Айына бир жолудан “РухЭш” сайты жана “Сармерден” ресторанынын өнөктөштүгү менен уюштурулган маңдай-тескей баарлашуубуздун бүгүнкү меймандары: белгилүү теледиктор Айнура Кабатай кызы, адабиятчы Гүлзада Станалиева, манасчы Рысбай Исаков менен болгон сөз маданияты жөнүндө сөз кылдык…

Олжобай Шакир: Сөз учугун кыздарга узатайын десем, бу жерде жөн манасчы эмес, жаттама да манасчы эмес, төкмө манасчыбыз отургандыктан – сөздү ушул үкам баштап берсе дейм…

Рысбай Исаков

Рысбай Исаков: Эми сөз жөнүндө, тил жөнүндө кеп козгой турган болсок, “Манас” сыяктуу эле аркырап, түгөнбөй турган нерсеге кезигебиз. Өзгөчө көйгөйлөр көп, биринчиден, адабий тилдин нормасы деген толук иштелген эмес. Экинчиден, бүгүнкү коомго ылайык котормо сөздүктөрдү чыгара элекпиз. Технология өнүгүп атат, канчалаган жаңы терминдер пайда болду, жаңы терминдик сөздүктү чыгара элекпиз. Уламкысын улам кыргызчалап турушубуз керек эле. Бул маселеде өксүк көп, ал эмес, түшүндүрмө сөздүгүбүздү толук чыгара албай атабыз. Синонимдик, антонимдик, омонимдик сөздүктөр чыгарылыш керек эле. Сөздүктөр боюнча жасала турган көп иш бар. Мунун бардыгы бүгүнкү күндө чийки боюнча турат. Адабий тилдин нормасын убагында Ишеналы Арабаев баштаган, ал өзү билген Нарын говорунун негизинде түзгөн. Ага кийин Касым Тыныстанов кошумча кылып, Ысык-Көл, Нарын говорунун негизинде иштелген. Ошону менен бүгүнкү күндөгү көз карашыбыз калыптанып, адабий тил деген ушу деп калганбыз. Тил толук болушу үчүн, калган диалектилер дагы кириш керек болчу. Тилекке каршы, кийинки тилчилерибиз иштеген эмес, ошол себептен азыр, өзгөчө Баткен тараптагы туугандарыбыз сүйлөсө, бул өзбекче сүйлөп атат деп калганбыз. Жок, бул бүтүндөй кыргыз тили. Ошонун баары биригип келип, кыргыз тилинин корун түшүндүрөт. Талас говору, Баткен говору, түштүк диалектиси ж. б. баардыгын иреттеп келип туруп, анан адабий тилдин нормасы деген жыйынтыкка келишибиз керек болчу. Тилекке каршы, андай боло элек.

Эгемендүү элбиз деп атабыз, бирок тилибиздин нормасын али күнчө иштеп чыга элекпиз. Бул ойлоно турган маселе. Бир эле мисал айтып берейин, “ага” деген сөз адабий тилдин нормасына кирет да, “аке” деген сөз диалект деп кабыл алынат. Ошол эле учурда “таяке” деген сөздү адабий тилдин нормасы дейбиз да, “тага” деген сөздү диалект дейбиз. “Тага” деген сөз “тай ага” деген сөздөн келип чыгып атат, “таяке” деген сөз “тай аке” деген сөздөн келип чыгат. “Ага” деген сөз адабий тилдин нормасына кирсе, “тага” деген сөз да кириш керек болчу. “Аке” деген сөз диалект болуп аткандан кийин “таяке” деген сөз диалект болуп калыш керек болчу. Ушуга окшогон нерселер көп, адабий тилдин нормасына бул экөөнү тең киргизиш керек, экөө бири-бирин толуктап, синонимдер көбөйөт да, тил ошону менен байыйт. Мисалы, суусап калдык, чаңкап калдык дейбиз, айрым жерлерде чөлдөп калдык дешет. Аны эмне үчүн пайдаланбашыбыз керек? Тилдин баюу жолдору бар: диалектилер менен байыйт, кабыл алынган сөздөр менен байыйт, неологизм менен байыйт, архаизмди кайра жаңыча пайдалануу менен байыйт.

Азыркы учурдагы эң негизги өксүк – котормонун жугумсуздугу. Албетте, “асма шам”, “таман таш” ж. б. деген сонун сөздөр пайда болду. Ошол эле учурда, “аялдаманы” “аярлама” деп койгондон эмне өзгөрдү? Эгер угумдуу-жугумдуулугу керек болсо, токтомо деген жакыныраак болмок. Токтомодон токтоп кой деген түшүнүктүүрөөк. Ушул сыяктуу нерселерди которууда илгеркилер ыргактуу которгон. Ошол себептен Радлов, Валиханов өңдүүлөр таң калып атат да, кыргыздын сүйлөгөн сөзү ыр экен деп. Кроватты керебет деп алгандай, кабылдап алган сөздөр болгон. “Моющие средства” деген кир жуучу нерселер деп которулуп жүрөт, “самын-сумун” десек түшүнүктүү эле да. Өтүк оңдоочу жай деп жазып коёбуз чубалжытып, “өтүкчү” деп койсо түшүнүктүү эле да.

