Белорусь эл жомогу: Жоголгон сөз

Иван алыскы бир кыштактан аял алды. Үйлөнүү той болуп, аз жашаштыбы, көп жашаштыбы бир күнү аялы Параска Иванды кандайдыр жумуш менен апасына жиберди. Кайненеси аны жакшы тосуп алды. Алдына куурулган картошка, туздалган козу карын, балык кошулган пирог койду. Андан соң өмүрүндө эч качан жеп көрбөгөн кычкыл десе кычкыл, таттуу десе таттуу, суюк да эмес, коюу да эмес, ысык же муздак эмес, бирок абдан даамдуу тамак берди эле, Иванга абдан жакты. Үч табакты ары-бери кайсап, төртүнчүсүн сурагандан уялып, кайненесинен сурап турду: […]

Дилазык: Чоң ата жана бала

Бүгүн Мишанын классында экинчи сабак орус тили болмок. Бул анын мектептеги жакшы көргөн сабагы эле. Ошондуктан ал коңгуроону күтпөй эле, ордуна келип күтүп отурду. Сабак башталып мугалим: “Мен чоңойгондо ким болом?”— деген темада дилбаян жаздырды. Миша бир аз ойлонуп отурду. Ал кечээ эле китеп саткан дүкөндө косманавтар жөнүдөгү китепти барактап көргөн. Ошондон бери анын кыялы космоско учуу болуп жүргөн. Ал дилбаянды бардыгынан тез жаза салып “беш” деген баа алды. Үйүнө ал учуп жетти. «Эмнеге кубанып жүрөсүң?» — деп кызыгып койду […]

Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев арманым айтып берейин дейт

“Арпанын ташын терейин, Арманым айтып берейин. Арпанын ташы бир табак, Арманым айтсам бир сабак”, — деген ырдын канча убакыт мурун айтылганын билбейм, бирок бабалардан калган бул сөз көптөн бери көңүлүмө кыттай уюп, кыялымдын ой учугун алда кайда жетелейт… Бул ыр бир кездерде кайсыл бир өнөр адамынын же акылмандын оозунан жакуттай төгүлүп, канчасы Ала-Тоонун күнгөй-тескейине сайдын ташындай чачылып, биздин күндөргө жетпей, кылымдардын бүктөмүндө катылып калганын Жараткандын бир өзү билер. Айтайын дегеним, зылдай оор ушул төрт сап өз заманында балким бир карабашыл […]

Мамат Сабыров: Пиво

АҢГЕМЕ (Жердеш агам Абдимухтар Абиловго) — Мирбек, сени Жумакадыров чакырып жатат,- деди старостабыз, Жибек аттуу кыз. Жумакадыров кафедра башчысы эле.  Биздин группадагылар аны “Господин Татью” деп коюшат.  Капиталисттик идеология,  алар биздин социалисттик  чындыкты бурмалап,  кара көз айнек аркылуу карашаары,  жакшы нерселерди көрсө да көрмөксөн болушаары тууралуу  сөз болсо эле “Сена дарыясынын жээгинен келген Татью мырзаны” мисалга тартат.  Мындан бир топ жыл мурда франциялык  бир журналист Москвага келип,  өз мекенине кайра барган соң көргөндөрү жөнүндө репортаж  жазыптыр.   Сындап жазган го, сыягы.  […]

Касымалиева Самара: Айтматовдун чыгармалары мени мугалим болууга шыктандырды (Өспүрүмдөр конкурсуна)

«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» конкурсуна №2 дилбаян Кыргыз элин дүйнөгө тааныткан залкар жазуучубуз Чыңгыз Айматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Кыргыз эли ар дайым Чыңгыз Айтматовдой уулу менен сыймыктанат. Анын кайсы гана чыгармасын окубайлы окуган адамды кайдыгер калтырбайт деп ойлойм. Ар бир чыгармасында адам жашоосундагы эң көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыгып, «Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу» экендигин айтып турат. Ч. Айтматовдун көп эле чыгармасын окуп чыктым. Алардын ичинен «Саманчынын жолу», «Эрте келген турналар», «Биринчи мугалим» чыгармалары өзгөчө жагат. Себеби […]

Саул Абрамзон: Кыргыз элинин дыйканчылыгы

Кыргыздардын чарбачылыгы бир беткей өнүккөн эмес. Кыргыздардын малчылыгы дыйканчылык, анан анча-мынчалап аңчылык кылуу менен да айкалыштырылган, чындыгында ал комплекстүү мүнөздө болгон. Анткен менен кыргыздардын ар түрдүү топторунун чарбачылык багыт алуусу бирдей болгон эмес. Азыркы кездеги кыргыздар мекендеп турган аймакта дыйканчылык маданияты алда качантан эле болгон. Ал байыркы мезгилде Ферганада кыйла өнүгүүгө жетишкен; биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын экинчи жарымында дыйканчылык маданияты Чүй өрөөнүндө гүлдөө мезгилин башынан өткөрүп, ага Согдадан келген дыйкандардын таасири тийген. Моңголдор мезгилинен кийин түндүк Кыргызстанда дыйканчылыктын толук […]