«Жан» түшүнүгү – адам акылынын албан ачылгасы, турмуштук туу табылгасы, тутунган туур-таянычы болгон. Жаралган нерсени жандаган күч болмогу, бар нерсени бир нерсе коштой жүрмөгү – Жараткандын мыйзамы. Ошол керемет күчтү адамдар «жан» деп түшүнүп, ага арыбас да, карыбас касиет беришкен. Ага «кылдын учунда» деп аяр мамиле жасап, «таттуудан таттуу – жан, ачуудан ачуу – өлүм» деп бүтүм чыгарышкан. «Аа» деген дем менен денге жан кирген, ошол дем менен жан чыккан. Ошентип, сөз жаралган, үн, жан жаралган күн болгон. Ден бар жерде дем, дем бар жерде жан, жан бар жерде өлүм бар. Абалтан келаткан акыйкат ушул.

Жан – «адам», «өмүр», «тирүүлүк» түшүнүктөрү менен үндөшүп, денге маңыз, кунар, кубат берип, ырахат ыроолойт. Ден кубаты – жан, жан кубаты – дем. Жансыз жер канчалык кунарсыз көрүнгөндөй, жандан бөлүнгөн дене да ошондой. Андыктан, адам жан табиятын изилдөөгө, анын жан сырын ачууга дайыма куштар, дайыма дилгир. Көркөм сөз чеберлери:

…«Ак шайы көйнөк, күмүш кемер сыяктуу,
Адамдын жаны сатылып турса базарда.
Дагы жыргап, дагы жашап көрсүн деп,
Өзүм албай берер элем адамга.
Жандарына жан кошоюн дегеним:
Адам деген көп өлгүч тура бечара». (А. Осмонов).

Эзелтен чечилбеген улуу талаш:
Канткенде адам уулу адам болот?
Душманды кырып-жоюп басканда да,
Душмандан жан соогалап качканда да,
Түбөлүк чечилбеген ушул талаш:
Канткенде адам уулу адам болот?
Адамзат качан чечет, качан коёт:
Канткенде адам уулу адам болот?» (Ч. Айтматов).

«Адам – сыр. Сырды ачыш керек. Эгер аны ачам деп, азап чегип жашап өтсөң, өмүрүм текке кетти деп өкүнбө» (Ф. Достоевский) деп, бүт өмүрүн адамды изилдөөгө арнап, өз жашоосун түгөнбөс түйшүккө айландырышкан. Ошондон улам акын-жазуучуларды «адам жанынын инженерлери» деп атоодо анча деле аша чапкандык жок.

Аттиң, адам пендеси тирилик турмушта жан кадырын жетик сезе бербейт. Ал көбүнчө өзүнүн жан-дүйнөсүн өрчүтүүгө көнүкпөй, көпчүлүктүн шары менен жашоого ыңгайлашып өтөт. Албетте, кандай жашоо – ар кимдин өз ыктыярындагы иш. Ал эми өмүрү жандуу, маңыздуу, максаттуу жашоонун өрнөгү болуп, бу жалгандан чын айтып (ЧЫНгыз АЙТматов), жаркын жашап өткөн адамдардын өмүр сабагы – адамзатка жарык жол жандырар шамчырак. Алар акырына чейин адамдарга жарыгын чачып, жылуулук берип, алардын ажатын ачып жүрүп, өздөрүн түгөтүп бүтүшөт.

Мына… өлүмгө кыйбас Чыңгыз агабыз жан бүткөндү кайгыга салып, өзөктү өрттөп, өзү жазган Сеңирбай керегечи сыңары («Кайрылып куштар келгенче») керээз-мурасын айтууга үлгүрбөй, дүйнө сала берди. Бүгүн маркумдун турмуштук да, чыгармачылык да өмүр жолу көбүбүздүн көз алдыбыздан кайрадан чубуруп өтүп, көп нерсенин маңызы кайрадан дааналанып, ачылып туру. Өмүр арманы, өнөр салмагы өзгөчө сезилип туру.