Ж. А.: Өтүккана деген оң го анда. Өтүкчү дегенде адамды түшүнөбүз да, күркөнү эмес.

Р. Исаков: Орусча сөздөрдү түзмө-түз которуп алып, сүйлөмүбүздүн баш-аягы жок, кыйналып жата беребиз. Сагынбайдын сөзү эмне үчүн бай, ал бардык диалектилерди пайдаланган. Кайсы жерде манасчы болуптур десе, ошонун үйүнө барып айлап-жылдап жашап, манасын үйрөнгөн. Ар бир манасчынын өзүнүн өзгөчөлүктөрү болот да. Сагынбайдын манасында бардык диалектилер эле эмес, тектеш казак, ошондой эле калмак, кытай, монгол, орус тилине чейин кезигет. Сарит болгон аягы,
Сапсем күйүп кетиптир, – дейт.

(Баары күлүштү)

Ушуга окшогон нерселер көп. Баарын пайдаланып кете берген, ошондуктан тили укмуш байыган. Сагынбай пайдаланган тилдин жарымын пайдаланбайбыз азыр. Иштемиш болобуз, бирок жанагинтип келегей иштеп коёбуз. Сөздү пайдаланганда, эң биринчи кезекте ошол тилде угумдуу-жугумдуу болуп, элдин аң-сезимине бат сиңип кетиш керек. Чубалгылар деп отурбай, маселен “зыңк-мыңк” деп эле койсо болот эле. Компьютер дегенди “мыңк” деп койсок, балким, эл көнүп кетмек.

(Баары күлүштү)

Жок, мындай мисал катары айтып атам да. Аалы Туткучев бир жолу айтып калды. Мисалы, “ключ” деген сөз ачканды да, жапканды да билдирет. А биз эмне үчүн ачкыч деп айтабыз? Ачкыч менен жабабыз дагы, бирок “ачкыч” деген ача турган эле маанини билдирет да дейт. Мунун түпкүлүгүн ойлонуп көрүш керек деп, кийин сөздүктөн карасам “ключ” деген сөз оруска кабыл алынган сөз экен дагы, түпкүлүгүндө “мык” дегенди билдирет экен. Таптакыр ачылбай турган кылып, мыктап салган нерсени “ключ” дечү экен. Анан колдонулуп отуруп, кийин өтмө маанисинде ачканды да, жапканды да билдирип калган. Биздин ачкычыбыз деле ачканды да, жапканды да түшүндүрөт. Ошентип кабыл алынган. Болгону, биз ачкычтын маанисин билип, ключтун түпкү маанисин билбегендиктен, түшүнүксүз сөз касиеттүү көрүнө берет да, ошону бат кабылдайбыз. Сөздөрдү өзүбүз пайда кылганда угумдуулугуна, маанисине жараша пайда кылсак болот. Айтор, ушинтип байыта беришибиз керек.

О. Ш.: Диалектикалык өзгөчөлүк боюнча жакшы белгилеп кеттиң. Кыргыз тилин биз көп учурда Нарын менен Көлдүн тилине салып сындайбыз. Тескерисинче, түштүктүн тили абдан бай. Кээде дүйнө элинин жомокторун же дүйнө ойчулдарын которуп атканда, “Манастан” же Карасаевдин сөздүгүнөн таппаган сөздөрдү түштүк диалектилик сөздүгүнөн табам. Маселен, кыргыз адабиятындагы кара сөздүн чебери дегендерди карап көрөлү: Төлөгөн Касымбеков, Мурза Гапаров, Кубатбек Жусубалиев, Салижан Жигитов, азыркылардан Эсенбай Нурушев, Абдиламит Матисаков, ж.б… толуп атат… Түштүк калемгерлеринин тили укмуш поэтикалуу, жандуу болуп атпайбы. Түштүктүн тили деген тилдик нормага жатпайт деп, биз теңирден тескери чыгабыз. А башка тилден деле: перс тили, араб тили ж.б. тилдерден деле сөздөр кирип атпайбы. Анан өзүбүздүкүн өзүбүз жекиребиз…

