Аялы эч нерсе уккан жок. Эмчегинин зыркыраганын да унутуп койду. Чачтарын саксайтып, өңгүрөп ыйлап кирди. Ый аралаш жалбырттап күйүп жаткан үйүн карап, өкүрө берди:

— Айланайындар, өрттөнүп жатабыз! Эл-журт! Кагылайындар, жардамга! Эл-журт!..

Ал баарын — эмчегинин зыркыраганын, балдарынын безилдеп качканын да, Ташматтын кубалап келатканын да, жада калса үйүнүн өрттөнүп жатканын да унутуп койгонсуду. Жерге отура калды да, топуракты кочуштап, жетпесе да өрткө ыргыта баштады. Эмне үчүн ыргытып жатканын билген жок. Топурак шамалга учуп жатты. Ал көз жашына аралашып, бети чамбыл-ала болуп чыкты. Өпкө-өпкөсүнө батпай «эл-журт, айланайын эл-журт!..» — деп солуктай берди.

Ташмат жүгүрүп келатып аялынын ачуу кыйкырыгынан улам токтоду. Анын кейпинен коркту, аялы ага теңдешсиз алптай көрүнүп кетти. Шарт артка бурулуп, үйүн көздөй чымын-куюн болуп жөнөдү. Үйгө кирип буюм-теримдерди алып чыгайын деп ойлодубу, тызылдаган бойдон эшиктин алдына чейин жакшы эле келди, бирок кирбестен токтоп калды. Кирүүгө дити барбады. Анан таяк менен эшикти жиндене тарсылдатып койгулап:

— Ушуну көрмөксүң, ушуну! Мен билгенмин, жүрөгүм сезип жүргөн! Күйө бер, өрттөнүп кет! Маа десе баары өрттөнүп кетсин!

Өрт күчөй берди. Алоолоп өрт күчөгөндөн күчөй берди. Колунан эч нерсе келбей калганын сездиби, Ташмат бери жакка жүгүрүп келди да, ташка отура кетти. Ага өбөктөп, өңгүрөп жиберди:

— Баары өрттөнүп жатат, күйүп жатат! Акыры ушинтмек беле! Баары, баары күйүп жатат дейм! — Ташты күчүнүн бардыгынча койгулап кирди.

Өңгүрөгөн калыбында ал эми өз башын өзү койгулоого өттү. Улам-улам башын мыкчый кармап, безгек болгондой калтырап-титиреп жатты. Эл чогулуп калды. Биринен сала бири келе берип, эл батпай кетти. Бүт айыл көчүп келгендей болду. Элдин кыжылдашканы алда-кайда угулуп жатты:

— Үйдө эч ким жок бекен? Карагылачы, балдар калбасын!

Эч ким чакырбаса деле эл биринен сала бири келе берди. Эл батпай кетти, ошентсе да алар келе беришти. Келгендердин баары: «Үйдө киши жок бекен, балдар калбаптырбы!» — деп жан алакетке түштү, Ташмат буларга көңүл бурбады. Ал күнөөнү эми аялынан элге оодарып, баягыдай эле өңгүрөй берди:

— Баары күйүп жатат: килем да, гарнитур да! Баары, баары! Менин ырыс-кешигим күйүп жатат, ушуну көрмөк белем, кокуй! Чоңунан кичинесине чейин ичкен ашымдан өйдө көрө албай жүрүп, акыры ушуну көрсөтүштү. Кылышмак эле, кылышты кокуй!

Чопчоң эле кишинин, болгондо да Ташматтын, буркурап-боздогону көзгө шумдук көрүнөт экен…

Эч ким чакырбаса деле эл келе берди. Биринен сала бири келе берди. Тойго да эл мынча көп жыйылчу эмес. Муну тыюуга Ташмат кудуретсиз болучу. Кайда, кыйладан кийин, ал башын көтөрүп, жабалактаган элди көрдү.

— Булар кимдер?! Эмнеге келишкен? Келдибек, Бердилер да жүрүшөбү? Алар эмнеге келишкен? Табаңар кангандыр, ии ошентип кана берсин! Кылмакчы элеңер, кылдыңар! Атаңарды мен өлтүргөнсүп!..

Ташмат өрт менен иши жоктой элди карап нес болуп туруп калды. Жабалактаган эл өрттү көрсөтпөй, Ташматка тоскоол болуп жаткандай сезилди. Мунжу болгондой ордунан козголо албады. Эл да Ташмат менен эсептешпеди. Бир кезде өз көзүнө өзү ишенбей кобурай кетти: «Ушулардын баары өрт өчүрүп жүрүшөбү? Жада калса Келдибек дагыбы, Берди дагыбы?» Аларды тигиле карап турду да: «Ошолор… — деди деми кыстыга. — Эмне кылып жатышат, өрт өчүрүшүүдөбү?» Кимдир бирөөгө жашыруун сыр айтып жаткансып, акырын шыбырады:

— Ооба…

Ал канчалык акырын айтпасын, баары бир үнү жаңыргандай, элдин баары угуп алгандай туюлду, Ташматка ошондой сезилди. Муну эч ким билбесе экен, сезбесе экен деп жанталашты, өзүнчө эле кымырылды. Өзүнөн өзү качып кеткиси келип, кайсалактап убаралана берди. Бардык күчү менен чымыркана үйүн карады. Өз баласынан артык көргөн, бүт айыл суктанган, азыр өрткө чулганган заңгыраган үйү негедир көзүнө ушунчалык суук, жек көрүнүп кетти. Өзүн өзү башкара албай калды да, дене бою калчылдап демиге: «Ооба… ооба» — деп улам-улам шыбырап жатты. Шыбыраган сайын өзүнө өзү жек көрүнө берди, сөз оозунан эмес, бүткүл денесинен чыгып жаткандай болду, ар бир мүчөсү сүйлөп жаткансып, муундары бошоп, калчылдайт. Эмнегедир өпкө-жүрөгү куушурула түштү да, өзөгү үзүлүп кете таштады, башы айланып, тамтаңдап келип, ташка күп этип олтуруп калды…