Айталы, кырчын кезинде райком болчу кесипти жыйыштырып коюп, адабият айдыңына аттана берген да, алтымыштын кырында Президент болуңуз десе «билген эле ишимди иштейин» деп, сыпаа баш тартып койгон да Айтматов болгон. Бул айрым турмуштук мисалдар анын жашоодо туу туткан дөөлөтү эмне болгондугун эч кошумчасыз эле ачык айкындап турат. Акылман айткандай, чоң максат жана чоң каршылык чоң тагдырды жаратат окшобойбу. Кезинде ага: «Биякта ак койдун тагдыры актуалдуу болуп жатса, кайдагы бир кокту-колоттогу карышкырдын кайгысын ойлойт», «өлкөбүз карайлап турса, тээ асмандагы бир монахтын тагдырына кейийт» деп акаарат келтиргендер көп эле болгон экен.

Аттиң, андайлар азыр деле жок эмес. Көрсө, жалпынын таламына жеке адам өзүнүн жекече кадамы, жекече салымы менен көбүрөөк пайда келтирет тура. Аны кеч аңдаган замандаштарыңызды, кеч болсо да, кечириңиз, жан ага…

Айтматовдун өзү да, каармандары да дал ушул «жеке адамдын жан дүйнөсү» деген жалпы адамзаттык асыл дөөлөттү, арыбас максат-мүдөөнү көздөп, ар бир окурманды ак жүрөк, ак ниет, адилет, чынчыл, чечкиндүү болууга үндөп, жандуу жашоого шыктантып турчу. «Жаным», «жаныбарым», «жанболотум»… ыраматылык агабыздын да жандай көргөн сөздөрүнөн эле. Эсил кайран жан ага, эми сиздин денеңиз жерде, жаныңыз көктө. Ылайым көк менен жер түбөлүк коюндашып, жашоо билиги жанып турмагы чын болсо, анда сиздин жаныңыз да адамзаттын бир акылгөй, адамгөй кулунуна байырлап, өмүр улай береринде шек жок. Биздин көңүл жубатарыбыз да ушу…

…Ошентип, акыры баарынын түбү өлүк (түбөлүк) экендигине көзү жеткенде, кыргыз баласы «Өлгөндүн жазасы – көмгөн» – деген. Көмгөнү ошол – маркумду акыркы сапарга тикесинен тик туруп, көздү жаштап, батасын багыштап, урмат-ызаат менен узатуу. Жана да арбактын элесин эскерип, атын өчүрбөй сактай жүрүү. Адатта, маркумдун атын ар нерселерге коюу анын аброюн көтөрүп, кадыр-баркын арттырса, бу жолу Айтматовдун ысымын көтөрчү таберик да, көрүнүш да «табылбай», апкаарып турубуз. Көбүбүз көнгөн адатыбыз боюнча «минте салалы» деп ашыгып турганыбыз менен, чыны, асылдын албан жан-дүйнөсү адамдардын акыл ааламына, турмуштук түшүнүк-кадамдарына сыйбай туру.

Арийне, кимден чыкса да, асылды атасынын жанына коюу акылгөй иш болгон. «Арыбагыла, аталар! Бар бол, Ата-Бейит, айланып мына мен да келдим…» – деди да, алардын жанынан жай алды. Ал эми маркумдун атын калтыруу жаатында айтылып жаткан ойлорго кайрылып, аларга «а киши өзү кандай карар эле» деген суроо койсок, кудай акы, ал киши булардын бардыгына каршы болмок. «Койгула, убара болбогула. Жазганымды окугандар болсо, жетет», – демек.