Ж. А.: Менимче, түштүктүн тили эле поэтикалуу, жандуу дегенибиз бир аз жаңылыштык болуп, азыр козгоп аткан маселебизге азыр өзүбүз каршы сүйлөп алабыз. Бардык аймактардан адабияттын дөө-шааларын атай алабыз. Казыбек, Калыгул, Шүкүрбек Бейшеналиев, Кусейин Эскенкожоев, Эсенгул Ибраев, Байдылда Сарногоев, Айтматов ж.б. санай берсек толтура эмеспи. Алардын бардыгы орток байлыгыбыз. Арабаев менен Тыныстанов бири Нарындан, бири Көлдөн болгондуктан, адабий тилдин нормасы ушундай болуп калды десек да чындыктан бир аз четтеген болор элек. Менимче, анын жүйөлүү себеби бар. Бул белгилүү бир географиялык, социалдык жагдайларга байланыштуу десек болот. Анткени Нарын облусунда калктын дээрлик көпчүлүгүн кыргыздар түзөт. Өтө азчылыкты түзгөн өзбек, уйгур, дунган элдери кыргыз тилинде таза сүйлөшөт. Себеби социалдык шарт ошондой. Бала чагымда мен Нарындан кыргыз тилинен башка тилди укпай чоңойдум. Анда борбор менен азыркыдай карым-катыш да жок эле. Фрунзеге барып келген киши биз үчүн Москвага барып келген кишиге эле тете болчу. Тил башка тил менен көп аралашкан жок да. Ошондуктан жаңы саясый түзүлүштөн улам кирген сөздөр ал жакта автоматтык түрдө кыргызчаланган. Мисалы, пенсия дегенди карчарба дешчү. Ойлоп көрсөм, ал “кары чарба” деген сөздөрдөн келип чыгыптыр. Аны аларга кайсы бир филолог же тилмеч которуп берген эмес, автоматтык түрдө пайда болгон сөз. Сөз деген адамдан чыга турган өндүрүм да. Эгерде башка аймактарда да ошондой жагдай болгондо, ошондо орус тилинен күрр деп эле кирген түшүнүктөр түгөл кыргызчаланмак. Андай болбой калды, бизге чейин жазмасы, тиричилиги кыйла өнүгүп калган орус тилинен кирген сөздөрдү жапырт колдоно баштадык. Өзүбүздөн кетти көбүнчө, орус тилинин артыкчылыктарын түшүндүк да, өз тилибизди чанган деңгээлге чейин ооп кеттик. А сүйлөнбөй калган тил, албетте, жабыркайт да. Тил байышы үчүн ал тил дайыма колдонууда болушу керек, ал тилде таза сүйлөшүү көп болушу керек. Түштүк чөлкөмүбүздө 90%га жакын өзбек туугандар отурукташкан аймактар бар экен. Ошондон улам тил да аралашкан. Анүстүндө биз менин тилим, менин жерим дебеген коймаарек эл экенбиз. Өзбек туугандар Кыргызстанда өз тилинде сүйлөп атса, биз алардын тилинде суудай сүйлөп турбайбызбы. Бирок, бир чети мен муну менен, элибиздин ушундай кең пейили менен сыймыктанам. Болгону адам өз эне тилин бийик тутушу парз экенин унутпашыбыз керек экен. Диалектинин сынга кабылган жагы, менин байкашымча – өөн учурап, жугумсуз болгон гана сөздөр. Мисалы, меням, сеням, бовойт, кевейт, шашилвай (шашылбай) ж. б. кулакка өөн учурагандан, тил үчүн биз сыяктуу күйгөндөр айтса айткандыр. Ооба, орунсуз айтылган, орунсуз сындалган учурлар аз эмес. Андай маанисиз нерселерге маани берип, сөз кылуунун кажети жок го дейм. Аша чаап кетпөө үчүн ар бирибиз өзүбүздү көзөмөлдөгөнүбүз жакшы. Болбосо диалект менен тил, албетте, байыйт. Бир жагымдуу нерсени айта кетейин, ушу борбордо диалекттер синтез болуп, жуурулушат десем болот. Мисалы мен “беймарал” деген сөздү аябай жактырып колдоном, аны түштүктүк туугандардан ооштуруп алгам. “Кабатыр болбо” деп отурбай “беймарал” деп коюшат го, бул аябай жугумдуу. Таластык туугандардан “кадыресе” деген сөздү ооштуруп, лексиконума кирип калган. “Кадимкидей эле” дегенден да даанараак, тереңирээк маанини туюнтат. Нарында ал сүйлөшмө тилде эмес, адабий гана тилде колдонулат. Бул жагынан алганда бул табигый эле процесс экен. Ошонун нугун тууралап, дагы өнүктүрүү тилчилердин милдети. Өнүктүрө беришибиз керек, тил сүйлөнбөй калган мезгил качан болору белгисиз го.

Дүйшөмамбет Орозалиев: Тилди байыткандан качпаш керек, себеби кыргыз тилинде перс, араб, орус тилдеринен кирген сөздөр аябай көп. Диалектилерди жерибешибиз керек. Ошентип байыйт экен да. Алыңыздар, тамакка караңыздар.

(Сармердендин сөөгү менен кошо желген афган куурдагы алдыга келди)

Айнура Кабатай кызы, Гүлзада Станалиева

О. Ш.: Сөөгү нандан да жумшак куурдактан алып отургула сөз арасында.

Айнура Кабатай кызы: Сонун деп айтып атышты эле, көрөлүчү.

Гүлзада Станалиева: Казанга эле бышабы?

Д. Орозалиев: Ооба, афган казанында бышат. Элдин баары эле ооз тийишти окшойт.