Бул айылда Ташматтай дуу болгон эч бир жан жок эле. Анын кесиби — болгону дүкөнчү, он жылдан бери береги жепирейген көк дүкөндү кармайт. Ташматтын башынан өткөрбөгөн эч нерсеси калбаган, мектепти бүткөндөн кийин эл айткандай маалим болду, колхоздо учетчик болуп иштеди. Иштен ишке өтүп, аягы сай таппай жүрүп дүкөндү өткөрүп алды. Ташмат дүкөнчү болуптур деген кабар айылга чагылгандай тез тарады, көбү ишенген жок, айрымдары: «Ал кешиги жок тиги кейпи менен дүкөнгө ээ боло алмак беле, эки-үч күндө эле чачып жиберип, алаканын жайып отуруп калат да…» — деп боору ооруп, аяшкан. Чын эле ал колунан эч нерсе келбеген, ымтыраган бир байкуш катары сезилчү. Эл алдында да батынып сүйлөй алчу эмес, кимден болбосун ыйбаа кылып турчу. Ушул сапаты элге өзгөчө жагаар эле, ымандуу бала дешип айылдаштары даңктап калышчу.

Ошентип, Ташмат жөнүндө эки-үч жума уу-дуу сөз токтогон жок. Дарексиз жоголуп кеткен адам кайрылып келгендей, жердештери ооздорунан түшүрүшпөй, дүң кыла беришти. А Ташмат алар менен эч бир иши жоктой, өзүнүн тамырын жаюуга киришти.

Ал өз ордун тааптыр, бактысы тоодой экен, мезгилдин өтүшү менен бедели өсүп, зоболосу көтөрүлө берди. Жепирейген көк дүкөндө кимдер гана иштебеген, бирок алардын бирөө да Ташматтай кадыр-баркка жетише албаган. Ар бири көк дүкөнгө окшогон жепирейген тамда жашап жүрүп өтүштү. Ташмат деле ошол жепирейген тамда жашоочу, азыр ал ээн турат. Бирок аты өчө элек, баягы калыбында эле «дүкөнчүнүн үйү» деп аталат. Ташмат андан көчүп кеткенине беш жылдын жүзү болду.

Жепирейген там азыр аңгырап бош турат. Мурунку кунарынан кеткен. Эч ким жашабаган соң, ичи ыпыр-сыпырга толтура. Аты гана сакталып калды. Жада калса кечээги төрөлгөн балдар да муну «дүкөнчүнүн үйү» дешет. Эмне үчүн минтип аталаарын алар жакшы деле билишпейт, атүгүл ушул жепирейген кунарсыз үйдө бир мезгилде дүкөнчү Ташмат жашаган десең, эч кимиси ишенбес эле. Алгачкы күндөрү Ташматтын ичи ачышып да жүрдү. Барган сайын кунардан кетип бараткан үйүнүн жанынан өткөндө, эмнегедир жүрөгү тыз деп алчу. «Менде эмне күнөө…» — деп ушул жепирейген тамга актанып, андан кечирим сурагысы да келип кетчү. Бара-бара бул адат андан таптакыр жоголду, атүгүл бир мезгилдеги ардактуу үйү экендигин, ушул үйдөн агарып-көгөргөнүн да эсинен чыгарып койгонсуду. Анткени буга ыпыр-сыпырларды Ташматтан көп эч ким ыргытпай калды, кийин муну даараткана кылуудан да айбыкпады…

Өзүнөн Ташматты агартып-көгөртүп, анын балдары да төрөлүп чоңойгон жепирейген үй же кулап кетпей, же мурдагы калыбына келбей, улам барган сайын кунардан кетип, кайрымсыз баласына таарынган атадай болуп муңайып турганы турган! Ташмат муну элес алып да койбойт. А катын-калачтар өздөрүнчө шыпшынып калышчу:

— Бу каапыр көптү — карачы салган үйүн. Тим эле министирдикиндей заңгырайт, тигил чоң калаада да мындай үйлөр аз дешет. Тиги эски үйүнүн кейпин карачы, ботом, Ташмат киши өңдүү болсо, ошого назар буруп койбойбу!

— Антпегенде кантсин байкуш, колдон келсе ушинтип ток болгонго не жетсин. Чиедей алты баласы болсо, тиги жепирейген тамга ким батмак эле?

— Жок, балдары эмес, буюмдары батпай калды де!

Ар кимиси өзүнчө соттоду. Ташмат аларга кабак-кашым деген да жок, өзүнүн жедеп канына сиңип калган сөзүн ал кыжырдана кайталай берчү: «Маа десең асманыңды таштап жибер!» Бул сөздү ал нечен жолу айткан, жумурай журттун алдында да, өзүнчө да канча жолу айтпады дейсиң! Айткан сайын алалбай жүргөн өчүн алгансып, моокуму кана маашырланып калчу. Баса, ал дагы моминтип көп кайталаар эле: «Кыйын болсоңор мендей болуп алгыла!» Ооба, Ташматтай болуу көрүнгөндүн колунан эле келе берет бекен!..

Ташмат ушинтип ойлочу жана буга биротоло ишенип алган. Ал башын көтөрдү, өзүнөн өзү көтөрүлүп кетти. Жабалактаган эл дале жүрөт. Чуру-чуу: «Балдар калбаптырбы?! Балдар!..» Ташмат селт этип алды. «Балдар!..» — деди шыбырап. Анан балдарынын баары эчак качып кеткенин эстеди да, санаасы тына түштү. Чуру-чуу кайрадан жаңырды: «Балдар жок бекен?!» Ташмат бүк түштү.

Жепирейген көк дүкөнгө Ташмат дүкөнчү болор замат эле аты дүңк этип чыккан жок. Мурунку дүкөнчүлөр сыяктуу эле эмне болсо ошону сатып, соода ишин жүргүзүп турду. Ошол маалда деле ушуга чейин өзү менен шериктеш болуп келген, бүткүл пенденин башындагы ойду ойлочу. «Кандайча жашоо керек? Катын-баланы кантип багуу керек? Өмүрүм ушинтип эле маарап өтүп кетеби? Качан жетишип, ток пейил жашайм?!» Ал ушинтип ойлочу. Бара-бара Ташматты бул ой жүдөтүп, аны эмнегедир өзүнүн душманындай кабыл ала баштады. Акыл-эс кирип, ак-караны ылгап калгандан бери жатса-турса да өзү менен бирге болуп, жан курбусуна айланган ою азыр Ташмат үчүн чоочун болуп калды. Эмне үчүн минткенин ал түшүнбөдү. Бир гана дал ушундай өзүн жүдөткөн ойдон арылуу үчүн, кара жанын карч уруп, амал издей баштады.