Асылдын жан-дүйнөсү ошондой эле. Адам чиркин, болбой эле өзүмчүл жан да, эң жакын адамынан айрылып жатып да: «Сен эмне үчүн мени таштап кеттиң? Эми мен эмне кылам, кимге барам?» – деп, дале өзүн ойлойт. Жок, бу жолу биз – тирүүлөр – өзүбүздү эле, бүгүнкүбүздү эле ойлобошубуз керек, адатыбызча бул ишти арыдан-бери бүтүрө салып, отчёт берүүгө ашыкпашыбыз керек. Себеби, биз жаңы кырдаалда, жаңыча чечим кабыл алуу жоопкерчилигинин алдында турабыз. Дүйнөгө аты небак дүңгүрөп, өзү аттын кашкасындай таанымал болуп, аброю асманга кеткен Залкардын рухун көтөрөбүз деп жатып түшүрүп алуу коркунучунун алдында турабыз. Мындай опурталдуу окуя биздин тарыхыбызда болгон. Айталы, Манас баштаган айкөлдөрдүн аттары бир кезде адамдардын көкүрөгүндө кыттай уюп сакталган, ынтаалуу айтылып, ыйбаалуу мамиле жасалган ыйык ысымдар болгон. Азырчы? Алар: Манас-1, Манас-2, Манас-3 ордендери, Бакай-Холдинг, Кошой-Ойл ж. б. болуп бутташып кеткен.

Акыры алардын арбактары бизди кечирер бекен?!

Бул жагдай, бизден дароо бир нече көнүмүш адаттардан баш тартууну талап кылат:

  1. Арбактын атын ойгелди, оңду-солду ыйгара берүү адатын токтотуу.
  2. Маркумдун айкелин «аттуу-баштуу монументалистке» заказ берип, арыдан бери жасата салууну токтотуу.
  3. Маркумдун атын ар кандай майда-барат ишкана-уюмдарга ыйгара берүүнү токтотуу.

Элибизде «ашы өтсүн, азасы суусун» деген нарктуу салт бар. Адегенде, баарыбыз «Айтматов ким эле?» деген соболдун төркүнүн аңдап алганыбыз ийги болуп турат. Антпесек, маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чараларында анын аброюна шайкеш келбеген айрым көрүнүштөр да болуп кетти.

Андыктан, Айтматовдун аброюн, дүйнөлүк адабий-маданий, рухий-интеллектуалдык ааламда алган ордун маркумдун азасына көңүл айтууга келген каттарда, телеграммаларда таасын аныкталган деңгээлден төмөн түшүрбөсөк. Анан 60 уруу түркий тилдүү боордошторубузду тыңдайлы. Анан, албетте, алты дубан элди угалы. Буларды коштой интернетте эл аралык деңгээлде, бир нече чет тилдеринде «Айтматов форумун» ачып, дүйнөлүк окурмандардын, ойчулдардын ой-пикирлерин, сунуштарын угалы. Алардын баарын астейдил талдап чыгалы. Айтор, Айтматовдун ысымын ыйгаруу акциясы элдерди, өлкөлөрдү, маданияттарды данакерлеп, баш коштурган, ХХI кылымдын башталышындагы жалпы адамзаттык социалдык-философиялык, көркөм-эстетикалык акыл-ойдун туу чокусун символдоштурган орошон окуя болуп калсын.

Андан соң Ата-Бейиттин, Айтматов китепканасына ылайык деген имараттын, маркумдун үйүнүн сүрөтүн кошо берип, аны да интернетке жайгаштырып, келечектеги айтматовдук ансамбль-комплекстин архитектуралык дизайнына, анын айырмалуу эн тамгасын иштеп чыгууга эл аралык конкурс жарыялайлы.