Г. Станалиева: Азыр Рысбай жакшы сөз айтып кетти, тилди байытуу боюнча. Тил өзү жандуу кубулуш да, улам жаңыланып туруш керек, айрым сөздөр өлүп, өзүнөн өзү жоголуп кетет, айрым сөздөр пайда болуп, төрөлүп турат дегендей. Негизи эле бүгүн тилдин жардылыгы жалаң эле бизде эмес, дүйнөдө тенденциялуу көрүнүш болуп атат. Интернет чыккандан кийин баарын видеого тартуу күчөбөдүбү. Балдарга тарыхты оку десең, окугандын ордуна тарыхий тасма көрүшөт. Тиги чыгарманы оку десең, ошол чыгарма боюнча тартылган көркөм тасманы көрүшөт. Талкуу, сындарды оку десең, интернеттен ал тууралуу видеопрограммаларды көрүп кутулушат. Айтор, окугандан качышат, визуалдык маданият күчтүү болуп кетти. Ошого байланыштуу көз менен кабыл алуу биринчи орунга чыгып атат, ошондуктан да ой жүгүртүүнү өстүрүү, тилди өнүктүрүү маселелери курчуп кетти. Университетте жаштарга сабак берип атып, күбө болуп жүрөм, айылдан келген эле балдарыбыздын тили жарды. Шаардагылардын кыргыз тилинен кыйналаарын билебиз го, азыр айылдан келген балдар деле, болгондо да, түпкүрдөгү айылдан келген балдар эң жөнөкөй сөздөрдү билишпейт. Мисалы, жөнөкөй эле эриш-аркак десең түшүнбөйт. Ай, силердин чоң ата-чоң энелериңер барбы, эмнеге кыргыздын кадыресе турмушта колдонгон сөздөрүн түшүнбөйсүӊөр десем, “биз сүйлөшпөйбүз көп” деген жоопту угам. Баарлашуу жок, жалаң эле вотсап, фейсбук, соцтармактарда отуруп калышты да, сөз айткандан көрө символдорду, смайликтерди жөнөтүп коюу, кыскартып жазуу, айтор, ушундай бир тенденция тилибиздин өнүгүшүнө, сөз багуубузга, айрыкча, жаштардын сөз байлыгына кедергисин тийгизип атканын байкайм. Биздин университетке ЖРТдан жогорку балл алгандар келишет. Жакшы окуган балдарыбыздын абалы ушундай болсо, анда башка балдарыбыз жөнүндө эмнени айтабыз. Жылдан-жылга ушул көйгөй курчуп келатат. Мен студенттерди сөз менен иштеткендиктен, бул өңүттө жагдай улам начарлап атканын байкайм. Бул Интернет технологиясы өнүккөн замандын проблемасы окшойт. Кыргыздын көрүнүктүү адамдарынын бардыгы эле айылдан чыккан. Бүгүнкү күндө болсо, жаштарыбыздын тили чоркок болгон кейиштүү абалыбыз ушул. Бул боюнча “Азаттыкка” да блог жаздым эле, “Сөзгө мокок, ойго чоркок муун келатат” деген, ошондо да ушул маселелерди жазгам. Бул маселенин курчушунун бирден бир себеби, мектептерде мурдагыдай китепти көп окутушпайт окшойт. Талап деле жок сыяктуу бүгүнкү күндө, үй-бүлөлөрдө болсо баарлашуу жок.

«Соо көз минтип карабайт»))))))

А.Ж.: Соцтармактардын оң жактарын да айта кетиш керек ко дейм. Мисалы, мен мурда онтоп, такалып сүйлөгөндөрдү укканда, шар-шар эле сүйлөбөйбү онтобой деп, жүдөп кетчүмүн. Вотсап колдоно баштаганда, жазгандан эринип, сүйлөп жөнөтөм да, анан өзүмдү угуп көрсөм эле, өзүм тим эле көп такалып, онтоп сүйлөйт экем. Ошондон кийин оюмду жыйнап, такалбай сүйлөгөнгө аракет кылып калдым. Бул да сүйлөгөн сөзүңдүн жугумдуу болушуна жакшы да. Ал эми фейсбукта пикир жазып, башкалардын пикирин окуп отуруп да көп нерсени үйрөнүүгө болот. Маданияттуулук, маданиятсыздык ошол пикирлерден оркоюп көрүнүп турат. Кээде сөздөргө жараша сөз менен жооп бергиң келет, бирок ал пайда алып келбестигин, тескерисинче, жараны ырбатарын ойлоп, өзүңдү сабырдуулукка көнүктүрөсүң. Бул да маданиятты кандайдыр бир калыпка салганга жардам берет. Каталарын оңдойсуң бирөөлөрдүн, алар билип калышат. Кээде менин катамды оңдошот, аны билип алам дегендей.