Ташмат аны тапты.

Ал селт этип алды. Эл жабалактайт, дагы көбөйө түшкөндөй. Аңырайып карап калды — айылда эл мынчалык көп экенин билген эмес экен… Жалт бурулуп кетти. Дүкөндө нелер гана жок эле: кымбат баалуу түркүн буюмдар, костюм-шымдар, күрмөлөр, бут кийимдер, идиш-аяктар… Бирок эл буларга кызыгышпайт, чындыгында эле элет жеринде алардын анча деле зарылчылыгы жок эмеспи. Ташмат муну толук түшүндү, элдин эмнеге кардар экенин да өздөштүрүп бүттү. Көк дүкөндө бир күнү эл суусап жүргөн инди чай, абышка-кемпирлердин көлөштөрү, кээде тартыш болуп калчу ун, кант-шекер, айтор ушул сыяктуулар жомоктогудай эле жайнап калды. Ошондо элдин сүйүнгөнүн айтпа, эртең эле түгөнүп калчудай үйүп-үйүп алып жатты…

Буюмда тил жок эмеспи, алар сүйлөөгө дараметсиз эмеспи, муну Ташмат жакшы билчү. Ошентсе да алгачкы күндөрү шордуу Ташмат буюмдардан да коркуп жүрдү. Аларга тил бүтүп, Ташмат кооптонгон сырды ачып салчудай боло берчү. Өзүн ошол жансыз буюмдардын алдында күнөөлүү сезип, аларды алдоого жанталашар эле. Анан бул жинди кишинин жоругу экенин баамдап: «Атаңдын оозун урайын десе… Деги мен эмне болуп баратам. Ушулардан коркуп!..» — деп өзүн-өзү сөгүп ийчү. Канчалык өзүн-өзү жооткотпосун, баары бир кайра эле элеңдеп корко берчү. Өзүнүн алсыздыгын соода кылып жатканда даана байкаар эле: эмнегедир буюмдарды улам-улам карап, аларга жалынып-жалбарып жаткандай болчу. Кардар болсо Ташматтын ымтыраган кыймылына кыжырданып: «Ушу кейпи менен дүкөнчүлүктүн мээнетин алабы?!» — деп ичинен сөгүп алчу. Ымтыроонун себеби башкада экенин ал кайдан билсин! А Ташмат тиги киши кеткенден кийин, аны ал алган буюмдарды жана ыгы жок коомайсынган өзүн ашатып-ашатып алар эле. Ооба, өзү каалабаса деле жүрөгүндөгү кандайдыр бир бүдүр жансыз буюмдар менен кагылыша кетчү, бул эмне экенин Ташмат билчү эмес. Болгону андан коркуп, бул үчүн аны да, өзүн да ашатып жүрбөйбү! Эл да биринчи күндөрү энөө адамдардай Ташматтын эркине көнө беришти. Бирок көп деген көп да, бирөө болбосо бирөө байкабай койбойт эмеспи. Бир күнү жоон топ эл чай үчүн кезекте турган эле, алардын бири Ташматтын айыбын жарданып тургандардын алдында ачып салды. Анын ашык баада сатып жатканын элдин баары эле билген, бирок батынып эч кимиси ооз ачкан эмес. Жаны күйгөн тиги жүрөктүүлүк кылып:

— Сенин чайың эмне үчүн күндөн күнгө кымбаттап баратат, Ташыке,— деди жалтактап.

— Кандайча, өзүнүн эле наркы ушундай эмеспи?

— Өзүңдөн башка кишини келесоо деп ойлойсуңбу, ар нерсенин баасы жазылуу болот. Мына муну көрдүңбү? — Ал чайды Ташматтын маңдайына алып келип, баасын сөөмөйү менен көрсөттү. Эл чуулдай түштү. Ташмат сурдана түштү да, сыр билдирбей:

— Эгер кымбат десеңер, албай эле койгула. Дүкөндү жабам! —деп өкүм сүйлөдү.

Эл, кайдагы балээни баштадың эле дегендей, Ташмат менен кайым айтышкан адамды жаман көз менен акырая карашты. Ал мостоюп туруп калды. Ташмат сатпайм деп кыйлага чейин көгөрүп туруп алды да, акыры элдин жалынып-жалбарганына араң жибиди:

— Боор ооруса боорго тебесиңер! Мен муну борборго барып, складдан урушуп-талашып жатып, араң өндүрүп келсем. Силер деп өзүмдүн чоңдорум менен жаман-жакшы көрүшүп…

Эл Ташматты толук сүйлөтпөй, чуулдап жиберди:

— Ооба, ооба, айланайын, сага да эп! Борборго жетебиз деп канча сандалмакпыз!

— Жеткенде эле ме деп колуңа кармата коёт бекен!