Айтматовдун сыртынан жайдары, ичинен жапалуу жандүйнөсүн кандай зат, кандай ыкма, кандай элес менен чагылдырып берүүгө болор экен? Өлбөс сүйлөмдөрдү жараткан сүрөткердин эстелигине кандай өчпөс сөз жазылат? Мындай суроолордун учугу түгөнбөйт. Булар – бүтүндөй жер жүзүндөгү анын окурмандарын түйшөлткөн гана эмес, дегеле пенде баласын толгонтуучу суроолор. Эмесе, булар боюнча да калайыктын оюн угалы. Бир сөз менен айтканда, ушундан баштап, Айтматовчо терең баамдап, олуттуу, салмактуу кадам таштаганга үйрөнөлү. Мындан ары Ала-Тоонун бийигинен адамзат айдыңына көз салып, ага жакындап келаткан алааматтарды алдын ала сезип, андан адам баласын арачалап калууга ашыгып, ага казык, кара башын токмок кылып жашап келген, «Алдыда жүрсө ак жолтой, артында жүрсө сан колдой», элине карааны калка, аты аска Асылыбыз жок бүгүн…

  1. Бу жалганда ачуу-таттуусу аралаш, өлүм-өмүр тогошкон «кылымга тете күн» да болот. 12-декабрь кыргыз маданияты үчүн мына ушундай символикалуу, төп күн: 12-12 (12-ай, 12-мүчө ж. б.). Ушул күнү акындын мөлү Алыкул дүйнөдөн өтүп, сөздүн пири Чыңгыз жарыкка келген… Андыктан, бул күндү маркумдарды эскерүү күнү гана эмес, дегеле Сөз жаралган, Тил төрөлгөн күн, Өнөр кудуретине сый-урмат көрсөтүү күнү катары «Улуу сөз күнү» («День живого слова») деп, календарга кызыл күн катары киргизүүбүз керек. Бул – ар нерселерге койгон аттарга караганда алда канча маанилүү, алда канча салмактуу кадам. Бул, баарынан мурда, биздин Асыл аталарыбыздын аброюна берген татыктуу баабыз болмокчу. Бул биздин «Манасыбызды» жаратып, сактап келген улуу Сөзгө койгон түбөлүктүү эстелигибиз болмокчу.

Адамзат жыл эсебин Иса пайгамбар төрөлгөн учурдан тартып эсептеп келатканы менен, ал али өзүнүн сөзү жаралган күндү расмий аныктай элек. Демек, биз – кыргыздар – Сөздү, сөз жараткан Адамды барктаган эл катары расмий белгилеген тарыхтагы нарктуу эл болобуз. Бул күн Айтматов менен Алыкулду эскерүү болбостон, күндө колдонуп, бирок кадырына жете бербеген касиеттүү Сөздү жана жалпы адамзаттык улуу көркөм сөз дөөлөттөрүн жараткан Өнөр ээлерин эскерүү күнү болмокчу. Балким, бул күн бара-бара ар кайсы өлкөлөрдөгү (балким, адегенде түрк мамлекеттериндеги) Айтматовдун окурмандарынын демилгеси менен бардык өлкөлөр тарабынан колдоого алынып, алардын календарына да кириши ажеп эмес.