О. Ш.: Кыргыз тилиндеги каталарды Улуттук тил комиссиясы менен Илимдер академиясы баш болуп чыгарып аткан китептерден издеп кыйналбай тапса болот. Алар чыгарган китептерди барактасаң, титулдук барагынан баштап каталар жайнайт. Ошол каталарды белгилеп жазып да чыккамын. Жазсам, тил комиссиясынан мага кечирим сурап жооп келиптир. Сиз белгилеген жерлерди оңдодук, бирок ал биздин эмгегибиз эмес болчу, Илимдер академиясы берген китептер болчу, аларга ишенип сайтка жайгаштырып койгон болчубуз дейт. Ошентип бири-бирибизге шылтап отурабыз. Анан өткөндө “Улуу тоолор” басылмасы бар эмеспи, тендер утуп алыптыр. Жумадин (Кадыров) досум мага айтат: “Олжоке, тил комиссиясы боюнча макала жазыптырсың, азырынча ошол өңдүү макала жазбай турсаң, биз тендерди утуп алдык эле, ошону эки айдын ичинде бүтүрүшүбүз керек” дейт. Жумадинге айтып таң калдым, китепке чыкканды окурман акыркы чындыктай кабыл алат да. Китепте ушинтип жазылып турбайбы, демек ушинтип жазышым керек депчи. Биз ушинтип канча муунду тарбиялап атабыз. Кыргыз тилинин душманы кыргыз өзү болуп атат бүгүн. Арийне, кыргыз тилин өнүктүрүү максатында өлкө казынасынан бөлүнгөн акчалар деле Улуттук тил комиссиясы менен Илимдер академиясы аркалуу чыгып, кайсы басмакана мамлекеттик тендерди утуп алган болсо, дал ошолордун колу менен сабатсыз китептер менен сабатсыз авторлордун эле күнү тууп атат! Мамлекеттик тил комиссиясы, академиядан чыккан китептердин сапатын көрүп атпайбызбы. Басмаканаларга болсо, чыкылдап акча түшүп турса болду, ички мазмуну үчүн алар ойлонушпайт деле. Көп басылмаларда редактор, корректорлор жок. Аттуу-баштуу филологдордун макалалары сайтка келгенде жарыялап жүрөм. Тилдери ушундай келегей, эл акын, эл жазуучуларынын текст курганын көрүп, таң каласың. Бир кулач сүйлөм кургандары көп.

Рысбай Исаков: Дем алган жерлерине үтүр, чекит коюп кете беришет.

О.Ш.: Бир жолу Алым Токтомушев экөөбүз отурганда, ал киши мени тилдеди. Мен орфографиялык эреже боюнча момундай чыгыптыр, тилчилер момундай талкуу кылыптыр десем, ой, ушулар тилчиби деп, кызаңдады. Тилди өлтүрүп аткан ушулар эмеспи деди. Кээде гезит-журналдарды окуп атып тилиң мүдүрүлөт, жоргонун жүрүшү бузулгандай болуп. Талкууларды окугандан кийин олку-солку болуп каласың, кайсынысы туура деп. Ошондо Алым байкенин тилдегенин эстейм. Биздин тилдин нормасын бузуп аткан ушул тилчилер, аларга караганда жандуу текст түзүп, күнүнкүсүн күнүнө эл менен иштешип аткан сен экөөбүзгө окшогондор тилдин нормасын жаратат деди эле. Маселен, Салижан Жигитовдун илимий макалаларын окусаң, шар эле детектив окугандай кетесиң кызыгып. Жетелеп алып кетет, мүдүрүлбөйсүң.

Рысбай Исаков: Ал киши “Даңазалуу тойлор, жаназалуу ойлор” дейт, бүттү. Темасы менен эле баарын айтып койгон, калганы түшүнүктүү.

О.Ш.: Жазуу маданиятын калыптоого Салижан аке абдан катуу кийлигишкен экен. “РухЭшке” 62 бекен, 68-жылы бекен, ошол жылдардагы “Терминдер тегерегиндеги сөз” деген макаласын жарыяладым. Ошондо Совет бийлигинин гонорар саясатына каршы каяша айтыптыр, куураган кыргыз гонорар маселеси чыккандан кийин кээ бир терминдерди бир кулач кылып которуп атат деп. Ошондон бери ушул өнөкөт калбай келатат. Терминде чаташуулар көп. Орусчасында түшүнүктүү болуп турат, андан көрө ошол бойдон колдоно бергенибиз жакшы да. Себеби кыргызчаланган терминдерге келгенде адашуулар жайнап кездешет.

Г. Станалиева: Мыйзамдарды деле орусчасын окусаң түшүнөсүң, кыргызчасын окуп түшүнбөй, кайра орусчасын окуйсуң.

О. Ш.: Кайра башыңды адаштырат десең.