— Ал жагы да бар дечи айланайын, деги саа ыракмат! Сен келгени…

Ташмат маалкатып жатып, соодасын улантты. Кагыша кеткен адам өзүнөн өзү эле элден четтеп калды. Бул күнү негедир Ташмат көпкө чейин чыдай алган жок: өзүнчө эле туталанып, кардарлары менен кагыша кетип жатты. Акыры таламандын тал түшүндө дүкөндү жаап таштады. Жалынып-жалбарып артынан ээрчигендерге: «Көрбөй турасыңарбы, өлгөнү жатам! Чекемден тер чыпылдап… Жеп жиберишет ко!» — деп атырылды. Чын эле, чекесинен тер чыпылдап турган. Аны көргөндөр Ташматты сөзсүз бейтап деп ойломок. Анын эмнеси ооруп жатты эле?! Балким, бул дүкөнчүлүк өмүрүндө биринчи жолу жансыз буюмдар менен эмес, жандуулар менен, болгондо да пендечиликтеги жападан жалгыз акыл-эске эгедер адамдар менен кагылышуунун оорусу болуп жүрбөсүн?! Мына ушул ой Ташматты кыйлага чейин мыжый берди. «Ит болуп кала таштадым,— деди,— ал дүкөндөн узагандан кийин. Эмнегедир бети чымырап, өзүнүн алдында анча-мынча уяла түштү. — Эч нерсе эмес, катыра жооп бердим го…» — деди кайрадан өзүн актап. Анан бүгүнкү кагылышууну көз алдынан дагы бир жолу чубуртуп өттү да, боргулданып тердеп кетти. Ачуусунун киресин кимден чыгарарын билбей туталанды. «Мен силерге көрсөтөм. Чалчактап кетишкен тура… Шашпагыла!..» Ал ушинтип күбүрөдү да, муштумун түйө кекенип алды. Эл менен кагылышуудан алган сабагы, келген бүтүмү ушул болду. Бирок ушу биринчи жолу айыбы билингенде, Ташматтын бир аз бети чымырап, өзүнүн алдында өзү уялып калбады беле!

Бул бат эле унутулуп калды, дайыма кекенип, кычуусу канбай жүрдү: «Мен силерге көрсөтөм!.. Шашпагыла!» Чындыгында эле көрсөттү — ашык баа менен сатуу көндүм ишке айланды, буга элди да көндүрүп бүттү. Эл эми суратпай эле ашыкча берүүгө машыгып калды. Ташмат улам жаңы тепкичке кө- төрүлө берди. Негедир ал өкүнүү дёгенди да унутту, өкүнмөк түгүл анын чет-бучкагын да сезбеди жана сезүүгө кудуретсиз эле…

Эми ал тоодогу малчыларга жортуулга өттү. Алар- га керектүү буюмдар да майда-бечек эле нерселе»р — ун, кант… Бир гана айырмасы — баасы айылдагыдан жогору. Ошентип, жепирейген көк дүкөн көп ачылбас болду. Эл Ташматты сагынып күтөөр эле. «Эмне үчүн дүкөн убагында ачылбайт?» — десе, ал токтоосуз бурк этет: «Мени ойноп жүрдү дейсиңерби, тоого бардым, алар деле силердей эле киши». Бүттү, элдин оозу жап болот да калат. Бирок бир ооруга чалдыкканын ал өзү да кийинчерээк туюп калчу болду. Элдин басып-турганы, жадырап күлгөнү, шатыра-шатман соода кылганы ага жакчу эмес. Өзүнчө эле кыжынып, аларды жеп жибергиси келчү. Мурун улуу-кичүүдөн айбыгып, аларга ызаат көрсөткөн Ташмат азыр жок. Бир орунга тура албай, кабагына кар жаап, туталанганы туталанган. Кээде көзүнө карабай дүкөндү өрттөп жибергиси келсе, кээде буюмдарды талаага чачып жиберсем деп эңсейт. «Кандай бактылуу адам, кудай берсе ушул экен да!» — деп Ташматка суктангандар канча дейсиң! Бирок алар Ташматтын жүрөгүндө өтүп жаткан кандуу майданды билишмек беле?! Ал үчүн келечек жок сыяктуу, көз алдына ар дайым дүкөн жана андагы буюмдар гана тартылат. Кандай гана кунарсыз күндөр аа! Умтулуу, алга умтулуу, эртеңки күндүн жан жыргаткан ыракатына балкуу — мына ушунун баары Ташматтын бир кездеги медери эле го, азыр алар кайда, эмнеге айланып кеткен?! Кайда алар. Кайда Ташматты жашоого түрткөн, кумарлыгын аттырган ыйык кудуреттер! Кайда алар, алар кайда? Кээде туруп-туруп эле мындан да коогалуу не бир шумдук ойго кабылат, капысынан кабылат: ага ал дүйнөгө дал ушул кейпинде келгендей — бала болуп туулуп, балалыкты көрбөй эле, дал ушул даяр Ташмат бойдон көз жаргандай сезиле берет. Эки көзүн бекем жуумп алып өзүнүн кичинекей чагын элестеткиси, жок дегенде бир эле ирмемге элестеткиси келет. Жок, эчтеке жок, каңгырап бош. Кичинекей чагыда, эртеңкиси да бүдөмүк. Бүгүнкү Ташмат гана бар: эки көзүн бекем жуумп алып, жандалбас кылып жаткан Ташмат гана бар. Баарын дал ушу бүгүнкү Ташмат жутуп алган сыяктуу, баарын… Кайда алар, алар кайда?! Ичинен кан өтүп, жүрөгү сыздайт: «Эмне үчүн, эмне үчүн?..» Шыбырай берет. Жооп жок. Аргасы түгөнгөндө, кайдыгер гана кол шилтеп коёт. Анан керели кечке мээсин эзип, жүрөгүн мыжыган, канчалык жан алакетке түшсө да башы ачылбаган суроолорунун киресин аялынан чыгарат. Үйгө ар дайым көңүлсүз кайтат. Бечара аялы буту жерге тийбей, тызылдап турат. Ташмат бир кыйкым таппай койбойт, колунда эмне болсо, аны менен бир салат. Аялын сабап, көксөсү сууган соң, шалдайып отуруп калат. Дал ушул маалда анын шор дуу кейпин көрүп, ким болбосун боору ооруп аямак. Ташмат да өзүн үй-бүлөсүнүн алдында күнөөлүү сезип калчу. «Мен жиндене баштаганда эле качып кет… Эмне кылып жатканымды өзүм да билбей калчу болдум!» — деп ал далай жолу аялына какшаган. Чындыгында эле ал эмне кылып жатканын өзү да сезчү эмес эле го! Аялы безилдеп ыйлап кирчү: «Кантип качып кетем?! Балдар эмне болот? Мен качып кетсем, аларды өлтүрүп салганы турбайсыңбы!»