  1. Айтматов жашаган үйдү дароо жазуучунун үй-музейи катары мамлекеттик коргоого алып, аны жалпы элдик асыл мүлк, улуттук дөөлөт кенч катары атайы өкмөттүк жарлык чыгарып, камкордукка алып, маркумдун архивин, буюм-тайымдарын, алган сыйлыктарын толук бойдон сактап калуу, топтоо боюнча ишти колго алуу керек. Атайын жумушчу топ түзүп, аны толук бойдон мамлекеттин эсебинен каржылоону колго алып, аларга бардык керектүү шартты түзүп берүү зарыл. Бул жерде опол тоодой иштер жатат. Андыктан, алардын башында апасын жанына алып, айкөлдүн көкүрөк күчүгү Элдар өзү турушу керек. Атанын баласы кандай болмогун, ата мурасын кандай ардакташты маркумдун өмүрү өзү айтып турат. Ааламда Чыңгыз экөө, ал эми Айтматов бирөө гана! Ошондуктан, Айтматов Ата уулу, Эл уулу, Адамзат уулу катары жалпы адамзаттын чыныгы бийик сыйына жана сыймыгына татыктуу.
  2. Айтматовдун чыгармалары небак дүйнөлүк адабий классиканын алтын казынасына кирген. Андыктан, жазуучунун жүз жетимиштен ашык тилге которулган чыгармалары толук топтолуп, алардын нускалары Айтматовдун китепканасында турушу керек. Аларды дагы башка тилдерге которууну улантуу керек. Алардын электрондук үлгүсүн толук бойдон интернетке жайгаштыруу зарыл. Ошону менен бирге эле Айтматов боюнча жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдү, монографиялык эмгектерди, басма сөз материалдардын ж. б. толук бойдон топтоп, алардын картотекасын түзүп, иретке келтирип, Айтматов энциклопедиясын толуктап, жарыкка чыгаруу керек.
  3. Айтматовдун чыгармаларынын «Руханият» уюму тарабынан чыгарылуучу 8 томдугу андан соң сөзсүз улантылып, жазуучунун окурмандардан алган, аларга жазган каттары, эскерүүлөрү, бүтпөй калган кол жазмалары ж. б. менен толукталып, академиялык басылышта жарыкка чыгышы зарыл. Дал ушундай эле иштер кино, театр, сүрөт, теле көрсөтүү, радио уктуруу ж. б. тармактар боюнча да дароо колго алынып, өзгөчө материалдардын оригиналдарын, түп нускаларын топтоо жагына басым жасоо зарыл.
  4. Кыргыз эли куймак, угарман эл, окугандан укканды жакшы көрөт. Жалпы адамзаттын кызыкчылыгы деле ошого ооп баратат. Андыктан, Айтматовдун чыгармаларынын мыкты көркөм окуган жана автордун өзүнүн үнү жазылган CD, DVD тасмаларынын үйдө, көчөдө, жолдо угуп жүрүүгө ыңгайлашкан үлгүлөрүн чыгарууну башташ керек. Муну Кыргызстандагы элчиликтер менен сүйлөшүп, аларды ошол мамлекеттерде чыгарууга жетишүү керек. «Элчи менен ырчы – элге көпүрө» дегенди алар кесиптик тилектештиги, жүрөктөштүгү менен далилдеп көрсөтүшсүн.
  5. Айтматов – канатчан адам эле. Дүйнөлүк жазуучулардан асманда андан көп убакыт учкан адам болбосо керек. Аны эсептеп чыгып, Гиннестин китебине киргизсе болчудай. Андыктан, анын ысымын оболоп көктү чызган учакка берсе жарашат. Анын ысымын мухит кезип, муз жарган кемеге берсе жарашат. Бирок кеп башкада. Ал барган мамлекеттердин, шаарлардын, окуу жайлардын ж. б. атын, дарегин тактап, алардын эл аралык шериктештигин түзүү керек. Интернет аркылуу тынымсыз алака-катышта болуп, маалымат алмашуу айтматовдук руханий казынаны гана байытпастан, элдердин, өлкөлөрдүн, маданияттардын өз ара жакындашуусуна да салым кошору шексиз.
  6. Айтматов адабия институту, Элдик маданият борбору, Глобалдуу экологиялык кыймыл, Айтматов университети – бара-бара мына ушундай ырааттуу, ички байланышта иштеп, илимий практикалык өңүттө иш жүргүзгөн уюмдардын бирлиги түзүлөт. Мында эске алчу бир жагдай бар. Ырас, Айтматовдун каармандары – калдайган өзүнчө бир чоң калаа. Бирок автор алардын ичинен «Ак кемедеги» балага гана энчилеп ат берген эмес. «Бала» деп гана койгон. Себеби, бала – ааламга, жалпы адамзатка таандык дөөлөт. Андыктан, жогоркулардын катарында Бүткүл дүйнөлүк Айтматовдук баланы коргоо коомунун болушу мыйзам ченемдүү.
  7. Атаганат, Көл кылаасында, Ала-Тоонун саясында, кеңири, жайык жерде Ташкул ага түптөгөн «Аалам ордо» сыяктуу Айтматов шаары түптөлсө, аны ар бир муун улам өрүштөнтүп, өркүндөтүп, көркөмдөп жүрүп отурса. Андан ар убак ажайып «Ак кеме» сүзүп чыгып, чыгыштан батышка, батыштан чыгышка каалгый сапар алып турса… Албетте, кыялга чек жок. Бирок кыялсыз, кыялды ишке ашырам деген дымаксыз жашоо да жашообу?.. Эгер Көлдүн дарбазасы – Балыкчы шаарынын калкы Айтматов шаары болобуз десе, анда бул шаардын бүтүндөй жан дүйнөсүндө сөзсүз жагымдуу өзгөрүү боло тургандыгында шек жок. «Жакшынын шарапаты» деген бекер сөз эмес.
  8. Айтматов – академик болгон. Андыктан, анын атын Кыргыз улуттук илимдер академиясы алып жүрүшү жөндүү. Биздин мамлекет ЮНЕСКО уюмуна, түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларына кайрылып, дүйнөлүк деңгээлде жаңылык ачкан, адамзатка бөтөнчө кызмат өтөгөн атуулдарга эл аралык Айтматов сыйлыгын уюштуруп, ыйгарып туруу жагын макулдашса болот. Анын акчалай байгесинин ордуна кыргыз алтынынан куюлуп, автордун элеси түшүрүлгөн төш белгисинен башка да улуттук сый тартуу: кыргыз алтынынан уютулган тайтуяк, ажайып жасалган алты канат ак өргөө, ат жабдыгы менен жасалгаланган ак тулпар жана алтын мукабалуу «Манас» дастаны тапшырылса. Ошондо көчмөн элдин көрүнүктүү уул-кыздарынын даңкы, элдин көөнөрбөс салты, көркөм табит-наркы, албан акыл-парасаты адамзатка айгине болмок…