Г. Станалиева: Нора Галь деген белгилүү, батыш адабиятын орусчалаган котормочунун “Слово живое и мертвое” деген китеби бар.   25 жыл редактор болуп иштеп, өзү редакциялаган эмгектердин негизинде жазган экен. Ошону студенттерге сабакта көп пайдаланам. Тексттин редакциялана элегин жана редакцияланганын жанаша коюп туруп, салыштырып берет. “Мы оказываем помощь” дебей эле “Мы помогаем” деп эле айтпайбы деген өӊдүү мисалдарды келтирет. Ушул сыяктуу көрүнүштөр кыргыз тилинде да көп. Тилде канцеляризм деген балээ бар дейт ал. Тилди муунткан, өлтүргөн – ошолор. Канцеляризм деген бул ашкере эле расмий сүйлөө дегенди билдирет. Канцеляризм сөздөрүн жандандыруу керек дейт Нора Галь, ошон үчүн китептин атын да “Слово живое и мертвое” деп атаптыр. 25 жыл бою редактор болуп, өлүк тилди тирилтип, өлүк сөзгө жан киргизип иштептир. Бир сонун мисалы бар экен, кыргызчага которсок мындай болуп калат. Канцеляризм менен ойлонуп, канцеляризм менен жазып көнүп калган бир адам беш жашар баласына: “Балам, эгерде сыртка сейилдөөнү чечсең, апаң экөөбүзгө маалымдап кой” деп айтса, беш жашар бала ошону түшүнөбү дейт. Атасын бир карайт да, бурулуп алып кетип калат да. “Сыртка чыксаң, айтып кет” деп эле, жөнөкөй эле айтыш керек да дейт. Тилди муунткан ушул канцеляризм каяктан чыгат деги, мектептен башталат экен, көрсө. Мугалим балага жакшылап багыт бербей туруп, баланын жүрөгүн ойготпой туруп, бар, жазып кел деп тапшырма берип коет. Бала байкуш эмне кылсын, андан эч ким өзүнүн оюн сураган жок да,ошентип, колуна тийген өлүк тексттерди окуйт, андан-мындан көчүрүп келет, мугалим ойлонбой туруп беш коет. Баланын дептеринде канцеляризмге толгон сөздөр “сонун” болуп тизилип турат, мугалим өзү да ошолордун өлүк сөздөр экенин билбейт, ошон үчүн беш кое берет да. Атургай, илимдештирип жаз, өз оюңа келгенди жазба дешет. Ушинтип эркин ой жүгүртүүгө балага мүмкүнчүлүк бербейбиз да. Нора Галдын бул китебин бүт мугалимдер, журналисттер, дегеле сөзү башкаларга сабак болгондордун баары окушу керек.

О. Ш.: Ушундай жакшы эмгектер кыргыз тилине которулса, кыргыз тили үчүн жазылбаса да туура ойлонууга жардам берет эле. Муну интернеттеги шилтемеси менен кошо жарыялап коёлу>>>>>>. Айнура, сиз оозеки кептен байкап жүргөндөрүңүздү айтсаңыз.

Айнура Кабатай кызы: Ооба, мен диктор болгондуктан кеп маданиятынын ажырагыз бөлүгү болгон дикция, орфоэпия, интонацияга  да көп көңүл бурам. Алгач интонацияга токтоло кетсем. Оозеки кептин өзгөчөлүгү дал ушул интонацияда. Тилекке каршы, журналисттер болобу, алпаруучулар болобу, көпчүлүгү тексттин мазмунуна эч дал келбеген интонация менен окушат. Негизи текст, сөз өзү кандай интонацияда окуш керек экенине жардам берип турат. Бир мисал келтирейин, 2005-жыл болуш керек эле. Үйдөн телевизор карап отурсам бир жаш диктор жаңылыктарды окуп атыптыр. Раматылык биздин залкар чеберибиз Тамара Алсеитова жөнүндө айта баштады, буга чейинки тексттерди кандай окуп келсе, ошондой эле шаңдуу, көтөрүңкү маанайда, жандуу интонация менен, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Тамара Алсеитова…” деп баратса, оо, эжеге эл артисти берилди дейт ко деп ойлоптурмун. Анан эле “… дүйнө салды” десе болобу. Жансыз эле шатыра-шатман окуп койду ошентип, текстинин мазмунунда кымындай кайгылуу мүнөз жок. Окуп бүткөндөн кийин, “отбивка” деп коёт, сөз музыкасыз эндей кетет, ошондой болду. Кайра башка тексттерди деле так ошондой эле, бир түрдө эле окуп койду. Селдейип эле отуруп калдым. Макул, кесиптик даярдыктан өтпөптүр, бирок адамдык бир сезим болуш керек да. Адам кубанганда, сүйүнгөндө башкача, кайгырганда, ооруганда башкача ыргакта сүйлөйт ко, үнү да ошого жараша чыгат. Шаңдуу окуганда кайгылуу жаңылыктар “ырас эле ошондой болуптур” дегендей, кубанычтуу окуялар болсо, “кап, ошондой болуп калыптыр” деп аткандай эле болуп калат.

Атактуу театр режиссеру Станиславский менен белгилүү драматург Островский интонацияны абдан сүйгөн адамдар болгон. Станиславскийдин «не верю» деген белгилүү фразасы бар. Ал турмуштук интонацияны укмайынча, «не верю» деп эртеден кечке репитиция кылдыртып, артисттердин шайын кетирчү экен. Островский өзүнүн пьесаларын залдан көрчү эмес экен, сахнанын артынан угуп, интонациясы кадимки турмуштагыдай болсо, аа, жакшы ойноп атат дечү тура.

Ал эми орфоэпияны айта турган болсок, бул жерде да көптөгөн каталар кетет. Кандай жазылса ошондой окушат же айтышат. Мисалы, жаВыркады, куВаныч, аВалы, Геңеш, Гөпөлөк дегендин ордуна жаБыркады, куБаныч, аБалы, Кеңеш, Көпөлөк ж.б. деп окушат. Мындай каталарды жалаң гана журналист же алпаруучулар эмес, эстрада ырчылары да кетирип жатышат.  Сырттан келген, дайым колдонулган сөздөр бар. Алардын басымына көңүл буруу зарыл. Мисалы, гектар дегенди гЕктар деп койбой, басымды а тамгасына коюп айткан туура болот. Чет өлкөлүктөрдүн фамилия, аттарын айтканда, басым кайсы тамгага коюларына көңүл буруш керек. Флоберде басым е тыбышына түшөт, аны о тамгасына басым коюп айтышат. Гомерде е тамгасына түшөт, анда да о тыбышына басым жасагандар канча. Прокуратура деген сөздүн туура айтылбаганы кулакка өөн угулат. Пракратура же пракаратура деп айтышат.