Жаңы үйгө көчүп келгенден бери, Ташматтын кылыгы ого бетер күчөдү. Мурда үй курам деп анын ыкы-чыкысы менен алек болучу. Ошондуктан урунуп-берингени, ит-пери кыялы анча билинчү эмес. Эми эч нерсе кылбай, бопбош отурду да калды. Үйгө келгенден кийин, эмне кыларын билбей, кайсалактай берет. Жатайын дейт, уйкусу келбейт. Айтор, ал өзүнө өзү ээ боло албай калды. Балдары да өз атасынан жалтаңдап качып турушат, атүгүл көпчүлүк учурда «атам бүгүн кеч келсе экен, же келбей эле койсо» — деп эңсешкенин айтпайсыңбы! Ташматтын бир жылмайып күлгөнү алар үчүн биресе майрам, биресе той эмес беле! Бир гана күлгөнү… бир гана жылмайганы… Анткени ар дайым түнөрүп, каар чачып жүргөн Ташмат балдарынын жүрөгүнүн сары суусун алып бүткөн эле.

Ташматтыкындай там айылда жок болучу. Сыртынан караганда жалтырап кимди болбосун суктандырган ушул тамдын ичинде кышты-кыштай, жайды-жайлай бир гана кыш өкүм сүрүп турчу. Мунун ичиндеги кымбат баалуу асыл буюмдар, жалтыраган килемдер, ар түрдүү эмеректер ошол кышты өзүнө сиңире алчу эмес. Ошол өз өкүмүн жүргүзгөн, мезгилди ылгабаган каардуу кыш буюмдардын кымбаттыгын, жалтырактыгын билдирбей, көөлөп салчу. Ошондуктанбы, аялы да, балдары да, атүгүл Ташматтын өзү да кээде баягы жер тамды эңсешчү, «ошол эле жакшы экен!» — деп каңырыгы түтөп кетчү. Бул купуя сырды эч кимиси сыртка чыгара алган жок, ар кимиси өзүнчө эңсеп, сыздап-сыздап гана алар эле.

Сыртынан караганда жалтырап, кимди болбосун суктандырган ушул тамдын ичинде кышты-кыштай, жайлы-жайлай бир гана мезгилди ылгабаган кыш өзүнүн өкүмүн жүргүзчү болду…

Ташматтын аялы үчүн күндүн өтмөгү тозок, ал ар бир ирмемди колу менен кармап, анан өткөрүп тургансыйт. Ал мезгилдин өтүп баратканын сезмек турсун, көрүп турат. Күн бат эле өтсө экен, эртең Ташмат өзгөрүп кетеби деп эңсейт, үмүттөнөт. Анын жашоодогу эң негизги ою — мына ушул. Анан өткөн күндөрүн эске түшүрүп, бир туруп тобо кылса, бир туруп титиреп алат. Өзгөчө эски там эске түшкөндө, ичинен өзүнчө бүлкүлдөп ыйлайт. Ошол там менен бирге бактысын тарттырып жибергендей болот. Кээде өз башын өзү койгулоого өтөт. Акча оюна түшкөндө, денеси жыйрыла түшөт. Алгачкы күндөрдөгү тутамдаган акчалар!.. Ташмат аны берип жатканда, ал ушул акчадан да жийиркенип турчу эле. Ошондо «мунун баарын кайдан алып жатасың, уят эмеспи!» — деп айтууга жарачу эмес беле! Ташмат: «Катып кой, асмандан түштү дейсиңби, эптеп таптык да!» — деп күлүп койчу. Ташмат кеткен соң, акчаны катып жатып: «Деги эч ким билбесе болду, айыбыбыз ачылса, шорубуз катты го» — деп санаасы санга бөлүнөр эле. Эл арасына чыгып, ары-бери басканда, анын кылыгын баары билип койгондой өзүнчө эле кысына берчү. Бара-бара мунун баары калды. Ташмат берген акчаны катуу анын күндөлүк адатына гана айланды. Кээде бул акчалар мурункудан көппү же азбы деп, эч кимге көрсөтпөй, өзүнчө саначу эмес беле! Мурда айыл аралап басуудан корунса, бара-бара аны жек көрө карашкан элди сезүүдөн да калды! Кийинчерээк Ташматтын запкысынан улам, ал аргасыздан ойго чөмүлчү болду. «Эмне үчүн?» — деп өзүнө-өзү суроо да коёт. Күнөөлүүдөй томсорушкан балдарын көрүп, жүрөгү сыздап, муңга батат. Мурда от алышып-беришкен, ымаласы жакын, сырдана абысын-ажындары менен бир канча жылдан бери сыр чечишип сүйлөшпөй калганын да эстеп, өксөп алат. Ташматтын жели чыгып, отуруп калганда, жүрөктүүлүк кылып:

— Ташмат, айыл-ападан чыгып баратабыз. Элдин жүзүн карай албай калдым. Же мунуңду ташта, же дүкөндү өткөрүп берчи, бай болгур!

— Урдум! Эл оозуна келгенин оттой бербейби. Дүкөн болбосо көрөр элем силерди… Агартып-көгөртүп жатса…

— Ушинтип агарып-көгөргөнүбүз жерге кирсин!

Ташмат бул сөздү укканда, ордунан ыргып турат. Мурункудай туталанып, аялына жулуна баштайт:

— Эмне деп былжырап жатасың ыя, каалабайсыңбы — кете бер! Мен эмне, өзүм үчүн куурап жүрөмбү, силер деп…

Аялы жыла басып качып жөнөйт. Кайрадан чуу салып, балдарын беймаза кылбайын дейт. Анан уктай албай, бирде шыпты тиктеп ойлуу жаткан, бирде ооналактаган Ташматты аяп кетет. «Эмне кылсын байкуш,— дейт шыбырап. — Эл да кызык…» Ташмат сыяктуу ал дагы кыйлага уктай албай чабалактай берет. Кызык, Ташматтын ачуу таягынан кийин, буктан айрылып, көксөсү сууп, жеңилдей түшкөн күндөрү көп болду. Денеси тилебесе да, көөдөнү кээде кадимкидей таякты тилеп турчу. Өзгөчө ушинтип уктай албай чабалактап жатканда, Ташмат айда бир тепкилесе, мен өзөлөнө бир боздосом деп, ак эткенден так этчү…