Бул ойлорду маркумдун мураскорлору жана Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесин өткөрүүнү уюштуруу боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия ылайыгына жараша эске алат деп ойлойбуз.

Айтматов артына өкүттүү жоготууну, өксүгөн кайгыны гана эмес, ушундай бир жалпы элдик улуу биримдикти, шыктанган умтулууну, толгонгон ичик дымакты козгоп кетти. Мындан ары кыргыздын ар бир ар-намыстуу кулуну белди бекем бууп, адамзат көчүнө батыл аралашууга умтулуусу керек. Айтматов бизге адам кудуретинин улуулугун, ал талпынар бийиктиктин сересин, өрнөктүү өмүрдүн үлгүсүн таштап кетти. Ал – элге, мекенге, адамзатка уул катары да, устат катары да кызмат өтөөнүн өлбөс-өчпөс өрнөгүн көрсөтүп кетти. Өкүнүчтүү эсеси, жоготуунун жеңиши мына ушунда!

Айтматов үзүлгөн саатта дүйнөдө да, өзүбүздө да канчалаган наристелер жарыкка келди. Айтматовдун түбөлүктүүлүгү – артында анын изин уланткан, андан кем эмес улуу сүрөткердин жаралмагында, анын өлбөстүгү – алдыда анын чыгармаларын жандай сүйүп окуган окурман журтунун дайым болуп турмагында!

Тоо кулады… Ырас. Лекин, тоо океандын түпкүрүнөн башталарын унутпайлы. Ал тереңден көтөрүлүп, бийикке умтулат. Океан – эл. Эл – түбөлүктүү. Эл тирүү турса, тоо жаралмагы да чын. Биздин көңүл жубатарыбыз да ушу…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.