• Балдарыңардан кумир кылбагыла: алар чоңоюп алганда — курмандыкты талап кылат. (П. Буаст.) 
  • Балдарыбыз бизди консерваторсуңар деп күнөөлөсө, неберелерибиз алардан өчүбүздү алып берет деп өзүбүздү сооротолук. (И.Д.Вильде)
  • Эркелетип жеңе албаганды, күч менен да жеңе албайсың. (А.П.Чехов)
  • Уруп-сабоо жана кагып-силкип тилдөө апийим сыяктуу: таасири тез мокойт да, анын өлчөмүн эки эсе көбөйтүүгө туура келет. (Г.Бичер-Стоу)
  • Биринчи сабак балдарды баш ийүүгө үйрөтүү болгондо гана экинчи сабак сага керектүү деген нерселер болушу мүмкүн. (Б.Франклин)
  • Тарбия ишиндеги парадокс: тарбияга муктаж эместерди тарбиялоо — оңойго турат. (Ф. Искандер)
  • Балдарыңардын көз жашын аягыла, алар силер өлгөндө шолоктоп жаш төккөндөй болсун. (Пифагор)
  • Балдарын эмгек кылууга үйрөтүп кеткен адам, ага мурас таштап кеткенден көп байлык калтырат. (К.Уэйтли)
  • Бакыттын курамындагы алмашкыс үч бөлүгү: кылар ишиң, сүйөр кишиң жана үмүт кылар нерсең болсун.(Э.Чалмерс)
  • Ата-энеңе кандай мамиле кылсаң, балдарыңдан ошондой мамилени күт. (Д.Питтак)
  • Жаратылыш чоңойгуча баланын баладай болушун каалайт. Эгерде бул тартипти бузсак, жасалма, чала бышкан даамы жок жана эрте бузулчуу мөмөнү алабыз. Балалыктын балдарда бышып жетилишине жол бергиле. (Ж.Ж.Руссо)
  • Балдардын тентектигин жок кылсаңар, эч качан акылмандарды жарата албайсыңар. (Ж.Ж.Руссо)
  • Адамга келчү үч кырсык бар: өлүм, карылык жана жаман балдар. Өлүм менен карылыкты эч ким өз үйүнө киргизбей коё албайт, ал эми жаман балдардан үйүңдү балдардын өздөрү гана сактап кала алат. (В.А.Сухомлинский)
  • Уулуна пайдалуу нерсе үйрөтпөгөн ата, ууруну багып жүрөт. (Т.Фуллер)
  • Өз балалыгын унутуп калган тарбиячы, жаман тарбиячы. (М.Эбнер-Эшенбах)
  • Ар бир эле адамда – Адам деген чоң тамга менен жазылган касиет катылган, кээде ал касиетти сууруп чыгыш кыйын, кээде такыр эле мүмкүн эмес, бирок дайыма алып чыгууга аракет кылыш керек. (О.М.Куваев)
  • Кимди тарбиялагысы келсе, тарбиячы өзү ошондой болушу керек. (В.И.Даль)
  • Жаман тарбия алган адамды, кайра тарбиялаштан кыйын иш жок. (Я.Коменский)
  • Адамды бактылуу болушка үйрөтө албайсың, бирок аны бактылуу кылып тарбиялоого болот. (А.С.Макаренко)
  • Бардыгы тарбиялашат: кишилер, буюмдар, кубулуштар, бирок эң биринчи кезекте жана баарынан узак – адамдар. Алардын ичинен биринчи орунда – ата-энелер жана педагогдор. (А.С.Макаренко)
  • Окутуунун максаты – баланы андан ары мугалимдин жардамысыз өз алдынча өнүгүп кетишин камсыз кылуу болуп саналат. (Э.Хаббард)
  • Жакшы тарбия эң биринчи кезекте адамды, тарбиясыздардан коргойт. (Ф.Честерфилд)
  • Кимди сүйсө, ошондон үйрөнөт. (И.Гёте)
  • Балдарды биз алар менен сүйлөшүп жатканда же акыл үйрөтүп жатканда эле тарбиялап жатабыз деп ойлобогула. Силер аларды жашооңордун ар бир көз ирмеминде, жада калса өзүңүз үйдө жок кезде да тарбиялап жаткан болосуз. (А.С.Макаренко)
  • Адегенде өзүң ишен, анан кийин башкаларды ишендир. (К.С.Станиславский)

Которгон Абийрбек Абыкаев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.