Элдин чуру-чуусу Ташматты кайрадан селт эттирди. Дале баягы чуу: «Балдар жок бекен?!» Ташмат жүзүн канчалык ала качпасын, баары бир жарданып карап турган балдардан жашырына албады. Айылдагы балдардын баары көчүп кедишиптир. Алар өздөрүнүн ойноок кыялынан биротоло ажырап калышкансып, өрттү элейе карап турушат. Аңгыча «жапжаңы бешик экен, эч жери күйбөптүр!» — деген кубанычтуу үн Ташматтын кулагына шак дей түнчтү. Обдулуп барып токтоду. Үчүнчү баласы төрөлгөндө, кымбаттыгына карабай сатып алган бешик. Анда эски үйдө турушчу. Ал баласы буга эки-үч жолу гана бөлөндү окшойт. Көп өтпөй жаңы үйгө көчүп келишкен. Ташматтын көзүнө бул бешик өзгөчө көрүнүп туруп алды, эч кимге ыроологусу келген жок. Тамдын үстүнө чыгарып, үстүнө эки чоң мүшөктү жаап койду. Аялы тытышып жүрөйүнбү дедиби — үндөгөн жок. «Эски болобу, жаңы болобу, иши кылып ыңгайлуу бешик болсо болду да» — деп өзүн жооткотуп, балдарын эски бешикке эле бөлөчү. Ташмат муну унутуп калыптыр. Азыр бешикти көрүп, араң эстеди. Өзү да бешикке жатып чоңойгонун эстеп, негедир титиреп кетти. Анан оюна дагы бир нерсе аргасыздан кылт этти — бешик бала бөлөө үчүн гана керектелүүчү эмерек экен да!.. Баса, бул — баласынан кийинкилеринин бешик тою да өткөрүлбөдү. Ташматтын чолосу тийген жок. Экөө ал тоодо жүргөндө төрөлдү. «Айыл-апаны чакырып, бешикке салып коёлу» — деп аялы ыйлактаса, Ташмат: «Көрүп турбайсыңбы, өлүп кетейинби?! Керели-кечке жумуш, тоого да барыш керек… Той кылбай эле салып койсо эмне, кудай алмак беле?!» — деп өкүрүп-бакырып кирчү. Анан өзүнчө күбүрөп коёр эле: «Жөн эле чыгым болуп…»

Балдардын көздөрү жалжылдап күйүп жаткандай сезилип кетти. Ташмат коргончудай кейиптенип, бетин калкалады…

Ташмат да, анын аялы да тартпаган, атүгүл тартууга кудуретсиз болгон азапты балдары башынан кечирди. Алар корунуп жүрүп бүтүштү. Балдар менен кеңири ойной алышпайт. Кичине чокуша кетишсе эле: «Сенин атаң ач көз, жегич!» — деп кыйкырып киришет. Ушул сөз алардын сөөгүнөн өтүп, чучуктарына жетти го, нечен жолу буркурап ыйлап да келишти. Анда Ташмат балдарын каарып кирчү:

— Ии атаңдын оозун урайын жамандар, ушуга да киши ыйлайт бекен?! Айта беришпейби боорун жеген чечектер. Кыйын болсо сенин атаң жегич болуп алсын дебейсиңерби! Кана, кимдер айтты, мен аларды эртең эле какшатам!

Чын эле эртеси какшатып койчу, какшатканы ушул — сурап келгенин аларга берчү эмес.

Бала деген бала да. Ташматты олуя тутуп жүрүшпөйбү, анын айткандарынын баары аткарылып, ар нерсе өз ордуна келе калчудай сезип жүрүшпөйбү! Бирок алар эртеси эле Ташмат какшаткан балдардан: «Сенин атаң жегич, ач көз!» — деген сөздөрдү угушчу. Кийинчерээк Ташмат: «Минтип жүрсөңөр киши болуп жыргатпайсыңар!» — деп балдарын тепкилечү да болду. Ошондуктан алар арызданып келгенин коюшту, өздөрүнчө гана бүлкүлдөп ыйлап алышчу. Ташмат алар үчүн табышмак эле. Эмнеге мындай экенин билишчү эмес, а Ташмат бул жөнүндө ойлоп да койгон жок! Ал өзүнүн жүрөгүнүн түрсүлдөп сокконун гана даана байкачу болду. Ошол түрсүлдөк бир туруп тыйындын шаңгыр эткенине, бир туруп акчанын калдыраганына окшошуп, улам барган сайын күчөп, бүткүл денеси жүрөккө айланып, Ташмат жиниккен адамдын абалына жете түшчү…

Ташматтын кылыгы билинип, айыбы ачылмак болду. Жамандык жерге жатмак беле, Ташмат жөнүндө жазылган арыз райондун борборуна барып түштү. Бул тууралуу бир ымалалаш кишиси кулак какты кылып койду:

— Байка, шоруң катпасын! Элди колуңа ал!

Бул кабар Ташматтын үрөйүн учурду, «Элди колуңа ал дегени эмнеси? — деди ал таңдана. — Эл чаап алмак беле! Кыйкырып-кыйкырып кала беришет да. Андан көрө текшерүүчү көзөлдү колго алыш керек. Акча болсо болду да… Ага акча коротуп башым шишиптирби! — деди кыйладан соң өзүнө кырдана. — Элди эптеп алдап койбоймунбу! Өздөрүнүн алып келгени өздөрүнө жетет да!» Жолду карата ушинтип ойлонуп келди да, шаабайы сууп, көңүлү чөгүңкү, үн-сөзсүз төшөккө кулады. Эртеси эртең менен чай ичип отурганда, кеп баштады:

— Той берелик, тамга киргенде да эч нерсе кылбадык. Бешикке салбай калдык деп да ыйлактап жүрөсүң. Алпурушуп жүрүп… Элден чыгып калчудайбыз.

Аялы да, балдары да аны таңдана карап калышты.

Эл-журт деген сөздү укканда, аялынын негедир тула-бою дүркүрөй түштү. Бул кубангандыктанбы, же корккондуктанбы — ал ажырата албады. Дел болуп кыйлага турду.

— Эмне аңыраясыңар?! Камына бергиле!