Телерадиону жумурай-журт бүт көрүп уккандыктан, алардын таасир, тарбия берүүчү чоң күчү бар. Телевизордон жалпы элге көрсөтүлүп аткандан кийин алардын кеби эталон болуш керек да.

А. Ж.: Көйгөйлөрдүн бардыгынын түбүндө саясаттагы башаламандык жатат. Билим берүү системасы өзүнүн агымына ташталган. Бардык нерсе бир орунда турбайт экен да, өз агымы менен чаржайыт келатат. Ошону тартипке, нукка салган саясат жок. Министрлик бар, бирок жакшы жүргүзүлгөн саясат жок. Күчтүү мектептердин, окуу мекемелеринин артында күчтүү администрациясы гана турат. Каяктандыр булактарды таап, демөөрчүлөрдү таап иштерин кылып атышат. Мугалимдерин өздөрү шыктандырышат. Өкмөттүн оозун караган администрацияда балдар каралбайт, алар мектепти бүттү эле аты болуп атат.

Котормодо көйгөй көп. Орусчадан кыргызчага которууга суроо-талап жетишерлик. Азыр агентстволор иштеп атат. Текст которуу керек болгондо, ошол агентстволорго кайрылышат. Алардын көпчүлүгү жанагы гуглдагыдай которушат.

А. Кабатай кызы: Мындай анекдотко айланган учурлар көп эле болот. “Любовь морковь” дегендин “сүйүү сабиз” деп которуп коюшканын көргөм.

(Баары күлүштү)

Ж. А.: Мамлекеттик атайын мекемелер бар. Ошол агентстволордо иштеп аткандардын адистигин, кесиптик билимин, даярдыгын текшерип, бир жөнгө салса болот да. Текшергенде кагаз жүзүндө эмес, алардын дипломдорун такыр текшериш керек эмес. Азыр “бештерди” сатып алыш опоңой да, окуу жай көбөйүп, арзандап да калган болуш керек. Сертификаттарды жайнатып алыш да кыйын эмес. Билимди иш жүзүндө текшерип, билбегендерин үйрөтүп, деңгээлин көтөрсө болот эле. Башкаларды мындай кой, мамлекеттик мекемелердин жарыя, жарнамаларында оркойгон каталар, ошолорго олчойто айып салса, кыймылдашат эле. Болбосо, кийинки муун катасы кандай, туурасы кандай ажырата албай башташты. Өткөндө “чогуу” деген сөздө бир эле у жазылат деп талашышты бирөөлөр.

О. Ш.: Айнура, чечендик өнөр боюнча сабак берип жүрөсүз, депутаттардан кайрылгандар барбы сизге?

А. Кабатай кызы: Бар, эми аттарын атабай эле койгонум жакшы го.

О. Ш.: Жок, тескерисинче алар жакшы өрнөк болот эле да. Себеби эл алдында, микрофонго жулунганды жакшы көргөндөрдүн кимиси кеп маданиятына көңүл бөлгөнүн эл билгени жакшы эмеспи…

А. Кабатай кызы: Ооба, мен да баа бердим ошондой зарылчылыкты өздөрү байкап, оңдогулары келгенине. Азыр жумасына эки жолу сабак өтүп атам, андай депутаттар бар.

Чечендик өнөр дегенде, биз адамдын сөз байлыгы жөнүндө эле ойлойбуз да. А бирок, анын көп тарабы бар. Туура дем алуу, айтыла турган сөздүн мазмунуна жараша адамдын денесинин кыймыл-аракети, кабак-кашынын өзгөрүшү, үндүн тембрин тарбиялоо, толкундоону жеңүү ж. б. айтсак болот. “Медиа карьера” деген мектеп ачкам. Ошол мектепте ушулардын бардыгы үйрөтүлөт. Адамда жаратылышынан эл алдына, публикага чыгуудан коркуу, сүрдөө, толкундоо сезимдери болот да. Тарыхта белгилүү публика адамдарынын өздөрүнүн толкундоону жеңген ыкмалары болгон экен. Мисалы, Черчилль эл алдына чыгарда, аткаминерлерди горшокто отурат деп элестетип алып, ошондо ушулардын эмнесинен корком деп, толкундоосун жеңчү экен. Рузвельт болсо, булар жыртык байпакчан отурушат деп элестетчү экен.

Депутаттардын эл алдына чыгабыз, публикага сүйлөйбүз деп жоопкерчиликти сезгени жакшы көрүнүш.

Гүлзада Станалиева

Түркия мамлекетинде бүт кызматкерлерин дикторлук курстарга жиберет экен, мисалы, полиция кызматкерлери эл менен иштешкенде кандай интонацияда сүйлөшүү керектигин үйрөнүшү зарыл. Бизде милициянын буйрук бере сүйлөп, ороңдоп турушу кадимки көрүнүш болуп калган го. Аларда болсо, атайын сылык тондо сүйлөшүү керектигин үйрөтүшөт экен. Мамлекеттик деңгээлде ушундай көңүл бурулганы – бул өнүккөндүк да.