Ташмат ордунан турду да, бирөө кармап кала тургансып, эшикке чыгып кетти. Үйүнөн кыйла узагандан кийин, башына өзү каалабаган бир ой капысынан келе калды: «Эмне үчүн балдарымдан, аялымдан сырымды жашырып жатам?!» Ал аргасыздан токтоп калды. Өзүнө өзү ээ бербей, шилтенбей калган кадамын кере-кере таштоого жандалбас кылды. Бирок көзгө көрүнбөгөн жүрөктөгү кандайдыр бир кудуреттүү күч аны ордунан козголтпой байлап таштады. Эңги-деңги болуп турду да, колун шилтеп, сапарын улады. Негедир жүрөгү сыздап баратты…

Той да болуп өттү. Айылдын жарымына жакыны тойго келүүнү каалашкан жок. Бирок Ташматтын аялы ой-боюна койбой жатып, баарын тегиз чакырып келди. Эл Ташматты кечирди. Ошентип, көпчүлүгү Ташматтын жаңы үйүнүн босогосун биринчи атташты. Ошондо Ташмат элдин алдында мындай деди:

— Көпчүлүгүңөр үйүмдүн эшик-төрүн биринчи көрүп жатасыңар, бул үчүн силерди күнөөлөбөйм, баарына өзүм… Эми мындан ары мындай тойлор көп болоор… — Ал сөзүн бүтүрө алган жок. Үнү каргылданып, жашый баштады. «Мага эмне болгон?» — деди ал таңдана. Эмне үчүн минтип жашып кеткенин өзү да билбеди. Өзүнө өзү ээ боло албай турду. Канчалык чымырканса деле, үнү каргылдана берди. Эл жаалап жиберди:

— Ыракмат, айланайын! Алтын башың аман болсо, мындай тойлор көп болбой анан… Ылайым эле үйүң ак жолтой болсун!

Баары ак бата беришти. Ташматтын бүгүнкү абалына баары биресе таңданса, биресе кубанышты. Чындыгында баары бирдей төбөсү көккө жеткендей сүйүнүшкөн эле! Айрымдары түн жарымына чейин укташкан жок, Ташмат жөнүндө кеп кылып отурушту…

Ошол күнү аялы Ташматты сыга кучактап алып, буркурап ыйлаган. «Жинди го атаңдын оозун урайын!— деген Ташмат кайдыгер. — Той бергенге да киши ыйлайбы?!» Аялы болбой эле бүлкүлдөп ыйлай берген. Биресе той берүүнүн себеби, биресе аялынын эч нерсе түшүнбөй кубангандан минтип ыйлаганы Ташматтын жүрөгүн мыжып, сай-сөөгүн сыздаткан. Адатынча чабалактап, көпкө чейин уктай алган эмес.

Беш-алты күн өтпөй текшерүүчү да келип кетти. Эч ким айгак болбоду, атүгүл көбү жерге-сууга тийгизбей макташты. Арыз жалган деп табылды.

Ушу күнү да аялы өпкө-өпкөсүнө батпай солуктаган. Ташмат сүйүнүп келсе, аялы ыйлап отурат. «Билдим! Баарын билдим!..»— деп чаңырган ал Ташматты көрөрү менен. «Эмнени?!— деген Ташмат өкүрүп-бакырып. — Эмнени билдиң?! Аман-эсен кутулуп, киши кубанып келсе!.. Атасы өлгөнсүп…» Аялы кеп-сөзгө келбей: «Билдим! Баарын!..» — деп өңгүрөй берген. Акыры Ташматтан таяк жеген соң, көксөсү сууп отуруп калган. Кийин ал бул жөнүндө лам деп ооз ача албады…

Ташматтын жүрөгү ого бетер мыжылды. «Билдим!» Кулак тундурган ушул ачуу үн жаңырып туруп алды. Аялынын эмнени — тойду кай себептен өткөргөнүн түшүнгөнүн — ал азыр билип, тегеренип кетти…

Күндөр өтө берди. Жарым жыл өтпөй Ташмат менен Келдибектин ортосундагы чоң кагылышка жумурай журт күбө болуп, жерге түкүрүштү. Бир күнү Ташмат Келдибек чалдын улагын сурап келиптир. Кемпиринин тарткынчыктаганына карабай, улагын кармата салды. Апта өтпөй кайтарып берем деп сүйүнүп Ташмат кетти. Апта өттү, эки апта өттү, Ташматтан дайын жок. Келдибек өзү барды. «Эки күндөн калтырсам, киши болбой калайын!» — деп карганып Ташмат кайра узатып жиберди. Эки күн созулуп, эки айга жетти. Келдибек эми өзү баргандан уялып, уулун жиберди.

: Кайсы улак? — деди Ташмат кекете.

— Мындан эки ай мурун албадыңыз беле?

— Ошол улакты алигиче унута элексиңерби? — деди Ташмат ого бетер зекип. — Атаңа айтып кой: керек болсо ал маа карыз. Менден бир мүшөк ун алган.

— Ага акча төлөбөдүк беле? — деди бала жаны күйүп.

— Төлөдүңөр беле?!— деди Ташмат мыскылдай. Кыйкырып-өкүрүп кирди: — Силер аны өз наркы менен алгансыңар, мен эч нерсе кошкон эмесмин! Өздөрү билеби десем, улам-улам келе берип, ушулардыкы өттү. Атаңа дал ушинтип айтып бар, Ташмат урушту де, өзүн сыйлабаса да, сакалын сыйлабайбы деп айтты де!..

Бала ызаланып ыйлап келген. Баарын төкпөй-чачпай айтып берген. Келдибек бозоруп отуруп калды. Байбичеси чалына жулунду: «Кана эми, колкосун сууруп алчы, көрөйүн! Ташмат, Ташмат деп… Чылпагыңды аарчыйм деп көзүңдү чукуп…» Келдибек каяша кыла албады. Шалдайып үнсүз отурду. Ичинен гана күбүрөп жатты: «Атаңа наалат, наалат атаңа! Атанын баласы болбой кал!..»

Бул окуя айылга эртеси эле тарап кетти…

Ошол Келдибек чал байбичеси менен өрт өчүрүп жүрөт. Бети-башы карала-торала, сакалы билинбейт…

Кайран буюмдар, батпаган буюмдар, былгыган-былгыткан кайран буюмдар!..

Ташмат кара терге түшүп, чыйрыга баштады. Чекесинен мончоктогон терди аарчыды да, элди карады. Бердини көрүп, чыдай албай тескери бурулду. Көзүн жумду, эстебөөгө жандалбас кылып, бекем жумду. Бердинин үнү жаңырды. Башын чайкап ого бетер жумду. Ыйламсыраган үн кайрадан жаңырды: «Балам чыдабай жатат, машинең менен доктурга жеткирип койчу, айланайын!» «Жеткире албайм! — Өкүм чыккан өзүнүн үнү жаңырды. — Районго жөнөгөнү жатам, табар алышым керек!» Жалбарган үн: «Табарыңды эртең деле аларсың. Балам чыдабай жатат». «Эртеңби?!— деди өзүнүн ачуу үнү. — Ташмат эртең келет эле, доктурга бала жеткирип жүрдү эле деп ким сактап турат экен? Талап кетишет!.. Ошо менен эптеп катын-баланы багып жүрсө!.. Асылбаштын эшеги менен деле алып баргыла, ушул турган жерге чыдаар балаңар…» Ташмат бери бурулуп караса, Берди жок экен, анын калчылдаган карааны алыс узап кетиптир. Бүлкүлдөп ыйлап бараткандай…

Ташмат районго барган жок, бармак да эмес. Машинесин мизилдете жууду да, гаражга киргизип койду.

…Көл-шал болуп терге чөмүлдү. Балдардын запкысынан улам жүнү уйпаланган шордуу мышык кебетеленип, денесин жыйыра башын жашырууга жанталашты. Баарын унутууну самап, эки көзүн ого бетер жумду да, шүмүрөйүп отуруп калды. Аңгыча аны бирөө түрткүлөдү.

— Ата, ата!

— Ыя?!

Ташмат Берди чалбы деп ойлоп, ордунан ыргып туруп, качууга аракеттенди. Ыйламсыраган үн:

— Ата, ата дейм! Бул — менмин!

Ташмат өзүнүн баласы экенин эми билди. Анан элеңдеп:

— Ыя?! Эмне дейсиң?!

Уулу кубанычтуу:

— Өрт өчтү, ата!

— Эмне?!— Титиреп кетти. — Кайсы өрт?!

Уулу коркуп кетти, калтаарыган үн менен:

— Өртчү, ата, өрт! Эл суу куюп жатып араң өчүрүштү. Бастырма, үйдүн чатырлары күйүптүр. Калганы соо экен.

Ташмат уйкудан ойгонгондой, кайдыгер гана «аа…» деп койду. Кайрадан отуруп калды.

— Билесиңби, ата, эл кыйын экен. Оңой эле өчүрүп коюшту. Жыгач укмуштай бат күйөт экен, ээ ата?

— Ооба.

— Темир да күйөбү, ата?

— Ооба.

— Ооба сага, темир күйбөйт тура, карачы, эч нерсе болгон жок.

— Ооба, күйбөйт.

— Кызык, чатыр күйүп, Асылдын бешиги эчтеке болбоптур. — Бала кудуңдады.

— Аа… — Жүрөгү ого бетер мыкчылды.

— Бешик күйбөйбү, ата?

— Аа… —Жооп кайтара албады.

— Эл кетип жатат, мындан ары өрт болбойт ээ, ата? — Уулу өзүнчө эле божурап кубанып жатты.

Ташмат отурган калыбында күбүрөнө берди.

— Ата! — деди уулу корккондой. — Ыйлап атасыңбы?!

— Ыя?! Ыйлап?! — Ташмат не дээрин билбей калды да: — Эмнеге?.. Жок…

— Ооба сага, көзүңдөн жаш агып жатпайбы!

— Аа… — Жеңи менен жашын аарчып койду.

Уулу тызылдап чуркап кетти.

Ташмат бардык күчү менен күбүрөп алды:

— Эл!..

Негедир жүрөгү жарылып кете таштады. Лакылдап тез сого баштады. Эл болсо Ташматтын үйүнүн күйгөнүнө эмес, ошол күйгөн үйдүн өртүн өчүрүп, аман-эсен сактап калганына кубанып тарап баратышты.

Бир мезгилде койнунда жаткан аялынан, өз канынан жаралган балдарынан кымбат көргөн заңгыраган үйү азыр Ташматка ушунчалык суук көрүнүп кетти!..

— Эл!

Кетип бараткан элдин артынан жүгүрөйүн деген ойдо Ташмат ордунан туруп, алга обдулду. Ушул маалда эсине өзүн эзип жаткан дагы бир ой кылт дей түштү — айылда эл ушунчалык көп экендигин ал билбептир. Айылды күн сайын он аралап өтүп жүрсө да, негедир аны өзүнүн дүкөнү сыяктуу кичинекей элестетчү. Күн сайын аралап жүргөн айылын. Көңүлү караңгылап, башы айланып кетти да, теңселип келип жерге отуруп калды. Жүрөгү өрттөнүп жаткансыды. Көөдөн жактан бир нерсе атырылып келип, алкымына кептелип калды. Кичине эле кыймылдаса, ал чыгып кетчүдөй, Ташмат жашоодон кол үзчүдөй сезилди. Ошентсе да эч нерседен капарсыз шатыра-шатман кетип бараткан элге аралашкысы, жок дегенде алардын артынан жүргүсү келди. Бардык күчү менен жанталаша турууга обдулду, бирок жүрөгүндө алоолоп күйүп жаткан өрт аны тургузбай, ал таканчыктаган бойдон кала берди. Анан өзүнчө мындай деп күбүрөөгө араң жарады:

— Эл…

Өрт дымып калды, дымып калды, дымып калды.

Өрттөн кийинки түтүн аралаш буу жогору көтөрүлүп, бара-бара тарай баштады. Ошол жылып барып, назик гана үзүлүп жаткан бууну араң чыккан бир шыбыр коштоп турду:

— Эл… Эл… Эл…

1977-ж.

Бейшебай УСУБАЛИЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.