Г. Станалиева: Мен азыр журналистика бөлүмүндө окуп аткан студенттерге дипломдук иштерди тилге байланыштырып бергенге аракет кылам. Былтыр учурда абдан актуалдуу болуп аткан кастык тили жөнүндө изилдөө жасадык. “Кастык тили” деген түшүнүк бар азыр, “язык вражды” делет орусчасы. Журналисттер ушул кастык тилин кандай деңгээлде колдонушат жана кастык тили журналисттин кесиптик этикасын канчалык деңгээлде бузат деген маселени карадык. Булардын бардыгы түздөн-түз кеп маданиятына байланыштуу маселе. Шайлоо учурунда гезиттерде “кастык тили” көп колдонулуптур. Кайсы бир саясатчынын кылган ишине карата эмес, жерине, улутуна, диний ишенимине карата мүнөз берген, ар-намысына доо кетирген учурларды көрдүк. Эч кандай аргументсиз, далилсиз айтылган сөздөр журналистикада көп кездешет. Бүгүн кыргыз тилдүү гезиттерди көбүрөк күнөөлөшөт, кесиптик этиканы сакташпайт, башка адамдын бедели жөнүндө таптакыр ойлонушпайт деп. Тилекке каршы, чын эле ошондой, адамдын жеке турмушунун ыйыктыгы деген түшүнүк жок. Бирөө жалдап жаздырабы же ошентип жазсам, абдан курч жазып атам деп ойлойбу, айтор, массалык маалымат каражаттарында сөзгө астейдил мамиле жоголду.

А. Кабатай кызы: Буга балким, журналисттин ички маданияты себептир.

Г. Станалиева: Кээде ушак айтуу менен журналист катары жазуунун ортосунда ажырым болбой калгандай сезилет. Кеп маданияты – бул барып келип эле ички дүйнөнүн маданияты да.

А. Кабатай кызы: Эң туура. Бекеринен Сократ алгач келген окуучуларына “Кана, сүйлөчү, сени көрөйүн” деп айткан эмес да. Кеп адамдын ички дүйнөсүн чагылдырат экен. Адамдын дүйнөтаанымын, дүйнөгө көз карашын, бардыгын айткан кеби чагылдырып турат.

Г. Станалиева: Ооба, этика менен кеп маданияты бири-биринен ажырагыс түшүнүктөр, бири бузулса, экинчисине доо кетет.

Коом гезит сүйлөгөн сөзгө ишенип, ЖМК түзүп берген ошол дүйнө картинасында жашап калды, реалдуулук кайсы экени белгисиз. Америкада да бир убакта ушундай абал болуптур. Жалаң ушак-айың жазып калган массалык прессадан эл жадап калган учурда, айтылуу “Нью-Йорк таймс” гезити чыккан. Бул гезит экономикада, коомдук турмушта чындыгында эмне болуп жатканын аргументтер менен жазып, эӊ башкысы, элдин башын айлантпай, чыныгы болуп жаткан жаӊылыктарды өзүнчө, аларга жасалган комментарийлерди өзүнчө бөлүп жарыялап, эл ишенген абройлуу гезитке айланган. Элдин ишениминен кете баштаган, акча табууга гана ыктап иштеп калган журналистиканын аброюн ошентип кайра көтөргөн.

Кайта турган жолуңда, кар жаап турса сонун да…

О.Ш:. Менимче, биз деле табигый өсүш жолунда бараткан элбиз. Тек биз, өз кемчилигибизди өзүбүз таанып, өзүбүздү өзүбүз сынга алууну үйрөнгөн калк болсок жаман болбойт элек. Кээде чындыкты айтууга келгенде, бизде бир жаман адат бар – “муну айтып элге жаман көрүнбөйүн” деген. Андыктан кыргыз бекер айткан эмес да “айткандын оозу жаман” деп. Мейли, оозубуз жаман болсо болсун, бирок кыргыз тилинин тагдырына келгенде – “Платон, сен менин досумсуң, бирок чындык сенден да улук” деген принципти тутунсак дейм. Биз жогоруда жалпы жамы журтка кулак кагыш кылар баарлашуу уюштурууга аракет кылдык. “РухЭш” сайты бул теманын тегерегинде мындан ары да сиздердей сөз баккан, сөз таптаган адамдар менен дагы далай баарлашууларды, талаш-талкууларды уюштура беребиз. Атайы убакыт бөлүп келип бергениңиздер үчүн ыракмат.

Jetigen Asanbek

Ошондой эле өзүнүн өргөсүндө минтип интеллектуалдарга сый тамагын уюштуруп берип, мага окшогон оюнкараак обу жокторго айына бир жолудан бильярд уюштуруп, черибизди жазып келатканы үчүн Дүйшөн Орозалиев деген сараңбай досума, «Сармерден» ресторанына терең ыраазычылык!

Жазып алган Жетиген Асанбек

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.